Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухтун эмне айтып жатканын уккула!

Рухтун эмне айтып жатканын уккула!

Рухтун эмне айтып жатканын уккула!

«Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга [«жыйналыштарга», ЖД] эмне деп айтып жатканын уксун» (АЯН 3:22).

1, 2. Ыйсанын Аян китебинде аталган жети жыйналышка айткан сөздөрүндө кайсы насаат кайталанат?

ЖАХАБАНЫН кызматчылары Ыйса Машайактын Жазманын Аян китебинде аталган жети жыйналышка ыйык рухтун жетеги менен айткан сөздөрүнө көңүл бурушу керек. Ал билдирүүлөрдүн ар биринде мындай насаат бар: «Кимдин кулагы бар болсо, ал Рухтун Жыйындарга [«жыйналыштарга», ЖД] эмне деп айтып жатканын уксун» (Аян 2:7, 11, 17, 29; 3:6, 13, 22).

2 Биз Ыйсанын Эфес, Смирна жана Пергам шаарларындагы периштелерге — көзөмөлчүлөргө — айткандарын карап чыктык. Анын ыйык рухтун жетеги менен калган төрт жыйналышка айткан сөздөрүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

Тиатирадагы периштеге

3. Тиатира каякта жайгашкан жана ал шаар кайсы товары менен атагы чыккан?

3 «Кудайдын Уулу» Тиатирадагы жыйналышты мактаган жана ашкерелеген. (Аян 2:18—29-аяттарды окугула.) Тиатира (азыр Акхисар) Кичи Азиянын батыш жагындагы Гедиз (байыркы убактагы Герм) дарыясынын куймасында жайгашкан. Ал шаар кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрү менен атагы чыккан эле. Маренанын тамырынан кыпкызыл же кочкул кызыл баалуу боёкторду алышчу. Пабыл Филипиге (Греция) келгенде чындыкты кабыл алган Лидия деген аял дал ушу «Тиатира шаарынан» болчу, ал «кочкул кызыл кездеме менен соода кылчу» (Элчилер 16:12—15).

4. Тиатирадагы жыйналыш кайсы иштери үчүн макталган?

4 Ыйса Тиатирадагы жыйналышты сүйүүсү, ишеними, чыдамкайлыгы жана кылган кызматы үчүн мактаган. Андан сырткары, алардын «кийинки иштери мурунку иштеринен көп» болчу. Биз жакшы иштерибиз менен белгилүү болсок да, адеп-ахлак нормаларына эч качан кошкөңүл карабашыбыз керек.

5—7. а) «Изебел деген аял» ким болгон жана анын таасирлерине кандай караш керек эле? б) Машайактын Тиатирадагы жыйналышка айткан сөздөрү такыбаа аялдарды эмнеге үндөйт?

5 Тиатирадагы жыйналыш бурканга табынуучулукка, жалган окутууларга жана жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жол берип койгон. Ал жыйналышта «Изебел деген аял» — сыягы, он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын Изебел деген ыймансыз ханышасыныкындай сапаттарга ээ аялдардын тобу — болгон. Айрым окумуштуулар Тиатирадагы «пайгамбар» аялдар Ыйсанын жолдоочуларын кудайларга жана аял кудайларга — гильдияларды жактаган эркек жана аялдарга — сыйынууга, ошондой эле аларды буркандарга чалынган курмандыктар желчү майрамдарга катышууга азгырышкан деп божомолдошот. Өздөрүн пайгамбар атап алган аялдар Ыйсанын жолдоочуларынын азыркы жыйналышындагыларды өзүлөрү билгендей башкарып алууну ойлоп да коюшпасын!

6 Машайак «аны [Изебелди] оорутуп, төшөккө жаткырууга, аны менен бирге бузуктук кылгандарды, эгерде алар өздөрүнүн иштери үчүн өкүнүп тобо кылышпаса, оор кайгыга салууга» даяр болчу. Көзөмөлчүлөр жалган окутуулардын жана терс таасирлердин болушуна эч качан жол бербөөгө тийиш. Ошондой эле Ыйсанын бир да жолдоочусу «шайтандын ички сырларынын» чындап эле арам экенине ынануу максатында рухий да, денелик да бузукулукка барбашы же бурканга табынбашы керек. Эгерде биз Ыйсанын айткандарына кулак каксак, «эмнебиз бар болсо, ошону... бекем кармап тура» алабыз, ошондо күнөө бизге үстөмдүк кыла албайт. Майлангандар денелик кумарларды, ошондой эле туура эмес иштерди жана умтулууларды четке каккандыктан, асманда жашоого тирилишкенде «бутпарастардын үстүнөн бийликке» ээ болушат жана аларды Машайак менен бирге «талкалашат». Азыр жыйналыштарда каймана маанидеги жылдыздар — майлангандар — бар, алар асманга тирилишкенде Күйөөнүн, Ыйса Машайактын, «таң жылдызын» алышат (Аян 22:16).

7 Тиатирадагы жыйналышка ишенимден чегинген аялдардын терс таасирине жол бербөө керектиги эскертилген. Машайактын бул жыйналышка ыйык рухтун жетеги менен айткан сөздөрү азыркы күндө да такыбаа аялдарга Кудай дайындаган орунду ээлөөгө жардам берет. Алар эркектерди башкарууга аракет кылышпайт жана аларды рухий же денелик жактан бузукулук кылууга азгырышпайт (1 Тиметейге 2:12). Анын ордуна, алар Кудайдын даңкы үчүн жакшы иштерди жасоодо жана кызмат кылууда үлгү көрсөтүшөт (Забур 67:12; 1 Петир 3:1—6). Эгерде жыйналыш бар нерселерин — таза окутууну, адептүү жүрүм-турумду, ошондой эле Падышалыкка байланышкан баалуу кызматты — сактаса, Машайак ага өлүм жазасы менен эмес, а эң сонун белек менен келет.

Сардестеги периштеге

8. а) Сардес шаары каякта жайгашкан жана ал тууралуу кандай майда-барат маалыматтар бар? б) Сардестеги жыйналыш эмне үчүн жардамга муктаж эле?

8 Сардестеги жыйналышка тезинен жардам көрсөтүү керек эле, анткени ал рухий жактан өлүк болчу. (Аян 3:1—6-аяттарды окугула.) Сардес Тиатирадан түштүктү көздөй 50 чакырымча алыстыкта жайгашкан гүлдөгөн шаар болчу. Ал соода жүргүзүүнүн, түшүмдүү жеринин, жүн кездемелеринин, ошондой эле килем токуучулуктун аркасында бай шаарга айланган; калкы бир кездерде дээрлик 50 миңге жеткен. Тарыхчы Иосиф Флавийдин айтымында, Сардесте б.з.ч. I кылымда жүйүттөрдүн чоң коому болгон. Шаардын урандыларын казганда синагога жана эфестиктер сыйынган аял-кудай Артемиданын ийбадатканасы табылган.

9. Кызмат кылууга кошкөңүл карап жатсак, эмне кылышыбыз керек?

9 Машайак Сардестеги жыйналышка: «Мен сенин иштериңди билем. Сен тирүү болуп аталып жүргөнүң менен өлүксүң»,— деп айткан. Эгерде биз өзүбүздү рухий жактан сергекмин деп эсептеп, бирок Ыйсанын жолдоочусу катары ээ болгон асыл жоопкерчиликтерибизге такыр эле кошкөңүл карап, кызматыбызды башкаларга көрүнүү үчүн эле кылып жатсак жана рухий мааниде «өлүм алдында турсак», эмне кылышыбыз керек? Анда Падышалыктын кабарына байланыштуу «эмнени кабыл алганыбызды, эмнени укканыбызды эстеп», кайрадан белди бек бууп, ыйык кызматка киришүүбүз керек. Албетте, жыйналыштарга да толук катышуубуз зарыл (Эврейлерге 10:24, 25). Машайак Сардестеги жыйналышка: «Эгерде сен сергек болбосоң, анда Мен сага ууру сыяктуу келем, Менин кайсы саатта келээримди билбей каласың»,— деп эскертүү берген. Биздин убак тууралуу эмне десек болот? Жакында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беришибиз керек болот.

10. Жыйналышта Сардестеги жыйналыштагыдай абал болгон күндө да, Ыйсанын айрым жолдоочулары өздөрүн кандай алып жүрүшөт?

10 Азыр кайсы бир жыйналышта Сардестеги жыйналыштагыдай абал болгон күндө да, баары бир анда «кийимдерин кирдетишпегендер» болушу мүмкүн жана «алар... [Машайак] менен жүрүшөт, анткени алар ошого татыктуу». Алар өздөрүн бул дүйнөдөн адеп-ахлактык да, диний да жактан таза сактоо менен Ыйсанын жолдоочусу экендерин көрсөтүшүүдө (Жакып 1:27). Ошондуктан Ыйса алардын «ысымын өмүр китебинен өчүрбөйт», бирок алардын «ысымын Атасынын алдында жана Анын периштелеринин алдында ачык тааныйт». Машайак менен жүрүүгө татыктуу болгон колуктуну түзгөн майлангандар тобу ыйыктардын адилдигин билдирген таза жана жаркыраган кендирден кийим кийишет (Аян 19:8). Асманда кызмат кылуу артыкчылыгына ээ болуу үмүтү аларга бул дүйнөнү жеңүүгө дем-күч берип турат. Жер бетинде түбөлүк жашай тургандар да бата алышат. Алардын ысымдары да өмүр китебине жазылган.

11. Рухий жактан алсырап, үргүлөп баратсак, эмне кылышыбыз керек?

11 Эч кимибиз рухий жактан Сардестеги жыйналыштыкындай абалга дуушар болгубуз келбейт. Бирок рухий жактан алсырап, үргүлөп баратканыбызды сезсек, эмне кылышыбыз керек? Токтоосуздан иш аракет кылуубуз зарыл: бул өзүбүзгө эле пайда апкелет. Эгер туура эмес жолдорго бурулуп, жыйналышка же кабар айтууга барган сайын аз катыша баштасак, келгиле, Жахабага жалындуу тиленип жардам издейли (Филипиликтерге 4:6, 7, 13). Ыйык Китепти күнүгө окуп, аны «ишенимдүү... башчы» берип жаткан адабияттардын жардамы менен изилдөө рухий жактан сак болушубузга өбөлгө түзөт (Лука 12:42—44). Ошондо биз, Машайактын жактыруусуна татыктуу болгон Ыйсанын Сардестеги айрым жолдоочуларына окшоп, ишенимдештерибиз үчүн бата болобуз.

Филаделфиядагы периштеге

12. Байыркы Филаделфиядагы диний абалды кандайча сүрөттөп берер элеңер?

12 Ыйса Филаделфиядагы жыйналышты мактаган. (Аян 3:7—13-аяттарды окугула.) Филаделфия (азыр Алашехир) Кичи Азиянын батыш жагындагы шарап жасалган райондун гүлдөгөн борбору болгон. Шаардын башкы кудайы шарап кудайы Дионис болчу. Филаделфияда жашаган жүйүттөр Ыйсанын эврей жолдоочуларын Мусанын мыйзамынын айрым бир талаптарына карманууга мажбурлашса керек, бирок ал аракеттери ийгиликсиз болгон көрүнөт.

13. Машайак «Дөөттүн ачкычын» кандайча колдонот?

13 Машайакка «Дөөттүн ачкычы» жана Падышалыктын кызыкчылыгына байланыштуу нерселердин баары тапшырылган, ошондой эле ал жердеги ишенимдүү кызматчыларын да башкарып турат (Ышайа 22:22; Лука 1:32). Ыйса бул ачкычты байыркы Филаделфиядагы жана башка жерлердеги жолдоочуларына Падышалыкка байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн колдонгон. Ал 1919-жылы «ишенимдүү... башчы» үчүн Падышалык жөнүндөгү кабардын таралышына алпаруучу «эшикти кенен ачкан» жана ал эшикти эч бир душман жаба албайт (1 Корунттуктарга 16:9; Колостуктарга 4:2—4). Албетте, Падышалыкка байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдүн эшиги «шайтанга таандык топтогулар» үчүн жабык, анткени алар рухий ысрайылдыктардын катарына кирбейт.

14. а) Ыйса Филаделфиядагы жыйналышка кандай убада берген? б) «Сыноо убагында» кулап калбоого эмне жардам берет?

14 Ыйса байыркы Филаделфиядагы жолдоочуларына: «Сен Менин чыдамкайлык жөнүндөгү сөзүмдү сактадың, ошондуктан Мен да сени жер үстүндө жашагандардын сыналуусу үчүн бүт дүйнөдө боло турган сыноо убагынан сактап калам»,— деп убада берген. Кабар айтуу үчүн, Ыйсаныкындай туруктуулукка ээ болуу талап кылынат. Ал эч качан душмандарына багынып берген эмес, дайыма Атасынын эркин аткарган. Ошондуктан ал асмандагы түбөлүк жашоого тирилтилген. Эгерде биз Жахабага кызмат кылуу чечимибизге бек кармансак жана анын Падышалыгын жакшы кабарды жарыялоо менен колдоп жүрсөк, азыркы сыноо мезгилинде, «сыноо убагында», кулап калбайбыз. Анын ээлигин кеңейтүүгө салым кошууга умтулуу менен Машайак берген «эмнебиз бар болсо, ошону бекем кармайбыз». Мындай аракеттер үчүн майлангандарды — баа жеткис асман таажысы, ал эми алардын берилген шериктерин жер бетине орночу бейиш заманы күтүп турат.

15. «Кудайдын ийбадатканасынын тирөөчү» боло тургандардан эмне талап кылынат?

15 Машайак андан ары сөзүн мындайча улайт: «Жеңип чыккан адамды Мен Кудайымдын ийбадатканасынын тирөөчү кылам... Тирөөчтүн бетине Мен Кудайымдын ысымын жана Кудайымдын шаарынын атын, Кудайымдан, асмандан түшкөн жаңы Иерусалимдин атын жана Өзүмдүн жаңы ысымымды жазып коём». Майланган көзөмөлчүлөр таза сыйынууну колдоп турууга тийиш. Алар Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айтууга катышуу жана рухий тазалыкты сактоо менен «жаңы Иерусалимдин» татыктуу мүчөлөрү бойдон калышы керек. Бул абдан маанилүү, эгер алар асмандагы даңктуу ийбадаткананын тирөөчү болууну жана асман атуулдары катары Кудайдын шаарынын атын жана Машайактын ысымын алып жүрүүнү каалашса. Ошондой эле алар, албетте, «рухтун жыйындарга [жыйналыштарга] эмне деп айтып жатканын угушу» керек.

Лаодикеядагы периштеге

16. Лаодикея жөнүндө эмнелер белгилүү?

16 Машайак өзүнө өзү ыраазы болгон Лаодикеядагы жыйналышты ашкерелеген. (Аян 3:14—22-аяттарды окугула.) Лаодикея өнөр жайы өнүккөн абдан бай финансы борбору болгон. Ал негизги соода жолдорунун кесилишинде жана Эфестен чыгышты карай 150 чакырымча алыстыкта, Лик дарыясынын түшүм көп берүүчү өрөөнүнөн орун алган. Шаар кара жүн кездемесинен тигилген кийимдери менен кеңири белгилүү болгон. Лаодикеяда атагы чыккан медициналык мектеп бар болчу, ошондой эле шаарда көз ооруларын дарылоодо колдонулчу жана баарына белгилүү болгон «Фригия күлү» аттуу дарыны жасашчу шекилдүү. Шаардын негизги кудайларынын бири дарылоо кудайы Асклепий болгон. Лаодикеяда, сыягы, көп эврейлер жашаган, алардын айрымдары абдан бай турган окшойт.

17. Лаодикеялыктар эмне үчүн ашкереленген?

17 Ыйса Лаодикеядагы жыйналышка анын «периштеси» аркылуу кайрылып, «ишенимдүү жана чыныгы күбө, Кудайдын жаратуусунун башталышы» катары бийлик менен сүйлөйт (Колостуктарга 1:13—16). Лаодикеялыктар рухий жактан «муздак да, ысык да эмес» болгону үчүн ашкереленген. Жылуу болушкандыктан, Машайак аларды оозунан бүркүп салууга даяр болчу. Мындай сүрөттөөнү алар эч кыйынчылыгы жок эле түшүнө алышмак. Себеби жакын эле жерде жайгашкан Жераполдо ысык булактар, ал эми Колосто муздак суу бар болчу. Бирок Лаодикеяга түтүк аркылуу алыс жерден агып баргандыктан суу, сыягы, жылуу болгон окшойт. Суу жолдун бир канча бөлүгүнөн суу өткөргүч аркылуу өтүп, Лаодикеяга жакындаганда бириктирилген чоң таштар аркылуу агып келчү.

18, 19. Ыйсанын лаодикеялыктарга окшогон азыркы жолдоочуларына кандайча жардам берсе болот?

18 Лаодикеялыктарга окшогон азыркы адамдар да суукта жылытпаган, ысыкта сергитпеген суусундукту эске салат. Алар жылуу суу сыңары бүркүлүп салынат! Ыйса аларды өзүнүн өкүлдөрү катары, «Машайактын атынан келген элчилери» катары колдонууну каалабайт (2 Корунттуктарга 5:20). Эгер алар өкүнбөсө, Падышалыктын жарчылары болуу артыкчылыгынан ажырашат. Лаодикеялыктар жердеги байлыктарды жыйнашканы менен, «бактысыз, аянычтуу, жакыр, сокур жана жылаңач экендерин билишкен» эмес. Рухий жакырчылыктан, сокурчулуктан жана жылаңачтыктан арылыш үчүн, лаодикеялыктарга окшогон адамдар Машайактан «тазаланган алтын», сыналган ишеним, адилдиктин «ак кийимин» жана рухий жактан көрүүнү жакшыртуучу «көздүн майын» сатып алышы керек. Ыйсаны жолдогон көзөмөлчүлөр аларга рухий муктаждыктарын сезишине жана «ишенимге бай» болушуна жардам берүүгө кубанычта (Жакып 2:5; Матай 5:3). Андан сырткары, көзөмөлчүлөр аларга рухий маанидеги «көздүн майын» колдонууга — Ыйсанын окутууларын, насааттарын, анын үлгүсүн жана көзкарашын кабыл алууга жана ошого жараша жашоо өткөрүүгө — жардам бериши керек. Бул — «дене кумарына, көз кумарына жана турмуш-тиричиликтеги текебердикке» каршы колдонулуучу дары (1 Жакан 2:15—17).

19 Ыйса кимди сүйсө, ошолорду ашкерелеп тарбиялайт. Ага баш ийген көзөмөлчүлөр да оторду аёо менен ошондой мамиле кылышы керек (Элчилер 20:28, 29). Лаодикеялыктардан «тырышчаак болуу жана тобо кылуу», ошондой эле ой жүгүртүүлөрүн жана жашоолорун өзгөртүү талап кылынган. Эгер арабыздан кимдир бирөө Жахабага болгон ыйык кызматты экинчи орунга коюуга түрткөн жашоо мүнөзүнө көнүп бараткан болсо эмне кылуу керек? Анда, келгиле, баарынан мурда Падышалыкты ынталуулук менен издей берүү канчалык маанилүү экенин көрүү үчүн, Ыйсадан «көздүн майын» сатып алалы (Матай 6:33).

20, 21. Ыйсанын эшик «черткенине» азыр кимдер тийиштүү жооп кайтарууда?

20 «Мына,— дейт Машайак,— Мен эшиктин алдында туруп, эшикти чертип жатам. Ким Менин үнүмдү угуп, эшигин ачса, Мен аныкына кирип, аны менен бирге тамак ичем, ал да Мени менен бирге тамак ичет». Ооба, Ыйса тамак үстүндө отурганда рухий насааттарды көп айта турган (Лука 5:29—39; 7:36—50; 14:1—24). Мына, ал Лаодикеядагыдай жыйналыштын эшигин чертип турат. Жыйналыштагылар анын эшик черткенине жооп берер бекен, ага болгон сүйүүлөрүн кайрадан ойготушабы, аны өз чөйрөсүнө кабыл алышып, аларды окутушуна жол беришеби? Ошентишсе, Машайак алар менен бирге тамак ичет жана алар рухий жактан байый алышат.

21 Азыркы күндө «башка койлор», каймана тил менен айтканда, Ыйсага эшиктерин ачышкандыктан, келечекте түбөлүк өмүр алышат (Жакан 10:16; Матай 25:34—40, 46). Машайак ар бир майланган жеңүүчүгө: «Мен жеңип чыгып, Атамдын жанына, Анын тактысына отурганымдай эле... Өзүмдүн жаныма, тактыма отургузам»,— деп айтып жатат. Ооба, майланган жеңүүчүлөргө Ыйса чоң белек — асманда Атасынын тактысынын оң жагында аны менен бирге отурууну — убада кылууда. Ал эми жеңип чыккан «башка койлор» Падышалыктын алдында боло турган кереметтүү жер бетиндеги жашоонун ырахатына батышат.

Баарыбыз сабак алалабыз

22, 23. а) Ыйсанын бардык жолдоочулары анын жети жыйналышка айткан сөздөрүнөн кандайча пайда алалышат? б) Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

22 Ыйсанын Кичи Азиядагы жети жыйналышка айткан сөздөрүнөн анын азыркы учурдагы бардык жолдоочулары көп нерсеге үйрөнө алышары шексиз. Машайактын орундуу болгон кезде жыйналышты мактаганын көрүп, жыйналыштын камкор аксакалдары, мисалы, рухий жактан ийгилик кылып жаткан ишенимдештерин жана жыйналышты мактоого түрткү алышат. Эгер аксап жаткандар байкалса, аксакалдар ишенимдештерине ыйык китептик «дарыларды» колдонууга жардам беришет. Машайактын жети жыйналышка берген ар кыл насааттарын тиленүү менен жана токтоосуздан кабыл алсак, ар бирибиз мындан ары да пайда ала беребиз *.

23 Азыркы акыркы күндөр өзүбүзгө өзүбүз ыраазы болуп, Кудайга үстүртөдөн эле кызмат кылып кала тургудай, байлыктын артынан сая түшкүдөй же дагы бир нерсеге умтула тургудай убак эмес. Жыйналышыбыз мындан ары да Ыйса өз орундарында кармап турган шамдалдардай болуп жаркырап турсун. Биз болсо, Ыйсанын берилген кызматчылары катары, Машайак сүйлөгөндө дайыма көңүл бурууга жана рухтун эмне айтып жатканын угууга толук чечкиндүү бололу. Ошондо Жахабанын даңкы үчүн рухий жарыгыбыз жаркырап, түбөлүк бактылуу болобуз.

[Шилтемелер]

^ 22-абз. Аян 2:1—3:22-аяттар Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Аян. Туу чокусуна жакын калды!» (ор.) аттуу китептин 7—13-бөлүмдөрүндө да талкууланат.

Эмне деп жооп бересиңер?

• «Изебел деген аял» ким болгон жана такыбаа аялдар эмне үчүн анын жолун жолдошпойт?

• Сардестеги жыйналыш кандай абалда эле жана Ыйсанын ал жерде жашаган көптөгөн жолдоочуларындай болуп калбоо үчүн эмне кылуу керек?

• Филаделфиядагы жыйналышка Ыйса кандай убадаларды берген жана алардын азыркы күндө кандай мааниси бар?

• Лаодикеялыктар эмне үчүн ашкереленген, бирок Ыйсанын ынталуу кызматчыларын эмне күтүп турат?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

«Изебел деген аялдын» арам жолдорунаноолак бололу.

[16-беттеги сүрөт]

Ыйса жолдоочуларына Падышалыкка байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдүн «эшигин кенен ачкан».

[18-беттеги сүрөт]

Ыйсаны кабыл алып, аны угасыңбы?