Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Нухтун жазуулары. Биз үчүн кандайдыр бир мааниге ээби?

Нухтун жазуулары. Биз үчүн кандайдыр бир мааниге ээби?

Нухтун жазуулары. Биз үчүн кандайдыр бир мааниге ээби?

ЫЙСА өзүнүн катышуусун жана түзүлүштүн аякташын көрсөткөн белги жөнүндө пайгамбарлык айтып: «Адам Уулу келген убакта Нухтун убагындагыдай болот»,— деген (Матай 24:3, 37). Ошентип, Ыйсанын азыр болуп жаткан окуялардын Нухтун убагындагы окуяларга окшош болорун алдын ала айтканы айкын. Андыктан Нухтун учурундагы окуялар баяндалган так жана ишенимге татыктуу билдирүү баа жеткис кенчке тете.

Нухтун жазууларын ошондой кенч катары эсептөөгө болобу? Анын чыныгы тарыхый документ экенин көрсөткөн далилдер барбы? Топон суунун качан болгонун аныктоо мүмкүнбү?

Топон суу качан болгон?

Ыйык Китептеги хронологиялык тартипте баяндалган маалыматтар убакытты артка карай адам баласынын тарыхы башталган маалга чейин так эсептөөгө жардам берет. Башталыш 5:1—29-аяттарда биринчи адам, Адам ата, жаратылгандан тартып Нухка чейинки адамдардын санжырасы жазылган. Топон суу «Нухтун өмүр сүргөнүнө алты жүз жыл болгондо» башталган (Башталыш 7:11).

Топон суунун качан болгонун аныктоо үчүн, эсепти өзөк датадан, башкача айтканда, тарыхта белгилүү болгон жана Ыйык Китептеги белгилүү бир окуяга дал келген датадан баштоо керек. Ошол датага таянып, Топон суунун качан болгонун азыркы учурда жалпы кабыл алган Григорий календарынын негизинде аныктоого болот.

Өзөк даталардын бири катары Персия падышасы Кореш Бабылды басып алган б.з.ч. 539-жылды алууга болот. Корештин падышачылык кылган мезгили тууралуу тарыхый булактарда (алардын ичинде бабылдыктардын шынаа жазуулары менен Диодордун, Африкандын, Евсевийдин жана Птолемейдин эмгектеринде) баяндалат. Корештин буйругу боюнча, жүйүттөрдүн калдыгы б.з.ч. 537-жылы Бабылдан өз мекенине кайтып барат. Ошол жылы Жүйүт жери 70 жыл ээн кала турган мезгил жөнүндөгү пайгамбарлык аткарылып бүткөн. Ыйык Китепке ылайык, ал мезгил б.з.ч. 607-жылы башталган. Ал эми Ысрайыл соттору менен падышаларынын башкарган мезгилин эсептөө менен ысрайыл эли Мисирден б.з.ч. 1513-жылы чыкканын аныктай алабыз. Ыйык Китепке негизделген хронологияга таянып, 430 жыл артка карай санасак, Ыбрайым менен келишим түзүлгөн б.з.ч. 1943-жылга келип такалабыз. Ошондой эле Терах, Нахор, Серук, Рейу, Пелек, Эйбер, Шелахтардын качан төрөлгөнүн жана канча жыл өмүр сүрүшкөнүн эске алуу зарыл. Эсепке «топон суу каптагандан эки жыл өткөн соң» төрөлгөн Арпакшаттын да канча жыл жашаганын кошуу керек (Башталыш 11:10—32). Ошондо Топон суунун б.з.ч. 2370-жылы башталганын аныктайбыз *.

Топон суунун башталышы

Нухтун убагында эмнелер болуп өткөнүн карап чыгардан мурун Башталыш китебинин 7-бабынын 11-аятынан 8-бабынын 4-аятына чейин окуп көрөттүрсүңөр. Ал жерде Топон суу жөнүндө: «Нухтун өмүр сүргөнүнө алты жүз жыл болгондо [б.з.ч. 2370-жылы], экинчи айдын он жетинчи күнү зор туңгуюктун бардык булактары атырылып ачылды, асман терезелери да ачылды»,— деп айтылат (Башталыш 7:11).

Нух жылды ар бири 30 күндөн турган 12 айга бөлгөн. Байыркы убакта жылдын биринчи айы, биздин календарь боюнча, сентябрь айынын орто ченинде башталчу. Топон суу «экинчи айдын он жетинчи күнүндө» башталган да, б.з.ч. 2370-жылдын ноябрь жана декабрь айларында 40 күн, 40 түн жамгыр жааган.

Мындан сырткары, Топон суу жөнүндө Ыйык Китепте: «Суу жер бетинде жүз элүү күн күчөп турду... Суу... акырындап жер бетинен кайта баштады. Жүз элүү күндөн кийин суу тартыла баштады. Кеме жетинчи айдын он жетинчи күнү Арарат тоолорунун үстүнө токтоду»,— деп айтылат (Башталыш 7:24—8:4). Суу жер бетин бүтүндөй каптап, кайра тартылганга чейин 150 күн, башкача айтканда, беш ай өткөн. Демек, кеме б.з.ч. 2369-жылы апрелде Арарат тоолорунун үстүнө токтогон.

Эми Башталыш 8:5—17-аяттарды окуп көргүлө. Тоо чокулары болжол менен эки жарым айдан (73 күндөн) кийин, «онунчу айдын [июндун] биринчи күнүндө», көрүнгөн (Башталыш 8:5) *. Үч айдан (90 күндөн) кийин «Нух алты жүз бир жашка чыкканда, биринчи айдын биринчи күнүнө караганда» же мындайча айтканда, б.з.ч. 2369-жылдын сентябрь айынын орто ченинде Нух кеменин үстүн ачып, «жердин үстү кургап калганын» көрөт (Башталыш 8:13). Ал эми бир ай 27 күндөн (57 күндөн) кийин «экинчи айдын жыйырма жетинчи күнүнө караганда [б.з.ч. 2369-жылы ноябрдын орто ченинде] жер кургаган». Анан Нух үй-бүлөсү менен кемеден кургак жерге чыккан. Ошентип, Нух үй-бүлөсү менен кеменин ичинде бир Ай жылы жана он күн (370 күн) жашаган (Башталыш 8:14).

Окуялар, майда–барат деталдар жана убакыт жөнүндөгү ушул так жазуулар эмнени далилдеп турат? Алар Башталыш китебин жазган эврей пайгамбары Мусага берилген маалыматтар мифке эмес фактыларга негизделгенин көрсөтүүдө. Ошол себептүү Топон суу биз үчүн чоң мааниге ээ.

Жазманын башка жазуучулары Топон сууга кандай карашкан?

Нух менен Топон сууга карата шилтемелерди Ыйык Жазманын Башталыш китебинен башка да көптөгөн китептеринен кездештирүүгө болот. Маселен:

1) Изилдөөчү Эзра Нух менен анын уулдарын (Шейимди [Шемди], Хамды, Жепетти) ысрайыл элинин санжырасына киргизген (1 Жылнаама 1:4—17).

2) Дабагер жана Инжилди жазгандардын бири Лука Нухту Машайактын ата-бабаларынын тизмесине жазган (Лука 3:36).

3) Элчи Петир ишенимдештерине Топон суу жөнүндө бир нече ирет айткан (2 Петир 2:5; 3:5, 6).

4) Элчи Пабыл Нух үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн кеме куруу менен зор ишеним көрсөткөнүн айткан (Эврейлерге 11:7).

Кудайдан шыктандырылган Ыйык Китептин ушул жазуучулары Башталыш китебиндеги Топон суу жөнүндөгү билдирүүнүн ишенүүгө татыктуу экенине шек санашканбы? Жок, алардын Топон сууну чыныгы болгон окуя деп эсептешкени шексиз.

Ыйса жана Топон суу

Ыйса Машайак жерге келгенине чейин эле бар болчу (Накыл сөздөр 8:30, 31). Топон суунун убагында ал асманда жашаган рухий жаратуу эле. Ал окуяга Ыйса өзү күбө болгондуктан, анын Нух, Топон суу жөнүндө Ыйык Китепте жазылган сөздөрү биз үчүн зор ырастоо болуп эсептелет. Ал мындай деген: «Адам Уулу келген убакта Нухтун убагындагыдай болот. Топон сууга чейин, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, ойлонушкан эмес. Адам Уулу келгенде да ошондой болот» (Матай 24:37—39).

Бул түзүлүштүн акыры жакындап келатканын эскертүү үчүн Ыйса уламыштарды колдонот беле? Албетте, жок! Ыйса Кудайдын адилетсиздерге чыгарган өкүмүнүн аткарылышын көрсөткөн тарыхый окуяны мисал кылганына бекем ишенебиз. Топон сууда көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылса да, Нух үй-бүлөсү менен аман калганын билүү бизге зор үмүт берет.

«Нухтун убагы» бүгүнкү күндө — «Адам Уулунун», Ыйса Машайактын, катышуусунун убагында — жашап жаткандар үчүн чоң мааниге ээ. Ошондуктан бүткүл дүйнөлүк Топон суу жөнүндөгү Нух жазып калтырган кеңири билдирүүнү окуп жатып анын чыныгы тарыхый документ экенине шек санабасак болот. Мындан сырткары, Кудайдын жетеги менен жазылган Башталыш китебиндеги Топон суу жөнүндөгү билдирүү биз үчүн чоң мааниге ээ. Нух, анын уулдары жана алардын аялдары Кудайдын куткаруу чарасына ишеним көрсөтүшүп аман калышкандай, биз да Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүү менен Жахабанын коргоосуна ээ болобуз (Матай 20:28). Мындан сырткары, Нухтун жазуулары көрсөткөндөй, Нух үй-бүлөсү менен ошол убактагы Кудайдан безген дүйнөнү кыйраткан Топон суудан аман калган; биз да аларга окшоп ушул каардуу түзүлүш кыйратылганда аман калабыз деп үмүттөнө алабыз.

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Топон суунун качан болгону жөнүндө толугураак маалымат алуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» (англ.) эмгегинин 1-томунун 458—460-беттерин карагыла.

^ 12-абз. К. Кайл менен Ф. Делитштин «Байыркы Келишимге карата комментарийлер» аттуу эмгегинин 1-томунун 148-бетинде мындай делет: «Сыягы, кеме токтогондон 73 күн өткөндөн кийин тоо чокулары, атап айтканда, кеме токтогон Армян тайпак тоолорунун чокулары көрүнгөн».

Окуялар, майда-барат деталдар жана убакыт жөнүндөгү ушул так жазуулар эмнени далилдеп турат? Алар Башталыш китебин жазган эврей пайгамбары Мусага берилген маалыматтар мифке эмес, фактыларга негизделгенин көрсөтүүдө. Ошол себептүү Топон суу биз үчүн чоң мааниге ээ.

[5–беттеги кутуча]

Алар ошончо узак жашашканбы?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ: «Нух бардыгы болуп тогуз жүз элүү жыл жашап көз жумду»,— деп айтылат (Башталыш 9:29). Анын чоң атасы Матушал болсо 969 жыл жашаган. Билдирүүлөргө ылайык, ал тарыхта эң узак өмүр сүргөн адам болгон. Адам атадан Нухка чейинки адамдардын орточо жашы 850 жылдан ашкан (Башталыш 5:5—31). Байыркы убактагы адамдар ошончо узак жашашканбы?

Кудайдын баштапкы ой-ниети боюнча, адам түбөлүк өмүр сүрүшү керек болчу. Биринчи адам, Адам ата, Кудайга тил алып жашаганда, өлүм бетин такыр көрмөк эмес (Башталыш 2:15—17). Бирок ал, Кудайга тил албай койгондуктан, түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылган. Ал акырындан өлүмдү көздөй жакындап отуруп 930 жашка чыкканда көз жуумп, өзү алынган топуракка кайра барган (Башталыш 3:19; 5:5). Ошентип, күнөө менен өлүм биринчи адамдан, Адам атадан, анын болочоктогу урпактарынын баарына тукум кууп өткөн (Римдиктерге 5:12).

Ошентсе да ал кездеги адамдар, сыягы, жеткилеңдикке жакын болушкандыктан өзүлөрүнөн кийинки муундарга караганда узагыраак жашашкан. Топон сууга чейинки адамдардын дээрлик миң жылдай өмүр сүрүшкөнүнүн себеби да ушунда. Ал эми Топон суудан кийин адамдардын өмүрү кескин кыскарган. Маселен, Ыбрайым болгону 175 жыл жашаган (Башталыш 25:7). Ал ишенимдүү аксакал каза болгондон 400 жылча өткөндөн кийин Муса пайгамбар мындай деп жазган: «Биздин өмүр жашыбыз — жетимиш жыл, ал эми күч-кубаттуу болуп турганда — сексен жыл. Анын эң сонун учуру — эмгек жана оору» (Забур 89:10). Бүгүн адамдын өмүрүнүн узактыгы Мусанын убагындагыдан айырмаланбайт деле.

[6, 7-беттердиги таблица]

Корештин жүйүттөрдү туткундан бошотуу жөнүндөгү буйругунан тартып Нухтун учурундагы Топон сууга чейин артка карай эсептөө

537 Корештин буйругу *

539 Персиялык Корештин Бабылды басып алышы

68 жыл

607 Жүйүт жери 70 жылга ээн калган мезгилдин башталышы

Ысрайыл

жолбашчыларынын,

сотторунун жана

падышаларынын

906 жылдык

башкаруусу

1513 Ысрайылдын Мисирден чыгышы

430 жыл Ысрайылдын Мисир жана Канаан жеринде

430 жыл жашашы (Чыгуу 12:40, 41).

1943 Ыбрайым менен түзүлгөн келишимдин күчкө кириши

205 жыл

2148 Терахтын төрөлүшү

222 жыл

2370 Топон суунун башталышы

[Шилтеме]

^ 36-абз. Корештин жүйүттөрдү туткундан бошотуу жөнүндөгү буйругу «Персия падышасы Корештин падышачылык кылган биринчи жылында», сыягы, б.з.ч. 538-жылы же б.з.ч. 537-жылдын башында чыккан.