Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыр дагы көбүрөөк сергек болуунун учуру

Азыр дагы көбүрөөк сергек болуунун учуру

Азыр дагы көбүрөөк сергек болуунун учуру

«Сергек болгула, анткени Теңириңердин кайсы убакта келерин билбейсиңер» (МАТАЙ 24:42).

1, 2. Азыркы түзүлүштүн аягында жашап жатканыбызды эмнелер көрсөтүп турат?

«ЖЫЙЫРМАНЧЫ кылым, баарынан мурда, согуштун кылымы болду»,— дейт жазуучу Бил Эммот. Адамзат тарыхында согуш менен зордук-зомбулуктун кесири тийбеген мезгилдин болбогонун айтып, ал мындай деп кошумчалайт: «Согуш мурун деле болуп келген, бирок XX кылымдагы согуштар өздөрүнүн деңгээл-даражасы менен айырмаланды. Бул кылым бүткүл дүйнөлүк конфликти менен айырмаланган эң биринчи жүзжылдык болду... Болгондо да бир эмес, эки дүйнөлүк конфликти менен өзгөчөлөндү».

2 «Бир элге бир эл, бир падышачылыкка бир падышачылык каршы көтөрүлгөндүгү» менен айырмалана турган согуштардын болорун Ыйса Машайак алдын ала айткан. Бирок алар — Машайактын «катышуусунун жана түзүлүштүн аякташынын белгисин» («ЖД») түзгөн бир гана өзгөчөлүк. Бул улуу пайгамбарчылыкта Ыйса ачарчылыкты, жугуштуу ооруларды жана жертитирөөлөрдү да айта кеткен (Матай 24:3, 7, 8; Лука 21:6, 7, 10, 11). Мындай каргашалар масштабы жана катаалдыгы боюнча күчөгөндөн күчөп келүүдө. Кудайга жана жакындарына жасаган мамилеси көрсөтүп тургандай, адам баласы жамандыктын сазына белчесинен батып жатат. Ыйман бузулуп, кылмышкерлик менен зордук-зомбулук күч алууда. Адамдар Кудайды эмес, акчаны сүйүп, ыракат издөө менен алек. Мунун баары — «оор күндөрдө» жашап жатканыбыздын айкын далили (2 Тиметейге 3:1—5).

3. «Убакытка байланыштуу жышаандар» бизге кандай таасир этиши керек?

3 Жашоонун оорлогондон оорлоп баратканына силер кандай көзкараштасыңар? Учурда болуп жаткандарга көптөр кайдыгерлик, жадагалса ташбоордук менен карашат. Дүйнөнүн таасирдүү, акылгөй адамдары «убакытка байланыштуу жышаандардын» маанисин түшүнбөй жатышат, диний жетекчилер да бул жагынан туура жетекчилик бербей келишет (Матай 16:1—3). Бирок Ыйса өзүнүн жолдоочуларын: «Ошондуктан сергек болгула, анткени Теңириңердин кайсы убакта келерин билбейсиңер»,— деп эскерткен (Матай 24:42). Бул жерде Ыйса бизди анда-санда эле эмес, дайыма сергек болууга үндөгөн. Ан үчүн сак жана кыраакы болушубуз керек. Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызды жана азыркы убактын оор экенин түшүнүү эле жетиштүү эмес. Биз «бардык нерсенин аягы жакын» экенине бекем ишенишибиз керек (1 Петир 4:7). Ошондо гана убакыттын аз калганын билүү менен сергек тура алабыз. Ошондуктан: «Дүйнөнүн акыры жакын калганына дагы бекемирээк ишенүүгө эмне жардам берет?» — деген суроонун үстүнөн ой жүгүртүп көргөнүбүз абзел.

4, 5. а) Азыркы каардуу түзүлүштүн акыры жакын калганына болгон ишенимибизди эмне бекемдейт? б) Нухтун убагы менен адам Уулунун катышуусунун ортосундагы окшоштуктардын бири кайсы?

4 Адамзат тарыхындагы бир өзгөчө окуянын — Нухтун күндөрүндөгү Топон суунун — алдында кандай шарт өкүм сүргөнүн карап көрөлү. Адамдар ушунчалык бузулуп кеткендиктен, Жахаба «Өз ичинен өтө кайгырган». Ал: «Мен Өзүм жараткан адамдарды жер бетинен жок кылам»,— деп айткан (Башталыш 6:6, 7). Ал айтканын айткандай кылган. Ошол кез менен азыркы убакты салыштырып, Ыйса: «Нухтун күндөрү кандай болсо, адам Уулунун катышуусу да ошондой болот»,— деген (Матай 24:37, «ЖД»).

5 Жахаба Топон суунун алдындагы дүйнөнү көрүп кандай сезимде болсо, азыркы дүйнөгө карата да ошондой сезимде деп болжоо жүйөлүү. Жахаба Нухтун убагындагы кудайсыз дүйнөнү жок кылса, бүгүнкү каардуу дүйнөнү да жок кылары талашсыз. Ошол убак менен биздин мезгилдин ортосундагы окшоштуктарды айкын түшүнүү бизди азыркы дүйнөнүн акыры жакындап калганына ого бетер ынандырат. Анда ал эмне болгон окшоштуктар? Алардан, бери дегенде, бешөө бар. Биринчиси — жакындап келаткан кыйроо жөнүндөгү эскертүүнүн ачык-айкын берилиши.

Нухка «али көрүнө элек нерсе жөнүндө» эскертилген

6. Нухтун күндөрүндө Жахаба эмне кылууну чечкен?

6 Нухтун күндөрүндө Жахаба: «Адамдар Менин Рухумду түбөлүккө тоотпой жүрө беришпейт, анткени алар — адам. Алардын жашы жүз жыйырма жыл болсун»,— деп жарыялаган (Башталыш 6:3). Кудайдын бул өкүмү б.з.ч. 2490-жылы чыгарылган. Ошондон тартып ошол кудайсыз дүйнөнүн акыры башталган. Мунун ал кездеги адамдар үчүн эмнени билдиргенин ойлоп көрчү! Болгону дагы 120 жылдан кийин, Жахаба «асман астындагы өмүр деми бар тирүү жандын баарын жер бетинен жок кылыш үчүн, топон суу каптатмак» (Башталыш 6:17).

7. а) Топон суу жөнүндөгү эскертүүнү Нух кандай кабыл алган? б) Бул түзүлүштүн акыры жөнүндөгү эскертүүлөрдү эске алып, эмне кылышыбыз керек?

7 Нух боло турган каргаша жөнүндө алдын ала эскертүү алган жана куткарылууга даярданып, калган убакытты акылмандык менен пайдаланган. «Нух пайгамбар али көрүнө элек нерсе жөнүндө аян алып [«эскертилген соң», «ЖД»], өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган»,— дейт элчи Пабыл (Эврейлерге 11:7). Бизчи? Бул түзүлүштүн акыркы күндөрү 1914-жылы башталгандан бери 90 жылдай өттү. «Акыркы мезгилде» жашап жатканыбыз талашсыз (Даниел 12:4). Анда берилген эскертүүлөрдү эске алып, эмне кылышыбыз керек? «Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп айтылат Ыйык Китепте (1 Жакан 2:17). Ошондуктан азыр убакыттын аз калганын сезип, Жахабанын эркин аткаруунун убагы.

8, 9. Азыркы убакта кандай эскертүүлөр берилип жатат жана алар кандайча жарыяланууда?

8 Азыркы убакта Ыйык Китепти чын ыкластан изилдеген адамдар бул түзүлүштүн кыйроого сөзсүз дуушар болорун билишүүдө. Силер ал кыйроонун келерине ишенесиңерби? Ыйса Машайактын: «Ошондо жер жаралгандан тартып, азыркыга чейин болбогон жана андан кийин да болбой турган чоң алаамат болот»,— деп ачык-айкын айткан сөздөрүнө көңүл бурсаңар (Матай 24:21). Ошондой эле Ыйса Кудайдын майланган Соту катары келип, адамдарды койчу койлорду эчкилерден бөлгөндөй бөлөрүн айткан. Татыксыз болуп табылгандар «түбөлүккө азап чегишет [«кыйылышат», «ЖД»], адил адамдар болсо түбөлүк өмүргө ээ болушат» (Матай 25:31—33, 46).

9 Жахаба бул жөнүндө өзүнүн элине «ишенимдүү жана акылдуу кул» берип жаткан рухий тамак аркылуу өз убагында эскертип келүүдө (Матай 24:45—47). Андан тышкары, «Кудайдан корккула, Аны даңктагыла, анткени Анын соттой турган убагы келди» деген чакырык бардык урууларга, улуттарга, тилдерге жана элдерге айтылууда (Аян 14:6, 7). Кудайдын Падышалыгы жакында адамдардын башкаруусун жок кылары тууралуу эскертүү дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрү таратып жаткан Падышалык жөнүндөгү кабардын ажырагыс бөлүгүн түзөт (Даниел 2:44). Бул эскертүүгө көңүлкош кароого болбойт. Кудуреттүү Кудай дайыма сөзүнө турат (Ышайа 55:10, 11). Ал Нухтун күндөрүндө сөзүнө турган, биздин күндөрдө да айтканын аткарат (2 Петир 3:3—7).

Жыныстык бузукулуктун кулач жайышы

10. Нухтун күндөрүндөгү адеп-ахлаксыздык жөнүндө эмне айтууга болот?

10 Биздин убактын Нухтун күндөрү менен дагы бир окшоштугу бар. Жахаба биринчи эркек менен аялга Өзү караштырган жыныстык катнашты никенин алкагында татыктуу колдонуу менен жер жүзүн адамдарга толтурууну буйруган (Башталыш 1:28). Нухтун убагында болсо Кудайдан баш тарткан периштелер адамзатты табигый эмес жыныстык байланышка азгырып бузушкан. Алар жерге түшүп, адам кейпин кийип, сулуу аялдар менен жашашкан жана алардан жарымы адам, жарымы жин-пери болгон алптар төрөлгөн (Башталыш 6:2, 4). Бул бузуку периштелердин күнөөсү Содом менен Амордо жасалган бузукулуктарга салыштырылат (Жүйүт 6, 7). Демек, адеп-ахлаксыздык ал күндөрү кеңири кулач жайган.

11. Адеп-ахлактык жактан кандайча биздин убак Нухтун күндөрүнө окшош?

11 Бүгүнкү күндөгү адеп-ахлак тууралуу эмне десек болот? Акыркы күндөрдө көптөр секске баш-оту менен берилишүүдө. Пабыл мындай адамдарды «өздөрүнүн аң-сезиминен ажырап калгандар» деп мүнөздөгөн. Чынында эле, көптөр «ар кандай ыпылас иштерди тойбостук менен жасап, бузуктукка берилип» жатышат (Эфестиктерге 4:19). Порнография, никеге чейинки жыныстык катнашуу, балдарды зордуктоо жана гомосексуализм боло жүргөн нерселерге айланды. Кээ бирөөлөр жыныстык жол менен жугуучу ооруларга, үй-бүлөнүн бүлүнүшүнө жана башка кыйынчылыктарга дуушар болуп, өздөрүнүн жазасын азыртан эле алып жатышат (Римдиктерге 1:26, 27).

12. Эмне үчүн жамандыкты жек көрүү сезимин өрчүтүшүбүз керек?

12 Нухтун күндөрүндө Жахаба жерге улуу Топон суу каптатып, секске баш-оту менен берилген дүйнөнү жок кылган. Биз азыркы күндөрдүн так эле Нухтун күндөрүндөй экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Жакындап келаткан «чоң алаамат» жерди «ойноштук кылуучулардан, нике бузуучулардан, аял жандуулардан, бачабаздардан» тазалайт (Матай 24:21; 1 Корунттуктарга 6:9, 10; Аян 21:8). Жамандыкты жек көрүү сезимин өрчүткөнүбүз жана адеп-ахлаксыздыкка алып барышы мүмкүн болгон жагдайлардан качканыбыз кандай маанилүү! (Забур 96:10; 1 Корунттуктарга 6:18).

Жер бети «зордук-зомбулукка толуп кетти»

13. Эмне үчүн Нухтун күндөрүндө жер бети «зордук-зомбулукка» толуп кеткен?

13 Ыйык Китеп көңүлүбүздү Нухтун күндөрүндөгү дагы бир өзгөчөлүккө бурат. Анда: «Жер бети Кудайдын көз алдында бузулуп, жаман иштерге [«зордук-зомбулукка», «ЖД»] толуп кетти»,— деп айтылат (Башталыш 6:11). Зордук-зомбулук жаңы деле нерсе эмес болчу. Биринчи болуп Адам атанын баласы Кабыл өзүнүн адил биртууганын өлтүргөн (Башталыш 4:8). Ал эми Лемек өзүнүн убагындагы зомбулуктуу маанайды чагылдырып, коргонуу максатында бир баланы өлтүрүп койгондугу менен мактанып ыр чыгарган (Башталыш 4:23, 24). Бирок Нухтун күндөрүндө зордук-зомбулуктун деңгээли жаңы болгон. Кудайдын баш ийбеген периште уулдары жердеги аялдарга үйлөнүп, тукум жарата баштагандан тартып зордук-зомбулук мурун болуп көрбөгөн деңгээлге жеткен. «Жаңы дүйнө котормосунда» көрсөтүлгөндөй, бул мыкаачы алптарга карата колдонулган байыркы эврей сөзү «кулатуучулар» («башкаларды кулаткандар») деген маанини туюнтат (Башталыш 6:4). Натыйжада жер бети «зордук-зомбулукка» толуп кеткен (Башталыш 6:13, «ЖД»). Үй-бүлөсү менен ушундай чөйрөдө жашаган Нухтун эмне деген кыйынчылыктарга дуушар болгонун элестетсеңер! Ошого карабастан Жахабанын алдында Нух «замандаштарынын ичинен» «адил деп табылган» (Башталыш 7:1).

14. Бүгүнкү дүйнөдө «зордук-зомбулук» канчалык көбөйдү?

14 Зордук-зомбулук атамзамандан бери өкүм сүрүп келет. Бирок, Нухтун күндөрүндөгүдөй эле, азыр зордук-зомбулук болуп көрбөгөндөй деңгээлде жасалып жатат. Биз акыркы кездерде үй-бүлөдөгү мыкаачылык, террордук актылар, геноцид, жөндөн-жөн эле бир канча адамды өлтүрүп салган кылмышкерлер жөнүндө көп укчу болдук. Мындан тышкары, согуштарда кан суудай төгүлүп жатат. Жер бети кайрадан зордук-зомбулукка толуп кетти. Эмне үчүн? Зордук-зомбулуктун көбөйүп жатышынын себеби эмнеде? Жоопту Нухтун күндөрүндөгү дагы бир окшоштук ачып берет.

15. а) Акыркы күндөрдө зордук-зомбулуктун көбөйүп жатышынын себеби эмнеде? б) Эмнеден шектенбесек болот?

15 Кудайдын Мессиялык Падышалыгы 1914-жылы асманда орнотулганда, такка отурган Падыша Ыйса Машайак тарыхый мааниси зор иш жасаган. Ал Шайтан Ибилисти жана анын жин-перилерин асмандан жердин айланасына кууп түшүргөн (Аян 12:9—12). Топон суунун алдында Кудайга баш ийбеген периштелер асмандагы абалын өз ыктыярлары менен таштап кетишкен; бирок биздин заманда алар асмандан күч менен кууп түшүрүлгөн. Андан сырткары, азыр алар денелик жактан жосунсуз ырахатка батуу үчүн адам кейпин кие алышпайт. Ошондуктан көңүл кайттылыкка батып, каарданып жана жакындап келаткан соттон коркуп, алар адамдарга жана уюмдарга Нухтун убагындагыдан да ашып түшкөн ырайымсыздыктарды, зордук-зомбулуктарды кылууга таасир этип жатышат. Кудайга баш ийүүдөн баш тарткан периштелер жана алардын тукумдары жерди жамандыкка толтуруп салышканда, Жахаба Топон сууга чейинки дүйнөнү түп-тамыры менен кыйраткан. Кудайдын биздин убакта да ошондой иш-аракет кыларына шектенбесек болот! (Забур 36:10). Бирок бүгүн сергек тургандар өздөрүнүн куткарылуусу жакын калганын билишет.

Кабар айтуу иши

16, 17. Нухтун күндөрү менен биздин убактын ортосундагы төртүнчү окшоштук кайсы?

16 Азыркы убак менен Топон сууга чейинки дүйнөгө байланыштуу төртүнчү окшоштук Нухка тапшырылган ишке байланыштуу. Нух чоң кеме курган. Андан тышкары, ал Кудайдын кабарын «жар салган» (2 Петир 2:5). Ал кабар эмне жөнүндө эле? Нухтун айткан кабарына, кыязы, өкүнүүгө чакыруу жана жакындап келаткан кыйроо жөнүндө эскертүү кирген. Ыйса Нухтун күндөрүндөгү адамдардын «Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, ойлонушпаганын» айткан (Матай 24:38, 39).

17 Ошо сыяктуу эле, Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу тапшырмасын ынтызарлык менен аткарып жатышканынын натыйжасында Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабар дүйнө жүзү боюнча жарыяланып жатат. Азыр Падышалык тууралуу кабарды дээрлик тегеректин төрт бурчунда адамдар өз тилдеринде угуп, окуй алышат. Жахабанын Падышалыгын жарыялаган «Күзөт мунарасы» журналы 140тан ашуун тилде 25 000 000дон ашык нускада басылып чыгууда. Ооба, Кудайдын Падышалыгы тууралуу жакшы кабар «бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк катары таратылып» жатат. Бул иш Кудай туура көргөн деңгээлге жеткенде, дүйнөнүн акыры сөзсүз келет (Матай 24:14).

18. Көптөрдүн кабар айтуу ишибизге жасаган мамилеси кандайча Нухтун күндөрүндөгү көпчүлүктүн мамилесине окшош?

18 Топон сууга чейинки күндөрдө адамдардын рухий нерселерге такыр кызыкпаганынан жана адеп-ахлактыктын өтө төмөн болгонунан улам Нухтун үй-бүлөсү ишеними жок замандаштары тарабынан күлкүгө, кордоого жана шылдыңга алынганы турган иш. Бирок ал дүйнөнүн акыры келген. Анын сыңарындай, ушул акыркы күндөрдө да «шылдыңчылар» көп. А бирок Ыйык Китепте: «Теңирдин күнү... ууру сыяктуу келет»,— деп айтылат (2 Петир 3:3, 4, 10). Белгиленген убагында ал күн сөзсүз келет, кечиктирилбейт (Хабакук 2:3). Ошондуктан сергек болгонубуз кандай гана маанилүү!

Аз эле адам куткарылат

19, 20. Топон суу менен азыркы түзүлүштүн кыйроосунун ортосунда кандай окшоштук бар?

19 Нухтун күндөрү менен биздин убактын ортосундагы окшоштук адамдардын бузулгандыгы жана алардын кыйроосу менен эле аяктабайт. Топон суудан аман калган адамдар болгондой эле, азыркы түзүлүштүн акыры келгенде да куткарыла тургандар болот. Топон суудан көпчүлүк сыяктуу жашабаган момун адамдар аман өтүшкөн. Алар Кудайдын эскертүүлөрүн кабыл алып, ошо кездеги каардуу дүйнөдөн оолак болушкан. «Нух... Теңирдин алдында ырайым тапты,— дейт Ыйык Китеп.— Нух өз замандаштарынын ичинен адил, кемчиликсиз адам болгон» (Башталыш 6:8, 9). Бүт адамзаттын ичинен бир үй-бүлө, «аз эле адам, тактап айтканда, сегиз гана жан суу аркылуу аман калган» (1 Петир 3:20). Жахаба Кудай аларга: «Укумдап-тукумдап көбөйгүлө, жерге толгула»,— деп тапшырма берген (Башталыш 9:1).

20 Кудайдын Сөзү бизди «эбегейсиз көп адамдардын» «улуу кайгыдан» аман өтөрүнө ынандырат (Аян 7:9, 14). Алардын саны канча болот? Ыйса өзү: «Тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз»,— деп айткан (Матай 7:13, 14). Азыр жер жүзүндө жашап жаткан миллиарддаган адамдарга салыштырмалуу, алдыдагы улуу кайгыдан аман өткөндөр аз болот. Бирок аларга да Топон суудан аман өткөндөргө берилгендей мүмкүнчүлүк берилиши мүмкүн, башкача айтканда, куткарылгандар, сыягы, кайсы бир убакыт аралыгында жердеги жаңы коомду түзө турган укум-тукум жаратышат (Ышайа 65:23).

«Сергек болгула»

21, 22. а) Топон суу жөнүндөгү билдирүүнү карап чыгуудан силер өзүңөргө кандай пайда алдыңар? б) 2004-жылы кайсы аят жылдык аят болот жана анда берилген кеңешке эмне үчүн кулак кагышыбыз керек?

21 Топон суудан бери миңдеген жылдар өтсө да, ал биз үчүн олуттуу көңүл бурууга татыктуу эскертүү болуп саналат (Римдиктерге 15:4). Нухтун күндөрү менен азыркы мезгилдин ортосундагы окшоштуктар бизге болуп жаткандардын маанисин дагы жакшыраак баамдоого жана Ыйсанын ыймансыздарды соттоо үчүн ууру сыяктуу келерин эске алып, сак болууга жардам бериши керек.

22 Бүгүн Ыйса Машайак эбегейсиз зор рухий курулушту башкарып жатат. Азыр чыныгы сыйынуучулардын коопсуздугу жана куткарылуусу үчүн кеме сыяктуу рухий бейиш бар (2 Корунттуктарга 12:3, 4). Улуу кайгыдан аман калуу үчүн, биз ошол бейиште болушубуз керек. Рухий бейишти курчап турган Шайтандын дүйнөсү рухий жактан үргүлөп кеткендерди жалмап салууга даяр турат. Демек, «сергек болуп», Жахабанын күнүнө даяр турганыбыз абдан маанилүү (Матай 24:42, 44).

Эсиңердеби?

• Ыйса өзүнүн келишине байланыштуу кандай эскертүү берген?

• Ыйса өзүнүн катышуусунун учурун эмне менен салыштырган?

• Биздин убак кайсы жактары менен Нухтун күндөрүнө окшош?

• Нухтун күндөрү менен азыркы мезгилдин ортосундагы окшоштуктардын үстүнөн ой жүгүртүү кандайча бизге убакыттын аз калганын сезүүгө жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[9-беттеги сүрөт]

Нух Кудайдын эскертүүсүнө кулак каккан. Бизчи?