Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кылымдар бою Жахабанын ысмы менен жүрөбүз!

Кылымдар бою Жахабанын ысмы менен жүрөбүз!

Кылымдар бою Жахабанын ысмы менен жүрөбүз!

«Биз... кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин атынан барабыз» (Михей 4:5).

1. Михей китебинин 3төн 5ке чейинки баптарында кандай кабарлар камтылган?

ЖАХАБАНЫН өз элине айтар сөзү бар жана аны айтуу үчүн пайгамбары Михейди колдонуп жатат. Кудай кыянатчыл адамдарга каршы иш-аракет кылууга ниеттенүүдө. Ал Ысрайылды ишенимден четтеп кеткени үчүн жазалаганы жатат. Бирок, бактыга жараша, Жахаба анын ысмы менен жүргөндөргө батасын берет. Бул кабарлар Михейдин пайгамбарлыгынын 3төн 5ке чейинки баптарында камтылган.

2, 3. а) Ысрайыл башчылары кайсы сапатты чагылдырышы керек эле, бирок анын ордуна эмне кылышкан? б) Михей 3:2, 3-аяттарда колдонулган каймана сөздөрдү кантип түшүндүрөт элеңер?

2 Кудайдын пайгамбары: «Жакыптын башчылары, Ысрайылдын төрөлөрү, уккула! Чындыкты [«адилеттикти», ЖД] силер билишиңер керек эмеспи?» — деп жар салат. Ооба, билиши керек эле, бирок алар башка иштер менен алек болушууда. Кандай иштер менен? Михей мындай дейт: «Силер болсо жакшы нерсени жек көрөсүңөр, жаман нерсени жакшы көрөсүңөр. Алардын терисин сыйрып жатасыңар, этин сөөктөрүнөн ажыратып жатасыңар, Менин элимдин этин жеп, терисин сыйрып жатасыңар, ал эми сөөктөрүн чөөгүнгө сала тургансып, этин казанга сала тургансып бөлүп жатасыңар» (Михей 3:1—3).

3 Башчылар жакырларды, бей-бечараларды эзип жатышат! Аяттарда колдонулган каймана сөздөрдү түшүнүү Михейди угуп турган адамдар үчүн кыйынчылык туудурбайт. Союлган койду кайнатып бышырыш үчүн, адегенде терисин сыйрыйт, анан жиликтейт. Кээде сөөктөрүн чагып, чучугун алышат. Михей айтып өткөндөй, эт менен сөөктөр чоң казанда кайнатылат (Жезекиел 24:3—5, 10). Бул мисал Михейдин убагындагы элдин караниет башчылардан кандай кордук көргөнүн таамай сүрөттөп турат.

Жахаба адилеттүү болушубузду каалайт

4. Жахаба менен Ысрайыл башчыларынын ортосунда кандай айырма бар?

4 Мээримдүү Койчу Жахаба Ысрайыл башчыларынан таптакыр айырмаланат. Адилеттик көрсөтүшпөгөндүктөн алар өздөрүнө берилген оторду коргоо тапшырмасын аткарбай келишет. Өзүмчүл башчылар каймана койлорго адилеттик менен мамиле кылбай, тескерисинче, Михей 3:10до айтылгандай, аларды иш-аракеттерин «кан менен» жүзөгө ашырууга түртүп, эзип жатышат. Мындан биз кандай сабак алсак болот?

5. Жахаба анын элинин ичинде жоопкерчиликти аркалагандардан эмнени талап кылат?

5 Кудай анын элинин ичинде жоопкерчиликти аркалагандардан адилеттикти талап кылат. Адилеттик сапатын бүгүн Жахабанын кызматчылары чагылдырып жатышат. Андан тышкары, бул Ышайа 32:1ге ылайык келет. Ал жерде: «Мына, Падыша акыйкаттык менен падышачылык кылат, төрөлөр мыйзам боюнча башкарышат»,— деп айтылат. Бирок Михейдин күндөрүндө жагдай кандай болгон? «Жакшы нерсени жек көрүп», «жаман нерсени жакшы көргөн» адамдар адилеттикти бурмалаганын токтотушкан эмес.

Кимдердин тиленүүсү жоопсуз калбайт?

6, 7. Михей 3:4тө кандай маанилүү ой баса белгиленген?

6 Михейдин замандаштары Жахабанын жактыруусунан үмүт эте алышабы? Албетте, жок! Михей 3:4тө: «Алар Теңирди чакырышат, бирок Теңир аларды укпайт, ошол убакта алардан Өз жүзүн жашырат, анткени алар кыянат иштерди кылып жатышат»,— деп айтылат. Бул жерде абдан маанилүү ой баса белгиленген.

7 Күнөө кылып жүрсөк, Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жооп бербейт. Ага ишенимдүү кызмат кылымыш болуп, бирок күнөөбүздү жашырып, эки түрдүү жашоо өткөрсөк, тиленүүлөрүбүз жоопсуз калат. Забур 25:4кө ылайык, Дөөт: «Жалганчы адамдар менен бирге отурган жокмун, эки жүздүүлөр менен бирге жүргөн жокмун»,— деп ырдаган. Анда Жахаба анын Сөзүнө атайылап карама-каршы иш кылгандардын тиленүүлөрүнө дегеле жооп бербейт!

Кудайдын руху дем-шык берет

8. Михейдин убагындагы жалган пайгамбарларга эмне жөнүндө эскертилген?

8 Ысрайылдын рухий башчылары кандай гана уят иштерди кылып жатышат! Жалган пайгамбарлар Кудайдын элин рухий жактан адаштырышууда. Ачкөз башчылар «тынчтык!» деп кыйкырышканы менен, алардын ооздоруна эч нерсе салбагандарга согуш жарыя кылышат. «Ошон үчүн,— дейт Жахаба,— көрүнүштүн ордуна силерге түн болот, пайгамбарчылыктардын ордуна караңгылык болот. Пайгамбарлардын үстүнөн күн батат, алардын үстүнөн күн караңгылайт. Көрөгөчтөр уятка калышат, төлгөчүлөр шылдың болушат. Алардын бардыгы ооздорун [«муруттарын», ЖД] жабышат» (Михей 3:5—7а).

9, 10. «Муруттарын жабуу» деген эмнени билдирет жана эмне үчүн Михей антүүгө тийиш эмес?

9 Алар эмне үчүн «муруттарын жабышат»? Михейдин мыйзамсыз замандаштары муну абийирлери төгүлгөнүнөн кылышууда. Ал күнөөкөр эркектер уяткарылышы керек. Аларга «Кудайдан жооп болбойт» (Михей 3:7б). Жахаба бой көтөргөн мыйзамсыздардын тиленүүлөрүнө көңүл бурбайт.

10 Михей «мурутун жабууга» тийиш эмес. Ал уятка калган жок. Жахаба анын тиленүүлөрүнө жооп берет. Ишенимдүү пайгамбардын Михей 3:8де: «Теңирдин Рухунун күчүнө, адилеттүүлүккө жана кайраттуулукка толдум»,— деп айтканына назар салсаңар. Михей көптөн бери ишенимдүү кызмат кылып, дайыма «Теңирдин рухунун күчүнө» толуп жүргөнү үчүн абдан ыраазы! Бул ага «Жакыпка өзүнүн кылмышын, Ысрайылга өзүнүн күнөөсүн айтууга» күч берген.

11. Кудайдын кабарларын жарыялоого дем-шыкты кайдан алабыз?

11 Кудайдын каардуу соту жөнүндөгү кабарды жарыялоо үчүн, Михейге адамдын күчүнөн жогору болгон күч керек. Ал Жахабанын рухуна, атап айтканда, иш-аракеттүү күчүнө муктаж. Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Бизге тапшырылган кабар айтуу иши да Жахаба ыйык руху аркылуу күч берсе гана аткарылат. Эгер билип туруп күнөө кыла берсек, кабар айтууга жасаган аракеттерибиз талаага кетет. Андай учурларда Кудай бул ишти аткарууга күч сурап кайрылган тиленүүлөрүбүзгө жооп бербейт. «Теңирдин руху» болмоюн, биз асмандагы Атабыздын сот кабарларын жарыялай албайбыз. Тиленүүлөрүбүздү Кудай кабыл кылса жана ыйык рухтун жардамы болсо, биз, Михейге окшоп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта алабыз.

12. Эмне себептен Ыйсанын алгачкы шакирттери «Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта» алышкан?

12 Элчилер 4:23—31-аяттарда баяндалган окуя эсиңдедир. Өзүңдү Ыйсанын I кылымдагы шакирттеринин бири деп элестетип көрсөң. Жаалдуу куугунтуктоочулар Ыйсанын жолдоочуларынын кабар айтуусун токтотууга умтулушкан. Бирок ал ишенимдүү кызматчылар өздөрүнүн Эгедер Кудайына жалбарып: «Теңир, алардын коркутуп жатканын көрүп турасың, ошондуктан Өзүңдүн сөзүңдү тайманбастык менен айтышыбыз үчүн, Өзүңдүн кулдарыңа кайраттуулук бере көр»,— деп тиленишкен. Мунун натыйжасы кандай болгон? Тиленип бүтүшкөндө, алар чогулган жер солкулдап, баары ыйык рухка толгон жана алар Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташкан. Келгиле, биз да Жахабага тиленүү менен кайрылып, кызматыбызды аткарууда анын ыйык рух аркылуу бере турган жардамына таяналы.

13. Иерусалим менен Самария эмне болушу керек эле жана эмне үчүн?

13 Эми кайрадан Михейдин күндөрүнө кайрылалы. Михей 3:9—12-аяттарга ылайык, канга забын башчылар пара алып сот жүргүзүшүүдө, ыйык кызмат кылуучулар окутушканы үчүн акы алышууда жана жалган пайгамбарлар акчага пайгамбарчылык кылышууда. Андыктан Кудайдын Жүйүт жеринин борбору Иерусалимдин «үйүлгөн урандыга айланарын» жарыялаганы таң калыштуу эмес! Жалган сыйынуу жана адеп-ахлаксыздык Ысрайылда да күч алып жаткандыктан, Михей Кудайдын Самарияны «талаадагы урандыга айлантарын» эскертүүгө шыктандырылган (Михей 1:6). Алдын ала айтылгандай, Самария б.з.ч. 740-жылы ашурлуктардын аскерлери тарабынан кыйратылган. Муну пайгамбар өз көзү менен көргөн (2 Падышалар 17:5, 6; 25:1—21). Иерусалим менен Самарияга каршы айтылган бул күчтүү кабарларды Михей, албетте, Жахабанын күчү менен гана тарата алмак.

14. Михей 3:12де жазылган пайгамбарлык кантип аткарылган жана бул бизге кандай таасир этиши керек?

14 Жахабанын каардуу сотунан Жүйүттүн качып кутула албасы шексиз. Михей 3:12де жазылган пайгамбарлык аткарылып, Сион «айдоо талаасындай болуп айдалат». XXI кылымдан артка кылчайып, биз бул окуялардын бабылдыктар б.з.ч. 607-жылы Жүйүт жери менен Иерусалимди талкалаганда аткарылганын билебиз. Ал кыйроо Михей пайгамбарчылык кылгандан жүз жылдан ашык убакыт өтүп орун алган, бирок пайгамбар ал күндүн жакындап келатканына шексиз ишенген. Биз да азыркы каардуу түзүлүштүн алдын ала айтылган «Кудайдын күнүндө» кыйратыларына бекем ишенишибиз керек (2 Петир 3:11, 12).

Жахаба иштин жайын оңдойт

15. Михей 4:1—4-аяттарда жазылган пайгамбарлыкты өз сөзүң менен кантип айтып берет элең?

15 Артка кылчайып, биз Михейдин кийин кубанычтуу үмүт кабарын таратканын көрө алабыз. Михей 4:1—4-аяттарда кандай кубаттандырарлык сөздөр жазылган! Михей мындай дейт: «Акыркы күндөрдө мындай болот: Теңир үйү турган тоо тоолордун башына коюлат, ал адырлардан жогору көтөрүлөт, элдер ага агылып келишет... Ал көп элдерди жазалайт [«соттойт», СК], алыскы өлкөлөрдөгү көптөгөн уруулардын бетин ачат [«иштин жайын оңдойт», ЖД]. Ошондо алар өздөрүнүн кылычтарынан соколорду, найзаларынан орокторду кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге каршы кылыч көтөрбөйт, мындан ары согушууга үйрөнүшпөйт, тескерисинче, ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжыр дарагынын түбүндө отурат, аларды эч ким коркутпайт, анткени муну Себайот Теңир Өз оозу менен айтты».

16, 17. Михей 4:1—4-аяттар бүгүн кантип аткарылып жатат?

16 Мында кеп кылынган «көп элдер» менен «көптөгөн уруулар» кимдер? Алар бул дүйнөнүн элдерин жана өкмөттөрүн билдирбейт. Бул пайгамбарчылык чыныгы сыйынуунун тоосунда Жахабага биримдикте ыйык кызмат кылган, бардык элдердин арасынан чыккан адамдарга карата айтылган.

17 Михейдин пайгамбарлыгына ылайык, Жахабага болгон таза сыйынуу жакында жер жүзү боюнча толук мааниде орнотулат. Бүгүн «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгон» адамдар Жахабанын жолдоруна үйрөнүшүүдө (Элчилер 13:48, ЖД). Жахаба сот жүргүзүп, Падышалык тарапты ээлеген жана ишеним көрсөткөн адамдардын пайдасы үчүн рухий жактан иштин жайын оңдойт. Алар «эбегейсиз көп адамдардын» бөлүгү катары «улуу кайгыдан» аман өтүшөт (Аян 7:9, 14). Кылычтарын сокого айлантып, алар азыртан эле ишенимдештери менен да, башкалар менен да тынчтыкта жашап жатышат. Алардын арасында болуу кандай жыргал!

Жахабанын ысмы менен жүрүүгө чечкиндүүбүз

18. «Жүзүм сабагынын жана анжыр дарагынын түбүндө отуруу» эмнени билдирет?

18 Жерди коркунуч каптап турган азыркы убакта биз көп адамдардын Жахабанын жолдору менен таанышып жатканына сүйүнөбүз. Кудайды сүйгөн адамдардын баары согушууга үйрөнбөй, өздөрүнүн жүзүм сабагынын жана анжыр дарагынын түбүндө отурчу убакытты биз абдан күтүп жатабыз жана ал убакыттын келерине аз калды. Анжыр дарагы көп учурда жүзүм багына отургузулат (Лука 13:6). Өзүнүн жүзүм сабагынын жана анжыр дарагынын түбүндө отуруу адамдын бейкут, бардар жана коопсуз жашаарын билдирет. Азыр деле Жахаба менен болгон мамилебиз жүрөгүбүзгө тынчтык жана рухий коопсуздук берет. Мындай жагдай Падышалыктын башкаруусу астында өкүм сүргөндө, эчтекеден коркпой, бардык жактан коопсуз болобуз.

19. Жахабанын ысмы менен жүрүү деген эмнени билдирет?

19 Кудайдын жактыруусуна жана батасына ээ болуу үчүн, биз Жахабанын ысмы менен жүрүшүбүз керек. Бул Михей 4:5те баса белгиленет. Ал жерде пайгамбар: «Бардык элдер барышат, ар бири өз кудайынын артынан барат. Биз болсо кылымдар бою өзүбүздүн Кудай-Теңирибиздин атынан барабыз»,— деп жар салат. Жахабанын аты менен жүрүү аны Кудайыбыз деп жарыялоону эле билдирбейт. Ал өзүнүн ичине жыйналыш жолугушууларына жана Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине катышуудан да көптү камтыйт. Албетте, бул иштер да абдан маанилүү. Жахабанын ысмы менен жүрүүнү кааласак, аны жан-дилибизден сүйүп, ага берилгендик менен ишенимдүү кызмат кылууга умтулабыз (Матай 22:37). Ошондой эле сыйынуучулары катары Жахаба Кудайыбыздын ысмы менен түбөлүк жүрүүгө чечкиндүү болобуз.

20. Михей 4:6—13-аяттарда эмне алдын ала айтылган?

20 Эми Михей 4:6—13-аяттардагы пайгамбарлык сөздөрдү карап чыгалы. «Сион кызы» «Бабылга чейин» туткунга кетиши керек. Б.з.ч. VII кылымда Иерусалимдин тургундары менен так эле ошондой болгон. Ошентсе да Михейдин пайгамбарлыгы калдыктын Жүйүткө кайтып келиши керектигин жана Жахаба Сионду калыбына келтирүүдө анын душмандарын талкалаарын көрсөтүп турат.

21, 22. Михей 5:2 кантип аткарылган?

21 Михей китебинин 5-бабында башка дагы зор маанилүү окуялар алдын ала айтылган. Маселен, Михей 5:2—4-аяттарга көңүл бурсаңар. Михей Кудай тарабынан дайындалган жана «эң башында эле» жаралган башкаруучунун Бейт-Лехемден чыгары тууралуу пайгамбарлык кылган. Ал башкаруучу «Теңирдин күчү менен» кайтаруучу катары бийлик жүргүзөт. Андан тышкары, ал Ысрайылда эле эмес, «жер кыйырына чейин даңкталат». Анын ким экендигине карата дүйнөдө ар кандай пикирлер болушу мүмкүн, бирок ал суроо биз үчүн купуя сыр эмес.

22 Бейт-Лехемде төрөлгөн адамдардын эң маанилүүсү ким болгон? Ошондой эле ким «жердин кыйырына чейин даңкталат»? Албетте, Ыйса Машайак! Улуу Ирод ыйык кызмат кылуучулар менен мыйзам окутуучулардан Машайактын кайсы жерде төрөлүшү керектигин сураганда, алар: «Жүйүттүн Бейт-Лехем шаарында»,— деп жооп беришкен. Алар жадагалса Михей 5:2деги сөздөрдөн үзүндү келтиришкен (Матай 2:3—6). Ыйсанын каерде төрөлөрүн айрым карапайым адамдар деле билген, анткени Жакан 7:42де алардын: «„Машайак Дөөттүн тукумунан, Дөөттүн жери Бейт-Лехемден келет“,— деп айтылган жок беле?» — деген сөздөрү келтирилет.

Адамдар үчүн чыныгы сергитүү

23. Михей 5:7нин аткарылышы боюнча азыр эмне болуп жатат?

23 Михей 5:5—15-аяттарда ашурлуктардын баскынчылыгы кыска убакытка эле ийгиликтүү болору жана Кудайдын ага тил албаган элдерден өч алары көрсөтүлөт. Михей 5:7де өкүнгөн жүйүттөрдүн калдыгы өздөрүнүн мекенине кайтып келип, калыбына келтирилери убадаланат, бирок ал сөздөр биздин убакка да тиешелүү. Михей: «Жакыптын калдыгы көп элдердин арасында Теңирден түшкөн шүүдүрүмдөй, чөптүн үстүнө жааган жамгырдай болот»,— дейт. Каймана маанидеги бул сонун сөздөр рухий Жакып, атап айтканда, Ысрайылдын калдыгы Кудайдын адамдарга берген батасы болорун алдын ала айтуу үчүн колдонулган. Ыйсанын жерде жашоого үмүттөнгөн «башка койлору» «Кудайдын Ысрайыл элинин» азыркы калдыгы менен биргеликте кызмат кылып, кубаныч менен башкаларды рухий жактан сергитүүгө жардамдашып жатышат (Жакан 10:16; Галаттыктарга 6:16; Сепания 3:9). Мында биз үчүн бир маанилүү ой бар: Падышалыктын жарчылары катары баарыбыз башкаларга чыныгы сергитүү берүү артыкчылыгыбызды жогору баалашыбыз керек.

24. Силерге Михейдин пайгамбарлыгынын 3төн 5ке чейинки баптарындагы кайсы ойлор терең таасир калтырды?

24 Михейдин пайгамбарлыгынын 3төн 5ке чейинки баптарынан эмнелерди билдиңер? Сыягы, төмөнкүлөрдү: 1) Кудай анын элинин ичинде жоопкерчиликти аркалагандардан адилеттикти талап кылат. 2) Билип туруп күнөө кылсак, Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жооп бербейт. 3) Бизге тапшырылган кабар айтуу иши Жахаба ыйык руху аркылуу күч берсе гана аткарылат. 4) Кудайдын жактыруусуна ээ болуш үчүн, биз Жахабанын ысмы менен жүрүшүбүз керек. 5) Падышалыктын жарчылары катары биз адамдарга чыныгы сергитүү берүү артыкчылыгыбызды жогору баалашыбыз керек. Балким, силерге башка да ойлор терең таасир калтыргандыр. Бул пайгамбарлык китептен дагы эмнелерге үйрөнсөк болот? Эмки макала Михейдин ишенимибизди бекемдеген пайгамбарлыгынын акыркы эки бабынан пайдалуу сабактарды алууга жардам берет.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудай анын элинин ичинде жоопкерчиликти аркалагандардан эмне талап кылат?

• Жахабага кылган кызматыбызда тиленүү жана ыйык рух эмне үчүн маанилүү ролду ойнойт?

• Кандайча адамдар Жахабанын ысмы менен жүрө алышат?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги сүрөт]

Михейге окшоп, биз тайманбастык менен кызмат кылабыз.