Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын күнү жакындаганын эске алып адамдарга кандай карашыбыз керек?

Жахабанын күнү жакындаганын эске алып адамдарга кандай карашыбыз керек?

Жахабанын күнү жакындаганын эске алып адамдарга кандай карашыбыз керек?

«Теңир Өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы Өзүнөн кечирим алыш үчүн, бизге көпкө чыдайт» (2 Петир 3:9).

1, 2. а) Жахаба адамдарга кандай карайт? б) Өзүбүзгө кандай суроолорду берсек болот?

ЖАХАБАНЫН кызматчыларына «бардык элдерден шакирт кылуу» тапшырмасы берилген (Матай 28:19). Бул тапшырманы аткарууда жана «Теңирдин улуу күнүн» күтүүдө биз адамдарга Жахабанын көзү менен кароого тийишпиз (Сепания 1:14). Жахаба адамдарга кандай карайт? Элчи Петир: «„Кечигип жатат“,— деп, кээ бирөөлөр ойлошсо да, Теңир Өзүнүн убадасын кечиктирбей аткарат. Бирок Ал эч кимдин өлүшүн каалабагандыктан, бардыгы Өзүнөн кечирим алыш үчүн, бизге көпкө чыдайт»,— дейт (2 Петир 3:9). Кудай адамдардын өкүнүп Ага кайрыларына үмүт кылат. «Ал бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт» (1 Тиметейге 2:4). Кала берсе, Жахаба «күнөөкөрдүн өз жолунан бурулуп, тирүү калганына» кубанат! (Жезекиел 33:11).

2 Биз да адамдарга Жахаба карагандай карайбызбы? Ага окшоп, расасы же улуту башка адамдарды «Анын жайытындагы [болочок] койлору» катары көрөбүзбү? (Забур 99:3; Элчилер 10:34, 35). Келгиле, Кудайдын көзкарашына ээ болуунун маанилүүлүгү көрсөтүлгөн эки мисалды карап чыгалы. Экөөндө тең шаарлардын кыйроосу чукул турган жана ал жөнүндө Жахабанын кызматчыларына алдын ала билдирилген. Бул мисалдар Жахабанын улуу күнүн күтүп жаткан азыркы убакта биз үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Ыбрайым Жахабаныкындай көзкарашка ээ болгон

3. Жахаба Содом менен Амордун тургундарына кандай караган?

3 Биринчи мисалда байыркы ишенимдүү аксакал Ыбрайым жана мыйзамсыз Содом, Амор шаарлары жөнүндө сөз жүрөт. Жахаба адамдардын «Содом менен Амордун айынан тарткан ыйын» укканда, ал шаарларды тургундары менен кошо ошол замат кыйратып салган эмес. Адегенде иликтөө жүргүзгөн (Башталыш 18:20, 21). Содомго жөнөтүлгөн эки периште Лот аттуу адил адамдын үйүнө токтошкон. Ошол эле түнү «жаш-карысы дебей, шаардын бардык тегерек-четинен келген эл [эркектер] үйдү тегеректеп алышкан» — алар периштелер менен гомосексуалдык катнашта болууну каалашкан эле. Арийне, шаар тургундарынын адеп-ахлагынын мындай пастыгы шаардын кыйратылууга татыктуу экенин далилдеген. Бирок периштелер Лотко: «Бул жерде дагы кимиң бар? Күйөө балаң болобу, уулдарың болобу, кыздарың болобу, шаарда кимиң болбосун, бардыгын бул жерден алып чык»,— деп айтышкан. Жахаба ал шаардын кээ бир тургундарынын куткарылышына жол ачкан, бирок акыры эки кызы менен Лот гана аман калган (Башталыш 19:4, 5, 12, 16, 23—26).

4, 5. Эмне себептен Ыбрайым Жахабага Содомдун тургундары үчүн жалынган жана ал адамдарга Жахабадай караганбы?

4 Эми Жахаба Содом менен Амор шаарларын текшерерин билдирген убакка кайрылалы. Ыбрайым Жахабанын бул ниети жөнүндө укканда, ага мындай деп жалынган: «Балким, бул шаарда элүү адил адам бардыр? Кантип эле Сен ал жердеги элүү адил адам үчүн аларды кечирим кылбай жок кыласың? Ыймансызга эмне болсо, адилге да ошо болсун деп, ыймансызды адил менен бирге жок кылып коюу Сага мүмкүн эмес, Сенде мындай болушу мүмкүн эмес! Бүткүл жер жүзүнүн Соту туура эмес сот жүргүзмөк беле?» Ыбрайым «мүмкүн эмес» деп эки жолу айткан. Ал Жахабанын адил адамды ыймансыз менен кошо кыйратып салбаарын өз тажрыйбасынан билген. Жахаба «элүү адил адам табылса» Содомду жок кылбай турганын айтканда, Ыбрайым ал санды улам азайтып отуруп онго чейин эле жеткирген (Башталыш 18:22—33).

5 Эгерде Ыбрайымдын өтүнүчү Өзүнүн көзкарашына ылайык келбесе, Жахаба аны угат беле? Албетте, укмак эмес. Ыбрайым «Кудайдын досу» болгондуктан, ал Жахабанын көзкарашын билген жана өзү да ошондой көзкарашка ээ болгон (Жакып 2:23). Жахаба Содом менен Аморго назар салганда, Ыбрайымдын өтүнүчүн эске алууга макул болгон. Эмне үчүн? Анткени асмандагы Атабыз «эч кимдин өлүшүн каалабайт», тескерисинче, «бардыгынын Өзүнөн кечирим алышын» каалайт.

Жунус адамдарга карата такыр башка көзкарашта болгон

6. Нинебиликтер Жунустун кабарын кандай кабыл алышкан?

6 Эми Жунуска байланышы бар экинчи мисалга токтололу. Бул жолу Нинеби шаарын кыйратууга өкүм чыгарылган. Жахаба Жунус пайгамбарга шаардын «кыянат иштери Ага жеткенин» жарыялоону табыштаган (Жунус 1:2). Тегерек-четин кошо алганда, Нинеби чоң шаар болчу: «башынан аягына чейин жөө басканда үч күндүк жол эле». Жунус акыр-түбү Кудайга тил алып, Нинебиге келген да: «Кырк күндөн кийин Нинеби талкаланат»,— деп жар салып жүргөн. Ошондо «нинебиликтер Кудайга ишенип калышкан, орозо жарыялашкан, кичинесинен чоңуна чейин зумбал кийишкен». Кала берсе, Нинебинин падышасы да тобо кылып өкүнгөн (Жунус 3:1—6).

7. Жахаба нинебиликтердин өкүнгөнүнө кандай караган?

7 Содомдуктардын мамилесине салыштырмалуу бул такыр башка болгон! Жахаба өкүнгөн нинебиликтерге кандай караган? Жунус 3:10до: «Кудай... аларга алаамат түшүрөм деп айткан сөзүнө өкүнүп, алаамат түшүргөн жок»,— деп айтылат. Жахаба кандай мааниде «өкүнгөн»? Нинебиликтер оң жолго түшүшкөндүктөн, Жахаба өзүнүн аларга болгон мамилесин өзгөрткөн. Кудайдын нормалары өзгөртүлгөн эмес, болгону Жахаба нинебиликтердин өкүнгөнүн көрүп, өз чечимин өзгөрткөн (Малахия 3:6).

8. Жунустун көңүлү эмне үчүн чөккөн?

8 Жунус Нинебинин талкаланбай турганын билгенде жагдайга Жахабаныкындай көзкараш менен караганбы? Жок, анткени андан ары: «Жунус буга абдан капа болуп, аябай туталанды»,— деп айтылат. Жунус мындан тышкары дагы эмне кылган? Билдирүүдө: «Ал Теңирге сыйынып, мындай деди: О, Теңир! Мен өз өлкөмдө экенде эле ушундай болот деп айтпадым беле? Ошон үчүн мен Таршышка качып кеткем, анткени Сенин мээримдүү, боорукер, абдан чыдамдуу, абдан ырайымдуу Кудай экениңди жана алаамат үчүн өкүнөрүңдү билчүмүн»,— деп айтылат (Жунус 4:1, 2). Жунус Жахабанын сапаттарын билген. Бирок ошол учурда ал ызасынын айынан Кудайдын өкүнгөн нинебиликтерге болгон көзкарашына кошулган эмес.

9, 10. а) Жахаба Жунуска кандай сабак берген? б) Жунус акырында Жахабанын нинебиликтерге карата көзкарашын жактаган деп эмне үчүн айта алабыз?

9 Анан Жунус Нинебиден чыгып, алачык жасап, «шаар эмне болорун көрүш үчүн» алачыктын алдында көлөкөдө отуруп алат. Жахаба Жунуска көлөкө болуш үчүн өсүмдүк өстүрөт. Бирок ал эртеси куурап калат. Жунус буга ачууланып чыкканда, Жахаба: «Сен... өсүмдүк үчүн өкүнүп жатасың. Анан Мен кантип Нинебини, оң колун сол колунан ажырата албаган жүз жыйырма миңден ашык адамы, көп сандаган малы бар чоң шаарды аябайын?» — деген (Жунус 4:5—11). Жахаба адамдарга кандай караарына байланыштуу Жунуска кандай сонун сабак берген!

10 Кудай Нинебинин элин аяганын айтканда, Жунустун кандай жооп кылганы тууралуу Ыйык Китепте айтылбайт. Ошентсе да пайгамбардын өкүнгөн нинебиликтерге карата өз көзкарашын өзгөрткөнү анык. Мындай корутундуга биз Жахабанын Жунусту бул билдирүүнү жазууга шыктандырганынан улам келе алабыз.

Силер кимдин көзкарашына ээсиңер?

11. Азыркы убактагы адамдарга Ыбрайым кандай карамак?

11 Бүгүн биз башка кыйроонун алдында турабыз: Жахабанын улуу күнүндө ушул каардуу дүйнө жок кылынат (Лука 17:26—30; Галаттыктарга 1:4; 2 Петир 3:10). Ыбрайым азыр тирүү болсо, жакында талкалана турган бул дүйнөнүн адамдарына кандай карамак? Албетте, ал «Падышачылык жөнүндөгү Жакшы Кабарды» уга элек адамдар үчүн тынчсызданмак (Матай 24:14). Ыбрайым Содомдогу, болжолу, адил адамдар үчүн суранып, Кудайга кайра-кайра жалбарган. Өкүнүүгө жана Кудайга кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берилсе, Шайтандын бийлиги астындагы бул дүйнөнүн жолдорунан баш тартышы мүмкүн болгон адамдар үчүн биз да жекече тынчсызданабызбы? (1 Жакан 5:19; Аян 18:2—4).

12. Кабар айтууда кандайча адамдарга тез эле Жунус сыяктуу карап калышыбыз мүмкүн жана андай учурда эмне кылсак болот?

12 Мыйзамсыздыктын жоюлушун чыдамсыздык менен күткөнүбүз орундуу дечи (Хабакук 1:2, 3). Бирок өкүнүшү мүмкүн болгон адамдарды ойлобой, Жунустукундай көзкарашты өстүрүп алуу тез эле. Айрыкча, Падышалык тууралуу кабарды таратууда кошкөңүл, каршылык көрсөткөн же атүгүл албуут адамдарды жолуктурганыбызда ошентишибиз мүмкүн. Биз Жахабанын бул каардуу түзүлүштөн башка дагы адамдарды алып чыгарын элес албай калышыбыз ыктымал (Римдиктерге 2:4). Өз көзкарашыбызды жакшылап текшерүүдө Жунустун нинебиликтерге болгон баштапкы көзкарашы бизде да аз-маз бар экенин сезсек, анда Жахабадан көзкарашыбызды Аныкына ылайык келтирүүгө жардам беришин сурасак болот.

13. Жахаба бүгүн да адамдардын камын ойлойт деп эмне үчүн айта алабыз?

13 Жахаба али ага кызмат кылбаган адамдардын камын ойлойт жана өз кызматчыларынын өтүнүчтөрүн угат (Матай 10:11). Мисалы, алардын тиленүүсүнө жооп кылып, «ал аларга адилеттүүлүктү орнотууга шашат» (Лука 18:7, 8, ЖД). Андан тышкары, Жахаба өзү туура көргөн убакта бардык убадаларын жана ой-ниеттерин аткарат (Хабакук 2:3). Кийин Нинебинин тургундары мыйзамсыздыкка берилип кеткенде, Кудай ал шаарды кыйратып жок кылгандай эле, жакында жердеги бардык жамандыктарды жоёт (Накум 3:5—7).

14. Жахабанын улуу күнүн күтүүдө эмне менен алек болушубуз керек?

14 Азыркы каардуу түзүлүш Жахабанын улуу күнүндө жок болгонго чейин, ал күндү чыдамдуулук менен күтүп, дайыма Кудайдын эркин аткаруу менен алек болобузбу? Биз Жахабанын күнү келгенге чейин кабар айтуу иши канчалык кеңири жүргүзүлөрүн билбейбиз, бирок бизге Падышалык тууралуу жакшы кабардын эл жашаган жердин баарына Кудай ылайык көргөндөй таратылары белгилүү. Ошондуктан Жахаба өзүнүн үйүн даңкка толтуруп жатканда, ага али да келе турган «бардык элдердин асылдарынын» камын ойлошубуз керек (Акай 2:7, МАК).

Көзкарашыбыз иш-аракетибизден айгинеленет

15. Кабар айтуу ишинин зарылдыгын сезүүгө бизге эмне жардам берет?

15 Балким, биз жашаган жерде адамдар кабарды жакшы угушпайт, ал эми Падышалыктын жарчыларына көбүрөөк муктаждык болгон жерге көчүп барууга шартыбыз жоктур. Эми өз аймагыбыздан бул түзүлүштүн акырына чейин он адамды табууга болот деп коёлу. Ошол он адам биздин издешибизге татыктуу деп эсептейбизби? Ыйса элге «боору ооруган», «анткени алар койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калышкан эле» (Матай 9:36). Ыйык Китепти изилдеп жана «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарындагы макалаларды кунт коюп окуп, дүйнөнүн азыр кандай абалда турганын дагы да жакшыраак түшүнө алабыз. Бул болсо бизге жакшы кабарды таратуунун зарылдыгын ого бетер сезүүгө жардам берет. Андан тышкары, «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берилип жаткан ыйык китептик адабияттарды ыраазычылык менен колдонуп, биз тез-тез иштетилип турган аймакта өзүбүздү ишенимдүүрөөк сезе алабыз (Матай 24:45—47; 2 Тиметейге 3:14—17).

16. Кызматыбыздын натыйжалуулугун кантип жогорулатсак болот?

16 Ыйык Китептин өмүр куткарарлык кабарын кабыл алышы мүмкүн болгон адамдардын камын ойлоп, биз үй ээлерине ар кайсы маалда, ар кандай ыкмаларды колдонуп кабар айтабыз. Силер келгенде көптөр үйүндө жок болуп калабы? Анда кызматыңардын натыйжалуулугун башка маалда жана башка жерде кабар айтуу менен жогорулата алаттырсыңар. Балыкчылар ууга балык түшө турган убакта барышат. Рухий мааниде балык уулоодо биз да ошо сыяктуу иш-аракет кыла алабызбы? (Марк 1:16—18). Кечинде жана мыйзам жол берген жерлерде телефон аркылуу кабар айтып көрүүгө эмне үчүн болбосун? Кээ бирөөлөр автоунаа коюлуучу жайларды, жүк ташуучу машиналар токтоочу жерлерди, май куюучу жайларды жана дүкөндөрдү «балык уулоого» ыңгайлуу деп эсептешет. Ошондой эле адамдарга Ыбрайымдыкындай көзкараш менен караарыбыз мүмкүнчүлүк боло калганда расмий эмес күбөлөндүрүү бергенибизден да көрүнөт.

17. Чет өлкөлөрдө кызмат кылып жаткан миссионерлерди жана башкаларды кантип бекемдесек болот?

17 Падышалык жөнүндөгү кабарды дагы миллиондогон адамдар уга элек. Андай адамдардын камын, кабар айтуудан тышкары, үйүбүздөн да ойлой алабызбы? Чет өлкөдө миссионер болуп же толук убакытта кызмат кылган тааныштарыбыз барбы? Анда аларга иши үчүн ыраазычылык билдирип кат жазсак жакшы болот. Кандайча бул жалпы адамдардын камын ойлогонубузду көрсөтөт? Миссионерлерди бекемдеп, мактап жазган каттарыбыз аларга күч-кубат бере алат, ошонун аркасында алар кызматын улантып, көп адамдарга чындыкты таанууга жардам бере алышат (Башкаруучулар 11:40). Ошондой эле миссионерлер үчүн жана башка өлкөлөрдө чындыкка суусап жаткандар үчүн тиленсек болот (Эфестиктерге 6:18—20). Адамдардын камын ойлоорубузду Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк ишине акчалай тартуу кылуу менен да көрсөтүүгө болот (2 Корунттуктарга 8:13, 14; 9:6, 7).

Башка жерге көчүп бара алат белең?

18. Падышалыктын иши өздөрүнүн өлкөсүндө илгерилеши үчүн, Ыйсанын айрым жолдоочулары эмне кылышууда?

18 Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк болгон жерлерге көчүп баргандар өздөрүнүн жанаябастык руху үчүн бата алышат. Башка Күбөлөр болсо өз мекенинде эле калып, чет өлкөдөн келгендерге рухий жардам көрсөтүү үчүн чет тилин үйрөнүшүүдө. Мындай аракеттер жемишсиз калбайт. Мисалы, Техас штатындагы бир шаарда (АКШ) кытай улутундагы адамдарга кабар айтып жүргөн жети Күбө 2001-жылы Эскерүү кечесине 114 кызыгуучунун келгенине кубанышкан. Мындай топторго жардам берип келаткандар өз «талааларынын» түшүм жыйнаганга даяр экенин көрүшүүдө (Матай 9:37, 38).

19. Падышалык тууралуу кабар айтуу ишин алга жылдыруу үчүн чет өлкөгө көчүп барууну ойлонуштуруп жаткандардын эмне кылганы жөндүү?

19 Балким, силердин үй-бүлөңөр Падышалыктын жарчыларына муктаждык көбүрөөк болгон жерге көчүп бара алабыз деп эсептейттирсиңер. Албетте, «адегенде отуруп алып... чыгымды эсептеп чыгуу» акылмандыкка жатат (Лука 14:28). Айрыкча, чет өлкөгө көчүп барууну ойлонуштуруп жаткан адам баарын эсепке алганы абзел. Мындай мүмкүнчүлүк тууралуу ойлонуп жаткандардын баары өздөрүнө: «Ал жактан үй-бүлөмдү каражат менен камсыз кыла аламбы? Тийиштүү виза ала аламбы? Ал өлкөнүн тилин билемби же аны үйрөнүүгө каалоом барбы? Өлкөнүн климатын жана маданиятын эске алдымбы? Ал жердеги ишенимдештериме жүк болбой, „өбөк“ боло аламбы?» — деген суроолорду берип көргөнү дурус (Колостуктарга 4:10, 11). Силер көчүп барууну ойлонуштуруп жаткан өлкөдө муктаждык канчалык чоң экенин билүү үчүн, ал жердеги кабар айтуу ишин көзөмөлдөп жаткан Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына кат жазуу дайыма орундуу *.

20. Кандайча бир жаш ишенимдешибиз өзүнүн мүмкүнчүлүгүн чет өлкөдөгү ишенимдештеринин жана башкалардын кызыкчылыгы үчүн колдонгон?

20 Жапонияда Падышалык залдарын курууга катышып жүргөн бир ишенимдешибиз Парагвайда сыйынуу жайын курууга тажрыйбалуу жумушчулар керек экенин угуп, бойдок жана демдүү-күчтүү болгондуктан, ошол өлкөгө көчүп барган да, ал долбоорду ишке ашырууга катышкандардын арасында жалгыз толук убакыттагы кызматчы болуп сегиз ай иштеген. Ал жерден испан тилин үйрөнүп, ыйык китептик изилдөөлөрдү өткөрүп жүргөн. Ошентип, ал өлкөдө Падышалыктын жарчыларына муктаждык бар экенин көрө алган. Ал Жапонияга кайтып келсе да, көп өтпөй кайра Парагвайга кайтып барып, эми адамдарды ошол Падышалык залына чакыра баштаган.

21. Жахабанын улуу күнүн күтүүдө, негизинен, эмне менен алек болушубуз керек жана кандай көзкарашка ээ болууга тийишпиз?

21 Кудай кабар айтуу ишинин толук жана өзүнүн эркине ылайык аткарылышына кам көрөт. Бүгүн ал рухий мааниде акыркы түшүмдүн жыйналып бүтүшүн тездетип жатат (Ышайа 60:22). Ошондуктан Жахабанын күнүн күтүү менен бирге, келгиле, оруу-жыюу ишине ынталуу катышалы да, адамдарга мээримдүү Кудайыбыздын көзкарашы менен карай билели.

[Шилтемелер]

^ 19-абз. Кабар айтуу ишине тыюу салынган же чектөө коюлган өлкөгө көчүп баруу дайыма эле пайдалуу боло бербейт. Тескерисинче, кээде ошондой шарттарда этияттык менен кызмат кылып жүргөн Падышалыктын жарчыларына залал келтириши да ыктымал.

Эсиңердеби?

• Жахабанын күнүн күтүүдө адамдарга кандай карашыбыз керек?

• Содомдо бар болушу мүмкүн болгон адил адамдарга Ыбрайым кандай караган?

• Жунус Нинебинин өкүнгөн адамдарына кандай караган?

• Жакшы кабарды али уга элек адамдарга Жахабаныкындай көзкараш менен карай турганыбызды кантип көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[14-беттеги сүрөт]

Ыбрайым адамдарга Жахабадай караган.

[15-беттеги сүрөт]

Жунус өкүнгөн нинебиликтерге Жахабадай карап калган.

[16-беттеги беттеги сүрөт]

Адамдардын камын ойлоп, ар кайсы маалда, ар кандай жолдор менен кабар айтабыз.