Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ыраазычылык келтирүүчүлөрдөн болгула»

«Ыраазычылык келтирүүчүлөрдөн болгула»

«Ыраазычылык келтирүүчүлөрдөн болгула»

«Жүрөгүңөрдө Машайактын тынчтыгы бийлик кылсын... Ыраазычылык келтирүүчүлөрдөн болгула» (Колостуктарга 3:15).

1. Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышы менен Шайтандын бийлигиндеги дүйнөнүн ортосунда кандай айырманы байкап жатабыз?

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮНҮН дүйнө жүзүндөгү 94 600 жыйналышында ыраазычылык маанайы өкүм сүрөт. Жыйналыш жолугушууларынын ар бири тиленүү менен башталып, тиленүү менен аяктайт жана ал тиленүүлөр Жахабага болгон ыраазычылыкты камтыйт. Сыйынуу жана пикирлешүү үчүн чогулганыбызда, чындыкка жакында эле келген жана көп убактан бери кызмат кылып жүргөн жаш жана улгайган Күбөлөрдүн оозунан «ырахмат», «эчтеке эмес» жана башка ушу сыяктуу жылуу сөздөрдү көп угабыз (Забур 132:1). «Кудайды тааныбаган жана... Жакшы Кабарга баш ийбеген» адамдардын көбүнүн арасында өкүм сүргөн өзүмчүлдүк рухунан бул кандай айырмаланат! (2 Тесалоникалыктарга 1:8). Биз ыраазычылык көрсөтүүнү билбеген дүйнөдө жашап жатабыз. Бул таң калыштуу деле эмес, анткени бул дүйнөнүн кудайы — текебердигин жана козголоңчул рухун бүт адамзатка сиңирген Шайтан Ибилис, өзүмчүлдүктүн башкы жактоочусу! (Жакан 8:44; 2 Корунттуктарга 4:4; 1 Жакан 5:19).

2. Кайсы эскертүүгө кулак кагышыбыз керек жана кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Биз Шайтандын дүйнөсүндө жашап жаткандыктан, андагы маанайдын таасиринен сак болушубуз керек. I кылымда элчи Пабыл төмөнкүнү Ыйсанын Эфестеги жолдоочуларынын эсине салган: «Бир кезде бул дүйнөнүн адаты боюнча жана абада бийлик кылып жаткан төрөнүн жана Кудайга баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рухтардын каалоосу боюнча жашачусуңар. Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин күнөөлүү каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз» (Эфестиктерге 2:2, 3). Бүгүн да көптөгөн адамдар тууралуу ушуну айтууга болот. Анда ыраазычылык маанайыбызды канткенде сактай алабыз? Жахаба бизге кандай жардам сунуш кылат? Чындап ыраазы экенибизди кандай жолдор менен көрсөтсөк болот?

Ыраазы болууга себептер

3. Жахабага эмне үчүн ыраазыбыз?

3 Биз Жаратканыбыз жана Өмүр Берүүчүбүз Жахаба Кудайга ыраазыбыз, айрыкча, анын мол берип жаткан айрым белектерин көңүлгө алганда ага болгон ыраазычылыгыбыз ого бетер артат (Жакып 1:17). Тирүү болгонубуз үчүн биз Жахабага күнүгө алкыш айтабыз (Забур 35:10). Айланабызда Жахабанын кол эмгегине далил болгон Күн, Ай, жылдыздар сыяктуу нерселер арбын. Планетабыздын бай казынасындагы жашоо үчүн зарыл кен-байлыктар, атмосферадагы зарыл газдардын эң сонун тең салмакташтырылган аралашмасы жана жаратылыштагы татаал циклдар — ушунун баары асмандагы мээримдүү Атабызга милдеткер экенибизди айгинелеп турат. «Теңир, Кудайым, Сен көп иштерди жасадың,— деп ырдаган Дөөт падыша,— Сенин бизге көрсөткөн кереметтериңди, биз жөнүндөгү ниеттериңди ким айтып бүтө алат? Ким тең келе алат Сага! Мен мунун баарын жар салып айтар элем, бирок аларга сан жетпейт» (Забур 39:6).

4. Бактылуу боордоштук үчүн эмнеге Жахабага ыраазычылык билдиришибиз керек?

4 Бүгүн жер бети бейиш болбосо да, Жахабанын кызматчылары рухий бейиште жашоодон ырахат алышууда. Падышалык залдарыбызда, жыйындарыбызда биз Кудайдын рухунун жемиши ишенимдештерибизге кандай таасир этерин көрүп жатабыз. Кудайга анча-мынча ишенген же такыр ишенбеген адамдарга кабар айтканда айрым Күбөлөр Пабылдын галаттыктарга жазган катына кайрылып, алгач «күнөөкөр табияттын иштерине» көңүл бурушкандан кийин, алардан эмнени байкашканын сурашат (Галаттыктарга 5:19—23). Адамдардын көбү ал иштердин азыркы адамзат коомуна таандык экенин моюнга алат. Анан Күбөлөр Кудайдын руху алып келүүчү жемиштин сүрөттөлүшүн Ыйык Жазмадан көрсөтүшөт. Муну өз көзү менен көргөнү жергиликтүү Падышалык залына келген көп адамдар ошо замат: «Кудай чын эле силер менен экен»,— дешет (1 Корунттуктарга 14:25). Ишенимдештерибиз ал жемишти жергиликтүү Падышалык залында эле чагылдырышпайт. Кайда барба, Жахабанын алты миллиондон ашык Күбөсүнүн кимисин жолуктурба, ошол эле бактылуу, кубанычтуу рухту көрөсүң. Мындай сонун боордоштуктун бар экендиги — муну өз руху менен мүмкүн кылган Жахабага ыраазычылык келтирүүгө себеп (Сепания 3:9; Эфестиктерге 3:20, 21).

5, 6. Кудайдын эң чоң белеги болгон кун үчүн ыраазычылыгыбызды кантип көрсөтсөк болот?

5 Жахаба бизге эң чоң жана эң жеткилең белеги катары Уулу Ыйса аркылуу кун курмандыгын берген. Элчи Жакан: «Кудай бизди ушунчалык сүйөт, ошондуктан биз да бири-бирибизди сүйүшүбүз керек»,— деп жазган (1 Жакан 4:11). Ооба, төлөнгөн кун үчүн болгон ыраазычылыгыбызды Жахабаны сүйүп, ага алкыш айтуу менен эле эмес, башкаларды сүйөрүбүздү жашообузда көрсөтүү менен да билдиребиз (Матай 22:37—39).

6 Биз Жахабанын байыркы Ысрайылга кандай мамиле жасаганын карап чыгуудан ыраазычылык көрсөтүү жөнүндө көбүрөөк биле алабыз. Жахаба өзүнүн элин Муса аркылуу берген Мыйзамынын жардамы менен көп нерсеге үйрөткөн. «Мыйзамдан билим алып, чындыкты билүүдөн» көп нерселерге үйрөнүүнүн аркасында биз Пабылдын: «Ыраазычылык келтирүүчүлөрдөн болгула»,— деген кеңешине ылайык иш кылууга жардам алабыз (Римдиктерге 2:20; Колостуктарга 3:15).

Мусанын мыйзамынан үч сабак

7. Ондук алып келүү талабы кандайча ысрайылдыктардын Жахабага ыраазычылык билдирүүсүнө шарт түзгөн?

7 Мусанын мыйзамында Жахаба ысрайылдыктарга анын жакшылыктары үчүн кандай үч жол менен чын ыкластан ыраазычылык келтире алышарын көрсөткөн. Биринчиден, ондук алып келүү талап кылынган. Түшүмдүн ондон бир бөлүгү, ошондой эле «бодо мал менен майда малдын ондон бир бөлүгү» «Теңирге арналууга» тийиш эле (Лебилер 27:30—32). Ысрайылдыктар бул мыйзамды аткарышканда, Жахаба аларга батасын мол берген. «Менин үйүмдө тамак болуш үчүн, ондуктардын баарын казына үйүнө алып келгиле. Мени ушул аркылуу да сынап көргүлө,— дейт Себайот Теңир,— силер үчүн Мен асман терезелерин ачпайт бекем? Силерге батамды ашыгы менен төкпөйт бекем?» (Малахия 3:10).

8. Ыктыярдуу тартуулар ондуктан эмнеси менен айырмаланган?

8 Экинчиден, ондук алып келүү талабынан тышкары, Жахаба ысрайылдыктардын ыктыярдуу тартууларды беришин караштырган. Ал Мусага ысрайыл элине: «Мен силерди алып бара жаткан жерге барганыңарда, ал жердин нанын жегениңерде, Теңирге арнап курмандык чалгыла»,— деп айтууну буйруган. Алар да, алардын укум-тукумдары да «биринчи түшүмүнөн» жасалган айрым нандарды «Теңирге арнап курмандыкка» алып келиши керек болчу. Биринчи түшүмдү канча өлчөмдө алып келүү керектиги так көрсөтүлбөгөнүнө көңүл бурсаң (Сандар 15:18—21). Ошентсе да ысрайылдыктар ыраазычылык билдирүү менен тартуу алып келишсе Жахабанын батасын алышарына ынандырылышкан. Ушу сыяктуу чараны Жезекиел көргөн аяндагы ийбадатканага байланыштуу көрүүгө болот. Билдирүүдө: «Бардык жемиштериңердин биринчи түшүмү жана ар кандай тартууларыңар, ал тартууларыңар эмнеден гана турбасын, ыйык кызмат кылуучуларга таандык. Үйүңөрдөн Кудайдын батасы кетпеш үчүн, эгин бастырганыңарда биринчи түшүмдү ыйык кызмат кылуучуга бергиле»,— деп айтылат (Жезекиел 44:30).

9. Жахаба түшүм жыйноонун тартибин бекитүү менен өз элин эмнеге үйрөткөн?

9 Үчүнчүдөн, Жахаба түшүм жыйноонун тартибин бекиткен. Кудай: «Жериңерден түшүмүңөрдү жыйнап жатканыңарда, талааңардын четин жыйнабай калтырып койгула, түшүм жыйнаганда түшүп калганын терип албагыла. Жүзүмүңөрдү жыйнаганда түшүмүнөн калтырып койгула, жүзүмүңөрдүн түшүп калганын терип албагыла. Аларды кедей менен келгинге калтыргыла. Мен силердин Кудай-Теңириңермин»,— деп айткан (Лебилер 19:9, 10). Мында да эч кандай чен-өлчөм коюлган эмес. Муктаж болгондорго канча калтырарын ар бир ысрайылдык өзү чечкен. Даанышман Сулайман падыша: «Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет, жакшылыгы үчүн Теңир ага тиешелүүсүн берет»,— деп түшүндүргөн (Накыл сөздөр 19:17). Ошентип, Жахаба өз элин жакырларга боор оорууга, кайрымдуулук көрсөтүүгө үйрөткөн.

10. Ысрайыл элинин ыраазычылык келтирбей калганынын кесепети кандай болгон?

10 Ысрайылдыктар тил алчаактык менен ондуктарды, ыктыярдуу тартууларды алып келишкенде жана жакырлардын камын ойлошкондо, Жахаба аларга батасын берип турган. Ал эми ыраазычылык келтирбей калышканда, алар Жахабанын жактыруусунан айрылышып, каргашага дуушар болушкан да, акырында туткунга айдалышкан (2 Жылнаама 36:17—21). Мындан өзүбүзгө кандай сабак алсак болот?

Ыраазычылык келтирүүнүн жолдору

11. Жахабага ыраазычылыгыбызды билдирүүнүн негизги жолу кайсы?

11 Жахабаны даңктоонун жана ыраазычылыгыбызды билдирүүнүн негизги жолу болуп курмандык алып келүү эсептелет. Ыйсанын жолдоочулары катары биз Мусанын мыйзамы астында болбогондуктан, курмандыкка мал же түшүм алып келүүгө милдеттүү эмес экенибиз чын (Колостуктарга 2:14). Ошентсе да элчи Пабыл Ыйсанын эврей жолдоочуларын: «Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын... тынымсыз алып келели»,— деп үндөгөн (Эврейлерге 13:15). Кабар айтууда же ишенимдештерибиз чогулган «жыйындарда» болобу, биз Жахабага мактоо курмандыгын алып келүү үчүн жөндөм-шыгыбызды жана каражатыбызды колдонуп, асмандагы мээримдүү Атабыз Жахаба Кудайга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирсек болот (Забур 25:12). Демек, ысрайылдыктардын Жахабага жогорудагыдай жолдор менен ыраазычылык билдиргенинен эмнеге үйрөнсөк болот?

12. Ондук алып келүү чарасынан кызматыбыздагы жоопкерчиликтерибизге байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот?

12 Биринчиден, жогоруда көрсөтүлгөндөй, ондук алып келүү сөзсүз аткарылууга тийиш талап эле: аны ысрайылдыктардын ар бири алып келүүгө милдеттүү болгон. Анын сыңарындай, Ыйсанын жолдоочулары катары биз кызматка жана жыйналыш жолугушууларына катышууга милдеттүүбүз. Аларга каалаганда катышып, каалабаганда катышпай койбошубуз керек. Ыйса акыркы мезгилге карата айткан улуу пайгамбарлыгында: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет»,— деп белгилеген (Матай 24:14; 28:19, 20). Жыйналыш жолугушуулары жөнүндө болсо элчи Пабыл Кудайдын жетеги менен: «Бири-бирибизге көңүл бөлүп, бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөйлү. Чогулушка барбоону адатка айландырып алган кээ бирөөлөргө окшоп, чогулуштарыбызды калтырбайлы. Ал Күндүн жакындап калганын билгендиктен, бири-бирибизди сергек болууга чакыралы»,— деп жазган (Эврейлерге 10:24, 25). Кабар айтуу, окутуу жана жыйналыш жолугушууларында биртуугандар менен дайым пикирлешүү жоопкерчилигибизди кубаныч менен аткарып жана муну артыкчылык, сыймык катары көрүп, биз Жахабага ыраазычылык келтирүүчүлөрдөн боло алабыз.

13. Ыктыярдуу тартууларга жана түшүм жыйноонун тартибине байланыштуу чаралардан кандай сабак алсак болот?

13 Ошону менен бирге, ысрайылдыктардын ыраазычылык билдирүүсүнө шарт түзгөн берки эки чараны — ыктыярдуу тартуулар менен түшүм жыйноого байланыштуу чараны — карап чыгуудан да пайда ала алабыз. Ондук алып келүү айкын аныкталып, милдет жана талап болуп эсептелсе, ыктыярдуу тартуулар жана түшүм жыйноонун тартиби белгилүү бир өлчөм менен байланыштуу болгон эмес. Тескерисинче, бул чаралар Жахабанын кызматчысына жүрөгүндөгү ыраазычылыгынын тереңдигине жараша иш-аракет кылууга жол берген. Ошо сыяктуу эле биз, кызматка жана жыйналыш жолугушууларына катышуу Жахабанын ар бир кызматчысынын негизги жоопкерчилиги экенин түшүнсөк да, аларга чын жүрөктөн жана даярдуулук менен катышабызбы? Аларды Жахабанын бизге кылып жаткан бардык жакшылыктары үчүн чын ыкластан ыраазылык билдирүү мүмкүнчүлүктөрү катары көрөбүзбү? Кызматка жана жолугушууларга өзүбүздүн жагдай-шарттарыбыз жол берген деңгээлде жигердүү катышып жатабызбы? Же мунун баарын аткарышыбыз керек болгон милдет катары эле эсептейбизби? Албетте, бул суроолорго ар бирибиз жекече жооп беришибиз керек. Элчи Пабыл буга байланыштуу: «Ар ким өз ишин көрсөтсүн, ошондо анда, өзүн башка бирөө менен салыштырбай, өзү үчүн гана сүйүнүүгө себеп болот»,— деген (Галаттыктарга 6:4, «ЖД»).

14. Жахаба ага кылган кызматыбызда бизден эмнени күтөт?

14 Жахаба Кудай жагдай-шартыбызды жакшы билет. Мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү экени ага белгилүү. Ал өзүнүн кызматчыларынын даярдуулук менен кылган курмандыктарын (чоң болобу, кичине болобу) жогору баалайт. Кудай баарыбыздын бирдей деңгээлде курмандык тартуулашыбызды күтпөйт, анте да албайт болчубуз. Материалдык тартуу жөнүндө сөз кылып жатып, элчи Пабыл Ыйсанын Корунттагы жолдоочуларына: «Бергенге каалоосу болсо, колунда жок нерсеге жараша эмес, колунда болгон нерсеге жараша кабыл алынат»,— деп айткан (2 Корунттуктарга 8:12). Бул принципти Кудайга кылган кызматыбызга да колдонсо болот. Кызматыбыздын Жахабага канчалык жагымдуу экендиги кылып жаткандарыбыздын чен-өлчөмү менен эмес, аны кандай маанайда (кубанычтуу, чын жүрөктөн) кылып жаткандыгыбызга жараша аныкталат (Забур 99:1—5; Колостуктарга 3:23).

Пионердик рух өрчүтүп, аны сактай бил

15, 16. а) Пионердик кызмат менен ыраазычылык көрсөтүүнүн ортосунда кандай байланыш бар? б) Пионер болуп кызмат кыла албагандар кантип пионердик рух чагылдыра алышат?

15 Жахабага ыраазычылыгыбызды билдирүүнүн акыбеттүү бир жолу — толук убакыттуу кызматты баштоо. Жахабага болгон сүйүүсүнүн жана ыраазылыгынын түрткүсү менен көптөгөн ишенимдүү кызматчылар, Жахабага кызмат кылууга көбүрөөк убакыт арноо үчүн, өздөрүнүн жашоосунда чоң өзгөрүүлөрдү кылышууда. Кээ бирөөлөрү жалпы пионер болуп кызмат кылып, жакшы кабар айтууга жана адамдарды чындыкка окутууга ай сайын 70 сааттай убакыт бөлө алышат. Айрымдары, ар кандай шарттардан улам мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан, мезгил-мезгили менен көмөкчү пионер болуп, кабар айтууга айына 50 саат арнашат.

16 Ал эми жалпы же көмөкчү пионер болуп кызмат кыла албаган көп Күбөлөр жөнүндө эмне айтууга болот? Алар пионердик рух өрчүтүп, аны сактоо менен ыраазычылык билдире алышат. Андай рухту кантип чагылдырууга болот? Ан үчүн пионерлерди бекемдеп, өз балдарына толук убакыттуу кызматчы болуу каалоосун өрчүтүүгө көмөктөшүп, өздөрү болсо шартына жараша кабар айтууга ынтызарлык менен катышуусу зарыл. Кызматыбызды кандай аткарарыбыз көбүнесе Жахабанын биз үчүн кылган, кылып жаткан жана дагы да кыла турган нерселери үчүн жүрөгүбүздөгү ыраазычылыктын канчалык терең экендигинен көзкаранды.

«Мал-мүлкүбүз» менен ыраазычылык көрсөтөбүз

17, 18. а) Кантип «мал-мүлкүбүз» менен ыраазычылык көрсөтө алабыз? б) Жесир аялдын тартуусуна Ыйса кандай баа берген жана эмне үчүн?

17 «Теңириңе мал-мүлкүң менен, бардык кирешеңдин биринчиси менен урмат көрсөт»,— деп айтылат Накыл сөздөр 3:9да. Азыр Жахабанын кызматчылары ондук алып келүүгө милдеттүү эмес. Тескерисинче, Пабыл Корунттагы жыйналышка: «Кыйналып же аргасыз болуп эмес, ар кимиң жүрөгүңдөн чыкканды бер. Анткени Кудай чын көңүлү менен берген адамды сүйөт»,— деп жазган (2 Корунттуктарга 9:7). Дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан Падышалык тууралуу кабар айтуу ишин колдоо үчүн ыктыярдуу тартуу бергенибиз да ыраазычылыгыбызды көрсөтөт. Чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгыбыз бизге муну, Ыйсанын алгачкы жолдоочуларына окшоп, мисалы, тыйын-тыпырыбызды жума сайын чогултуп, үзгүлтүксүз түрдө кылууга түрткү берет (1 Корунттуктарга 16:1, 2).

18 Жахабага болгон ыраазычылыгыбызды берген каражатыбыздын өлчөмү эмес, а кандай рух менен бергенибиз көрсөтөт. Муну Ыйса адамдардын ийбадатканадагы курмандыктар салына турган кутуга өздөрүнүн тартууларын салып жатканда байкаган. Бир жарды жесир аялдын «эки жез тыйын салганын» көрүп, Ыйса: «Силерге чындыкты айтып коёюн, мына бул жарды, жесир аял бардыгынан көп салды. Анткени башкалардын баары өздөрүнөн артканды салышты, ал эми бул аял жардылыгына карабастан, колунда болгонун, тамакка деген акчасынын баарын салды»,— деген (Лука 21:1—4).

19. Өзүбүздүн ыраазылык көрсөткөн жолдорубузду текшерип көрүү эмне үчүн дурус?

19 Эмесе, кантип ыраазычылык келтире аларыбызды карап чыкканыбыз бизге өзүбүздүн ыраазылык көрсөткөн жолдорубузду текшерип көрүүгө түрткү берсин. Биз Жахабага дагы да көбүрөөк мактоо курмандыгын алып келе алабызбы жана бүткүл дүйнөлүк ишибизге көрсөткөн материалдык колдообузду арттыра алабызбы? Эгер буга алыбыз жетишинче умтулуп жатсак, келтирген ыраазычылыгыбыздын берешен жана мээримдүү Атабыз Жахабага жагарына шектенбесек болот.

Эсиңдеби?

• Жахабага кайсы себептерден улам ыраазы болушубуз керек?

• Ондукка, ыктыярдуу тартууларга байланыштуу чаралардан жана түшүм жыйноонун тартибинен эмнелерге үйрөнө алабыз?

• Кантип пионердик рух өрчүтө алабыз?

• «Мал-мүлкүбүздү» кантип Жахабага ыраазычылык билдирүү үчүн колдонсок болот?

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

«Ар кандай жакшы нерсе, ар кандай жеткилең белек жогорудан».

[30-беттеги сүрөт]

Мында Мусанын мыйзамынан кандай үч сабак көргөзүлгөн?

[31-беттеги сүрөт]

Кандай курмандыктарды бере алабыз?