Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шакирт даярдоо максаты менен кабар айт

Шакирт даярдоо максаты менен кабар айт

Шакирт даярдоо максаты менен кабар айт

«Анын [Аполостун] сүйлөгөн сөздөрүн уккан Акила менен Прискила аны өздөрүнүн үйүнө чакырып, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп беришти» (ЭЛЧИЛЕР 18:26).

1. «Жалындаса» да Аполос эмнеге муктаж болгон?

ПРИСКИЛА менен Акила, I кылымда Ыйсаны жолдогон өмүрлүк жарлар, Эфес шаарында Аполостун синагогада сөз сүйлөп жатканын көрүшкөн. Чечендиги жана ынандыруу чеберчилиги менен Аполос башкалардын көңүлүн тарта алган. Ал «жалындап, Ыйса жөнүндө туура сүйлөп, туура үйрөтүп жүргөн». Бирок анын «Жакандын чөмүлдүрүүсүн гана билгени» айкын эле. Аполостун Машайак жөнүндө окуткандары чындык болчу. Болгону эле ал Ыйса тууралуу жетиштүү билген эмес. Аполос Жахабанын ой-ниетинин аткарылышында Ыйса Машайак кандай роль ойноорун жакшыраак билүүгө муктаж болгон (Элчилер 18:24—26).

2. Прискила менен Акила кандай татаал тапшырманы аткарууга киришкен?

2 Аполоско Ыйса «буйругандардын бардыгын» аткаруучулардан болууга жардам бериш үчүн, Прискила менен Акила дароо чара көрүшкөн (Матай 28:19, 20). Ыйык китептик билдирүүдө алардын Аполосту «өздөрүнүн үйүнө чакырып», ага «Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп беришкени» тууралуу айтылат. Бирок Аполоско байланышкан бир жагдайдан улам Ыйсанын кээ бир жолдоочулары аны окутууга көңүлдөнбөшү мүмкүн эле. Ал эмне болгон жагдай? Ошондой эле Прискиланын жана Акиланын Аполос менен Ыйык Жазманын негизинде талкуулашууга күч-аракет жумшаганынан эмнеге үйрөнсөк болот? Бул тарыхый билдирүүнү карап чыгуу кандайча бизге ыйык китептик изилдөөлөрдү баштоого жардам бере алат?

Көңүлдү адамдын муктаждыктарына буруу

3. Эмне үчүн Аполостун теги жана шыктуулугу Прискила менен Акилага аны окутууга тоскоол кылган эмес?

3 Теги жүйүт болгон Аполос, сыягы, Александрия шаарында тарбияланган. Килейген китепканасы менен атагы чыккан Александрия а кезде Мисирдин борбору жана жогорку билимдин чордону болчу. Шаарда көп жүйүттөр, алардын ичинде окумуштуулар жашаган. Ошондуктан да ал шаарда «Септуагинта» деген аталыш менен белгилүү болгон Эврей Жазмаларынын грекче котормосу жарык көргөн. Демек, Аполостун «Ыйык Жазууну жакшы билгени» таң калыштуу эмес! Акила менен Прискила болсо чатыр жасап иштешкен. Аполостун чечендигинен улам алар ага жардам берүүдөн кетенчиктешкенби? Жок. Сүйүүнүн түрткүсү менен алар адамдын өзүн, анын эмнеге муктаж экенин жана ага кандай жардам керектигин ойлошкон.

4. Өзүнө зарыл болгон жардамды Аполос каерден жана кантип алган?

4 Канчалык чечен болбосун, Аполос насаат-таалимге муктаж болгон. Өзүнө зарыл жардамды ал университеттерден эмес, Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынан таба алмак. Аполоско Кудайдын куткарууга карата кандай чара көргөндүгүн тагыраак түшүнүүгө жардам берерлик билим керек эле. Прискила менен Акила «аны өздөрүнүн үйүнө чакырып, Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп беришкен».

5. Прискила менен Акиланын рухийлиги жөнүндө эмне айтууга болот?

5 Прискила менен Акила рухий жактан күчтүү жана ишенимдери бекем түптөлгөн адамдардан болушкан. Алар өздөрүнүн «үмүтү жөнүндө айтып берүүнү сураган ар бир адамга [байга да, кедейге да, окумуштууга да, кулга да]... жооп берүүгө даяр болушса» керек (1 Петир 3:15). Акила менен аялы «чындык сөзүн туура жеткире» билишкен (2 Тиметейге 2:15). Кыязы, алар Ыйык Жазманы олуттуулук менен изилдешкен. «Тирүү жана таасирдүү» Кудай Сөзүнүн негизинде берилген насаат Аполостун жүрөгүн козгоп, ага зор таасир эткен (Эврейлерге 4:12).

6. Аполостун көрсөтүлгөн жардамды баалаганын кайдан билебиз?

6 Аполос окутуучуларынын үлгүсүн баалап, шакирт даярдоо ишин ого бетер жакшы өздөштүрө алган. Жакшы кабарды башкаларга, айрыкча, жүйүттөргө жарыялоодо ал өзүнүн билимин натыйжалуу пайдаланган. Аполос Машайак жөнүндө күбөлөндүрүү менен жүйүттөрдү ынандырууда өзгөчө шыктуу болгон. Ал «Жазманы билүү жагынан күчтүү болгондуктан», жүйүттөргө байыркы пайгамбарлардын баары Машайактын келишин күткөнүн далилдеп бере алган (Элчилер 18:24, «Падышалыктын сөзмө-сөз котормосу»). Билдирүүдө андан ары айтылгандай, Аполос кийин Ахая шаарына барып, «Кудайдын ырайымы менен Ыйсага ишенип калгандарга көп жардам берген. Анткени ал Ыйсанын Машайак экендигин Ыйык Жазуу менен далилдеп, жүйүттөрдүн көзкараштарын бүт эл алдында тайманбастык менен төгүнгө чыгарып жаткан» (Элчилер 18:27, 28).

Дагы башка окутуучулардан үлгү ал

7. Акила менен Прискила кантип чебер окутуучулардан боло алышкан?

7 Акила менен Прискилага Кудай Сөзүн билген чебер окутуучулардан болууга эмне жардам берген? Тырышчаактык менен жекече изилдөө жүргүзүүдөн жана жолугушууларга катышуудан тышкары, алар, сыягы, элчи Пабыл менен тыгыз пикирлешүүдөн да чоң жардам алышкан. Пабыл Корунтта Прискила менен Акиланын үйүндө 18 ай жашаган. Алар чатыр жасап, оңдоп, чогуу иштешкен (Элчилер 18:2, 3). Ыйык Жазманын негизинде алар кандай терең талкууларды жүргүзүшкөнүн элестетсең. Элчи менен болгон мындай пикирлешүүлөр алардын рухий жактан чыңалышына өбөлгө түзгөнү күмөнсүз. Накыл сөздөр 13:20да: «Акылдуу адамдардын арасында дайыма болгон адам акылдуу болот»,— деп айтылат. Пайдалуу пикирлешүү Акила менен Прискиланын рухий адаттарына жакшы таасир тийгизген (1 Корунттуктарга 15:33, «ЖД»).

8. Прискила менен Акила Пабылдын кызматынан эмнелерге үйрөнүшкөн?

8 Прискила менен Акила Падышалык жөнүндө кабар айткан Пабылды көрүп, жакшы окутуучу кандай болушу керектигин биле алышкан. Элчилер китебиндеги билдирүүдө айтылгандай, Пабыл «ишемби сайын [Корунттагы] синагогада сүйлөп, жүйүттөр менен гректерди Ыйсага ишендирүүгө аракет жасаган». Кийинчерээк ага Сылас менен Тиметей кошулганда, «Пабыл өзүн Жакшы Кабар таратууга толугу менен арнап, жүйүттөргө Ыйсанын Машайак экендигин күбөлөндүрө баштаган». Синагоганын мүчөлөрүнүн кабарды укпай турганына көзү жеткендиктен Пабыл аерден кетип, кабар айтуу ишин элдер жакшыраак уккан жерден, синагоганын жанындагы үйдөн уланткан. Мунун баарын Прискила менен Акила байкап жүрүшкөн. Ал жерден Пабыл «синагоганын башчысы» Криспоско Ыйсанын шакирти болууга жардам бере алган. Прискила менен Акиланын ошол бир шакиртти даярдоо ал аймакта кандай сонун жемиш бергенин байкаганы толук ыктымал. «Криспос бүт үй-бүлөсү менен Теңирге ишенип калды. Пабылдын сөзүн уккан көптөгөн корунттуктар да Ыйсага ишенип, сууга чөмүлдүрүлүштү»,— деп айтылат билдирүүдө (Элчилер 18:4—8).

9. Пабылдын үлгүсү Прискила менен Акилага кандай таасир берген?

9 Пабылдан Падышалыктын Прискила жана Акила сыяктуу көп жарчылары кабар айтуу жагынан үлгү алышкан. Элчи Пабыл Ыйсанын башка жолдоочуларын: «Мен Машайактан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла»,— деп чакырган (1 Корунттуктарга 11:1). Пабылдан үлгү алган Прискила менен Акила Аполоско, ал эми Аполос башкаларга чындыкты тагыраак түшүнүүгө жардам беришкен. Прискила менен Акиланын Римде, Корунтта жана Эфесте шакирт даярдоого көмөктөшкөнү шексиз (Элчилер 18:1, 2, 18, 19; Римдиктерге 16:3—5).

10. Элчилер китебинин 18-бөлүмүнөн сен шакирт даярдоо ишинде жардам болорлук эмнелерге үйрөндүң?

10 Элчилер китебинин 18-бабын карап чыгып, андан эмнеге үйрөнсөк болот? Акила менен Прискила Пабылдан үйрөнгөндөй эле, биз да Кудай Сөзүнүн жакшы окутуучуларынан үлгү алуу менен шакирт даярдоо жагынан жакшыра алабыз. Биз өздөрүн «Жакшы Кабар таратууга толугу менен арнагандар» жана башкаларды күбөлөндүрүүгө умтулгандар менен пикирлешсек болот (Элчилер 18:5). Ошондой эле алардын адамдардын жүрөгүн козгоо үчүн ынандыра окутуу чеберчилигин кантип колдоноруна байкоо салсак болот. Андай чеберчилик бизге шакирт даярдоого жардам бере алат. Кимдир бирөө менен ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатсак, ага үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн же коңшуларын изилдөөгө кошулууга чакырууну сунуш кылсак, же болбосо, андан Ыйык Китепти изилдегиси келген адамдарды билер-билбесин сурасак болот (Элчилер 18:6—8).

Шакирт даярдоонун мүмкүнчүлүктөрүн изде

11. Жаңы шакирттерди каерден табууга болот?

11 Пабыл менен анын ишенимдештери үйдөн үйгө, базарларда, саякаттоодо, дээрлик бардык жерде кабар айтып, шакирт даярдоого умтулушкан. Сен да Падышалыктын ынталуу кызматчысы катары шакирт даярдоого умтулуп, кабар айтуу кызматыңды кеңейте аласыңбы? Татыктууларды издеп таап, аларга кабар айтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдоно аласыңбы? Жакшы кабардын башка жарчылары жаңы шакирттерди кандай жолдор менен табышат? Адегенде кантип телефон менен кабар айтууга болорун карап көрөлү.

12—14. Телефон менен кабар айтуунун натыйжалуулугун белгилөө үчүн, жеке өзүңдүн окуяңды же ушул абзацтардагы окуяны айтып бер.

12 Бразилияда үйдөн үйгө кабар айтып жүрүп, бир Күбө (Мария деп коёлу) көп кабаттуу үйдөн чыгып келаткан аялга баракча сунуш кылган. Сөз баштоо үчүн баракчанын аталышын колдонуп, Мария андан: «Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгиңиз келеби?» — деп сураган. Тиги аял: «Ооба, билгим келет. Бирок мугалим болгондуктан убактымдын баары сабак берүүгө кетет»,— деп жооп берген. Мария ыйык китептик темаларды телефон аркылуу талкуулоого болорун түшүндүргөн. Мугалим аял Марияга телефон номурун берген жана ошол эле кечте алар «Кудай бизден эмне талап кылат?» * китепчесин колдонуп, телефон аркылуу изилдөө өткөрө башташкан.

13 Эфиопияда бир толук убакыттуу кызматчы телефон аркылуу бир кишиге кабар айтып жатып, телефондон чуру-чууну угуп, чочуп кеткен. Тиги киши андан кийинчерээк чалуусун өтүнгөн. Экинчи жолку сүйлөшүүдө ал кечирим сурап, Күбөгө алгачкы жолу аялы экөө катуу урушуп жаткан учурда чалып калганын түшүндүргөн. Биздин биртууган бул жагдайды Ыйык Китепте үй-бүлөлүк кыйынчылыктарды чечүүгө карата даанышман жетекчилик берилерине көңүл буруу үчүн колдонгон. Ал Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китеп көп сандагы үй-бүлөлөргө жардам бергенин айткан. Китептин жеткирилгенине бир нече күн болгондон кийин, Күбө кайра чалган. Тиги киши: «Бул китеп никемди сактап калбадыбы!» — деп сүйүнүчүн билдирген. Көрсө, ал үй-бүлөсүн чогултуп, китептен окуган жакшы ойлорун баары менен бөлүшкөн экен. Ал Ыйык Китепти изилдеп, көп өтпөй жыйналыш жолугушууларына келе баштаган.

14 Данияда Падышалыктын бир жарчысы телефон менен кабар айтып, ыйык китептик изилдөө өткөрө баштаган. Ал мындай дейт: «Телефон менен кабар айтууга мени кызмат көзөмөлчүсү үндөгөн. Башында: „Бул мен үчүн эмес“,— деп анча көңүлдөнбөй жүрдүм. Бирок акыры кайрат топтоп, тизмедеги биринчи үйгө чалдым. Телефонду Соня деген аял алды жана бир аз сүйлөшкөндөн кийин ыйык китептик адабият алууга макул болду. Бир күнү кечинде экөөбүз жаратуу жөнүндө аңгемелешкен соң, ал „Жашоо кантип пайда болгон? Эволюция жолу мененби же жаратуу жолу мененби?“ * деген китепти окугусу келди. Мен бул теманы талкуулоо үчүн бетме-бет жолугуша алсак жакшы болмоктугун айттым. Ал макул болду. Мен келгенде, Соня изилдөөгө даяр экен жана ошондон бери изилдөөнү жума сайын өткөрүп келатабыз». Бул ишенимдешибиз: «Мен көп жыл бою кимдир бирөө менен ыйык китептик изилдөө өткөргүм келип, тиленип жүргөм, бирок телефон аркылуу изилдөө өткөрөм деп эч качан ойлогон эмесмин»,— деп сөзүн жыйынтыктайт.

15, 16. Ыйык китептик изилдөө баштоонун ар кайсы жолдорун колдонуунун пайдасын көрсөткөн кайсы окуяларды айтып бере аласың?

15 Көптөр бардык жерде кабар айтууга карата берилген кеңештерди колдонуу менен ийгиликке жетишүүдө. Америка Кошмо Штаттарында бир ишенимдешибиз автоунаа токтоочу жайда машинесин бир соода-сатык фургонунун жанына токтотуп, фургондун ичиндеги аял аны караганда, ыйык китептик агартуу ишибиздин маанисин түшүндүргөн. Аял анын сөзүн угуп бүткөн соң, фургондон чыгып, ишенимдешибиздин машинесинин жанына басып барган да: «Мени менен сүйлөшүү үчүн ушул жерге токтогонуңузга абдан кубанычтамын. Силердин адабияттарыңарды көптөн бери ала элек болчумун. Андан тышкары, Ыйык Китепти кайрадан изилдегим келет. Мени менен изилдөө өткөрөсүзбү?» — деген. Ошентип, бул биртууган жакшы кабар таратуу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү издеген.

16 Кошмо Штаттарда карылар үйүнө кабар айтууга барган бир ишенимдешибиз менен төмөнкүдөй окуя болгон: ал ошол мекеменин башчыларынын бирине жолугуп, жашоочулардын рухий муктаждыктарын канааттандырууга жардам бергиси келерин айткан. Анан каалоочулардын баары менен жума сайын акысыз ыйык китептик изилдөө өткөрүүгө кубанычта болорун кошумчалаган. Башчы ага жашоочулар менен сүйлөшүп көрүүгө уруксат берген. Көп узабай ишенимдешибиз ал жерге жумасына үч жолу каттап, бардыгы болуп 26 жашоочу менен ыйык китептик изилдөө өткөрө баштаган. Алардын бирөө жыйналыш жолугушууларына дайым келип тура алат.

17. Ыйык китептик изилдөө баштоодо көп учурда кайсы ыкма натыйжалуу келет?

17 Падышалыктын айрым жарчылары ыйык китептик изилдөөнү түз эле сунуш кылуу менен жакшы натыйжаларга ээ болушат. Бир жолу эртең менен 105 жарчыдан турган бир жыйналыш ар бир үй ээсине ыйык китептик изилдөө сунуш кылуу үчүн өзгөчө аракет жумшаган. Кабар айтуу кызматына 85 жарчы катышкан жана эки сааттын ичинде алар, бери дегенде, 15 жаңы изилдөө баштай алышкан.

Татыктууларды издей бер

18, 19. Ыйсанын кайсы маанилүү көрсөтмөсүн эсибизде тутушубуз керек жана ан үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

18 Падышалыктын жарчысы катары сен ушул макалада берилген кеңештерди колдонууну каалайттырсың. Албетте, кабар айтуунун тигил же бул ыкмасын колдонууда жергиликтүү каада-салттарды көңүлгө алуу акылмандыкка жатат. Ошентсе да, баарынан мурда, Ыйсанын татыктууларды издеп табуу жана аларга шакирт болууга жардам берүү жөнүндөгү көрсөтмөсүн дайыма эсибизде сактайлы (Матай 10:11, «ЖД»; 28:19).

19 Ал көрсөтмөгө ылайык иш кылуу үчүн, «чындык сөзүн туура жеткирүүгө» умтулалы. Ан үчүн кабарыбызды Ыйык Жазмага бекем негиздеп, ынандыруу чеберчилигин колдонсок болот. Муну менен биз чындыкты уккан адамдардын жүрөгүн козгоп, аларга иш-аракет кылууга түрткү бере алабыз. Ошондой эле тиленүү менен Жахабага таянып, кээ бирөөлөргө Ыйса Машайактын шакирттеринен болууга көмөктөшө алабыз. Бул иш кандай гана сыйлыкка жеткирет! Ошондуктан, келгиле, «Кудайдын жактыруусуна ээ болуу үчүн колдон келгендин баарын кылып» жана шакирт даярдоо максаты менен кабар айтып, Падышалыктын ынталуу жарчылары катары ар дайым Жахабага даңк алып келе берели (2 Тиметейге 2:15).

[Шилтемелер]

^ 12-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

^ 14-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эсиңдеби?

• Эмне үчүн Аполоско Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп берүү зарыл болгон?

• Прискила менен Акила элчи Пабылдан эмнелерге үйрөнүшкөн?

• Элчилер китебинин 18-бабынан шакирт даярдоо ишине байланыштуу эмнелерге үйрөндүң?

• Шакирт даярдоого кантип мүмкүнчүлүк издей аласың?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги сүрөт]

Прискила менен Акила Аполоско «Теңирдин жолу жөнүндөгү окутууну толугу менен түшүндүрүп беришкен».

[18-беттеги сүрөт]

Аполос шакирт даярдоо ишин эң сонун өздөштүргөн.

[19-беттеги сүрөт]

Пабыл бардык жерде кабар айткан.