Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Сөзүн туура жеткир

Кудайдын Сөзүн туура жеткир

Кудайдын Сөзүн туура жеткир

«Кудайдын алдында сыноодон өткөн, уятка калбаган, чындык сөзүн туура жеткирген кызматчы болууга аракеттенгин» (2 Тиметейге 2:15).

1, 2. а) Эмне үчүн устага шайман керек? б) Ыйсанын жолдоочулары кайсы ишти аткарышат жана баарынан мурда Падышалыкты издешерин кантип көрсөтүшөт?

ШАЙМАНСЫЗ уста иш кыла албайт. Бирок тек гана кайсы бир аспапка ээ болуу жетиштүү эмес. Устага ылайыктуу шайман керек жана аны колдоно билиши зарыл. Мисалы, бастырма курууда эки тактайды бириктириш үчүн, колуңда балка менен мыктын болгонунан сырткары, мыкты кыйшайтпай какканды да билишиң керек. Балканы колдонгонду билбей мыкты кагуу оңойго турбайт, жадагалса көңүлдү кайт кылат. Ал эми шаймандарды туура колдоно билүү жумушту ийгиликтүү аткарууга жардам берет.

2 Ыйсанын жолдоочулары катары биз абдан маанилүү ишти аткарабыз. Ыйса Машайак өзүнүн жолдоочуларын «баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын» издөөгө үндөгөн (Матай 6:33). Канткенде ал чакырыкка ылайык иш кыла алабыз? Падышалыкты издөөнүн бир жолу — ал тууралуу кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде ынталуу болуу. Экинчиси — кызматыбызды толугу менен Кудайдын Сөзүнө негиздөө. Үчүнчүсү — үлгүлүү жүрүм-турум көрсөтүү (Матай 24:14; 28:19, 20; Элчилер 8:25; 1 Петир 2:12). Бизге тапшырылган бул ишти аткарууда натыйжалуу болуп, кубанычыбызды сактай алышыбыз үчүн, ылайыктуу шаймандарга ээ болушубуз жана аларды колдонгонду билишибиз керек. Бул жагынан элчи Пабыл Ыйсаны жолдогон кызматчы катары сонун үлгү көрсөтүп, ишенимдештерин өзүнөн үлгү алууга чакырган (1 Корунттуктарга 11:1; 15:10). Анда эмгектешибиз Пабылдан эмнеге үйрөнсөк болот?

Пабыл — Падышалыктын ынталуу жарчысы

3. Элчи Пабыл Падышалыктын ынталуу жарчысы болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

3 Пабыл кандай кызматчы болгон? Анын ынталуу болгону шексиз. Пабыл жакшы кабарды Жер ортолук деңиздин тегерегиндеги кеңири аймакта таратып, ушул ишке бүт күчүн жумшаган. Падышалык жөнүндө жар салууга эмне үчүн ынтызар экенин түшүндүрүп, бул талыкпас элчи: «Жакшы Кабар таратып жаткандыгым менен мактана албайм, анткени бул менин милдетим. Эгерде Жакшы Кабар таратпасам, мага кайгы!» — деп айткан (1 Корунттуктарга 9:16). Пабыл өз өмүрүн гана куткарып калуу кызыкчылыгын көздөдү беле? Жок. Ал өзүмчүл эмес эле. Тескерисинче, башкалардын да жакшы кабарды угуп пайда алышын каалаган. Ал: «Жакшы Кабар таратуу үчүн бериле турган сыйлыктан [башкалар менен] үлүшүм болсун деп, Жакшы Кабар үчүн ушундай кылып жатам»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 9:23).

4. Ыйсаны жолдогон кызматчылар биринчи кезекте кайсы шайманды баалашат?

4 Элчи Пабыл момун кызматчы болгондуктан, өз жөндөмдүүлүктөрүнө гана таяна албасын түшүнгөн. Жыгач устага балка керек болгондой эле, Пабылга да Кудайдын чындыгын угуучулардын жүрөгүнө жеткирүү үчүн туура шайман керек болгон. Ал, негизинен, эмнени колдонгон? Кудайдын Сөзү болгон Ыйык Жазманы. Ошо сыяктуу эле шакирт даярдоодо биз да негизги шайман катарында Ыйык Китепти колдонобуз.

5. Натыйжалуу кызматчылардан болуу үчүн, Ыйык Жазмадан үзүндү келтирүүдөн тышкары дагы эмне кылышыбыз керек?

5 Пабыл Кудайдын Сөзүн туура колдонуу андан үзүндү келтирүүнү эле билдирбесин билген. Ал «ишенимдүү далилдерди» колдонгон (Элчилер 28:23). Кантип? Пабыл Кудайдын Сөзүн ийгиликтүү пайдаланып, көптөрдү Падышалык жөнүндөгү чындыкты кабыл алууга ынандырган. Ал адамдар менен талкуу жүргүзгөн. Эфестеги синагогада Пабыл үч ай бою «Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө ишенимдүү далилдерди келтирип» кабар айткан. «Кээ бир адамдар өжөрлөнүп... ишенбей коюшканы» менен, башкалары жакшы уккан. Пабылдын Эфестеги кызматынын натыйжасында «Теңирдин сөзү кеңири тарап, өзүнүн күчүн көрсөткөн» (Элчилер 19:8, 9, 20).

6, 7. Пабыл өзүнүн кызматын кантип даңктаган жана канткенде биз да ошенте алабыз?

6 Падышалыктын ынталуу жарчысы катары Пабыл «кызматын даңктаган» (Римдиктерге 11:13, «Инжил»). Кантип? Ал мансапка умтулган эмес, ошондой эле Кудайдын кызматчысы катары таанымал болуудан уялган эмес. Тескерисинче, өзүнүн кызматын эң жогорку сыймык деп эсептеген. Пабыл Кудайдын Сөзүн чебердик менен натыйжалуу колдонгон. Анын жемиштүү кызматы башкаларды шыктандырып, өздөрүнүн кызматын толугураак аткарууга түрткү берген. Ал кызматын ушундайча да даңктаган.

7 Пабылга окшоп, биз Кудайдын кызматчылары катары ишибизди анын Сөзүн көбүрөөк жана натыйжалуураак колдонуу менен даңктай алабыз. Кабар айтуунун бардык түрлөрүндө Ыйык Жазмадан мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга окуп берүүнү максат кылышыбыз керек. Канткенде Кудайдын Сөзүн ишенимдүү далилдерди келтирүү менен окуп берсек болот? Мунун маанилүү үч жолун карап көрөлү: 1) Башкалардын көңүлүн Кудайдын Сөзүнө буруу менен ага карата урмат-сый туудурууга аракеттен. 2) Ыйык Китепте айтылгандарды сылык түшүндүрүп, аларды кантип иш жүзүндө колдонсок болорун көрсөт. 3) Ыйык Жазманын негизинде ынандырарлык түрдө талкуу жүргүз.

8. Бүгүн биз Падышалык жөнүндө кабар айтууда кандай шаймандарга ээбиз жана силер аларды кандай колдоносуңар?

8 Падышалыктын бүгүнкү күндөгү жарчылары Пабылдын убагында жок шаймандарга ээ. Аларга китептер, журналдар, китепчелер, маалымат баракчалары, аудио- жана видеожазмалар кирет. Өткөн кылымдын башында күбөлөндүрүү карточкалары, фонографтар, күчөтүп сүйлөгүчү бар машиналар жана радио берүүлөрү да колдонулган. Албетте, эң мыкты куралыбыз — Ыйык Китеп, ошондуктан бул алмаштырылгыс аспапты жакшы жана туура колдонушубуз зарыл.

Кызматыбыз Кудайдын Сөзүнө негизделиши керек

9, 10. Кудайдын Сөзүн колдонууга байланыштуу Пабылдын Тиметейге берген кеңешинен эмнеге үйрөнсөк болот?

9 Канткенде Кудайдын Сөзүн натыйжалуу шайман катары колдоно алабыз? Ан үчүн Пабылдын өз эмгектеши Тиметейге: «Кудайдын алдында сыноодон өткөн, уятка калбаган, чындык сөзүн туура жеткирген кызматчы болууга аракеттенгин»,— деп айткан сөздөрүнө кулак кагышыбыз керек (2 Тиметейге 2:15). «Чындык сөзүн туура жеткирүү» деген эмнени билдирет?

10 «Туура жеткирүү» деп которулган грек сөзү түзмө-түз «түз кесүү» же «жолду түз багытта кесүү» дегенди билдирет. Грек Жазмаларында ал сөз Пабылдын Тиметейге берген кеңешинде гана колдонулат. Ошол эле сөздү кош айдаганда түз бороз салууга карата да колдонсо болот. Бороз кыйшык болуп калса, тажрыйбалуу дыйкандын уятка калары айкын. «Уятка калбаган» кызматчы болушу үчүн, Тиметейге Кудайдын Сөзүндөгү акыйкат окуулардан четтебеш керектиги эскертилген. Тиметей жеке көзкараштарынын чындык жөнүндөгү окутуусуна таасир этишине жол бербөөгө тийиш эле. Ал кабар айтуусун жана окутуусун бүт бойдон Ыйык Жазмага негиздеши керек болгон (2 Тиметейге 4:2—4). Ошондо жүрөгү таза адамдар туура багыт алып, дүйнөнүн философиясын эмес, Жахабанын көзкарашын кабыл алышмак (Колостуктарга 2:4, 8). Бүгүн да иштин жөнү ушундай.

Жүрүм-турумубуз үлгүлүү болушу керек

11, 12. Жүрүм-турумубуз Кудай Сөзүн туура жеткиришибизге кандай таасир этет?

11 Кудайдын Сөзүндөгү чындыктарды жарыялап, аны туура жеткирүү жетишсиз. Ага жүрүм-турумубуз да ылайык келиши керек. «Биз Кудайдын кызматташтарыбыз», андыктан эки жүздүүлүктөн качууга тийишпиз (1 Корунттуктарга 3:9). Кудайдын Сөзүндө: «Сен башкаларды үйрөтүп, өзүң эмнеге үйрөнбөйсүң? Сен башкаларга: „Уурдаба“,— деп насаат айтып, өзүң эмнеге уурдайсың? „Нике бузба“,— деп айтып, өзүң эмнеге нике бузасың? Буркандардан жийиркенесиң да, анан эмнеге алардын бутканаларын талап-тонойсуң?» — деп айтылат (Римдиктерге 2:21, 22). Демек, Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчылары катары биз: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолуңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сени түз жолго салат»,— деген чакырыкка ылайык жашоо менен анын Сөзүн туура жеткире алабыз (Накыл сөздөр 3:5, 6).

12 Кудайдын Сөзүн туура жеткирүүдөн кандай натыйжаларды күтсөк болот? Мисал катары Кудай Сөзү жүрөгү таза адамдардын жашоосуна кандай таасир эте аларын карап көрөлү.

Кудай Сөзү адамды өзгөртүүгө кудуреттүү

13. Кудайдын Сөзүн иш жүзүндө колдонуу адамга кандай таасир тийгизет?

13 Кудайдын Сөзүндөгү кабар ишеничтүү маалымат катары кабыл алынганда, анын зор таасири адамдарга укмуштай өзгөрүүлөрдү жасоого жардам берет. Пабыл Кудайдын сөзүнүн күчүн иш жүзүндө көргөн жана байыркы Тесалоникада Ыйсанын жолдоочуларынан боло турган адамдарга жакшы таасир тийгизгенине өзү күбө болгон. Ошондуктан аларга: «Биз жарыялаган Кудай Сөзүн кабыл алганыңар үчүн, Кудайга дайыма ыраазычылык келтиребиз. Силер муну адамдын сөзү катары эмес, Кудай Сөзү катары кабыл алдыңар, чынында эле бул — Кудай Сөзү. Ыйсага ишенген силерде аракеттенип жаткан да ошол сөз»,— деп айткан (1 Тесалоникалыктарга 2:13). Ыйсанын ошол жолдоочулары үчүн, деги эле, бардык чыныгы жолдоочулары үчүн Кудайдын баарынан жогорку акылмандыгы адам баласынын арзыбаган логикасына салыштырылгыс (Ышайа 55:9). Тесалоникалыктар «көп кыйынчылыктарга карабастан, сөздү Ыйык Рухтан келген кубаныч менен кабыл алып», башка ишенимдештерине үлгү болуп калышкан (1 Тесалоникалыктарга 1:5—7).

14, 15. Кудайдын Сөзүндөгү кабар канчалык күчтүү жана эмне үчүн?

14 Кудайдын Сөзү, анын Булагы Жахаба сыяктуу эле, кубаттуу. Ыйык Жазма «сөзүнөн асман... жаралган» «тирүү Кудайдан» келген жана ал сөз дайыма «эмнеге жиберилсе, ошону жүзөгө ашырат» (Забур 32:6; Эврейлерге 3:12; Ышайа 55:11). Бир ыйык китептик окумуштуу: «Кудай өзүн өз Сөзүнөн ажыратпайт. Аны чоочун нерседей өгөйлөбөйт... Ошондуктан анын Сөзү эч качан жансыз нерсе болгон эмес жана аны менен эмне гана болбосун, эчтекени тоготкон эмес, анткени анын тирүү Кудай менен биримдиги бар»,— деген.

15 Кудайдын Сөзүндөгү кабар канчалык кудуреттүү? Анын күчү эбегейсиз зор. Ошондуктан Пабыл: «Кудайдын Сөзү тирүү жана таасирдүү, кош миздүү ар кандай кылычтан курч, ал жандан рухту ажыратып, муунга чейин, сөөктүн чучугуна чейин жетет, жүрөктөгү ойлорду, ниетти соттойт»,— деп жазган (Эврейлерге 4:12).

16. Кудайдын Сөзү адамды канчалык өзгөртө алат?

16 Кудайдын Сөзүндөгү кабар «кош миздүү ар кандай кылычтан курч». Ал жүрөктүн түпкүрүнө жетерлик укмуштай күчкө ээ жана адамга таандык куралдардын же аспаптардын баарынан кубаттуу. Кудайдын Сөзү адамдын ички дүйнөсүнө кирип, ой жүгүртүүсүнө, жакшы же жаман көргөн нерселерине карата болгон көзкарашына таасир этип, аны Кудайга жагымдуу кызматчы кылат. Кандай күчтүү курал!

17. Кудай Сөзү адамды кантип өзгөртө аларын түшүндүр.

17 Адам өзү жөнүндө кандай ойдо болбосун же башкаларга өзүн кандай кылып көрсөтпөсүн, Кудай Сөзү анын ички дүйнөсүнүн чыныгы абалын айкындайт (1 Шемуел 16:7). Жадагалса ыймансыз адам кээде ички табиятын жашырып, кайрымдуунун кейпин кийиши же сопусунушу мүмкүн. Кара ниеттер арам ойлорун ишке ашыруу максатында эки жүздүүлүккө барышат. Текебер адамдар өздөрүн момун кылып көрсөтүшөт, ошол эле учурда башкалардын суктануусуна татууга умтулушат. Бирок Кудайдын Сөзү чыныгы момун адамдын жүрөгүндө эмне болорун айгинелеп, ага эски адамдын кейпин чечип, «чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүүгө» зор түрткү бере алат (Эфестиктерге 4:22—24). Ошондой эле Кудай Сөзүндөгү окуулар тартынчаак адамдарга Жахабанын эржүрөк Күбөлөрүнөн жана Падышалыктын ынталуу жарчыларынан болууга жардам бере алат (Жеремия 1:6—9).

18, 19. Ушул абзацтарга же кабар айтууда болгон бир окуяга таянып, ыйык китептик чындык адамдын көзкарашын кантип өзгөртө аларын көрсөт.

18 Кудай Сөзү бардык жердеги адамдарга жакшы таасир тийгизип, алардын жашоосун өзгөртүүгө кудуреттүү. Мисалы, Пномпендеги (Камбожа) Падышалыктын жарчылары айына эки жолу Компонгтям провинциясына барып кабар айтып келишчү. Ошол жердеги дин кызматчы аял башка дин кызматчылардан Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жаман сөздөрдү укканда Күбөлөр эмки жолу келгенде алар менен сүйлөшүп көрүүнү чечкен. Ал майрамдарды белгилөө жөнүндө сурап, суроо артынан суроо жаадырган да, Ыйык Жазмадан окуп берип жаткан Күбөлөрдү кунт коюп уккан. Анан: «Эми мен тиги дин кызматчылардын силер жөнүндө айткандары калп экенин билдим! Алар силерди Ыйык Китепти колдонбойт дешкен эле, бирок силер жанатан бери мага Ыйык Китептен окуп берип жаттыңар»,— деп айткан.

19 Бул аял Күбөлөр менен Ыйык Китептин негизинде андан ары да талкуу жүргүзүп, дин кызматчылыктан түшөсүң деген коркутууларга жеңдирген эмес. Ал мындай талкуулар жөнүндө өзүнүн досуна айтып берген. Көп өтпөй досу да Күбөлөр менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал окуп-билгендеринен ушунчалык таасир алгандыктан, бир жолу чиркөө кызматынын учурунда: «Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү менен изилдегиле!» — деп жиберген. Андан көп узабай дин кызматчы болуп жүргөн аял жана башкалар Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей башташкан.

20. Ганадагы аялдын жасаган өзгөрүүсү кандайча Кудай Сөзүнүн күчүн көрсөтүп турат?

20 Кудай Сөзүнүн күчүн Ганадагы Паулина аттуу аялдын жашоосунда болгон өзгөрүүдөн да көрүүгө болот. Аны менен Падышалыктын толук убакыт кызмат кылган жарчысы «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» деген китеп боюнча ыйык китептик изилдөө өткөрүп жүргөн *. Паулина көп никелүү кишинин зайыбы болгондуктан, жашоо мүнөзүн өзгөртүшү керектигин түшүнгөн, бирок күйөөсү жана бардык туугандары буга абдан каршы чыгышкан. Таятасы — жогорку соттун судьясы жана чиркөөнүн пресвитери — Матай 19:4—6-аяттарды туура эмес колдонуу менен аны башка нерсеге ишендирүүгө аракет кылган. Судьянын айткандары ишенимдүү көрүнгөнү менен, Паулина бул жагдайдын Шайтан Ыйса Машайакты азгырганда Ыйык Жазманы бурмалап колдонгон жагдайга окшош экенин ошол замат түшүнгөн (Матай 4:5—7). Ал Ыйсанын никеге байланыштуу Кудай адамдарды эркек жана аялдар кылып эмес, эркек-аял кылып жаратканы жана үчөө эмес, экөө бир денени түзөрү жөнүндөгү сөздөрүн эстеген. Паулина чыгарган чечимине бекем карманып, акыры полигамиялык никеден чыгуу менен мыйзамдуу түрдө ажыраша алган. Көп өтпөй ал чөмүлтүлүп, Падышалыктын кубанычтуу жарчыларынан болуп калган.

Кудай сөзүн туура жеткирүүнү уланта бер

21, 22. а) Падышалыктын жарчылары катары биз кандай чечкиндүүлүккө ээ болгубуз келет? б) Кийинки макалада эмнелер каралат?

21 Чынында эле, Кудайдын Сөзү — күчтүү курал, аны биз башкаларга өздөрүнүн жашоосун өзгөртүү менен Жахабага жакындашына жардам берүүдө колдонобуз (Жакып 4:8). Чебер усталар жакшы натыйжаларга жетүү үчүн аспаптарды колдонгондой эле, биз да Падышалыктын жарчылары катары кабар айтуу ишинде Кудай Сөзүн, Ыйык Китепти, колдонууга жан-дилден аракет кылалы.

22 Шакирт даярдоодо Ыйык Жазманы кантип натыйжалуураак колдонсок болот? Мунун бир жолу — ынандырууга шыктуу окутуучулардан болууга умтулуп, окутуу чеберчиликтерибизди өрчүтүү. Эмки макалада башкаларга Падышалык жөнүндөгү кабарды кабыл алууга жардам берүүнүн жана аларды окутуунун жолдору сунуш кылынат.

[Шилтемелер]

^ 20-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эсиңдеби?

• Падышалыктын жарчылары кандай шаймандарга ээ?

• Пабыл кайсы жактардан Падышалыктын жарчысы катары үлгү көрсөткөн?

• Кудай Сөзүн туура колдонууга эмнелер кирет?

• Жахабанын Сөзү канчалык күчтүү курал?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары кабар айтууда колдонгон кээ бир шаймандар.