Сүйүүгө баарыбыз муктажбыз
Сүйүүгө баарыбыз муктажбыз
ТИЛИНЕ, расасына, курагына, маданиятына карабастан, ар бир адам сүйүүгө муктаж. Эгерде ал муктаждыгы канааттандырылбаса, адам өзүн бактысыз сезет. Медицина тармагында иштеген бир изилдөөчү мындай деп жазган: «Ооруйбузбу же сакайабызбы, кайгырабызбы же кубанабызбы, азап тартабызбы же сооронобузбу — булардын баары сүйүү менен жылуу мамилелерден көзкаранды. Эгер жаңы чыгарылган дары ушундай касиетке ээ болсо, өлкөдөгү дээрлик ар бир дабагер аны оорулууларына сунуш кылмак. Аны сунуш кылбоо кылмышка жатмак».
Тилекке каршы, азыркы коомдо, өзгөчө, маалымат каражаттары менен эл бедел туткан инсандар адам муктаж болгон жылуу, ынак мамилелерге караганда, байлыкка, бийликке, атак-даңкка жана секске көбүрөөк басым коюшат. Көптөгөн мугалимдер окуучуларга материалисттик максаттарга жана мансапка умтулууга түрткү беришет, анткени, алардын оюнча, адамдын ийгилиги негизинен ошол нерселерден көзкаранды. Билим алуу, жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүү маанилүү экендиги талашсыз, бирок аларга үй-бүлө менен досторго убакыт калбай калганчалык баш-оту менен кирип кетүү туурабы? Адам табиятын терең түшүнгөн, байыркы убакта жашаган бир билимдүү киши ар кайсы нерселерге шыгы бар, бирок сүйүүсү жок адамдарды «зың эткен жезге же шыңгыраган коңгуроого» окшоштурган (1 Корунттуктарга 13:1). Андай адамдар байышы, атак-даңкка да жетиши мүмкүн, бирок чындап бактылуу боло алышпайт.
Адамдарды абдан терең түшүнгөн жана өзгөчө сүйгөн Ыйса Машайак Кудайга жана адамдарга болгон сүйүүнү өзүнүн окууларынын өзөгү деп эсептеген. Ал: «Кудай-Теңириңди чын жүрөгүң менен, жан-дилиң менен, бүт акылың менен сүй... Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды ошондой сүй»,— деп айткан (Матай 22:37—39). Ушул сөздөргө ылайык жашагандар гана Ыйсанын чыныгы жолдоочулары боло алышмак. Ошондуктан ал: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айткан (Жакан 13:35).
Азыркы дүйнөдө сүйүүнү кантип өрчүтүүгө болот? Ата-энелер балдарын сүйүү көрсөтүүгө кантип үйрөтө алышат? Кийинки макалада ушул суроолор талкууланат.
[3-беттеги сүрөт]
Ач көздүк өкүм сүргөндүйнөдө сүйүүнү өрчүтүү оңой эмес.