Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындык үчүн куугунтукталгандар

Чындык үчүн куугунтукталгандар

Чындык үчүн куугунтукталгандар

«Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу» (Матай 5:10).

1. Ыйса Понтий Пилаттын алдында эмне себептен турган жана ага эмне деген?

«МЕН чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн төрөлгөм жана ошол үчүн бул дүйнөгө келгем» (Жакан 18:37). Бул сөздөрдү айтканда Ыйса Римдин Жүйүт аймагындагы өкүмдары Понтий Пилаттын алдында турган. Ыйса аерге өзү каалап же Пилаттын чакыруусу боюнча келген эмес. Анын ал жерде турганынын себеби жүйүт диний жетекчилеринин аны өлүмгө татыктуу кылмышкер деп жалган айыпташканында болчу (Жакан 18:29—31).

2. Ыйса эмне кылган жана бул эмнеге алып келген?

2 Пилаттын бошотуп жиберүүгө же өлүм жазасына тартууга укуктуу экенин Ыйса беш колдой билген (Жакан 19:10). Бирок бул анын Пилатка Падышалык жөнүндө тайманбай сүйлөшүнө жолтоо болгон эмес. Өмүрү кылдын учунда турса да, Ыйса ал мүмкүнчүлүктү ошол аймактагы бийликтин эң жогорку өкүлүнө чындыкты күбөлөндүрүү үчүн колдонгон. Ошого карабастан, Ыйса айыпталып, өлүм жазасына тартылып, кыйноо мамысында азапкеч катары өлгөн (Матай 27:24—26; Марк 15:15; Лука 23:24, 25; Жакан 19:13—16).

Күбөбү же азапкечпи?

3. Мартис деген сөз Ыйык Китеп жазылган убакта эмнени билдирчү, ал эми азыр кандай мааниде колдонулат?

3 Бүгүнкү күндө көптөр азапкеч деп кайсы бир деңгээлде сокур ишенимге жетеленген жанкечти адамды түшүнүшөт. Өздөрүнүн көзкараштары, айрыкча, диний ишеними үчүн өлүүгө даяр болгондорду көп учурда террорчулар же жок эле дегенде, коом үчүн коркунуч туудурган адамдар катары эсептеп, аларга шектенүү менен карашат. Бирок айрым тилдерде «азапкеч» деген сөз грек тилиндеги мартис деген сөздөн келип чыккан. Ал сөз Ыйык Китеп жазылган убакта «күбөнү» — болжолу, сот алдында өз көзкараштарынын чындыгын күбөлөндүргөн адамды — билдирчү. Кийинчерээк гана ал «күбөлөндүрүү үчүн өмүрүн бере» турган же атүгүл өмүрүн берүү менен күбө болгон адамды билдирүү үчүн колдонулуп калган.

4. Ыйсага мартис деген грек сөзүнүн, негизинен, кайсы мааниси туура келет?

4 Ыйсага мартис деген грек сөзүнүн, негизинен, «күбө» деген мааниси туура келет. Өзү Пилатка айткандай, ал «чындык жөнүндө күбөлөндүрүү үчүн» келген. Анын күбөлөндүрүүсүнө адамдар ар кандай карашкан. Карапайым калктын ичинен айрымдар Ыйсадан уккан-көргөндөрүнөн терең таасир алып, ага ишенип калышкан (Жакан 2:23; 8:30). Бирок жалпы эл жана айрыкча, диний жетекчилер Ыйсанын күбөлөндүрүүсүнө терс көзкарашта болушкан. Ыйса өзүнүн ишенбеген туугандарына: «Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, ал эми Мени жек көрөт. Анткени Мен анын иштеринин жаман экендигин күбөлөндүрүп жатам»,— деп айткан (Жакан 7:7). Чындыкты күбөлөндүргөнү үчүн Ыйса эл башкаруучулардын каарына кабылып, акырында өлүмгө дуушар болгон. Чындыгында эле, ал «ишенимдүү жана чыныгы күбө (мартис)» болгон (Аян 3:14).

«Жек көрүндү болосуңар»

5. Жердеги кызматынын башында Ыйса куугунтук жөнүндө эмне деген?

5 Ыйса айыгышкан куугунтукка өзү эле эмес, жолдоочуларынын да дуушар болорун алдын ала айткан. Жердеги кызматынын башында ал угуучуларына Тоодогу насаатын айтып жатып мындай деген: «Чындык үчүн куугунтукталгандар бактылуу, анткени Асман Падышачылыгы алардыкы. Мен үчүн кордук көрсөңөр, Мен үчүн куугунтукталсаңар, Мен үчүн жалган жалаага кабылсаңар, бактылуусуңар. Кубанып шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң!» (Матай 5:10—12).

6. Ыйса 12 элчисин кабарга жиберип жатып кандай эскертүү берген?

6 Кийинчерээк 12 элчисин кабарга жөнөтүп жатып, Ыйса: «Адамдардан сак болгула, анткени алар силерди сотко беришет жана синагогаларында уруп-сабашат. Мен үчүн силерди башчылардын жана падышалардын алдына алып барышат. Ошентип, силер аларга жана бутпарастарга Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр»,— деген. Анын шакирттерин куугунтуктагандарга диний жетекчилер эле кирмек эмес. Андыктан Ыйса: «Бир тууган бир тууганын, атасы баласын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы чыгып, аларды өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Ким акырына чейин чыдаса, ал куткарылат»,— деп да айткан (Матай 10:17, 18, 21, 22). Бул сөздөрдүн чындыгын Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларынын тарыхы тастыктап турат.

Ишенимдүүлүк менен туруктуулуктун үлгүсү

7. Степан кандай себептен улам азаптуу өлүмгө дуушар болгон?

7 Ыйсанын өлгөнүнөн көп өтпөй чындыкты күбөлөндүргөн жолдоочуларынан биринчи болуп Степан өлгөн. «Ишеними бекем, күчкө толгон Степан эл арасында улуу кереметтерди жана жышаандарды көрсөтүп жүргөн». Ал эми диний душмандары «анын акылмандык менен, Рухтун күчү менен сүйлөгөн сөзүнө каршы тура алышкан» эмес (Элчилер 6:8, 10). Алар Степанды көрө албастык менен синедриондун (жүйүттөрдүн жогорку сотунун) алдына алып келип, жалган жалаа жабышкан. Ошого карабастан ал зор күбөлөндүрүү берген. Бирок акырында душмандары Степанды, ишенимдүү күбөнү, өлтүрүп салышкан (Элчилер 7:59, 60).

8. Степан өлгөндөн кийин башталган куугунтук Иерусалимдеги шакирттерге кандай таасир эткен?

8 Степан өлгөндөн кийин, «Иерусалимдеги Жыйынды катуу куугунтукташкан. Ошондо элчилерден башкасынын бардыгы Жүйүт жана Самария өлкөлөрүнүн ар кайсы жерине чачырап кетишкен» (Элчилер 8:1). Куугунтук Ыйсанын жолдоочуларынын күбөлөндүрүүсүн токтото алганбы? Жок. Тескерисинче, «чачырап кеткендер... эл аралап, Кудайдын сөзүн таратып жүрүшкөн» (Элчилер 8:4). Алар элчи Петирдикиндей көзкарашта болушса керек. Петир мурунураак: «Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек»,— деп айткан (Элчилер 5:29). Ошол ишенимдүү жана кайраттуу шакирттер көп кыйынчылыктарга дуушар болушарын билишсе да, куугунтукка туруштук берип, чындыкты күбөлөндүрүү ишин туруктуулук менен аткара беришкен (Элчилер 11:19—21).

9. Ыйсанын жолдоочулары дагы кандай куугунтукка алынышкан?

9 Сыноо азаймак турсун, барган сайын күчөй берген. Мисалы, Степандын ташбараңга алынышын туура көргөн Шабыл «мурункусундай эле Теңирдин шакирттерин коркутууну жана өлтүрүүнү каалап, башкы ыйык кызмат кылуучуга келген. Бул окутууну жолдогондордун кимисин тапса, ал эркек болобу, аял болобу, аны байлап, Иерусалимге алып келиш үчүн... андан Дамасктагы синагогаларга кат жазып берүүсүн өтүнгөн» (Элчилер 9:1, 2). Андан кийин орто эсеп менен б.з. 44-жылында «падыша Ирод Ыйсага ишенгендерди куугунтуктай баштаган. Алардын кээ бирөөлөрүн карматып, Жакандын бир тууганы Жакыпты кылыч менен өлтүрткөн» (Элчилер 12:1, 2).

10. Элчилер жана Аян китептеринде кандай куугунтуктар жөнүндө жазылган?

10 Элчилер китебинин калган бөлүгүндө куугунтуктоочудан элчиге айланып, болжолу, б.з. 65-жылында Рим императору Нерондун буйругу менен азаптуу өлүмгө дуушар болгон Пабыл сыяктуу ишенимдүү кызматчылардын сыноолорго, камакка, куугунтуктарга чыдаганы баяндалат (2 Корунттуктарга 11:23—27; 2 Тиметейге 4:6—8). Ал эми I кылымдын аягында жазылып бүткөн Аян китебинен улгайыңкы элчи Жакандын «Кудайдын сөзү жана Ыйса Машайак жөнүндөгү күбөлөндүрүү үчүн» Патмос аралында сүргүндө жүргөнүн билебиз. Аян китебинде ишенимдүү күбө Антипанын Пергамда өлтүрүлгөнү да айтылат (Аян 1:9; 2:13).

11. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын тарыхы анын куугунтук жөнүндөгү сөздөрүнүн чындыгын кандайча ырастаган?

11 Мунун баары Ыйсанын шакирттерине айткан: «Эгерде Мени кубалашкан болсо, силерди да кубалашат»,— деген сөздөрүнүн чындык экенин ырастап турат (Жакан 15:20). «Иерусалимде, бүт Жүйүт аймагында, Самарияда, атүгүл, бүт дүйнө жүзүндө Мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр»,— деген Эге Ыйса Машайактын тапшырмасын аткаруу үчүн, анын алгачкы ишенимдүү жолдоочулары эң оор сыноону көтөрүүгө — кыйноого алынып, жырткычтарга жем болуп же дагы башка жолдор менен азап тартып өлүүгө — даяр болушкан (Элчилер 1:8).

12. Эмне үчүн Ыйсанын жолдоочуларынын куугунтукталышы өткөн убак менен эле байланышпайт?

12 Бирок мындай ырайымсыз мамиле Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына эле жасалган деп ойлоо чоң жаңылыштык болмок. Жогоруда айтылгандай, көп кыйынчылыктарга туш болгон Пабыл: «Машайак Ыйса жолунда такыбаа жашагысы келгендердин бардыгы куугунтукка алынат»,— деп жазган (2 Тиметейге 3:12). Куугунтук жөнүндө Петир: «Силер ушуга чакырылгансыңар. Себеби Машайак да биз үчүн азап тарткан. Анын изи менен басышыбыз үчүн, Ал бизге үлгү калтырып кеткен»,— деген (1 Петир 2:21). Жахабанын эли бул түзүлүштүн «акыркы убагына» дейре жек көрүнүп, кастык мамилеге дуушар болуп келүүдө (2 Тиметейге 3:1). Жер жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү диктатордук да, демократиялык да бийликтердин тушунда мезгил-мезгили менен жекече да, уюм катары да куугунтукка алынып турган.

Эмне үчүн жек көрүндү болушат жана куугунтукталышат?

13. Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчылары куугунтукка байланыштуу эмнени эсинде бек сакташы керек?

13 Бүгүнкү күндө көбүбүз эркин кабар айтып, кенен-кесири жолугушуп жатсак да, Ыйык Китепте эскертилгендей, «бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашып» атканын унутпашыбыз керек (1 Корунттуктарга 7:31, ЖД). Абал алеки саатта өзгөрүп кетип, биз акыл-ой жагынан, эмоциялык жана рухий жактан даяр болбосок, оңой эле мүдүрүлүп калышыбыз этимал. Өзүбүздү андан сакташ үчүн эмне кылсак болот? Мисалы, тынчтыкты сүйгөн жана мыйзамга баш ийген Ыйсанын жолдоочуларынын эмне үчүн жек көрүндү болорун жана куугунтукталарын эсибизде бек сакташыбыз зарыл.

14. Ыйсанын жолдоочуларынын эмне үчүн куугунтукталарын Петир эмне деп түшүндүргөн?

14 Бул жөнүндө элчи Петир б.з. 62—64-жылдары жазган өзүнүн биринчи катында кеп кылган. Ыйсанын жолдоочулары Рим империясынын тушунда сыноолорго жана куугунтукка дуушар болуп жатканда, ал: «Сүйүктүү бир туугандар, сыналышыңар үчүн жиберилип жаткан оттуу сыноону жат нерсе катары өгөйлөп таң калбагыла»,— деп айткан. Муну менен эмне айткысы келгенин түшүндүрүп, Петир мындай дейт: «Силердин араңардан эч ким киши өлтүрүп, же уурулук кылып, же жаман иштерди кылып, же бирөөнүн ишине кийлигишип азап тартпасын. Эгерде машайакчы болгону үчүн азап тартып жатса, анда уялбасын. Тескерисинче, ушул наамы үчүн Кудайды даңктасын». Петир алардын кылмыш кылгандыгы үчүн эмес, Ыйсанын жолдоочулары болушканы үчүн азап тартышканын айткан. Эгер алар башка адамдар кылган эле иштерди кылышса, жек көрүндү болушмак эмес. Бирок, чындыгында, алар Ыйсанын айткандарына ылайык жашоого умтулушкан, мына ошондуктан азап чегишкен. Бүгүн да жагдай ошондой (1 Петир 4:4, 12, 15, 16).

15. Бүгүн Жахабанын Күбөлөрүнө жасалып жаткан мамилелерден кандай карама-каршылык көрүүгө болот?

15 Көптөгөн өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрүн чынчылдыгы жана тырышчаактыгы үчүн, үлгүлүү жүрүм-туруму жана үй-бүлөлүк жашоосу үчүн, жыйындарында жана курулуш долбоорлорун ишке ашырууда көрсөткөн биримдиги жана кызматташтыгы үчүн, атүгүл тыкан тышкы көрүнүшү жана адептүүлүгү үчүн макташат *. Ошол эле учурда алар жүргүзүп жаткан ишке азыркы кезде, бери дегенде, 28 өлкөдө тыюу салынган же чектөө коюлган жана көптөгөн Күбөлөр өздөрүнүн ишеними үчүн кордук көрүп, зыян тартып жатышат. Эмне үчүн мындай даана карама-каршылык өкүм сүрүүдө? Кудай буга эмне себептен жол берип жатат?

16. Кудай кайсы негизги себеп менен элинин куугунтукталышына жол берип жатат?

16 Баарынан мурда, биз Накыл сөздөр 27:11деги («Мукаддас»): «Уулум, жүрөгүмдү кубантып, акылдуу бол; ошондо мени жаманатты кылганга кандай жооп береримди билем»,— деген сөздөрдү эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ооба, бул жерде сөз эгедерликке байланышкан эзелки суроо жөнүндө жүрүп жатат. Көп сандаган адамдар кылымдар бою ал суроого өздөрүнүн Жахабага болгон ишенимдүүлүгүн сактап жооп берип келишкенине карабай, Шайтан Жахабаны, адил адам Аюбдун күндөрүндөгүдөй эле, жаманатты кылганы кылган (Аюб 1:9—11; 2:4, 5). Азыр Кудайдын Падышалыгы бийлик жүргүзүп, жер жүзү боюнча анын ишенимдүү букара эли менен өкүлдөрү бар болгондуктан, албетте, айласы кеткен Шайтан өзүнүн ырастоосун далилдөөгө тырмышып, ого бетер жаалданууда. Кандай кайгы-касыреттерге жана кыйынчылыктарга дуушар болушпасын, Кудайдын кызматчылары ага ишенимдүү бойдон калышабы? Бул суроого Жахабанын ар бир кызматчысы жекече жооп бериши керек (Аян 12:12, 17).

17. «Күбөлөндүрүшүңөр үчүн ушундай болот» деген сөздөр менен Ыйса эмне айткысы келген?

17 Ыйса шакирттерине «дүйнөнүн акырында» боло турган окуялар жөнүндө айтып берүү менен Жахабанын өз кызматчыларынын куугунтукка алынышына эмне себептен жол береринин дагы бир себебин көрсөткөн. Ыйса аларга: «Менин ысымым үчүн падышалардын жана башкаруучулардын алдына алып барышат. Мен жөнүндө күбөлөндүрүшүңөр үчүн ушундай болот»,— деген (Матай 24:3, 9; Лука 21:12, 13). Ыйса өзү дагы Ирод менен Понтий Пилатка чындыкты күбөлөндүргөн. Элчи Пабылды да «падышалардын жана башкаруучулардын алдына алып барышкан». Ыйса Машайактын жетекчилиги менен Пабыл: «Падышанын алдында соттолууну талап кыламын»,— деп айтып, ошол убактагы эң жогорку башкаруучуга кабар айтууга мүмкүнчүлүк издеген (Элчилер 23:11; 25:8—12). Ошо сыяктуу эле бүгүн да татаал жагдайлар көп учурда бийлик адамдарынын жана жалпы эле элдин жакшы күбөлөндүрүлүшүнө шарт түзөт *.

18, 19. а) Сыноолор менен күрөшүү кандайча өзүбүзгө пайдалуу? б) Эмки макалада кандай суроолор каралат?

18 Андан сырткары, кыйынчылыктар, сыноолор менен күрөшүү өзүбүзгө да пайдалуу болушу мүмкүн. Кандайча? Шакирт Жакып ишенимдештерин: «Бир туугандарым, башыңарга келген ар кандай сыноолорду зор кубаныч менен кабыл алгыла. Анткени сыналган ишенимиңер чыдамкайлыкты жаратарын билесиңер»,— деп насааттаган. Ооба, куугунтук ишенимибизди, туруктуулугубузду чыңдай алат. Ошондуктан биз сыноого кабылуудан коркпойбуз жана андан качуу же аны токтотуу аракетинде Ыйык Жазмага туура келбеген жолдорду колдонууга аракеттенбейбиз. Тескерисинче, Жакыптын: «Бардык жагынан жеткилең, эч кемчиликсиз болушуңар үчүн, чыдамкайлык жеткилең аракетке ээ болушу керек»,— деген үндөөсүн көңүлгө алабыз (Жакып 1:2—4).

19 Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын эмне үчүн куугунтукталып жатканын жана ага Кудайдын эмне себептен жол бергенин Кудайдын Сөзүнүн жардамы менен түшүнүү, албетте, куугунтукка чыдоону сөзсүз эле жеңилдетпейт. Анда туруштук берүүгө бизди эмне бекемдей алат? Куугунтукталганда эмне кылсак болот? Бул маанилүү суроолор эмки макалада каралат.

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1995-жыл, 15-декабрь, 27—29-беттер (ор.); 1994-жыл, 15-апрель, 16, 17-беттер (ор.) жана «Ойгонгула!», 1994-жыл, 8-январь, 22—29-беттер (ор.).

^ 17-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2003-жылы 8-январда чыккан санынан (ор.) 3—11-беттерди карагыла.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Ыйсага мартис деген грек сөзүнүн, негизинен, кайсы мааниси туура келет?

• Куугунтук Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларына кандай таасир эткен?

• Петирдин сөздөрү боюнча, Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары эмне үчүн куугунтукталышкан?

• Жахаба өзүнүн кызматчыларынын куугунтукталышына кайсы себептерден улам жол берип жатат?

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

I кылымдагы шакирттер кылмыш кылышканы үчүн эмес, Ыйсанын жолун жолдошкону үчүн азап тартышкан.

Пабыл

Жакып

Жакан

Антипа

Степан