Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бири-бирибизге чынында эле муктажбызбы?

Бири-бирибизге чынында эле муктажбызбы?

Бири-бирибизге чынында эле муктажбызбы?

БЕЛГИЛҮҮ окумуштуу Альберт Эйнштейн: «Жашообуз менен умтулууларыбыз тууралуу ойлонуп көрө турган болсок, каалоолорубуз менен кылып жаткан иш-аракеттерибиздин дээрлик бардыгы башка адамдар менен байланыштуу экенин байкайбыз»,— деп айткан. Ал: «Биз башкалар өндүрүп-чыгарган тамакты жеп, башкалар тиккен кийимди кийип жана башкалар курган үйлөрдө жашайбыз. [...] Адам өзү менен өзү эле эмес, а анын бешиктен көргө чейинки материалдык жана рухий жашоосуна багыт берип турган көп мүчөлүү адамзат коомунун мүчөсү болгондо гана адам боло алат»,— деп кошумчалаган.

Жаныбарлар дүйнөсүндө көп учурда инстинкт менен жетектелген коллективизм байкалат. Пилдер балдарын камкордук менен кайтарып үйүр-тобу менен жашашат. Арстандардын ургаачылары чогуу аңчылык кылып, тамагын эркектери менен бөлүшүп жешет. Дельфиндер бирге ойношот, ал гана эмес, башка жаныбарларга же сүзүп жүрүп кырсыкка кабылган адамдарга жардам беришет.

Бирок социологдор адамзат коомунда тынчсыздандырууну туудурган бир көрүнүштү байкай башташты. Мексикада чыккан гезитке ылайык, кээ бир социологдор «адамдардын ондогон жылдардан бери бири-биринен оолакташы жана коомдук жашоонун начарлашы Американын коомуна терс таасирин тийгизди» деп эсептешет. Ал гезитте: «Элдин жыргалчылыгы коомдук жашоого кайтууну камтыган кеңири масштабдуу социалдык өзгөрүүдөн көзкаранды»,— деп да айтылган.

Элден оолактоо көйгөйү өнүккөн өлкөлөрдө өзгөчө таралган. Адамдардын башкалардан бөлүнүүгө, коомайланууга кылган аракети тез өсүүдө. Алар «өз жашоосу» менен гана жашоону каалашат жана башкалардын «алардын мейкиндигине кирүүсүнө» чечкиндүүлүк менен каршылык көрсөтүшөт. Ушундан улам эмоциялык жактан кыйналып, депрессияга чалдыккандар жана өзүн-өзү өлтүргөндөр көбөйдү деген да ойлор айтылган.

Ушуга байланыштуу д-р Дэниел Гоулмен: «Социалдык оолактоо, башкача айтканда, адамдын сырдашууга же тыгыз мамилелешүүгө эч кимиси жок абалы анын ооруга чалдыгуу же өлүмгө дуушар болуу ыктымалдыгын эки эсе көбөйтөт»,— деген. «Сайенс» журналында элден оолактоо «чылым чегүү, кан басымынын жогорулоосу, семирүү жана кыймыл-аракеттин жетишсиздиги, холестериндин деңгээлинин жогорулоосу сыяктуу эле өлүмгө себепкер болот» деген корутунду жасалат.

Ошентип, ар кандай себептерден улам адамдар бири-бирине чынында эле муктаж. Башкалардан толук көзкаранды болбой жашай албайбыз. Элден оолактоо көйгөйүн кантип чечүүгө болот? Көптөрдүн жашоосун эмне чындап маңыздуу кылууда? Ушул суроолор эмки макалада талкууланат.

[3-беттеги кыстырма]

«Каалоолорубуз менен кылып жаткан иш-аракеттерибиздин дээрлик бардыгы башка адамдар менен байланыштуу» (Альберт Эйнштейн).