Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жыйналыштагы ишенимдүү аялдар — Кудайдын баалуу кызматчылары

Жыйналыштагы ишенимдүү аялдар — Кудайдын баалуу кызматчылары

Жыйналыштагы ишенимдүү аялдар — Кудайдын баалуу кызматчылары

«Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет, бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу» (Накыл сөздөр 31:30).

1. Жахабанын сулуулукка карата көзкарашы дүйнөнүкүнөн эмнеси менен айырмаланат?

ДҮЙНӨДӨ адамдын, айрыкча аялдардын сырткы көрүнүшүнө чоң маани берилет. Бирок Жахаба, баарынан мурда, адамдын ички дүйнөсүнө жана курактын өтүшү менен ого бетер көркүнө чыга турган касиет-сапаттарына көңүл бурат (Накыл сөздөр 16:31). Ошондуктан Ыйык Китеп аялдарды: «Жасалгаңар сырткы кооздуктар болуп эсептелген: өрүлгөн чач, алтын жасалга, жакшы кийим эмес, Кудай алдында кымбат баалуу эсептелген, жүрөктө сакталган, өтүп кеткис, момун жана жоош рух болсун»,— деп үндөйт (1 Петир 3:3, 4).

2, 3. Аялдар I кылымда жакшы кабардын таратылышына кантип салым кошушкан жана бул тууралуу алдын ала эмне деп айтылган?

2 Мактоого татырлык мындай рухту Ыйык Китепте кеп кылынган көп аялдар көрсөткөн. I кылымда алардын кээ бирлери Ыйсага жана анын элчилерине кызмат кылуу артыкчылыгына ээ болушкан (Лука 8:1—3). Кийинчерээк болсо Ыйсаны жолдогон аялдар ынталуу кабар таратуучулардан болушкан; башкалары жоопкерчиликти колго алган эркектерге, анын ичинде элчи Пабылга зор колдоо көрсөтүшкөн; айрымдары артыкча меймандостук көрсөтүп, атүгүл үйлөрүндө жыйналыш жолугушууларынын өтүшүнө шарт түзүшкөн.

3 Жахабанын аялдарды өз ой-ниеттерин ишке ашырууда ар кандай жолдор менен көп колдонору Ыйык Жазмада алдын ала айтылган. Мисалы, Жоел 2:28, 29-аяттарда эркек-аялдарга да, жаш-карыларга да ыйык рух берилери жана алардын Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратууга катышары тууралуу күн мурун билдирилген. Ал пайгамбарлык б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында аткарыла баштаган (Элчилер 2:1—4, 16—18). Рух менен майланган кээ бир аялдарга пайгамбарлык кылуу сыяктуу кереметтүү белектер берилген (Элчилер 21:8, 9). Ишенимдүү эже-карындаштардын рухий чоң аскери өздөрүнүн кызмат кылуудагы ынтасы менен I кылымда чыныгы диндин бат жайылышына салым кошкон. Элчи Пабыл б.з. 60-жылында жакшы кабардын «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланганын» жазган (Колостуктарга 1:23).

Тайманбастыгы, ынтасы жана меймандостугу үчүн мактоого татыгандар

4. Пабыл I кылымдагы жыйналыштагы кээ бир аялдарды кандай орчундуу себеп менен мактаган?

4 Бүгүн Ыйсаны жолдогон көзөмөлчүлөр ынталуу аялдардын кызматын баалаган сыңары, элчи Пабыл кээ бир аялдардын аткарган кызматы үчүн айрыкча ыраазы болгон. «Теңирге кызмат кылган Трифайна жана Трипоса», «Теңир үчүн көп кызмат кылган менин сүйүктүүм Персида» деп, Пабыл айрым аялдарды атынан атап өткөн (Римдиктерге 16:12). Эйдия менен Синтихе да, Пабыл билдиргендей, аны менен «Жакшы Кабар таратуу ишине катышкан» (Филипиликтерге 4:2, 3). Күйөөсү Акилага кошулуп, Прискила да Пабыл менен кызматташкан. Прискила менен Акила жадагалса Пабыл үчүн «өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салышкан», ошондуктан ал: «Аларга бир эле мен эмес, бутпарастардан түзүлгөн Жыйындардын баары ыраазы»,— деп жазган (Римдиктерге 16:3, 4; Элчилер 18:2).

5, 6. Прискила бүгүнкү эже-карындаштарга кайсы жактардан үлгү көрсөткөн?

5 Прискиланын ынталуу жана тайманбас болушуна эмне өбөлгө түзгөн? Бул жөнүндө Элчилер 18:24—26-аяттарды окуп биле алабыз. Ал жерде сөзгө чечен Аполоско чындыкты тагыраак түшүндүргөнгө Прискила күйөөсүнө колдоо көрсөткөнү тууралуу айтылат. Демек, Прискила Кудай Сөзүн изилдөөгө ынтызар болуп, элчилердин окутуусуна дит койгон. Натыйжада ал эң сонун сапаттарды өрчүтө алган да, Кудайдын жана күйөөсүнүн алдында кымбат баага татып, алгачкы жыйналыштын баалуу мүчөсү болгон. Ошо сыяктуу эле, Ыйык Китепти дилгирлик менен изилдеп, Жахабанын «ишенимдүү башчы» аркылуу берген рухий тамагын кабыл алып жаткан бүгүнкү көп сандаган мээнеткеч эже-карындаштар да кымбат баага татышат (Лука 12:42).

6 Акила менен Прискила аябай меймандос болушкан. Пабыл Корунтта алардын үйүндө жашап, чатыр жасап чогуу иштешкен (Элчилер 18:1—3). Жубайлар Эфеске, кийинчерээк Римге көчүп барышканда, өздөрүнүн үйүн жыйналыш жолугушууларын өткөрүүгө колдонуп, ал жактан да биртуугандык меймандостук көрсөтүшкөн (Элчилер 18:18, 19; 1 Корунттуктарга 16:8, 19). Марк деп аталган Жакандын энеси Мариямдын жана Нимпандын да үйлөрүндө жыйналыш жолугушуулары өткөрүлчү (Элчилер 12:12; Колостуктарга 4:15).

Аялдардын бүгүн кошкон баалуу салымы

7, 8. Ыйсаны жолдогон көп аялдар бүгүн ыйык кызмат аткарууда мактоого татырлык кандай кадыр-баркка ээ жана алар эмнеден шек санабаса болот?

7 Биринчи кылымдагыдай эле, Ыйсаны жолдогон бүгүнкү ишенимдүү аялдар Кудайдын эркин аткарууда, айрыкча, жакшы кабар айтуу ишинде маанилүү роль ойношот. Бул эже-карындаштар кандай сонун кадыр-баркка ээ! Мисал үчүн, 2002-жылы каза болгон Гвенди алалы. Ал өмүрүнүн аягына чейин 50 жылдан ашык убакыт бою Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келген. «Гвендин жакшы кабар таратуудагы ынтасы биздин шаардагылардын дээрлик баарына белгилүү болчу,— дейт күйөөсү.— Ал ар бир адамды Жахабанын сүйүүсүн жана убадаларын кабыл ала турган кишидей көрчү. Көңүлүбүз чөккөндө бизге мээримдүүлүк менен күч-кубат бергенден тышкары, Гвен Кудайга, анын уюмуна жана үй-бүлөбүзгө берилгендигин көрсөтүп, чогуу өткөргөн толук кандуу жана бактылуу жашообузда мага да, балдарга да зор жөлөк-таяк болгон. Биз аны абдан сагынабыз». Гвен күйөөсү экөө 61 жыл чогуу түтүн булатышкан.

8 Ыйсаны жолдогон он миңдеген аялдар — бойдоктору да, турмушка чыккандары да — пионер же миссионер болуп кызмат кылышат жана жашоого эң зарыл нерселери болгонуна канаат кылып, эл тынбаган шаарлардан тартып алыскы аймактарга чейин Падышалык жөнүндө кабар таратышат (Элчилер 1:8). Жахабага толугураак кызмат кылуу үчүн, көптөрү үй-жайга ээ болуудан же балалуу болуудан карманып келишүүдө. Алардын айрымдары кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган күйөөлөрүн берилгендик менен колдоп жүрүшөт, дагы башка миңдеген эже-карындаштар дүйнө жүзүндөгү Бейтелдерде кызмат кылышат. Ооба, жанаябастык рухун чагылдырган бул аялдар Жахабанын үйүн даңкка толтурган «бардык элдердин асылдарынын» ичине кирет (Акай 2:7, «ЖД»).

9, 10. Ыйсаны жолдогон аялдардын, энелердин сонун үлгүсү үчүн жакындары ыраазылыгын кантип билдиришкен?

9 Ыйсаны жолдогон көп аялдар үй-бүлөлүк милдеттери менен алек экени турган иш, бирок буга карабастан алар Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшат (Матай 6:33). Пионер болуп кызмат кылган ушундай бойдок ишенимдештерибиздин бири: «Апам өзүнүн кажыбас ишеними жана сонун үлгүсү менен менин жалпы пионер болушума чоң салым кошту. Ал менин эң мыкты пионер шериктеримдин бири болчу»,— деп жазган. Аялы менен 5 кызды чоңойтуп-өстүргөн бир ата жубайы жөнүндө мындай дейт: «Үйүбүз дайыма таза жана тыкан күтүлчү. Үй-бүлөбүз көбүнесе рухий иштер менен алек болсун үчүн, Бонни үйдөгү шарттардын жөнөкөй болушуна, буюм-теримдин көп болбошуна кам көрчү. Ал акча-каражатыбызды сарамжалдуу колдоно билгендиктен, мен 32 жыл бою толук эмес жумуш убактысы менен иштеп, үй-бүлөмө жана рухий иштерге көбүрөөк убакыт арнай алдым. Аялым кыздарды мээнеткеч болууга да үйрөтчү. Аны мактабай коё албайм». Бүгүн ал жубайлар Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында кызмат кылып жатышат.

10 Дагы бир күйөө өзүнүн аялы, бойго жеткен балдардын энеси, тууралуу төмөнкүдөй дейт: «Баарыдан мурда, мени Сузандын Кудайды жана адамдарды абдан сүйгөндүгү, ошондой эле түшүнүктүүлүгү, боор ооруй билгендиги, чынчылдыгы суктандырат. Ал дайыма Жахабаны биздин ага бере ала турган нерселерибиздин эң мыктысына татыктуу деп эсептеп, бул принципке өз турмушунда Кудайдын кызматчысы катары да, эне катары да карманар эле». Сузандын колдоосу менен күйөөсү бир канча артыкчылыктарга ээ болгон. Мисалы, ал аксакал, пионер, райондук көзөмөлчүнүн орунбасары жана Ооруканалар менен байланышуу комитетинин мүчөсү болуп кызмат кылып келген. Мындай аялдар өздөрүнүн күйөөлөрү, рухий биртуугандары үчүн жана баарынан мурда Жахаба үчүн кандай баалуу! (Накыл сөздөр 31:28, 30).

Жалгыз бой асыл аялдар

11. а) Жахаба ишенимдүү аялдардын, айрыкча, жесирлердин камын ойлоорун кантип көрсөткөн? б) Ыйсаны жолдогон жесирлер жана башка жалгыз бой ишенимдүү эже-карындаштар эмнеге шек санабаса болот?

11 Жахаба жесирлердин камын ойлоорун көп жолу билдирген (Мыйзам 27:19; Забур 67:6; Ышайа 10:1, 2). Ал өзгөргөн жок. Кудай мурункудай эле, жесирлерге эле эмес, жалгыз бой энелерге жана ишенимдештеринин арасынан ылайыктуу түгөй таба албай же өз каалоосу менен бойдок жүргөн кыз-келиндерге дагы деле терең кызыгуу көрсөтөт (Малахия 3:6; Жакып 1:27). Силер Ыйсаны жолдогон жарыңардын жоктугуна карабай Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жатсаңар, анда Кудайдын көз алдында баалуу экениңерге шектенбесеңер болот.

12. а) Ыйсаны жолдогон айрым эже-карындаштар өздөрүнүн Жахабага болгон берилгендигин кантип көрсөтүшүүдө? б) Кээ бир эже-карындаштарыбыз кандай сезимдер менен күрөшөт?

12 Мисалга Жахабанын «Теңирге ишенген адамга гана» турмушка чыгууга болот деген кеңешине ишенимдүү карманып келаткан эже-карындаштарыбызды алалы (1 Корунттуктарга 7:39; Накыл сөздөр 3:1). Кудайдын Сөзү аларды: «Берилгендик көрсөткөнгө Сен [Жахаба] берилгендик менен мамиле кыласың»,— деп ынандырат (2 Шемуел 22:26, «БМК»). Ошентсе да алардын көпчүлүгүнө бойдок жүрүү оңойго турбайт. Бир ишенимдешибиз: «Мен Жахабага ишенген адам менен гана баш кошууну чечкем, бирок досторумдун сонун биртуугандарга турмушка чыгып атканын, а өзүм дагы эле жалгыз жүргөнүмдү ойлоп, далай жолу көз жашымды көлдөттүм»,— дейт. Дагы башка биртууганыбыз: «Жахабага 25 жылдан бери кызмат кылып келатам. Мен ага берилгендигимди сактоого чечкиндүүмүн, бирок жалгыздыктан көңүлүм чөккөн учуларым көп болот»,— деп айтат. Анан: «Мен сыяктуу эже-сиңдилер башкалардын кубаттандыруусуна муктаж»,— деп кошумчалайт. Мындай ишенимдүү биртуугандарга кантип жардам берсек болот?

13. а) Иптахтын кызына барып тургандар бизге кандай үлгү калтырышкан? б) Жыйналышыбыздагы бойдок эже-карындаштарды ойлоорубузду дагы кантип көрсөтсөк болот?

13 Аларга жардам берүүнүн бир жолун бир байыркы мисалдан көрүүгө болот. Иптахтын кызы күйөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартканда, анын курмандыкка барганы башкаларга айкын болгон. Алар аны кантип бекемдешкен? «Жыл сайын Ысрайыл кыздары барып, гилаттык Иптахтын кызын жылына төрт күн мактап келишчү» (Башкаруучулар 11:30—40, «ЖД»). Биз да Кудайдын мыйзамына берилгендик менен карманган бойдок эже-карындаштарды чын жүрөктөн макташыбыз керек *. Аларды ойлоорубузду дагы кантип көрсөтө алабыз? Ушундай кымбаттуу, ишенимдүү биртуугандар өздөрүнүн кызматын берилгендик менен уланта бериши үчүн, Жахабадан аларды колдоосун сураганыбыз абзел. Мындай ишенимдештерибизди Жахаба жана бүт жыйналыш аларды чын дилден сүйөрүнө, абдан баалаарына ынандырышыбыз зарыл. Алар ошого татыктуу (Забур 36:28).

Жалгыз бой энелер ийгиликтүү боло алышат

14, 15. а) Ыйсаны жолдогон жалгыз бой энелер эмнеге жардам сурап Жахабага кайрылышы керек? б) Кантип жалгыз бой энелер тиленүүлөрүнө ылайык иш кылышса болот?

14 Ыйсаны жолдогон жалгыз бой энелер да бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушат. Бирок алар балдарын ыйык китептик принциптер боюнча тарбиялоодо Жахабанын жардамына таяна алышат. Албетте, эгер балдарыңарды жалгыз чоңойтуп жатсаңар, бардык жактан эне да, ата да болуу мүмкүн эмес. Бирок Жахабадан ишеним менен жардам сурасаңар, ал силерге көп милдеттериңерди аркалоого көмөктөшөт. Мисалы, көп кабаттуу үйдүн жогорку кабаттарынын биринде жайгашкан квартираңарга азык-түлүк салынган оор баштыгыңарды жеткиришиңер керек дейли. Лифт турса, тепкич менен жөө чыгасыңарбы? Албетте, антпейсиңер! Анын сыңарындай, эмоциялык оор жүктөрүңөрдү жалгыз көтөрүп убара болбой, жардам сурап Жахабага кайрылгыла. Ал өзү да ушуга чакырат. Забур 67:20да («БМК»): «Теңирди алкагыла, анткени ал ар күнү жүгүбүздү жеңилдетет»,— деп айтылат. Ошо сыяктуу эле, 1 Петир 5:7 бардык түйшүктөрүңөрдү Жахабага тапшырууга үндөйт, «анткени Ал силер үчүн кам көрөт». Ошондуктан кыйынчылыктарыңар, түйшүктөрүңөр оордук келтиргенде, аларды асмандагы Атаңарга «үзгүлтүксүз» тапшырып, жүгүңөрдү жеңилдеткиле (1 Тесалоникалыктарга 5:17; Забур 17:7; 54:23).

15 Маселен, эне катары балдарыңарга мектептен теңтуштары кандай таасир тийгизиши мүмкүн же алардын ишеними кандайча сыналышы ыктымал экенин ойлоп тынчсызданарыңар турган иш (1 Корунттуктарга 15:33). Мындай тынчсыздануулар негиздүү. Бирок алар жөнүндө тиленүү да керек. Алсак, балдарыңар мектепке кеткени жатканда, балким, күндөлүк аятты чогуу карап чыккандан кийин, ошол тынчсызданууларыңарды айтып тиленүүгө эмне үчүн болбосун? Чын жүрөктөн айтылган конкреттүү тиленүүлөр балдарыңардын акылына зор таасир калтырат. Андан тышкары, Жахабанын Сөзүн алардын жүрөгүнө сиңирүүгө чыдамкайлык менен жасаган аракеттериңерге Жахаба батасын бербей койбойт (Мыйзам 6:6, 7; Накыл сөздөр 22:6). Эсиңерден чыгарбагыла, «Теңир адил адамдарга назарын салат, алардын сыйынууларына кулак төшөйт» (1 Петир 3:12; Филипиликтерге 4:6, 7).

16, 17. а) Апасынын көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө уулу эмне деген? б) Эненин рухий көзкарашы балдарына кандай таасир эткен?

16 Мисалга алты баланын энеси Оливияны алалы. Ишенимдеш болбогон күйөөсү акыркы баласы төрөлгөндө үй-бүлөсүн таштап кетип калган. Кыйынчылыктарга карабай Оливия балдарын Кудайдын жолунда тарбиялоого бел байлаган. Азыр 31ге чыгып, жыйналышта аксакал жана пионер болуп кызмат кылып жаткан уулу Даррен ал кезде 5 жашта болчу. Даррен ушу кезге чейин азап чектирип келаткан олуттуу ооруга чалдыкканда, Оливия ого бетер кыйналган. Жаш чагын эстеп, Даррен: «Ооруканадагы керебетте апамды чыдамсыздык менен күтүп отурган учурларым алигече эсимде. Ал келип жаныма отуруп, күнүгө Ыйык Китеп окуп берчү. Анан „Ырахмат сага, Жахаба“ деген Падышалык ырын ырдап берчү *. Бул ырды ушу күнгө чейин жакшы көрөм»,— деп жазган.

17 Оливиянын Жахабага таянгандыгы жана аны сүйгөндүгү жалгыз бой эне катары ийгиликке жетишине өбөлгө түзгөн (Накыл сөздөр 3:5, 6). Анын сонун маанайы балдарынын алдына койгон максаттарына таасир эткен. «Апам дайыма бизди толук убакыттагы кызматка умтулууга үндөчү,— дейт Даррен.— Натыйжада мен жана беш эже-карындашымдын төртөө толук убакыттагы кызматты баштаганбыз. Бирок апам эч качан бул жөнүндө башкаларга айтып мактанчу эмес. Мен анын укмуш сонун сапаттарын тууроого умтулам». Албетте, чоңойгондо балдардын баары эле Оливиянын балдарындай болуп Кудайга кызмат кылып кетпейт. Ошентсе да ыйык китептик принциптерге карманып жашоого бүт күч-аракетин жумшаган эне Жахабанын жетекчилигине жана мээримдүү колдоосуна таяна алат (Забур 31:8).

18. Жахабанын жыйналыш түзүлүшүн баалаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

18 Кудайдын колдоосу көбүнесе жыйналыш, андагы үзгүлтүксүз рухий тамактануунун программасы, ишенимдештер жана рухий жактан жетилген «адам түрүндөгү белектер» аркылуу берилет (Эфестиктерге 4:8, «ЖД»). Ишенимдүү аксакалдар жыйналыштагылардын баарын бекемдөөгө умтулушат, айрыкча, кыйынчылыкка кабылган «жетим-жесирлердин» муктаждыктарына өзгөчө көңүл бөлүшөт (Жакып 1:27). Андыктан эч качан обочолонбой, Кудайдын элине жакын болуу абзел (Накыл сөздөр 18:1, «ЖД»; Римдиктерге 14:7).

Баш ийүү аялдын көркүн ачат

19. Эмне үчүн аялдын күйөөсүнө баш ийүүсү анын төмөн абалда турарын билдирбейт жана муну ыйык китептик кайсы мисал ырастап турат?

19 Жахаба аялды эркекке жардамчы кылып жараткан (Башталыш 2:18). Ошондуктан аялдын күйөөсүнө баш ийиши анын төмөн абалда турарын билдирбейт. Тескерисинче, баш ийүү аялдын зоболосун көтөрүп, ага өзүнүн көптөгөн шык-жөндөмдөрүн Кудайдын эркине ылайык колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Накыл сөздөр китебинин 31-бабында байыркы Ысрайылда колунан көөрү төгүлгөн аялдын ар кайсы иштери сүрөттөлөт. Ал муктаж болгондорго жардам берген, жүзүмзар отургузган, жер сатып алган. Ооба, «ага күйөөсүнүн жүрөгү ишенген, ошондуктан ал кирешесиз калган» эмес (11, 16, 20-аяттар).

20. а) Ыйсаны жолдогон аялдар Кудайдан алган шык-жөндөмдүүлүктөрүн кандай колдонушу керек? б) Эстер кандай сонун сапаттарды чагылдырган жана натыйжада Жахаба аны кандай колдонгон?

20 Кудайдан корккон жөнөкөй аял өзүн көтөрмөлөбөйт же күйөөсү менен теңтайлашпайт (Накыл сөздөр 16:18). Ал Кудай берген шык-жөндөмдүүлүктөрүн башкалардын алдында кандайдыр бир кадыр-баркка жетүү үчүн эмес, а негизинен, үй-бүлөсүнө, ишенимдештерине жана баарынан мурда, Жахабага кызмат кылуу үчүн колдонот (Галаттыктарга 6:10; Титке 2:3—5). Мисал катары Ыйык Китептен ханыша Эстердин үлгүсүн карап көрөлү. Сулуу болгонуна карабай, ал жөнөкөй жана момун болгон (Эстер 2:13, 15). Эстер Акашбейрош падышага турмушка чыкканда, падышанын мурунку аялы Баштиден айырмаланып, күйөөсүнө терең урмат-сый менен мамиле кылган (Эстер 1:10—12; 2:16, 17). Ал ханыша болгондон кийин да тийиштүү учурларда тууганы Мордохайдын ою менен эсептешчү. Бирок Эстерди мүнөзү бош адам болгон деп айтууга болбойт! Ал Аманды, жүйүттөрдү кырып салууга ниеттенген таасирдүү жана мыкаачы адамды, тайманбастык менен ашкерелеген. Жахаба Эстерди өз элин куткаруу үчүн укмуштай колдонгон (Эстер 3:8—4:17; 7:1—10; 9:13).

21. Ыйсаны жолдогон аял канткенде Жахабанын көз алдында ого бетер баалуу боло алат?

21 Ооба, Кудайдан корккон аялдар байыркы убактан бери Жахабага жана анын уюмуна толук берилгендигин көрсөтүп келишет. Ошондуктан Жахаба аларды баалап-барктайт. Ыйсаны жолдогон эже-карындаштар, Жахабанын силерди өз руху менен «бардык жакшы иштерге даярдап», азыркыдан да жакшыраак «идиш» кылып калыпташына жол бергиле (2 Тиметейге 2:21; Римдиктерге 12:2). Мындай баалуу кызматчылар жөнүндө Кудайдын Сөзүндө: «Ага өз колунан чыккан жемишинен бергиле, иштери аны дарбаза алдында даңктасын!» — деп айтылат (Накыл сөздөр 31:31). Эже-карындаштарыбыздын ар бири жөнүндө да ушинтип айтылышын каалайбыз!

[Шилтемелер]

^ 13-абз. Аларды кантип мактоого болору жөнүндө 2002-жылдын 1-апрелиндеги «Күзөт мунарасынын» 30—32-беттеринен окууга болот.

[Шилтемелер]

^ 16-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жахабаны мактап ырдагыла» китепчесиндеги 26 (212)-ыр.

Эсиңердеби?

• Биринчи кылымда Ыйсаны жолдогон айрым аялдар кантип Жахабанын көз алдында кымбат баага татышкан?

• Кандайча бүгүн көптөгөн эже-карындаштар Кудайдын алдында кымбат баага татып жатышат?

• Жахаба жалгыз бой энелерди жана күйөөсү жок биртуугандарыбызды кантип колдойт?

• Аял башчылык принцибине кантип чын жүрөктөн сый көрсөтө алат?

[Изилдөө суроолору]

[27–беттеги кутуча]

Ой жүгүртүүгө татырлык үлгүлөр

Ыйык Китепте кеп кылынган дагы башка ишенимдүү аялдар жөнүндө билгиңер келеби? Анда төмөндө көрсөтүлгөн аяттарды окуп, ал аялдардын үлгүлөрү тууралуу ой жүгүртүү менен жашооңордо дагы жакшыраак колдонууга болорлук принциптерди табууга аракеттенгиле (Римдиктерге 15:4).

Саара: Башталыш 12:1, 5; 13:18а; 21:9—12; 1 Петир 3:5, 6.

Ысрайылдык берешен аялдар: Чыгуу 35:5, 22, 25, 26; 36:3—7; Лука 21:1—4.

Дебора: Башкаруучулар 4:1—5:31.

Рут: Рут 1:4, 5, 16, 17; 2:2, 3, 11—13; 4:15.

Шунемдик аял: 2 Падышалар 4:8—37.

Канаандык аял: Матай 15:22—28.

Марта менен Мариям: Марк 14:3—9; Лука 10:38—42; Жакан 11:17—29; 12:1—8.

Табита: Элчилер 9:36—41.

Филиптин төрт кызы: Элчилер 21:9.

Пойбе: Римдиктерге 16:1, 2.

[25-беттеги сүрөт]

Кудайдын мыйзамына берилгендик менен баш ийген, күйөөсү жок биртуугандарды мактайсыңарбы?

[26-беттеги сүрөт]

Балдарыңарды мектепке жөнөтөрдө Кудайдан эмнелер жөнүндө тиленсеңер болот?