«Мына, бул — биздин Кудай!»
«Мына, бул — биздин Кудай!»
Ушул жана кийинки изилдөө макаласындагы ойлор «Жахабага жакында» аттуу китепке (ор.) негизделет. Ал китептин жарык көргөнү жөнүндө 2002-2003-жылдары дүйнө жүзү боюнча өткөрүлгөн облустук жыйында жарыяланган. (30-беттеги «Ал жүрөгүмдүн бөксөсүн толтурду» деген макаланы карагыла.)
«Мына, бул — биздин Кудай! Биз Ага таянганбыз, ошондуктан ал бизди куткарды! Бул — Теңир [«Жахаба», ЖД]» (Ышайа 25:9).
1, 2. а) Жахаба уруу аксакалы Ыбрайымды эмне деп атаган жана ушундан улам кандай суроо туулат? б) Кандайча Ыйык Китеп бизди Кудай менен жакын мамиледе болуу мүмкүн экенине ынандырат?
«МЕНИН досум». Асман, жердин Жаратканы Жахаба уруу аксакалы Ыбрайымды ушинтип атаган (Ышайа 41:8). Элестетсеңер, жөнөкөй эле адам Ааламдын Эгедер Теңири менен дос болгон! Сен: «Кудайга мен да жакындай аламбы?» — деп сурашың мүмкүн.
2 Ыйык Китеп бизди Кудай менен жакын мамиледе болуу мүмкүн экенине ынандырат. Ыбрайым «Теңирге ишенгендиктен», аны менен дос боло алган (Жакып 2:23). Бүгүн да Жахаба «адил адамдар менен» ынак мамиле түзөт (Накыл сөздөр 3:32). Ыйык Китеп Жакып 4:8де бизди: «Кудайга жакындагыла, ошондо Ал силерге жакындайт»,— деп үндөйт. Ооба, Жахаба биздин ага жакындоо үчүн жасаган кадамдарыбызга жооп кайтарат — ал бизге жакындайт. Бирок Кудайдан шыктандырылган бул сөздөр биринчи кадамды күнөөкөр жана жеткилеңсиз адамдар жасайт дегенди билдиреби? Албетте, жок. Мээримдүү Кудайыбыз маанилүү эки кадам жасагандыктан улам гана биз аны менен ынак мамиледе боло алабыз (Забур 25:14, ЖД [24:14]).
3. Жахаба биздин аны менен достошо алышыбызга шарт түзүү максатында кайсы эки кадамды жасаган?
3 Биринчиден, Жахаба Ыйсанын «Өз жанын берип, көптөрдү куткарышын» караштырган (Матай 20:28). Бул куткаруу курмандыгы биздин Кудайга жакындашыбызга жол ачат. Ыйык Китепте: «Ал бизди биринчи сүйгөндүктөн, биз да Аны сүйөлү»,— деп айтылат (1 Жакан 4:19). Ооба, Кудай «бизди биринчи сүйүп», аны менен достукта болушубузга негиз түзгөн. Экинчиден, Жахаба бизге өзү жөнүндө ачып берип келүүдө. Бирөө менен достошууда ортодогу мамилени бекемдөөгө аны жакшы билгенибиз, жакшы сапаттарын баалап, аларга суктанганыбыз жардам берет. Бул эмнени билдирерин карап көрөлү. Эгер Жахаба бизге жашыруун, белгисиз Кудай болсо, ага эч качан жакындай алмак эмеспиз. Жахаба өзүн бизден жашырбайт, тескерисинче, аны таанып-билишибизди каалайт (Ышайа 45:19). Өзүнүн Сөзү Ыйык Китепте ал өзү жөнүндө бизге түшүнүктүү болгудай кылып ачып берген. Бул анын бизди сүйөрүн эле эмес, биздин аны асмандагы Атабыз катары билишибизди жана сүйүшүбүздү каалаарын да далилдеп турат.
4. Жахабанын сапаттарын жакшыраак билген сайын ага карата кандай сезимде болобуз?
4 Кичинекей баланын досторуна атасын көрсөтүп: «Бул менин атам»,— деп жаркылдап, сыймыктанганын көрдүңөр беле? Кудайдын табынуучуларында Жахабага карата ушундай сезимде болууга орчундуу негиз бар. Ыйык Жазмада ишенимдүү адамдардын: «Мына, бул — биздин Кудай!» — деп жар салары алдын ала айтылган (Ышайа 25:8, 9). Жахабанын сапаттарын канчалык жакшы билсек, биздин эң жакшы Атабыз жана эң жакын Досубуз бар экенин ошончолук жакшы баамдайбыз. Ооба, Жахабанын сапаттарын изилдөө менен биз ага ого бетер жакындай алабыз. Ошондуктан, келгиле, Ыйык Китепте Жахабанын негизги касиет-сапаттары — күч, адилеттик, акылмандык жана сүйүү — кантип ачылып берилгенин карап чыгалы. Бул макалада алардын биринчи үчөө талкууланмакчы.
«Күчү менен улуу»
5. Эмне үчүн Жахабанын гана «Кудуреттүү» деп аталганы орундуу жана өзүнүн зор күчүн ал кандайча колдонот?
5 Жахаба «күчү... менен улуу» (Аюб 37:23). Жеремия 10:6да: «Сага теңдеш эч ким жок, Теңир! Сен улуусуң, Сенин ысымың кудуреттүүлүгү менен улуу»,— делет. Жанбүткөндүн баарынан айырмаланып, Жахаба чексиз күчкө ээ. Ошол себептен бир гана Кудай «Кудуреттүү» деп аталат (Аян 15:3, «Мукаддас»). Жахаба өзүнүн зор күчүн жаратуу, кыйратуу, коргоо жана калыбына келтирүү үчүн колдонот. Буга байланыштуу эки мисал: анын жаратуучу күчүн жана коргоочу күчүн алып көрөлү.
6, 7. Күн канчалык кубаттуу жана ал кайсы маанилүү чындыкты күбөлөндүрүп турат?
6 Жайдын аптабында сыртта турганда, денебиз эмнени сезет? Күндүн жылуулугун. Бирок чынында биз Жахабанын жаратуучу күчүнүн натыйжасын сезебиз. Күн кандай кубатка ээ? Анын ядросундагы температура Цельсий боюнча 15 миллиондой градуска жетет. Эгер Күндүн ядросунан төөнөгүчтүн башындай болгон бөлүкчөсүн алып Жерге койсо, бул кымындай «мешке» 140 чакырымга чейин эле жакындай алмакпыз! Күн өзүнөн секунд сайын жүз миллиондогон ядролук бомбалардын жарылуусуна тең келген энергияны бөлүп чыгарат. Бирок Жер бул укмуштай термоядролук реактордун тегерегинде эң туура аралыкта айланат. Күн Жерге өтө жакын жайгашкан болсо, суулар бууланып кетмек; эгер өтө алыс турса, суунун баары тоңуп калмак. Мындай шарттарда биздин планетада кыбыр эткен жан болмок эмес.
7 Көп адамдар жашоолору Күнгө көзкаранды экенин сезбей, аны боло жүргөн эле нерседей кабыл алышат. Ошондуктан Күндүн бизди бир нерсеге үйрөтө аларын баамдашпайт. Забур 73:16да Жахаба жөнүндө: «Айды, жылдыздарды жана күндү Сен жараттың»,— деп айтылат. Ооба, Күн «жер менен асманды жараткан» Жахабаны даңазалайт (Забур 145:6). Бирок ал Жахабанын эбегейсиз күчүн күбөлөндүрүп турган сансыз жаратуулардын бири гана. Жахабанын жаратуучу күчү жөнүндө канчалык көп билсек, Кудайга карата болгон кастарлоо сезимибиз ошончолук тереңдейт.
8, 9. а) Жахабанын өз кызматчыларын коргоого жана аларга кам көрүүгө ынтызар экенин кайсы таасирдүү көркөм мисал көрсөтүп турат? б) Байыркы убактарда койчу койлоруна кантип кам көргөн жана бул Улуу Койчу тууралуу эмнени айтып турат?
8 Жахаба өзүнүн зор күчүн кызматчыларын коргоп, аларга кам көрүү үчүн да колдонот. Жахабанын назик кам көрөрү жөнүндөгү убадаларын сүрөттөө үчүн, Ыйык Китепте жүрөктү козгогон айкын көркөм мисалдар колдонулат. Мисалы, Ышайа 40:11ге көңүл бурсак, ал жерде Жахаба өзүн койчуга, ал эми элин койлорго салыштырат. «Ал өзүнүн койлорун койчу сыяктуу кайтарат, козуларын колуна алып, койнуна салып көтөрүп жүрөт, саандарын жетелеп алат»,— деп айтылат ал аятта. Бул көрүнүштү көз алдыңарга келтире аласыңарбы?
9 1 Шемуел 17:34—36; Жакан 10:10—13). Бирок койлорду коргоо жана аларга кам көрүү кээде назик мамилени талап кылган. Мисалы, кою талаада тууса, койчу жаңы туулган чабал козуну кантип сактап калмак? Ал козуну «койнуна салып» — чапанына ороп, бир нече күн бою көтөрүп жүрүшү ыктымал эле. Бирок кандайча козу койчунун койнунда болуп калмак? Ал койчунун жанына келиши, атүгүл анын бутуна сүйкөнүшү мүмкүн эле. Кандай болбосун, койчу эңкейип, козуну жерден алып, койнуна салмак. Козу эми өзүн коопсуз сезе алмак. Улуу Койчунун өзүнүн кызматчыларын коргоого жана аларга кам көрүүгө ынтызар экени кандай таасирдүү сүрөттөлгөн!
Кой — аялуу жандыктардын бири. Байыркы убактарда койчу койлорун карышкыр, аюу жана арстандардан коргоо үчүн эржүрөк болууга тийиш эле (10. Жахаба бүгүн кандай коргоо берет жана эмне үчүн мындай коргоо өзгөчө маанилүү?
10 Жахаба кызматчыларын коргоого убада берүү менен эле чектелбейт. Ыйык Китеп жазылган убактарда ал «такыбааларды азгырыктардан куткарууга» жөндөмдүү экенин керемет жолу менен көрсөткөн (2 Петир 2:9). Бүгүнкү күндөчү? Биз анын азыр өзүнүн күчүн бизди бардык жамандыктардан сактоо үчүн колдонбой турганын билебиз. Бирок ал бизге маанилүүрөөк болгон рухий коргоону берет. Мээримдүү Кудайыбыз сыноолорго туруштук беришибиз үчүн жана аны менен болгон мамилебизди сактай алышыбыз үчүн зарыл нерселердин баары менен камсыз кылып, бизди рухий зыяндан коргоп жатат. Маселен, Лука 11:13тө: «Силер жаман болуп туруп, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билсеңер, андан бетер Асмандагы Атаңар Өзүнөн сурагандарга Ыйык Рухту берет»,— делет. Бул зор күч бизди кандай болбосун сыноолорду же кыйынчылыктарды жеңүүгө жарактуу кыла алат (2 Корунттуктарга 4:7). Ошентип, Жахаба өмүрүбүздү бир нече жылга эле эмес, түбөлүккө сактоону ойлойт. Ошол келечекти унутпасак, азыркы түзүлүштөгү азап-тозоктор бизге «убактылуу жана оор эместей» болуп көрүнөт (2 Корунттуктарга 4:17). Өзүнүн күчүн ушундай зор сүйүү менен биздин пайдабызга колдонгон Кудайга кантип жакындагыбыз келбесин?
«Жахаба адилеттикти сүйөт»
11, 12. а) Эмне үчүн Жахабанын адилеттиги ага жакындашыбызга түрткү берет? б) Жахабанын адилеттигине байланыштуу Дөөт кандай корутунду чыгарган жана Кудайдан шыктандырылган бул сөздөр бизди кандайча жубата алат?
11 Жахаба дайыма туура жана калыс иш кылат; ал беткарамалык көрсөтпөйт. Кудайдын адилеттиги өзүнөн оолактаткан мерез, катаал сапат эмес, тескерисинче, бизди Жахабага жакындаткан жагымдуу сапат. Ыйык Китепте бул сапаттын жан сергитерлик касиети айкын-даана сүрөттөлөт жана Жахаба аны кандай жолдор менен чагылдырары көрсөтүлөт. Келгиле, ал жолдордун үчөөн карап чыгалы.
12 Биринчиден, адилеттиги Жахабага өзүнүн кызматчыларына ишенимдүүлүк жана берилгендик көрсөтүүгө түрткү берет. Забурчу Дөөт буга жеке тажрыйбасынан ынанган. Өзүнүн башынан өткөндөрдү эстеп жана Кудайдын кантип адилеттик көрсөтөрү жөнүндө ой жүгүртүп, Дөөт: «Теңир чындыкты [«Жахаба адилеттикти», ЖД] сүйөт, Өзүнүн ыйыктарын таштабайт. Алар түбөлүккө сакталышат»,— деп корутунду чыгарган (Забур 36:28). Кандай соороторлук ынандыруу! Биздин Кудай ага берилген адамдарды такыр калтырбайт. Андыктан анын колдоосуна жана мээрман камкордугуна дайыма таянсак болот. Муну анын адилеттүүлүгү кепил кылат! (Накыл сөздөр 2:7, 8).
13. Жахабанын жардамга зар адамдарга болгон камкордугу ысрайыл элине берилген Мыйзамда кандайча көрсөтүлгөн?
13 Экинчиден, Кудайдын адилеттүүлүгү жардамга зар адамдардын муктаждыктарын эске алат. Жахабанын мындай адамдарга болгон камкордугу ысрайыл элине берилген Мыйзамда айкын көрсөтүлгөн. Мисалы, Мыйзамда жетимдер менен жесирлерге кантип кам көрүү керектиги жөнүндө айтылган (Мыйзам 24:17—21). Жахаба мындай үй-бүлөлөрдүн турмушу канчалык оор экенин билип, аларга өзү Ата, Сот жана Коргоочу болгон (Мыйзам 10:17, 18). Кудай ысрайылдыктарга, эгерде бечара аялдарды жана балдарды кысымга алышса, алардын муң-зары Өзүнө жетери тууралуу эскерткен. Чыгуу 22:22—24-аяттарда жазылгандай, ал: «Менин каарым кайнап чыгат»,— деп айткан. Каар Кудайдын башкы сапаттарына кирбесе да, кимдир бирөөнүн башкаларга атайылап адилетсиз мамиле жасашы, айрыкча, алсыздарга кысым көрсөтүшү Анын адил нааразылыгын туудурат (Забур 102:6).
14. Жахабанын беткарама эместигинин бир сонун далили кайсы?
14 Үчүнчүдөн, Мыйзам 10:17де Ыйык Китеп бизди: «[Жахаба] адамдын жүзүнө карабайт, пара албайт»,— деп ынандырат. Колунда бийлиги бар айрым инсандарга окшоп, Жахаба адамга материалдык байлыгына же сырткы көрүнүшүнө карап баа бербейт. Ал калыс жана жантартуучулуктан алыс. Анын кызматчысы болуп, келечекте чексиз өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгү кээ бир адамдарга эле эмес, баарына берилген. Бул анын калыстыгынын сонун далили болуп саналат. «Кудайда бет карамалык жок... ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагат»,— деп айтылат Элчилер 10:34, 35те. Түбөлүк өмүргө болгон үмүт бардык адамдарга сунуш кылынат — мында алардын социалдык абалы, терисинин түсү же кайсы өлкөдө жашап жаткандыгы роль ойнобойт. Бул чыныгы адилеттиктин сонун үлгүсү эмеспи?! Ырас, Жахабанын адилеттигин улам жакшыраак түшүнгөн сайын ага жакындайбыз!
«Оо, Кудайдын акылы кандай терең!»
15. Акылмандык деген эмне жана Жахаба бул сапатты кантип чагылдырат?
15 Римдиктерге 11:33тө жазылгандай, элчи Пабыл: «Оо, Кудайдын акылы кандай терең!» — деп айтууга түрткү алган. Ырас, Жахабанын чексиз акылмандыгынын ар түрдүү аспектилери жөнүндө ой жүгүртүү жүрөгүбүздө кастарлоо сезимин туудурбай койбойт. Кудайдын бул сапатына кандай аныктама берүүгө болот? Акылмандык өз ичине тийиштүү натыйжага жетүү үчүн билимди, кыраакылыкты жана түшүнүктү колдоно билүүнү камтыйт. Жахаба өзүнүн түгөнгүс билимин жана терең түшүнүгүн пайдаланып, ар дайым эң туура чечим чыгарат жана муну эң ылайыктуу жол менен ишке ашырат.
16, 17. Жахабанын жараткан нерселери анын акылмандыгынын чексиз экенин кандайча күбөлөндүрүп турат? Мисал келтиргиле.
16 Жахабанын акылмандыгы чексиз экенине кандай далилдер бар? Забур 103:24тө: «Сенин иштериң кандай көп, Теңир! Сен баарын даанышмандык менен жасагансың. Жер Сенин чыгармаларыңа толгон»,— деп айтылат. Жахаба жараткан нерселер жөнүндө канчалык көп билсек, анын акылмандыгы бизди ошончолук көп таасирлентет. Жахабанын жаратууларын изилдөө менен окумуштуулар канчалаган нерселерге үйрөнүштү! Илимде жадагалса инженериянын биомиметика деп аталган тармагы бар. Ал биологиялык структуралардын түзүлүш өзгөчөлүктөрүн тууроону көздөйт.
17 Мисалы, жөргөмүштүн желеси канчалык кооз жана укмуш жасалганын байкадыңар беле? Анын
түзүлүшүнө көз баккан эч бир адам кайдыгер калбайт. Анын жипчелери бышык эместей көрүнгөнү менен, пропорциялык катышта болоттон жана ок өткөрбөгөн жилет жасалчу буладан чыйрак келет. Канчалык чыйрак? Эгерде желени балык уулоодо колдонулуучу тордун көлөмүнө тең келгенчелик чоңойтсо, ал жүргүнчүлөрдү ташуучу учакты учуп бараткан жеринен токтото алмак! Ооба, Жахаба ушу сыяктуу нерселердин баарын «даанышмандык менен» жасаган.18. Жахабанын Ыйык Китепти жаздыруу үчүн адамдарды колдонгону кандайча анын акылмандыгынан кабар берип турат?
18 Жахабанын акылмандыгынын эң көрүнүктүү далилин анын Сөзүнөн, Ыйык Китептен, табууга болот. Андагы даанышман кеңештер бизди жашоонун эң туура жолуна багыттайт (Ышайа 48:17). Ошол эле учурда Жахабанын теңдешсиз акылмандыгы Ыйык Китептин кандай жол менен жазылганынан да көрүнүп турат. Кандайча? Даанышман Жахаба өзүнүн Сөзүн адамдарга жаздырган. Эгер бул тапшырма периштелерге берилсе, Ыйык Китеп адамдарды өзүнө тарта алмакпы? Албетте, периштелер Жахабаны жогорку деңгээлдеги көзкараш менен сүрөттөп, өздөрүнүн ага берилгендиги тууралуу билдире алышмак. Бирок билими, тажрыйбасы жана күч-кубаты биздикинен алда канча артык болгон жеткилең рухий жаратуулардын ой жүгүртүүсү бизге түшүнүктүү болот беле? (Эврейлерге 2:6, 7).
19. Ыйык Китепти жазуу адамдарга тапшырылганы анын жылуулуктун демин камтып, бизди өзүнө тартып турушун шарттаганын кайсы мисал көрсөтүп турат?
19 Ыйык Китепти жазуу адамдарга тапшырылгандыктан, ал жүрөк жылытарлык жылуулуктун демин камтып, бизди өзүнө тартып турат. Кудай Сөзүн жазгандар биздей эле кишилер болгон. Жеткилеңсиз адамдар катары алар биздикиндей эле сыноолорго жана кысымдарга дуушар болушкан. Айрым учурларда алар өздөрүнүн ички сезимдерин, ой-санааларын биринчи жак менен беришкен (2 Корунттуктарга 12:7—10). Ошондуктан алар эч бир периште жеткире бере албай турган сөздөрдү колдонушкан. Мисалга Дөөттүн 50-забурда жазган сөздөрүн алалы. Экинчи аятка ылайык, Дөөт бул забурду олуттуу күнөө кетиргенден кийин түзгөн. Ал катуу өкүнүп, Кудайдан кечирим сурап, ага жүрөгүндө болгондун баарын айткан. 4, 5-аяттарда: «Менин мыйзамсыз иштеримди кайра-кайра жуу, мени күнөөмдөн тазала. Анткени мен өзүмдүн ыймансыз иштеримди мойнума алам, менин күнөөм көз алдымдан кетпейт»,— деп айтылат. 7-аятка да көңүл бурсаңар: «Мына, мен бойго бүткөндө эле күнөөкөр болчумун, энемден күнөөкөр болуп төрөлгөм». Ал эми 19-аятта: «Кайгылуу рух Кудайга курмандык болот, Кудайым, Сен кайгырган жана моюн сунган жүрөктү жек көрбөйсүң»,— деп кошумчаланат. Забурчунун кандай азап-кайгыга батканын сезе алдыңарбы? Мындай сезимдерди жеткилеңсиз адамдан башка дагы ким жеткире бере алмак?
20, 21. а) Эмне себептен Ыйык Китепти адамдар жазганы менен, анда Жахабанын акылмандыгы камтылган деп айтууга болот? б) Эмки макалада эмне талкууланат?
20 Жахаба жеткилеңсиз адамдарды колдонуу менен бизге керектүүнүн өзүн — «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган», ошол эле учурда адам баласына оңой түшүнүктүү болгон билдирүүнү — тартуу кылган (2 Тиметейге 3:16). Ооба, ал жазуучуларды ыйык рух жетектеген. Ошентип, алар өздөрүнүн эмес, Жахабанын акылмандыгын жазышкан. Ал акылмандык ишенүүгө толук татыктуу жана биздикинен кыйла жогору болгондуктан, Кудай сүйүү менен бизди: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолуңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сени түз жолго салат»,— деп үндөйт (Накыл сөздөр 3:5, 6). Бул даанышман кеңешке кулак каксак, биз чексиз акылман Кудайыбызга жакындай алабыз.
21 Жахабанын бардык сапаттарынын ичинен өзүнө өзгөчө тартып турганы жана эң жагымдуусу — сүйүү. Жахабанын кантип сүйүү көрсөтөрү эмки макалада талкууланат.
[Шилтемелер]
Эстей аласыңарбы?
• Жахаба аны менен достошо алышыбызга шарт түзүү максатында кайсы эки кадамды жасаган?
• Жахабанын жаратуучу күчү менен коргоочу күчүнө карата кандай мисалдарды келтире аласыңар?
• Жахаба адилеттигин кандай жолдор менен көрсөтөт?
• Кандайча Жахабанын акылмандыгын анын жараткан нерселеринен жана Ыйык Китептен көрүүгө болот?
[Изилдөө суроолору]
[23-беттеги сүрөт]
Козуну койнуна салып көтөрүп жүргөн койчуга окшоп, Жахаба өзүнүн «койлоруна» назик кам көрөт.
[24-беттеги сүрөт]
Жахабанын акылмандыгы Ыйык Китептин кандай жол менен жазылганынан көрүнүп турат.