Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий темада пикирлешүү бекемдейт

Рухий темада пикирлешүү бекемдейт

Рухий темада пикирлешүү бекемдейт

«Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө» (Эфестиктерге 4:29).

1, 2. а) Адамдын сүйлөө жөндөмү канчалык баалуу? б) Жахабанын кызматчылары өздөрүнүн сүйлөө жөндөмүн кандай колдонгусу келет?

«АДАМДЫН сүйлөө жөндөмү — табышмактуу сыр, Кудайдын белеги, керемет». Бул сөздөр лексикограф Людвиг Кёлердин калемине таандык. Кудайдын бул баа жеткис белегин биз кадимки эле нерсе катары көрсөк керек (Жакып 1:17). Бирок жакын адамыбыз инсультка чалдыгып, даана сүйлөй албай калганда кандай кымбат нерседен айрыларыбызды ойлоп көрсөңөр. Күйөөсү инсультка чалдыккан Жоан: «Биз аябай жакшы пикирлешчүбүз. Ошол учурларды абдан сагынам!» — дейт.

2 Пикирлешүү достук мамилелерди чыңдайт, түшүнбөстүктөрдү жоёт, көңүлү чөккөндөрдү бекемдейт, ишенимди чыңдайт, жашоону кызыктуу кылат; бирок мындай натыйжа өзүнөн-өзү эле келе калбайт. Акылман падыша Сулайман: «Маңызсыз сүйлөгөн адам кылычтай жаралайт, ал эми акылдуу адамдардын тили сакайтат»,— деп айткан (Накыл сөздөр 12:18). Жахабанын кызматчылары катары биз сүйлөгөн сөздөрүбүздүн башкаларга катуу тийип, көңүлүн чөктүрүшүн эмес, тескерисинче, жагымдуу жана бекемдээрлик таасир этишин каалайбыз. Ошондой эле сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүздү кызмат кылууда да, жекече пикирлешүүдө да Жахабаны даңктагыдай кылып колдонгубуз келет. Забурчу: «Кудайды күн сайын мактайбыз, Сенин ысымыңды түбөлүк даңктайбыз»,— деп ырдаган (Забур 43:9).

3, 4. а) Сүйлөөгө келгенде баарыбыз тең кандай кыйынчылыкка туш болобуз? б) Эмне жөнүндө сүйлөгөнүбүз канчалык маанилүү?

3 Шакирт Жакып: «Тилди эч бир адам багындыра албайт»,— деп эскертет. Андан ары: «Баарыбыз көп жаңылабыз. Оозунан жаңылбаган адам — бүт денесин ооздуктай алган жеткилең адам»,— деп кошумчалайт (Жакып 3:2, 8). Эч кимибиз жеткилең эмеспиз. Ошол себептен, ниеттерибиз канчалык жакшы болбосун, сөздөрүбүз дайыма эле башкаларды бекемдеп, Жаратканыбызга даңк алып келе бербейт. Андыктан абайлап сүйлөөгө үйрөнүшүбүз кажет. Андан тышкары, Ыйса: «Адамдар ар бир куру сөзү үчүн сот күнү жооп беришет. Анткени өз сөзүң менен акталасың, өз сөзүң менен айыпталасың»,— деп айткан (Матай 12:36, 37). Ооба, сүйлөгөн сөздөрүбүз үчүн биз чыныгы Кудайдын алдында жооптуубуз.

4 Жаман сөздөрдү сүйлөөдөн качуунун бир жолу — рухий нерселер жөнүндө пикирлешүүнү адатка айлантуу. Бул макалада андай адатты канткенде өрчүтө аларыбыз, эмне жөнүндө сүйлөшсөк болору жана кубаттандырарлык сүйлөшүүдөн кандай пайда аларыбыз талкууланат.

Жүрөгүңөргө назар салгыла

5. Кандайча жүрөгүбүз жагымдуу пикир алышууну шарттайт?

5 Жагымдуу пикир алышууну көнүмүш адатка айландырыш үчүн, алгач сөздөрүбүз жүрөгүбүздөгүнү чагылдырарын түшүнүшүбүз керек. Ыйса: «Жүрөк эмнеге толсо, ооздон ошол чыгат»,— деп айткан (Матай 12:34). Мындайча айтканда, биз өзүбүз үчүн маанилүү болгон нерселер жөнүндө сүйлөгөндү жакшы көрөбүз. Ошондуктан өзүбүзгө: «Сүйлөгөн сөздөрүм жүрөгүмдүн абалы тууралуу эмне айтып турат? Үй-бүлөм же ишенимдештерим менен болгон учурларда көбүрөөк рухий нерселер жөнүндө сүйлөймбү же дайыма спорт, кийим-кече, кино, тамак, акыркы жолу сатып алган буюмдарым жана башка майда-чүйдө нерселер жөнүндө сүйлөөгө ооп турамбы?» — деген суроолорду бергенибиз жөндүү. Жашообуз менен ойлорубуз билинбей отуруп анча маанилүү эмес маселелердин айланасында жүрүп калышы мүмкүн. Ошондуктан өзүбүз үчүн эмне маанилүү экенин билгенибиз сүйлөгөн сөздөрүбүздүн, ошондой эле жашообуздун сапатын жогорулатат (Филипиликтерге 1:10).

6. Ой жүгүртүү пикирлешүүбүзгө кандай таасир этет?

6 Сүйлөгөн сөздөрүбүздүн сапатын максаттуу ой жүгүртүү менен да жакшырта алабыз. Рухий нерселер жөнүндө ойлонууга атайын күч-аракет жумшасак, рухий темада пикир алышуу биз үчүн көнүмүш болуп калат. Мындай өз ара байланышты Дөөт падыша сезген. Ал: «Менин оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум Сага жага тургандай болсун, Теңирим»,— деп ырдаган (Забур 18:15). Ал эми забурчу Асап Кудайга: «Сенин бардык иштериң жөнүндө ой жүгүртөм, Сенин улуу иштериң жөнүндө ойлоном»,— деген (Забур 76:13). Кудайдын Сөзүндөгү чындыктарга кунт койгон жүрөк менен акылдан мактоого татырлык сөздөр оргуп чыгат. Жеремия Жахабанын үйрөткөндөрүн ичинде сактап жүрө алган эмес (Жеремия 20:9). Дайыма рухий нерселер тууралуу ой жүгүртсөк, биз да Жеремиядай болобуз (1 Тиметейге 4:15).

7, 8. Бекемдээрлик пикирлешүү үчүн кандай темалар жакшы?

7 Рухий иштердин жакшы күнтартибине кармануу менен биз бири-бирибизди бекемдегидей ар түркүн темада пикирлеше алабыз (Филипиликтерге 3:16). Жыйындар, жыйналыш жолугушуулары, учурдагы адабияттар, күндөлүк аяттар жана ага берилген комментарийлер бизди башкалар менен бөлүшсө боло турган баа жеткис рухий чындыктар менен камсыз кылат (Матай 13:52). Кызматыбызда болгон окуялар да бизге рухий дем-шык бере алат!

8 Сулайман падыша Ысрайылда бак-дарактарга, жаныбарларга, канаттууларга, балыктарга байкоо жүргүзүп, алардын көп түрдүүлүгүнө суктанган (1 Падышалар 4:33). Ал Кудайдын жараткан нерселери жөнүндө сүйлөөдөн кубаныч тапчу. Биз да ошентсек болот. Жахабанын кызматчылары ар кайсы темада сүйлөшө алышат, бирок рухий темада сүйлөшүү рухий маанайдагы адамдардын пикирлешүүсүн дайыма көрктөндүрөт (1 Корунттуктарга 2:13).

«Ошол жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө»

9. Пабыл филипиликтерди эмнеге чакырган?

9 Кайсы гана темада сүйлөшпөйлү, элчи Пабылдын Филипидеги жыйналышка айткан үндөөсүнө ылайык пикирлешсек, башкаларды бекемдегидей болобуз. Пабыл мындай деп жазган: «Эмне чын болсо, эмне олуттуу көңүл бурууга арзыса, эмне адил, эмне таза болсо, эмне сүйүүгө татыса, эмне жакшы деп эсептелсе, эмне изги болсо жана эмне мактоого арзыса, ошол жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө» (Филипиликтерге 4:8, ЖД). Айтып өткөн нерселери ушунчалык маанилүү болгондуктан, Пабыл «ошол жөнүндө дайыма ой жүгүртүүгө» чакырган. Акылыбыз менен жүрөгүбүздү ошол нерселерге толтурушубуз керек. Анда Пабыл кеп кылган сегиз нерсенин ар бирине ыклас коюу пикирлешүүдө бизге кандай жардам боло аларын карап көрөлү.

10. Чын делген нерселерди сүйлөгөн сөздөрүбүздө кантип чагылдыра алабыз?

10 Чын делген нерсе туура жана төгүн эмес маалыматты эле камтыбайт. Ал Кудайдын Сөзүндөгү чындык сыяктуу акыйкат жана ишенүүгө татыктуу нерсени билдирет. Андыктан башкаларга өзүбүзгө таасир калтырган ыйык китептик чындыктар, ишенимибизди бекемдеген баяндама же сөз, Ыйык Жазманын жардам берген кеңештери тууралуу кеп кылганыбызда, чын делген нерселер жөнүндө ой жүгүрткөн болобуз. Ал эми чынчылдыгы бардай көрүнгөн «жалган илимди» четке кагабыз (1 Тиметейге 6:20). Ошондой эле ушак ташуудан же чын-төгүнүн тактап билүү мүмкүн эмес болгон шектүү окуяларды таратуудан качабыз.

11. Олуттуу көңүл бурууга арзырлык кайсы нерселер жөнүндө пикирлешсек болот?

11 Олуттуу көңүл бурууга арзырлык нерселер майда же курулай эмес, а орчундуу, маанилүү нерселерди билдирет. Алардын ичине кызматыбызга, биз жашап жаткан оор мезгилге, үлгүлүү жүрүм-турумга байланышкан нерселер кирет. Мындай олуттуу маселелерди талдоо менен биз рухий жактан сергек болууга, ишенимдүүлүгүбүздү сактоого жана жакшы кабарды тарата берүүгө ого бетер чечкиндүү болууга түрткү алабыз. Кызматыбызда болгон кызыктуу окуялар жана акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды эсибизге салган күндөлүк окуялар ар тараптуу жагымдуу пикирлешишибизге өбөлгө түзөт (Элчилер 14:27; 2 Тиметейге 3:1—5).

12. Пабылдын адил жана таза нерселер жөнүндө ой жүгүртүүгө берген кеңешин эске алып, эмнелерден качышыбыз керек?

12 Адил деген сөз Кудайдын алдында ак болууну, анын талаптарына жооп берүүнү билдирет. Таза деген сөз акылыбыз менен жүрүм-турумубуздун аруулугун камтыйт. Жыйналышыбызда ушакка, адепсиз тамашаларга же секске байланышкан кыйытма сөздөргө орун берилбеши керек (Эфестиктерге 5:3; Колостуктарга 3:8). Жумуштан же мектептен ушу сыяктуу нерселер сүйлөнгөндө, Ыйсанын жолдоочулары акылдуулук көрсөтүп, ары басып кетишет.

13. Сүйүүгө татыган жана жакшы деп эсептелген нерселер тууралуу кантип пикирлешүүгө болот?

13 Пабыл сүйүүгө татыган нерселер жөнүндө ой жүгүртүүгө үндөп, жек көрүүнү, кайгы-капаны же талаш-тартышты туудурган нерселерге карама-каршы болгон жагымдуу, сүйкүмдүү же сүйүүгө түрткү берген нерселерге чакырган. Жакшы деп эсептелген нерселерге туура, ишеничтүү маалыматтар кирет. Мисалы, маал-маалы менен «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарынын бетине чыгып турган ишенимдүү биртуугандардын өмүр баяндары. Ишенимибизди бекемдеген ушундай макалаларды окуган соң, кандай таасир алганыңар жөнүндө башкаларга айтып берүүгө эмне үчүн болбосун? Ошондой эле башкалардын рухий ийгиликтери тууралуу угуу бизди кандай кубаттандырат! Мындай пикирлешүүлөр жыйналышыбыздын биримдигин чыңдап, сүйүүсүн арттырат.

14. а) Изгилик сапатын көрсөтүү үчүн бизден эмне талап кылынат? б) Кандайча сүйлөгөн сөздөрүбүз мактоого арзырлык нерселерди камтый алат?

14 Пабыл «изги болгон» нерселерди да кеп кылат. Изгилик жакшылыкчылдыкты же адеп-ахлактык бийик сапатты билдирет. Сүйлөгөн сөздөрүбүз ыйык китептик принциптерге туура келгидей жана адил, таза, изги нерселерден четтеп кетпегидей болушу керек. Мактоого арзыган деген башкалардын жактыруусуна татыган дегенди туюнтат. Жыйналыштан кимдир бирөө жакшы сүйлөп чыкса же ишенимдүүлүгү менен үлгү көрсөтсө, бул жөнүндө анын өзүнө да, башкаларга да айтсак болот. Элчи Пабыл ишенимдештерин сонун сапаттары үчүн көп мактаган (Римдиктерге 16:12; Филипиликтерге 2:19—22; Филемонго 4—7). Ал эми Жаратканыбыздын иштери өзгөчө мактоого арзырлык экени шексиз. Анын жараткан нерселеринен биз башкаларды бекемдегидей пикирлешүү үчүн толгон токой темаларды таба алабыз (Накыл сөздөр 6:6—8; 20:12; 26:2).

Бекемдээрлик пикирлешүү

15. Ыйык Китептеги кайсы осуят ата-энелерди балдары менен мазмундуу пикир алышууга милдеттендирет?

15 Мыйзам 6:6, 7-аяттарда: «Мен бүгүн осуяттап жаткан сөздөрдү жүрөгүңдө сакта. Аларды үйдө отурганыңда да, жолдо бара жатканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да балдарыңа кайра-кайра айтып үйрөт»,— деп айтылат. Ырас, бул осуятка кулак кагып, ата-энелер балдары менен рухий темада мазмундуу пикир алышууга тийиш.

16, 17. Жахаба менен Ыбрайымдын үлгүсүнөн Ыйсаны жолдогон ата-энелер эмнеге үйрөнө алышат?

16 Ыйсанын жерге жөнөтүлөрү жөнүндө сөз жүргөндө, ал асмандагы Атасы менен бул тууралуу көпкө сүйлөшсө керек. Ыйса өзүнүн шакирттерине: «Эмнени айтып, эмнени сүйлөө керектигин Мени жиберген Атам осуят кылган»,— деген (Жакан 12:49; Мыйзам 18:18). Уруу аксакалы Ыбрайым өз уулу Ыскак менен Жахабанын аларга жана ата-бабаларына кандай баталарды бергени жөнүндө сүйлөшүп, эчендеген сааттарды бирге өткөрүшкөндүр. Мындай пикирлешүүлөр Ыйсага да, Ыскакка да Кудайдын эркине момундук менен баш ийүүгө жардам бергени шексиз (Башталыш 22:7—9; Матай 26:39).

17 Балдарыбыз да бекемдээрлик пикирлешүүгө муктаж. Ата-энелер өздөрүнүн күнтартибинин тыгыз болгонуна карабай балдары менен пикир алышууга убакыт табышы керек. Мүмкүн болсо, бир күндө, жок дегенде, бир жолу үй-бүлөңөрдүн чогуу тамактанары тууралуу макулдашып алсаңар кандай? Тамактануу учурунда жана андан кийин үй-бүлөнүн рухий саламаттыгын чыңдай турган талкууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк туулат.

18. Ата-эне менен баланын ортосундагы жакшы пикирлешүүнүн пайдасы көрсөтүлгөн мисалды айтып бергиле.

18 Алехандро, жыйырмадан ашып калган пионер, 14 жашында кандай шек саноолору болгонун эстейт. Ал мындай дейт: «Классташтарым менен мугалимдеримдин таасиринен улам Кудайдын бар экенине жана Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенине шектенчүмүн. Эне-атам чыдамдуулук көрсөтүп, мени менен көптөгөн сааттар бою ой калчашчу. Ал пикирлешүүлөр мага ошол кыйын кезде шек саноолорумду жоюуга эле эмес, жашоомдо туура чечимдерди чыгарууга да жардам берди». Азырчы? Алехандро сөзүн мындайча улайт: «Мен дагы эле ата-энем менен жашайм. Бирок убакыт тар болгондуктан, атам экөөбүзгө жайма-жай сүйлөшүүгө убакыт табуу оңой эмес. Ошондуктан анын иштеген жеринде экөөбүз жумасына бир жолу чогуу тамактанып турабыз. Мындай пикирлешүүнү мен абдан баалайм».

19. Рухий темада пикирлешүүгө эмне үчүн баарыбыз тең муктажбыз?

19 Ишенимдештерибиз менен да рухий темада пайдалуу пикирлешүү мүмкүнчүлүгүн баалабайбызбы? Мындай мүмкүнчүлүктөр жыйналыш жолугушууларында, кабар айтуу кызматында, достук жолугушууларында же саякаттоодо пайда болот. Пабыл Ыйсанын Римдеги жолдоочулары менен сүйлөшүүгө ынтызар болгон. «Силерди көрүүгө куштармын,— деп жазган ал,— силердин жана менин, баарыбыздын ишенимибиз аркылуу кайраттансак дейм» (Римдиктерге 1:11, 12). Иоганнес аттуу аксакал мындай дейт: «Ишенимдештериң менен рухий темада пикирлешүү өтө зарыл муктаждыгыңды канааттандырат, көңүлүңдү сергитет жана күндөлүк турмушуңдун жүгүн жеңилдетет. Мен улгайган биртуугандардан өздөрүнүн жашоосу жөнүндө жана ишенимдүү бойдон калууга аларга эмне жардам бергенин айтып берүүсүн көп суранам. Бир канча жыл аралыгында көптөр менен сүйлөштүм жана ар биринен аздыр-көптүр акылмандык, тажрыйба алып, жашоомду байыта алдым».

20. Уялчаактар менен пикирлешүүдө эмне кылсак болот?

20 Рухий темада сөз баштаганыңда, кимдир бирөө сөзүңдү колдобогондой көрүнсөчү? Андай учурда багынбаганың зарыл. Балким, андай пикирлешүүнүн ыңгайы кийинчерээк келер. «Туура [«Өз учурунда», ЖД] айтылган сөз — жаркыраган күмүш идиштеги алтын алма»,— деп белгилеген Сулайман (Накыл сөздөр 25:11). Уялчаактарга түшүнүү менен мамиле кыл. «Адамдын жүрөгүндөгү ойлор — терең суулар, бирок акылдуу адам алардан сузуп ала берет» * (Накыл сөздөр 20:5). Баарынан маанилүүсү, башкалардын маанайынын жүрөгүңдү козгогон нерселер жөнүндө айтып берүүңө тоскоол болушуна эч жол бербе.

Рухий маанайда пикирлешүү баарына пайдалуу

21, 22. Рухий маанайда пикирлешүүнүн кандай пайдалары бар?

21 «Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын,— деп кеңеш берген Пабыл,— тескерисинче, уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө» (Эфестиктерге 4:29; Римдиктерге 10:10). Сөздү туура нукка буруу оңойго турбашы мүмкүн, бирок натыйжасы ошого татыйт. Рухий маанайда пикирлешүү ишенимибизди башкалар менен бөлүшүүгө жана биртуугандарыбызды бекемдөөгө шарт түзөт.

22 Келгиле анда, сүйлөө жөндөмдүүлүгүбүздү башкаларды бекемдөөгө жана Кудайды даңктоого колдонолу. Мындай пикирлешүүлөр өзүбүзгө канааттануу алып келсе, башкаларга күч-кубат берет. Баарынан мурда, андайда Жахабанын жүрөгү кубанат, анткени ал биздин эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыбызды кунт коюп угат жана тилибизди туура колдонгонубузда сүйүнөт (Забур 138:4; Накыл сөздөр 27:11). Пикирлешүүбүз рухий нерселердин тегерегинде жүрсө, Жахабанын бизди унутпаарына шек санабасак болот. Биздин убакта Жахабага кызмат кылып жаткандар жөнүндө Ыйык Китепте мындай деп айтылат: «Кудайдан корккондор бири-бирине: „Теңир кулак салып жатат, Ал угуп жатат, Теңирден коркуп, Анын ысымын урматтагандар тууралуу Анын алдында эстелик китеп жазылып жатат“ дешет» (Малахия 3:16; 4:5). Пикирлешүүбүздүн башкаларды рухий жактан бекемдегидей болушу кандай гана маанилүү!

[Шилтемелер]

^ 20-абз. Ысрайылдагы кээ бир кудуктар абдан терең болгон. Гибондон археологдор тереңдиги 25 метрче келген чоң кудук табышкан. Анын ичинде түбүнө түшүп суу сузуп алууга ылайыкталган шаты бар экен.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Сүйлөгөн сөздөрүбүз биз тууралуу эмне айтып турат?

• Башкаларды бекемдээрлик кандай темаларда сүйлөшсөк болот?

• Пикирлешүү үй-бүлөдө жана жыйналышта кандай маанилүү ролду ойнойт?

• Бекемдээрлик пикирлешүүнүн кандай пайдалары бар?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги сүрөт]

Бекемдээрлик пикирлешүү...

«эмне чын болсо»...

«эмне олуттуу көңүл бурууга арзыса»...

«эмне мактоого арзыса»...

«эмне жакшы деп эсептелсе»,ошого негизделет.

Видеофильмдин мукабасында — Сталин:U.S. Army photo;«Жараткан» китебинин мукабасында — Бүркүт тумандуулугу: J. Hester and P. Scowen (AZ State Univ.), NASA

[11-беттеги сүрөт]

Тамактануу учурунда рухий темада сүйлөшүүгө сонун мүмкүнчүлүк болот.