Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп никеңерди бекемдей алат

Ыйык Китеп никеңерди бекемдей алат

Ыйык Китеп никеңерди бекемдей алат

НИКЕ. Бул сөз айрымдарда жагымдуу сезимдерди пайда кылса, башкаларга көкүрөктөгү муңду эстетет. «Өзүмдү ажырашып кеткендей сезе берем. Жалгызсырап, эч кимге керегим жоктой сезиле берет»,— дейт бир аял капалуу.

Бири-бирибизди сүйөбүз, бири-бирибизге кам көрөбүз деп бир кезде убада берген адамдардын ортосундагы ынактык эмне үчүн жоголот? Мунун бирден-бир себеби көптөрдүн нике деген эмне экенин толук түшүнбөгөндүгүндө. Медициналык темадагы макалаларды жазган бир журналист: «Биз эч даярдыксыз эле үй-бүлө кура беребиз»,— дейт.

Турмуш курганга чейин нике тууралуу түшүнүк алгандар аз экендиги Ратгерс (АКШ, Нью-Жерси) университети тарабынан никеге байланыштуу улуттук программанын негизинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн көрүнүп турат. «Изилдөөгө катышкандардын көптөрүнүн ата-энелери бактысыз же ажырашып кеткен адамдардан болгон, алар таалайсыз нике эмне экенин жакшы билишет, ал эми бактылуу үй-бүлө кандай болушу керектиги тууралуу түшүнүктөрү тайкы. Бактылуу нике тууралуу айрымдар: „Ата-энемдикинен таптакыр айырмаланган нике“,— деп гана айта алышат»,— дейт изилдөөнүн жетекчиси.

Ыйсанын жолдоочуларында үй-бүлөлүк көйгөйлөр болбойбу? Болот. I кылымда эле алардын айрымдарына «ажырашуунун» жолун издебөөгө кеңеш берүү зарыл болгон (1 Корунттуктарга 7:27). Жеткилеңсиз эки адамдын никесинде мезгил-мезгили менен кыйынчылыктар пайда болору шексиз, бирок биз жардамсыз калтырылган эмеспиз. Жубайлар мамилелерин ыйык китептик принциптерди колдонуу менен чыңдай алышат.

Арийне, Кудай Сөзү үй-бүлөлүк турмушка байланыштуу жетекчиликти камтыган атайы китеп эмес. Бирок анын жаратманы үй-бүлөнүн негиздөөчүсү болгондуктан, ыйык китептик принциптер биз үчүн пайдалуу деп күтсөк болот. Жахаба Кудай Ышайа пайгамбар аркылуу мындай деп айткан: «Теңир, сенин Куткаруучуң, Ысрайылдын Ыйыгы мындай дейт: Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрө турган жолуң менен алып жүргөн Кудай-Теңириң Менмин. О, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок, сенин чындыгың деңиз толкунундай болмок!» (Ышайа 48:17, 18).

Качандыр бир кезде өмүрлүк жолдошуң экөөңдү байланыштырып турган сүйүү сууй баштадыбы? Өзүңдү сүйүүсүз мамилелердин чеңгелинде калгандай сезип жатасыңбы? 26 жыл никеде турган бир аял: «Мындай мамилелер алып келген азап-кайгыны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Ал эч качан басаңдабайт, өтүп да кетпейт»,— дейт. Никем бактысыз болуп калды деген ой менен жашай берүүнүн ордуна, үй-бүлөдөгү мамилелерди өзгөртүп көрүүгө эмне үчүн болбосун? Эмки макалада ыйык китептик принциптердин үй-бүлөлүк турмуштун белгилүү бир жагында, атап айтканда, жубайлардын бири-бирине ишенимдүүлүк көрсөтүүсүнө кандайча жардам бере алары талкууланат.