Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын даңкын баары жар салсын

Жахабанын даңкын баары жар салсын

Жахабанын даңкын баары жар салсын

«Теңирди даңктагыла жана урматтагыла. Теңирдин ысымын даңктагыла» (ЗАБУР 95:7, 8).

1, 2. Жахабанын даңкын эмне жар салынууда жана буга кошулууга кимдер чакырылышат?

Жышай уулу Дөөт Бейт-лехемдин чет-жакасында кой багып чоңойгон. Ошол ээн жайыттарда атасынын коюн кайтарып жүрүп, ал жымжырт түндөрдө жылдыздуу кең асманга далай көз чаптырса керек! Арийне, ал ошол эстен кеткис элестерди Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен 18-забурдагы төмөнкүдөй көркөм сөздөрдү жазып ырдаганда эстеген: «Асман Кудайдын даңкын жар салып жатат, аалам Анын колдору жасаган иштерди кабарлап жатат. Алардын үнү бүт жер жүзүн аралап өтөт, алардын сөзү аалам чегине жетет» (Забур 18:2, 5).

2 Жахаба жараткан укмуш асман Анын даңкын күндөн-күнгө, түндөн-түнгө тилсиз, сөзсүз, үнсүз эле жар салууда. Кудайдын жаратуулары анын даңкын жар салууну эч качан токтотпойт жана бул үнсүз күбөлөндүрүүнүн «бүт жер жүзүнө», андагы бардык тургундарга жетип жатканын көрүү бизди момундукка үндөйт. Бирок жаратуунун үнсүз күбөлүгү жетиштүү эмес. Ишенимдүү адамдар ал күбөлөндүрүүгө өздөрүнүн үнү менен кошулууга чакырылышат. Аты аталбаган забурчу ишенимдүү кызматчыларга: «Теңирди даңктагыла жана урматтагыла. Теңирдин ысымын даңктагыла»,— деген Кудайдан шыктандырылган сөздөр менен кайрылган (Забур 95:7, 8). Жахаба менен тыгыз мамиледе болгон адамдар бул чакырыкка кубаныч менен жооп кайтарышат. Бирок Теңирди даңктоо деген эмнени билдирет?

3. Адамдар Кудайды эмне үчүн даңкташат?

3 Кудайды сөз менен даңктоо аздык кылат. Ышайанын күндөрүндөгү ысрайылдыктар Кудайды оозу менен даңкташкан, бирок көбүнүн даңктоосу чын жүрөктөн чыккан эмес. Ышайа аркылуу Жахаба: «Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс»,— деп айткан (Ышайа 29:13). Мындай адамдардын даңктоосу маанисиз болгон. Анткени адам Жахабаны бүт жүрөгү менен сүйүп, анын теңдешсиз даңкка татыктуу экенин тааныганда гана даңктоо сөздөрү мааниге ээ болот. Бир гана Жахаба — Жараткан. Ал — Кудуреттүү Кудай, Адилет, сүйүүнүн жандандырылышы. Ал — куткаруунун булагы жана асман менен жерде жашагандардын баары баш ийүүгө милдеттүү болгон укуктуу Эгедер (Аян 4:11; 19:1). Буларга чындап ишенсек, келгиле, аны чын жүрөктөн даңктайлы.

4. Кудайды кантип даңкташ керектигине карата Ыйса кандай көрсөтмөлөрдү берген жана аларды канткенде аткара алабыз?

4 Ыйса Машайак бизге Кудайды кантип даңкташ керектигин айткан. «Эгерде силер көп жемиш берсеңер, Менин шакирттерим болсоңор, Атам даңкталат»,— деген ал (Жакан 15:8). Канткенде көп жемиш беребиз? Биринчиден, «асман Падышачылыгы жөнүндөгү Жакшы Кабарды» таратууга чын ыкластан катышып, бардык жаратылган нерселер менен бирге Кудайдын «көзгө көрүнбөгөн табияты» тууралуу «кабарлоо» зарыл (Матай 24:14; Римдиктерге 1:20). Муну менен баарыбыз Жахаба Кудайды даңктоого үн кошуп жаткан жаңы шакирттерди даярдоого түз же кыйыр түрдө катышабыз. Экинчиден, ыйык рух өндүрө турган жемишти өстүрүп, Жахаба Кудайдын улуу сапаттарын чагылдырууга аракеттенебиз (Галаттыктарга 5:22, 23; Эфестиктерге 5:1; Колостуктарга 3:10). Натыйжада жүрүм-турумубуз күн сайын Кудайга даңк алып келет.

«Бүт жер жүзүнө»

5. Ыйсанын жолдоочулары ишенимин башкалар менен бөлүшүп Кудайды даңктоо жоопкерчилигине ээ экенин Пабылдын кантип баса белгилегенин түшүндүргүлө.

5 Пабыл римдиктерге жазган катында Ыйсанын жолдоочулары ишенимин башкалар менен бөлүшүү аркылуу Кудайды даңктоо жоопкерчилигине ээ экенин баса белгилеген. Римдиктерге жолдонгон каттын башкы темасы: Ыйса Машайакка ишенгендер гана куткарылат. Пабыл 10-бапта ошо кездеги ысрайылдыктардын, «Машайак — мыйзамдын аягы» экенине карабастан, дагы деле Мусанын мыйзамы боюнча жашоо менен адилдикке жетүүгө аракеттенип жатканын көрсөткөн. Ошондуктан Пабыл: «Эгерде сен өз оозуң менен Ыйсаны Теңирим [«Эгем», «ЖД»] деп ачык таанысаң, Кудайдын Аны өлгөндөрдөн тирилткенине чын жүрөгүң менен ишенсең, анда куткарыласың»,— деген. Ошол убактан тартып «жүйүт менен гректин ортосунда эч кандай айырма жок, анткени бардыгынын Теңири бир, Ал Өзүнүн ысымын чакыргандардын бардыгы үчүн бай. Анткени Теңирдин ысымын чакырган адам куткарылат» (Римдиктерге 10:4, 9—13).

6. Пабыл Забур 18:5ти кантип колдонгон?

6 Анан Пабыл: «Ага ишенбей туруп, Аны кантип чакырышат? Ал жөнүндө билбей туруп, Ага кантип ишенишет? Жакшы Кабарды таратуучулар жок болсо, кантип угушат?» — деп жүйөлүү суроолорду берет (Римдиктерге 10:14). Ысрайыл эли жөнүндө Пабыл: «Жакшы Кабарга бардыгы эле кулак салган жок»,— дейт. Эмне үчүн алар кулак салышкан эмес? Мунун себеби мүмкүнчүлүктүн болбогонуна эмес, алардын ишениминин жоктугуна байланыштуу. Пабыл муну Забур 18:5тен цитата келтирип жана аны жаратуунун үнсүз күбөлүгүнө эмес, Ыйсанын жолдоочуларынын кабар айтуу ишине карата колдонуп көрсөтөт. Ал: «Алардын үнү бүт жер жүзүнө, алардын сөзү дүйнөнүн төрт бурчуна жетти»,— дейт (Римдиктерге 10:16, 18). Ооба, жансыз жаратуу Жахабаны даңктагандай эле, Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары куткарылуу жөнүндөгү жакшы кабарды бардык жерде жарыялап, Кудайды «бүт жер жүзүндө» даңазалашкан. Колостуктарга жазган катында Пабыл жакшы кабардын канчалык кеңири таратылганын да көрсөткөн. Ал жакшы кабардын «асман астындагы бардык жаратылгандарга» жарыяланганын айткан (Колостуктарга 1:23).

Ынталуу Күбөлөр

7. Ыйсанын сөздөрү көрсөтүп тургандай, анын жолдоочулары кандай жоопкерчиликке ээ?

7 Болжолу, Пабыл колостуктарга жолдогон катын Ыйса Машайак өлгөндөн 27 жылдай өткөндөн кийин жазса керек. Кандайча мындай салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде кабар айтуу иши Колоско чейин жеткен? Анткени Ыйсанын I кылымдагы жолдоочулары ынталуу болушкан жана Жахаба алардын ынтасына батасын берген. Ыйса: «Баарынан мурда бардык элдерге Жакшы Кабар таратылышы керек»,— деп өзүнүн жолдоочуларынын ынталуу болорун алдын ала айткан (Марк 13:10). Бул пайгамбарлыктан сырткары, Ыйса Матайдын Инжилиндеги акыркы аяттарда жазылган төмөнкү буйрукту берген: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө» (Матай 28:19, 20). Ыйсанын жолдоочулары бул сөздөрдү анын асманга көтөрүлүп кеткенинен көп өтпөй аткара башташкан.

8, 9. Элчилер китебине ылайык, Ыйсанын жолдоочулары анын буйруктарын кандай аткарышкан?

8 Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Ыйсанын ишенимдүү жолдоочуларына ыйык рух түшкөндө, алар биринчи кезекте Иерусалимдеги элдерге «Кудайдын улуу иштери жөнүндө» кабар айта башташкан. Алардын кабар айтуусу абдан натыйжалуу болуп, «үч миңге жакын киши» чөмүлтүлгөн. Шакирттер Кудайды эл алдында ынталуу даңктай беришкен жана бул жакшы жемиш алып келген (Элчилер 2:4, 11, 41, 46, 47).

9 Көп узабай Ыйсанын жолдоочуларынын иши диний жетекчилердин көңүлүн бурган. Алар Петир менен Жакандын тайманбастыгынан чочуркап, бул эки элчиге кабар айтуусун токтотууну буйрушкан. Бирок элчилер: «Биз көргөнүбүз менен укканыбызды сүйлөбөй коё албайбыз»,— деп жооп беришкен. Диний жетекчилер коркутуп, бошотуп жиберишкенден кийин, Петир менен Жакан ишенимдештерине кайтып келишкен да, баары чогуу Жахабага тиленишкен. Бул эржүрөк биртуугандар Жахабадан: «Өзүңдүн сөзүңдү тайманбастык менен айтышыбыз үчүн, Өзүңдүн кулдарыңа кайраттуулук бере көп»,— деп суранышкан (Элчилер 4:13, 20, 29).

10. Ыйсанын чыныгы жолдоочуларына кандай каршылык көрсөтүлгөн жана алар эмне кылышкан?

10 Бир аз кийинчерээк билингендей, алардын тиленүүсү Жахабанын эркине ылайык болчу. Элчилер дагы камакка алынганда, аларды керемет жолу менен периште бошоткон. Периште аларга: «Баргыла, ийбадатканага кирип, элге ушул түбөлүк өмүр жөнүндөгү сөздөрдүн баарын айткыла»,— деген (Элчилер 5:18—20). Элчилер тил алгандыктан, Жахаба аларга батасын берип турган. Ошондуктан «алар күн сайын ийбадатканада жана үйлөрдө Ыйса Машайак жөнүндө окутууну, Жакшы Кабар таратууну токтотушкан» эмес (Элчилер 5:42). Ооба, Ыйсанын жолдоочуларына Кудайды эл алдында даңктоого катуу каршылык да тоскоол кыла алган эмес.

11. Ыйсанын алгачкы жолдоочулары кабар айтуу ишин кандай маанай менен аткарышкан?

11 Көп өтпөй Степанды кармап, ташбараңга алып өлтүрүп салышкан. Ал өлтүрүлгөндөн кийин, Иерусалимде катуу куугунтук от алып, элчилерден башка шакирттердин баары туш-тушка тарап кетүүгө аргасыз болушкан. Куугунтук алардын ындынын өчүрө алганбы? Түк да. «Чачырап кеткендер... эл аралап, Кудайдын сөзүн таратып жүрүшкөн» (Элчилер 8:1, 4). Алар Кудайдын даңкын жар салууда дайыма ушундай ынта көрсөтүшкөн. Элчилер китебинин 9-бабында билдирилгендей, Ыйсанын шакирттерин куугунтуктаганы Дамаскка бараткан тарстык Шабыл Ыйсадан көрүнүш алып, көзү көрбөй калат. Дамасктан Анания Шабылдын көзүн керемет менен айыктырган. Кийинчерээк элчи Пабыл деген ат менен белгилүү болгон ошол Шабыл эң ириде эмне кылган? «Көп өтпөй эле, ал синагогаларда Ыйсанын Кудай Уулу экенин жарыялай баштады»,— деп айтылат билдирүүдө (Элчилер 9:20).

Кабар айтууга ар бири катышкан

12, 13. а) Тарыхчылардын сөздөрү көрсөтүп тургандай, Ыйсанын жолдоочуларынын алгачкы жыйналышы эмнеси менен өзгөчөлөнгөн? б) Кандайча Элчилер китеби менен Пабылдын сөздөрү тарыхчылардын ырастоолоруна шайкеш?

12 Кабар айтуу ишине Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын ар бири катышканы кеңири белгилүү. А кездеги шакирттер жөнүндө Филип Шафф: «Ар бир жыйналыш — миссионердик жамаат, ал эми Ыйсанын ар бир жолдоочусу миссионер болгон»,— деп жазат («History of the Christian Church»). У. С. Уильямс болсо: «Баштапкы чиркөөдө Ыйсанын жолдоочуларынын баарынын, айрыкча, кереметтүү шык-жөндөмдөргө [рухтун шык-жөндөмдөрүнө] ээ болгондордун инжилди жарыялашканы жалпыга маалым»,— дейт («The Glorious Ministry of the Laity»). Ал оюн мындайча бекемдейт: «Ыйса Машайак кабар айтуу кызматы диний кызматчылардын кайсы бир катмарына гана ыйгарыла турган артыкчылык деп эч качан айткан эмес». Ал түгүл, христианчылыктын байыркы душманы Цельс: «Жүн сабагычтар, өтүкчүлөр, тери ийлөөчүлөр, эң эле сабатсыз түркөйлөр да инжилди ынта менен кабарлашкан»,— деп жазган.

13 Бул айтылгандардын чындыгын Элчилер китебиндеги тарыхый билдирүү тастыктап турат. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында шакирттерге ыйык рух түшкөндөн кийин, алардын баары: эркектер да, аялдар да Кудайдын улуу иштерин эл арасында жар салышкан. Степан өлтүрүлгөндөн кийин күчөгөн куугунтуктан улам туш-тушка чачырап кеткен Ыйсанын жолдоочулары барган жерлеринин баарында жакшы кабарды таратышкан. 28 жылдай өткөндөн кийин Пабыл диний жетекчилердин чакан тобуна эмес, Ыйсанын эврей жолдоочуларына кайрылып: «Кудайга мактоо курмандыгын, башкача айтканда, Анын ысымын даңктаган ооз курмандыгын Ыйса аркылуу тынымсыз алып келели»,— деп айткан (Эврейлерге 13:15). Кабар айтуу ишине карата өз көзкарашын билдирип, Пабыл: «Жакшы Кабар таратып жаткандыгым менен мактана албайм, анткени бул менин милдетим. Эгерде Жакшы Кабар таратпасам, мага кайгы!» — деген (1 Корунттуктарга 9:16). Ыйсанын I кылымдагы ишенимдүү жолдоочуларынын баары ошондой пикирде болгону анык.

14. Ишеним менен кабар айтуунун ортосунда кандай байланыш бар?

14 Ооба, Ыйсанын чыныгы жолдоочусу кабар айтуу ишине катышууга милдеттүү, анткени ал иш ишеним менен тыгыз байланыштуу. «Адам чын жүрөгү менен ишенүү аркылуу адилдикке жетет, оозу менен ачык таануу аркылуу куткарылат»,— деп айткан Пабыл (Римдиктерге 10:10). Жыйналышта диний кызматчылар сыяктуу чакан топ гана ишеним көрсөтүп, кабар айтуу жоопкерчилигине алар гана ээби? Албетте, жок! Ыйса Машайакка анын жолдоочуларынын баары тирүү ишеним өрчүтүп, ал ишенимди башкаларга жарыялоого ынтызар. Болбосо, алардын ишеними өлүк болмок (Жакып 2:26). Биздин замандын I кылымында Ыйсанын бардык ишенимдүү жолдоочулары өздөрүнүн ишенимин ошондойчо көрсөткөндүктөн, Жахабанын ысымына зор даңк айтылган.

15, 16. Кабар айтуу иши кыйынчылыктарга карабай алгалай бергенин мисалдар менен көрсөткүлө.

15 Биринчи кылымда Жахаба өзүнүн элине батасын бергендиктен, жыйналыш ички, тышкы кыйынчылыктарга карабай өсө берген. Мисалы, Элчилер китебинин 6-бабында эврейче сүйлөгөндөр менен грекче сүйлөгөн ишенимдештердин ортосунда келишпестик пайда болгону билдирилет. Көйгөй элчилер тарабынан чечилген. Натыйжада «Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимде шакирттердин саны эбегейсиз өсүп жаткан. Ыйык кызмат кылуучулардын ичинен да көптөрү Ыйсага ишенип калышкан» (Элчилер 6:7).

16 Кийинчерээк Жүйүт аймагынын падышасы Ирод Агрипанын жана Тир менен Сидондун элинин ортосунда саясый чыңалуу пайда болгондо, ал шаарлардын тургундары Иродго жагынып элдешүүнү сунуш кылышканда, Ирод жооп иретинде аларга кайрылып сөз сүйлөгөн. Чогулган эл: «Адам эмес, Кудай сүйлөп жатат»,— деп кыйкыра баштаган. Ошо замат Жахабанын периштеси Ирод Агрипаны «Кудайга тиешелүү даңкты өзүнө ыйгарып алгандыгы үчүн» мерт кылган (Элчилер 12:20—23). Адамга үмүттөнгөндөргө бул кандай сокку болгон! (Забур 145:3, 4). Ыйсанын жолдоочулары болсо Жахабаны даңктоону уланта беришкен. Андыктан саясый туруксуздукка карабай «Кудайдын сөзү... элге кеңири тарай» берген (Элчилер 12:24).

Мурун жана азыр

17. Биринчи кылымда саны барган сайын көбөйө берген адамдар эмне кылышкан?

17 Ооба, Ыйсанын жолдоочуларынын I кылымдагы бүткүл дүйнөлүк жыйналышы Жахаба Кудайды ынталуулук, жигердүүлүк менен даңктаган кызматчылардан турган. Ал ишенимдүү кызматчылардын баары жакшы кабарды таратууга катышышкан. Кээ бирлери кабарды жакшы уккан адамдарды жолуктурушкан жана аларды, Ыйса айткандай, ал буйругандардын бардыгын аткарууга үйрөтүшкөн (Матай 28:19, 20). Натыйжада жыйналыш өсүп, Жахабанын даңкын жар салган байыркы падыша Дөөткө кошулгандардын саны барган сайын көбөйө берген. Бардыгы Кудайдан шыктандырылган төмөнкү сөздөргө үн кошушкан: «Сени чын жүрөгүмдөн мактайм, Теңирим, Сенин ысымыңды түбөлүккө даңктайм. Анткени Сенин мага болгон ырайымың чоң» (Забур 85:12, 13).

18. а) Ыйсанын жолдоочуларынын I кылымдагы жыйналышы менен бүгүнкү христиан дүйнөсүнүн ортосунда кандай айырма бар? б) Эмки макалада эмне каралат?

18 Буга байланыштуу теология профессору Аллисон Трайтстын сөздөрү ойлондурарлык. Азыркы христиан дүйнөсүн Ыйсанын жолдоочуларынын I кылымдагы жыйналышы менен салыштырып, ал мындай деген: «Бүгүнкү күндө чиркөөлөр, адатта, табигый өсүштүн (жергиликтүү чиркөөгө келип жүргөн үй-бүлөлөрдөгү балдардын ишеним тута башташына байланышкан өсүштүн) эсебинен же жер которуудан (адамдардын бир чиркөөдөн экинчи чиркөөгө которулганынан) улам өсүп жатат. Ал эми Элчилер китебинде көрсөтүлгөн өсүш Кудайга жаңыдан кайрылгандардын эсебинен болгон, анткени жыйналыш өзүнүн ишин жаңы эле баштаган болчу». Бул азыр чыныгы диндин Ыйса айткандай өспөй жатканын билдиреби? Албетте, жок. Бүгүн Ыйсанын чыныгы жолдоочулары, I кылымдагы шакирттер сыяктуу эле, Кудайды ынталуулук менен даңктап жатышат. Муну эмки макаладан көрөбүз.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Биз Кудайды кандай жолдор менен даңктайбыз?

• Пабыл Забур 18:5ти кандайча колдонгон?

• Кабар айтуу менен ишенимдин ортосунда кандай байланыш бар?

• Ыйсанын жолдоочуларынын I кылымдагы жыйналышы эмнеси менен өзгөчөлөнгөн?

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги сүрөт]

Кабар айтуу жана тиленүү тыгыз байланышта.