Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Никеңерди бекемдөөнүн жолу

Никеңерди бекемдөөнүн жолу

Никеңерди бекемдөөнүн жолу

ЧАЛДЫБАРЫ чыккан үйдү элестетсең. Шыбагы түшүп, чатырынын эскилиги жеткен, жадагалса короосу да көптөн бери тазаланган эмес. Ал үйдүн көп жылдардан бери кароосуз калып, далай «бороон-чапкындарга» дуушар болгону көрүнүп эле турат. Эми аны бузуп салуудан башка арга жокпу? Сөзсүз эле андай эмес. Эгерде пайдубалы жана тирөөчтөрү жакшы болсо, аны оңдоп коюуга болот.

Сенин үй-бүлөлүк жашооң кайсы бир жагынан ушул мисалдагы үйгө окшобойбу? Жубайың экөөңөрдүн мамилеңер турмуштун каардуу «бороон-чапкындарынан» улам кыйла начарлап кеттиби? Экөөңөрдүн бириңер же экөөңөр тең жагдайды оңдоо үчүн көптөн бери эч нерсе кыла элексиңерби? Сэнди аттуу аялдын сезимдери сага да тааныш болушу ыктымал. Никелик жары менен 15 жыл жашагандан кийин ал: «Никеде бизди расмий каттоодон башка эч нерсе байланыштырчу эмес. Бирок ал жетишсиз эле»,— деп айткан.

Үй-бүлөңдөгү жагдай аябай начар болсо да, ажырашуудан башка арга калбай калды деген тыянак чыгарууга шашылба. Балким, мамилеңерди оңдосо болоттур. Көп нерсе бири-бириңерге канчалык ишенимдүү экениңерден көзкаранды. Ишенимдүүлүк жубайларга өтө кыйын кезеңдерде да чыдоого жардам берет. Бирок ишенимдүүлүк деген эмне? Аны Ыйык Китептин жардамы менен кантип чыңдоого болот?

Ишенимдүүлүк жана милдеттүүлүктү сезүү

Ишенимдүүлүк деген сөзгө бир сөздүктө «сезимдердеги, мамилелердеги жана милдеттер менен убадаларды аткаруудагы өзгөрүлбөстүк же туруктуулук» деген аныктама берилет. Ишенимдүүлүк адамдарга карата эле көрсөтүлбөйт. Маселен, куруучу өзүн үй куруу боюнча түзүлгөн келишимдегинин бардыгын аткарууга милдеттүү сезет. Ал заказчыны тааныбашы деле мүмкүн, бирок берген убадасы аны келишимге ылайык иш кылууга милдеттендирет.

Нике ишкерлер ортосунда түзүлгөн келишим болбосо да, ишенимдүүлүк адамдан алган милдеттерин аткарууну талап кылат. Сен өмүрлүк жарың экөөң Кудайдын жана адамдардын алдында кандай жагдай болсо да бирге калууга салтанаттуу убада бергенсиңер. Ыйса: «Жаратуучу эң башында эле адамдарды эркек-аял кылып жараткан... Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет»,— деп айткан. Андан соң: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп кошумчалаган (Матай 19:4—6). Кыйынчылыктар пайда болгондо, өмүрлүк жолдошуң экөөң тең берген убадаларыңарга ылайык жашоого толук чечкиндүү болушуңар керек *. Бир зайып: «Ажырашабыз деген ойдон толугу менен арылгандан кийин гана мамилелерибиз жакшыра баштады»,— дейт.

Өз ара кызматташуу ишенимдүүлүктүн чыңдалышына өбөлгө түзөт

Күйөөсү менен зайыбы бири-бирине ишенимдүү болсо да, бул алардын ар кайсы нерселер тууралуу дайым эле бирдей ойдо боло берерин билдирбейт. Келишпестиктер пайда болгондо, элдешүүгө жубайларга милдеттүүлүк сезими эмес, бири-бирине болгон эмоциялык ынактык түрткү бериши керек. Ыйса күйөө менен зайып тууралуу: «Эми алар эки эмес, бир дене»,— деген.

Өмүрлүк жарың менен «бир дене» болуу деген эмне? Элчи Пабыл «күйөөлөр аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керектигин» жазган (Эфестиктерге 5:28, 29). Демек, «бир дене» болуу бул, башка нерселерден тышкары да, өмүрлүк жолдошуңдун жыргалчылыгына өз жыргалчылыгыңа кам көргөндөй кам көрүү дегенди билдирет. Нике түйүнү менен бириккен адамдар ой жүгүртүүсүн өзгөртүшү зарыл: «меники» «биздики» менен, «мен» деген «биз» менен алмашылышы керек. Бир кеңеш берүү кызматкери: «Нике жүрөктө кыйылышы зарыл. „Мен“ деген „бизге“ айланганын дал ошо жүрөк түшүнүшү керек»,— деп жазган.

Силердин никеңерди жүрөгүңөрдө кыйылган деп айтууга болобу? Көп жылдар бою бирге жашап жүрүп да «бир дене» болбой кала берүү мүмкүн. Ооба, ушундай болушу ыктымал, бирок «Убакытка мүмкүндүк бергиле» деген китепте: «Нике бул бир эле өмүрдү бөлүшүү дегенди билдирет, жубайлардын жалпылыктары канчалык көп болсо, ошончолук бактылуу болушат»,— деп айтылат («Giving Time a Chance»).

Айрым жубайлар, ыркы келишпесе да, балдары же акча үчүн чогуу жашай беришет. Башкалары болсо айлана-чөйрөдөгүлөрдүн кеп-сөзүнөн корккондуктан же ажырашуу дегенди башынан эле жактырбагандыктан бирге калууну каалашат. Мындай жубайлардын бирге жашап жатышканы мактоого арзырлык дечи, бирок силердин максат жөн эле узакка созулган мамилелер эмес, а сүйүүгө негизделген мамилелер экенин эстен чыгарбоо керек.

Ишенимдүүлүктү жубайлардын өз кызыкчылыктарын көздөбөгөнү бекемдейт

Ыйык Китепте адамдардын «акыркы убакта» «өзүн өзү сүйүүчү» болору айтылган (2 Тиметейге 3:1, 2). Азыр так ошондой убак: коомдо өзүмчүлдүк өкүм сүрүүдө. Тилекке каршы, көптөгөн бүлөлөрдө эч кандай акы күтпөстөн бирөө үчүн күч-кубатыңды сарптоо алсыздыкты билдирет деген көзкараш таралган. Бирок жакшы үй-бүлөдө жубайлар бири-бири үчүн курмандыктарга барууга даяр турат. Ушундай жанаябастык рухун сен кантип көрсөтсөң болот?

«Мындай мамилелер мага эмне пайда берүүдө?» — деп ойлоно берүүнүн ордуна, «Никемди бекемдеш үчүн эмне кылып жатам?» деген суроонун үстүнөн ойлон. Ыйсанын жолдоочуларына Ыйык Китепте: «Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло»,— деген кеңеш берилет (Филипиликтерге 2:4). Эми бир азга токтоп, ушул ыйык китептик принциптин негизинде акыркы жумадагы иштериң тууралуу ойлонуп көр. Өмүрлүк жарыңдын кызыкчылыгы үчүн канча иш кылыптырсың? Бир нерсени талкуулаганга көңүлүң чаппай турганда да жубайыңдын айткандырын көңүл коюп уга алдыңбы? Өзүңө кызыксыз болсо да, жубайыңдын көңүлүн кыйбай, ага жаккан нерсени канча ирет жасай алдың?

Бул суроолордун үстүнөн ойлонууда жакшы иштерим бааланбай көз жаздымда калат деп тынчсызданба. Бир эмгекте: «Үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгүндө жакшылык кылуу кайра ошондой кылып жооп кайтарууга түрткү берет, ошондуктан түгөйүңөргө жакшылык кылуу менен ага кайра ошондой жооп кайтарууга түрткү бергиле»,— деп айтылат. Никелик жарыңа жанаябастык руху менен мамиле кылып, үй-бүлө куруп атканда түзгөн келишимиңерди баалаарыңды, аны сактап калууну каалаарыңды көрсөтөсүң жана ошону менен никеңерди бекемдейсиңер.

Мөөнөтсүз милдеттенме

Жахаба берилгендикти баалайт. Анын Сөзүндө: «Берилгендик көрсөткөнгө Сен [Жахаба] берилгендик менен мамиле кыласың»,— деп айтылат (2 Шемуел 22:26, БМК). Кудайга болгон берилгендик ал негиздеген үй-бүлөлүк жашоодо берилгендик көрсөтүүнү да камтыйт (Башталыш 2:24).

Бири-бириңерге берилген болсоңор, мамилеңердин бекемдигин сезип кубанбай койбойсуңар. Келечек тууралуу ойлонгондо да, мейли, жакынкы, мейли, алыскы болсун, экөөңөрдү ойлоп кыялданасыңар. Силер үчүн экөөңөрдүн чогуу эмес экениңерди элестетүүнүн өзү эле кыйын. Бир зайып: «Жолдошум аябай ачуума тийгенде да, мен, болгону, ошол учурда бардыгы ойдогудай эмес экендигине кабатырланам, а никебиз үчүн эч коркпойм. Кантип бардыгын ордуна келтирүү керектигин ойлоп эле тынчсызданам. Анын жолун ошол учурда билбесем да, баары жайына келерине шектенбейм»,— деп ой бөлүшөт.

Тилекке каршы, көптөгөн жубайлар өмүрлүк жолдошуна карата ишенимдүүлүктү сактоо үчүн никеге мөөнөтсүз милдеттенмеге карагандай кароо керектигин түшүнүшпөйт. Кер-мур айтыша кеткенде жубайлардын бири ачуусу менен: «Ажырашам!» же «Кадырыма жете турган бирөөнү издегеним артык!» — деши мүмкүн. Албетте, көпчүлүк учурда бул ооздун жели гана. Бирок Ыйык Жазмада тилдин «өлтүрүүчү ууга толгону» айтылат (Жакып 3:8). Коркутуп-үркүтүүлөр: «Мамилебизди сактоо керек деп эсептебейм. Каалаган учурда кете берем»,— деген мааниге ээ. Мындай ой жүгүртүү никени бузушу мүмкүн.

Эгер никеге мөөнөтсүз милдеттенмеге карагандай карасаң, кандай жагдай болбосун, өмүрлүк жолдошуң менен бирге болууга бел байлайсың. Мунун пайдасы зор. Түгөйүң экөөңө тең алсыздыктарыңар менен каталарыңарды көтөрүү, бири-бириңерге карата көтөрүмдүү болуп, айкөлдүк менен кечирүү жеңилирээк болот (Колостуктарга 3:13). Бир китепте: «Жубайлардын экөө тең ката кетирсе да, бирок анын айынан үй-бүлө урабаса, ал жакшы нике»,— деп айтылат.

Никеге туруп атканда сен нике түзүлүшүнө эмес, тирүү адамга — өмүрлүк жолдошуңа — карата ишенимдүүлүктү сактайм деп убада бергенсиң. Бул ой жүгүртүүң менен жүрүм-турумуңа терең таасир этиши керек. Сен нике келишимин ыйык туткандыктан эле эмес, сени менен никеге турган адамды сүйгөндүгүңдөн аны менен бирге калышың керектигине кошулбайсыңбы?

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Өзгөчө учурларда бөлөк жашоого жол берилет (1 Корунттуктарга 7:10, 11; Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» китебинин 160, 161-беттерин кара). Мындан сырткары, Ыйык Китеп бузуктук (жыныстык адеп-ахлаксыздык) кылынган учурда ажырашууга жол берет (Матай 19:9).

Бирок никедеги ишенимдүүлүк башка бирөөнүн алдында милдеттүүлүктү сезүүнү эле билдирбейт. Анда дагы эмне талап кылынат?

[5–беттеги кутуча]

Азыр эмне кылсаң болот?

Силердин үй-бүлөдө ишенимдүүлүк жагы кандай? Балким, жакшырта турган жактарды байкагандырсың? Эгер ошондой болсо, төмөнкү кеңештерге ылайык иш кылууга аракеттен:

● Өзүңдү текшер. «Никеде турганымды бүткүл жүрөгүм менен сеземби же дагы деле өмүрлүк жарым жоктой ой жүгүртүп, өзүмдү жалгыз бой адамдай алып жүрөмбү?» — деген суроонун үстүнөн ойлонуп көр. Бул боюнча сен тууралуу түгөйүңдүн ою кандай экенин бил.

● Ушул макаланы чогуу окуп чыккыла. Андан соң, бири-бириңерге болгон ишенимдүүлүгүңөрдү дагы кантип бекемдесеңер болорун талкуулагыла.

● Бири-бириңерге ишенимдүү бойдон калууга болгон чечкиндүүлүгүңөрдү бекемдээрлик нерселерди чогуу-чараан кылгыла. Маселен, үйлөнүү үлпөтүндө жана башка маанилүү учурларда түшкөн сүрөттөрүңөрдү бирге көргүлө; сүйлөшүп жүргөндө же жаңы баш кошкон жылдары жакшы көргөн нерселериңерди чогуу кылгыла; Ыйык Китепке негизделген «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарындагы нике тууралуу макалаларды бирге изилдегиле.

[6–беттеги кутуча]

Никедеги ишенимдүүлүк — бул...

милдеттүүлүктү сезүү. «Берген убадаңды аткар. Убада берип аткарбай койгондон көрө, убада бербегениң жакшы» (Насаатчы 5:3, 4).

жубайлардын бири-бирине эриш-аркак болуусу. «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы... Анткени бирөө жыгылса, экинчиси тургузат» (Насаатчы 4:9, 10).

жанаябастык руху. «Алганга караганда берген жакшы» (Элчилер 20:35).

мөөнөтсүз милдеттенме. «Сүйүү... баарын көтөрөт» (1 Корунттуктарга 13:4, 7).

[7-беттеги сүрөт]

Өмүрлүк жарың сени менен сүйлөшкүсү келгенде,аны угасыңбы?