Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Учтуу таякка каршы турган» жоксуңбу?

«Учтуу таякка каршы турган» жоксуңбу?

«Учтуу таякка каршы турган» жоксуңбу?

ЫЙЫК КИТЕП жазылган байыркы убактарда малды айдап, оң жолго салып туруу үчүн узун, адатта, бир учу темирден жасалган учтуу таяк колдонулчу. Баш ийбей, ал таякка каршылык көрсөткөн мал эмне болгон? Бошонмок турсун, жөн жерден ашыкча таяк жей турган.

Тирилтилгенден кийин Ыйса Машайак анын айрым шакирттерин камакка алуу максатында жолго чыккан Шабыл аттуу адамга көрүнүп, дал ушундай таяк тууралуу кеп кылган. Жарык ичинен Шабыл Ыйсанын: «Шабыл, Шабыл! Эмне үчүн Мени кубалап жатасың? Учтуу таякка каршы тура албайсың»,— деген сөздөрүн угат. Ыйсанын жолдоочуларын куугунтуктоо менен Шабыл, чындыгында, Кудайдын өзүнө каршы чыккан. Бул тандап алган жолу ага зыяндан башка эч нерсе алып келмек эмес (Элчилер 26:14).

Биз да байкабай «учтуу таякка каршы туруп» алышыбыз мүмкүнбү? Ыйык Китепте «акылдуу адамдардын сөздөрү» бизди туура жолго салып турган ийне же учтуу таяк менен салыштырылат (Насаатчы 12:11). Кудай Сөзүнөн берилген кеңеш, эгер ага баш ийсек, бизге жакшылык кылууга түрткү берип, туура жолго багыттайт (2 Тиметейге 3:16). Ал эми аны четке кагуу зыяндан башка эч нерсе алып келбейт.

Шабыл Ыйсанын сөзүнө көңүл буруп, жүрүм-турумун өзгөрткөн жана мунун натыйжасында Ыйсаны жолдогон сүйүктүү элчи Пабыл катары таанымал болуп калган. Биз да Кудайдан келген кеңешке ылайык иш кылуунун аркасында түбөлүктүү баталарга ээ болобуз (Накыл сөздөр 3:1—6).

[32-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

L. Chapons/Illustrirte Familien-Bibel nach der deutschen Uebersetzung Dr. Martin Luthers