Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сыйлыкка жетүү үчүн, өзүңдү өзүң башкара бил!

Сыйлыкка жетүү үчүн, өзүңдү өзүң башкара бил!

Сыйлыкка жетүү үчүн, өзүңдү өзүң башкара бил!

«Жарышка катышуучулардын баары өздөрүн бардык жагынан тыйышат [«башкара билишет», «ЖД»]» (1 КОРУНТТУКТАРГА 9:25).

1. Эфестиктерге 4:22—24-аяттарга ылайык, миллиондогондор Жахабага арналууга макул экенин билдирердин алдында эмне кылышкан?

ЭГЕР сен Жахабанын Күбөсү катары чөмүлтүлгөн болсоң, анда башкаларга сыйлыгы түбөлүк өмүр болгон жарышка катышууну каалаарыңды көрсөтүп, Жахабанын эркин аткарууга макулдугуңду билдиргенсиң. Жахабага өзүбүздү арнардын алдында, арналуубуз жарактуу жана Кудайга жагымдуу болсун үчүн, көбүбүзгө чоң өзгөрүүлөрдү жасоого туура келген. Биз элчи Пабылдын Ыйсанын жолдоочуларына жазган: «Алдамчы кумарлары менен чирип бара жаткан эски адамдын мурдагы жүрүм-турумун таштоо керек... чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүү керек»,— деген кеңешине ылайык иш кылганбыз (Эфестиктерге 4:22—24). Башкача айтканда, Кудайга арналууга макул экенибизди билдирердин алдында биз ага жакпаган мурунку жашоо жолубузга «жок» деп айтышыбыз керек болгон.

2, 3. Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн өзгөрүүнүн эки түрүн жасоо керектиги 1 Корунттуктарга 6:9—12-аяттарда кантип көрсөтүлгөн?

2 Жахабанын Күбөсү болууну каалагандар ташташы керек болгон эски адамдын кээ бир иштери Кудай Сөзүндө түздөн-түз айыпталат. Пабыл алардын айрымдарын корунттуктарга жазган катында атап өтүп, мындай деген: «Ойноштук кылуучулар да, бутка табынуучулар да, нике бузуучулар да, аял жандуулар да, бачабаздар да, уурулар да, дүнүйөкорлор да, аракечтер да, ушакчылар да, талап-тоноочулар да Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт». Анан: «Айрымдарыңар ушундай адамдар элеңер»,— деп кошумчалап, Ыйсанын I кылымдагы жолдоочуларынын зарыл өзгөрүүлөрдү жасашканын көрсөткөн. Алар жөнүндө «ушундай адамдар элеңер» деп өткөн чакта айтылганына көңүл бурсаңар (1 Корунттуктарга 6:9—11).

3 Пабыл андан ары: «Мага баарын кылууга болот, бирок баары эле пайдалуу эмес»,— деп айтып, дагы башка өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл болушу мүмкүн экенин билдирген (1 Корунттуктарга 6:12). Ошондуктан бүгүн Жахабанын Күбөсү болууну каалаган көптөгөн адамдар тыюу салынбаган, бирок пайдасыз же анча маанилүү эмес нерселерге «жок» деп айтуу зарыл экенин көрүшүүдө. Ал нерселер көп убакытты талап кылып, маанилүүрөөк нерселерге умтулууга тоскоол болушу мүмкүн.

4. Кудайга арналгандар Пабылдын кайсы сөздөрүнө ортоктош?

4 Адам Кудайга арналганда, өтө чоң курмандыктарга барууга аргасыз болгондой кыйылуу менен эмес, өз көңүлү менен арналат. Жахабага арналгандар Пабылдын Ыйсанын жолдоочусу болгондон кийин: «[Ыйса] үчүн баарынан баш тарттым, Машайакка ээ болуу үчүн... баарын таштанды деп эсептейм»,— деп айткан сөздөрүнө ортоктош (Филипиликтерге 3:8, 11). Дайыма Кудай жактырган нерселерди кылуу үчүн, Пабыл маанилүү эмес нерселерден баш тартууга кубанычта болгон.

5. Пабыл жарыштын кандай түрүнө ийгиликтүү катышкан жана биз да канткенде ошенте алабыз?

5 Пабыл рухий жарышта өзүн өзү башкара билген, ошондуктан акырында: «Мен жакшы күрөштүм, жарыштын аягына чыктым, ишенимди сактадым. Азыр болсо мага адилеттиктин таажысы даярдалып жатат. Адилет Сот — Теңир аны мага ошол Күнү берет, мага эле эмес, Анын келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн баарына берет»,— деп айта алган (2 Тиметейге 4:7, 8). Кайсы бир күнү биз да ушинтип айта алабызбы? Эгерде жарышта токтоп калбай, акырына чейин чуркап, ишеним менен өзүбүздү башкара билсек, сөзсүз айта алабыз.

Жакшы иш кылуу үчүн өзүн өзү башкара билүү зарыл

6. Өзүн өзү башкара билүү деген эмне жана ал сапатты кандай эки жол менен көрсөтүшүбүз керек?

6 Ыйык Китепте «өзүн өзү башкара билүү» деп которулган эврей жана грек сөздөрү түзмө-түз адамдын өзүн өзү башкара аларын же бийлей аларын туюнтат. Ал сөздөр көп учурда жаман иш кылуудан карманууну билдирет. Бирок жакшы иштерди кылуу үчүн да өзүн өзү башкара билүү талап кылынары айкын. Жеткилеңсиз адамдардын табияты кыянат иштерди кылууга жакын, ошондуктан эки багыттуу күрөш жүргүзүшүбүз зарыл (Насаатчы 7:29; 8:11). Жаман иштерден оолак болуу менен бирге, биз өзүбүздү жакшы иштерди кылууга мажбурлашыбыз керек. Жакшы иштерди кылуу максатында денебизди башкара билүү жаман иш кылуудан качуунун эң жакшы жолу болуп саналат.

7. а) Дөөткө окшоп, эмне сурап тиленишибиз керек? б) Эмне тууралуу ой жүгүртүү өзүбүздү көбүрөөк башкара билүүгө жардам берет?

7 Кудайга арналуубузга ылайык жашоо үчүн, өзүбүздү башкара билгенибиз абдан зарыл. Дөөткө окшоп, биз: «Кудайым, мага таза жүрөк жарат, ичимдеги адилеттүү рухту жаңырт»,— деп тиленишибиз керек (Забур 50:12). Биз адеп-ахлаксыз жана денсоолугубузга зыян нерселерден качуунун пайдалары тууралуу ой жүгүртсөк болот. Андай нерселерден оолак болбоо кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин ойлоп көрсөңөр: денсоолукка байланыштуу олуттуу көйгөйлөр, бузулган мамилелер, жадагалса, мезгилсиз өлүм. Эми Жахаба көрсөткөн өмүр жолу менен жүрүү канчалык пайдалуу экени жөнүндө ойлонуп көргүлө. Бирок өзүбүзгө реалдуу карап, жүрөгүбүздүн анткор экенин унутпашыбыз керек (Жеремия 17:9). Жүрөгүбүз Жахабанын нормаларына кармануунун олуттуулугун төмөндөтүүгө аракеттенгенде, буга чечкиндүү түрдө каршы турушубуз кажет.

8. Тажрыйбабыз эмнени көрсөтүп турат? Мисал менен түшүндүргүлө.

8 Кежир денебиз, адатта, даярдуулук рухубузду өчүрүүгө аракет кыларын көбүбүз өз тажрыйбабыздан билебиз. Мисалга Падышалык жөнүндө кабар айтууну алалы. Өмүр куткарарлык бул ишке адамдардын даярдуулук менен катышуусу Жахабага кубаныч алып келет (Забур 109:3; Матай 24:14). Башкаларга кабар айтууга үйрөнүү басымдуу көпчүлүгүбүз үчүн оңойго турган эмес. Кабар айтуу үчүн денебизди башкарууга, жеңилине качырбастан аны «зордоп кулга айландырууга» туура келген, азыр да ошентүүгө туура келиши мүмкүн (1 Корунттуктарга 9:16, 27; 1 Тесалоникалыктарга 2:2).

«Бардык жагынан» деген эмнени билдирет?

9, 10. «Бардык жагынан» өзүн өзү башкара билүүгө дагы эмнелер кирет?

9 Ыйык Китептеги «бардык жагынан» өзүн өзү башкара билүү жөнүндөгү кеңеш кулк-мүнөзүбүздү башкара билүүнү жана адеп-ахлаксыз жүрүм-турумдан качууну эле билдирбейт. Бул жактардан өзүбүздү башкара алсак, анда буга чынында кубансак болот. Ал эми жашообуздун өзүн өзү башкара билүүнүн зарылдыгы анчалык айкын болбогон башка тармактары жөнүндө эмне десек болот? Маселен, кимдир бирөөбүз жашоо деңгээли жогору, салыштырмалуу бай өлкөдө жашайт деп коёлу. Анын артыкбаш чыгым болбоого үйрөнгөнү акылдуулукка жатмак эмеспи? Ата-эне балдарын көзгө көрүнгөндүн баарын дүкөндө бар болгондуктан, жагымдуу көрүнгөндүктөн же акчасы жеткендиктен эле сатып ала бербөөгө үйрөткөнү абзел. Албетте, мындай насаат натыйжалуу болсун үчүн, ата-энелер өздөрү туура үлгү көрсөтүшү керек (Лука 10:38—42).

10 Анча зарыл эмес нерселерсиз жашоого үйрөнүү эркибизди бекемдейт. Бул колубузда бар нерсеге көбүрөөк ыраазы болууга жана зарыл нерселерге аргасыздан жетпей жүргөн адамдарга көбүрөөк боор ооруй билүүгө өбөлгө түзөт. Албетте, мындай жөнөкөй жашоо «Өзүңдү ыраазы кыл!» же «Сен эң мыктысына татыйсың!» деген кеңири тараган ураандарга карама-каршы келет. Дүйнөнүн жарнама индустриясы заматта ырахат алууга үндөйт, бирок ал өзүнүн коммерциялык пайдасын көздөгөндүктөн ошентет. Мындай жагдай өзүбүздү башкара билүүгө жасаган аракеттерибизге жолтоо болушу мүмкүн. Европанын бай өлкөлөрүнүн биринде чыккан бир журналда жакында эле: «Эгерде катуу жакырчылыктан азап тартып жашагандарга туура эмес каалоолорун ооздуктоо үчүн күрөшүүгө туура келип жатса, анда майкөл, сүткөл өлкөлөрдө жашагандар бул жагынан ого бетер күрөшүшү керек эмеспи!» — деп белгиленген.

11. Анча зарыл эмес нерселерсиз жашоого үйрөнүү эмне үчүн пайдалуу, бирок ага эмне тоскоол болот?

11 Каалоолорубуз менен чыныгы муктаждыктарыбызды айырмалай билүү кыйын болуп жатса, анда жоопкерчиликсиздик менен иш жүргүзүп жатпаганыбызга ынануу үчүн белгилүү бир кадамдарды жасаганыбыз дурус. Мисалы, эсеп-чотсуз чыгым болууга каршы күрөшүүнү кааласак, карызга эч нерсе албоого чечкиндүү болгонубуз же дүкөнгө чектелүү суммадагы акча менен гана барганыбыз абзел. Пабылдын: «Такыбаа болуу жана ыраазы болуу — бул улуу байлык»,— деп айтканын эстесеңер. Ал минтип ой калчаган: «Биз бул дүйнөгө эч нерсе алып келген жокпуз, эч нерсе алып кетпестигибиз да белгилүү. Кийгенге кийимибиз, ичкенге тамагыбыз болсо, ошого ыраазы бололу» (1 Тиметейге 6:6—8). Биз ыраазыбызбы? Керт башыбыздын кызыкчылыктарын көздөөнүн артыкбаш жүгүнөн эркин болуп, жөнөкөй жашоо өткөрүүгө үйрөнүү эркибиздин күчтүү болушун жана өзүбүздү башкара билишибизди талап кылат. Мунун акыбети кайтпай койбойт.

12, 13. а) Эмне үчүн жолугушууларыбызда өзүбүздү башкара билгенибиз зарыл? б) Өзүбүздү дагы кайсы жактардан башкара билишибиз керек?

12 Жыйналыш жолугушууларына, жыйындарга катышууда да өзүн өзү башкара билүү зарыл. Мисалы, ал сапат программанын учурунда ойлорубуздун чаржайыт болушуна жол бербейт (Накыл сөздөр 1:5). Сүйлөп чыккан биртууганды кунт коюп уккандын ордуна коңшу отургандар менен шыбырашып башкаларды алаксытпаш үчүн, бизден өзүбүздү башкара билүү талап кылынышы мүмкүн. Ошондой эле күнтартибибизди жолугушууга өз убагында келе алгыдай кылып түзүү үчүн да бизге өзүн өзү башкара билүү зарыл. Андан тышкары, жолугушууларга активдүү катышуу үчүн жакшылап даярданууга убакыт бөлүү бизден өзүн өзү башкара билүүнү талап кылат.

13 Майда иштерде өзүбүздү башкара билгенибиз бул сапатты маанилүүрөөк иштерде да чагылдыра алышыбызга шарт түзөт (Лука 16:10). Андыктан өзүбүздү Кудайдын Сөзүн жана ыйык китептик адабияттарды дайыма окууга, аларды изилдөөгө жана үйрөнгөндөрүбүздүн үстүнөн ой жүгүртүүгө көнүктүргөнүбүз кандай жакшы! Ошондой эле ылайыксыз жумушту, туура эмес достук мамилелерди, көзкараштарды, адаттарыбызды четке кагууга жана Кудайга кызмат кылууга бөлгөн баалуу убактыбызды уурдай турган иштерге «жок» деп айтууга үйрөнгөнүбүз кандай гана акылмандуулукка жатат! Жахабага кызмат кылуу менен алек болгонубуз бизди анын бүткүл дүйнөлүк жыйналышындагы рухий бейиштен алыстатчу нерселерден коргойт.

Өзүн өзү башкара билүү аркылуу жетил

14. а) Балдарды кантип өздөрүн башкара билүүгө үйрөтүү керек? б) Балдарды бул сапатты чагылдырууга кичинекейинен үйрөтүүнүн кандай пайдасы бар?

14 Жаңы төрөлгөн бала өзүн өзү башкара билүүгө жөндөмсүз. Балдардын жүрүм-турумун изилдеген адистер бир китепчеде: «Өзүн өзү башкара билүү өзүнөн өзү эле же кокустан пайда боло калбайт. Ымыркайлар менен наристелер өздөрүн башкара билүүгө үйрөнүүдө ата-энесинин жетегине жана колдоосуна муктаж... Балада ал жөндөм ата-энесинин жардамы менен мектеп жашында өсүп-өрчүйт»,— деп түшүндүрүшкөн. Төрт жашар балдарды изилдөөнүн натыйжасында кайсы бир деңгээлде өзүн өзү башкара билүүгө үйрөтүлгөндөрдүн «адатта, тил табыша билген, теңтуштарынын арасында таанылуу, демилгелүү, ишеничтүү өспүрүмдөрдөн болуп чыгары» аныкталган. Ал эми ал сапатты өздөштүрбөгөн балдар «жалгыздыкка, көңүл кайттылыкка оңой алдырып, кежир келишкен. Алар кысымга туруштук бере албай, кыйынчылыктардан коркуп кетенчиктөөгө жакын болушкан». Ооба, тең салмактуу болуп чоңоюшу үчүн, баланын өзүн өзү башкара билүү сапатын өздөштүргөнү абзел.

15. Өзүн өзү башкара билбегенибиз эмнени көрсөтөт, ал эми Ыйык Китеп бизди кандай максатка жетүүгө чакырат?

15 Ошо сыяктуу эле, Ыйсанын жетилген жолдоочуларынан болуу үчүн, биз өзүбүздү башкара билүүгө үйрөнүшүбүз керек. Өзүбүздү башкара албаганыбыз рухий жактан дагы деле жаш баладай экенибизди көрсөтөт. Ыйык Китеп бизди: «Акылыңар жетик болсун»,— деп үндөйт (1 Корунттуктарга 14:20). Биздин максат — «ишенимибизди жана Кудай Уулун таанып билүүбүздү бирдей деңгээлге» жеткирүү жана «жеткилең Адам — Машайактын деңгээлине жетүү». Эмне үчүн? «Адамдык амалкөйлүк жана ар кандай азгыруу ыкмасы менен адаштырган ар кандай окутуулардын шамалына айдалган, олку-солку болгон жаш балдардай болбошубуз» үчүн (Эфестиктерге 4:11, 12, 14). Өзүбүздү башкара билүүгө үйрөнгөнүбүз рухийлигибиз үчүн абдан маанилүү роль ойноору анык.

Өзүн өзү башкара билүү сапатын өрчүтүү

16. Жахаба бизге кантип жардам берет?

16 Өзүбүздү башкара билүү сапатын өрчүтүү үчүн, биз Кудайдын жардамына муктажбыз. Бизде андай жардам бар. Туптунук күзгү сыяктуу болгон Кудайдын Сөзүндө кайсы жактардан өзгөрүшүбүз керектиги көрсөтүлөт жана кантип өзгөрө аларыбызга карата кеңештер берилет (Жакып 1:22—25). Сүйүүсү артып турган биртуугандык да бизге жардам көрсөтүүгө даяр. Жыйналыш аксакалдары түшүнүктүүлүк менен жекече көмөк көрсөтүшөт. Жахаба өзү ыйык рухун сурап тиленгендерге аны марттык менен берет (Лука 11:13; Римдиктерге 8:26). Андыктан, келгиле, ушундай жолдор менен көрсөтүлгөн жардамды кубаныч менен колдоно билели. Өзүн өзү башкара билүүгө карата жогоруда да пайдалуу кеңештер берилди.

17. Накыл сөздөр 24:16да эмнеге үндөлөбүз?

17 Жахабанын ага жагуу үчүн жасаган аракеттерибизди баалаарын билүү кандай жубатарлык! Бул өзүбүздү көбүрөөк башкара билүүгө умтула беришибизге түрткү берет. Канча жолу мүдүрүлбөйлү, аракет кылууну эч качан токтотпошубуз керек. «Адил адам жети жолу жыгылат, бирок кайра турат» (Накыл сөздөр 24:16). Жеңишке жетишкен сайын, бизде өзүбүзгө канагаттанууга себеп болот. Ошондой эле Жахабанын жактыруусуна да ээ болорубузга шектенбесек болот. Бир Күбө жашоосун Жахабага арнаганга чейин тамеки тартуудан карманууга аракет кылып жүргөнүн айтат. Ал бир жума чылым чекпей жүрө алганда, өзүн өзү башкара билүүнүн жардамы менен үнөмдөп калган акчасына өзүнө белек кылып бир пайдалуу нерсе сатып алчу экен.

18. а) Өзүбүздү башкара билүү үчүн жүргүзгөн күрөшүбүзгө эмненин катышы бар? б) Жахаба бизди эмнеге ынандырат?

18 Баарынан мурда, өзүн өзү башкара билүүгө акылыбыз менен сезимдерибиздин катышы бар экенин унутпашыбыз кажет. Муну Ыйсанын: «Аял кишиге кумарлануу менен караган адам өз жүрөгүндө ойноштук кылган болот»,— деген сөздөрү көрсөтүп турат (Матай 5:28; Жакып 1:14, 15). Ой-акылы менен сезимдерин башкара билген адамга бүт денесин башкаруу жеңилирээк болот. Андыктан жамандык кылуудан эле эмес, ал жөнүндө ойлонуудан да качууга чечкиндүү бололу. Туура эмес ойлор келгенде, аларды ошол замат четке кагалы. Тиленүүдө болуп, көзүбүздү Ыйсадан албай, азгырыктардан кача алабыз (1 Тиметейге 6:11; 2 Тиметейге 2:22; Эврейлерге 4:15, 16). Бул жагынан мындан ары да бүт күч-аракетибизди жумшоо менен Забур 54:23төгү: «Өз түйшүктөрүңдү Теңирге тапшыр, ошондо Ал сени колдойт. Ал адилеттүү адамдын олку-солку болуусуна эч качан жол бербейт»,— деген кеңешке ылайык иш кылабыз.

Эсиңердеби?

• Кайсы эки жол менен өзүбүздү башкара билишибиз керек?

• Өзүбүздү «бардык жагынан» башкара билүү деген эмнени билдирет?

• Бул изилдөөнүн учурунда өзүн өзү башкара билүүгө карата берилген кайсы кеңештерге өзгөчө көңүл бурдуңар?

• Өзүн өзү башкара билүү эмнеден башталат?

[Изилдөө суроолору]

[17–беттеги кутуча]

Өзүңдү дагы жакшыраак башкара билүү үчүн...

• Ал сапатты майда иштерде да өрчүт.

• Анын азыркы жана келечектеги пайдалары тууралуу ой жүгүрт.

• Кудай тыюу салган нерселерден качып, ал кубаттаган нерселерге умтул.

• Туура эмес ойлор келер замат, аларды четке как.

• Акылыңды рухий жактан бекемдээрлик ойлор менен толтур.

• Рухий жетилген биртуугандарыңдын жардамын кабыл ал.

• Азгырыктуу жагдайлардан кач.

• Азгырыкка кабылганыңда Кудайдан жардам сурап тилен.

[15-беттеги сүрөт]

Өзүн өзү башкара билүү жакшы иштерди кылууга түрткү берет.