Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Деги кимдир бирөөнө ишеним артууга болобу?

Деги кимдир бирөөнө ишеним артууга болобу?

Деги кимдир бирөөнө ишеним артууга болобу?

БИР миң тогуз жүз сексен тогузунчу жылы «Берлин дубалы» урагандан кийин, мурда жашырылып келген көптөгөн фактылар ачылган. Маселен, мурунку ГДРде жашаган Лидия * социалисттик режим убагында Мамлекеттик коопсуздук кызматы анын жеке жашоосу тууралуу маалыматтарды майда-чүйдөсүнө чейин чогултуп жүргөнүн билет. Арийне, Лидия буга таң калбай койгон эмес, бирок ал маалыматтарды өзүнүн жолдошу жеткирип жүргөнүн укканда төбө чачы тик турган. Ага өзүнүн эле жалгыз ишенимге татыктуу деп эсептеген адамы чыккынчылык кылган.

Лондондо чыгуучу «Таймс» гезитинде билдирилгендей, жашы өр тартып калган Роберт өзүнүн догдурун «сыйлоого, суктанууга жана ишенүүгө татыктуу» деп эсептечү. Ооба, ал догдур «мээримдүү жана боорукер» адам катары белгилүү болчу. Бир күнү эле Роберт капысынан өлүп калат. Инфарктанбы же инсульттанбы? Жок. Көрсө, догдур келип, Роберттин өзүнө да, туугандарына да айтпай, өлүмгө алып келген укол сайып кетиптир. Ошентип, ал өзү толугу менен ишенген адамынын колунан өлгөн.

Лидия менен Роберт өздөрү ишеним арткан адамдарынын чыккынчылыгынан олуттуу запкы көрүшкөн. Албетте, жыйынтыгы дайыма эле мынчалык кесепеттүү боло бербейт дечи. Ошондой болсо да, ишенген адамынын чыккынчылыгынан жабыр тарткандар аз эмес. Мисалы, Германиядагы коомдун ой-пикирин билүү үчүн бир институт тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын 86 пайызы ишенген адамдарынын чыккынчылык кылганын айтышкан («Allensbacher Jahrbuch der Demoskopie 1998—2002»). Балким, андайды силер да башыңардан өткөргөндүрсүңөр. Андыктан 2002-жылы Швейцариянын «Нойе цюрхер цайтунг» гезитинде: «Батыш тараптагы өнүккөн өлкөлөрдө адамдар барган сайын бири-бирине ишенбей баратышат жана бул көрүнүш көп жылдардан бери өзгөрүүсүз келатат»,— деп жазылганы таң калыштуу эмес.

Ээ болуу аста-аста, жоготуп коюу бир паста

Ишеним артуу деген эмне? Бир сөздүккө ылайык, ишеним артуу «кимдир бирөөнүн чынчылдыгы менен акниеттүүлүгүнө ишенүүнү жана өзүңө карата атайылап жамандык кылбай турганына шектенбөөнү» билдирет. Ишенимге татыктуу болуу үчүн убакыт талап кылынса, ишенимден чыгып калуу бир паста эле. Көптөр башкалар алардын ишенимин кыянаттык менен колдонуп жатканын көрүшөт. Андыктан адамдардын башкаларга ишеним артууну каалабаганына таң калып болобу? 2002-жылы Германияда жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, «улан-кыздардын үчтөн бир бөлүгүнөн азы гана башкаларга ишенет».

Балким: «Деги кимдир бирөөнө ишеним артууга болобу? Чыккынчылык кыларына карабай адамдарга ишеним артуу керекпи?» — деген суроолор силерди да ойлондуруп жаткандыр?

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.