Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйын учурларда толугу менен Жахабага таян

Кыйын учурларда толугу менен Жахабага таян

Кыйын учурларда толугу менен Жахабага таян

«Кудай биздин баш калкалаар жайыбыз жана күчүбүз, кыйынчылыктарда [«кыйын учурларда», МАК] тез жардамчыбыз» (ЗАБУР 45:2).

1, 2. а) Кудайга таянабыз деп айтып коюу жетишсиз экенин кайсы мисал көрсөтүп турат? б) Жахабага таянарыбызды ооз жүзүндө эле билдирүү эмне үчүн жетишсиздик кылат?

КУДАЙГА таянам деп айтуу бир башка, аны иш-аракеттер менен көрсөтүү такыр башка. Мисалы, канча жылдан бери АКШнын акчаларында жана тыйындарында «Кудайга таянабыз» деген жазуу сакталып келет *. 1956-жылы АКШнын Конгресси ал сөздөрдү мыйзамдуу түрдө Кошмо Штаттардын мамлекеттик урааны деп кабыл алган. Таң калыштуусу, ал өлкөдө эле эмес, дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар Кудайга караганда акчага жана материалдык байлыкка көбүрөөк таянышат (Лука 12:16—21).

2 Ыйсанын чыныгы жолдоочулары катары биз Жахабага таянарыбызды ооз жүзүндө эле айтып тим болбошубуз керек. «Ишсиз ишеним өлүк» болгон сыяктуу эле, Кудайга таянарыбызды иш-аракеттерибиз менен бышыктабасак, анда ал ырастообуз эч кандай мааниге ээ эмес (Жакып 2:26). Мурунку макаладан биз Жахабага таянарыбызды ага тиленүү менен кайрылып, анын Сөзүнөн кеп-кеңеш жана уюмунан жетекчилик издеп көрсөтө аларыбызды билдик. Эмесе, кыйын учурларга дуушар болгонубузда ушул үч кадамды кантип жасай аларыбызды карап чыгалы.

Жумушсуз калганда же каражат тартыш болгондо

3. Ушул «оор күндөрдө» Жахабанын кызматчылары экономикалык кандай кыйынчылыктарга дуушар болууда жана Кудайдын бизге жардам бергиси келерин кайдан билебиз?

3 Ушул «оор күндөрдө» биз, Ыйсанын жолдоочулары, башка адамдар сыяктуу эле экономикалык жактан кыйынчылыкка туш болуп жатабыз (2 Тиметейге 3:1). Ошондуктан күтүлбөгөн жерден жумушсуз калышыбыз мүмкүн. Же болбосо, арзыбаган маяна үчүн көп саат иштөөгө аргасыз болушубуз ыктымал. Мындайда «өз үйүбүздөгүлөргө кам көрүү» оңойго турбашы мүмкүн (1 Тиметейге 5:8). Ушундай учурларда Эң Жогорку Кудай бизге жардам берүүнү каалайбы? Албетте! Жахаба бизди азыркы түзүлүштөгү турмуш түйшүктөрүнүн баарынан коргобойт дечи. Бирок, эгер ага таянсак, Забур 45:2деги: «Кудай биздин баш калкалаар жайыбыз жана күчүбүз, кыйынчылыктарда [«кыйын учурларда», МАК] тез жардамчыбыз»,— деген сөздөрдүн калетсиздигине өзүбүз күбө болобуз. Каражат жагынан кыйналганыбызда Жахабага толугу менен таянарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

4. Финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгондо Жахабадан эмне сурасак болот жана ал мындай тиленүүлөргө кандай жооп кайтарат?

4 Жахабага таянарыбызды көрсөтүүнүн бир жолу — ага тиленүү менен кайрылуу. Бирок эмне деп тиленсек болот? Финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгондо биз, өзгөчө, акылмандыкка муктаж болобуз. Анда дал ошол тууралуу тиленүү зарыл! Жахабанын Сөзү бизди: «Кимиңерге акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебестен берген Кудайдан сурасын, ага берилет»,— деп ынандырат (Жакып 1:5). Ооба, акылдуу чечим чыгаруу үчүн жана туура багытты тандоо үчүн, Жахабадан акылмандык — билимди, түшүнүктү жана акылды колдоно билүү жөндөмдүүлүгүн — сура. Асмандагы сүйүктүү Атабыз бизди мындай тиленүүлөрдү угарына ынандырат. Кудай ага бүт жүрөгү менен таянгандарды түз жолго салууга даяр (Забур 64:3; Накыл сөздөр 3:5, 6).

5, 6. а) Экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшүүдө эмне үчүн Кудайдын Сөзүнөн жардам издесек болот? б) Жумушсуз калганда тынчсызданууларыбызды азайтуу үчүн эмне кылсак болот?

5 Жахабага таянарыбызды көрсөтүүнүн экинчи жолу — анын Сөзүнөн жетекчилик издөө. Анын Ыйык Китептеги акылман эскертүүлөрү «шексиз туура» (Забур 92:5). Кудайдан шыктандырылган ал китеп 1 900 жылдан ашык убакыт мурун жазылып бүтсө да, анда экономикалык кыйынчылыктар менен ийгиликтүү күрөшүүгө жардам берерлик пайдалуу ойлор жана эң туура кеңештер камтылган. Эмесе, Ыйык Китепте камтылган акылмандыктын айрым мисалдарын карап көрөлү.

6 Тээ илгериде даанышман падыша Сулайман: «Көп жейби, аз жейби, эмгекчинин уйкусу таттуу. Ал эми байдын ашыра тоюп алганы өзүнө уйку бербейт»,— деп айткан (Насаатчы 5:11). Мүлкүбүздү оңдоого, тазалоого, тейлөөгө жана коргоого убакыт жана акча талап кылынат. Ошондуктан, жумушсуз калганда, эмнеге чындап муктаж экенибизди, ал эми эмнени жөн эле каалап жатканыбызды ажырата билүүгө аракеттенип, жашоо мүнөзүбүздү кайрадан талдап көрүүгө мүмкүнчүлүк туулат. Тынчсыздануулар мүмкүн болушунча азыраак болушу үчүн, анча-мынча өзгөртүүлөрдү жасаганыбыз акылдуулукка жататтыр. Мисалы, чаканыраак үйгө көчүп барганыбыз же артыкбаш мүлкүбүздөн арылып, жашообузду жөнөкөйлөткөнүбүз туурадыр? (Матай 6:22).

7, 8. а) Ыйса жеткилеңсиз адамдардын материалдык нерселерди ойлоп өтө тынчсыздана берүүгө жакын экенин билгенин кантип көрсөткөн? (Шилтемени да карагыла.) б) Орунсуз тынчсыздануудан качууга карата Ыйса кандай акылман кеңеш берген?

7 Тоодогу насаатында Ыйса: «„Эмне ичип, эмне жейбиз?“ — деп, жаныңар үчүн; „Эмне киебиз?“ — деп, денеңер үчүн түйшүк тартпагыла [«тынчсызданганыңарды токтоткула», ЖД]»,— деп кеңеш берген * (Матай 6:25). Ыйса жеткилеңсиз адамдар эң зарыл нерселердин камын ойлоп тынчсыздана берүүгө жакын экенин билген. Бирок андай нерселер тууралуу «тынчсызданганыбызды» канткенде токтото алабыз? Ыйса: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын... издегиле»,— деген. Кандай гана кыйынчылыктарга дуушар болбойлу, Жахабага сыйынууну жашообузда дайыма биринчи орунга коюшубуз керек. Ошондо күнүмдүк жашоого керектүүлөрдүн баары асмандагы Атабыз тарабынан «кошулуп берилет». Ал кем-карчыбызды кандайдыр бир жол менен толуктайт (Матай 6:33).

8 Ыйса андан ары: «Эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат»,— деп кеңеш айткан (Матай 6:34). Эртеңки күн эмне алып келиши мүмкүн деп ойлоп өтө эле тынчсыздана берүү туура эмес. Бир ыйык китептик окумуштуу: «Келечекке байланыштуу кооптонууларыбыз, адатта, чындыкка коошпойт»,— деп белгилеген. Ыйык Китептин кеңешине момундук менен кулак кагып, биринчи орунда турушу керек болгон нерселерибизге көңүл топтоо жана жашап жаткан күнүбүздүн камы менен жашоо бизге орунсуз тынчсыздануудан качууга жардам берет (1 Петир 5:6, 7).

9. Финансылык кыйынчылыкка дуушар болгондо, «ишенимдүү жана акылдуу кул» берип жаткан адабияттардан кандай жардам тапсак болот?

9 Финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгондо, Жахабага таянарыбызды «ишенимдүү жана акылдуу кул» берип жаткан адабияттарга кайрылуу менен да көрсөтө алабыз (Матай 24:45). Мезгил-мезгили менен «Ойгонгула!» журналына экономикалык кыйынчылыктарды чечүүгө байланыштуу пайдалуу кеңештер жана сунуштар камтылган макалалар чыгып турат. Бул басылманын 1991-жылдын 8-сентябрындагы санына (ор.) чыккан «Жумушсуз калганда эмне кылууга болот?» деген макалада сегиз кеңеш берилген *. Ал макала көптөргө жумуш жок кезде финансылык жана эмоциялык жактан тең салмактуулукту сактоого жардам берген. Албетте, андай кеңештер акчанын маанилүүлүгүнө карата туура көзкараш менен коштолушу керек. Бул ой ошол эле санда жарык көргөн «Акчадан да маанилүү нерсе» деген макалада талкууланган (Насаатчы 7:12).

Денсоолуктун начардыгынан кыйналганда

10. Дөөт падышанын мисалы катуу ооруганда Жахабага таяна аларыбызды кандайча көрсөтүп турат?

10 Катуу оору менен ооруганда Жахабага таяна алабызбы? Албетте! Жахаба оорукчал кызматчыларына боор ооруйт. Андан тышкары, ал бизге жардам берүүгө даяр. Мисалга Дөөт падышаны алалы. Кудайдын ооруган адил адамга кандай мамиле кылары тууралуу жазган кезде ал өзү да катуу ооруп жүргөн көрүнөт. Ал: «Ал ооруп жатканда, Теңир ага күч берет. Сен аны төшөгүнөн тургузасың, дартынан арылтасың»,— деп айткан (Забур 40:1, 4, 8, 9). Дөөт Кудайга акырына чейин таянган жана акыр-түбү оорусунан айыккан. Бирок денсоолугубуз начарлаганда Кудайга таянарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

11. Ооруганда асмандагы Атабыздан эмне сурасак болот?

11 Ооруганыбызда Жахабага таянарыбызды көрсөтүүнүн бир жолу — андан ооруга чыдоо үчүн жардам сурап тиленүү. Денсоолугубузга шартыбыз жол берген деңгээлде кам көрө алышыбыз үчүн, Кудайдан «эстүүлүк» менен иш кылууга жардам беришин өтүнсөк болот (Накыл сөздөр 3:21). Ошондой эле, оору менен күрөшүү үчүн, чыдамкай жана туруктуу болууга жардам сурасак болот. Баарынан мурда, Жахабадан колдоп туруусун, эмне гана болбосун, ага ишенимдүү бойдон калууга жана теңсалмактуулугубузду жоготпоого күч беришин өтүнгүбүз келет (Филипиликтерге 4:13). Азыркы жашообузду сактоого караганда, Кудайдын алдындагы актыгыбызды сактоо алда канча маанилүү. Актыгыбызды сактасак, Кудуреттүү Кудай жакында бизди түбөлүк өмүр жана жеткилең денсоолук менен алкайт (Эврейлерге 11:6).

12. Дарылануу керек болгондо ыйык китептик кайсы принциптер акылдуу чечим чыгарышыбызга жардам берет?

12 Жахабага болгон таянычыбыз бизге анын Сөзүнөн, Ыйык Китептен, жетекчилик издөөгө да түрткү берет. Ыйык Китептеги принциптер дарыланууга байланыштуу туура чечим чыгарышыбызга жардам бере алат. Мисалы, Ыйык Китептин спиритизмди айыптаарын билип, биз спиритизм менен байланышкан диагноздук же терапиялык процедуралардан качабыз (Галаттыктарга 5:19—21; Мыйзам 18:10—12). Ыйык китептик акылмандыктын ишенүүгө татыктуу экенин: «Акылсыз адам ар кандай сөзгө ишене берет, ал эми акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— деген сөздөрдөн да көрүүгө болот (Накыл сөздөр 14:15). Ошондуктан дарылануу керек болгондо, «ар кандай сөзгө ишене бербей», ишеничтүү маалымат издегенибиз абзел. Мындай «эстүүлүк» бизге дарылануунун бардык түрлөрүн кылдат таразалап, негиздүү чечим чыгарууга жардам берет (Титке 2:12, ЖД).

13, 14. а) «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарында денсоолукка байланыштуу маалыматка бай кандай макалалар жарык көрүп турат? (29-беттеги кутучаны карагыла.) б) «Ойгонгула!» журналынын 2001-жылдын 22-январындагы санында өнөкөт дарттар менен күрөшүүгө карата кандай кеңештер берилген?

13 Жахабага таянарыбызды биз ишенимдүү кулдун адабияттарын изилдөө менен да көрсөтө алабыз. «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарында мезгил-мезгили менен денсоолукка байланыштуу ар кандай кыйынчылыктар жана оорулар жөнүндө маалыматка бай макалалар жарык көрүп турат *. Кээде бул журналдарда ар түрдүү оорулар менен күрөшүп келген адамдардын аңгемелери баяндалат. Андан тышкары, өнөкөт ооруларга кантип чыдоого болоруна карата ыйык китептик жана башка пайдалуу кеп-кеңештерди камтыган макалалар чыгып турат.

14 Мисалы, «Ойгонгула!» журналынын 2001-жылдын 22-январындагы санында «Оорулуулар үчүн жубатуу» деген тема талданган. Анда ыйык китептик пайдалуу принциптер, ошондой эле көп жылдар бою өнөкөт оору менен күрөшүп келген жана өздөрүнүн илдетин жакшы билген адамдардын интервьюлары камтылган маалымат берилген. «Илдет менен күрөшүүгө эмне жардам берет?» деген макалада мындай кеңештер сунуш кылынган: ооруң тууралуу мүмкүн болушунча көбүрөөк бил (Накыл сөздөр 24:5); алдыңа алыңа жараша максаттарды кой, мисалы, башкаларга жардам берүүгө умтул, бирок башкалар жете алчу максаттарга сен жете албашың мүмкүн экенин унутпа (Элчилер 20:35; Галаттыктарга 6:4); башкалардан обочолонуудан кач (Накыл сөздөр 18:1, МАК); сени көргөнү келгендердин жагымдуу таасир алып кетишине аракеттен (Накыл сөздөр 17:22); баарынан мурда, Жахаба жана жыйналышың менен тыгыз мамиледе болууга умтул (Накум 1:7; Римдиктерге 1:11, 12). Биз Жахабанын өз уюму аркылуу ишеничтүү жетекчилик берип жатканына ыраазы эмеспизби?

Дененин алсыздыгы менен күрөшкөндө

15. Жеткилеңсиз денесинин алсыздыктарын элчи Пабыл кантип жеңе алган жана биз эмнеге бекем ишенсек болот?

15 «Менин күнөөкөр табиятымда жакшы нерсе жок»,— деп жазган элчи Пабыл (Римдиктерге 7:18). Жеткилеңсиз дененин каалоолору жана алсыздыктары менен күрөшүү канчалык кыйын экенин ал өз тажрыйбасынан билген. Ошол эле учурда аларды жеңе аларына Пабыл шектенген эмес (1 Корунттуктарга 9:26, 27). Аларды ал кантип жеңе алмак? Жахабага толугу менен таянып. Ошондуктан Пабыл: «Мен бир байкуш адаммын! Өлүмгө дуушар кыла турган ушул денеден мени ким куткарат? Теңирибиз [«Эгебиз», ЖД] Ыйса Машайак аркылуу Кудайга ыраазычылык билдирем»,— деп айта алган (Римдиктерге 7:24, 25). Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Биз да денелик алсыздыктарыбыз менен алпурушуп келебиз. Алар менен күрөшүүдө эч качан ийгиликке жетпеймин деп ойлоп, ишенимдүүлүгүбүздү оңой эле жоготуп алышыбыз мүмкүн. Бирок, Пабылга окшоп, өз күчүбүзгө эмес, Жахабага чындап таянсак, Ал сөзсүз жардам берет.

16. Денелик алсыздыктар жанды койбой кыйнай берсе, Кудайдан эмне сурап тиленсек болот жана алсыздыгыбыз кайрадан үстөмдүк кылып кетсе эмне кылышыбыз керек?

16 Денелик алсыздыктар жанды койбой кыйнай берсе, Жахабага тиленүү менен кайрылып, ага таянарыбызды көрсөтсөк болот. Жахабадан ыйык рухунун жардамын сурап өтүнүү, атүгүл жалынып-жалбаруу зарыл (Лука 11:9—13). Айрыкча, Кудайдын рухунун жемишине кирген өзүн-өзү токтото билүү сапатын сурасак болот (Галаттыктарга 5:22, 23). Алсыздыгыбыз кайрадан үстөмдүк кылып кетсечи? Андайда эч багынбаш керек. Келгиле, ырайымдуу Кудайыбыздан кечирим жана жардам сурап момундук менен тилене берүүдөн эч качан тажабайлы. Абийиринин жемесин сезип, «кайгырган жана моюн сунган жүрөктү» Жахаба эч убакта четке какпайт (Забур 50:19). Эгер ага чын жүрөктөн өкүнүп тиленсек, Жахаба азгырыктарды жеңүүгө жардам берет (Филипиликтерге 4:6, 7).

17. а) Өзүбүз күрөшүп жаткан алсыздыкка Жахабанын кандай карай турганы жөнүндө ой жүгүртүү эмне үчүн пайдалуу? б) Бат ачууланып кетмей жайыбыз менен күрөшүп жатсак, тилибизди ооздуктоо кыйын болуп жатса, туура эмес көңүл ачууга жакындыгыбыз болсо, кайсы аяттарды жаттап алсак болот?

17 Жахабага таянарыбызды анын Сөзүнөн жардам издөө менен да көрсөтө алабыз. Ыйык китептик симфонияны же «Күзөт Мунарасынын адабияттар индексин» колдонуп, «Мен күрөшүп жаткан алсыздыкка Жахаба кандай карайт?» деген суроого жооп издесек болот. Бул жөнүндө ой жүгүртүү Кудайдын жактыруусуна ээ болууга болгон каалообузду күчөтөт. Ошентип, бардык нерсеге анын көзү менен карап, ал жек көргөн нерселерди жек көрө алабыз (Забур 96:10). Айрымдар өздөрү күрөшүп жаткан алсыздыкка тиешеси бар аяттарды жаттап алуу пайдалуу экенин байкашкан. Бат ачууланып кетмей жайыбыз барбы? Анда Накыл сөздөр 14:17 жана Эфестиктерге 4:31 сыяктуу аяттарды жаттап алсак болот. Тилибизди ооздуктоо кыйын болуп жатабы? Накыл сөздөр 12:18 жана Эфестиктерге 4:29 сыяктуу аяттарды жаттап алсак болот. Же туура эмес көңүл ачууга жакындыгыбыз барбы? Анда Эфестиктерге 5:3 жана Колостуктарга 3:5 сыяктуу аяттарды жүрөгүбүзгө түйүүгө аракеттенели.

18. Аксакалдарга алсыздыгыбызды жеңүүгө жардам сурап кайрылуудан эмне үчүн уялбашыбыз керек?

18 Жахабага таянарыбызды жыйналышта ыйык рух менен дайындалган аксакалдардан жардам издөө менен да көрсөтөбүз (Элчилер 20:28). Себеп дегенде бул «адам түрүндөгү белектерди» (ЖД) Жахаба Ыйса Машайак аркылуу караштырып, өз «койлорун» коргоп кам көрүү үчүн берип жатат да (Эфестиктерге 4:7, 8, 11—14). Албетте, алсыздык менен күрөшүүдө жардам суроо оңойго турбашы мүмкүн. Аксакалдар биз жөнүндө жаман ойдо калат деп кооптонуп, уялышыбыз ыктымал. Бирок кайраттуулук менен жардам сураганыбыз үчүн рухий жетилген бул эркектердин бизге урмат көрсөтөрү шексиз. Андан тышкары, аксакалдар оторго мамиле кылууда Жахабанын сапаттарын чагылдырууга умтулушат. Алардын Кудай Сөзүнө негизделген жубатарлык пайдалуу кеңештери жана насааттары алсыздыгыбызды жеңүүгө ого бетер чечкиндүү болушубузга жардам бере алат (Жакып 5:14—16).

19. а) Шайтан бул түзүлүштөгү жашоонун убаракерчилигин кандай максатта колдонууга аракеттенет? б) Таянуу өз ичине эмнени камтыйт жана эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

19 Эсиңерде болсун: Шайтан убактысынын аз калганын билет (Аян 12:12). Ал бизди бул дүйнөдөгү жашоонун убаракерчилигине багынткысы, ындыныбызды өчүргүсү келет. Андыктан Римдиктерге 8:35—39-аяттардагы төмөнкү сөздөрдүн калетсиздигине кымындай да күмөн санабайлы: «Бизди Машайактын сүйүүсүнөн ким ажырата алат? Кайгыбы, кысымчылыкпы, куугунтукпу, ачкачылыкпы, жылаңачтыкпы, коркунучпу, кылычпы?.. Бирок мунун бардыгын бизди сүйгөн Кудайдын күчү менен жеңебиз. Анткени Кудайдын Теңирибиз [«Эгебиз», ЖД] Ыйса Машайак аркылуу көрсөткөн сүйүүсүнөн бизди өлүм да, өмүр да, периштелер да, жогоркулар да, күчтөр да, азыркы учур да, келечек да, бийиктик да, тереңдик да, жаратылган эч бир нерсе ажырата албастыгына мен толук ишенем». Жахабага таянууну билдирген кандай күчтүү сөздөр! Бирок мындай таянуу сезимдерге эле негизделген жок. Ага күндөлүк турмушубуздагы кылдат ойлонуштурулган чечимдерибиз да кирет. Келгиле эмесе, кыйын учурларда толугу менен Жахабага таянууга чечкиндүү бололу.

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Каржы министри Салмон П. Чейз 1861-жылы 20-ноябрда АКШнын зээрканасына жолдогон катында: «Кудай күч бермейин же коргомоюн, эч бир улут бакубат же коопсуз жашай албайт. Элибиздин Кудайга таянары улуттук тыйындарыбызда жарыяланып турушу керек»,— деп жазган. Натыйжада 1864-жылы «Кудайга таянабыз» деген ураан АКШнын жүгүртүүдөгү тыйындарында биринчи жолу жазылып чыккан.

^ 7-абз. Бул жерде кепке алынган тынчсыздануу «жашоону көңүлсүз кылган сарсанаалуу коркунуч» деп аныкталат. Кээ бир котормолордо ал сөз «тынчсызданбагыла» же «кам көрбөгүлө» деп берилет. Бирок анда ал сөздөр тынчсыздана баштабашыбыз керек дегенди билдирип калат. Бир маалымдама эмгекте: «Грек тилиндеги ал этиш учур чакта, буйрук ыңгайда турат жана мурунтан башталган кайсы бир иш-аракетти токтотууга берилген буйрукту билдирет»,— деп айтылат.

^ 9-абз. Ошол сегиз кеңеш төмөнкүлөр: 1) дүрбөлөңгө түшпө; 2) оң маанайды сакта; 3) жаңы жумушта иштөөгө даяр бол; 4) башкаларга атаандашпай, өз чөнтөгүңө жараша жаша; 5) кредит алуудан этият бол; 6) үй-бүлөнүн биримдүү болушуна өбөлгө түз; 7) өзүңдү сыйла; 8) өз бюджетиң болсун.

^ 13-абз. Ар ким өзү каалагандай дарыланууга укуктуу болгондуктан, Ыйык Китепке негизделген бул журналдар дарылануунун кайсы бир түрүн жактабайт же сунуш кылбайт. Тескерисинче, белгилүү бир оору-дарттар талкууланган макалалар окурмандарга учурда белгилүү болгон фактыларды маалымдоо үчүн чыгарылат.

Эсиңердеби?

• Экономикалык кыйынчылыктарга дуушар болгондо Жахабага таянарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

• Денсоолуктун начардыгынан кыйналганда Кудайга таянарыбызды кантип көрсөтсөк болот?

• Денелик алсыздыктан арылуу оңойго турбаса, Жахабага чындап таянарыбызды кандайча көрсөтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[29–беттеги кутуча]

Төмөнкү макалалар эсиңердеби?

Начар денсоолуктун айынан кыйналып жүргөнүбүздө оорунун жана майыптыктын ар кыл түрлөрү менен ийгиликтүү күрөшүп келаткандар жөнүндөгү макалаларды окуу сооротуп, бекемдейт. Төмөндө «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналдарына басылып чыккан айрым макалаларга шилтемелер берилди.

«Айрымдар терс эмоцияларды жеңүүгө кантип үйрөнүштү?» («Ойгонгула!», 8-ноябрь, 1992-жыл, ор.).

«Алсыз болгонумда күчтүүмүн» деген макалада ревматоиддик артрит менен ооруган аял жөнүндө айтылган («Ойгонгула!», 22-январь, 1997-жыл, ор.).

«Эртең эмне болоруңарды билбейсиңер» деген макалада биополярдык бузулуу деп аталган дарт менен күрөшүп келаткан адам тууралуу жазылган («Күзөт мунарасы», 1-декабрь, 2000-жыл, ор.).

«Унчукпоонун кулчулугунан бошонуу» деген макалада церебралдык шал оорусуна чыдап келаткан кыз тууралуу айтылган («Ойгонгула!», 8-май, 2000-жыл, ор.).

«Эндометриоз менен болгон күрөшүм» («Ойгонгула!», 22-июль, 2000-жыл, ор.).

«Алдыма максаттарды коюу багынбоого жардам берет» деп аталган макалада коко рагы жана шал оорусуна чалдыккан адам тууралуу баяндалган («Ойгонгула!», 22-январь, 2001-жыл, ор.).

«Склеродермия менен күрөшүп келатам» («Ойгонгула!», 8-август, 2001-жыл, ор.).

«Төрөттөн кийинки депрессия менен болгон күрөшүм» («Ойгонгула!», 22-июль, 2002-жыл, ор.).

[32-беттеги сүрөт]

Жумушсуз калганда жашоо мүнөзүбүздү кайрадан талдап көргөнүбүз акылдуулукка жататтыр.