Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага ишеним арт

Жахабага ишеним арт

Жахабага ишеним арт

«Сен менин үмүтүмсүң, Теңирим, Кудайым, жаш кезимден бери менСага ишенип келем!» (ЗАБУР 70:5).

1. Койчу бала Дөөт кайсы чакырыкты кабыл алган?

АНЫН бою үч метрдей эле. Андыктан Ысрайыл кошуунундагы бардык жоокерлердин аны менен кармашуудан коркушканы жөн жерден эмес. Пелиштилик алп Голийат бир канча жума бою эртең менен да, кечинде Ысрайыл аскерлерин маскаралап, алардан балбан чыгарууну талап кылган. Акырында ага каршы жоокер эмес, жаш жигит чыгат. Дөөт аттуу бул койчу бала душманынын алдында тырмактай эле болчу. Ал салмагы боюнча Голийаттын кийими менен курал-жарактарынан да жеңилирээк болсо керек эле! Ошого карабастан, ал алп адам менен жекеме-жеке кармашып, кылымдарга эржүрөктүктүн символуна айланган (1 Шемуел 17:1—51).

2, 3. а) Эмне үчүн Дөөт Голийатка каршы ишенимдүү чыга алган? б) Жахабага ишеним артуу максатында жасасак болорлук кайсы эки кадамды карап чыгабыз?

2 Дөөт эмнеден улам эржүрөк болгон? Ыйык Китептеги: «Сен менин үмүтүмсүң, Теңирим, Кудайым, жаш кезимден бери мен Сага ишенип келем!» — деген сөздөргө көңүл бурсаңар. Аларды, сыягы, улгайыңкы Дөөт жазса керек (Забур 70:5). Ооба, Дөөт жаш кезинен тартып Жахабага толук таянган. Голийатка каршы чыкканда, ал: «Сен мага каршы калкан, найза, кылыч менен келе жатасың, мен болсо сен шылдыңдаган Ысрайыл аскеринин Кудайынын, Себайот Теңирдин атынан келе жатам»,— деген (1 Шемуел 17:45). Голийат өзүнүн күчүнө жана курал-жарагына таянган, ал эми Дөөт Жахабага ишеним арткан. Голийат канчалык чоң болуп, канчалык жакшы куралданбасын, Дөөт тарапта ааламдын Эгедер Теңири турган. Анда ал адамдан эмнеге коркмок эле?

3 Дөөт жөнүндө окуган соң, Жахабага азыркыдан да күчтүүрөөк ишеним артууну каалаган жоксуңарбы? Көбүбүз эле кааласак керек. Келгиле анда, Жахабага ишеним артуу максатында кайсы эки кадамды жасасак болорун карап көрөлү. Биринчиден, андай ишеним артууга кедерги болгон тоскоолдукту жеңе билишибиз зарыл. Экинчиден, Жахабага таянууга эмне кирерин так билишибиз керек.

Жахабага ишеним артууга кедерги болгон тоскоолдукту жеңүү

4, 5. Эмне себептен Кудайга ишеним артуу көп адамдар үчүн оңойго турбайт?

4 Кудайга ишеним артууга адамдарга эмне тоскоолдук кылат? Негизинен, көптөрдү жамандыктардын эмне үчүн болуп жатканын билбегендиги маң кылат. Көп адамдарды азап-тозокторго Кудай жоопкер деп үйрөтүшөт. Кырсык-каргаша болгондо, дин кызматчылары курман болгондорду Кудай өзүнүн жанына асманга алып кетти деши мүмкүн. Андан тышкары, көптөгөн диний жетекчилер бул дүйнөдө болуп жаткан бардык окуяларды, анын ичинде бардык кырсыктарды жана жаман иштерди Кудай эбак эле маңдайыбызга жазып койгон деп окутушат. Анда мындай ташбоор Кудайга ким ишеним арта алсын? Ишенбегендердин акылын сокур кылган Шайтан «жиндердин [андай] окутууларынын» жайылышына абдан кызыкдар (1 Тиметейге 4:1; 2 Корунттуктарга 4:4).

5 Шайтан адамдардын Жахабага ишенбей калышын каалайт. Кудайдын бул душманы адамдардын эмне себептен азап тартарынын чыныгы себебин билишибизди каалабайт. А эгер ал себептерди Ыйык Жазмадан билген болсок, Шайтан аларды унутуп коюшубузду көксөйт. Ошондуктан азап чегүүлөрдүн дүйнөдө эмне үчүн болуп жатканынын негизги үч себебин мезгил-мезгили менен кайталап турганыбыз абзел. Ошентип, жүрөгүбүздү жашообуздагы кыйынчылыктар үчүн Кудай күнөөлүү эмес экенине ишендире алабыз (Филипиликтер 1:9, 10).

6. Кандайча 1 Петир 5:8 адамдардын азап чегүүсүнүн бир себебин көрсөтүп турат?

6 Адамдардын азап тартып жатканынын бир себеби Шайтандын Жахабага ишенимдүү адамдардын актыгын бузууну каалаганында. Ал Аюбдун актыгын бузууга аракеттенген. Кылган аракетинин ишке ашпаганына карабай, Шайтан багынып калган эмес. Бул дүйнөнүн башкаруучусу катары ал Жахабанын ишенимдүү кызматчыларын «жутуп жиберүүнү» көздөйт (1 Петир 5:8). Ал ар бирибизди жутуп жиберүүгө куштар! Шайтан биздин Жахабага кылган кызматыбызды токтоткусу келет. Андыктан бизди көптөгөн куугунтуктарга дуушар кылат. Мындай азап чегүү оңойго турбаса да, биз туруктуу болууну каалайбыз. Туруктуулугубуз Шайтандын жалганчы экенин далилдеп, Жахабаны кубантат (Аюб 2:4; Накыл сөздөр 27:11). Жахабанын куугунтукка туруштук берүүгө күч бергенин көрүп, ага болгон ишенимибиз артат (Забур 9:10, 11).

7. Галаттыктарга 6:7 бизге азап чегүүнүн кайсы себебин түшүнүүгө жардам берет?

7 Азап чегүүнүн экинчи себеби: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деген принципте көрсөтүлгөн (Галаттыктарга 6:7). Кээде адамдар туура эмес чечим чыгаруу менен сээп, натыйжада азап чегүүнү орушат. Мисалы, машинени абайлап айдабагандын натыйжасында адам кырсыкка кабылышы мүмкүн. Көптөр тамеки тартууну тандап, жүрөк оорусуна же өпкө рагына чалдыгышат. Адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүүнү тандагандар үй-бүлөлүк мамилелеринин бүлүнгөнүнөн, кадыр-баркын жоготуудан, жыныстык жол менен жугуучу оорулардан жана каалабаган кошбойлуулуктан азап тартышы ыктымал. Мындай азаптар үчүн адамдар Кудайды күнөөлөөгө аракеттениши мүмкүн, бирок алар чынында өздөрүнүн туура эмес чечимдеринин кесепеттерин көрүшүүдө (Накыл сөздөр 19:3).

8. Насаатчы 9:11ге ылайык, адамдар эмне үчүн азап чегишет?

8 Азап чегүүнүн үчүнчү себеби Насаатчы 9:11де көрсөтүлөт: «Мен күн астында муну көрдүм: жарышта жеңип чыгуу күлүктөргө эле, жеңишке жетүү эр жүрөктөргө эле, нан акылмандарга эле, байлык акылдууларга эле, ылым табуу билимдүүлөргө эле тиешелүү эмес экен, бардыгынын өз убагы, өз учуру бар экен». Кээде адамдар тек гана ылайыксыз жерде ылайыксыз учурга кабылып калышат. Күчтүүбүзбү же алсызбызбы, азап-тозокко же өлүмгө ар бирибиз күтүүсүздөн дуушар болуп калышыбыз мүмкүн. Мисалы, Ыйсанын убагында Иерусалимде мунара кулап, 18 адам набыт болгон. Ыйса аларды Кудай күнөөлөрү үчүн жазалабаганын көрсөткөн (Лука 13:4). Ооба, мындай азап чегүүлөр үчүн Жахабаны күнөөлөөгө болбойт.

9. Азап чегүүгө байланыштуу көп адамдар эмнени түшүнө алышпайт?

9 Азап чегүүнүн айрым себептерин түшүнүү маанилүү. Бирок бул маселеге байланышкан жана көптөр үчүн түшүнүксүз болгон бир суроо бар. Адамдар: «Жахаба Кудай азап чегүүгө эмне үчүн жол берип жатат?» — деп сурашат.

Жахаба азап чегүүгө эмне үчүн жол берип жатат?

10, 11. а) Римдиктерге 8:19—22-аяттарга ылайык, «жаратылгандын бардыгы» эмне болгон? б) Жаратылгандын бардыгын курулай убаракерчиликке ким баш ийдиргенин кантип биле алабыз?

10 Бул маанилүү суроого элчи Пабылдын римдиктерге жазган катындагы бир үзүндү жарык чачат. Пабыл мындай деп жазган: «Жаратылгандын бардыгы Кудайдын балдарынын айкын болуусун чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Себеби жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке өз каалоолору менен эмес, өздөрүн баш ийдиргендин каалоосу боюнча баш ийишкен. Анткени жаратылгандын бардыгынын жок болуу кулдугунан Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине чыгабыз деген үмүтү бар. Анткени жаратылгандын бардыгы ушул убакка чейин чогуу онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатканын билебиз» (Римдиктерге 8:19—22).

11 Бул аяттардын маанисин түшүнүү үчүн, адегенде айрым суроолордун жообун билишибиз зарыл. Мисалы, жаратылгандын бардыгын курулай убаракерчиликке ким баш ийдирген? Кээ бирөөлөр Шайтанды, башкалар Адам атаны аташат. Бирок экөө тең анте алмак эмес. Эмне үчүн? Себеби жаратылгандын бардыгын курулай убаракерчиликке баш ийдирген бирөө аларга үмүт берип баш ийдирген. Ооба, ал ишенимдүү болгондорго «жок болуу кулдугунан» акыр-түбү бошонууга үмүт берет. Адам да, Шайтан да андай үмүттү сунуш кыла алышмак эмес. Аны Жахаба гана сунуш кыла алмак. Демек, жаратылгандын бардыгын курулай убаракерчиликке Кудай баш ийдирген.

12. «Жаратылгандын бардыгы» дегендин маанисине байланыштуу кандай туура эмес түшүнүк бар жана анын чындыгы кандай?

12 Бул үзүндүдөгү «жаратылгандын бардыгы» деген эмнени билдирет? Айрымдар бул сөздөр бүт табиятка, анын ичинде жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүнө тиешелүү дешет. Бирок жаныбарлар менен өсүмдүктөр «Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине чыгууга» үмүттөнөбү? Жок (2 Петир 2:12). Демек, «жаратылгандын бардыгы» адамзатты гана билдире алат. Жаратуулардын ичинен адамдар Эйдендеги козголоңдун айынан күнөө менен өлүмгө моюн сунуп, үмүткө зар болуп жатышат (Римдиктерге 5:12).

13. Эйдендеги козголоң адамзатты эмнеге алып келген?

13 Ал козголоң адамзатты чындыгында эмнеге алып келген? Анын натыйжаларын Пабыл «курулай убаракерчилик» деп сүрөттөйт. Бир маалымдама эмгекке ылайык, бул сөздөр «башында ойлонуштурулгандай кызмат аткарбаган нерсенин убаракерчилигин» туюнтат. Кудайдын ой-ниети боюнча, адамдар жеткилең, бирдиктүү үй-бүлө катары чогуу эмгектенип, жер жүзүндөгү бейишке кам көрүп, түбөлүк жашашы керек болчу. Тилекке каршы, алар кыска, азаптуу жана көп учурда маңызсыз жашоо өткөрүп келишет. Аюб айткандай, «аялдан туулган адамдын өмүрү кыска жана азапка толгон» (Аюб 14:1). Бул, чынында эле, курулай убаракерчилик да!

14, 15. а) Жахабанын адамзатка чыгарган өкүмүнөн адилеттиктин кандай далилин көрө алабыз? б) Эмне үчүн Пабыл жаратылгандын бардыгынын курулай убаракерчиликке «өз каалоолору менен» баш ийип калбаганын айткан?

14 Эми төмөнкүдөй негизги суроого келип такалабыз: «„Бүткүл жер жүзүнүн Соту“ адамзатты ушундай азаптуу, маңызсыз жашоого эмне үчүн баш ийдирген?» (Башталыш 18:25). Бул адилеттикке жатканбы? Эң биринчи ата-энебиздин эмне кылганын эстесеңер. Кудайга каршы чыгуу менен алар Жахабанын эгедерлигине шек келтирген Шайтан тарапты ээлешкен. Алар өздөрүнүн иш-аракеттери менен козголоңчул рухий жаратуунун жетеги астында адамдар өздөрүн ийгиликтүү башкарып, Жахабасыз жакшы жашай алышат деген ырастоону колдошкон. Жахаба козголоңчуларга өкүм чыгаруу менен, чынында, аларга өздөрүнүн сураганын берген. Ал адамдарга Шайтандын таасири астында өздөрүн башкарып жашашына жол берген. Ошондой жагдайда адамзатты үмүтсүз калтырбай, курулай убаракерчиликке баш ийдирүүдөн башка дагы кандай чечим адилеттүү болушу мүмкүн эле?

15 Албетте, жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликке «өз каалоолору менен» баш ийип калган эмес. Биз төрөлгөндө эле күнөө менен өлүмгө кул болуп төрөлөбүз жана бөлөкчө жашоону тандап алууга эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок Жахаба ырайымдуулугунан Адам менен Обого өмүрлөрүнүн аягына чейин жашап, тукум калтырышына жол берген. Биз, алардын урпактары, күнөө менен өлүмдүн курулай убаракерчилигине баш ийсек да, бизде Адам менен Обо кылбай койгон нерсени кылууга мүмкүнчүлүк бар. Биз Жахабага тил алып, анын башкаруусу адил жана эң туура экенин, ал эми адамдардын Жахабасыз башкаруусу азап-кайгы, бактысыздык жана курулай убаракерчилик гана алып келерин биле алабыз (Жеремия 10:23; Аян 4:11). А Шайтандын таасири жагдайды ого бетер курчутат. Мунун калетсиздигин адамзат тарыхы тастыктап турат (Насаатчы 8:9).

16. а) Жахабанын дүйнөдөгү азап-тозокторго жооптуу эмес экенине эмне үчүн шектенбейбиз? б) Жахаба сүйүүсүнөн улам ишенимдүү адамдарга кандай үмүт берүүдө?

16 Жахабанын адамзатты курулай убаракерчиликке орчундуу себептер менен баш ийдиргени талашсыз. Бирок бул бүгүнкү күндө ар бирибиздин башыбызга түшкөн курулай убаракерчиликтин жана азап-тозоктордун себепкери Жахаба экенин билдиреби? Мисалы, кылмышкерге адилеттүү өкүм чыгарган судьяны алып көрөлү. Кесилген адам жазасын тартып абакта отурганда бир топ азап чегиши мүмкүн, бирок ошол кыйынчылыгына судьяны себепкер деп эсептеп, аны адилеттүү түрдө айыптай алабы? Албетте, жок. Анан да, Жахаба эч качан жамандык кылбайт. Жакып 1:13тө: «Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт»,— деп айтылат. Ошондой эле Жахабанын ал өкүмдү чыгарууда адамзатка үмүт бергенин унутпайлы. Ал сүйүүсүнөн улам Адам менен Обонун ишенимдүү урпактарынын курулай убаракерчиликтин аягын көрүшүнө жана «Кудайдын балдарынын даңктуу эркиндигине» жетишине кам көргөн. Болочокто ишенимдүү адамдар жаратылгандын бардыгы курулай убаракерчиликтин азаптуу абалына кайрадан түшпөйбү деп эч качан тынчсызданышпайт. Жахабанын жагдайды адилеттик менен чечиши анын эгедерлигинин мыйзамдуулугун түбөлүккө далилдейт (Ышайа 25:8).

17. Дүйнөдөгү азап чегүүнүн себептерин карап чыгуу бизге кандай таасир этиши керек?

17 Адамзаттын азап чегүүсүнө байланышкан себептерди карап чыгуу менен биз жамандыктар үчүн Жахабаны күнөөлөөгө же ага ишенбей калууга негиз көрүп жатабызбы? Тескерисинче, мындай изилдөө бизге Мусанын: «Ал — таяныч. Анын иштери жеткилең, Анын жолдору чындык. Кудай ишенимдүү, Анда адилетсиздик жок. Ал — акыйкат, Ал — чындык»,— деген сөздөрүнө ортоктош болууга түрткү берет (Мыйзам 32:4). Бул маселелердин үстүнөн ой жүгүртүп, алар тууралуу окуп билгендерибизди мезгил-мезгили менен кайталап турганыбыз абзел. Ошондо, сыноолорго дуушар болгонубузда, акылыбызга шек саноолорду себүүгө аракет кылган Шайтанга каршы тура алабыз. Ал эми макаланын башында айтылып өткөн экинчи кадам жөнүндө эмне айтууга болот? Жахабага таянууга эмнелер кирет?

Жахабага таянуу деген эмнени билдирет?

18, 19. Ыйык Китеп бизди кандай сөздөр менен Жахабага таянууга чакырат жана буга байланыштуу кээ бирөөлөр кандай туура эмес түшүнүктөргө ээ?

18 Кудайдын Сөзү бизди: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолуңда Кудайды таанып бил [«көңүлүңө ал», ЖД], ошондо Ал сени түз жолго салат»,— деп чакырат (Накыл сөздөр 3:5, 6). Кандай жагымдуу, жубатарлык сөздөр! Бүт аалам боюнча асмандагы сүйүктүү Атабыздай ишеним артарлык эч ким жок экени анык. Бирок Накыл сөздөрдөгү чакырыкты окуп коюу оңой болгону менен, аны иш жүзүнө ашыруу оңойго турбашы мүмкүн.

19 Жахабага таянуу дегендин маанисин көптөр туура эмес түшүнөт. Кээ бирөөлөр мындай таянуу тек гана жүрөгүбүздө пайда боло калган сезимди, бакытты туюуну билдирет деп ойлошот. Башкалар Кудайга таянуу деген анын бизди бардык жамандыктардан коргой турганына, көйгөйлөрүбүздүн баарын жок кыларына, күнүмдүк кыйынчылыктарыбызды биз ойлогондой чечерине (болгондо да заматта чечип коёруна) ишене аларыбызды билдирет деп эсептешет. Бирок мындай түшүнүктөр негиздүү эмес. Кудайга таянуу сезим менен эле байланышкан нерсе эмес жана өз ичине аткарылбас үмүттөрдү камтыбайт. Кудайга таянган адамдар аң-сезимдүү, негиздүү чечим чыгарышат.

20, 21. Жахабага таянууга эмнелер кирет? Мисал менен түшүндүргүлө.

20 Накыл сөздөр 3:5ке кайрадан көңүл бурсаңар. Анда Жахабага таянуу өзүбүздүн акылыбызга таянууга карама-каршы коюлат да, бир эле учурда Кудайга да, өзүбүзгө да таянуу мүмкүн эмес экени көрсөтүлөт. Бул өзүбүздүн акыл жөндөмдүүлүгүбүздү колдонууга болбойт дегенди билдиреби? Жок, анткени бизге андай жөндөмдүүлүктү Жахаба өзү берген жана аны кызмат кылуубузда колдонушубузду каалайт (Римдиктерге 12:1). Бирок биз эмнеге таянабыз же эмнеден үмүттөнөбүз? Эгерде ой жүгүртүүбүз Жахабанын ой жүгүртүүсүнө дал келбесе, анын акылмандыгы өзүбүздүкүнөн чексиз жогору турарын моюнга алабызбы? (Ышайа 55:8, 9). Жахабага таянуу анын ой жүгүртүүсүнүн биздин ой жүгүртүүбүздү жетектешине жол берүүнү билдирет.

21 Мисалга машинеде бараткан кичинекей баланы алып көрөлү. Ата-энеси алдыда, өзү артта отурат. Атасы рулда. Жолдо кыйынчылык пайда болгондо, маселен, жолдон адашып калышканда, аба ырайы бузулганда же жол шарттары начар болгондо, ата-энесине ишенген тил алчаак бала эмне кылат? Артта отуруп алып, атасына машинени тигинтип айда, минтип айда деп көрсөтмө береби? Ата-энесинин чечимине шектенеби же курду чечпей отурууну эске салышканда, каршы болобу? Жок, ал табиятынан ата-энесинин (алар жеткилеңсиз болушса да) мындай кыйынчылыктарды чече аларына ишенет. Жахаба — биздин жеткилең Атабыз. Айрыкча, оор жагдайга дуушар болгондо, Ага толугу менен таянышыбыз керек эмеспи? (Ышайа 30:21).

22, 23. а) Кыйынчылыктарга дуушар болгондо, эмне үчүн Жахабага таянышыбыз керек жана кантип? б) Кийинки макалада эмне талкууланат?

22 Бирок Накыл сөздөр 3:6да Жахабаны оор учурларда эле эмес, «бардык жолубузда... көңүлгө алышыбыз» керектиги айтылат. Жашообузда күн сайын чыгарган чечимдерибиз Жахабага таянарыбызды көрсөтүп турушу кажет. Кандайдыр бир кыйынчылыктар пайда болгондо, ындыныбызды өчүрбөөгө, дүрбөлөңгө түшпөөгө же Жахаба жагдайды чечүүгө эң сонун жол көрсөтүп, жетекчилик бергенде, каршы болбоого тийишпиз. Биз сыноолорду Жахабанын эгедерлигин колдоонун, Шайтандын жалганчы экенин далилдөөгө салым кошуунун, ошондой эле тил алчаактык жана Жахабага жагарлык башка сапаттарды өрчүтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү катары көрүшүбүз зарыл (Эврейлерге 5:7, 8).

23 Алдыбызда кандай гана тоскоолдуктар турбасын, биз Жахабага таянарыбызды көрсөтө алабыз. Муну биз тиленүүлөрүбүз менен, Жахабанын Сөзүнөн жана уюмунан жетекчилик издегенибиз менен көрсөтөбүз. Бирок бүгүнкү дүйнөдө пайда болгон кыйынчылыктарга туш болгонубузда, Жахабага таянарыбызды кантип көрсөтсөк болот? Бул суроо эмки макалада каралмакчы.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабага ишеним артканын Дөөт кантип көрсөткөн?

• Бүгүн адамдар кайсы үч себептен улам азап тартышат жана эмне үчүн аларды мезгил-мезгили менен кайталап турганыбыз абзел?

• Жахаба адамзатка кандай өкүм чыгарган жана эмне үчүн ал өкүмү адилеттүү болгон?

• Жахабага таянууга эмнелер кирет?

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги сүрөт]

Дөөт Жахабага ишеним арткан.

[24-беттеги сүрөт]

Ыйса Иерусалимдеги мунаранын адамдарды басып калганына Жахабанын күнөөлүү болбогонун көрсөткөн.