Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба бизден эмне талап кылат?

Жахаба бизден эмне талап кылат?

Жахаба бизден эмне талап кылат?

«Теңир сенден эмнени талап кылып жатканы сага айтылган: адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо [«жөнөкөйлүк менен жүрүү», МАК]» (МИХЕЙ 6:8).

1, 2. Жахабанын кээ бир кызматчыларынын көңүлү эмне үчүн чөгүшү мүмкүн жана аларга эмне жардам бере алат?

ЖАШЫ 75терге барып калган, денсоолугу начар Вера — Ыйсанын ишенимдүү жолдоочусу. Ал мындай дейт: «Кээде терезеден рухий биртуугандарымдын үйдөн үйгө кабар айтып жүргөнүн көргөндө, көзүмө жаш тегеренет. Себеби алар менен бирге болгум келет, бирок оорумдун айынан Жахабага чектелүү эле кызмат кыла алам».

2 Сенде да ушундай сезим болду беле? Албетте, Жахабаны сүйгөндөрдүн баары анын ысмы менен жүрүп, анын талаптарына жооп берүүнү каалайт. Бирок денсоолугубуз начар болсо, жашыбыз өр тартып калса же үй-бүлөлүк милдеттерибиз бар болсо, анда кандай болот? Бул көңүлүбүздү чөктүрүшү мүмкүн, анткени андай шарттар Кудайдын кызматында жүрөгүбүз каалагандын баарын кылууга жол бербеши ыктымал. Мындай жагдайга дуушар болуп жаткандар Михей китебинин 6, 7-баптарын карап чыгуудан зор күч-кубат ала алышат. Бул баптар Жахабанын талаптарынын акылга сыярлык экенин жана аларды аткара аларыбызды көрсөтүп турат.

Кудайдын өз элине жасаган мамилеси

3. Жахаба козголоңчул ысрайылдыктарга кандай мамиле кылат?

3 Келгиле, адегенде Михей 6:3—5-аяттарга назар салып, Жахабанын өз элине кандай мамиле кыларын байкап көрөлү. Михейдин убагында ысрайылдыктардын козголоңчул болгонун эстесеңер. Ошого карабастан, Жахаба боор ооруп, аларга «элим» деп кайрылат. «Элим... эстечи»,— деп өтүнөт ал. Каардуу айыптагандын ордуна, Кудай алардан: «Мен сага эмне кылдым?» — деп сурап, жүрөктөрүн козгоого аракеттенет. Атүгүл аларды Өзүнө «каршы көрсөтүү берүүгө» (ЖД) чакырат.

4. Кудайдын боор ооругандык сапаты бизге кандай таасир этиши керек?

4 Кудай бизге кандай сонун үлгү көрсөтүүдө! Ал боор ооругандык менен Михейдин күндөрүндөгү козголоңчул ысрайылдыктар менен жүйүттөрдү «элим» деп атап, аларга өтүнүч менен кайрылган. Биз да жыйналышыбыздагыларга боор ооруй билип, кайрымдуулук көрсөтүшүбүз керек. Ырас, кээ бирөөлөр менен тил табышуу оңойго турбашы же алар рухий жактан алсыз болушу мүмкүн. Бирок, эгер алар Жахабаны сүйсө, биз аларга жардам берүүнү, боор ооругандык менен мамиле жасоону каалайбыз.

5. Михей 6:6, 7-аяттарда кайсы негизги ой баса белгиленет?

5 Эми Михей 6:6, 7-аяттарга кайрылалы. Михей төмөнкүдөй олуттуу суроолорду берет: «Теңирдин алдында мен эмне менен келем, Асмандагы Кудайдын алдында эмне менен таазим кылам? Анын алдына бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен, бир жашар букачарлар менен келмек белем? Бирок миңдеген койлор менен, оң миңдеген дарыядай аккан зайтун майлары менен Теңирге жагууга болобу? Өзүмдүн кылмышым үчүн Ага тун уулумду, өз жанымдын күнөөсү үчүн ичимден чыккан баламды бермек белем?» Жок, Жахабага «миңдеген койлор менен, оң миңдеген дарыядай аккан зайтун майлары менен» жагууга болбойт. Бирок ага башка бир нерсе менен жагууга болот. Ал эмне?

Адилет иштерди кылышыбыз керек

6. Михей 6:8де Кудайдын кайсы үч талабы жөнүндө айтылат?

6 Михей 6:8ден Жахабанын бизден эмнелерди талап кыларын биле алабыз. Михей: «Теңир сенден эмне талап кылып жатканы сага айтылган: адилет иштерди кылуу, кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү жана өз Кудайыңдын алдында акылмандык менен моюн сунуп жашоо [«жөнөкөйлүк менен жүрүү», МАК]»,— дейт. Бул үч талаптын сезимдерибизге, ой жүгүртүүбүзгө жана иш-аракеттерибизге катышы бар. Бул сапаттарды чагылдырууга сезимдерибиз түрткү бериши керек, ошондой эле ал сапаттарды кантип көрсөтө аларыбызды ойлонууга жана аларды көрсөтүү үчүн иш-аракет кылууга тийишпиз. Келгиле, бул үч талапты өз-өзүнчө карап чыгалы.

7, 8. а) «Адилет иштерди кылуу» деген эмнени билдирет? б) Михейдин күндөрүндө кандай адилетсиз иштер кеңири кулач жайган?

7 «Адилет иштерди кылуу» деген туура иштерди жасоону билдирет. Кудай ар дайым адилеттик менен иш кылат. Бирок Михейдин замандаштары адилет эмес, адилетсиз иштерди кылып жатышат. Кантип? Михей 6:10ду карап көрөлү. Бул аятта соодагерлердин «азайтылган... ченемди» колдонору жөнүндө айтылат. 11-аятта алардын «туура эмес кадак таштарды» колдонору көрсөтүлөт. Ал эми 12-аятка ылайык, «алардын ооздорундагы тили алдамчы». Демек, адилетсиз ченем, туура эмес тараза жана калп сүйлөө Михейдин убагындагы коммерциялык дүйнөдө кеңири кулач жайган.

8 Адилетсиз иштер базарда эле эмес, сотто да жасалып жатат. Михей 7:3тө «жетекчинин белек талап кылары, соттун пара алып соттоору» көрсөтүлөт. Айыпсыз адамдарга адилетсиз өкүм чыгарылсын үчүн, сотторго пара беришүүдө. «Төрөлөр», атап айтканда, таасирдүү кишилер өздөрү баш болуп кылмыш кылышууда. Михей билдиргендей, ал тургай жетекчи, сот, төрөлөр өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин «эшип» (ЖД), башкача айтканда, макулдашышып жүзөгө ашырып жатышат.

9. Мыйзамсыздардын адилетсиз иштери Жүйүт менен Ысрайылга кандай таасир тийгизүүдө?

9 Мыйзамсыз башчылардын адилетсиз иштери бүтүндөй Жүйүт менен Ысрайылга таасирин тийгизип жатат. Михей 7:5те көрсөтүлгөндөй, адилеттүүлүктүн жоктугу достордун, жоро-жолдоштордун, жадагалса жубайлардын бири-бирине ишенбей калышына алып келүүдө. 6-аят мунун айынан уул менен ата, кыз менен эне сыяктуу жакын туугандардын ортосунда жек көрүү пайда болорун көрсөтүп турат.

10. Адилетсиздик өкүм сүргөн азыркы чөйрөдө Ыйсанын жолдоочулары өздөрүн кандай алып жүрүшөт?

10 Биздин убак жөнүндө эмне айтууга болот? Андай шарттар азыр да өкүм сүрүп жаткан жокпу? Михейге окшоп, биз адилеттүүлүктүн жоктугун, адамдардын бири-бирине ишенбей калганын, коомдук жана үй-бүлөлүк жашоонун начарлап баратканын байкап жатабыз. Бирок биз бул адилетсиз дүйнөдө жашап жаткан Кудайдын кызматчылары катары дүйнөнүн адилетсиздик рухунун жыйналышка таасир этишине жол бербейбиз. Анын ордуна, чынчылдык жана актык принциптерине карманып, аларды күндөлүк турмушубузда чагылдырууга умтулабыз. Биз «өзүбүздү бардык нерседе туура алып жүрүүгө аракеттенебиз» (Эврейлерге 13:18). Адилет иштерди кылуу менен биз бири-бирине чындап ишенген биртуугандыкта мол баталарга ээ болуп жатканыбызга кошулбайсыңарбы?

Адамдар «Теңирдин үнүн» кантип угуп жатышат?

11. Михей 7:12 кантип аткарылууда?

11 Михей, адилетсиздиктин өкүм сүрүп турганына карабай, бардык адамдардын адилеттикке жетери тууралуу пайгамбарлык кылган. Пайгамбар Жахабага сыйынуу үчүн «деңизден деңизге чейинки, тоодон тоого чейинки» адамдардын чогуларын алдын ала айтат (Михей 7:12). Бүгүн бул пайгамбарлыктын акыркы аткарылышына ылайык, беткарамалыгы жок Кудайдын адилеттигинен бир эле эл эмес, бардык элдердин адамдары пайда алып жатышат (Ышайа 42:1). Кандайча?

12. Жахабанын үнү бүгүн кантип угулуп жатат?

12 Жогорудагы суроого жооп алуу үчүн, Михейдин андан мурунку сөздөрүн карап көрөлү. Михей 6:9да: «Теңирдин үнү шаарга чакырып жатат, акылмандуулук Сенин ысымыңдын алдында коркуп турат»,— деп айтылат. Кандайча бардык элдердин адамдары «Теңирдин үнүн» угуп жатышат жана мунун адилет иштерди кылуу менен кандай байланышы бар? Албетте, бүгүн адамдар Кудайдын үнүн түзмө-түз угушпайт. Бирок биздин бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишибиз аркылуу Жахабанын үнү бардык улуттарга жана адамдардын бардык катмарларына угулуп жатат. Натыйжада ал үндү уккандар «Кудайдын ысымынын алдында коркуп», аны жогору урматташууда. Ооба, Падышалыктын ынталуу жарчылары катары кызмат кылып, биз адилеттик жана сүйүү көрсөтөбүз. Беткарамалык кылбай, Кудайдын ысмын баарына билдирүү менен биз «адилет иштерди кылып» жатабыз.

Кайрымдуулукту жакшы көрүшүбүз керек

13. Туруктуу боорукердик менен сүйүүнүн ортосунда кандай айырма бар?

13 Эми Михей 6:8деги экинчи талапты карап көрөлү. Жахаба бизден «кайрымдуулук иштерин жакшы көрүшүбүздү» талап кылат. «Кайрымдуулук» деп которулган эврей сөзү «туруктуу боорукердик» же «өзгөрүлбөс сүйүү» деп да которулат. Туруктуу боорукердик — бул башкалардын камын ойлоо, аларга боор ооруп тынчсыздануу. Туруктуу боорукердик сүйүү сапатынан айырмаланат. Эмнеси менен? Сүйүү — бул кеңири түшүнүк, ал буюмдар менен нерселерге карата да колдонула берет. Мисалы, Ыйык Жазмада адамдын «акылмандыкты сүйөрү» жана «дүйнөдөгүнү сүйөрү» көрсөтүлөт (Накыл сөздөр 29:3; 1 Жакан 2:15). Туруктуу боорукердик болсо ар дайым адамдарга, айрыкча, Кудайдын кызматчыларына карата колдонулат. Андыктан Михей 7:20да «Ыбрайымга [Жахаба Кудайга кызмат кылган адамга] туруктуу боорукердик» (ЖД) көрсөтүлгөнү жөнүндө айтылат.

14, 15. Туруктуу боорукердик кандайча көрсөтүлөт жана буга карата кандай далил каралды?

14 Михей 7:18де пайгамбар Кудайдын «ырайым кылганды [«туруктуу боорукердик көрсөткөндү», ЖД] жакшы көрөрүн» айтат. Ал эми Михей 6:8де биз кайрымдуулук (туруктуу боорукердик) көрсөтүүгө эле эмес, ал сапатты жакшы көрүүгө чакырылабыз. Бул аяттар бизди эмнеге үйрөтөт? Туруктуу боорукердикти биз даярдуулук менен, өзүбүз каалап көрсөтөбүз. Жахабага окшоп, биз муктаж болгондорго туруктуу боорукердик көрсөтүүнү жакшы көрөбүз.

15 Бүгүн Кудайдын эли ушундай туруктуу боорукердиги менен айырмаланып турат. Муну бир эле мисалдан көрүүгө болот. 2001-жылы июнда тропикалык катуу шамалдан улам АКШдагы Техас штатын суу каптап, миңдеген үйлөргө, анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнө таандык жүздөгөн үйлөргө залал келтирилген. Жардамга муктаж рухий биртуугандарына колкабыш кылуу үчүн, 10 000дей Күбө өздөрүнүн убактысын, күчүн аябай, даярдуулук менен акысыз иштешкен. Ыктыярдуу кызматчылар жарым жылдан ашыгыраак убакыт бою күндөп-түндөп, дем алыш күндөрү да талыкпай эмгектенип, 8 Падышалык залын жана ишенимдештеринин 700дөн ашык үйүн калыбына келтиришкен. Мындай жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор тамак-аш, акча жана жашоо-турмушка эң зарыл нерселерди тартуу кылышкан. Ошол миңдеген Күбөлөр ишенимдештерине эмне себептен жардамга келишкен? Себеби алар «кайрымдуулук иштерин жакшы көрүшөт». Туруктуу борукердик менен жасалган мындай иштерди биздин биртуугандардын дүйнө жүзү боюнча кылып жатканын билүү кандай кубанычтуу! Ооба, «кайрымдуулук иштерин жакшы көрүү» талабы жүк эмес, тескерисинче, кубаныч тартуулайт!

Кудайдын алдында жөнөкөйлүк менен жүрүү

16. Кудайдын алдында жөнөкөйлүк менен жүрүүнүн зарылдыгын кайсы мисал баса белгилеп турат?

16 Михей 6:8деги үчүнчү талап — «Кудайыңдын алдында жөнөкөйлүк менен жүрүү». Бул өз мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин жана Кудайдан көзкаранды экенибизди моюнга алууну билдирет. Мисал үчүн: катуу шамал болуп жатканда атасынын колун бекем кармап бараткан кичинекей кызды элестетсеңер. Кыз өзүнүн күчү аз экенин жакшы билет, бирок атасына таянат. Биз да мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин билип, асмандагы Атабызга таянышыбыз керек. Кудайга таянууга бизге эмне жардам бере алат? Алсак, Кудай менен жакын мамиледе болуу эмне үчүн акылмандыкка жатарын эсибизде сактаганыбыз. Михей мунун үч себебин эсибизге салат: Жахаба — биздин Куткаруучубуз, Жетектөөчүбүз жана Коргоочубуз.

17. Кантип Жахаба байыркы убактагы элин куткарып, жетектеп жана коргоп жүргөн?

17 Михей 6:4, 5-аяттарга ылайык, Кудай: «Мен сени Мисир жеринен алып чыктым»,— дейт. Ооба, Жахаба Ысрайылдын Куткаруучусу болгон. Андан ары Жахаба: «Сенин алдыңа Мусаны, Арунду жана Мириямды жибердим»,— деп айтат. Муса менен Арунду Кудай элди жетектеп жүрүүгө колдонгон, ал эми Мириям ысрайыл аялдарын жеңиш бийинде баштаган (Чыгуу 7:1, 2; 15:1, 19—21; Мыйзам 34:10). Жахаба өзүнүн кызматчылары аркылуу жетекчилик берген. 5-аятта Жахаба ысрайыл элин Балак менен Биламдан коргогонун жана Мааптагы Шиттимден Убадаланган жердеги Гилгалга чейинки жолдо, алардын жер кезүүсүнүн акыркы бөлүгүндө ысрайылдыктарды калкалап жүргөнүн эске салат.

18. Кандайча Кудай биздин Куткаруучубуз, Жетектөөчүбүз жана Коргоочубуз?

18 Кудай менен жүрсөк, ал бизди Шайтандын дүйнөсүнөн куткарат, өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу жетектейт. Ошондой эле каршылаштарыбыздын кол салуусуна дуушар болгонубузда, бизди бүтүндөй эли катары коргойт. Ошондуктан байыркы Убадаланган жерден алда канча сонун боло турган Кудайдын адилеттүү жаңы дүйнөсүнө тарткан сапарыбыздын акыркы бөлүгүндө асмандагы Атабыздын колун бекем кармап жүрүшүбүзгө орчундуу негиз бар.

19. Жөнөкөйлүк сапатынын чектелүү мүмкүнчүлүктөрүбүз менен кандай байланышы бар?

19 Кудайдын алдында жөнөкөйлүк менен жүрүү бизге жагдай-шартыбызга реалдуу кароого жардам берет. Анткени жөнөкөй болуу мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин түшүнүүнү да камтыйт. Карылык же начарлап бараткан денсоолук Жахабага кылган кызматыбызды чектеши мүмкүн. Бирок, мунун айынан ындыныбызды өчүрбөй, Кудай иш-аракеттерибизди жана курмандыктарыбызды «колубузда жок нерсеге жараша эмес, колубузда болгон нерсеге жараша» кабыл аларын унутпаганыбыз абзел (2 Корунттуктарга 8:12). Ырас, Жахаба ага чын жүрөктөн шартыбызга жараша кызмат кылышыбызды каалайт (Колостуктарга 3:23). Кызматыбызды колубуздан келишинче дилгирлик жана ынталуулук менен аткарсак, Кудай батасын мол берет (Накыл сөздөр 10:22).

Күтө билүү баталарды алып келет

20. Эмнени эсибизден чыгарбоо Михейге окшоп күтө билишибизге жардам берет?

20 Жахабанын батасын алуу бизге Михейдикиндей маанайда болууга түрткү берет. Михей: «Мен куткаруумдун Кудайын күтөм»,— дейт (Михей 7:7, МАК). Бул сөздөрдүн Кудайдын алдында жөнөкөй болушубузга кандай катышы бар? Күтө билүү, башкача айтканда, чыдамкайлык бизге Жахабанын күнү али келе электигинен улам чөкпөөгө жардам берет (Накыл сөздөр 13:12). Баарыбыздын бул каардуу дүйнөнүн акырын чыдамсыздык менен күтүп жатканыбыз эч кимге жашыруун эмес. Бирок Кудай менен жүргөндөрдүн катарына апта сайын миңдеген жаңы адамдар кошулууда. Бул күтө билишибизге негиз боло алат. Буга байланыштуу көптөн бери Кудайга кызмат кылып келген бир Күбө: «Артка кылчайып, кабар айтуу ишине 55 жылдан бери катышып келатканымды эстегенде, Жахабаны күтүүдөн эчтеке жоготпогонума ынанам. Тескерисинче, өзүмдү көптөгөн кайгы-капалардан сактадым»,— деп айткан. Бул ойго ортоктошсуңарбы?

21, 22. Михей 7:14 бүгүнкү күндө кантип аткарылып жатат?

21 Жахаба менен жүрүү бизге пайдалуу экени талашсыз. Михей 7:14тө көрсөтүлгөндөй, Михей Кудайдын элин өздөрүнүн койчусу менен коопсуз жашаган койлорго салыштырат. Бүгүн бул пайгамбарлыктын кеңирирээк аткарылышына ылайык, рухий Ысрайылдын калдыгы, ошондой эле «башка койлор» өздөрүнүн Койчусу Жахабага таянып, аны менен коопсуздукта жашашат. Алар барган сайын кооптуу жана коркунучтуу болуп бараткан бул дүйнөдөн рухий жактан бөлүнүп, «Кармелдин ортосундагы токойдо обочо» жашашат (Жакан 10:16; Мыйзам 33:28; Жеремия 49:31; Галаттыктарга 6:16).

22 Михей 7:14тө алдын ала айтылгандай, Жахабанын эли гүлдөп жатат. Кудайдын койлору, атап айтканда, эли жөнүндө Михей: «Алар Башан менен Гилатта... оттоп жүрүшсүн!» — дейт. Башан менен Гилатта койлор оттуу жайыттарда оттоп жүргөндөй, Кудайдын эли бүгүн рухий жактан гүлдөп жатат. Бул — Кудайдын алдында жөнөкөйлүк менен жүргөндөргө тийип жаткан дагы бир бата (Сандар 32:1; Мыйзам 32:14).

23. Михей 7:18, 19-аяттарды карап чыгуудан кандай сабак алсак болот?

23 Михей 7:18, 19-аяттарда пайгамбар Жахабанын өкүнгөндөрдү кечирүүнү каалаарын баса белгилейт. 18-аятта Жахаба «мыйзамсыздыкты кечирген» жана «кылмыштарды айыпка койбогон» Кудай катары сүрөттөлөт. Ал эми 19-аятка ылайык, ал «биздин күнөөлөрүбүздү деңиздин түпкүрүнө таштайт». Мындан кандай сабак алсак болот? Биз өзүбүздөн: «Бул жагынан Жахабаны туурап жатамбы? Башкалар мени таарынтканда, аларды кечиремби?» — деп сурасак болот. Алар өкүнүп, ортодогу мамилени жөнгө салууга аракеттенгенде, биз аларды, Жахабага окшоп, толугу менен, биротоло кечирүүгө даяр болууну каалайбыз.

24. Михейдин пайгамбарлыгынан өзүңөргө кандай пайда алдыңар?

24 Михейдин пайгамбарлыгын талдоодон өзүбүзгө кандай пайда алдык? Ал пайгамбарлык Жахабанын ага жакындагандарга чыныгы үмүт берерин эсибизге салды (Михей 2:1—13). Биз Кудайдын ысмы менен түбөлүк жүрүп, чыныгы сыйынуунун өркүндөшүнө салым кошуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга чакырылдык (Михей 4:1—4). Ошондой эле, жагдай-шартыбыз кандай болбосун, Жахабанын талаптарына жооп бере аларыбызга ынандык. Ооба, Михейдин пайгамбарлыгы бизди Жахабанын ысмы менен жүрүүгө чындап бекемдейт.

Эмне деп жооп берет элеңер?

Михей 6:8ге ылайык, Жахаба бизден эмнелерди талап кылат?

• «Адилет иштерди кылуу» үчүн бизге эмне зарыл?

• «Кайрымдуулук иштерин жакшы көрөрүбүздү» кантип көрсөтө алабыз?

• «Кудайдын алдында жөнөкөйлүк менен жүрүүгө» эмне кирет?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Бардык катмардагы адамдарга кабар айтуу менен адилет иштерди кылгыла.

Башкалардын камын ойлоп, кайрымдуулукту жакшы көрөрүңөрдү далилдегиле.

Жөнөкөйлүк менен мүмкүнчүлүктөрүңөрдүн чектелүү экенин түшүнүп, колуңардан келгенди кыла бергиле.

[19-беттеги сүрөт]

Михей мыйзамсыздыктарга карабай Жахабанын талаптарын аткарган. Биз да аткара алабыз.