Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сыноо учурундагы чыдамкайлык Жахабага даңк алып келет

Сыноо учурундагы чыдамкайлык Жахабага даңк алып келет

Сыноо учурундагы чыдамкайлык Жахабага даңк алып келет

«Жакшы иш кылып жатып да, азап чегүүгө чыдап жатсаңар,анда бул Кудайга жагат» (1 Петир 2:20).

1. Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын өздөрүнүн арналуусуна ылайык жашоого умтулушканына байланыштуу кайсы суроону карап чыгуу зарыл?

ЫЙСАНЫН жолдоочулары Жахабага арналгандыктан анын эркин аткарууну каалашат. Ыйса Машайактын үлгүсү менен жүрүп жана чындык тууралуу күбөлөндүрүп, өздөрүнүн арналуусуна ылайык жашоо үчүн, алар бүт күч-аракетин жумшашат (Матай 16:24; Жакан 18:37; 1 Петир 2:21). Бирок Ыйса жана Кудайдын башка ишенимдүү кызматчылары өздөрүнүн ишеними үчүн өмүрлөрүн берип, азапкеч катары өлүмгө дуушар болушкан. Бул Ыйсанын жолдоочуларынын баарына ишеними үчүн өлүүгө туура келет дегенди билдиреби?

2. Ыйсанын жолдоочулары сыноолорго жана азап чегүүгө кандай карашат?

2 Ыйсанын жолдоочулары катары биз ишенимибиз үчүн сөзсүз өлүүгө эмес, өмүрүбүздүн акырына чейин ишенимдүү болууга чакырылабыз (2 Тиметейге 4:7; Аян 2:10). Ошондуктан, ишенимибиз үчүн азап тартууга — керек болсо, өлүүгө — даяр болсок да, ага өзүбүз умтулбайбыз. Жапа чегүү, кыйноодон өтүү, денебиздин оорушу же кемсинтилүү бизге ырахат алып келбейт. Бирок куугунтук, сыноолор болбой койбосун билгендиктен, андай учурларда эмне кылсак болорун кылдат карап чыгуу зарыл.

Сыноодо ишенимдүүлүгүн сактагандар

3. Куугунтукка алынгандардын иш-аракеттери көрсөтүлгөн ыйык китептик кайсы мисалдарды келтире аласыңар? (Кийинки беттеги «Куугунтукка алынганда алар эмне кылышкан?» деген кутучаны карагыла.)

3 Ыйык Китепте Кудайдын байыркы кызматчылары өмүрлөрүнө коркунуч туулганда эмне кылышканы көрсөтүлгөн көптөгөн окуялар баяндалат. Алардын иш-аракеттери бүгүн Ыйсанын жолдоочуларына ошондой татаал жагдайларга туш болгондо жетекчилик катары кызмат кылат. «Куугунтукка алынганда алар эмне кылышкан?» деген кутучадагы мисалдарды карап чыгып, алардан эмнеге үйрөнсө болорун ойлонуп көргүлө.

4. Ыйса жана башка ишенимдүү кызматчылар сыноо учурунда өзүлөрүн кандай алып жүрүшкөн?

4 Ыйса жана Кудайдын башка дагы ишенимдүү кызматчылары сыноо учурунда жагдайга жараша өздөрүн ар кандай алып жүрүшсө да, албетте, алар өмүрлөрүн жөн жерден тобокелге салган эмес. Кооптуу жагдайларга туш болгондо алар кайраттуулук көрсөтүү менен бирге этият болушкан (Матай 10:16, 23). Алар кабар айтуу ишин алга жылдырууну жана Жахабага ишенимдүү бойдон калууну максат кылышкан. Ыйсанын бүгүнкү жолдоочулары сыноолорго жана куугунтукка дуушар болгондо алардан үлгү алышат.

5. Малавиде 1960-жылдары кандай куугунтук болгон жана ал жердеги Күбөлөр эмне кылышкан?

5 Биздин заманда Жахабанын эли көп жолу согуштун, тыюу салуунун же ачык куугунтуктун азап-кууралын көтөрдү. Мисалы, 1960-жылдары Малавиде Жахабанын Күбөлөрү катуу куугунтукталып, Падышалык залдарынан, үйлөрүнөн, азык-түлүк запастарынан, жумуштарынан, кыскасы, дээрлик бардык нерсесинен айрылышкан. Уруп-сабалышкан, кордолушкан. Ошол жагдайда ал биртуугандар эмне кылышкан? Миңдегендерине айылдарын таштап качууга туура келген. Көптөрү бадалдуу жерден башмаана табышса, башкалары убактылуу коңшулаш Мозамбикке ооп кетишкен. Көптөгөн ишенимдүү Күбөлөр өмүрлөрүнөн айрылса, башкалары кооптуу аймактан качып кетүүнү туура көрүшкөн. Мындай чечим ал жагдайда, болжолу, эстүүлүккө жаткан. Ошонусу менен ал биртуугандар Ыйса менен Пабылдын үлгүсүн жолдошкон.

6. Айыгышкан куугунтукка карабай Малавидеги Күбөлөр өздөрүнүн кызматын кандай аткарышкан?

6 Ошол кезде Малавидеги биртуугандарга башка жакка көчүп кетүүгө же жашынып жүрүүгө туура келсе да, алар теократиялык жетекчилик издеп, ошого жараша иш кылып, өздөрүнүн кызматын жашыруун түрдө мүмкүн болушунча жакшы аткарышкан. Алардын иш-аракеттери кандай натыйжа берген? 1967-жылы тыюу салынардын дал алдында Падышалыктын жарчыларынын жогорку саны 18 519га жеткен болчу. Өлкөдөгү тыюу салуу дагы деле күчүндө болгонуна жана көптөрдүн Мозамбикке качып кеткенине карабай, 1972-жылы жарчылардын жаңы жогорку саны 23 398ди түзгөн. Алар ай сайын кызматка 16 сааттан ашык убакыт арнашкан. Арийне, алардын иши Жахабага даңк алып келген, а Жахаба ошол катаал кезеңде ишенимдүү биртуугандарга батасын берип турган *.

7, 8. Каршылыктын айынан кыйынчылыктарга дуушар болушса да, айрымдар кайсы себептерден улам көчүп кетпөөнү туура көрүшкөн?

7 Ошол эле учурда, кээ бир өлкөлөрдө каршылыктын айынан кыйынчылыктарга дуушар болгон айрым биртуугандарыбыз, мүмкүнчүлүк жол берип турса да, жашаган жеринен көчүп кетпөөнү туура көрүшөт. Көчүп кетүү менен, балким, кээ бир кыйынчылыктар чечилмектир, бирок башкалары туулушу ыктымал эле. Маселен, көчүп кеткендер дүйнөлүк биртуугандык менен байланышын сактап кала алышат беле? Же өзүлөрүн рухий жактан кабарсыз калтырышмакпы? Байыраак же көбүрөөк ыңгай-шарттары бар өлкөгө байыр алууга күч-аракет жумшап жүрүп, алар дайыма өздөрүнүн рухий тартибине кармана алышат беле? (1 Тиметейге 6:9).

8 Айрымдар ишенимдештеринин рухий жыргалчылыгын ойлоп, эч жакка кетпөөнү туура көрүшөт. Өздөрүнүн мекенинде кабар айтып, рухий биртуугандарын бекемдеп туруш үчүн алар кыйынчылыктарга карабай мурунку эле жеринде калышат (Филипиликтерге 1:14). Мындай чечимдин аркасында кээ бирөөлөр өздөрүнүн өлкөсүндө юридикалык жеңиштерге жетүүгө да салым кошо алышкан *.

9. Куугунтук учурунда көчүп кетүүгө же калууга байланыштуу чечим чыгарууда эмнелерди эске алуу керек?

9 Көчүп кетүүгө же калууга байланыштуу чечимди, албетте, ар ким өзү чыгарат. Мындай чечимдерди Жахабага тиленип, жетекчилик сурагандан кийин гана чыгарышыбыз абзел. Бирок, кандай чечим чыгарбайлы, элчи Пабылдын: «Кудайдын алдында ар бирибиз өзүбүз үчүн жооп беребиз»,— деген сөздөрүн эсибизде сакташыбыз керек (Римдиктерге 14:12). Мурунураак айтылгандай, Жахаба ар бир кызматчысынан бардык жагдайларда ишенимдүү бойдон калуусун талап кылат. Учурда анын кээ бир кызматчылары сыноолорго жана куугунтукка дуушар болуп жатышат, башкалары кийин дуушар болушу мүмкүн. Кандайдыр бир жол менен баарыбыз тең сыналабыз, ошондуктан менин башыма сыноо түшпөйт деп эч кимибиз айта албайбыз (Жакан 15:19, 20). Жахабага арналган кызматчылар катары биз анын ысмынын ыйыкталышына жана анын эгедерлигинин акталышына байланышкан маселени айланып өтө албайбыз (Жезекиел 38:23; Матай 6:9, 10).

«Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле»

10. Куугунтукка, каршылыкка туш болгондо Ыйса менен элчилер бизге кандай үлгү көрсөтүшкөн?

10 Ыйса менен элчилердин сыноо учурунда жасаган иш-аракеттеринен дагы бир маанилүү принципке үйрөнсөк болот: куугунтуктоочулардан өч алууга эч качан умтулбашыбыз керек. Биз Ыйсанын же анын шакирттеринин каршылык көрсөтүү кыймылын түзгөнүн же куугунтуктоочулар менен күч колдонуп күрөшкөнүн Ыйык Китептин эч жеринен кезиктирбейбиз. Тескерисинче, элчи Пабыл ишенимдештерин «жамандыкка жамандык менен жооп бербөөгө» үндөп: «Сүйүктүүлөр, өзүңөр үчүн өч албагыла, тескерисинче, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазууда: „Теңир мындай дейт: Өч Меники, Мен тиешесин берем“,— деп жазылган»,— деген. Андан тышкары, ал: «Жамандыкка жеңилбе, тескерисинче, жамандыкты жакшылык менен жең»,— деп жазган (Римдиктерге 12:17—21; Забур 36:1—4; Накыл сөздөр 20:22).

11. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын мамлекетке жасаган мамилеси жөнүндө бир тарыхчы эмне деп айткан?

11 Ыйсанын алгачкы жолдоочулары ошол кеңештерди кабыл алышкан. Тарыхчы Сесил Каду «Алгачкы чиркөө жана дүйнө» деген китебинде Ыйсанын жолдоочуларынын б.з. 30—70-жылдарында мамлекетке кандай мамиле кылышканын баяндаган. Ал мындай деп жазган: «Ошол кездеги Ыйсанын жолдоочуларынын куугунтукка каршы туруу үчүн күч колдонууга аракеттенишкенине эч бир айкын далил жок. Эң ары дегенде, алар башкаруучуларын катуу сынга алып же качып кетип, алардын ойлогон ой-ниеттерин бузушчу. Ыйсанын жолдоочуларынын куугунтукка жооп кылуусу, адатта, өкмөттүн Машайакка баш ийүүгө каршы келген буйруктарын аткаруудан сыпайы, бирок чечкиндүү түрдө баш тартуу менен эле чектелчү» («The Early Church and the World»).

12. Эмне үчүн өч алгандан көрө азап чегүү жакшыраак?

12 Алсыздыктай көрүнгөн мындай мамиле, чынында, жөндүүбү? Андай адамдар аларды жок кылгысы келгендерге оңой жем болуп бербейби? Андан көрө, өзүн коргоо акылдуулукка жатпайбы? Адамдын көзкарашы менен караганда, ошондой сезилиши мүмкүн. Бирок Жахабанын кызматчылары катары биз бардык учурда анын жетекчилиги менен жүрүү эң туура экенине бекем ишенебиз. Биз Петирдин: «Силер жакшы иш кылып жатып да, азап чегүүгө чыдап жатсаңар, анда бул Кудайга жагат»,— деген сөздөрүн эсибизде сактайбыз (1 Петир 2:20). Жахабанын жагдайыбызды жакшы билерине жана куугунтуктун чексиз созула беришине жол бербесине биз эч күмөн санабайбыз. Эмне үчүн? Жахаба Бабылда туткунда жүргөн элине: «Силерге ким тийсе, ал... көзүмдүн карегине тийген болот»,— деп айткан (Захария 2:8). Мисалы, сен көзүңдүн карегине кимдир бирөөнүн качанга чейин тийишине жол берет элең? Жахаба элине өз убагында жардамга келет. Буга кымындай да шек жок (2 Тесалоникалыктарга 1:5—8).

13. Ыйса душмандарынын колуна эмне үчүн түшүп берген?

13 Биз бул жагынан Ыйсадан үлгү алсак болот. Ал Гетсемани багында душмандарына өзүн кармап кетүүгө жол берген, бирок өзүн коргой албаганы үчүн эмес. Шакирттеринин биринен ал: «Атамдан азыр жардам сурап ала албайт деп ойлойсуңбу? Ал Мага он эки түмөндөн көп периштени жиберер. Ушундай болуш керек экендигин билдирген Ыйык Жазуулар анда кантип аткарылмак?» — деп сураган (Матай 26:53, 54). Жахабанын эркинин аткарылышы Ыйса үчүн эң маанилүү болгон. Керек болсо, ан үчүн азап тартууга да даяр болчу. Ал Дөөттүн пайгамбарлык забурундагы: «Сен менин жанымды өлгөндөр жаткан жайда калтырбайсың, Өзүңдүн ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң»,— деген сөздөргө толук ишенген (Забур 15:10). Бир канча жылдан кийин элчи Пабыл Ыйса жөнүндө: «Ал, алдында турган кубанычтын урматына, маскара болгонуна карабай, айкаш жыгачка [«кыйноо мамысына», ЖД] чыдап, башынан өткөргөн жана Кудайдын тактысынын оң жагынан орун алган»,— деген (Эврейлерге 12:2, «Мукаддас»).

Жахабанын ысмын ыйыктоодон кубаныч табабыз

14. Кандай кубаныч Ыйсага бардык сыноолорго чыдоого күч берген?

14 Эң оор сыноо учурунда Ыйсага кандай кубаныч күч берген? Жахабанын кызматчыларынын ичинен Ыйса, Кудайдын сүйүктүү Уулу, Шайтандын эң башкы бутасы болгону турган иш. Ошондуктан Ыйсанын сыноо учурунда ишенимдүүлүгүн сактаганы Шайтандын Жахабага жапкан жалаасына толук жооп болмок (Накыл сөздөр 27:11). Тирилгенде Ыйса эмне деген кубаныч жана канааттануу сезгенин элестетсең. Ал жеткилең адам катары Жахабанын эгедерлигинин акталышына жана ысмынын ыйыкталышына байланышкан маселедеги өзүнүн ролун аткарганына абдан сүйүнсө керек! Андан тышкары, «Кудайдын тактысынын оң жагынан орун алуу» Ыйса үчүн зор сыймык, чоң кубаныч экени талашсыз (Забур 109:1, 2; 1 Тиметейге 6:15, 16).

15, 16. Заксенхаузенде Күбөлөр кандай ырайымсыз куугунтукка чыдашкан жана аларга эмне күч берген?

15 Ыйсага окшоп, анын жолдоочулары ар кандай сыноолорго жана куугунтукка чыдап, Жахабанын ысмынын ыйыкталышына катышуудан кубаныч табышат. Мисалы, каргашалуу Заксенхаузен концлагеринде азап чегип, Экинчи дүйнөлүк согуштун аягындагы катаал өлүм жүрүшүнөн аман калган Күбөлөр менен болгон окуяны алалы. Жүрүштүн учурунда миңдеген туткундар аба ырайынын катаалдыгынан, оорудан, ачарчылыктан каза болгон же жолдон СС жоокерлери тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. 230 Күбөнүн баары чогуу болуп жана өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салуу менен бири-бирине жардам берип аман калышкан.

16 Ал Күбөлөргө ошол ырайымсыз куугунтукка чыдоого эмне күч берген? Эркиндикке ээ болору менен алар көкүрөктөгү кубанычын жана Жахабага болгон ыраазычылыгын «Мекленбургдагы Швериндин жанындагы токойго чогулган, Жахабанын алты улуттан турган 230 Күбөсүнүн резолюциясы» деп аталган документте билдиришкен. Алар ал документте: «Узакка созулган катуу сыноо артта калды, ал эми жалындап күйүп турган мештен чыккандай куткарылгандардан оттун жыты да келбейт. (Даниел 3:27ни карагыла.) Тескерисинче, алар Жахабанын күч-кубатына толуп, теократиялык кызыкчылыктарды алга жылдыруу максатында чыдамсыздык менен Падышанын жаңы буйруктарын күтүшүүдө»,— деп жазышкан *.

17. Кудайдын эли азыр сыноонун кандай түрлөрүнө дуушар болуп жатат?

17 «Кан төгүлгүчө күрөшө элек» болсок да, ошол 230 ишенимдүү кызматчыга окшоп, биз да ишенимибиздин сыналышына дуушар болушубуз мүмкүн (Эврейлерге 12:4). Сыноонун ар кандай түрү болот. Мисалы, классташтарыбыздын шылдыңына же адеп-ахлаксыздыкка жана башка күнөөлөргө түрткөн курдаштарыбыздын кысымына дуушар болушубуз ыктымал. Ошондой эле кандан сактанууга, Теңирге ишенген адам менен гана баш кошууга же диний жактан бөлүнгөн үй-бүлөдө балдарды чындыкта тарбиялоого чечкиндүү болуу менен да кээде катуу сыноого жана куугунтукка кабылышыбыз мүмкүн (Элчилер 15:29; 1 Корунттуктарга 7:39; Эфестиктерге 6:4; 1 Петир 3:1, 2).

18. Эң эле оор сыноолорго да чыдай аларыбызга бизди эмне ынандырат?

18 Бирок, башыбызга кандай сыноо түшпөсүн, биз Жахабаны жана анын Падышалыгын биринчи орунга койгонубуз үчүн азап чегип жатканыбызды билебиз жана аны чоң сыймык жана кубаныч катары көрөбүз. Бизди Петирдин: «Эгерде Машайактын ысымы үчүн кордолуп жатсаңар, анда бактылуусуңар. Анткени даңктын Руху — Кудайдын руху силерде»,— деген сөздөрү кайраттандырат (1 Петир 4:14). Жахабанын рухунун күчү менен биз эң оор сыноолорго да туруштук берип, ага даңк жана урмат-сый алып келе алабыз (2 Корунттуктарга 4:7; Эфестиктерге 3:16; Филипиликтерге 4:13).

[Шилтемелер]

^ 6-абз. 1960-жылдардагы ал окуялар кийинки отуз жыл ичинде Малавидеги Күбөлөр дуушар болгон ырайымсыз жана кандуу куугунтуктардын башы эле болчу. Ал тууралуу толук маалымат алуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрүнүн 1999-жылдагы «Жылдык китебинин» (ор.) 171—212-беттерин карагыла.

^ 8-абз. «Күзөт мунарасынан» «Жогорку сот „Арарат жериндеги“ чыныгы сыйынууну колдойт» деген макаланы карагыла (2003-жыл, 1-апрель, 30—32-беттер).

^ 16-абз. Бул резолюциянын толук текстин Жахабанын Күбөлөрүнүн 1974-жылдагы «Жылдык китебинен» окууга болот (208, 209-беттер, англ.). Ал эми «Күзөт мунарасынын» 1998-жыл, 1-январдагы санынын 25—29-беттеринен (ор.) өлүм жүрүшүн башынан кечирген биртуугандын баянын таба аласыңар.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Ыйсанын жолдоочулары азап чегүүгө жана куугунтукка кандай карашат?

• Ыйсанын жана башка ишенимдүү кызматчылардын сыноо учурундагы иш-аракеттеринен эмнеге үйрөнсөк болот?

• Куугунтукталганда өч алууга аракеттенбөө эмне үчүн акылмандыкка жатат?

• Сыноо учурунда Ыйсага эмне күч берген жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

[Изилдөө суроолору]

[25–беттеги кутуча]

Куугунтукка алынганда алар эмне кылышкан?

• Ироддун жоокерлери Бейт-Лехемге келип, эки жашка чейинки эркек балдардын баарын кырарда, Жусуп менен Мариям периштенин жетекчилиги астында ымыркай Ыйсаны алып, Мисирге качып кетишкен (Матай 2:13—16).

• Ыйса жерде кызмат кылып жүргөндө, душмандары аны зор күбөлөндүрүүсү үчүн нечен ирет өлтүрүүгө аракеттенишкен. Бирок Ыйса дайыма аларга карматпай кетип калчу (Матай 21:45, 46; Лука 4:28—30; Жакан 8:57—59).

• Жоокерлер менен күзөтчүлөр Ыйсаны кармап кеткени Гетсемани багына келишкенде, Ыйса эки жолу: «Менмин» — деп, өзүнүн ким экенин ачык айткан. Жадагалса, ал өзүнүн жолдоочуларын каршылык көрсөтпөөгө чакырып, сүрмө топтун колуна түшүп берген (Жакан 18:3—12).

• Диний жетекчилер Иерусалимде Петирди жана башкаларды кармап алып, сабап, Ыйса жөнүндө жарыялоого тыюу салышкан. Ошентсе да бошотулгандан кийин шакирттер «күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө Ыйса Машайак жөнүндө окутууну, Жакшы Кабар таратууну токтотушкан» эмес (Элчилер 5:40—42).

• Кийинчерээк элчи Пабыл деп аталып калган Шабылды Дамасктагы жүйүттөрдүн өлтүрүүнү көздөп жүрүшкөнү маалым болгондо, биртуугандар аны чабырага салып, түн ичинде шаар дубалынын боору менен төмөн түшүрүп качырып жиберишкен. Ошентип, ал аман калган (Элчилер 9:22—25).

• Бир канча жылдан кийин Пабыл, башкаруучу Фест менен Агрипа падышанын аны «өлүм жазасына тартууга» себеп табышпаганына карабастан, кесарь алдында соттолууну талап кылган (Элчилер 25:10—12, 24—27; 26:30—32).

[26-беттеги сүрөт]

Катуу куугунтуктун айынан качып жүрүүгө аргасыз болушса да, Малавидеги миңдеген ишенимдүү Күбөлөр Падышалыктын кызматын кубаныч менен аткара беришкен.

[27-беттеги сүрөт]

Нацисттик концлагерлерде жана өлүм жүрүшүндө бул ишенимдүү Күбөлөргө Жахабанын ысмын ыйыктап атышканына кубануу күч берген.

Өлүм жүрүшү: KZ-Gedenkstätte Dachau, courtesy of the USHMM Photo Archives

[28-беттеги сүрөт]

Сыноонун жана кыйынчылыктынар кандай түрү болот.