Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын жүрөгүн кубанткан аялдар

Жахабанын жүрөгүн кубанткан аялдар

Жахабанын жүрөгүн кубанткан аялдар

«Бул ишиң үчүн Теңир сага тиешелүүсүн берсин, Ысрайылдын Кудайынан сага толук сыйлык берилсин» (РУТ 2:12).

1, 2. Ыйык Китепте кеп кылынган жана Жахабанын жүрөгүн кубанткан аялдар тууралуу ой жүгүртүү кандай пайда алып келет?

КУДАЙДАН корккондуктан эки аял фараонго баш ийбей коюшкан. Ишеним бир сойку аялга, эки ысрайылдык тыңчыны сактап калуу үчүн, өз өмүрүн тобокелге салууга түрткү берген. Акылдуулук менен момундук дагы бир аялга көптөрдүн өмүрүн сактап калууга жана Жахабанын майланган кызматчысына канга забын болбоого жардам берген. А бир жесир энеге Жахаба Кудайга болгон ишеними менен меймандостугу Кудайдын пайгамбарынан колундагы акыркы наарын аябоого түрткү берген. Булар Жахабанын жүрөгүн кубанткан жана Ыйык Китепте сөз кылынган көп сандаган аялдардын айрымдары гана.

2 Жахабанын ушундай аялдарга болгон көзкарашы жана аларга төккөн баталары Анын адамды жынысына эмес, баарынан мурда, рухий сапаттарына карап баалаарын көрсөтүп турат. Тышкы сулуулук менен байлыкты пир туткан бүгүнкү дүйнөдө рухийликти жогору коюу оңой эмес. Бирок Кудайдын элинин басымдуу көпчүлүгүн түзгөн миллиондогон аялдардын тажрыйбасы мунун колдон келе тургандыгын көрсөтүп турат. Андай аялдар Ыйык Китепте кеп кылынган жана ишеним, акылдуулук, меймандостук сыяктуу сонун сапаттарды чагылдырган ишенимдүү аялдарды туурашат. Албетте, байыркы убакта жашаган үлгүлүү аялдардын сапаттарынан Ыйсаны жолдогон эркектер да көп нерсеге үйрөнүүнү каалашат. Жогоруда айтылып өткөн аялдарды канткенде толугураак туурай аларыбызды көрүү үчүн, келгиле, алар жөнүндөгү ыйык китептик билдирүүлөргө кененирээк токтолуп өтөлү (Римдиктерге 15:4; Жакып 4:8).

Фараонго баш ийбей койгон аялдар

3, 4. а) Эмне үчүн Шипра менен Пуя фараондун жаңы төрөлгөн ысрайылдык эркек балдардын баарын өлтүрүү жөнүндөгү буйругуна баш ийбей коюшкан? б) Жахаба ал эки аначы аялды эржүрөктүгү жана Кудайдан корккондугу үчүн кантип алкаган?

3 Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германияда болгон Нюрнберг сот процесстеринде массалык кырууга катышканы үчүн айыпталган көп адамдар тек гана буйруктарды аткарышканын айтып, кылмыштарын актоого аракеттенишкен. Эми бул адамдарды байыркы Мисирде аты аталбаган зөөкүр фараондун тушунда жашаган ысрайылдык эки аначы аялга, Шипра менен Пуяга, салыштырып көргүлө. Эврей элинин көбөйүп баратканынан чочулап, фараон ал аначыларга эврей улутундагы жаңы төрөлгөн эркек ымыркайлардын баарын өлтүрүүнү буйрук кылган. Мындай шумдуктуу буйрукту алар кандай кабыл алышкан? Аначылар «Мисир падышасынын айтканын кылбай, балдарды тирүү калтырып жатышкан». Эмне үчүн ал аялдар адамдан коркушкан эмес? Анткени алар «Кудайдан коркушчу» (Чыгуу 1:15, 17; Башталыш 9:6).

4 Ооба, аначы аялдар Жахабага таянышкан, ошондуктан ал аларды фараондун каарынан коргоп, аларга «калканыч» болгон (2 Шемуел 22:31; Чыгуу 1:18—20). Бирок Жахабанын батасы ошону менен эле чектелген эмес. Ал Шипра менен Пуяны үй-бүлөлүү кылып алкаган. Кудай бул аялдардын ысымдары менен иштерин, келечек муундар окусун үчүн, өзүнүн Сөзүнө жаздырып, аларга урмат көрсөткөн. Ал эми фараондун аты өчүп, эскерилбей калган (Чыгуу 1:21; 1 Шемуел 2:30б; Накыл сөздөр 10:7).

5. Бүгүн Ыйсаны жолдогон аялдар кантип Шипра менен Пуяныкындай маанай көрсөтүп жатышат жана Жахаба аларды кантип алкайт?

5 Бүгүн Шипра менен Пуяга окшогон аялдар барбы? Албетте! Жыл сайын андай миңдеген аялдар «падышанын буйругу» кабар айтууга тыюу салган өлкөлөрдө өздөрүнүн эркиндигин, атүгүл өмүрүн тобокелге салып, Ыйык Китептин өмүр куткарарлык кабарын тайманбастык менен жарыялап келишет (Эврейлерге 11:23; Элчилер 5:28, 29). Кудайга жана жакындарына болгон сүйүүсүнөн улам мындай кайраттуу аялдар Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабарды таратуусуна кимдир бирөөнүн тоскоолдук кылышына жол беришпейт. Натыйжада Ыйсаны жолдогон көп аялдар каршылыкка жана куугунтукка дуушар болушууда (Марк 12:30, 31; 13:9—13). Шипра менен Пуянын иштерин байкагандай эле, Жахаба бүгүнкү эржүрөк, мыкты аялдардын иштерин жакшы билет жана акырына чейин ишенимдүүлүк менен чыдашса, аларга сүйүүсүн көрсөтүп, ысымдарын «өмүр китебинде» сактайт (Филипиликтерге 4:3; Матай 24:13).

Мурун сойку болгон аял Жахабанын жүрөгүн кубанткан

6, 7. а) Рахап Жахаба менен анын эли жөнүндө эмнелерди билген жана бул ага кандай таасир эткен? б) Кудайдын Сөзүндө Рахапка кандай урмат көрсөтүлгөн?

6 Б.з.ч. 1473-жылы канаандыктардын Жерихо деген шаарында Рахап аттуу сойку аял жашачу. Ал көп нерседен кабардар аялдардан болсо керек. Эки ысрайылдык тыңчы анын үйүнө башмаана издеп келишкенде, арадан 40 жыл өткөнүнө карабай ал ысрайыл эли Мисирден керемет жолу менен чыкканда болгон айрым окуяларды айтып бере алган. Рахап Ысрайылдын жакында эле Сихон жана Ог деген Амор падышаларын жеңгени жөнүндө да уккан. Бул ага кандай таасир эткенин байкасаңар. Ал ошол эки тыңчыга: «Теңир бул жерди силерге бергенин билем... анткени силердин Кудай-Теңириңер жогорудагы асмандын да, төмөндөгү жердин да Кудайы экен»,— деп айткан (Жашыя 2:1, 9—11). Ооба, Жахаба жана анын Ысрайыл үчүн кылган иштери жөнүндө билгендери Рахаптын жүрөгүнө жакшы таасир этип, чыныгы Кудайга ишенишине өбөлгө түзгөн (Римдиктерге 10:10).

7 Рахаптын ишеними иш-аракет кылууга түрткү берген. Ал ысрайылдык чалгынчыларды «тынчтык менен» кабыл алып, Ысрайыл Жерихого кол салганда, алардын өмүр куткарарлык көрсөтмөлөрүн так аткарган (Эврейлерге 11:31; Жашыя 2:18—21). Рахаптын ишеним менен кылган иштери Жахабанын жүрөгүн кубантканы шексиз, анткени ал Рахапты Ыйсанын жолдоочуларына үлгү кылып көрсөтүп, анын атын Кудайдын досу Ыбрайымдын атына катарлаш жазууга шакирт Жакыпты шыктандырган. Жакып: «Чалгынчыларды үйүнө кабыл алып, андан кийин башка жол менен узатып жиберген бузулган аял Рахап да иши менен акталган жок беле?» — деп жазган (Жакып 2:25).

8. Жахаба Рахапка ишеними жана тил алчаактыгы үчүн кандай баталарды берген?

8 Жахаба Рахапка ар кандай жолдор менен бата берген. Алсак, ал Рахапты жана анын үйүнөн башмаана издегендердин баарын, атап айтканда, «анын атасынын үйүн, аны менен бирге болгондордун бардыгын» кереметтүү түрдө сактап калган. Кийин Кудай бул адамдарга «ысрайылдыктардын арасында», аларга жергиликтүү адамдардай мамиле кылына турган чөйрөдө, жашоого жол берген (Жашыя 2:13; 6:21—24; Лебилер 19:33, 34). Бул баталардан сырткары, Жахаба Рахапты Ыйса Машайактын чоң энелеринен болуу артыкчылыгына ээ кылган. Мурун буркандарга табынып жүргөн канаандык аялга кандай зор ырайым көрсөтүлгөн! * (Забур 129:3, 4).

9. Жахабанын Рахапка жана I кылымда Ыйсаны жолдогон айрым аялдарга көрсөткөн мамилеси кандайча бүгүнкү кээ бир аялдарды бекемдей алат?

9 Биринчи кылымдан тартып азыркы убакка чейин айрым аялдар, Рахапка окшоп, Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн, бузуку жашоосунан баш тартып келишүүдө (1 Корунттуктарга 6:9—11). Алардын кээ бирлери адеп-ахлаксыздык кеңири тараган, жадагалса байыркы Канаандагыдай кадимки эле нерсе катары көрүлгөн чөйрөдө чоңоюшкан. Ошого карабастан, ыйык китептик так билимге негизделген ишенимдин түрткүсү менен алар өздөрүнүн жашоосун өзгөртүшкөн (Римдиктерге 10:17). Ошондуктан мындай аялдар тууралуу да «Кудай алардын Кудайымын дегенден уялбайт» деп айтууга болот (Эврейлерге 11:16). Аларга кандай чоң урмат-сый көрсөтүлгөн!

Акылдуулугу үчүн бата алган аял

10, 11. Набал менен Дөөткө байланышкан кайсы жагдай Абигейилге иш-аракет кылууга түрткү берген?

10 Илгериде көптөгөн ишенимдүү аялдар акылдуулукту эң сонун көрсөтүп, Жахабанын элинин арасындагы баа жеткис адамдардан болушкан. Алардын бири — Абигейил, Набал деген ысрайылдык бай кишинин аялы. Анын акылдуулугу көп адамдардын өмүрүн сактап, Ысрайылдын болочок падышасы Дөөттүн канга забын болбошуна жардам берген. Абигейил жөнүндө 1 Шемуел 25-бапта жазылган билдирүүдөн биле алабыз.

11 Ал жерде баяндалган окуя мындайча өнүккөн: Набалдын короо-жайынын жанына кошуун жайган Дөөт менен анын кишилери ага ысрайылдык боордошу катары жакшылык кылып, анын малын күндүзү да, түнкүсүн да бекер коргоп жүрүшкөн. Азык-заттары түгөнүп баратканда, Дөөт он уланды Набалга тамак-аш суроо үчүн жөнөтөт. Бул мүмкүнчүлүктү Набал Жахабанын майланганы болгон Дөөткө сый көрсөтүп, ыраазычылыгын билдирүү үчүн колдонсо болмок. Бирок анткендин ордуна ал каары менен Дөөттү тилдеп, келген уландарды куру кол кетирип иет. Муну уккан Дөөт жанына 400 куралчан жоокерин алып, өч алууга чыгат. Абигейил күйөөсүнүн келгендерге орой мамиле жасаганын укканда, кыраакылык менен шашылыш түрдө иш-аракет кылып, Дөөттүн көңүлүн алуу үчүн ага мол азык-зат жөнөтөт да, анан өзү Дөөттүн алдынан чыгат (2—20-аяттар).

12, 13. а) Абигейил акылдуулугун жана Жахаба менен анын майланганына берилгендигин кантип көрсөткөн? б) Абигейил үйүнө кайтып келип эмне кылган жана андан аркы окуялар кандай нук менен өрчүгөн?

12 Дөөткө кезиккенде, андан ырайым көрсөтүшүн момундук менен сураганынан Абигейилдин Жахабанын майланганын терең урматтаары билинет. Ал: «Теңир менин мырзамдын тукумун сөзсүз бекемдейт, анткени менин мырзам Теңирдин согуштарын жүргүзөт»,— деген соң, Жахабанын Дөөттү Ысрайылга жолбашчы кыларын айтат (28—30-аяттар). Ошол эле учурда Абигейил Дөөткө өч алуу сезимине алдырып койсо курулай кан төгүп аларын айтып, чоң эрдик көрсөтөт (26, 31-аяттар). Абигейилдин момундугу, терең урмат көрсөткөнү жана терең ой жүгүрткөнү Дөөткө өзүнө келүүгө түрткү берет. Ал: «Ушул күндө сени мага кезигүүгө жиберген Ысрайылдын Кудай-Теңирине даңк. Ушул кезде кан төгүүгө жана өзүм үчүн өч алууга жол бербегениң үчүн, Кудай сага батасын берсин, акылыңа да береке берсин»,— деп айтат (32, 33-аяттар).

13 Абигейил үйүнө кайтып келип, Дөөткө тартуу бергенин күйөөсүнө тайманбастык менен айтайын десе, ал «абдан мас» болгон болот. Ошондуктан анын соолугушун күтүп, Абигейил иштин жайын кийинчерээк билдирет. Аны укканда Набал эмне болот? Үрөйү ушунчалык учкандыктан, ал шал сыяктуу бир ооруга чалдыгып, он күндөн кийин Кудайдын колунан өлүм табат. Дөөт Набалдын өлгөнүн уккан соң, суктануусун жана терең урматтоосун пайда кылган Абигейилге өзүнө турмушка чыгууну сунуш кылат. Абигейил макулдугун берет (34—42-аяттар).

Абигейилдей боло аласыңарбы?

14. Абигейилдин кайсы сапаттарын дагы жакшыраак өрчүткүбүз келет?

14 Абигейилдин кайсы сапаттарын силер (эркектер да, аялдар да) дагы жакшыраак өрчүткүңөр келет? Кыйынчылык пайда болгондо көбүрөөк кыраакылык жана акылмандык менен иш кылууну каалайт чыгарсыңар. Же жаныңардагы адам өзүн кармай албай сезимге алдыра баштаганда, тынч жана салмактуу сүйлөөнү каалайттырсыңар. Анда бул тууралуу Жахабага тиленүүгө эмне үчүн болбосун? Ал «ишеним менен» сурагандардын баарына акылмандык, эстүүлүк, акыл берүүнү убадалайт (Жакып 1:5, 6; Накыл сөздөр 2:1—6, 10, 11).

15. Ыйсаны жолдогон аялдар үчүн Абигейилдикиндей сапаттарды кандай жагдайларда чагылдыруу өзгөчө маанилүү?

15 Мындай мыкты сапаттарды күйөөсү ишенимин бөлүшпөгөн жана Ыйык Китептин принциптерине анча же такыр кызыкпаган ишенимдешибиздин чагылдырганы өзгөчө маанилүү. Балким, анын күйөөсү көп ичеттир. Бирок андай адамдын өзүнүн жашоо мүнөзүн өзгөртөрүнө үмүттөнөбүз. Зайыптарынын момундук менен мамиле кылганын, терең урмат-сый көрсөткөнүн жана жүрүм-турумун таза сактаганын көрүп, көп күйөөлөр жакшы жагына өзгөрүлгөн (1 Петир 3:1, 2, 4).

16. Үйдөгү жагдайы кандай болбосун, Ыйсаны жолдогон аял Жахаба менен болгон мамилесин баарынан жогору баалаарын кантип көрсөтөт?

16 Үйүңөрдөн кандай кыйынчылыктарга чыдоого туура келбесин, Жахабанын силерди колдоого дайыма даяр экенин унутпагыла (1 Петир 3:12). Андыктан өзүңөрдү рухий жактан бекемдөөгө умтулгула. Кудайдан акылмандык жана жүрөгүңөргө бейкуттук сурап тиленгиле. Ыйык Китепти дайым изилдөө, тиленүү, ой жүгүртүү жана ишенимдештериңер менен пикирлешүү аркылуу Жахабага жакындагыла. Рухийлиги жок күйөөсүнүн маанайы Абигейилдин Кудайга болгон сүйүүсүнө жана Анын майланган кызматчысына карата болгон мамилесине таасир эткен эмес. Абигейил адил принциптерге карманып иш кылган. Ал түгүл, күйөөсү Кудайдын үлгүлүү кызматчысы болгон учурда да Ыйсаны жолдогон аял өзүнүн рухийлигин бекемдөө жана сактоо үчүн күч-аракет жумшай берүү керектигин түшүнөт. Ооба, Кудайдын алдында күйөөсү аялына рухий жана материалдык жактан кам көрүүгө милдеттүү, бирок акыр түбү аялы өз «куткарылуусун коркуу жана титирөө менен» өзү жүзөгө ашырууга тийиш (Филипиликтерге 2:12; 1 Тиметейге 5:8).

«Пайгамбар сыйлыгын» алган аял

17, 18. а) Сарепаттагы жесир аялдын ишеними кантип өзгөчө сыналган? б) Илиястын өтүнүчүнө жесир аял кандай жооп кайтарган жана бул үчүн Жахаба ага кандай сыйлык берген?

17 Жахабанын Илияс пайгамбардын убагындагы кембагал жесир аялга кандай жол менен кам көргөнүнөн анын чыныгы сыйынууну колдоо үчүн өздөрүн жана каражаттарын аябагандарды абдан баалаарын көрүүгө болот. Илиястын күндөрүндөгү узакка созулган кургакчылыктын айынан көптөр, анын ичинде Сарепатта жашаган жесир аял дагы уулу менен ачкачылыкка дуушар болушкан. Азык-түлүгүнүн акыркысы калганда алардыкына Илияс пайгамбар келген. Ал жесир аялга аны таңкалтырган өтүнүч менен кайрылган: аялдын абалын көрүп турса да, Илияс андан акыркы майы менен унунан «кичине ачыткысыз нан» жасап келүүнү суранган. Анан: «Анткени Ысрайылдын Кудай-Теңири мындай дейт: „Теңир жерге жамгыр берген күнгө чейин кумурадагы май бөксөрбөйт, челектеги ун түгөнбөйт“»,— деп кошумчалаган (1 Падышалар 17:8—14).

18 Бул бөтөнчө өтүнүчтү силер кандай кабыл алат элеңер? Сыягы, Сарепаттагы жесир аял Илиястын Жахабанын пайгамбары экенин билгендиктен, «Илияс кандай айтса... ошондой жасаган». Анын меймандостугун көрүп, Жахаба эмне кылган? Ал кургакчылык учурунда ошол аялды, уулун жана Илиясты кереметтүү түрдө тамак-аш менен камсыз кылып турган (1 Падышалар 17:15, 16). Ооба, Жахаба Сарепаттагы жесир аялга, ал ысрайылдык болбосо да, «пайгамбар сыйлыгын» берген (Матай 10:41, «Инжил»). Кудайдын Уулу да бул жесир аялга баа берип, аны өзүнүн мекен шаары Назареттеги ишенбеген адамдарга үлгү катары айткан (Лука 4:24—26).

19. Бүгүнкү күндө Ыйсаны жолдогон көп аялдар Сарепаттагы жесир аялдын рухун кантип чагылдырышууда жана Жахаба аларга кандай баа берет?

19 Бүгүнкү күндө Ыйсаны жолдогон көптөгөн аялдар Сарепаттагы жесир аялдын рухун чагылдырышат. Мисалы, көпчүлүгү жакыр жашап, өз үй-бүлөлөрүнө кам көрүп жаткан эже-карындаштарыбыз өздөрүнүн гана камын ойлобой, жума сайын кыдыруучу көзөмөлчүлөр менен алардын аялдарына меймандостук көрсөтүшөт. Башкалары толук убакыт кызмат кылган жергиликтүү биртуугандарын чайга чакырышат, муктаж болгондорго жардам көрсөтүшөт же дагы башка жолдор менен Падышалыктын ишин колдоодо өздөрүнүн күчүн жана каражатын аяшпайт (Лука 21:4). Жахаба мындай курмандыктарды байкайбы? Албетте! «Кудай адилетсиз эмес, Ал силердин эмгегиңерди жана Анын ысымы үчүн ыйыктарга көрсөткөн сүйүүңөрдү, аларга кылган жана кылып жаткан кызматыңарды унутпайт» (Эврейлерге 6:10).

20. Эмки макалада эмнелер каралат?

20 Биринчи кылымда Кудайдан корккон кээ бир аялдар Ыйсага жана анын элчилерине кызмат көрсөтүү артыкчылыгына ээ болушкан. Эмки макалада алардын Жахабанын жүрөгүн кантип кубантканын карап чыгабыз жана оор шарттарда да Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылып жаткан азыркы аялдардын үлгүсүнө токтолобуз.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Матайдын билдирүүсүнө ылайык, Ыйсанын санжырасында төрт аялдын — Тамардын, Рахаптын, Руттун жана Мариямдын — ысмы аталып өтөт. Кудайдын Сөзүндө алардын баарына чоң урмат көрсөтүлгөн (Матай 1:3, 5, 16).

Кайталоо

• Төмөндө аталып өткөн аялдар Жахабанын жүрөгүн кантип кубантышкан?

• Шипра менен Пуя

• Рахап

• Абигейил

• Сарепаттагы жесир аял

• Бул аялдардын үлгүсүнүн үстүнөн ой жүгүртүү кандайча ар бирибизге жардам боло алат? Мисал менен түшүндүргүлө.

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Көптөгөн ишенимдүү аялдар Жахабага «падышанын буйругуна» карабай кызмат кылышат.

[20-беттеги сүрөт]

Эмне үчүн Рахаптын ишеними биз үчүн үлгү?

Абигейилдин кайсы сапаттарын туурагыңар келет?

[22-беттеги сүрөт]

Ыйсаны жолдогон көп аялдар Сарепаттагы жесир аялдын рухун чагылдырышууда.