Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чыныгы сүйүүнү кантип өрчүтүүгө болот?

Чыныгы сүйүүнү кантип өрчүтүүгө болот?

Чыныгы сүйүүнү кантип өрчүтүүгө болот?

«Сүйүү — бүт дартка даба; сүйүү — бул өмүр»

(«Living to Purpose», Жозеф Жонсон, 1871-ж.).

АДАМ сүйгөнгө кантип үйрөнөт? Психологияны изилдөө мененби же өзүн-өзү ар тараптуу өнүктүрүүгө арналган китептерди окуу мененби? Же сүйүү жөнүндөгү фильмдерди көрүппү? Мындай жол менен үйрөнүшү күмөн. Адамдар буга, эң алды, ата-энесинин үлгүсү менен берген тарбиясынан үйрөнүшөт. Балдар ынактык өкүм сүргөн чөйрөдө чоңоюп, ата-энесинин камкордугун сезип, алардын коргой турганын, ошондой эле алар менен пикир алышарын жана жекече терең кызыгуу көрсөтөрүн байкаганда сүйүү деген эмне экенин түшүнө алышат. Ошондой эле алар бул сапатты чагылдырууга ата-энелери жакшылык менен жамандыкка байланышкан принциптерге карманууга үйрөтүшкөндө үйрөнүшөт.

Чыныгы сүйүү ынак болуудан же эмоцияларды чагылдыруудан да көптү билдирет. Өз убагында тийиштүү түрдө бааланбаса да (көбүнчө балдарга сүйүү менен тарбия берилгенде), сүйүү дайым башкарлардын жыргалчылыгын көздөйт. Өзүмчүлдүксүз сүйүүнү чагылдыруу жагынан Жаратканыбыз өзү эң сонун үлгү көрсөтүүдө. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Уулум, Теңирдин жазасын четке какпа, Ал сенин айыбыңды ашкерелегенде көңүлүңдү чөгөрбө. Анткени Теңир кимди сүйсө, ошону жазалайт» (Эврейлерге 12:5, 6).

Ата-энелер, үй-бүлөңөргө сүйүү көрсөтүүдө Жахабаны кантип туурасаңар болот? Жубайлар катары бири-бириңерге жасаган мамилеңер менен көрсөткөн үлгүңөр канчалык маанилүү?

Сүйүүгө үлгүңөр менен үйрөткүлө

Эгерде күйөө болсоң, аялыңды жогору баалап, урматтап сыйлайсыңбы? Эгер зайып болсоң, күйөөңдү сүйөсүңбү жана колдойсуңбу? Ыйык Китепте күйөөсү менен аялы бири-бирин сүйүшү жана урматташы керектиги айтылат (Эфестиктерге 5:28; Титке 2:4). Ошондо балдар сүйүүнүн иш жүзүндө көрсөтүлгөндүгүнө өздөрү күбө болушат. Балдар үчүн бул кандай гана таасирдүү, баалуу сабак!

Ошондой эле ата-энелер көңүл ачууга, адеп-ахлактуулукка, максат коюуга, маанилүү иштерди аныктай билүүгө карата жогорку нормаларга кармануу менен үй-бүлөдөгү сүйүүнүн бекемделишине өбөлгө түзүшөт. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдар үй-бүлөдө ушундай нормаларды бекитүүгө Ыйык Китеп зор жардам берерине күбө болушууда. Алардын жеке тажрыйбасы Ыйык Китептин «Кудайдын Рухунун жетеги менен жазылганын жана үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилеттүү болууга тарбиялоо үчүн пайдалуу» экенин айгинелөөдө (2 Тиметейге 3:16). Ооба, ар кайсы өлкөлөрдөгү адамдар Тоодогу насаатта эле камтылган адеп-ахлакка байланыштуу принциптерди жана жашоодо туура багыт берүүчү жетекчиликти абдан жогору баалашат (Матай 5—7-баптар).

Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү Кудайдан жетекчилик издеп, анын нормаларына бекем карманса, ар бири өзүн коопсузураак сезет. Андан сырткары, балдардын да ата-энесине карата чыныгы сүйүү өстүрүүгө жана аларга урмат-сый көрсөтүүгө үйрөнөрүнө көбүрөөк үмүттөнүүгө негиз болот. Ал эми үй-бүлөдөгү нормалар өзгөрүлмө, натуура же айкын эмес болсо, балдар бат кыжырланып, ачуулуу, козголоңчул болушат (Римдиктерге 2:21; Колостуктарга 3:21).

Жалгыз бой ата же эне жөнүндө эмне айтууга болот? Балдарын сүйүү көрсөтүүгө үйрөтүү алар үчүн колдон келгис иш деп айтууга болобу? Андай деле эмес. Бири-бири менен эриш-аркак кызматташкан мээримдүү ата-эненин ордун эч нерсе толтура албаса да, үй-бүлөдөгү жакшы мамилелер кандайдыр бир деңгээлде жок атанын же эненин ордун толуктай аларын тажрыйба көрсөтүүдө. Эгер сен жалгыз бой ата же эне болсоң, үйүңдө колуңдан келишинче ыйык китептик принциптерге карманууга аракеттен. Бир накыл сөздө мындай делет: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолуңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сени [ата-энени да] түз жолго салат» (Накыл сөздөр 3:5, 6; Жакып 1:5).

Көптөгөн мыкты жаштар толук эмес үй-бүлөдө өсүп чоңоюшкан. Азыркы учурда алар дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн миңдеген жыйналыштарында Кудайга берилгендик менен кызмат кылышууда. Мындан жалгыз бой ата же эне да балдарын сүйүүгө үйрөтүүдө зор ийгиликтерге жете аларын көрүүгө болот.

Адамдардын баары сүйүүнү кантип өрчүтө алат?

Ыйык Китеп «акыркы убак» «табигый ынактыктын» (ЖД), мындайча айтканда, үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында болуучу табигый жакындыктын жок болушу менен айырмаланарын алдын ала айткан (2 Тиметейге 3:1, 3). Бирок сүйүү эмне экенин билбей чоңойгондор да сүйүүнү өрчүтө алышат. Кантип? Сүйүүнүн Булагы Жахабадан үйрөнүү менен. Ал ага бүт жүрөгүнөн кайрылгандардын баарына сүйүүсү менен назик мамиле жасайт (1 Жакан 4:7, 8). Бир забурчу: «Мени атам да, энем да таштап кетишти, бирок Теңир мени кабыл алат»,— деп айткан (Забур 26:10).

Жахаба бизге ар кандай жолдор менен сүйүүсүн көрсөтүүдө. Аларга Ыйык Китепте камтылган аталык жетекчилиги, ыйык рухтун жардамы жана бүткүл дүйнөлүк боордоштук аркылуу көрсөткөн мээримдүү колдоосу кирет (Забур 118:97—105; Лука 11:13; Эврейлерге 10:24, 25). Ушул үч нерсе Кудайга жана жакыныбызга болгон сүйүүбүздү өрчүтүүгө кандайча жардам берерин карап көрөлү.

Атадан берилген жетекчилик

Кимдир бирөө менен жакын мамиле өрчүтүү үчүн, аны менен жакыныраак таанышуу керек. Өзү жөнүндө Ыйык Китеп аркылуу ачып берип, Жахаба бизди өзүнө жакындоого чакырууда. Бирок Ыйык Китепти окуу эле жетиштүү эмес. Биз анда жазылгандарга карманып жана анын кандай пайдаларды алып келерин жеке тажрыйбабыздан көрүшүбүз керек (Забур 18:8—11). Ышайа 48:17де: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрө турган жолуң менен алып жүргөн Кудай-Теңириң Менмин»,— деп айтылат. Ооба, сүйүүнүн өзү болгон Жахаба бизди эркиндигибизди керексиз эрежелер жана көрсөтмөлөр менен чектегиси келгендиктен эмес, биздин пайдабызды ойлогондуктан үйрөтөт.

Ыйык Китептен алган так билим да жакыныбызга болгон сүйүүбүздү өрчүтүүгө жардам берет. Анткени Ыйык Китептеги чындык бизди адамдарга Кудайдын көзкарашы менен кароого үйрөтүп, башкалар менен мамилелешүүдө кайсы принциптерге жетектелиш керектигин көрсөтөт. Мындай маалымат жакыныбызга карата сүйүү өрчүтүүгө бекем негиз болот. Элчи Пабыл: «Силердин сүйүүңөр таанып билүү жана ар кандай сезимталдык жагынан өсө бериши үчүн сыйынам»,— деп айткан (Филипиликтерге 1:9).

Сүйүү «таанып билүү» аркылуу кандайча жетектелерин түшүнүү үчүн, Элчилер 10:34, 35теги: «Кудайда бет карамалык жок... ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагат»,— деген негизги чындыкты карап көрөлү. Кудай адамдарды алардын улутуна же расасына эмес, адил иштерине жана Андан корккондугуна карап бааласа, биз да жакындарыбызга так ошондой беткарамалыгы жок мамиле кылышыбыз керек эмеспи? (Элчилер 17:26, 27; 1 Жакан 4:7—11, 20, 21).

Сүйүү — Кудайдын рухунун жемиши

Өз учурунда жааган жамгыр түшүмдүн мол болушуна өбөлгө түзгөндөй эле, Кудайдын руху жүрөгү таза адамдарга Ыйык Китепте «рухтун жемиши» деп аталган сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет (Галаттыктарга 5:22, 23). Ал «жемишке» кирген эң негизги сапаттардын бири — сүйүү (1 Корунттуктарга 13:13). Кудайдын рухун кантип ала алабыз? Эң маанилүү жолдордун бири — тиленүү. Эгерде Кудайга ыйык рух сурап тиленсек, ал сөзсүз берет (Лука 11:9—13). Ыйык рухту ар дайым сурайсыңарбы? Анда өзүнө сүйүүнү камтыган рухтун баалуу жемиши жашооңордо улам барган сайын даана көрүнө бериши керек.

Бирок Кудайдын рухуна каршы иш-аракет кылган дагы бир рух бар. Ыйык Китеп аны «дүйнөнүн руху» деп атайт (1 Корунттуктарга 2:12; Эфестиктерге 2:2). Ал жаман таасир тийгизет. Анын булагы — «бул дүйнөнүн», Кудайдан алыстаган адамдардын, «төрөсү» болгон Шайтан Ибилис (Жакан 12:31). Чаң ызгытып, таштандыларды абага сапырган шамалдай, «бул дүйнөнүн руху» адамдагы зыяндуу кумарларды козгойт. Андай кумарлар сүйүүнү өчүрүп, күнөөкөр табияттын иштерин жасоого түртөт (Галаттыктарга 5:19—21).

Адамдар материалисттик, өзүмчүлдүк ой-жүгүртүүнүн, зомбулуктун таасир этишине жол беришкенде, ошондой эле сүйүүгө карата бузулган (азыркы кезде кеңири таралган) көзкараштарды кабыл алышканда, жүрөктөрүнө ушул зыяндуу рухтун уялашына жол беришет. Эгер чыныгы сүйүүнү өрчүтүүнү кааласаңар, бул дүйнөнүн рухуна чечкиндүүлүк менен каршы турушуңар керек (Жакып 4:7). Бирок өз күчүңөргө таянбагыла; Жахабага жардам сурап кайрылгыла. Анын ыйык руху, ааламдагы эң зор күч, силерди коргойт жана жеңишке жетүүгө жардам берет (Забур 120:2).

Бүткүл дүйнөлүк боордоштуктан сүйүүгө үйрөнгүлө

Балдар сүйүү көрсөтүүгө үйүндө үйрөнүшкөндөй эле, биз да жаш-кары дебей баарыбыз ишенимдештерибиз менен карым-катнашта болуп сүйүүгө үйрөнө алабыз (Жакан 13:34, 35). Чынында эле, жыйналыштын негизги функцияларынын бири — адамдар арасында «бири-бирине көңүл бөлгөн, бири-бирин сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөгөн» чөйрөнү жаратуу (Эврейлерге 10:24).

Мындай сүйүүнү, айрыкча, азыркы сүйүү муздаган дүйнөдө «жүдөп, мүңкүрөп калышкан» адамдар жогору баалашат (Матай 9:36). Көптөгөн адамдарга жетилген курагында көрсөтүлгөн жылуу, достук мамилелер сүйүүсүз өткөн балалыгынын кесепеттерин жеңүүгө жардам берерин тажрыйба көрсөтүүдө. Ошондуктан Кудайга арналган Ыйсанын жолдоочуларынын баары алардын катарына жаңы кошулгандарды кучак жайып тосуп алуусу кандай маанилүү!

«Сүйүү түбөлүк жашайт»

Ыйык Китепте «сүйүүнүн түбөлүк жашары» айтылат (1 Корунттуктарга 13:8). Кандайча? Элчи Пабыл мындай дейт: «Сүйүү чыдамдуу, боорукер, сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, текеберденбейт, адепсиздик кылбайт, өз пайдасын көздөбөйт, ачууланбайт, кек сактабайт» (1 Корунттуктарга 13:4, 5). Мындай сүйүүнүн иш жүзүнө ашпай турган түшүнүк же үстүртөн көрсөтүлчү сезим эмес экени айкын көрүнүп турат. Тескерисинче, аны көрсөткөндөр жашоодо көңүл кайттылык, азап-кайгы көп болорун билишет, бирок ошол кыйынчылыктардын алардын жакындарына болгон сүйүүсүн өчүрүшүнө жол беришпейт. Мындай сүйүү, чындыгында эле, «биримдиктин жеткилең түйүнү» (Колостуктарга 3:12—14, ЖД).

Ыйсаны жолдогон 17 жаштагы кореялык бир кыздын мисалын карап көрөлү. Анын Жахаба Кудайга кызмат кыла баштаганын үй-бүлөсү жактырбагандыктан, ал башка жакка көчүүгө аргасыз болот. Бирок ачуулангандын ордуна ал иштин жөн-жайын айтып Кудайга тиленген жана анын Сөзү менен ыйык рухуна өзүнүн ой жүгүртүүсүн калыптоого жол берген. Анан ал үй-бүлөсүнө тез-тез кат жазып турган. Анын каттарынан үй-бүлөсүн чындап жакшы көрөрү байкалчу. Натыйжада, эки байкеси Ыйык Китепти изилдей баштаган. Азыр алар — Кудайга арналган Ыйсанын жолдоочулары. Кийин апасы менен иниси да ыйык китептик чындыкты кабыл алышат. Акыр аягында, ага катуу каршылык көрсөткөн атасынын да ой-пикири таптакыр өзгөргөн. Ал жаш Күбө мындай деп жазган: «Баарыбыздын өмүрлүк жарларыбыз — Кудайга арналган Ыйсанын жолдоочулары. Азыркы учурда бүт үй-бүлөбүз, 23 киши, Кудайга биримдикте сыйынуудабыз». Сүйүү кандай чоң бата алып келген!

Силер да чыныгы сүйүүнү өрчүтүп, башкаларга ушул жагынан жардам берүүнү каалайсыңарбы? Анда ошол баалуу сапаттын Булагы болгон Жахабага кайрылгыла. Анын Сөзүн жүрөгүңөргө түйүп, ага ыйык рухун сурап кайрылып, Ыйсаны жолдогон биртуугандар менен дайыма карым-катнашта болгула (Ышайа 11:9; Матай 5:5). Жакында кудайдан безген адамдардын баары жок кылынып, чыныгы сүйүүнү көрсөткөн адамдар гана кала турганын билүү кандай кубанычтуу! Сүйүү — чын эле бакыт менен өмүрдүн ачкычы (Забур 36:10, 11; 1 Жакан 3:14).

[4-беттеги сүрөт]

Тиленүү жана Кудай Сөзүн изилдөө чыныгы сүйүүнү өрчүтүүгө жардам берет.