Ар бир адамдын жакшы жактарын көрө билгиле
Ар бир адамдын жакшы жактарын көрө билгиле
«Оо, Кудайым, мага жакшы болсун үчүн, мени унутпа!» (Некемия 13:31).
1. Жахаба кантип баарына жакшылык кылат?
БИР канча күн бою асман түнөрүп, анан күндүн көзү кайра ачылганда, заматта баары өзгөрүлөт. Көңүлүбүз көтөрүлүп, жарпыбыз жазылат. Ошондой эле, тескерисинче, күн кайнап, кан катырган кургакчылыктан кийин жааган жамгыр, атүгүл нөшөр да жан сергитип, жеңилдик сездирет. Мээримдүү Жаратканыбыз Жахаба Жердин атмосферасын жаратууда бизге аба ырайынын ушундай кереметин белек кылган. Ыйса төмөнкү сөздөр менен шакирттерин насааттап, Кудайдын кеңпейилдигине көңүл бурган: «Душманыңарды сүйгүлө, силерди... куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла. Ошондо силер асмандагы Атаңардын уулдары болосуңар. Анткени Ал Өз күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилеттүүгө да, адилетсизге да жаадырат» (Матай 5:43—45). Ооба, Жахаба баарына жакшылык кылат. Анын кызматчылары башкалардын жакшы жактарын көрө билүү менен Кудайды тууроого умтулушу керек.
2. а) Жахаба эмненин негизинде жакшылык кылат? б) Жахаба анын жакшылыгына кандай жооп кайтарарыбызга байкоо салууда бизден эмнени көрүүдө?
2 Жахаба эмненин негизинде жакшылык кылат? Ал Адам ата күнөөгө баткандан баштап эле дайыма адамдардын жакшы жактарына көңүл буруп келет (Забур 129:3, 4). Анын ой-ниетине ылайык, тил алчаак адамзат кайрадан Бейиште жашай алат (Эфестиктерге 1:9, 10). Кудай ырайым кылгандыктан, бизде убадаланган Тукум аркылуу күнөөдөн жана жеткилеңсиздиктен кутулууга үмүт бар (Башталыш 3:15; Римдиктерге 5:12, 15). Ыйсанын кунун кабыл алуу бизге жеткилеңдикке жол ачат. Жахаба, анын кеңпейилдигине кандай жооп кайтарарыбызды жана башка иш-аракеттерибизди көрүү үчүн, азыр ар бирибизге байкоо салууда (1 Жакан 3:16). Кудай анын жакшылыгы үчүн ыраазычылык көрсөтүүгө жасаган аракеттерибиздин баарын көрүп турат. «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн... көрсөткөн сүйүүңөрдү... унутпайт»,— деп жазган элчи Пабыл (Эврейлерге 6:10).
3. Кайсы суроону карап чыгабыз?
3 Анда башкалардын жакшы жактарына көңүл буруу менен Жахабаны кантип туурай алабыз? Келгиле, бул суроону жашообуздун төрт тармагына: 1) кызматыбызга, 2) үй-бүлөбүзгө, 3) жыйналышыбызга жана 4) башкалар менен болгон мамилебизге байланыштырып карап көрөлү.
Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде
4. Кызматка катышуу кандайча башкалардын жакшы жактарына көңүл бурууга аракеттенүүнү камтыйт?
4 Ыйса буудай менен отоо чөптөр жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеменин маанисин сураган шакирттерине жооп берип жатып: «Талаа — дүйнө»,— деп айткан. Биз Ыйсанын шакирттери катары муну кызматка катышуу менен баамдайбыз (Матай 13:36—38; 28:19, 20). Биздин талаа кызматыбызга ишенимибиз жөнүндө элге жарыялоо кирет. Азыр Жахабанын Күбөлөрүнүн үйдөн үйгө жана көчөлөрдө кабар айтуу менен белгилүү болгондугунун өзү эле биздин Падышалык жөнүндөгү кабарга татыктууларды издөөгө дилгир экенибизди далилдеп турат. «Кайсы гана шаарга же кыштакка кирбегиле, андан татыктууларды издегиле»,— деп Ыйса өзү көрсөтмө берген (Матай 10:11, ЖД; Элчилер 17:17; 20:20).
5, 6. Эмне үчүн биз тырышчаактык көрсөтүп, адамдардын үйүнө кайра-кайра барабыз?
5 Биз адамдарга күтүүсүздөн кабар айтып келгенде, алардын жакшы кабарга кандай карай турганы байкалат. Кээде кабарды үй-бүлөнүн бир мүчөсү угуп жатканда, ичкериден бирөө: «Бул бизди кызыктырбайт»,— деп кыйкырат. Ушуну менен маек үзүлөт. Бир адамдын каршылык көрсөткөнү же кызыкпаганы экинчи адамга таасир эткенин көрүп өкүнбөй койбойсуң. Ошондой учурларда андан ары да адамдардын жакшы жактарына көңүл бурууга умтула берүү үчүн эмне кылсак болот?
6 Эмки жолу ошол аймакка кабар айтканы барганыбызда, ал үйдөн өткөн жолу маекти бузуп койгон адамды жолуктуруп, анын өзү менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн. Өткөндө эмне болгонун эсибизде сактоо даярданууга жардам бере алат. Балким, ал өзүн Падышалык тууралуу кабарды угуп жаткан адамга жардам көрсөтүүгө милдеттүү сезип, сөзүбүздү жакшы ниет менен бузгандыр же биздин ниет-максатыбыз жөнүндө жалган маалымат уккандыр. Кандай болбосун, бул биздин ошол үйдөгүлөргө Падышалыктын жакшы кабарын жеткирүүгө умтулуп, туура эмес түшүнүктөрүн этияттык менен оңдоого аракеттенишибизге тоскоол болбошу керек. Биз бардык адамдардын Кудай жөнүндө так билим алышына кызыкдарбыз. Балким, Жахаба ал адамды өзүнө бизди колдонуу менен тартаттыр (Жакан 6:44; 1 Тиметейге 2:4).
7. Адамдарга кабар айтканда оң маанайда болушубузга эмне жардам берет?
7 Ыйса шакирттерине көрсөтмө берип жатып үй-бүлөдөгү каршылык жөнүндө да айтып өткөн. Ал: «Мен баланы атасынан, кызды энесинен, келинди кайненесинен бөлүү үчүн келдим»,— деп айткан. Андан ары: «Адамдын душманы — өз үйүндөгүлөрү»,— деген (Матай 10:35, 36). Ошентсе да адамдардын жагдай-шарты жана көзкараштары өзгөрүлүп турат. Күтүүсүздөн пайда болгон оору, жакынынын каза болушу, кырсык-каргаша, жан-дүйнөнүн жабыркашы жана башка толгон-токой нерселер адамдын жакшы кабарды угушуна түрткү болот. Эгер биз адамдардын кабарды укпай койгонунан улам алар жөнүндө терс көзкарашта болсок, бул алардын жакшы жактарын көрө билүүгө умтулуп жатканыбызды көрсөтөбү? Андан көрө, кийинчерээк аларга кайрадан кубаныч менен барсак кандай? Балким, эмки жолу алар бизди башкача кабыл алышаттыр. Кээде адамдардын кабарды жакшы кабыл алышына биздин эмне айтканыбыз эле эмес, кантип айтканыбыз да өбөлгө түзөт. Кабар айтардын алдында Жахабага жалындуу тиленүү оң маанайда болушубузга жана Падышалык жөнүндөгү кабарды баарына жагымдуу кылып айтышыбызга жардам берери шексиз (Колостуктарга 4:6; 1 Тесалоникалыктарга 5:17).
8. Ыйсанын жолдоочуларынын ишенимдеш болбогон жакындарынан жакшы нерсе издеши эмнеге алып келиши мүмкүн?
8 Айрым жыйналыштарда 1 Петир 3:1, 2).
Жахабага бир эле үй-бүлөдөн бир канча адам кызмат кылат. Көп учурда үй-бүлөнүн улуу мүчөсүнүн тырышчаактыгы, ошондой эле үй-бүлөдөгүлөрү жана өмүрлүк жары менен жакшы мамиледе болгондугу чындыкты изилдей элек жаш мүчөлөрдүн суктануусун жана урматтоосун туудуруп, жүрөктөрүнүн өзгөрүшүн шарттайт. Ыйсаны жолдогон көп аялдар элчи Петирдин кеңеши боюнча жашап, өздөрүнүн үлгүсү менен күйөөлөрүнө чындыкты таанууга жардам беришет (Үй-бүлөдө
9, 10. Жакып менен Жусуп жакындарынан жакшы нерсе издешкенин кантип көрсөтүшкөн?
9 Үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирип турган өз ара жакын мамилелер да башкалардын жакшы жактарын көрө билишибизге шарт түзө алат. Мисалы, Жакыптын өз уулдарына жасаган мамилесинен эмнеге үйрөнсөк болорун карап көрөлү. Башталыш 37:3, 4-аяттарда Жакыптын Жусупту көбүрөөк жакшы көргөнү тууралуу айтылат. Муну көрө албаган биртуугандары Жусупту өлтүрүүгө кам урушкан. Бирок кийинчерээк алардын жамандыгына Жакып менен Жусуптун кандай жооп кайтарганын байкасаңар. Экөө тең жакындарынын жакшы жактарына көңүл бурушкан.
10 Ачкачылык каптаган Мисирде азык-түлүк бөлүштүрүүгө башчы болгон Жусуп биртуугандарын жакшы тосуп алган. Ал өзүнүн ким экенин чү дегенде эле ача койбой, окуялардын өнүгүшүндө аларга камкордук көрсөтүп, алардын өздөрүнүн карыган атасына азык алып кетишине кам көргөн. Ооба, бир кезде биртуугандарынын жек көрүүсүнөн улам азап чеккенине карабастан, Жусуп алардын жыргалчылыгын ойлогон (Башталыш 41:53—42:8; 45:23). Ошо сыяктуу эле, Жакып өлөр алдында бардык уулдарына пайгамбарлык баталарды айткан. Алар өздөрүнүн карасанатайлыгынын айынан айрым баталардан кур калышса да, жер үлүшү ар бирине тийген (Башталыш 49:3—28). Муну менен Жакып кандай зор туруктуу сүйүү көрсөткөн!
11, 12. а) Үй-бүлөбүздөгүлөрдүн жакшы жактарын көрө билүүнүн маанилүүлүгүн кайсы пайгамбарлык мисал баса көрсөтүп турат? б) Ыйсанын адашкан уул жөнүндөгү үлгү-насаат аңгемесиндеги атанын үлгүсүнөн эмнеге үйрөнсөк болот?
11 Жахабанын ишенимсиз ысрайыл элине эбегейсиз чыдамдуулук менен Ошуя 3:1). Эмне үчүн Ошуяга мындай көрсөтмө берилген? Жахаба анын жолдорунан четтеп кеткен элинин арасында Кудайдын сабырдуулугуна туура жооп кылар адамдардын бар экенин билген. «Ошондон кийин Ысрайыл уулдары күнөөлөрү үчүн өкүнүп, өздөрүнүн Кудай-Теңирин жана өздөрүнүн падышасы Дөөттү издешет. Акыркы күндөрү Теңирдин алдында жана Анын ырайымы алдында коркуп титирешет»,— деген Ошуя (Ошуя 3:5). Үйдө кыйынчылыктар пайда болгондо, ушул сонун мисалдын үстүнөн ой жүгүртүп көргөнүбүз дурус. Үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн жакшы жактарын көрө билүүгө умтулуу менен биз, аз дегенде, сабырдуулук жагынан жакшы үлгү көрсөтөбүз.
мамиле кылганынан да анын адамдардан кантип жакшы нерсе издээрин биле алабыз. Жахаба Ошуя пайгамбардын үй-бүлөлүк жагдайын мисал катары колдонуп, өзүнүн туруктуу сүйүүсүн түшүндүргөн. Жахаба Ошуяга, аялы Гомер кайра-кайра бузуктук кылганына карабастан, мындай көрсөтмө берген: «Дагы барып, күйөөсү сүйгөн, бирок өзү ойноштук кылган аялды сүй, аны Теңир Ысрайыл уулдарын сүйгөндөй сүй. Теңир аларды сүйөт, бирок алар башка кудайларга кайрылышат жана алардын жүзүм нандарын жакшы көрүшөт» (12 Ыйсанын адашкан уул жөнүндөгү үлгү-насаат аңгемеси да үй-бүлөбүздөгүлөрдүн жакшы жактарына кантип көңүл бура аларыбызды түшүнүүгө жардам берет. Кенже уулу бузуку жашоосун калтырып, үйүнө кайтып келгенде, атасы ага ырайым көрсөткөн. Ал эми үйүн эч качан таштабаган улуу баласынын нааразылыктарына кандай жооп кылган? Ал ага кайрылып: «Балам, сен ар дайым менин жанымдасың, менин бардык мал-мүлкүм сеники»,— деп айткан. Ал бул сөздөрү менен уулун жемелеген эмес, болгону өзүнүн аталык сүйүүсүн ырастаган. Андан ары: «Бул нерсеге болсо сүйүнүп, кубануу керек. Анткени бул иниң өлүк эле — тирилди, жоголгон эле — табылды»,— деген. Ошол атага окшоп, биз да башкалардын жакшы жактарын көрүүгө умтула алабыз (Лука 15:11—32).
Жыйналышыбызда
13, 14. Жыйналышта сүйүүнүн падышалык мыйзамын аткаруунун бир жолу кайсы?
13 Ыйсанын жолдоочулары катары биз сүйүүнүн падышалык мыйзамын аткарууга умтулабыз (Жакып 2:1—9). Балким, биз жыйналышыбыздагы материалдык абалы менен айырмаланган биртуугандарга туура көзкараштадырбыз. Бирок башкаларды улуттук, маданий же атүгүл диний келип чыгуусунун негизинде ар кандай таптарга бөлүүгө жакын эмеспизби? Анда Жакыптын кеңешин кантип колдонсок болот?
14 Биз жыйналыш жолугушууларына келгендердин баарын жылуу тосуп алуу менен кеңпейилдигибизди көрсөтөбүз. Падышалык залына жаңы келген адамдар менен пикирлешүүдө демилгени колго алсак, аларга өздөрүн ыңгайсыз сезбөөгө же тартынбоого жардам бере алабыз. Жыйналыш жолугушуусуна биринчи жолу келгендердин кээлери: «Баары достук маанайда тосуп алышкан. Мени алардын ар бири мурунтан эле тааныгандай сыяктанган. Өзүмдү үйдөгүдөй сезгем»,— деп айтышат.
15. Жыйналыштагы балдарга улууларга кызыгуу көрсөтүүгө кантип жардам берүүгө болот?
15 Кээ бир жыйналыштарда жолугушуунун аягында айрым улан-кыздар жашы улуулар менен пикирлешүүдөн оолактап, Падышалык залынын ичинде же сыртында өздөрүнчө топтошуп туруп калышат. Мындай көрүнүшкө жол бербөө үчүн кандай чара көрүүгө болот? Биринчи кадамды, албетте, ата-энелер жасашы керек: алар балдарын үйдөн насааттап, жолугушууларга даярдай алышат (Накыл сөздөр 22:6). Мисалы, үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жолугушууларда керектелчү адабияттарын белендөөнү балдарга табыштаса болот. Ошондой эле балдарын Падышалык залынан кары-картаңдар, бейкаруулар менен бир аз болсо да ой бөлүшүүгө үндөгөнү абзел. Андай биртуугандарга мазмундуу бир нерсе айтуудан балдар канааттануу ала алышат.
16, 17. Жыйналышта улуулар жаштардын жакшы жактарына кантип көңүл бура алышат?
16 Улуу биртуугандар жыйналыштагы жаштардын ал-жайына кызыгышы керек (Филипиликтерге 2:4). Алар пикирлешүүдө демилгени колго алып, жаштарды бекемдей алышат. Жолугушууда маанилүү ойлор айтылганда, улан-кыздардан аларга эмне жакканын, кайсы ойлор өзгөчө баалуу болгонун жана аларды кантип иш жүзүндө колдонууга болорун суроого болот. Жаштар — жыйналыштын ажырагыс бөлүгү, андыктан аларды кунт коюп угушкандыгы үчүн жана жолугушууда берген жооптору же программага катышканы үчүн мактап туруу зарыл. Жаштардын жыйналыштагы улуу биртуугандар менен кызматташуусу жана үйдөгү майда иштерди аткара билгендиги алардын кийинчерээк чоңураак жоопкерчиликтерди аркалай аларын көрсөтөт (Лука 16:10).
17 Жоопкерчилик тапшырылган кээ бир жаштар рухий жөндөмдүүлүктөрүн өрчүтүү менен ийгилик кылып, маанилүүрөөк дайындоолорго даяр боло алышат. Ошондой эле жоопкерчиликтүү тапшырмалар аларга акылсыз жүрүм-турумдан качууга жардам берет (2 Тиметейге 2:22). Андан тышкары, андай милдеттер кызмат жардамчысы болуп кызмат кылууга умтулган биртуугандардын «сыналышына» да шарт түзөт (1 Тиметейге 3:10). Аксакалдар алардын жолугушууларга даярдуулук менен катышарын, кызматта ынталуу экенин жана жыйналыштагылардын баарына камкор мамиле кыларын көрүп, аларды жаңы дайындоого сунуш кылса болорун баамдай алышат.
Ар бир адамдын жакшы жактарын көрө билүү
18. Аксакалдар чечим чыгарууда кандай тузактан этият болуш керек жана эмне үчүн?
18 Накыл сөздөр 24:23тө: «Сотто бет карамалык кылуу жакшы эмес»,— деп айтылат. Асмандан келген акылмандык аксакалдардан жыйналыштагы маселелерди чечүүдө беткарамалыктан качууну талап кылат. Жакып: «Асмандан келген акылмандык баарынан мурда таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, боорукер, жакшы жемиштүү, калыс, эки жүздүү эмес»,— деп айткан (Жакып 3:17). Ооба, аксакалдар башкалардын жакшы сапаттарын көрө билүүгө умтулушу керек, ошол эле учурда чечим чыгарууда өз ара мамилелердин же сезимдердин таасир этпегенине ынанышы абзел. «Кудай кудайлардын [башкача айтканда, «кудай аталгандардын», адамдык соттордун] арасына турду,— деп жазган забурчу Асап.— Ал кудайлардын арасында Өз өкүмүн билдирди. „Качанкыга чейин силер адилетсиз сот жүргүзө бересиңер? Канчага чейин ыймансыздарды жактай бересиңер?“» (Забур 81:1, 2). Ошондуктан досторуна же туугандарына байланыштуу маселе каралганда Ыйсаны жолдогон аксакалдар жантартуучулуктан оолак болушат. Ошентип, алар жыйналыштын биримдигин сактап, Жахабанын рухунун эркин таасир этишине шарт түзүшөт (1 Тесалоникалыктарга 5:23).
19. Башкалардын жакшы жактарын кантип көрө билсек болот?
19 Биртуугандарыбыздын жакшы жактарын көрө билүү менен биз Пабылдыкындай маанайды чагылдырабыз. Ал Тесалоникадагы жыйналышка кайрылып: «Теңир жолунда силер тууралуу биздин мындай бекем ишенимибиз бар: силер биздин буйруктарыбызды аткарып жатасыңар жана аткарасыңар»,— деп айткан (2 Тесалоникалыктарга 3:4). Башкалардын жакшы сапаттарын көрө билсек, алардын кемчиликтерине көңүл бурбоо оңоюраак болот. Ошондой эле сынчыл болуудан качып, биртуугандарыбыздын мактоого татырлык жактарын издейбиз. Пабыл: «Үй башкаруучулардан... ишенимдүүлүк талап кылынат»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 4:2). Жыйналышты башкаргандардын эле эмес, рухий биртуугандарыбыздын баарынын ишенимдүүлүгү аларды сүйүшүбүзгө өбөлгө түзөт. Сүйүү алар менен жакын мамиледе болушубузга жана биртуугандык достугубузду чыңдоого шарт түзөт. Биз биртуугандарыбызга Пабылдыкындай көзкараш менен карап, аларды «Кудайдын Падышачылыгы үчүн кызмат кылган» эмгектештерибиз жана «сооронучубуз» катары көрөбүз (Колостуктарга 4:11). Ошентип, Жахабанын көзкарашын чагылдырабыз.
20. Башкалардын жакшы жактарын издегендерди кандай баталар күтүп турат?
20 Ооба, биз Некемиянын: «Оо, Кудайым, мага жакшы болсун үчүн, мени унутпа!» — деген тиленүүсүнө ортоктошпуз (Некемия 13:31). Жахабанын адамдардан жакшы нерсе издегендиги кандай кубантат! (1 Падышалар 14:13). Келгиле, бул жагынан мындан ары да Жахабаны туурай берели. Ошондо куткарылууга жана абдан жакын калган жаңы дүйнөдөгү түбөлүк өмүргө болгон үмүтүбүз ого бетер бекем болот (Забур 129:3—8).
Эмне деп жооп бересиңер?
• Жахаба эмненин негизинде адамдардын баарына жакшылык кылат?
• Кызматыбызда...
• Үй-бүлөбүздө...
• Жыйналышыбызда...
Бардык адамдар менен мамилелешүүдө...
• башкалардын жакшы жактарын кантип көрө билсек болот?
[Изилдөө суроолору]
[16-беттеги сүрөт]
Жусуп биртуугандарынын жек көрүүсүн эстебей, алардан жакшы нерсе издеген.
[17-беттеги сүрөт]
Каршылык башкаларга жардам беришибизге тоскоол боло албайт.
[18-беттеги сүрөт]
Жакып уулдарынын карасанатайлыгын эскербей, баарына бата айткан.
[19-беттеги сүрөт]
Жыйналышка келгендердин баарынжылуу тосуп алгыла