Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Айрымдарды кандай адам катары эстешет?

Айрымдарды кандай адам катары эстешет?

Айрымдарды кандай адам катары эстешет?

Мындан үч миң жылдай илгери Ысрайыл падышасы Шабылдан качып жүргөн кезинде Дөөт өзүнүн кишилерин кой менен эчкиге бай Набал аттуу адамга тамак-аш жана суусундук сурап келүүгө жиберет. Чын-чынына келгенде, Набал Дөөткө карыздар болчу, себеби Дөөт өзүнүн кишилери менен анын малын коргоп келген эле. Бирок Набал кенедей да меймандостук көрсөтпөй коёт. Ал турсун, Дөөттүн кишилерин урушуп туруп жолго салат. Дөөт Набал тамашалаша турган адамдардан эмес болчу, ошондуктан Набалдын бул кылыгы от менен ойногонго тете болгон (1 Шемуел 25:5, 8, 10, 11, 14).

Набал Жакынкы Чыгыштын адамдарына мүнөздүү каада-салтты, башкача айтканда, жолоочулар менен чоочун адамдарга меймандостук көрсөтүү салтын бузган. Натыйжада ал кандай адам катары таанылып калган? Ыйык Китепте анын «катаал... каардуу киши» болгондугу тууралуу жазылат. Набал деген ысмы «акылсыз» дегенди билдирет жана анын чындыгында эле ошондой адам болгонун иштери көрсөтүп турган (1 Шемуел 25:3, 17, 25). Ушундай адам катары эсте калгың келеби? Башкаларга, өзгөчө, алар өзүңө салыштырмалуу кадыр-баркы төмөн, алсызыраак сезилсе, катаал же корс мамиле кыласыңбы? Же мээримдүүлүк, меймандостук жана сылыктык көрсөтөсүңбү?

Акылдуу Абигейил

Оройлугунан улам Набал коркунучтуу абалга туш болгон: Дөөт 400 адамы менен кылыч курчанып, аны үйрөтүү үчүн жолго чыккан. Эмне болгонун Набалдын аялы Абигейил да угат. Ал куралдуу кагылышуу болбой койбоорун түшүнөт. Бирок жагдайды ал кантип оңдой алат эле? Абигейил шашылыш түрдө көбүрөөк тамак-аш алып, Дөөттөрдүн алдынан тосуп чыгат да, андан курулай кан төкпөөнү суранып жалбарат. Дөөттүн жүрөгү жумшарып, Абигейилдин жалынуусун угуп, боорукердик көрсөткөн. Арадан көп өтпөй Набал өлөт. Ошондо Абигейилдин жакшы сапаттарын баамдаган Дөөт аны өзүнө аялдыкка алат (1 Шемуел 25:14—42).

Абигейил кандай атка ээ болуп калган? Ыйык Китепте анын «өтө акылдуу» аял болгону айтылат. Абигейилдин акыл-эстүү жана турмуштук иштерде тажрыйбалуу болгондугуна, кантип жана качан иш жүргүзүү керектигин билгендигине шек жок. Ал ишенимдүүлүк көрсөтүп, күйөөсүн жана үйүндөгүлөрүн кыргындан сактап калган. Көзү өтүп кеткенден кийин да Абигейил акыл-эстүү аял катары эсте калган (1 Шемуел 25:3).

Петирди кандай адам катары эстешет?

Эми биздин замандын биринчи кылымына кайрылып, Ыйсанын 12 элчисинин кандай адамдардан болушканын карап көрөлү. Баарынан эмоционалдуу жана кызуу кандуу галилеялык балыкчы Петир, башкача айтканда, Кейфа болгону талашсыз. Ал сезимин көрсөтүүдөн тартынбаган, жигердүү адам болгон көрүнөт. Бир жолу Ыйса шакирттеринин бутун жууй баштайт. Кезек Петирге келгенде ал эмне кылган?

Ал Ыйсадан: «Теңир, [«Эге», ЖД] Сен менин бутумду жууйсуңбу?» — деп сураган. Ыйса: «Мен эмне кылып жатканымды сен азыр түшүнбөйсүң, кийин түшүнөсүң»,— деп жооп берген. Петир: «Мен бутумду Сага эч качан жуудуртпайм!» — деген. Петирдин чечкиндүүлүк, ошол эле учурда ачыктык менен айтылган сөздөрүнө көңүл бурсаң. Буга Ыйса кандай жооп кайтарган?

«Эгерде Мен сенин бутуңду жуубасам,— дейт Ыйса,— анда сен Мени менен үлүштөш болбойсуң». Ошондо Шымон Петир: «Теңир, [«Эге», ЖД] андай болсо, бутумду гана эмес, колумду да, башымды да жуу!» — деген. Эми Петир башка жагынан аша чаап жатат! Бирок мунун таң калыштуу эч нерсеси деле жок: Петирдин мүнөзү ошондой эле, анда эки жүздүүлүк да, эч кандай жаман ой да жок болчу (Жакан 13:6—9).

Петир алсыздыктарга алдырган кадимки адам катары да эсте калган. Маселен, аны өлүм жазасына тартылган назареттик Машайак менен бирге жүргөн деп айыпташканда, ал эл алдында Машайактан үч ирет баш тарткан. Туура эмес кылганын түшүнгөн соң Петир эчкирип ыйлаган. Ал өзүнүн кайгырганын жана өкүнгөнүн көрсөтүүдөн уялган эмес. Петир менен болгон бул окуяны Инжил жазуучулары жазганы эске аларлык: алар бул окуя тууралуу анын өзүнөн угуп жазышкан өңдөнөт! Петир каталарын моюнга ала алган момун адам болгон. Ушул сонун сапат сенде да барбы? (Матай 26:69—75; Марк 14:66—72; Лука 22:54—62; Жакан 18:15—18, 25—27).

Машайактан баш тартканынан бир нече жума өткөндөн кийин эле Петир Элүүнчү күн майрамында ыйык рухтун таасири астында көптөгөн жүйүттөргө тайманбастан кабар айткан. Бул тирилтилген Ыйсанын Петирге ишенгендигинин талашсыз далили болгон (Элчилер 2:14—21).

Петир кийинчерээк дагы бир тузакка түшөт. Элчи Пабыл анын, Антийохеяга эврей ишенимдештери келгиче, бутпарастардан чыккан биртуугандар менен ачык эле пикирлешип жатканын айтат. Ал эми Иерусалимден «сүннөткө отургузулгандар келгенде», алардан «коркуп», бутпарастардан чыккан биртуугандарынан четтей баштаган. Пабыл анын эки жүздүүлөнгөнүн ашкерелеген (Галаттыктарга 2:11—14).

Ошентсе да Ыйсаны көптөгөн жолдоочулары таштап кеткени турган оор мезгилде ким өзүнүн оюн тартынбастан айткан? Бул окуя Ыйса жаңы бир нерсе тууралуу — анын денесин жеп, канын ичүү деген эмнени билдирерин — айткан учурда болгон. Ал: «Адам Уулунун Денесин жеп, Канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар»,— деген. Машайактын бул сөзүн жүйүт элинен болгон жолдоочуларынын көпчүлүгү кедерги катары көрүшүп: «Катуу айтылган [«үрөй учурарлык», ЖД] сөздөр экен, муну ким угуп тура алат?» — дешкен. Андан ары эмне болгон? «Ушул сөздөрдөн кийин шакирттеринин көбү Ыйсадан четтеп, Аны ээрчибей калышкан» (Жакан 6:50—66).

Ошол кыйын кезеңде Ыйса он эки элчисине кайрылып: «Силердин да кеткиңер келген жокпу?» — деп сурайт. Анда Петир: «Теңир, [«Эге», ЖД] биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде. Биз Сенин Кудайдын Ыйыгы — Машайак экениңди билип, Сага ишенип калдык»,— деп жооп берген (Жакан 6:67—69).

Петир кандай атка ээ болуп калган? Ал тууралуу билдирүүлөрдү окуп, анын чынчылдыгына, бетке айтуудан тартынбаганына, берилгендигине жана өзүнүн алсыз жактарын мойнуна алууга дайым даяр тургандыгына баа бербей койбойсуң. Ал кандай гана жакшы атка ээ болгон!

Машайак эмнеси менен эсте калган?

Ыйсанын жердеги кызматы үч жарым жылга гана созулган. Ошентсе да ал шакирттеринин эсинде кандай адам катары калган? Жеткилең, күнөөсүз болгондуктан ал башкаларга салкын мамиле кылып, обочолонгонбу? Кудайдын Уулумун деп бой көтөргөнбү? Шакирттерин коркутуу жана мажбурлоо менен баш ийдирүүгө аракеттенгенби? Өзү тууралуу ушунчалык жогору ойдо болуп, тамаша дегенди унутуп койгонбу? Бейкаруулар менен оорулууларга же балдарга көңүл бурууга убакыты калбай калгычакты иш менен алектенгенби? Ошол убактагы эркектерге окшоп, аялдар менен башка улуттагы адамдарды кемсинткенби? Жазуу түрүндөгү билдирүүлөрдөн ал жөнүндө эмнелерди билүүгө болот?

Ыйса адамдарга кызыгуу көрсөткөн. Кызматы тууралуу билдирүүлөрдү изилдесек, анын көп жолу аксактар менен оорулууларды айыктырганын билебиз. Ыйса муктаж болгондорго жардам берүүдө колунан келгендин баарын кылган. Ал шакирттерине: «Балдардын Мага келүүсүнө жол бергиле. Аларга тоскоолдук кылбагыла» — деп айтып, жаш балдарга кам көргөн. Андан соң «балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын берген». Сен да балдарга убакыт бөлүүдөсүңбү же аларга көңүл бөлүүгө убакыт калбай калганчалык өз иштериң менен алектенесиңби? (Марк 10:13—16; Матай 19:13—15).

Ыйса жерде жүргөндө эврейлерге Мыйзамга кошумчаланган диний эрежелер оордук келтирген. Диний жетекчилер элге көтөрө алгыс оор жүктөрдү артышып, өздөрү болсо ага колунун учун да тийгизишчү эмес (Матай 23:4; Лука 11:46). Ыйса алардан кандай гана айырмаланган! Ал: «Бардык мээнеттенгендер жана түйшүк тарткандар, мага келгиле, мен силерди сергитем»,— деген (Матай 11:28—30, ЖД).

Ыйса менен пикирлешүүдөн адамдар сергитүү алышчу. Ал шакирттерин коркутуп-үркүтпөгөндүктөн, алар өз ойлорун эркин билдирүүдөн тартынышкан эмес. Ал турсун, Ыйса алардын оюн билүү үчүн суроолорду берчү (Марк 8:27—29). Жыйналыштын аксакалдары өздөрүнө: «Ишенимдештерим мен тууралуу да ушундай ойдобу? Башка аксакалдар мени менен өз ойлорун ачык бөлүшөбү же аларга антүү кыйынга турабы?» — деген суроолорду берип көргөнү дурус. Эгер аксакалдар жөнөкөй, башкаларды угуп, ийилчээк болушса, алар менен пикирлешүүдөн башкалар кандай гана сергитүү алышат! Эстүүлүктүн жетишсиздиги ачык, ээн-эркин пикирлешүүгө тоскоолдук гана кылат.

Ыйса Кудайдын Уулу болсо да, өзүнүн бийлигин же күчүн эч качан кыянат колдонгон эмес. Тескерисинче, ал өзүнүн угуучуларына ойлонууга түрткү берүүгө аракеттенген. Фарисейлер аны сөзүнөн кармоо үчүн: «Падышага салык төлөө туурабы же туура эмеспи?» — деген амалдуу суроо беришкенде да ал дал ушундай кылган. Ыйса алардан тыйынды көрсөтүүнү сурап: «Мына бул сүрөт менен жазуу кимдики?» — дейт. Тигилер: «Падышаныкы»,— дешет. Анда Ыйса аларга: «Анда падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деп айткан (Матай 22:15—21). Ошентип, жөнөкөй эле логика жетиштүү болгон.

Ыйса тамаша дегенди билгенби? Айрым окурмандар Ыйсанын бай адамдын Кудайдын падышалыгына киришине караганда ийненин көзүнөн төөнүн өтүшү оңой деген сөзүн тамаша аралаштырып айтканын аңдашууда (Матай 19:23, 24). Ийненин көзүнөн өтүүгө аракеттенип жаткан төөнү элестетүү кыйын. Ыйсанын адамдар өз көзүндөгү дөңгөчтү көрбөй, биртууганынын көзүндөгү кыпынды көрөрү жөнүндөгү мисалы да ушу сыяктуу гипербола болчу (Лука 6:41, 42). Ыйсанын катуу тартиптин катуу жактоочусу болбогону айкын. Ал жумшактыкты, достук маанайды даана чагылдырган. Ыйсанын азыркы жолдоочуларына да жашоодогу оор учурларды оңоюраак көтөрүп кетүү үчүн юмор керек.

Аялзатына кылган сылык мамилеси

Аялдар Ыйсанын жанында өздөрүн кандай сезишкен? Ыйсаны жолдогондордун арасында бир топ аялдар, алардын арасында өзүнүн апасы Мариям да болгон (Лука 8:1—3; 23:55, 56; 24:9, 10). Аялдар да Ыйсанын жанында өздөрүн ушунчалык эркин сезишкендиктен, бир жолу «күнөөкөр» деп белгилүү болгон бир аял анын бутун көз жашы менен жууп, жыпар жыттуу май менен майлаган (Лука 7:37, 38). Көп жылдан бери кан агуудан кыйналган дагы башка бир аял, Ыйсанын кийимине тийип айыгуу үчүн, калың элди аралап өткөн. Ыйса аны ишеними үчүн мактаган (Матай 9:20—22). Ооба, аялдар Ыйсага оңой кайрыла алган көрүнөт.

Бир күнү Ыйса кудуктун жанынан самариялык аял менен сүйлөшүп калат. Аял таң калганынан: «Өзүң жүйүт болуп туруп, менден, самариялык аялдан суу сурайсыңбы?» — деп сурап жиберет. Ал кезде жүйүттөр самариялыктар менен эч кандай карым-катнаш түзүшчү эмес. Анан Ыйса ага «түбөлүк өмүргө агып баруучу булакка айлана» турган суу тууралуу таң калыштуу чындыкты ачкан. Ыйса аялдар менен сүйлөшсөм беделим түшөт деп эсептебей, алар менен ээн-эркин пикирлешчү (Жакан 4:7—15).

Ыйса адамгерчиликтүүлүгү, жанаябастык рух көрсөткөндүгү менен эсте калган. Ал Кудайдын сүйүүсүн чагылдырып, анын жолдоочусу болгусу келгендердин бардыгына үлгү калтырган. Сен Ыйсанын үлгүсүн канчалык туурап жатасың? (1 Корунттуктарга 13:4—8; 1 Петир 2:21).

Ыйсанын учурдагы жолдоочулары кандай адамдар катары эсте калышууда?

Бүгүн Ыйсанын миңдеген жолдоочуларынын көптөрү карып, кимдир бирөөсү күлгүндөй жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышып жатат. Бирок алар артында жакшы ат калтырышууда. Айрымдары, узак өмүр сүргөн Кристалга окшоп, боорукердиги жана ак көңүлдүгү менен эсте калышса, башкалары, кырктын кырынан жаңы ашып көз жумган Дирктей, жайдары мүнөзү жана башкаларга жардамдашууга дайым даяр болгондугу менен эсте калышкан.

Испаниялык Хосени да мисалга алып көрөлү. 1960-жылдары Испанияда Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынган кезде анын аялы жана үч кичинекей кызы бар болчу. Ал Барселонада туруктуу жумушта иштечү. Ошол жылдары Испаниянын түштүгүнө тажрыйбалуу аксакалдар керек болуп калат. Хосе жумушун таштап, үй-бүлөсү менен Малагага көчүп барган. Жумуш жок болгондуктан, аларга материалдык жактан көп кыйынчылыктарды кечирүүгө туура келген.

Ошондой болсо да Хосени берилген жубайы Кармел менен бирге кыздарын үлгүлүү тарбиялаган ишенүүгө татыктуу адам катары билишчү. Ошол аймакта жыйындарды уюштурууга көмөк керек болгондо, Хосе жардам берүүгө ар дайым даяр турчу. Өкүнүчтүүсү, ал 50дөн жаңы ашканда катуу оорудан көз жумган. Бирок ал ишенүүгө татыктуу, күжүрмөн аксакал, мээримдүү күйөө жана ата катары эсте калды.

А сен кандай адам катары эсте каласың? Эгер кечээ көз жумган болсоң, бүгүн башкалар сен жөнүндө эмне айтаар эле? Бул суроо бардыгыбызга кандай жашоо өткөрүп жатканыбыз тууралуу ойлонууга түрткү береттир.

Жакшы атка ээ болуу үчүн эмне кылышыбыз керек? Рухтун жемишин, маселен, сүйүү, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, момундук жана өзүн-өзү токтото билүү сапаттарын өстүрүүнүн үстүнөн ар дайым иштей берсек болот (Галаттыктарга 5:22, 23). Ооба, «жакшы ат жыпар жыттуу майдан, өлгөн күн туулган күндөн артык» (Насаатчы 7:1; Матай 7:12).

[5-беттеги сүрөт]

Абигейил акылдуулугу менен эсте калган.