Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Алардын үнү бүт жер жүзүнө жетти»

«Алардын үнү бүт жер жүзүнө жетти»

«Алардын үнү бүт жер жүзүнө жетти»

«Бардык элдерден шакирт даярдагыла; аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атына чөмүлткүлө» (МАТАЙ 28:19, «ЖД»).

1, 2. а) Ыйса өзүнүн шакирттерине кандай тапшырма берген? б) Эмнеге Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары чоң ишти аткара алышкан?

АСМАНГА кетеринин алдында Ыйса өзүнүн шакирттерине: «Бардык элдерден шакирт даярдагыла; аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атына чөмүлткүлө»,— деп тапшырма берген (Матай 28:19, «ЖД»). Аларга кандай чоң иш тапшырылган!

2 Ойлоп көрсөң, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында 120 чакты шакиртке асмандан ыйык рух түшкөндө, алар башкаларга Ыйсанын убадаланган Мессия экенин жана ал аркылуу куткарылууга жетсе болорун айтып, анын тапшырмасын аткара башташкан (Элчилер 2:1—36). Ошол чакан топ кабарды «бардык элдерге» кантип жеткирмек? Бул адамдар үчүн мүмкүн эмес нерсе болгон, бирок Кудай үчүн «баары мүмкүн» (Матай 19:26, «Мукаддас»). Ыйсанын алгачкы жолдоочулары Жахабанын ыйык рухунун колдоосуна ээ болушкан жана убакыттын аз калганын билишкен (Захария 4:6; 2 Тиметейге 4:2). Ошондуктан элчи Пабыл бир нече эле он жылдыктан кийин жакшы кабардын «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланганын» айта алган (Колостуктарга 1:23).

3. Ыйсанын чыныгы шакирттерин билдирген «буудайды» эмне басып калган?

3 Чыныгы сыйынуу I кылымдын көбүрөөк бөлүгүндө токтоосуз өркүндөгөн. Бирок, Ыйса алдын ала айткандай, Шайтан «отоо чөп» сээп, Ыйсанын чыныгы шакирттерин билдирген «буудай» орок маалына чейин көптөгөн кылымдар бою басылып кала турган убак келмек. Элчилердин көзү өткөндөн кийин баары Ыйса айткандай болгон (Матай 13:24—39).

Бүгүнкү күндөгү тез өсүш

4, 5. Ыйсанын майланган жолдоочулары 1919-жылдан баштап кайсы ишти аткара башташкан жана эмне үчүн бул оңой эмес иш болгон?

4 1919-жылы Ыйсанын чыныгы шакирттерин билдирген «буудайды» отоо чөптөн бөлүү убагы келген. Ыйсанын майланган жолдоочулары анын улуу тапшырмасы дагы деле күчүндө экенин билишкен. Алар өздөрүнүн «акыркы убакта» жашап жатышканына бекем ишенишкен жана Ыйсанын: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет»,— деген пайгамбарлыгы аларга маалым болгон (2 Тиметейге 3:1; Матай 24:14). Ооба, алар көп жумуш аткаруу керектигин билишкен.

5 Бирок Ыйсанын бул майланган жолдоочулары, б.з. 33-жылындагы шакирттер сыяктуу эле, оңой эмес ишке туш болушкан. Алар саналуу гана өлкөлөрдө жашап, бир нече эле миң болчу. Анда кантип алар жакшы кабарды бүт жер жүзүнө тарата алышмак? Дүйнөдөгү калктын саны Рим империясынын тушунда болжол менен 300 миллион болсо, Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин 2 миллиарддай болуп калган эле. Анын үстүнө, XX кылымда адамдардын саны дагы кыйла өсмөк.

6. 1930-жылдарга чейин жакшы кабар кандай ийгилик менен таратылган?

6 Буга карабастан, Жахабанын майланган кызматчылары, I кылымдагы биртуугандары сыяктуу эле, толугу менен Жахабага таянып ишке киришишкен жана анын руху алар менен болгон. 1930-жылдардын орто ченинде ыйык китептик чындыкты жарыялоого 115 өлкөдө 56 000дей кабарчы катышкан. Көп иш аткарылганы менен, жумуш дагы деле көп болчу.

7. а) Кандайча 1935-жылы Ыйсанын майланган жолдоочуларынын иши көбөйгөн? б) «Башка койлордун» колдоосу менен чогултуу иши канчалык ийгиликтүү жүргүзүлүп келатат?

7 Кийин Аян 7:9да кеп кылынган «эбегейсиз көп адамдардын» ким экендиги даанараак аныкталганда, бир чети Ыйсанын майланган мээнеткеч жолдоочуларынын жумушу көбөйсө, бир чети бул аларга жардамчылардын кошуларын билдирген. «Башка койлорду» түзгөн сансыз адамдар — жерде жашоого үмүттөнгөн ишенимдештер — «ар бир уруудан, ар бир улуттан, ар бир элден жана ар бир тилден» чогултулушу керек болгон (Жакан 10:16). Алар Жахабага «күнү-түнү кызмат кылышмак» (Аян 7:15). Алар кабар айтуу жана окутуу ишинде жардам беришмек (Ышайа 61:5). Жакшы кабарчылардын катары он миңдеп, кийин миллиондоп өсүп жатканын көрүү Ыйсанын майланган жолдоочуларына чоң кубаныч алып келген. Басымдуу көпчүлүгүн «эбегейсиз көп адамдар» түзгөн кабарчылардын жаңы жогорку саны 2003-жылы 6 429 351ге жетти *. Ыйсанын майланган жолдоочулары көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазы, ал эми башка койлор майланган биртуугандарына колдоо көрсөтүүнү артыкчылык көрүшөт (Матай 25:34—40).

8. Экинчи дүйнөлүк согуштун учурундагы катуу кысымдарга Жахабанын Күбөлөрү кантип жооп кайтарышкан?

8 Буудай тобу кайра даана көрүнгөндө, Шайтан ага каршы айыгышкан согуш ачкан (Аян 12:17). Ал эбегейсиз көп адамдардын пайда боло баштаганын кандай кабыл алган? Жеткен каардуулук менен! Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда чыныгы сыйынууга дүйнө жүзү боюнча кол салынганда, мунун артында Шайтан турганында шек барбы? Ыйсанын жолдоочулары согушкан эки тараптын тең катуу кысымына алынышкан. Көптөгөн асыл биртуугандарыбыз үрөй учурарлык сыноолорго чыдашкан, айрымдары ишеними үчүн курман болушкан. Ошого карабастан, алар: «Мен Кудайды сөзү үчүн даңктайм. Кудайдан үмүттөнөм, коркпойм. Адам мага эмне кыла алат?» — деген забурчунукундай маанайда болушкан (Забур 55:5; Матай 10:28). Жахабанын рухунун жардамы менен Ыйсанын майланган жолдоочулары жана башка койлор бирдикте бекем турушкан (2 Корунттуктарга 4:7). Натыйжада «Кудайдын сөзү кеңири жайыла» берген (Элчилер 6:7). Согуш башталган 1939-жылы кабар айтуу ишине катышкандыгы тууралуу Ыйсанын 72 475 ишенимдүү жолдоочусу отчёт берген. Ал эми 1945-жылы, толук эмес отчёттор боюнча, жакшы кабарды 156 299 Күбө тараткан. Шайтан үчүн бул кандай жеңилиш болгон!

9. Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда кайсы жаңы мектептер ачылган?

9 Жахабанын кызматчыларынын Экинчи дүйнөлүк согуштагы башаламандыктардын кабар айтуу ишине тоскоол боло албасына шек санабаганы айкын. Чындыгында, 1943-жылы согуш күчөп турган кезде эки жаңы мектеп ачылган. Биринчиси азыр Теократиялык кызмат мектеби деп аталат. Ал ар бир Күбөнү кабар айтууга жана шакирт даярдоого үйрөтүү үчүн бардык жыйналыштарда өткөрүлүүгө ылайыкташтырылган. Экинчиси — Күзөт Мунарасынын ыйык китептик Гилат мектеби — кабар айтуу ишин чет өлкөлөрдө аткара турган миссионерлерди окутуу максатында ачылган. Ооба, согуш аяктаганда Ыйсанын чыныгы жолдоочулары мурдагыдан да көбүрөөк иш жүргүзүүгө даяр болушкан.

10. Жахабанын элинин ынтасы 2003-жылы кандайча көрсөтүлдү?

10 Алар кандай таң каларлык иш аткарышты! Теократиялык кызмат мектебинде окугандардын баары: жаштар да, карылар да, ата-энелер да, балдар да, жадагалса бейкаруулар да Ыйсанын улуу тапшырмасын аткарып келишүүдө (Забур 148:12, 13; Жоел 2:28, 29). 2003-жылы 825 185 жарчы пионердик кызматка убактылуу же үзгүлтүксүз катышып, убакыттын аз калганын баамдашарын көрсөтүштү. Ал жылы Жахабанын Күбөлөрү башкаларга Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды айтууга 1 234 796 477 саат жумшашты. Албетте, Жахаба өзүнүн элинин ынтасына ыраазы!

Чет өлкөдө

11, 12. Миссионерлердин сонун жетишкендиктерин кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

11 Көп жылдан бери Гилаттын бүтүрүүчүлөрү, ал эми жакындан бери Кызматка окутуу мектебинин бүтүрүүчүлөрү зор жетишкендиктерге ээ болуп келишүүдө! Мисалы, Бразилияга 1945-жылы биринчи миссионерлер келгенде, 400гө жетпеген жарчы бар болчу. Ал миссионерлер жана алардан кийин келгендер бразилиялык ынталуу биртуугандары менен бирге үзүрлүү эмгектенип келишти жана Жахаба алардын аракетине батасын мол берди. 2003-жылы Бразилияда жарчылардын жаңы жогорку саны 607 362ге жетти. Бул ошол алгачкы жылдарды эстеп жүргөндөр үчүн кандай кубанычтуу!

12 Жапонияда болсо Экинчи дүйнөлүк согушка чейин Падышалыктын кабарчылары жүзгө жакын эле. Согуш маалындагы ырайымсыз куугунтуктоонун айынан алардын саны азайып отуруп, согуштун аягында тирүү калган же рухийлигин сактаган Күбөлөр аз эле болчу (Накыл сөздөр 14:32). Ишенимдүүлүгүнөн жазбаган бул бир нече биртууган өлкөгө келген алгачкы миссионерлерди, 1949-жылы Гилат мектебин бүтүргөн 13 миссионерди, тосуп алышканда, албетте, абдан сүйүнүшкөн. Миссионерлер болсо дилгир жана меймандос жапон биртуугандарын тез эле жакшы көрүп калышкан. 50 жылдан ашык убакыт өткөн соң, 2003-жылы Жапонияда бардыгы болуп 217 508 жарчы отчёт тапшырды! Чынында эле, Жахаба бул өлкөдөгү элине мол бата берип келүүдө. Көптөгөн башка өлкөлөрдөн да ушу сыяктуу отчёттор келүүдө. Чет өлкөдө кызмат кыла алгандар жакшы кабардын тарашына зор салым кошкондуктан, ал кабар 2003-жылы дүйнө жүзү боюнча 235 өлкөдө, аралдарда жана аймактарда айтылды. Ооба, эбегейсиз көп адамдар «ар бир элден» чыгууда.

«Ар бир уруудан, ар бир улуттан жана ар бир тилден»

13, 14. Жакшы кабарды «ар бир тилде» таратуу маанилүү экенин Жахаба кантип көрсөткөн?

13 Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында шакирттер ыйык рух менен майлангандан кийин көрсөтүлгөн биринчи керемет алардын чогулган элге ар кайсы тилде сүйлөгөнү болгон. Аларды уккандардын баары эларалык бир тилде (болжолу, грек тилинде) сүйлөшө алышкан болуш керек. «Динчил» болушкандыктан, чамасы, алар ийбадатканада эврей тилинде өткөрүлгөн кызматты да түшүнүшкөн. Бирок жакшы кабар өздөрүнүн эне тилинде айтылганда, алар шакирттерди кунт коюп угууга түрткү алышкан (Элчилер 2:5, 7—12).

14 Бүгүнкү күндө да жакшы кабар көп тилде айтылууда. Эбегейсиз көп адамдардын ар бир элден эле эмес, «ар бир уруудан, ар бир улуттан жана ар бир тилден» чыгары да алдын ала айтылган. Буга ылайык, Жахаба Захария аркылуу мындай пайгамбарчылык айткан: «Ар кандай тилдерде сүйлөгөн бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: „Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук“,— дешет» (Захария 8:23). Жахабанын Күбөлөрү ар кайсы тилде сүйлөө жөндөмүнө ээ болбосо да, алар адамдарды өздөрүнүн тилинде окутуу канчалык маанилүү экенин билишет.

15, 16. Миссионерлер жана башкалар жергиликтүү тилдерде кабар айтуу ишине кантип салым кошушкан?

15 Бүгүн англис, француз жана испан тилдери сыяктуу абдан кеңири колдонулган бир нече тил бар дечи. Бирок башка өлкөлөрдө кызмат кылуу үчүн өздөрүнүн мекенин калтырып кеткендер жакшы кабарды «түбөлүк өмүргө карата туура маанайда болгондордун» жүрөгүнө жеткирүү максатында жергиликтүү тилдерди үйрөнүүгө аракеттенишет (Элчилер 13:48, «ЖД»). Бул оңойго турбашы мүмкүн. Тынч океанынын түштүк бөлүгүндөгү Тувалу аралындагы биртуугандар өздөрүнүн тилиндеги адабияттарга муктаж болгондо, бул ишке миссионерлердин бири киришкен. Ал тилде эч кандай сөздүк болбогондуктан, миссионер тувалу тилинде сөздүк түзө баштаган. Убакыттын өтүшү менен ал тилде «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» деген китеп басылып чыккан. Ошо сыяктуу эле, миссионерлер Кюрасаого келишкенде, папьяменто деген жергиликтүү тилде ыйык китептик адабият да, сөздүк да жок болчу. Ошондой эле бул тилде кантип жазыш керектигине байланыштуу чоң талаш-тартыштар бар эле. Буга карабастан, биринчи миссионерлердин келгенинен эки жыл өткөндөн кийин ал тилде алгачкы ыйык китептик баракча чыгарылган. Бүгүн папьяменто тили — «Күзөт мунарасы» англис тили менен катарлаш чыккан 133 тилдин бири.

16 Анголада биринчи миссионерлер үчүн котормо жагынан жардамдаша турган ангол Күбө табуу кыйынчылык туудурган. Андан тышкары, жергиликтүү тилдерде биздин адабияттарда кеңири колдонулган «жеткилең» деген сыяктуу түшүнүктөргө ылайык сөздөр жок болчу. Бир миссионер: «Которуу үчүн мен, негизинен, Ыйык Китепти изилдеген мектеп мугалимдеринен жардам алчумун. Чындык жөнүндө аз билишкендиктен, алар менен бирге отуруп, ар бир сүйлөмдүн так которулганына ынанууга туура келчү»,— дейт. Ошентсе да, акыры «Жаңы дүйнөдөгү жашоо» деген баракча Анголанын бир канча тилине которулган. Бүгүн «Күзөт мунарасы» жергиликтүү тилдердин биринде (умбунду тилинде) англис тили менен катарлаш чыгат.

17, 18. Мексикада жана башка өлкөлөрдө кандай иш-аракеттер жүргүзүлүүдө?

17 Мексикада 28негизги тил болуп испан тили эсептелет. Бирок испаниялыктар келгенге чейин ал жердеги элдер көптөгөн башка тилдерде сүйлөшчү (айрымдары азыр деле колдонулат). Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттары азыр Мексикада жети тилде, андан тышкары, мексикалык жаңдоо тилинде басылып чыгат. Майя тилиндеги «Падышалык кызматыбыз» — америкалык индей тилдеринде чыккан мезгилдүү басылмалардын биринчиси. Азыр Падышалыктын Мексикадагы 572 530 жарчысынын арасында бир нече миң майя, ацтек элдеринин жана башка элдердин өкүлдөрү бар.

18 Акыркы кездерде миллиондогон адамдар чет өлкөлөргө качкын катары же экономикалык себептер менен өздөрүнүн мекенинен жер которуп кетишүүдө. Натыйжада көп өлкөлөрдө чет тилдүү чоң-чоң аймактар пайда болууда. Ал жерлерде Жахабанын Күбөлөрү билек түрүп ишке киришүүдө. Мисалы, Италияда италян тилинен тышкары дагы 22 тилде жыйналыштар, топтор бар. Биртуугандарга башка тилде сүйлөгөн адамдарга кабар айтууга жардам берүү үчүн, жакында 14 тилди, анын ичинде италян жаңдоо тилин үйрөтүү максатында 70 чакты курс уюштурулган. Көптөгөн башка өлкөлөрдө да Жахабанын Күбөлөрү ошо сыяктуу иш-аракеттерди жүргүзүп, кабарды башка жактан келгендерге жеткирүүгө умтулуп жатышат. Ооба, Жахабанын жардамы менен эбегейсиз көп адамдар, чынында эле, ар кайсы тилдик топтордон чогулушууда.

«Бүт жер жүзүнө»

19, 20. Бүгүнкү күндө Пабылдын сөздөрү кандайча таң калыштуу түрдө аткарылып жатат? Түшүндүргүлө.

19 Биринчи кылымда элчи Пабыл: «„Эмне, алар угушкан жокпу?“ ...Тескерисинче, „Алардын үнү бүт жер жүзүнө, алардын сөзү дүйнөнүн төрт бурчуна жетти“»,— деп жазган (Римдиктерге 10:18). Эгер I кылымда эле ошондой болгон болсо, анда бүгүнкү күндө ого бетер ошондой эмеспи! Болжолу, мурда тарыхта болуп көрбөгөн сандагы миллиондогон адамдар: «Теңирди ар убакта мактаймын. Аны үзгүлтүксүз даңктоо ыры менин оозумдан түшпөйт»,— деп айтышууда (Забур 33:2).

20 Андан тышкары, кабар айтуу иши басаңдаган жок. Падышалыктын жарчыларынын саны барган сайын өсүп, кабар айтуу ишине жумшалган убакыттын өлчөмү улам көбөйүүдө. Миллиондогон кайра жолугуулар жасалып, жүз миңдеген ыйык китептик изилдөөлөр өткөрүлүп жатат. Кызыгуучулардын да саны токтоосуз өсүүдө. Былтыр Ыйсанын өлүмүн Эскерүү кечесине жаңы жогорку санда 16097622 адам катышты. Али да көп иш аткарылышы керектиги талашсыз. Келгиле, катуу куугунтукка чыдаган, бекем ишенимдүүлүк көрсөткөн биртуугандарыбыздан үлгү алалы. Ошондой эле 1919-жылдан бери өздөрүнүн жашоосун Жахабага кызмат кылуу менен өткөргөн биртуугандарыбыздын ынтасын чагылдыра берели. Келгиле, баарыбыз тең забурчунун: «Теңирди бардык тирүү жандар макташсын! Теңирди даңктагыла!» — деген сөздөрүн үзгүлтүксүз кайталайлы (Забур 150:6).

[Шилтеме]

^ 7-абз. Бул журналдын 24—27-беттериндеги жылдык отчётту карагыла.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Биртуугандар 1919-жылы кайсы тапшырманы аткара башташкан жана эмне үчүн бул оңой иш эмес эле?

• Кабар айтуу ишине колдоо көрсөтүүгө кимдер чогултулган?

• Чет өлкөдө кызмат кылган миссионерлер менен башка биртуугандар кандай жетишкендиктерге ээ болушту?

• Жахабанын бүгүн өз элинин иш-аракетине бата берип жатканына кандай далил келтире аласыңар?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Эбегейсиз көп адамдар бардык уруулардан, тилдерден чыгууда.