Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, «Кудайга татыктуу жашагыла»

Жаштар, «Кудайга татыктуу жашагыла»

Жаштар, «Кудайга татыктуу жашагыла»

ЫЙСАНЫ жолдогон кээ бир жаштарга үй-бүлөсүнөн жана өз жыйналышынан убактылуу алыс жашоого туура келет. Айрымдары кызматын кеңейтүү максатында башка жакка көчүп барышса, башкалары бул дүйнөнүн иштерине карата бейтараптуулук сактагандыгы үчүн үйлөрүн калтырууга аргасыз болушат (Ышайа 2:4; Жакан 17:16). Кээ бир өлкөлөрдө Кудай алдында актыгын сактаган жаштарды «падыша» эркинен ажыратат же коомдун пайдасы үчүн кандайдыр бир жумуштарга иштетип коёт * (Марк 12:17; Титке 3:1, 2).

Бейтараптуулук сактаганы үчүн кесилген уландар узак убак бою кылмышкерлер менен бирге болушу ыктымал. Башка себептерден улам үйүнөн алыс жашаган улан-кыздар да жаман чөйрөдө иштөөгө мажбур болушу мүмкүн. Ушундай абалдагы Ыйсаны жолдогон жаштар же айла жоктон жаман чөйрөдө жашап жаткан ишенимдештерибиз «Кудайга татыктуу жашоо» өткөрүүдө кыйынчылык-сыноолорго кабылышы мүмкүн. Андай кыйынчылыктар менен кантип күрөшсө болот? (1 Тесалоникалыктарга 2:12). Эне-аталар балдарына келечекте кезигиши мүмкүн болгон жагымсыз жагдайларга даярданууга эмне кылып жардам бере алышат? (Накыл сөздөр 22:3).

Өзгөчө кыйынчылыктар

Үч жыл, бир ай үйүнөн алыс жашоого мажбур болгон 21 жашар Такис: «Ата-энемдин камкордугусуз жана мени жакшы билген мээримдүү аксакалдардын көзөмөлүсүз жашоого туура келди. Абдан кыйналдым, кооптонуп да жүрдүм»,— дейт *. «Кээде өзүмдү терс таасирге оңой эле алдырып койчудай сезчүмүн»,— деп сөзүн улайт ал. 20 жаштагы Петрос эки жылдан ашуун убак бою үйүнөн алыс жашоого аргасыз болгон. Ал: «Өмүрүмдө биринчи жолу көңүл ачууга жана дос тандоого байланыштуу чечимдерди өзүм чыгарышым керек болду жана чыгарган чечимдерим ар дайым эле туура боло берген жок»,— деп ачык айтат. Ал: «Көбүрөөк эркиндикке ээ болгонум менен, мойнума чоң жоопкерчилик артылды, кээде аябай тынчсызданчумун»,— деп сөзүн улайт. Ушундай жагдайларга туш болгон жаштарга жардам берип жүргөн Тасос аттуу аксакал мындай дейт: «Баёо жана тажрыйбасыз жаштар Кудайга кызмат кылбаган курбу-курдаштарындай болуп адепсиз сүйлөй башташы, ошондой эле алардан козголоңчул рух жана жаман жүрүм-турумду жуктуруп алышы ыктымал».

Ыйык китептик принциптерге карманбаган адамдардын арасында жашап жана иштеп жүргөндө, алардын адеп-ахлаксыз же Жазмага ылайык келбеген жүрүм-турумун тууроо каалоосу пайда болуп калбашы үчүн сак болуу керек (Забур 1:1; 25:4; 118:9). Жекече изилдөө жүргүзүү, жыйналышка катышуу жана кабарга чыгуу күнтартибине кармануу кыйыныраактай көрүнүшү мүмкүн (Филипиликтерге 3:16). Рухий максаттарды коюп, аларды ишке ашыруунун үстүнөн иштөө да оңойго турбашы ыктымал.

Ыйсаны жолдогон ишенимдүү жаштар, албетте, жүрүм-туруму жана сүйлөгөн сөздөрү менен Жахабага жагууну каалашат. Алар асмандагы Атасынын: «Менин уулум, менин жүрөгүмдү кубантып, акылдуу бол; ошондо мени жаманатты кылганга кандай жооп береримди билем»,— деген өтүнүчүн берилгендик менен аткарууга аракет кылышат (Накыл сөздөр 27:11, «Мукаддас»). Кудай жолундагы жаштар алардын жүрүм-туруму башкалардын Жахабага жана анын элине болгон мамилесине таасир этерин түшүнүшөт (1 Петир 2:12).

Ушундай көптөгөн улан-кыздардын I кылымда жашаган ишенимдештеринен үлгү алууга аракет кылып жатышканы мактоого арзырлык. Кудайдын ал убактагы кызматчылары тууралуу элчи Пабыл: «Ага бардык жагынан жагып, бардык иште жакшы жемиш берип... туруктуулукту жана чыдамдуулукту кубаныч менен көрсөтүп... Кудайга татыктуу жашашсын»,— деп тиленген (Колостуктарга 1:9—12). Ыйык Китепте чоочун, кас жана бурканга табынган адамдардын чөйрөсүндө да Жахабага татыктуу жашаган бир канча жаштар тууралуу баяндалат (Филипиликтерге 2:15).

«Теңир Жусуп менен болгон»

Жакып менен Рахелдин жакшы көргөн баласы Жусуп үйүнөн, Кудайдан корккон атасынын камкордугунан, алыс жашоого аргасыз болот. Аны Мисирге кулчулукка сатып жиберишет. Жусуп эмгекчил, ишенчиликтүү, адептүү, үлгүлүү жигит болчу. Ал Жахабага сыйынбаган Потипар аттуу кишиге кызмат кылууда да акниет жана тырышчаак болгондуктан, кийинчерээк анын бардык үй иштерин башкарууга дайындалган (Башталыш 39:2—6). Жусуп Кудай алдында актыгын сактап жүрчү жана аны ошон үчүн зынданга салышканда, ал: «Эмнеге аракет кылдым экен?» — деген эмес. Атүгүл камакта өзүн үлгүлүү алып жүргөндүктөн ал бир аз убактан кийин зынданда да көп милдеттерге ээ болгон (Башталыш 39:17—22). Кудай ага батасын берген жана Башталыш 39:23тө айтылгандай, «Теңир Жусуп менен болгон».

Кудай жолундагы үй-бүлөсүнөн алыс жашаган Жусуп оңой эле айлана-чөйрөсүндөгү жалган кудайларга сыйынган мисирликтердей болуп адеп-ахлаксыз жашоо өткөрө башташы мүмкүн эле! Бирок ал күчтүү азгырыктарга алдырбай, Жахабанын принциптерине карманып, анын алдында өзүн таза сактаган. Потипардын аялы күнүгө кулагынын кужурун алып, аны менен жатууга азгыра бергенде, Жусуп ага: «Кантип мен ушундай жаман ишти кылып, Кудай алдында күнөөгө батам?» — деп чечкиндүү жооп берген (Башталыш 39:7—9).

Бүгүн Жахабанын жаш кызматчылары начар айлана-чөйрө, адеп-ахлаксыз көңүл ачуу, порнография жана терс таасир тийгизүүчү музыкага карата Ыйык Китепке негизделген кеңештерге кулак кагышы керек. Алар «Теңирдин көзү бардык жерде [экенин], ал жакшыларды да, жамандарды да көрүп турарын» түшүнүшөт (Накыл сөздөр 15:3).

Муса «күнөөлүү жыргалчылыктан» баш тарткан

Муса фараондун бутпарастык менен түрдүү жыргалчылыктарга баткан ак сарайында чоңоюп өскөн. Ыйык Китепте ал тууралуу: «Муса... ишеними аркылуу фараондун кызынын баласы деп аталуудан баш тарткан. Ал убактылуу, күнөөлүү жыргалчылыкка караганда, Кудай эли менен кошо азап чегүүнү артык көргөн»,— деп айтылат (Эврейлерге 11:24, 25).

Дүйнө менен достошуудан кандайдыр бир пайда болсо да, ал убактылуу эле. Ал чектелүү гана убакка, эң эле узак дегенде, бул дүйнөнүн акырына чейин эле созулат (1 Жакан 2:15—17). Анда Мусаны тууроо жакшы эмеспи? Ыйык Китепте анын «көрүнбөгөн Кудайды көрүп тургансып, бекем» болгону тууралуу айтылат (Эврейлерге 11:27). Мусанын көңүлү Кудайдан корккон ата-бабаларынын рухий мурасына бурулган болчу. Ал үчүн жашоонун маңызы Кудайдын эркин аткарууда эле (Чыгуу 2:11; Элчилер 7:23, 25).

Кудай жолундагы улан-кыздар Кудайга ишенбеген жана терс таасир этүүчү адамдардын чөйрөсүндө жүрүүгө аргасыз болгондо жекече изилдөө аркылуу «Көрүнбөгөндү» жакшыраак таанып-билүүнүн аркасында Жахаба менен болгон мамилесин бекемдей алышат. Рухий иштердин, алардын ичинде жолугушууларга катышуунун жана кабарга чыгуунун жакшы күнтартибине кармануу көңүлдү рухий нерселерге топтоого жардам берет (Забур 62:7; 76:13). Жаштар Мусаныкындай ишенимге жана үмүткө ээ болууга аракет кылышы зарыл. Алар үчүн ой-тилеги менен иштеринде Жахабаны башкы орунга коюу, аны менен болгон достукка кубануу пайдалуу.

Ал тилин туура колдонуу менен Кудайды даңктаган

Кудайдын пайгамбары Элишанын учурунда сириялыктарга туткундалып кетип, үйүнөн алыс жашаган ысрайылдык кыз да өзүн үлгүлүү алып жүргөн. Ал пес оорулуу сириялык аскер башчы Наамандын аялына кызматчы болот. Кыз өзүнүн мырзайымына: «Эгерде мырзам Самариядагы пайгамбарга барып келсе, анда ал аны пес оорусунан куткарат эле!» — деп айтат. Кыздын күбөлөндүрүүсүнүн аркасында Нааман Ысрайылдагы Элишага барып, пес оорусунан айыккан. Андан сырткары, ал Жахабага кызмат кыла баштаган (2 Падышалар 5:1—3, 13—19).

Ушул кичинекей кыздын үлгүсүнөн жаштардын ата-энесинен алыс жашаган учурда да сүйлөгөн сөздөрү менен Кудайды урматташы канчалык маанилүү экендиги көрүнүп турат. Эгер ал кыз «маңызсыз» же «маскаралаган» сөздөрдү сүйлөгөнгө көнгөн болсо, мүмкүнчүлүк пайда болгондо таза абийир менен Кудайды даңктай алат беле? (Эфестиктерге 5:4; Накыл сөздөр 15:2). Никос, 20дан ашып калган улан, бейтараптуулук сактагандыгы үчүн соттолуп, мөөнөтүн өтөп жүргөн кезде эмне болгонун мындайча эскерет: «Өзүм курактуу биртуугандар менен түзөтүү-эмгек лагеринде, ата-энебиз менен жыйналыштан алыс жерде, айыл-чарба иштеринде жүргөнүбүздө сүйлөгөн сөздөрүбүз орой боло баштаганын байкадым. Сөздөрүбүз Жахабага эч кандай даңк апкелчү эмес». Бактыга жараша, Никос менен башка биртуугандарга Пабылдын: «Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт»,— деген кеңешине кулак кагууга жардам берилген (Эфестиктерге 5:3).

Жахаба алар үчүн реалдуу болгон

Байыркы Бабылда Даниелдин үч эврей досу менен болуп өткөн окуя Ыйса айткан принциптин тууралыгын, башкача айтканда, аз нерседе ишенимдүү болуу көп нерседе да ишенимдүү кыларын далилдеп турат (Лука 16:10). Аларга Мусанын мыйзамында тыюу салынган тамак беришкенде, чоочун өлкөдө туткунда жүргөндө аны жештен башка арга жок деген ой менен өздөрүн актай алышмак. Бирок алар кичинекей болуп көрүнгөн нерсеге да олуттуу карашкандыгы үчүн кандай гана бата алышкан! Ал үчөө падыша дасторконунан тамактанган башка туткундарга караганда акылдуу жана чың денсоолуктуу болуп чыккан. Алардын кичинекей нерседе ишенимдүүлүктү сакташканы келечектеги олуттуу сыноодо — бурканга сыйынууда — актыгын бузбоого жардам бергени шексиз (Даниел 1:3—21; 3:1—30).

Ал үч улан үчүн Жахаба реалдуу болгон. Үйлөрүнөн жана Кудайга сыйынуунун борборунан алыс болушса да, алар дүйнөгө аралашуунун аркасында өздөрүн булгабоого толук чечкиндүү болушкан (2 Петир 3:14). Жахаба менен болгон мамилесин ушунчалык баалашкандыктан алар өмүрлөрүн да берүүгө даяр турушкан.

Жахаба сени таштабайт

Жаштардын ишенген жакын адамдарынан алыс жүргөндө өздөрүн ишенимсиз сезип, тынчсызданышы, коркушу — табигый нерсе. Бирок алар кыйынчылыктарда Жахаба аларды таштабаарына толук ишенүү менен туруштук бере алышат (Забур 93:14). Эгер аларга «чындык үчүн азап тартуу» керек болсо, Жахаба аларды «чындык жолунда» сөзсүз бекемдейт (1 Петир 3:14; Накыл сөздөр 8:20).

Жахаба Жусупту, Мусаны, ысрайылдык кызды жана ишенимдүү үч эврей уланды дайым бекемдеп, аларга батасын мол берип турган. Бүгүн Ал «ишеним үчүн... күрөшүп» жаткандарды ыйык руху, Сөзү жана уюму аркылуу бекемдеп, аларга «түбөлүк өмүрдү» убадалап жатат (1 Тиметейге 6:11, 12). Ооба, Жахабага татыктуу жашоо толук мүмкүн жана ал акылмандыкка жатат (Накыл сөздөр 23:15, 19).

[31–беттеги кутуча]

АТА-ЭНЕЛЕР, БАЛДАРЫҢАРДЫ ДАЯРДАГЫЛА!

«Жаш балдар балбандын колундагы жебелердей» (Забур 126:4). Жебе бутага өзүнөн-өзү эле тийип калбайт. Аны жакшылап мээлөө керек. Анын сыңарындай, балдар да ата-эненин акыл-насаатысыз өз алдынча жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө даяр боло алышпайт (Накыл сөздөр 22:6).

Жаштар сезимге алдырып иш кылууга жакын келишет жана «жаштык кумардын» бийлиги алдында болушат (2 Тиметейге 2:22). Ыйык Китеп: «Чыбык жана айыпты ашкерелөө акылмандык берет, бирок өз эркине коюлган уул энесин уятка калтырат»,— деп эскертет (Накыл сөздөр 29:15). Эгер өспүрүмгө жүрүм-турумуна карата чек койбосо, ал өз алдынча жашоодогу кыйынчылыктар менен сыноолорду көтөрүүгө даяр боло албайт.

Кудай жолундагы ата-энелер балдарына азыркы түзүлүштөгү жашоонун кыйынчылыктары менен көйгөйлөрү тууралуу ачык айтып, буга жоопкерчиликтүү карашы зарыл. Алар балдарына өз алдынча жашоодо кандай жагымсыз жагдайларга дуушар болушу мүмкүн экенин коркутуп-үркүтпөстөн жакшылап түшүндүрүп беришсе болот. Кудайдан келген акылдуулук менен коштолгон мындай акыл-насаат «жөнөкөйлөргө зээндүүлүк, жаш жигитке билим жана эстүүлүк» берет (Накыл сөздөр 1:4).

Балдарын рухий дөөлөттөрдү баалоого жана адеп-ахлактыкка байланыштуу принциптерге карманууга үйрөткөн ата-энелер аларды жашоодогу кыйынчылыктарды көтөрүүгө даярдашат. Баланын ийгиликтүү жашоо өткөрүшү Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөөдөн, ачык-айкын пикир алышуудан жана анын келечеги үчүн чындап кызыгуу көрсөтүүдөн көзкаранды. Ата-энелер балдарын ыйык китептик принциптерге ылайык, тең салмактуулук жана акылдуулук менен тарбиялап, өз алдынча жашоого даярдашы керек. Алар балдарына азыркы дүйнөдө жашап, ошол эле учурда бул дүйнөдөн болбоо мүмкүн экенин өздөрүнүн үлгүсү менен үйрөтө алышат (Жакан 17:15, 16).

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Карагыла: «Күзөт мунарасы», 1996-жыл, 1-май, 17—20-беттер (ор.).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[29-беттеги сүрөт]

Ыйсаны жолдогон айрым жаштарга үйүнөн алыс жашоого туура келет.

[30-беттеги сүрөт]

Азгырыктарга алдырбай, жаштар, Жусупка окшоп адеп-ахлактыгын сактай алышат.

[32-беттеги сүрөт]

Тилин туура колдонуп Жахабаны даңктаган ысрайылдык туткун кыздан үлгү алгыла.