Канаттуулардан эмнеге үйрөнсөк болот?
Канаттуулардан эмнеге үйрөнсөк болот?
«АСМАНДАГЫ канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар!» (Матай 6:26). Ыйса Машайак бул сөздөрдү белгилүү насаатында, Галилея деңизинин жанындагы тоонун этегинде айткан. Аны укканы жолдоочулары гана эмес, ар кайсы жерлерден, келечекте шакирт болушу мүмкүн болгон көп сандаган адамдар келишкен. Алардын көптөрү жакыр жашачу. Алар жардам издеп, Ыйсага оорулууларды алып келишкен эле (Матай 4:23—5:2; Лука 6:17—20).
Оорулуулардын баарын айыктырган соң, Ыйса маанилүүрөөк болгон рухий муктаждыктарга көңүл бурган. Ал үйрөткөн сабактардын бири жогоруда келтирилди.
Асмандагы канаттуулар эзелтен доор сүрүп келет. Айрымдары курт-кумурскаларды жесе, башкалары жер-жемиштер менен азыктанат. Эгерде Кудай канаттуу-куштарга азыкты ушунчалык мол берсе, өзүнүн кызматчыларына күнүмдүк нан табууга, албетте, жардам бере алат. Мисалы, Жахаба аларга өздөрүн тамак-аш менен камсыз кылууга мүмкүндүк бергидей жумуш табууга көмөктөшүшү мүмкүн. Же өздөрүнчө чарбачылык кылууда батасын бериши ыктымал. Ал эми өтө кысталыш абалга дуушар болушканда, Кудай алардын кайрымдуу коңшуларынын жана досторунун жүрөгүн козгоп, колдорунда болгон тамак-ашын муктаж болгондор менен бөлүшүүгө түрткү бере алат.
Канаттуулардын жашоосуна кылдат байкоо жүргүзүп дагы көп нерселерге үйрөнсөк болот. Кудай канаттууларды укмуштай инстинкт менен жараткандыктан, алар өздөрүнө уя салып, балапандарын чоңойто алышат. Мисалга уянын эки түрүн алалы. Сол жактагы сүрөттөн Африка аска чабалекейинин уясын көрүп турасыңар. Бул чабалекей уясын аска-зоонун бооруна же үйдүн дубалына салат. Асканын уркуйган жери же, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, үйдүн чатырынын дубалдан чыгып турган жагы уянын чатыры катары кызмат кылат. Уянын «дубалы» болсо бири-бирине чапталган майда-майда ылай бүртүктөрүнөн «тургузулат» да, чөйчөк формасында жасалат. Ылай бүртүктөрүн чогултууга эркеги да, ургаачысы да катышып, талыкпай мээнеттенишет. «Курулуш» бир айдан ашык убакытты алышы мүмкүн. Анан алар уянын ичине чөп-чар, канаттарынын тал жүнүн төшөйт. Кызыл ооз балапандарын азыктандырууга экөө тең катышат. Асты жактагы сүрөттө болсо кашка токуучунун уясын көрүүгө болот. Африкадагы бул мээнетчил чымчык уясын чөптөн же башка бир өсүмдүктүн талчаларынан курат. Ал өзүнүн уясын бир күндүн ичинде кура алат, ал эми бир сезондун ичинде 30дан ашык уя салууга жарактуу!
Мындан өзүбүзгө кандай сабак алсак болот? Кудай канаттууларга ушундай жөндөмдөрдү жана уя салууга материалдарды мол берсе, демек, өзүнүн кызматчыларына үй-жай менен камсыз болууга жардам бере алары шексиз да. Бирок, Ыйса белгилеп өткөндөй, Жахаба Кудайдан материалдык жактан жардам алууну кааласак, бизден дагы бир нерсе талап кылынат. «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет»,— деп убадалаган Ыйса (Матай 6:33). Силер: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын издөөгө эмнелер кирет?» — деп сурашыңар мүмкүн. Бул журналды сунуштаган Жахабанын Күбөлөрү сурооңорго жооп берүүгө кубанычта болушат.