Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Башкаларга Падышалык тууралуу кабарды кабыл алууга жардам бер

Башкаларга Падышалык тууралуу кабарды кабыл алууга жардам бер

Башкаларга Падышалык тууралуу кабарды кабыл алууга жардам бер

«Агрипа Пабылга: „бир аз убакыттан кийин сен мени машайакчы болууга көндүргүң бар го!“ — деди» (Элчилер 26:28).

1, 2. Элчи Пабыл падыша Ирод Агрипа II менен өкүмдар Фесттин алдына эмне себептен алынып келинген?

ПАДЫША Ирод Агрипа II карындашы Бернике менен б.з. 58-жылы Кейсареядагы Рим өкүмдары Поркий Фестке келишкен. Өкүмдар Фесттин чакыруусу боюнча алар «салтанат менен келип, миң башылар жана шаардын атактуу адамдары менен сот залына киришкен». Фесттин буйругу менен алардын алдына Ыйсаны жолдогон элчи Пабылды алып келишкен. Ыйса Машайактын бул жолдоочусу эмне себептен өкүмдар Фесттин сот тагынын алдына алынып келинген? (Элчилер 25:13—23).

2 Бул суроого Фесттин өз конокторуна айткан сөздөрү жооп берет. Ал мындай деген: «Агрипа падыша жана биз менен чогуу ушул жерде тургандар! Силер көрүп турган ушул адамга көптөгөн жүйүттөр каршы экен. Иерусалимге барганымда да, ушул жерде да алар мага келишип, анын өлүшүн талап кылып кыйкырышты. Бирок мен андан өлүм жазасына тарткыдай нерсе тапкан жокмун. Августтун алдында соттолууну талап кылгандыктан, мен аны ага жөнөтүүнү чечтим. Падышага ал жөнүндө жаза турган негиздүү эч бир нерсем жок. Ошондуктан тергөөнүн акырында жазганга бир нерсе болсун деген ой менен аны силердин алдыңарга, айрыкча, Агрипа падыша, сенин алдыңа алып келдим. Анткени туткунду айыбын көрсөтпөй туруп падышага жиберүү мен үчүн акылга сыйбаган иш» (Элчилер 25:24—27).

3. Эмне үчүн диний жетекчилер Пабылга ар кандай айыптарды коюшкан?

3 Фесттин сөздөрү көрсөтүп тургандай, Пабылга козголоң чыгарып жатат деген сыяктуу жалган айыптар коюлган. Козголоң чыгаруу өлүм жазасына алып барган кылмыш катары эсептелчү (Элчилер 25:11). Бирок Пабылдын эч кандай айыбы жок эле. Жөнү жок айыптарды ага Иерусалимдеги диний жетекчилер көрө албастыктан коюшкан. Алар Пабылдын Падышалыктын жарчысы катары аткарган ишине каршы чыгып, анын башкаларга Ыйса Машайактын жолдоочуларынан болууга жардам берип жатканын жактырышкан эмес. Пабылды Иерусалимден куралданган сакчылардын коштоосу менен порттуу шаар Кейсареяга алып келишкенде, ал кесардын сотун талап кылат. Ал жерден аны Римге алып кетишет.

4. Агриппа падыша эмне деп айткан?

4 Пабылдын өкүмдардын ак сарайында топ адамдын, анын ичинде Рим империясынын маанилүү бөлүгүн бийлеген башкаруучунун алдында турганын элестетсең. Агрипа падыша Пабылга кайрылып: «Өзүңдү коргоп сүйлөөгө уруксат берилет»,— дейт. Пабыл сүйлөп жатканда таң калыштуу нерсе болот. Пабылдын сөздөрү падышага таасир бере баштайт. Ошо себептен Агрипа падыша: «Бир аз убакыттан кийин сен мени машайакчы болууга көндүргүң бар го!» — деп айтат (Элчилер 26:1—28).

5. Пабылдын Агрипага айткан сөздөрү эмне үчүн абдан натыйжалуу болгон?

5 Ойлоп көрсөң, Пабылдын ийгиликтүү коргонгонунун натыйжасында Кудай Сөзүнүн күчү башкаруучуга таасир эткен (Эврейлерге 4:12). Пабылдын коргонуусу эмнеси менен натыйжалуу болгон? Ошондой эле бул жагынан Пабылдан шакирт даярдоо ишибизде жардам болорлук эмнеге үйрөнө алабыз? Анын өзүн коргоп айткандагы сөздөрүн талдап көрүү менен эки нерсени айкын көрүүгө болот: 1) Пабылдын сүйлөгөн сөздөрү ынандырарлык болгон. 2) Уста шайманды эптүү колдоно билгендей, Пабыл Кудайдын Сөзүнөн алган билимин чебердик менен колдонгон.

Ынандыруу чеберчилигин колдон

6, 7. а) «Ынандыруу» деген сөз Ыйык Китепте кандай мааниде колдонулган? б) Башкаларга ыйык китептик окууну кабыл алууга жардам берүүдө ынандыруу кандай роль ойнойт?

6 Элчилер китебинде ынандырууга байланышкан грек сөздөрү бир канча жолу Пабылдын кабар айтуусуна карата колдонулат. Биздин шакирт даярдоо ишибизде ынандыруу деген кандай мааниге ээ?

7 Вайндын «Жаңы Келишимдеги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгүнө» ылайык, Грек Жазмалары жазылган тилде «ынандыруу» деген сөз «өзүнө тартуу» же «далилдердин же моралдык ой жүгүртүүнүн жардамы менен башкалардын ой-пикирин өзгөртүү» дегенди билдирет («Expository Dictionary of New Testament Words»). Ал сөздүн негизги маанисин изилдөө дагы көбүрөөк түшүнүк берет. Ал ишеним көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Андыктан, эгер адамды ыйык китептик окууну кабыл алууга ынандырсаң, анда анын ишенимине ээ болуп, ошол окуунун чындыгына көзү жетишине шарт түзөсүң. Албетте, адамдын ишенип, ошого жараша иш кылышы үчүн, ага Ыйык Китепте эмне жазылганын айтып берип коюу эле жетишсиз. Маектешиң кичинекей бала болобу, коңшуңбу, чогуу иштеген адамыңбы, классташың же тууганыңбы, ал сенин айткандарыңдын чын экенине ынанышы керек (2 Тиметейге 3:14, 15).

8. Адамды ыйык китептик чындыкка ынандыруу өзүнүн ичине эмнелерди камтыйт?

8 Кудай Сөзүнөн айтып жаткандарыңдын чын экенине адамды кантип ишендире аласың? Пабыл маектештеринин көзкарашын логикалык ой жүгүртүүнүн, жүйөлүү далилдердин жана олуттуу чакырыктардын жардамы менен өзгөртүүгө умтулган *. Ошондуктан, бир нерсенин чын экенин жөн эле айтып койбостон, аны ишендирерлик далилдер менен ырастоо зарыл. Кантип? Айткан сөздөрүңдүн жеке ой-пикириңе эмес, түздөн-түз Кудайдын Сөзүнө негизделерине көзүң жеткидей болсун. Ошондой эле Ыйык Жазманын негизинде чын ыкластан айткан ырастооңду бышыктоо үчүн, кошумча далилдерди колдон (Накыл сөздөр 16:23, «ЖД»). Мисалы, эгерде тил алчаак адамдардын жер бетиндеги бейиште жашаарын айтсаң, аны Лука 23:43 же Ышайа 65:21—25 сыяктуу аяттар менен бышыкта. Ыйык Китептен келтирилген ойду кантип бекемдөөгө болот? Ан үчүн маектешиңе тааныш болгон мисалдарды колдон. Мисалы, жөнөкөй эле нерселерден: күн батып бараткандагы кооздуктан, гүлдүн аңкыган жытынан, мөмөнүн жагымдуу даамынан же чымчыктын өз балапандарын азыктандырып жатканын көрүүдөн бепбекер ырахаттануу аларыбызды айтып, мунун баары Жаратканыбыздын биздин жерде жашаарыбызды каалаарына далил экенин түшүнүүгө жардам береттирсиң (Насаатчы 3:11, 12).

9. Кабар айтуу ишибизде кантип эстүүлүк көрсөтө алабыз?

9 Адамды белгилүү бир ыйык китептик окууну кабыл алууга ынандырууга аракеттенгенде, шыктанууңдан улам өз дегенин бербеген адамдай болуп көрүнүүдөн жана муну менен маектешиңдин кызыгуусун өчүрүп алуудан сак бол. «Кызмат мектеби» китебинде мындай эскертүү берилет: «Кантип туура иш кылышты түз эле айтып, башка адамдын кан-жанына сиңген ишенимдерин абдан көп ыйык китептик аяттар менен далилдеп жалганга чыгарган күндө да, жакшы натыйжага чанда гана жетүүгө болот. Мисалы, кандайдыр бир майрамды бутпарастык ишенимдерге негизделгени үчүн белгилөө туура эмес деп түз эле айтып салуу кимдир бирөөгө көзкарашын өзгөртүүгө түрткү берери шектүү. Эстүүлүк көрсөтүп, көбүрөөк ийгиликке жетүүгө болот». Эмне үчүн эстүү болууга умтулушубуз керек? Китепте: «Ой жүгүртүүгө түрткү берүү, адамды сөзгө тартуу жана андан аркы ой жүгүртүүсүнө негиз салуу кийинки маектешүүлөргө жол ачат. Бул ишендирерлик түрдө сүйлөөгө мүмкүндүк берет»,— деп айтылат (Колостуктарга 4:6).

Жүрөк козгогон ынандыруу

10. Пабыл Агрипанын алдындагы коргонуу сөзүн кантип баштаган?

10 Эми Элчилер китебинин 26-бабынан Пабылдын өзүн коргогондо айткан сөздөрүн кылдат талдап көрөлү. Анын кантип сөз баштаганына көңүл бурсаң. Ток этер жерин айтардын алдында, Пабыл Агрипа падышанын өз карындашы Бернике менен жосунсуз мамиледе болгонуна карабастан аны мактоого орчундуу негиз тапкан. Пабыл мындай деген: «Агрипа падыша! Жүйүттөрдүн мага койгон айыптарына каршы бүгүн сенин алдыңда коргоно ала турганым үчүн, өзүмдү бактылуу эсептеймин. Анткени сен жүйүттөрдүн бардык каада-салттарын жана талаш суроолорун билесиң. Ошондуктан мага чыдамкайлык менен кулак салууңду өтүнөмүн» (Элчилер 26:2, 3).

11. Пабылдын Агрипага айткан сөздөрү кандайча анын падышаны урматтаганын көрсөткөн жана бул кандай жакшы натыйжага алып келген?

11 Пабылдын Агрипага «падыша» деп кайрылып, анын жогорку абалын сыйлаганын байкадыңбы? Ошентип жана сөздөрдү акылмандык менен тандап колдонуп, Пабыл Агрипаны урматтаганын көрсөткөн (1 Петир 2:17). Ал Агрипаны жүйүттөрдүн татаал каада-салттарын жана мыйзамдарын жакшы билген адам катары көрөрүн билгизип, көп нерседен кабардар мындай адамдын алдында коргонууга мүмкүнчүлүк берилип жатканы үчүн өзүн бактылуу сезерин айткан. Ыйсаны жолдогон Пабыл мамилеси менен өзүн Ыйсанын жолдоочусу болбогон Агрипадан жогору кылып көрсөткөн эмес (Филипиликтерге 2:3). Тескерисинче, падышадан ага чыдамкайлык менен кулак салышын өтүнгөн. Ошентип, Пабыл Агрипа менен башка угуучуларды анын айта турган нерселерин кабыл алууга көбүрөөк көңүлдөнткүдөй атмосфера түзгөн. Өзүнүн далилдерин келтирерден мурун ал адегенде буга жалпы негиз түзгөн.

12. Падышалык жөнүндө кабар айтууда адамдардын жүрөгүн кантип козгой алабыз?

12 Агрипанын алдында сүйлөгөн Пабылга окшоп, Падышалык жөнүндө кабар айтканда сөзүбүздүн башынан аягына чейин адамдардын жүрөгүн козгоого аракет кылалы. Ан үчүн башкаларга чын жүрөктөн урмат көрсөтүп, алардын маданиятына жана ой жүгүртүүсүнө чын дилден кызыгышыбыз зарыл (1 Корунттуктарга 9:20—23).

Кудай Сөзүн чебердик менен колдон

13. Сен адамдарга кантип Пабылга окшоп түрткү бере аласың?

13 Пабыл угуучуларына жакшы кабарга ылайык иш кылууга түрткү берүүнү каалаган (1 Тесалоникалыктарга 1:5—7). Бул үчүн элчи алардын каймана жүрөгүн, ой-түрткүнүн борборун, козгоого аракет кылган. Анын Агрипанын алдындагы коргонуу сөзүнө кайрадан токтолуп, Мусанын жана башка пайгамбарлардын айткандарына кайрылуу менен Кудай сөзүн кантип туура колдонгонун байкасаң (2 Тиметейге 2:15).

14. Пабыл Агрипанын алдында ынандыруу чеберчилигин кантип колдонгонун айтып бер.

14 Пабыл Агрипанын өзүн жүйүттөрдүн динин туткан адам катары эсептээрин билген. Ошондуктан Агрипанын иудаизм жөнүндөгү билимине таянып, Пабыл Машайактын өлүмү менен тирилүүсү тууралуу «Муса пайгамбардын жана башка пайгамбарлардын айткандарын гана» айтып жүргөнүн билдирген (Элчилер 26:22, 23). Агрипага кайрылып, ал: «Агрипа падыша, сен пайгамбарларга ишенесиңби?» — деп сураган. Агрипа эмне деп жооп беришти билбей калган. Анткени, эгерде пайгамбарларга ишенбейм десе, анда жүйүттөрдүн динин тутарын танып, алардын арасындагы беделин түшүрүп алмак. А эгерде Пабылдын ой жүгүртүүсүн туура тапканын көрсөтсө, анда башкалардын алдында элчиге ортоктош болуп, Ыйсанын жолдоочусу деп аталып калуу коркунучуна кабылмак. Пабыл акылмандык көрсөтүп, өзүнүн суроосуна өзү жооп берип: «Ишенериңди билем»,— деген. Агрипанын жүрөгү ага эмне деп айтууга түрткү берген? Ал: «Бир аз убакыттан кийин сен мени машайакчы болууга көндүргүң бар го!» — деп айткан (Элчилер 26:27, 28). Агрипа Ыйсанын жолун жолдоп кетпесе да, Пабылдын кандайдыр бир деңгээлде анын жүрөгүн козгогону анык (Эврейлерге 4:12).

15. Тесалоникадагы жыйналышты негиздөөгө Пабылга эмне жардам берген?

15 Пабылдын жакшы кабарды айтып эле койбостон, ынандыруу чеберчилигин да колдонгонун байкадыңбы? Пабыл ал чеберчиликти Кудайдын сөзүн туура колдонуу менен пайдалангандыктан, аны уккандардын ичинен кээ бирөөлөр угуучу бойдон эле калбастан, анын айткандарына ишенип, чындыкты кабыл алышкан. Мисалы, Пабыл Тесалоникадагы синагогадан ошондой жүйүттөрдү жана Кудайдан корккон бутпарастарды издеп тапкан. Элчилер 17:2—4-аяттарда: «Пабыл адаттагысындай эле алардын ийбадатканасына кирип, үч ишемби катары менен аларды Ыйык Жазуунун негизинде окуткан. Машайактын азап чегип өлүп, кайра тирилүүсү керек болгондугун аларга түшүндүрүп, далилдеген... Ошондо алардын ичинен кээ бирлери Ыйсага ишенип [калышкан]»,— деп айтылат. Пабыл ынандырарлык сүйлөгөн. Ал талкуулашкан, түшүндүргөн жана Ыйсанын адамдар көптөн бери күтүп келген Машайак экенин Ыйык Жазма аркылуу далилдеген. Бул эмнеге алып келген? Ал жерде Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделген.

16. Падышалык жөнүндө кабар айтуудан

16 Кудайдын Сөзүн түшүндүргөндө ынандыруу чеберчилигин дагы жакшыраак колдоно аласыңбы? Бул кабар айтуу жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндө окутуу ишинен дагы көбүрөөк кубаныч жана ырахат табууңа шарт түзөт. Муну жакшы кабар таратууда Ыйык Китепти көбүрөөк колдонууга карата берилген кеңештерди кабыл алган жарчылардын тажрыйбасы көрсөтүп турат.

канткенде көбүрөөк кубаныч таба аласың?

17. Кызматыбызда Ыйык Китепти колдонуу канчалык пайдалуу экенин көрсөтүү үчүн, жеке тажрыйбаң менен бөлүш же абзацта келтирилген мисалдын маңызын айтып бер.

17 Маселен, Жахабанын Күбөлөрүнүн бир кыдыруучу көзөмөлчүсү мындай деп жазган: «Үймө-үй кабар айтканда азыр көп эле биртуугандар Ыйык Китепти колдоруна кармап жүрүшөт. Бул жарчыларга кабарда жолуккан адамдардын көпчүлүгүнө Ыйык Жазмадан аяттарды окуп берүүгө жардам берүүдө. Мунун натыйжасында үй ээси да, жарчы да кызматыбызды журнал-китептер менен эле эмес, Ыйык Жазма менен байланыштырышат». Кабар айтууда Ыйык Китепти башкалар көргүдөй кылып алып жүрөбүзбү, жокпу, бул ар кандай факторлордон, анын ичинде жергиликтүү салттардан көзкаранды. Ошентсе да, башкаларды Падышалык тууралуу кабарды кабыл алууга ынандыруу үчүн, биз Кудайдын Сөзүн чебер колдонгон кызматчылар катары таанылгыбыз келет.

Кызматка Кудайдын көзкарашы менен кара

18, 19. а) Кудай кызматыбызга кандай карайт жана эмне үчүн биз анын көзкарашына ээ болушубуз керек? б) Кайра жолугууну ийгиликтүү кылууга эмне жардам берет? (Төмөндөгү «Кайра жолугууну ийгиликтүү кылуунун жолдору» деген кутучаны кара.)

18 Адамдардын жүрөгүн козгоонун дагы бир жолу — кызматка Кудайдын көзкарашы менен кароо жана чыдамкай болуу. Кудай бардык адамдардын «чындыкты таанып билишин каалайт» (1 Тиметейге 2:3, 4). Биздин да каалообуз ошондой эмеспи? Ошондой эле Жахаба чыдамкай жана анын чыдамкайлыгы көптөгөн адамдарга өкүнүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө (2 Петир 3:9). Андыктан Падышалык жөнүндөгү кабарды угууга көңүлү бар адамды жолуктурганыбызда, анын кызыгуусун өрчүтүү үчүн ага кайра-кайра келүү зарыл болушу мүмкүн. Чындыктын уругунун өсүп чыкканын көрүү үчүн, убакыт жана чыдамкайлык талап кылынат (1 Корунттуктарга 3:6). Мындай кызыгууну өстүрүүгө карата «Кайра жолугууну ийгиликтүү кылуунун жолдору» деген кутучада жакшы кеңештер берилди. Адамдардын жашоосу, көйгөйлөрү жана жагдай-шарттары дайыма өзгөрүп турарын эстен чыгарба. Аларды үйлөрүнөн табуу үчүн көп аракет кылуу талап кылынышы мүмкүн, бирок мунун акыбети кайтпай койбойт. Биз адамдарга Кудайдын куткаруу жөнүндөгү кабарын угууга мүмкүнчүлүк берүүнү каалайбыз. Ошондуктан башкаларга Падышалык тууралуу кабарды кабыл алууга жардам берүү ишинде ынандыруу чеберчилигиңди өрчүтүүгө акылмандык беришин сурап, Жахаба Кудайга тилен.

19 Падышалык жөнүндөгү кабарды угууну каалаган адам табылганда, Ыйсаны жолдогон кызматчылар катары дагы эмне кылсак болот? Бул тууралуу эмки макаладан биле алабыз.

[Шилтемелер]

^ 8-абз. Ынандыра билүүгө байланыштуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» китебинен 48- жана 49-сабактарды кара.

Эсиңдеби?

• Пабылдын Агрипа падышанын алдындагы коргонуу сөзү эмнеден улам натыйжалуу болгон?

• Канткенде кабарыбыз адамдын жүрөгүн козгойт?

• Башкалардын жүрөгүнө таасир этүү максатында Кудай Сөзүн натыйжалуу колдонууга бизге эмне жардам берет?

• Кантип кызматыбызга Кудайдын көзкарашы менен карай алабыз?

Жахабага тиленип, кызыгууну өрчүтүшүн сура.

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги кутуча]

Кайра жолугууну ийгиликтүү кылуунун жолдору

• Адамга чын жүрөктөн кызыгуу көрсөт.

• Ыйык Китептен анын көңүлүн тартарлык тематандап ал.

• Маектешүүнүн соңунда кийинки жолугууганегиз сал.

• Ал адам жөнүндө андан кеткенден кийин да ойлон.

• Кызыгууну өрчүтүү үчүн, тезирээк кайрылып кел (болжолу, эки-үч күндөн кийин).

• Максатың ыйык китептик изилдөө баштоо экенин унутпа.

[15-беттеги сүрөт]

Пабыл башкаруучу Фест менен Агрипа падышанын алдында ынандырарлык сүйлөгөн.