Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындыктын Кудайын туурайбыз

Чындыктын Кудайын туурайбыз

Чындыктын Кудайын туурайбыз

«Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла» (Эфестиктерге 5:1).

1. Кээ бирөөлөр чындык жөнүндө кандай ойдо жана андай ой жүгүртүүнүн кандай өксүк жери бар?

«ЧЫНДЫК деген эмне?» (Жакан 18:38). Понтий Пилаттын 2 000 жылдай мурун берген бул какшык суроосу чындыкты издөө бейпайда, аны табуу мүмкүн эмес деген мааниде айтылган. Ал пикирге бүгүн көптөр кошулушу мүмкүн. Бул жерде чындыктын маңызына шек туулууда. Силер ар кимдин өз чындыгы болот, чындык салыштырмалуу же өзгөрүлмө деген ойлорду угуп калып жүргөн чыгарсыңар. Бирок мындай ой жүгүртүүнүн өксүк жери бар. Себеп дегенде илимий изилдөөлөрдүн жана билим берүүнүн көздөгөн максаты биз жашап жаткан дүйнө жөнүндөгү фактыларды — чындыкты — таанып-билүү болуп саналат эмеспи. Чындык эмне экенин ар ким өзү чечпейт. Мисалы, адамдын жаны же өлөт, же өлбөйт. Шайтан же бар, же жок. Жашоонун маңызы же бар, же жок. Ар бирине бирден эле туура жооп бар. Бири туура, экинчиси туура эмес; экөө тең туура боло албайт.

2. Эмнеге Жахаба чындыктын Кудайы болуп саналат жана азыр кайсы суроолор талкууланат?

2 Мурунку макаладан биз Жахабанын чындыктын Кудайы экенин карап чыкканбыз. Ал бардык нерселер тууралуу чындыкты билет. Калпычы душманы Шайтан Ибилистен таптакыр айырмаланып, Жахаба дайыма чынчыл. Ошону менен бирге Жахаба чындыкты башкаларга кеңпейилдик менен ачып берет. Элчи Пабыл рухий биртуугандарын: «Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла»,— деп үндөгөн (Эфестиктерге 5:1). Жахабанын Күбөлөрү катары чындыкты сүйлөө жана чындык боюнча жашоо жагынан Кудайды кантип туурасак болот? Бул эмне үчүн маанилүү? Ошондой эле Жахабанын чынчыл адамдарды жактырарын эмне бышыктап турат? Келгиле, карап көрөлү.

3, 4. Элчи Пабыл менен элчи Петир «акыркы убакта» пайда боло турган жагдайды кантип сүрөттөшкөн?

3 Биз диний жалгандык терең тамырлаган доордо жашап жатабыз. Элчи Пабыл Кудайдын шыктандыруусу менен алдын ала айткандай, «акыркы убакта» көптөгөн адамдар такыбаа болуп көрүнгөнү менен, такыбаалыктын күчүнөн баш тартышууда. Кээ бирөөлөр, «акылы бузулгандыктан», чындыкка каршы чыгышууда. Андан тышкары, «кара ниет жана алдамчы адамдар... башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка батып» жатышат. Мындай адамдар дайыма үйрөнгөнү менен, чындыкты эч качан таанып-билишпейт (2 Тиметейге 3:1, 5, 7, 8, 13).

4 Элчи Петир да Кудайдын шыктандыруусу менен акыркы күндөр жөнүндө жазган. Ал алдын ала айткандай, адамдар чындыкты четке кагып эле койбостон, Кудайдын Сөзүн жана андагы чындыкты жарыялагандарды шылдыңдап жатышат. Мындай шылдыңчылар Нухтун күндөрүндөгү дүйнөнүн топон суу аркылуу жок болгонун жана бул келерки сот күнүнүн үлгүсү экенин «атайы эле билгилери келишпейт». Алар оюндагылары орундалгандай көрүп жатышса да, Жахабанын кудайсыздарды жок кыла турган убактысы келгенде бул алар үчүн каргашалуу аяктайт (2 Петир 3:3—7).

Жахабанын кызматчылары чындыкты билет

5. Даниел пайгамбардын сөздөрү боюнча, «акыркы мезгилде» эмне болушу керек эле жана бул пайгамбарлык кантип аткарылууда?

5 Даниел пайгамбар «акыркы мезгилди» сүрөттөөдө Кудайдын элинин арасында такыр башка абал өкүм сүрөрүн — диний чындык калыбына келерин — алдын ала айткан. Ал: «[Пайгамбарлыкты] көп адамдар окуйт, билим [«чыныгы билим», ЖД] көбөйөт»,— деп жазган (Даниел 12:4). Ашынган Алдамчы Жахабанын элин адаштыра да, рухий жактан сокур кыла да албайт. Кудайдын кызматчылары Ыйык Китепти окуу менен чыныгы билимге ээ. Биринчи кылымда Ыйса өзүнүн шакирттерин билим менен агарткан. «Ыйык Жазууну түшүнүшү үчүн, Ыйса алардын акылын ачкан» (Лука 24:45). Биздин убакта да Жахаба ошондой чара көрүп жатат. Ал дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдарга өзүнүн Сөзү, руху жана уюму аркылуу өзү билген нерсени — чындыкты — түшүнүүгө жардам берүүдө.

6. Бүгүн Кудайдын эли ыйык китептик кайсы чындыктарды түшүнөт?

6 Биз Кудайдын эли болгондуктан, көп нерселерди түшүнүп жатабыз. Биз миңдеген жылдар бою дүйнөнүн акылмандарынын башын катырып келген суроолордун жообун билебиз. Мисалы, бизге адамдардын эмне себептен азап тартып, эмне үчүн өлөрү жана алардын эмне үчүн дүйнөгө тынчтык жана биримдик орното албай жатканы маалым. Ошондой эле келечекте бизди Кудайдын Падышалыгы, жер бетиндеги бейиш, жеткилеңдикте түбөлүк өмүр сүрүү күтүп турганынан кабардарбыз. Биз Жахабаны, Баарынан Жогоркуну, таанып-билдик, анын кандай жагымдуу касиет-сапаттары бар экенин жана баталарын алуу үчүн эмне кылышыбыз керектигин билдик. Чындыкты билгендиктен, эмненин жалган экенин баамдай алабыз. Чындык боюнча жашоо бизди бейпайда умтулуулардан коргойт, эң туура жашоо өткөрүүгө жардам берет жана келечекке карата кереметтүү үмүткө ээ болууга жол ачат.

7. Ыйык Китептеги чындыктарды кидер түшүнүп, кимдер түшүнө алышпайт?

7 Силер Ыйык Китептеги чындыкты түшүнөсүңөрбү? Анда зор батага ээсиңер. Жазуучу чыгармасын, адатта, адамдардын белгилүү бир тобуна арнап жазат. Айрым китептер жогорку билимдүүлөр үчүн, башкалары балдар үчүн, дагы башкалары адистер үчүн жазылат. Ыйык Китеп баарында эле бар болгону менен, ал да адамдардын белгилүү бир тобуна арналган. Жахаба аны момун, жоош адамдар үчүн жаздырган. Андай адамдардын билими, маданияты, жашоо деңгээли же улуту кандай болбосун, алар Ыйык Китепти түшүнө алышат (1 Тиметейге 2:3, 4). Ал эми туура эмес маанайдагылар үчүн, канчалык акылдуу, канчалык билимдүү болушпасын, Ыйык Китепти түшүнүү мүмкүн эмес. Бой көтөргөн, текебер адамдар Кудайдын Сөзүндөгү баа жеткис чындыктарды түшүнө алышпайт (Матай 13:11—15; Лука 10:21; Элчилер 13:48, ЖД). Мындай китепти Кудай гана жарата алмак.

Жахабанын кызматчылары чынчыл

8. Эмне себептен Ыйса чындыктын өзү болгон?

8 Жахабага окшоп, анын ишенимдүү Күбөлөрү чынчыл. Ыйса Машайак, Жахабанын эң көрүнүктүү Күбөсү, өзүнүн окутуулары, жашоосу жана өлүмү менен чындыкты жактаган. Ал Жахабанын сөзүнүн жана убадаларынын чындыгын бышыктаган. Ошондуктан Ыйса, өзү айткандай, чындыктын өзү болгон (Жакан 14:6; Аян 3:14; 19:10).

9. Ыйык Жазмада чындыкты сүйлөө жөнүндө эмне айтылат?

9 Ыйса «ырайымдуулук менен акыйкатка толо эле» жана «Анын оозунан жалган сөз чыккан эмес» (Жакан 1:14; Ышайа 53:9). Ыйсанын чыныгы жолдоочулары анын үлгүсү боюнча жашап, башкаларга чынчылдык менен мамиле кылышат. Пабыл ишенимдештерине: «Ар кимиңер жакыныңарга чындыкты айткыла, себеби биз бири-бирибизге мүчөбүз»,— деп кеңеш берген (Эфестиктерге 4:25). Ага чейин Захария пайгамбар да: «Бири-бириңерге чындыкты айткыла»,— деп жазган (Захария 8:16). Ыйсанын жолдоочулары чынчыл, анткени алар Кудайга жагууну каалашат. Жахаба чынчыл жана жалгандыктын кандай залакасы бар экенин билет. Ошондуктан өзүнүн кызматчыларынан чындыкты сүйлөөнү талап кылат.

10. Адамдар кандай себеп менен калп айтат жана мунун кандай терс натыйжасы бар?

10 Көптөр калп айтууну кандайдыр бир максаттарга жетүүнүн ыңгайлуу жолу катары көрүшөт. Айрымдар жазадан качуу үчүн же кандайдыр пайда көрүү үчүн, же башкалардын мактоосуна татуу үчүн жалган сүйлөшөт. Бирок калп сүйлөө кыянаттыкка жатат. Андан да жаманы, жалганчы Кудайдын жактыруусуна ээ боло албайт (Аян 21:8, 27; 22:15). Биз чынчылдыгыбыз менен белгилүү болсок, башкалар сүйлөгөн сөзүбүзгө, өзүбүзгө ишенишет. А эгер бир эле жолу калпыбыз чыгып калса, кийин эмне айтпайлы, сөзүбүздүн чын, чын эмес экени шектүү болуп калышы мүмкүн. Африкалыктардын: «Бир калп миң чындыкты жалганга чыгарат»,— деген макалы бар. «Чындыкты айтып турса да, жалганчыга эч ким ишенбейт»,— деген да макал бар.

11. Чынчыл болуу кандайча чын сүйлөөдөн да көптү билдирет?

11 Чынчылдык чын сүйлөөнү эле билдирбейт. Ал — жашоо мүнөзү. Чынчылдыгыбыз биздин ким экенибизди көрсөтөт. Биз чындыкты башкаларга сөзүбүз менен эле эмес, ишибиз менен да билдиребиз. «Сен башкаларды үйрөтүп, өзүң эмнеге үйрөнбөйсүң? — деп сураган элчи Пабыл.— Сен башкаларга: „Уурдаба“,— деп насаат айтып, өзүң эмнеге уурдайсың? „Нике бузба“,— деп айтып, өзүң эмнеге нике бузасың?» (Римдиктерге 2:21, 22). Чындыкты жарыялоо үчүн, өзүбүз бардык жактан чынчыл болууга тийишпиз. Башкалар бизди чынчыл, чын ыкластуу деп билишсе, бул алардын чындыкты кабыл алышына өбөлгө түзөт.

12, 13. Бир жаш кыз чынчылдык жөнүндө эмне деп жазган жана анын адеп-ахлактык бийик нормаларга карманганы эмне менен түшүндүрүлөт?

12 Жахабанын кызматчыларынын арасындагы жаштар да чынчыл болуу маанилүү экенин түшүнүшөт. Женни 13 жашында мектепте жазган дилбаянында мындай деп билдирген: «Чынчылдык — мен жогору баалаган асыл нарк. Тилекке каршы, бүгүн накта чынчыл адамдар чанда кезигет. Мен өзүмө өмүр бою чынчыл болом деп убада берем жана чындыкты айтуу өзүмө же досторума пайдалуу болбогон күндө да чынчылдыкка умтулам. Мен чындыкты сүйлөгөн, чынчыл адамдар менен достошом».

13 Женнинин мугалими анын дилбаянына мындай пикир айткан: «Жапжаш болуп туруп, сенин ушундай күчтүү моралдык жана этикалык принциптерге карманганың таң калыштуу. Ушунуңан жазбай турганыңа ишенем: сенин эркиң күчтүү». Бул окуучу кыздын адеп-ахлактык жактан күчтүүлүгү эмне менен түшүндүрүлөт? Дилбаянынын кириш бөлүгүндө Женни жашоосундагы нормаларга аны өзүнүн дини үйрөтөрүн билдирген. Андан бери жети жыл өттү. Мугалими айткандай эле, ал Жахабанын Күбөлөрүнүн бири катары адеп-ахлактык бийик нормалар боюнча жашап келет.

Жахабанын кызматчылары башкаларга чындыкты ачып берет

14. Эмне үчүн Кудайдын кызматчылары чындыкты жактоого байланышкан абдан чоң жоопкерчиликке ээ?

14 Албетте, Жахабанын Күбөлөрүнөн башка адамдар деле чындыкты сүйлөп, чынчыл болууга аракеттениши мүмкүн. Бирок Кудайдын кызматчылары катары биз чындыкты жактоого байланышкан абдан чоң жоопкерчиликке ээбиз. Бизге ыйык китептик чындыктар — түбөлүк өмүргө алып баруучу чындыктар — ишенип тапшырылган. Ошондуктан биз ал билимди башкалар менен бөлүшүүгө милдеттүүбүз. Ыйса: «Кимге көп берилсе, андан көп талап кылынат»,— деп айткан (Лука 12:48). Ооба, Кудайдан баа жеткис билим алгандардан «көп талап кылынат».

15. Силер ыйык китептик чындыкты жарыялоодон кандай кубаныч табасыңар?

15 Ыйык китептик чындыкты жарыялоо бизге кубаныч тартуулайт. Ыйсанын I кылымдагы шакирттерине окшоп, биз «койчусу жок койлор сыяктуу жүдөп, мүңкүрөп калгандарга» жана «жиндердин окутууларынан» улам рухий жактан сокур болуп, адашып жүргөндөргө жакшы кабарды — жагымдуу үмүт кабарын — жарыялап жатабыз (Матай 9:36; 1 Тиметейге 4:1). Элчи Жакан: «Мен үчүн балдарымдын чындык жолунда жүргөндүгүн угуудан өткөн кубаныч жок»,— деп жазган (3 Жакан 4). Жакандын «балдарынын» — болжолу, чындыкты андан уккандардын — ишенимдүүлүгү ага чоң кубаныч алып келген. Кудайдын Сөзүн ыраазычылык менен кабыл алган адамдарды көргөндө биз да кубанабыз.

16, 17. а) Эмне үчүн чындыкты баары эле кабыл ала бербейт? б) Ыйык китептик чындыкты жарыялоодон кандай кубаныч таба алабыз?

16 Чындыкты баары эле кабыл ала бербеси анык. Ыйса Кудай тууралуу чындыкты адамдардын жактырбаганына карабай айткан. Ал жүйүт каршылаштарына: «Эмне үчүн Мага ишенбейсиңер? Ким Кудайдан болсо, ал Кудайдын сөздөрүн угат. Силер Кудайдан эмессиңер, ошондуктан укпайсыңар»,— деп айткан (Жакан 8:46, 47).

17 Ыйсага окшоп, биз Жахаба жөнүндөгү баа жеткис чындыкты жарыялоодон баш тартпайбыз. Биз кабарыбызды бардык адамдардын кабыл алышын күтпөйбүз, анткени Ыйса айтканда да баары кабыл алган эмес. Ошентсе да бизге туура иш кылып жатканыбызды билүү кубаныч берет. Жахаба ырайымынан улам чындыктын бүт адамзатка ачылышын каалайт. Чындыкка ээ болгондуктан, Ыйсанын жолдоочулары караңгылык каптаган азыркы дүйнөдө жарык алып жүрүүчүлөр болуп саналышат. Чындыктын жарыгын сөзүбүз жана ишибиз аркылуу жаркыратып, биз башкалардын асмандагы Атабызды даңкташына жардам бере алабыз (Матай 5:14, 16). Ошондой эле биз Шайтандын жасалма «чындыгын» четке кагып жатканыбызды жана Кудайдын таза, нукура Сөзүн жактаарыбызды баарына билдирип жатабыз. Биз билген жана жарыялаган чындык аны кабыл алгандарга чыныгы эркиндик берет (Жакан 8:32).

Дайыма чынчыл болгула

18. Ыйса Натанаелди эмне үчүн жактырган жана аны кантип көрсөткөн?

18 Ыйса чындыкты сүйлөп, чындыкты сүйгөн. Жерде кызмат кылып жүргөндө ал чынчыл адамдарды жактырарын айкындаган. Натанаел жөнүндө Ыйса: «Куулугу жок, накта ысрайылдык мына ушул»,— деген (Жакан 1:47). Ыйса Барталамей деп да аталган ошол Натанаелди кийин 12 элчисинин бири кылып тандап алган (Матай 10:2—4). Кандай зор артыкчылык!

19—21. Мурун сокур болгон адам тайманбастык менен чындыкты айткандыгы үчүн кандай бата алган?

19 Ыйык Жазманын Жакан китебинде Ыйсанын батасын алган дагы бир чынчыл адам тууралуу бүтүндөй бир бап бар. Ал адамдын аты ким экени айтылбайт. Бизге анын тубаса сокур жана кайырчы болгону гана дайын. Ыйса анын көрүү жөндөмүн калыбына келтиргенде, башкалар абдан таң калышкан. Бул керемет жөнүндөгү кабар чындыкты жек көргөн фарисейлерге да жетет. Алардын Ыйсага ишенгендердин баары синагогадан чыгарылат деген чечимин билгендиктен мурун сокур болгон кайырчынын ата-энеси коркуп, баласынын көзү кандайча көрүп калганын же буга ким себепкер экенин билишпээрин айтып фарисейлерге жалган сүйлөп коюшкан (Жакан 9:1—23).

20 Сакайтылган адам кайрадан фарисейлерге чакыртылганда, ал эчтекеден коркпой, эржүрөктүк менен болгонун болгондой айткан. Ал кантип айыкканын жана аны Ыйса айыктырганын түшүндүргөн. Ыйсанын Кудайдан экенине ушул көрүнүктүү жана билимдүү адамдардын ишенбей жатканына таң болуп, айыккан адам: «Эгерде Ал Адам Кудайдан болбосо, мындай нерсе кыла алмак эмес» — деп, тайманбастык менен аларды айдан ачык нерсени четке какпоого үндөгөн. Фарисейлер эмне дээрин билбей, кайра тиги адамдын өзүн айыптап, ийбадатканадан кууп чыгышкан (Жакан 9:24—34).

21 Ыйса бул тууралуу укканда, сүйүүсүнөн ал адамды табууга убакыт бөлгөн. Тапкандан кийин анын ишенимин бекемдеген да, өзүнүн Машайак экенин айткан. Чындыкты айтканы үчүн тиги адам кандай бата алган! Ооба, Кудай чындыкты сүйлөгөндөрдү жактырат (Жакан 9:35—37).

22. Эмне үчүн дайыма чынчыл болууга умтулушубуз керек?

22 Чынчыл болууга чечкиндүүлүк менен умтулушубуз керек. Башкалар менен жана Кудай менен жакшы мамиледе болуу үчүн бул абдан маанилүү. Чынчыл болуу деген ачык-айрым, чын ыкластуу, жөнөкөй жана ишенчиликтүү болууну билдирет; бул Жахабага жагат (Забур 14:1, 2). Ал эми чынчыл эмес адам жалганчы, ишеничсиз, жалаачыл болот; мындай адам Жахабага жакпайт (Накыл сөздөр 6:16—19). Андыктан дайыма чынчыл болууга чечкиндүү бололу. Ырас, чындыктын Кудайын туурап жашаш үчүн, чындыкты билүүгө, чындыкты сүйлөөгө жана чындык боюнча жашоого тийишпиз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Чындыкты билгенибизге эмне үчүн ыраазы болсок болот?

• Чынчыл болуу жагынан Жахабаны кантип туурасак болот?

• Ыйык китептик чындыкты жарыялоонун кандай пайдалары бар?

• Дайыма чынчыл болуу эмне үчүн маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары ыйык китептик чындыкты ынталуу жарыялашат.

[26-беттеги сүрөт]

Ыйса айыктырган сокур адам чындыкты айтканы үчүн чоң бата алган.