Эмне үчүн үзгүлтүксүз тиленишибиз керек?
Эмне үчүн үзгүлтүксүз тиленишибиз керек?
«Үзгүлтүксүз сыйынгыла [«тиленгиле», СК]. Бардыгы үчүн ыраазычылык келтиргиле» (1 Тесалоникалыктарга 5:17, 18).
1, 2. Даниел тиленүү артыкчылыгын баалаарын кантип көрсөткөн жана бул анын Кудай менен болгон мамилесине кандай таасир эткен?
ДАНИЕЛ пайгамбар адаты боюнча Кудайга күнүнө үч жолу тиленчү. Ал терезеси Иерусалим шаарын караган бөлмөсүндө тизе бүгүп, Кудайга кайрылчу (1 Падышалар 8:46—49; Даниел 6:10). Падышалык буйрук боюнча Мадай падышасы Дарийден башка бирөөгө кайрылууга тыюу салынганда да, Даниел олку-солку болгон эмес. Өмүрүнө коркунуч туулганына карабай, тиленүү адатынан жазбаган Даниел Жахабага үзгүлтүксүз кайрылып турган.
2 Жахаба Даниелге кандай баа берген? Даниелдин тиленүүлөрүнүн бирине жооп берүү үчүн келгенде Жебирейил периште аны «эң сүйүктүү адам» же «көңүлдөгү киши» («Мукаддас») деп сыпаттаган (Даниел 9:20—23). Ал эми Жезекиелдин пайгамбарлыгында Жахаба Даниелди адил адамдардын катарына кошкон (Жезекиел 14:14, 20). Жылдар оошкон сайын, тиленүүнүн натыйжасында анын Кудай менен болгон мамилеси бекемделе берген. Муну Дарий да ырастаган (Даниел 6:16).
3. Бир миссионердин мисалынан көрүнүп тургандай, тиленүү ишенимдүү бойдон калууга кандайча жардам бере алат?
3 Дайыма тиленүү катуу сыноолордо туруктуу болушубузга да жардам бере алат. Мисалы, Кытайда миссионер катары кызмат кылып жүргөн кезинде беш жылга эркинен ажыратылып, бир кишилик камерада отуруп чыккан Харолд Кингди алалы. Башынан өткөндү эстеп, Кинг биртууган мындай деген: «Мени башкалардан бөлө алышса да, Кудайдан эч ким бөлө алган эмес... Ошондуктан,
Ыйык Китепте кеп кылынган Даниелди эстеп, күнүнө үч жолу тизе бүгүп, камерамдын жанынан ким өтпөсүн, баарынын көзүнчө үн чыгара тилене берчүмүн... Ошол учурларда Кудайдын руху акылым-эсимди эң жакшы нерселерге буруп, көңүлүмө тынчтык бергендей сезилчү. Тиленүү мага зор рухий күч жана жубатуу берген!»4. Бул макалада тиленүүгө байланыштуу кандай суроолорду карайбыз?
4 Ыйык Китепте: «Үзгүлтүксүз сыйынгыла [«тиленгиле», СК]. Бардыгы үчүн ыраазычылык келтиргиле»,— деп айтылат (1 Тесалоникалыктарга 5:17, 18). Ушул кеңешти эске алып, келгиле, төмөнкүдөй суроолорду карап чыгалы: Эмне үчүн тиленүүлөрүбүзгө көңүл бурушубуз керек? Жахабага дайыма кайрылып турууга кандай себептер бар? Ошондой эле кемчиликтерибизден улам өзүбүздү Кудайга тиленүүгө татыксыздай сезсек, эмне кылышыбыз керек?
Тиленүү аркылуу достук өрчүтүү
5. Тиленүү кандай өзгөчө достукка ээ болууга жардам берет?
5 Жахабанын сени өзүнүн досу катары көрүшүн каалайт белең? Ал уруу аксакалы Ыбрайымды досум деп атаган (Ышайа 41:8; Жакып 2:23). Жахаба биздин аны менен ошондой мамиледе болушубузду каалайт. Ал түгүл, бизди өзүнө жакындоого чакырат (Жакып 4:8). Мындай чакыруу бизге тиленүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө терең ой жүгүртүп чыгууга түрткү бериши керек эмеспи? Бийик даражалуу мамлекеттик кызматчы менен сүйлөшүүгө (достошууну айтпай эле коёлу) мүмкүнчүлүк алуу кандай кыйын иш! Ал эми ааламдын Жаратканы бизди өзүнө каалаганыбызда же муктаж болгонубузда тиленүү аркылуу эркин кайрылууга үндөйт (Забур 36:5). Үзгүлтүксүз тиленүү менен биз Жахабанын жакын досторунан боло алабыз.
6. Ыйсанын үлгүсү бизди ар дайым тиленүүнүн зарылдыгына байланыштуу эмнеге үйрөтөт?
6 Бирок тиленүүнү барк албай калуу тез эле! Тиричилик менен алпурушуп жүрүп, Кудай менен сүйлөшүүгө күч-аракет жумшабай калышыбыз ыктымал. Ыйса өзүнүн шакирттерин ар дайыма тиленүүгө үндөгөн жана өзү да үзгүлтүксүз тиленген (Матай 26:41). Керели-кечке колу бошобогонуна карабай, ал асмандагы Атасы менен сүйлөшүүгө убакыт бөлгөн. Кээде Ыйса тилениш үчүн «таң ата электе турчу» (Марк 1:35). Айрым учурларда Жахаба менен сүйлөшүү үчүн, кечкурун ээн жерге барып тилене турган (Матай 14:23). Ыйса тиленүүгө дайыма убакыт тапчу, биз да табышыбыз керек (1 Петир 2:21).
7. Асмандагы Атабыз менен күнүгө сүйлөшүп турууга бизге кандай жагдайлар түрткү берет?
7 Эфестиктерге 6:18). Жашообуздун бардык тармактарында Кудайдын жетекчилигин издесек, аны менен болгон достугубуз сөзсүз түрдө бекемделет. Эгерде эки дос кайсы бир кыйынчылыктар менен чогуу күрөшсө, ортодогу достук ого бетер чыңалбай коёбу? (Накыл сөздөр 17:17). Ошол өңдүү эле, биз Жахабага таянып, андан жардам алганыбызда, аны менен болгон достугубуз андан бетер өрчүйт (2 Жылнаама 14:11).
Күн сайын ар кандай кыйынчылыктарга, азгырыктарга туш болгонубузда жана чечим чыгарарыбызда Кудайга жекече тиленүү менен кайрылуу орундуу (8. Некемиянын, Ыйсанын жана Аннанын үлгүсүнөн жекече тиленүүнүн узактыгы жөнүндө эмне биле алабыз?
8 Кудайдын аны менен канча убакыт же канча жолу сүйлөшсөк болорун чектебегени кандай кубанычтуу! Некемия Персия падышасына өтүнүч менен кайрылар алдында ичинен кыскача тиленип алган (Некемия 2:4, 5). Ыйса да Жахабадан Лазарды тирилтүүгө күч сураганда кыскача тиленген (Жакан 11:41, 42). Ал эми Анна Жахабанын алдында ички муңун төгүп «көпкө чейин» тиленген (1 Шемуел 1:12, 15, 16). Демек, жекече тиленүүлөрүбүз муктаждыкка жана жагдайга жараша же кыска, же узун болушу мүмкүн.
9. Эмне үчүн тиленүүлөрүбүз Жахабаны даңктоону жана анын кылган жакшылыктары үчүн болгон ыраазычылыкты камтышы керек?
9 Ыйык Китепте жазылган көптөгөн тиленүүлөрдө Жахабанын бийик даражасы даңазаланып, анын кереметтүү иштери үчүн терең ыраазычылык билдирилет (Чыгуу 15:1—19; 1 Жылнаама 16:7—36; Забур 144-бап). Элчи Жакан 24 аксакалдын (асмандагы ордун ээлеген майлангандардын) Жахабаны: «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп даңктап жатканын аян аркылуу көргөн (Аян 4:10, 11). Жаратканга дайыма даңк айтууга бизде да себеп бар. Кылган жакшылыгын баласы баалап, чын жүрөгүнөн ыраазычылык билдирсе, кандай ата-эне өзүн бактылуу сезбей коёт?! Жахабанын жакшылыктары жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүртүп, алар үчүн чын ыкластан алкыш айтуу — тиленүүлөрүбүздүн сапатын жакшыртуунун сонун жолу.
Үзгүлтүксүз тиленүү эмне үчүн зарыл?
10. Ишенимибиздин бекемделишине тиленүү кандай өбөлгө түзөт?
10 Үзгүлтүксүз тиленүү ишенимибиздин бекемделишине чоң өбөлгө түзөт. Ыйса «дайыма сыйынуу жана чөкпөө» керектигин мисал менен түшүндүргөн соң: Лука 18:1—8). Чын жүрөктөн мазмундуу тиленүү ишенимибиздин бекемделишин шарттайт. Уруу аксакалы Ыбрайым карып, артында калар тукуму жок жүргөн кезде ичтеги арманын Кудайга айткан. Ага жооп кайтарып жатып Жахаба аны адегенде асманды карап, жылдыздарды санай алса, санап чыгууга чакырган. Анан аны: «Сенин тукумуң ошончо болот»,— деп ынандырган. Натыйжада Ыбрайым «Теңирге ишенген [«ишенип калган», СК]. Теңир анын ишенимин ага адилдик катары эсептеген» (Башталыш 15:5, 6). Эгерде тиленүү менен Жахабага жүрөгүбүздөгүнүн баарын айтсак, анын Ыйык Китептеги ынандырууларына ишенсек жана тилин алсак, ал ишенимибизди бекемдейт.
«Адам Уулу келгенде, жер үстүнөн ишеним таба алар бекен?» — деп сураган (11. Кыйынчылыктарыбызды жеңүүгө тиленүү кандай жардам берет?
11 Тиленүү кыйынчылыктарыбызды чечүүгө да жардам берет. Турмушубуз түйшүктүү жана жагдайыбыз оор болгондо, Ыйык Китептин: «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт»,— деген чакырыгына кулак какканыбыз абзел (Забур 54:23). Чечим чыгаруу кыйын болгондо Ыйсаны туурасак болот. Ал 12 элчисин тандаар алдында түнү бою тиленип чыккан (Лука 6:12—16). Ал эми өлөрүнүн алдындагы түнү Ыйса ушунчалык катуу тиленгендиктен, «анын тери кандын тамчысына окшоп жерге таамп жаткан» (Лука 22:44). Бул кандай натыйжа берген? «Кудайдан корккондугу үчүн, анын сыйынуусу [«тиленүүсү», СК] угулган» (Эврейлерге 5:7). Жалындуу жана үзгүлтүксүз тиленүүлөрүбүз бизге татаал жагдайларды чечүүгө жана оор сыноолорду жеңүүгө жардам берет.
12. Тиленүү артыкчылыгына ээ болгонубуз кандайча Жахабанын ар бирибизге кызыгарын көрсөтүп турат?
12 Жахабага тиленүү аркылуу жакындоонун дагы бир себеби — биз жакындасак, ал да бизге жакындайт (Жакып 4:8). Жахабага жүрөгүбүздөгү муң-зарыбызды айтканыбызда анын биздин муктаждыктарыбызга кызыгарын жана бизге назиктик менен кам көрөрүн сезбей коёбузбу? Андайда Кудайдын сүйүүсүн жекече туябыз. Өз кызматчыларынын асмандагы Атама деп багыттаган ар бир тиленүүсүн угуу жоопкерчилигин Жахаба эч кимге тапшырган эмес — тиленүүлөрдү ал өзү угат (Забур 65:19, 20; Лука 11:2). Андыктан ал бизди «бардык түйшүктөрүбүздү Ага тапшырууга» чакырат, «анткени Ал [биз] үчүн кам көрөт» (1 Петир 5:6, 7).
13, 14. Үзгүлтүксүз тиленүүгө кандай себептер бар?
13 Элчилер 4:23—31). Ошондой эле тиленүү бизге «Шайтандын айла-амалдарынан» сак болууга жардам берет (Эфестиктерге 6:11, 17, 18). Күндөлүк сыноолор менен күрөшүүдө дайыма Кудайга кайрылып, күч берип бекемдешин өтүнө алабыз. Ошондой эле Ыйсанын үлгү тиленүүсүндө Жахабанын «бизди каардуудан [Шайтан Ибилистен] сакташы» жөнүндөгү сураныч камтылган (Матай 6:13, ЖД).
Тиленүү бизди кабар айтуу кызматына көбүрөөк ынта менен катышууга шыктандырат жана кайдыгерликтин же каршылыктын айынан ындыныбызды өчүрбөөгө кайрат берет (14 Күнөөгө азгырган кумарларыбызды ооздуктоого жардам сурап үзгүлтүксүз тилене берсек, Жахабанын колдоосун алабыз. Ыйык Китеп бизди: «Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет»,— деп ынандырат (1 Корунттуктарга 10:13). Элчи Пабыл өзү да Жахабанын камкордугун ар кандай жагдайларда көргөн. «Мага күч-кубат бергендин аркасы менен колуман баары келет»,— деп айткан ал (Филипиликтерге 4:13, ЖД; 2 Корунттуктарга 11:23—29).
Кемчиликтерибизге карабай туруктуулук менен тилене берели
15. Жүрүм-турумубуз Кудайдын нормаларынан четтеп кеткенде, бул эмнеге алып келиши мүмкүн?
15 Тиленүүлөрүбүздүн кабыл болушун кааласак, биз Кудайдын Сөзүндө берилген кеңештерди четке какпашыбыз керек. «Эмне сурасак да, Андан алабыз,— деп жазган элчи Жакан,— анткени Анын осуяттарын аткарып жатабыз жана Ага жакканды кылып жатабыз» (1 Жакан 3:22). Жүрүм-турумубуз Кудайдын нормаларынан четтеп кеткенде, бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Адам менен Обо Эйден багында күнөө кетирген соң жашына башташкан. Биз да «Кудай-Теңирибиздин жүзүнөн» жашынып, тиленбей калышыбыз ыктымал (Башталыш 3:8). «Менин байкашымча, Жахабадан жана анын уюмунан четтеп кеткендердин биринчи катасы, адатта, алардын тиленбей калышы болуп саналат»,— дейт Клаус, тажрыйбалуу кыдыруучу көзөмөлчү (Эврейлерге 2:1). Жозе Анхель дал ошондой жаңылыштык кетирген. Ал: «Сегиз жылдай убакыттын ичинде Жахабага тиленген учурларым сейрек болгон. Мен аны асмандагы Атам деп эсептесем да, аны менен сүйлөшүүгө өзүмдү татыксыз көрчүмүн»,— дейт.
16, 17. Дайыма тиленүүнүн аркасында рухий алсыздыкты жеңүүгө болору көрсөтүлгөн мисалдарды келтиргиле.
16 Айрымдарыбыз рухий алсыздыктын же кандайдыр бир күнөөнүн айынан тиленүүгө өзүбүздү татыксыз деп эсептешибиз мүмкүн. Бирок дал ошондой кездерде тиленүү мүмкүнчүлүгүнөн толук пайда алуу зарыл. Жунус пайгамбар өзүнө берилген тапшырманы аткаруудан качкан. Бирок ал «кайгы тартканда, Теңирди чакырган», ошондо Ал жооп берген. Жунус «өлгөндөр жаткан жайдын ичинен ыйлаганда», Кудай анын үнүн уккан (Жунус 2:3). Жунус тиленген — Жахаба болсо анын тиленүүсүнө жооп берген; ошондо ал рухий жактан бекемделе алган.
17 Жозе Анхель да жалындуу тиленип, Кудайдан жардам сураган. «Мен Кудайга жүрөгүмдө болгондун баарын айтып, кечирим сурадым. Ошондо ал мага кадимкидей жардам берди. Тиленүүнүн жардамы болбосо, чындыкка кайра келерим күмөн эле,— деп эскерет ал.— Эми күн сайын тиленем жана тилене турган маалды жан-дилим менен күтөм». Биз каталарыбыз жөнүндө Кудайга ачык айтып, момундук менен кечирим суроодон эч качан тартынбашыбыз керек. Дөөт падыша күнөөлөрүн мойнуна алганда, Жахаба анын күнөөсүнүн айыбын алып салган (Забур 31:3—5). Жахаба бизди айыптоону эмес, тескерисинче, бизге жардам берүүнү каалайт (1 Жакан 3:19, 20, ЖД). Ошондой эле жыйналыш аксакалдарынын тиленүүлөрү да бизге рухий жактан жардам боло алат, анткени мындай өтүнүчтөр «көп нерсени аткара алат» (Жакып 5:13—16).
18. Канчалык адашышпасын, Кудайдын кызматчылары эмнеге бекем ишене алышат?
18 Ката кетиргенден кийин, момундук менен жардам, кеңеш сурап кайрылган баласын кайсы ата четке каксын? Адашкан уул жөнүндөгү аңгемеде көрсөтүлгөндөй, адам жолдон канчалык адашпасын, кайра кайрылып келсе, асмандагы Атабыз абдан кубанат (Лука 15:21, 22, 32). Жахаба адашкандардын баарын Өзүнө кайрылууга чакырат, «анткени Ал өтө ырайымдуу» (Ышайа 55:6, 7). Дөөт бир нече жолу олуттуу күнөө кылса да, Жахабага кайрылып: «Оо, Кудай, менин сыйынуумду ук, менин жалбаруумдан жашынба»,— деп өтүнгөн. Ошондой эле: «Кечинде да, эртең менен да, түштө да жалынып жалбарам, ошондо Ал [Жахаба] менин үнүмдү угат»,— деп да айткан (Забур 54:2, 18). Кандай гана жубатарлык сөздөр!
19. Тиленүүлөрүбүз жоопсуз калып жаткандай сезилсе, эмне үчүн аны Кудайдын бизди жактырбасын билдирет деп ойлобошубуз керек?
19 Өтүнүчүбүз тез орундалбасачы? Анда тиленүүбүздүн Жахабанын эркине ылайык келерин жана Ыйсанын ысмы аркылуу айтылганын текшерип көрүшүбүз керек (Жакан 16:23; 1 Жакан 5:14). Шакирт Жакып Ыйсанын айрым жолдоочуларына кайрылып, сурагандары «жакшы нерсе үчүн эмес» болгондуктан тиленүүлөрүнө жооп ала алышпаганын белгилеген (Жакып 4:3). Ошол эле учурда, тиленүүлөрүбүз жоопсуз калып жаткандай сезилсе, ал сөзсүз эле Кудайдын бизди жактырбай турганын билдирбейт. Жахаба кээде ачык-даана жооп берерден мурун ишенимдүү кызматчыларынын кайсы бир маселе тууралуу белгилүү бир убакка чейин тиленишине жол берет. «Сурагыла, ошондо силерге берилет»,— деп айткан Ыйса (Матай 7:7). Демек, «туруктуулук менен» тилене беришибиз зарыл (Римдиктерге 12:12).
Ар убак тиленгиле
20, 21. а) Ушул «акыркы убакта» эмне үчүн туруктуулук менен тиленишибиз керек? б) Жахабанын ырайым тактысына күнүгө жакындоо менен биз эмнеге ээ болобуз?
20 «Оор күндөрү» менен айырмаланган «акыркы убакта» барган сайын оор, кыйын болуп баратат (2 Тиметейге 3:1). Ошондуктан тынчсыздануулар ой-акылыбызды оңой эле ээлеп алышы мүмкүн. Бирок үзгүлтүксүз тиленүүлөрүбүз чечилбей жаткан кыйынчылыктарга, азгырыктарга жана көңүл чөгөттүккө карабай рухий жактан ийгилик кыла беришибизге жардам берет. Күнүгө тиленүү менен биз Жахабанын зарыл колдоосуна ээ боло алабыз.
21 «Тиленүүнүн Угуучусу» (ЖД) Жахаба бизди угууга убакыт таппай койбойт (Забур 64:3). Келгиле, биз да аны менен сүйлөшүүгө дайыма убакыт табалы. Кудай менен болгон достугубуз — биз үчүн эң бир баалуу нерсе. Аны барк албай койбойлу. «Ошол себептен Анын мээримине ээ болуш үчүн, жардам керек болгон убакта ырайым табыш үчүн, ырайым тактысына кайраттуулук менен жакындайлы» (Эврейлерге 4:16).
Эмне деп жооп берет элеңер?
• Тиленүүнүн маанилүүлүгүнө байланыштуу Даниел пайгамбарданэмнеге үйрөнөбүз?
• Биз Жахаба менен болгон достугубузду кантип бекемдей алабыз?
• Эмне үчүн үзгүлтүксүз тиленишибиз керек?
• Эмне үчүн өзүбүздү татыксыз сезгенде да Жахабага тиленбей койбошубуз керек?
[Изилдөө суроолору]
[14-беттеги сүрөт]
Падыша менен сүйлөшөрдө Некемия ичинен кыскача тиленип алган.
[15-беттеги сүрөт]
Анна Жахабанын алдында «көпкө чейин» тиленген.
[16-беттеги сүрөт]
Ыйса 12 элчисин тандаарда түнү бою тиленип чыккан.
[18-беттеги сүрөт]
Тиленүүгө күнүгө көптөгөн ыңгайлуу учурлар болот.