Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бактылуу болуу үчүн, ишеним артуу маанилүү

Бактылуу болуу үчүн, ишеним артуу маанилүү

Бактылуу болуу үчүн, ишеним артуу маанилүү

ТАМАК-АШТАН уулануу бир топ жагымсыз сезимдерди пайда кылат. Кайра-кайра уулана берген адамга тамакты кылдат тандап ичүүгө туура келет. Бирок уулануудан коркуп такыр эле наар албай коюу андан да жаман көйгөйлөргө алып бара тургандыктан, тамактан толугу менен баш тартуу туура эмес. Ичпей-жебей адам көпкө узай албайт.

Башкаларга ишеним артуу тууралуу да ушуну айтууга болот. Бирөөнүн чыккынчылыгы адамдын жапа чегишине себеп болот. А эгер бул кайра-кайра кайталанса, анда ал дос тандоодо этияттап калат. Бирок чыккынчылыктан сактанып, адамдар менен пикир алышуудан таптакыр баш тартуу көйгөйдү чечпейт. Эмне үчүн? Себеп дегенде эч кимге ишеним артпай бактылуу боло албайбыз. Жашоодон канаттануу алуу үчүн, башкаларга болгон ишенимге негизделген мамилелерге муктажбыз.

Бир китепте: «Айлана-чөйрөдөгүлөр менен болгон пикир алышуубуз жагымдуу болушу үчүн, башка көптөгөн нерселерден тышкары, аларга ишеним артуу да керек»,— деп айтылат («Jugend 2002»). «Нойе цюрхер цайтунг» гезитинде: «Ар бир адам башкаларга ишеним артууну каалайт»,— делет. Ооба, ошол эле гезитте айтылгандай, «башкаларга ишеним артуу жашообузду жакшыртат, ансыз жашай албайбыз».

Башкаларга ишеним артуу муктаждыгыбыз бар болгондуктан, «Чыккынчылык кыларынан кооптонбой кимге ишенсек болот?» деген суроо туулат.

Бүт жүрөгүң менен Жахабага ишеним арт

Ыйык Китепте: «Бүт жүрөгүң менен Жахабага ишеним арт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 3:5, «ЖД»). Ал китеп бизди Жаратканыбызга, Жахаба Кудайга, ишеним артууга кайра-кайра чакырат.

Эмне үчүн Кудайга ишенсе болот? Биринчиден, Жахаба — ыйык Кудай. Ышайа пайгамбар: «Жахаба ыйык, ыйык, ыйык»,— деп жазган (Ышайа 6:3, МАК). Ыйыктык тууралуу ой силерди таасирлентпейби? Таасирлентет эле болуш керек, себеп дегенде Жахабанын ыйык экени анын таза, ар дайым туура иш кыларын жана толук ишеним артууга татыктуу экендигин билдирет. Анын эч качан адилетсиз же ырайымсыз иш кылышы жана ишенимибизди алдашы мүмкүн эмес.

Экинчиден, Кудай өзүнүн кызматчыларына жардам берүүнү каалагандыктан жана бере ала тургандыктан ага ишенсек болот. Маселен, Ал чексиз күчкө ээ болгондуктан иш-аракет кыла алат. Ал жеткилең адилеттүүлүк менен акылмандыкка жетектелет. Ал эми өзгөрүлбөс сүйүүсү Ага иш-аракет кылууга түрткү берет. Элчи Жакан: «Кудай — сүйүү»,— деп жазган (1 Жакан 4:8). Кудай эмне кылбасын, ар дайым сүйүүсү көрүнүп турат. Жахаба — эң мыкты Ата, анткени ал ыйык жана анын көптөгөн башка да сонун сапаттары бар. Ага толук ишенүүгө болот. Эч ким жана эч нерсе Жахабадай ишенимге татыктуу эмес.

Жахабага ишеним артып, бактылуу жашагыла

Жахаба бизди баарынан жакшы түшүнгөндүктөн да, ага ишеним артуу акылдуулукка жатат. Ал ар бир адамдын Жараткан менен болгон бекем, узак жана ишенимге негизделген мамилелерге муктаж экенин билет. Кудай менен ушундай мамиледе болгондор өздөрүн коопсузураак сезишет. Дөөт падыша: «Теңирге таянып, үмүт кылган адам бактылуу»,—деген (Забур 39:5, «Мукаддас»). Бүгүн анын айткандарына миллиондогондор кошулат.

Муну көрсөткөн бир нече мисал карап көрөлү. Дорис Германияда, Грецияда, Доминикан Республикасында жана Кошмо Штаттарда жашаган. Ал: «Жахабага таянгандыктан аябай бактылуумун. Ал менин денелик, рухий жана эмоционалдык муктаждыктарыма кантип кам көрүү керектигин билет. Андан артык дос жок»,— дейт. Юридикалык суроолор боюнча кеңеш берүүчү Вольфганг мындай дейт: «Сага чындап кам көргөн, сага эң жакшыны кылууну каалаган бирөөнүн болгону кандай сонун!» Азияда төрөлүп, бирок учурда Европада жашап жаткан Хэм болсо: «Бардыгы Жахабанын колунда экендигине жана ал эч качан жаңылбасына толук ишенем, ошондуктан ага таяна аларыма абдан кубанам»,— дейт.

Албетте, ар бирибиздин жеке эле Жаратканга эмес, адамдарга да ишеним артуу муктаждыгыбыз бар. Андыктан акылман жана бардыгын билген досубуз Жахаба кандай адамдарга ишенүү керектигине байланыштуу кеңештерди берип жатат. Ыйык Китепти кунт коюп окуу менен ошол кеңештерди таба алабыз.

Ишеним артууга татыктуу адамдар

Забурчу: «Төрөлөргө, адам баласына үмүттөнбөгүлө, алар куткара алышпайт»,— деп жазган (Забур 145:3). Кудайдын жетеги астында жазылган бул сөздөр ишеним артууга татыктуу адамдар аз экенин көрсөтүп турат. Бул дүйнөнүн «төрөлөрү», маселен, кайсы бир илим же иш боюнча адистер урмат-сыйга ээ. Бирок бул аларга бардык жагынан эле ишене берсе болот дегенди билдирбейт. Алардын кеңештери көп учурда туура эмес болуп чыгат жана ал «төрөлөргө» арткан ишенимибиз акталбай, көңүл кайтты болушубуз ыктымал.

Арийне, ушундан улам эле бардык адамдардан шек санай бербешибиз керек. Бирок ылгабай туш келгенге эле ишене берүүгө да болбойт. Анда кимдин ишенүүгө татыктуу экенин кантип аныктоого болот? Байыркы ысрайылда болгон бир окуя буга жардам берет. Ысрайылда абдан жооптуу кызматка бир нече эркекти дайындоо керек болгондо, Мусага «эл ичинен жөндөмдүү, Кудайдан корккон, ачкөздүктү жек көргөн, адилет адамдарды» тандап алуу кеңеш кылынган (Чыгуу 18:21). Мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

Ал эркектер жооптуу кызматка дайындалганча эле Кудайга жаккан сапаттарды чагылдырышкан. Алар Жараткан Кудайды терең урматташарын жана аны капалантуудан коркушарын көрсөтүшкөн. Бардыгы ал эркектердин Кудайдын нормаларына кармануу үчүн колунан келгендин баарын кылып жатышканын ачык-айкын көрүшкөн. Алардын моралдык жактан туруктуу экендиги ачкөздүктү жек көрүшкөнүнөн көрүнүп турган, демек, бийлик аларды буза албайт болчу. Алар элдин ишенимин өзүнүн же туугандары менен досторунун кызыкчылыгына пайдаланышмак эмес.

Кандай адамга ишенүүгө болорун аныктоодо ушул принциптерге карманганыбыз акылдуулук эмеспи? Кудайдан коркору жүрүм-турумунан көрүнүп турган адамдарды билебизби? Алар Кудайдын жүрүм-турумга карата бекиткен нормаларына карманууга толук чечкиндүүбү? Ошондой эле ар дайым адилеттүү иш кылып, эч качан өз кызыкчылыктарын издебеген чынчыл адамдарбы? Ушундай сапаттарга ээ эркектер менен аялдар ишеним артышыбызга татыктуу экени шексиз.

Алсыздык менен чыккынчылыкты айырмалай билүү

Кимге ишеним артууну чечүүдө шашпоо зарыл, себеби бул тез аранын ичинде чечилчү нерсе эмес. Кимдир бирөөнө болгон ишенимибизди бара-бара өрчүткөн акылдуулукка жатат. Кандайча? Мисалы, бир нече убак бою адамдын белгилүү бир жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн сыртынан байкап көрсө болот. Майда-барат нерселерде ишенчиликтүүбү? Маселен, алган карызын өз убагында кайрып береби жана так жүрөбү? Эгер ушундай болсо, олуттуураак нерселерде да ага таяна алабыз. Бул: «Аз нерседе ишенимдүү адам көп нерседе да ишенимдүү»,— деген принципке төп келет (Лука 16:10). Тандай билүү жана шашпоо көңүл кайтты болуудан сактай алат.

Бирок кимдир бирөө ишенимибизди актай албай койгон болсочу? Ыйык Китепти окугандар Ыйса Машайак камакка алынар түнү элчилери анын ишенимин актай албай калышканын эстей алышат: Жүйүт Искариот ага чыккынчылык кылган, ал эми калгандары коркконунан туш-тушка качып кетишкен. Петир жадагалса Ыйсаны билерин үч ирет танган. Бирок Ыйса Жүйүт Искариоттун гана баарын өз каалоосу менен кылганын көргөн. Элчилер ошондогу Ыйса үчүн маанилүү учурда анын ишенимин актай албай калышса да, бир нече эле күндөн кийин Ыйса калган 11 элчисин аларга ишенерине ынандырган (Матай 26:45—47, 56, 69—75; 28:16—20). Анын сыңарындай, ишенген адамыбыз бизди сатып койгондой сезилгенде, иштин чоо-жайын талдап көргөнүбүз дурус: анын кылган иши чынында эле ишенчиликсиз экенинин далилиби же убактылуу көрсөтүлгөн алсыздыкпы?

Ишеним артса болорлук адаммынбы?

Ишенчиликтүү адам тандай билүүнү каалаган киши: «Мага ишеним артса болобу? Өзүмө жана айлана-чөйрөдөгүлөргө кандай талаптарды койгонум дурус?» — деген суроолордун үстүнөн ойлонуп көрүшү керек.

Албетте, ишенчиликтүү адам ар дайым чын сүйлөйт (Эфестиктерге 4:25). Ал өзүнүн пайдасы үчүн бирөөнө — бирди, экинчиге дагы башканы айтпайт. Андан сырткары, ал кандайдыр бир милдеттенме алса, сөзүнө туруу үчүн колунан келгендин бардыгын кылат (Матай 5:37). Ишенчиликтүү адам кимдир бирөөнүн ага ишенип айткан сырын башкага ачпайт да, ушак таратпайт. Ишенүүгө татыктуу адам өмүрлүк жолдошуна карата да ишенимдүүлүктү сактайт. Ал порнография көрбөйт, сексуалдык кумарларды өрчүтпөйт жана башка бирөөгө назданып тийишпейт (Матай 5:27, 28). Ишенчиликтүү адам өзүнө жана үйүндөгүлөрүнө кам көрүү үчүн, башкалардын эсебинен жан бакпоо үчүн тырышчаактык менен эмгектенет (1 Тиметейге 5:8). Жазмага негизделген жана акылга сыярлык бул маанилүү талаптарды эске алуу менен кимдерге ишенсек болорун аныктай алабыз. Андан сырткары, ушул талаптарга өзүбүз да жооп берүүгө аракеттенсек, ишеним артууга татыктуу адам деген атка коно алабыз.

Адамдардын бардыгы ишенимге татыктуу болгон жана ишенимибиз акталбай калып көңүл чөккөн учурлар болбогон заманда жашоо кандай сонун болор эле! Бул куру кыялбы? Ыйык китептик убадаларга ишенгендер үчүн кыял эмес. Кудай Сөзүндө чыккынчылык, алдамчылык жана кайгы-капа, оору, атүгүл өлүм болбой турган «жаңы жер» тууралуу айтылат (2 Петир 3:13; Забур 36:11, 29; Аян 21:3—5). Ушундай келечек тууралуу көбүрөөк билүүгө умтулуу жөндүү эмеспи? Жахабанын Күбөлөрү келечек жөнүндөгү жана башка дагы маанилүү маалыматтар менен бөлүшүүгө кубанычта болушат.

[4-беттеги сүрөт]

Эч кимге ишенбөө бактысыз кылат.

[5-беттеги сүрөт]

Ишеним артууга эң биринчи Жахаба татыктуу.

[7-беттеги сүрөт]

Ишеним артууга негизделген мамилелерге бардыгыбыз муктажбыз.