Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба — чындыктын Кудайы

Жахаба — чындыктын Кудайы

Жахаба — чындыктын Кудайы

«Теңир, чындыктын Кудайы, Сен мени куткардың» (Забур 30:6).

1. Жалгандык такыр болбогон убакта асман менен жерде кандай абал өкүм сүргөн?

КАЧАНДЫР бир убакта Ааламда жалгандык такыр болгон эмес. Асманда жеткилең рухий жаратуулар өздөрүнүн Жаратканына, «чындыктын Кудайына», кызмат кылып жашашкан (Забур 30:6). Алдоо, митаамдык кылуу деген болгон эмес. Жахаба рухий уулдарына туура-так маалымат берип турган. Анткени аларды сүйгөн жана алардын жыргалчылыгына абдан кызыкдар болгон. Жерде да ошондой абал өкүм сүргөн. Жахаба биринчи эркек менен аялды жараткан соң, өзүнүн каналы аркылуу алар менен дайыма ачык-айкын, түз жана чынчылдык менен пикирлешип турган. Алардын ортосунда кандай сонун пикирлешүү болгон!

2. Жалгандыкты ким жараткан жана кандай максат менен?

2 Бирок кийинчерээк Жахабага рухий уулдарынын бири каршы чыгып, уятсыздык менен өзүн кудай кылып көрсөткүсү келген. Шайтан Ибилис деген ат менен белгилүү болуп калган бул рухий жаратуу башкалардын ага табынышын каалаган. Бул максатка жетүү үчүн, ал жалгандыкты жаратып, аны башкаларды өзүнө баш ийдирүүнүн куралы катары колдонгон. Ошентип, ал «жалганчы жана жалгандын атасы» болуп калган (Жакан 8:44).

3. Адам менен Обо Шайтандын жалган сөздөрүн кандай кабыл алышкан жана бул эмнеге алып келген?

3 Шайтан жылан аркылуу биринчи аялга, Обого, кайрылып, Кудайдын буйругун капарга албай тыюу салынган жемиштен жесе өлбөй турганын айткан. Бул жалган болчу. Ал андан ары Обого ошол жемиштен ооз тийгенде жакшылык менен жамандыкты билип, Кудайдай болуп каларын айткан. Бул да жалган эле. Мурун эч качан алданган эмес болсо да, Обо жыландан уккандары Кудайдын күйөөсүнө, Адам атага, айткандарына дал келбесин айырмалап билиши керек болчу. Ошого карабастан, ал Жахабага эмес, Шайтанга ишенип кеткен. Натыйжада алданып, жемиштен үзүп жеген. Андан кийин Адам да жеген (Башталыш 3:1—6). Обо сыяктуу эле, Адам ата эч качан жалган сөз уккан эмес болчу, бирок бул учурда да аны эч ким алдаган эмес (1 Тиметейге 2:14). Жаратканын четке кагып койгонун ал өзүнүн иш-аракеттери менен көрсөткөн. Мунун кесепети бүт адамзатка тийген. Адам атанын тилалбастыгынын айынан анын бардык тукумуна күнөө менен өлүм өткөн, ошондой эле ыйман бузулуп, толгон-токой кайгы-касиреттер пайда болгон (Римдиктерге 5:12).

4. а) Эйденде айтылган калп сөздөрдүн төркүнү эмнеде эле? б) Шайтанга азгырылып кетпеш үчүн эмне кылышыбыз керек?

4 Биринчи адамдардан бизге жалгандык да өткөн. Шайтан Эйден багында айткан калп сөздөрү менен, чынында, түздөн-түз Жахабанын чынчылдыгына шек келтирген болчу. Анын ырастоосу боюнча, Кудай биринчи жубайларды алдап, алардан кандайдыр бир жакшы нерсени жашырып жаткандай болгон. Албетте, бул жалган эле. Адам менен Обого өздөрүнүн тилалбастыгы пайда алып келген эмес. Жахаба айткандай эле, алар өлүшкөн. Бирок Шайтан Жахабага жалаа жапканын токтоткон эмес: бир канча кылымдан кийин Кудайдын шыктандыруусу менен элчи Жакан Шайтандын «бүткүл ааламды азгырып жатканын» жазган (Аян 12:9). Шайтан Ибилиске азгырылып кетпеш үчүн, биз Жахабанын чынчылдыгына жана анын Сөзүнө толук ишенишибиз керек. Жахабага болгон ишенимибизди кантип бекемдесек болот жана анын душманынын жалган-жалааларынан кантип коргоно алабыз?

Жахаба чындыкты билет

5, 6. а) Жахаба кандай билимге ээ? б) Адамдардын билимин Жахабаныкы менен салыштырып болобу?

5 Ыйык Китепте көп эле айтылгандай, Жахаба «бардык нерсени жараткан» (Эфестиктерге 3:10). Ал «асманды, жерди, деңизди жана алардын ичинде эмне болсо, ошонун баарын жараткан» (Элчилер 4:24). Жахаба Жараткан болгондуктан бардык нерселер жөнүндө чындыкты билет. Мисалы, үйүнүн долбоорун түзүп, аны башынан аягына чейин өзү курган адам ал үйдү башкаларга караганда кыйла жакшы билет. Адамдар өздөрү ойлоп таап, өздөрү жасаган нерселерди беш колдой билишкендей эле, Жараткан өзүнүн жаратууларынын баарын эң сонун билет.

6 Ышайа пайгамбар Жахабанын билими канчалык кеңири экенин көркөм сүрөттөө үчүн төмөнкүдөй суроолорду колдонгон: «Ким сууну кочуштап өлчөдү? Ким асманды кадамдап ченеди? Ким жер топурагын идишке батырды? Ким тоолорду таразага тартты? Ким адырларды чөйчөккө салып, таразага тартты? Ким Теңирдин рухун түшүндү? Ким Ага кеңешчи болду? Ким Ага акыл үйрөттү? Ал ким менен кеңешет? Аны ким акылга салат? Ким Аны чындыктын жолуна салып, акыл-насаат айтат? Ким Ага билим үйрөтөт? Ким Ага акылмандыктын жолун көрсөтөт?» (Ышайа 40:12—14). Ооба, Жахаба — «баарын билген Теңир» жана анын «билими жеткилең» (1 Шемуел 2:3; Аюб 36:4; 37:16). Жахабаныкына салыштырмалуу биздин билимибиз аябай эле тайкы! Адам канчалык көп билим албасын, анын материалдык жаратуулар жөнүндөгү түшүнүгү «[Кудайдын] жолдорунун бир бөлүгүнө» да тең келбейт. Адамдын түшүнүгү Кудайдын «кудуретинин күркүрөгүнө» салыштырмалуу «шыбыр» сыяктуу (Аюб 26:14, МАК).

7. Дөөт Жахабанын билими жөнүндө эмне деген жана биз эмнени таанышыбыз керек?

7 Жахаба Жаратуучубуз болгон соң, албетте, бизди жакшы билет. Муну баамдаган Дөөт падыша: «Теңир! Сен мени сынадың, баарын билесиң. Сен менин отурганымды да, турганымды да билесиң. Сен менин оюмдагыларды алыстан эле билесиң. Мен басып бара жатсам да, Сен мени курчап турасың. Сага менин бардык жолдорум белгилүү. Менин тилиме сөз келе электе эле, Сен, Теңирим, айтар сөзүмдү толугу менен билесиң»,— деп жазган (Забур 138:1—4). Дөөт адамдардын эрк боштондугуна ээ экенин, башкача айтканда, Кудай бизге өзүнө баш ийүүнү же баш ийбөөнү тандоого жол бергенин билгени шексиз (Мыйзам 30:19, 20; Жашыя 24:15). Бирок Жахаба бизди өзүбүздөн да кыйла жакшы билет. Ал бизге жакшылык гана каалайт жана эң туура багыт берүүгө жөндөмдүү (Жеремия 10:23). Бизди чындыкка үйрөтүүгө, даанышман жана бактылуу кылууга Жахабадай кудуреттүү эч ким жок: Ага эч бир окутуучу, эч бир адис же кеңешчи тең келбейт.

Жахаба чынчыл

8. Жахабанын чынчыл экенин кайдан билебиз?

8 Чындыкты билүү — башка нерсе, ал эми дайыма чындыкты сүйлөп, чынчыл болуу — такыр башка нерсе. Алсак, Ибилис «чындык боюнча жашаганды» каалаган эмес (Жакан 8:44). Ал эми Жахаба — «акыйкат Кудай» (Чыгуу 34:6). Ыйык Жазма Жахабанын чынчылдыгын ырааттуу түрдө тастыктап турат. Элчи Пабыл «Кудайдын алдашы мүмкүн эмес» экенин жана Анын «жалган сүйлөбөй» турганын айткан (Эврейлерге 6:18; Титке 1:2). Чынчылдык Кудайдын маанилүү касиет-сапаттарынын бири болуп саналат. Биз Жахабага таяна да, ишене да алабыз, анткени ал чынчыл жана өзүнүн кызматчыларын эч качан алдабайт.

9. Кандайча Жахабанын ысмы чынчылдык менен байланышкан?

9 Жахабанын ысмы да анын чынчыл экенин бышыктап турат. Кудайдын ысмы «болтурат» дегенди билдирет. Бул Жахабанын ирети менен өз убагында бардык убадаларынын Аткаруучусу боло берерин көрсөтүп турат. Буга андан башка эч ким жөндөмдүү эмес. Жахаба Баарынан Жогорку болгондуктан, анын ой-ниеттеринин ишке ашышына эч нерсе тоскоол боло албайт. Албетте, Жахаба гана чынчыл эмес, бирок ал гана айткандарынын баарын орундаткыдай күч-кубатка жана акылмандыкка ээ.

10. а) Жашыя Жахабанын чынчылдыгына кандайча күбө болгон? б) Сен Жахабанын кайсы убадаларынын аткарылышын көрүп келатасың?

10 Жахабанын чынчылдыгын айгинелеген окуяларга көп сандаган ысрайылдыктар менен бирге Жашыя да күбө болгон. Жахаба мисирликтерге алдын ала эскертүү менен он жаза жөнөткөндө, Жашыя Мисирде болчу. Башкасын айтпаганда, Жашыя Жахабанын ысрайылдыктарды Мисирдин эзүүсүнөн бошотуу жана аларды, каршылык көрсөткөн Канаандын кубаттуу аскерлерин баш ийдирип, Убадаланган жерге алып баруу жөнүндөгү убадаларын аткарганын өз көзү менен көргөн. Өмүрүнүн аяк ченинде Жашыя ысрайыл элинин аксакалдарына: «Силер жөнүндө Кудай-Теңириңер айткан бардык жакшы сөздөрдүн бири да бекер калбаганын чын жүрөгүңөр, жан-дилиңер менен билесиңер, бардыгы силер үчүн жүзөгө ашты, бир да сөз аткарылбай калган жок»,— деп айткан (Жашыя 23:14). Сен Жашыя көргөн кереметтерге күбө болбосоң да, Кудайдын убадалары сөзсүз аткарыларына бекем ишенесиңби?

Жахаба чындыкты ачып берет

11. Жахабанын адамдарга чындыкты жеткирүүнү каалаарын эмне көрсөтүп турат?

11 Билими кең болуп туруп, балдары менен сейрек сүйлөшкөн ата-энени элестетсеңер. Биз Жахабанын андай эмес экенине ыраазы эмеспизби? Сүйүүнүн Кудайы Жахаба адамдар менен пикирлешүүдө кеңпейилдик көрсөтөт. Ыйык Жазмада ал «Улуу Насаатчы» деп аталат (Ышайа 30:20, ЖД). Кудай өзүнүн туруктуу боорукердигинен улам жадагалса аны уккусу келбегендерге да кайрылат. Мисалы, ал Жезекиелди кабарды укпай турган адамдар жашаган аймакка дайындап, ага: «Адам уулу! Тур, Ысрайылга бар, аларга Менин сөздөрүм менен сүйлө»,— деп айткан. Анан: «Ысрайыл... сени уккусу келбейт, анткени алар Мени уккусу келбейт. Анткени бүт Ысрайылдын чекеси катуу, жүрөгү таш»,— деп эскерткен. Бул оор тапшырма эле, бирок Жезекиел аны ишенимдүүлүк менен аткарып, Жахабанын боорукердигин чагылдырган. Эгер сен кабар айтуу оңой эмес жерде кызмат кылып жатканыңа карабай Кудайга таянсаң, ал Жезекиел пайгамбарды бекемдегендей эле сени да бекемдээрине шектенбесең болот (Жезекиел 3:4, 7—9).

12, 13. Кудай адамдар менен кантип пикирлешип келет?

12 Жахаба «бардык адамдардын куткарылышын, чындыкты таанып билишин каалайт» (1 Тиметейге 2:4). Ал пайгамбарлары, периштелери жана сүйүктүү Уулу Ыйса Машайак аркылуу да сүйлөп келген (Эврейлерге 1:1, 2; 2:2). Ыйса Пилатка: «Мен чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем. Ким чындык тарапта болсо, ал Менин үнүмдү угат»,— деп айткан. Пилатта баа жеткис мүмкүнчүлүк бар эле: ал Жахабанын адамзатты куткарууга эмне караштырганы тууралуу чындыкты Анын Уулунун өзүнөн биле алмак. Бирок Пилат чындык тарапта эмес эле, ошондуктан Ыйсадан үйрөнгөндүн ордуна: «Чындык деген эмне?» — деп какшыктап сураган (Жакан 18:37, 38). Чындыкты четке кагуу менен ал өзүнө эле жаман кылган. Бирок Ыйса жарыялаган чындыкты көптөр угушкан. Ал өзүнүн шакирттерине: «Силер көзүңөр менен көрүп, кулагыңар менен угуп турганыңар үчүн бактылуусуңар»,— деген (Матай 13:16).

13 Жахаба чындыкты Ыйык Китепте сактап, аны бардык жердеги адамдардын билишине кам көрүп келет. Ыйык Китепте бардыгы чынчылдык менен баяндалат. Анда Кудайдын сапаттары, ой-ниеттери, буйруктары берилген, ошондой эле адамзаттын кандай абалда экени ачык көрсөтүлгөн. Ыйса Жахабага тиленип жатып: «Сенин сөзүң — чындык»,— деп айткан (Жакан 17:17). Ушундан улам Ыйык Жазма салыштырылгыс китеп болуп саналат. Анткени ал гана баарын билген Кудайдын жетеги менен жазылган (2 Тиметейге 3:16). Ал китеп — адамзатка берилген баалуу белек. Кудайдын кызматчылары аны жогору баалайт. Ыйык Жазманы күнүгө окуганыбыз даанышмандыкка жатат.

Чындыкка бекем кармангыла

14. Жахаба эмне кылууга убада берет жана ага эмне үчүн ишенишибиз керек?

14 Биз Жахабанын өз Сөзү аркылуу айткандарын олуттуу кабыл алышыбыз керек. Ал өзүн ким десе, ошол болот жана эмнени кылам десе, ошону кылат. Кудайга таянууга бизде орчундуу негиздер бар. Биз Жахабанын «Кудайды тааныбагандарды жана биздин Теңирибиз [«Эгебиз», СК] Ыйса Машайактын Жакшы Кабарына баш ийбегендерди жазалай» турганына шектенбесек болот (2 Тесалоникалыктарга 1:8). Ошондой эле анын акыйкат жолу менен жүргөндөрдү жакшы көрөрү, ишеним көрсөткөндөргө түбөлүк өмүр берери жана ооруну, өкүрүктү, атүгүл өлүмдү жок кылары жөнүндөгү сөздөрүнө кымындай да күмөн санабасак болот. Жахаба бул убаданын ишенүүгө татыктуу экенин элчи Жаканга берген көрсөтмөсү менен баса белгилеген: «Жаз, анткени бул сөздөр туура жана чындык» (Аян 21:4, 5; Накыл сөздөр 15:9; Жакан 3:36).

15. Шайтан колдонгон жалган-жалаалардын айрымдары кайсылар?

15 Шайтан болсо Жахабадан таптакыр айырмаланат. Ал адамдарга туура маалымат бербейт, тескерисинче, аларды алдап адаштырат. Адамдарды чыныгы сыйынуудан буруу үчүн, Шайтан далай жалган-жалааларды колдонот. Мисалы, Шайтан бизди Кудай кайдыгер, анын жердеги азап-тозоктор менен иши жок деп ишендирүүгө умтулат. Бирок Ыйык Китеп Жахабанын жанбүткөндүн баарына чындап кам көрөрүн жана жамандык менен азап-тозоктор ага такыр жакпай турганын көрсөтүп турат (Элчилер 17:24—30). Ошондой эле Шайтан адамдарды рухий иштер менен алектенүү убакытты текке короткондукка жатат деп ишендиргиси келет. Ал эми Ыйык Жазма бизди: «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн... көрсөткөн сүйүүңөрдү... унутпайт»,— деп ынандырат. Андан тышкары, анда «[Кудайды] издегендерге Ал тиешелүүсүн берери» айкын көрсөтүлөт (Эврейлерге 6:10; 11:6).

16. Эмне себептен Ыйсанын жолдоочулары сергек болуп, чындыкка бекем карманышы керек?

16 Элчи Пабыл: «Кудайдын бейнеси болгон Машайактын даңкын жарыялаган Жакшы Кабардын жарыгын көрүшпөсүн үчүн, бул дүйнөнүн төрөсү ишенбегендердин акылын караңгылатып койгон»,— деп, Шайтан жөнүндө жазган (2 Корунттуктарга 4:4). Обого окшоп, кээ бирөөлөр Шайтан Ибилиске толугу менен алданып келишет. Башкалар болсо алданбаса да билип туруп тилалбастык кылган Адам атанын жолун жолдоп жатышат (Жүйүт 5, 11). Ошондуктан Ыйсанын жолдоочуларынын сергек болуп, чындыкка бекем карманганы маанилүү.

Жахаба «чыныгы ишенимди» талап кылат

17. Жахабанын ырайымына ээ болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

17 Жахаба өзүнүн бардык жолдорунда чынчыл болгондуктан, Өзүнө табынгандардан да чынчыл болууну талап кылат. Забурчу: «Теңир! Ким Сенин турагыңда [«чатырыңда», ЖД] жашай алат? Ким Сенин ыйык тооңдо тура алат? Күнөөсүз жашаган, адилеттик кылган, жүрөгүнөн чындыкты сүйлөгөн»,— деп жазган (Забур 14:1, 2). Бул сөздөрдү ыр кылып ырдаган жүйүттөр Жахабанын ыйык тоосу дегенди угушканда, арийне, Сион тоосун элестетишкен. Ал тоого Дөөт падыша жыйын чатырын куруп, келишим сандыгын алып келген болчу (2 Шемуел 6:12, 17). Тоо жана жыйын чатыры Жахаба каймана мааниде жашаган жерди эске салган. Ал жерден адамдар Кудайга кайрылып, анын ырайымын сурай алышкан.

18. а) Кудай менен дос болууну каалаган адамдан эмне талап кылынат? б) Эмки макалада эмне талкууланат?

18 Жахаба менен достошууну каалаган адам оозу менен эле эмес, «жүрөгүнөн» да чындыкты сүйлөшү керек. Кудайдын достору жүрөктөрүндө чынчыл болууга жана «чыныгы ишеним» көрсөтүүгө тийиш, анткени чынчыл иштер жүрөктөн чыгат (1 Тиметейге 1:5; Матай 12:34, 35). Кудайдын досу куу же алдамчы болбойт, анткени «жүзү карадан [«алдамчыдан», ЖД] Теңир жийиркенет» (Забур 5:7). Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү өздөрүнүн Кудайын туурап, чынчыл болууга умтулушат. Бул жөнүндө эмки макалада сөз жүрөт.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Эмне себептен Жахаба бардык нерселер жөнүндө чындыкты билет?

• Жахабанын чынчыл экенин эмне көрсөтүп турат?

• Жахаба чындыкты кантип ачып берет?

• Чындыкка байланыштуу бизден эмне талап кылынат?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Жахабанын убадалары сөзсүз аткарылат.

[23-беттеги сүрөт]

Чындыктын Кудайы жаратуулары тууралуу баарын билет.