Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын күнүнө даяр болгула

Жахабанын күнүнө даяр болгула

Жахабанын күнүнө даяр болгула

«Силер да даяр болгула. Анткени Адам Уулу силер күтпөгөн убакта келет» (МАТАЙ 24:44).

1. Жахабанын күнү жөнүндө эмне үчүн ойлонушубуз керек?

АЛ СОГУШТУ жана каарды, азапты жана кайгыны, караңгылыкты жана кыйроону алып келе турган күн болот. Нухтун убагындагы каардуу дүйнөнү Топон суу каптагандай, бул каардуу түзүлүшкө Жахабанын «улуу, коркунучтуу» күнү сөзсүз келет, келбей койбойт. Бирок Жахабанын «ысымын чакырган ар бир адам куткарылат» (Жоел 2:30—32; Амос 5:18—20). Кудай душмандарын кыйратат да, өз элин куткарып калат. Убакыттын аз калганын сезген Сепания пайгамбар: «Теңирдин улуу күнү жакын, жакын калды, абдан шашып келе жатат»,— деп жарыялаган (Сепания 1:14). Кудайдын бул өкүмү качан ишке ашат?

2, 3. Жахабанын күнүнө даярданганыбыз эмне себептен маанилүү?

2 «Ал күн жана саат жөнүндө эч ким: асмандагы периштелер да, Уулу да билбейт, Атам гана билет»,— деп айткан Ыйса (Матай 24:36, «ЖД»). Ал убакытты так билбегендиктен, 2004-жылдын жылдык аятындагы: «Сергек болгула... Даяр болгула»,— деген сөздөрдү көңүлүбүзгө түйгөнүбүз абдан маанилүү (Матай 24:42, 44).

3 Даяр болгондордун куткарылууга чогултулуп, ал эми башкалардын калтырылары күтүлбөгөн жерден болорун көрсөтүп, Ыйса: «Талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат. Жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат»,— деген (Матай 24:40, 41). Ошол чечүүчү учурда биздин жеке жагдайыбыз кандай болот? Даяр болобузбу же ал күн бизге капысынан келеби? Көп нерсе биздин азыр жасап жаткан иш-аракеттерибизден көзкаранды. Жахабанын күнүнө даяр болуу бүгүнкү күндө үстөмдүк кылган белгилүү бир маанайдан качышыбызды, рухийлигибизге коркунуч туудурарлык абалдан сак болушубузду жана белгилүү бир жашоо мүнөзүнөн оолак болушубузду талап кылат.

Өзүнө өзү корстон адамдардан болбогула

4. Нухтун күндөрүндөгү адамдардын маанайы кандай болгон?

4 Нухтун күндөрүн алып көрөлү. Ыйык Китепте: «Ишеними аркылуу Нух пайгамбар али көрүнө элек нерсе жөнүндө аян алып [«эскертилген соң», «ЖД»], өз үй-бүлөсүнүн куткарылышы үчүн, Кудайдан коркуу менен кеме курган»,— деп айтылат (Эврейлерге 11:7). Кеме бөтөнчө формада болгондуктан, аны байкабай калуу мүмкүн эмес эле. Андан сырткары, Нух «адилдикти жар салган» (2 Петир 2:5). Анын курулуш иши да, кабар айтуусу да замандаштарына иш-аракет кылууга түрткү берген эмес. Эмне себептен? Себеби алар «ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен». Нухтун замандаштары өз иштерине жана көңүл ачууга баш-оту менен берилгендиктен, «Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, ойлонушкан эмес» (Матай 24:38, 39).

5. Лоттун күндөрүндөгү содомдуктардын маанайы кандай болгон?

5 Лоттун күндөрүндө да ошондой болгон. Ыйык Жазмада: «Адамдар ичип-жеп, соода-сатык жүргүзүп, жер иштетип, үй куруп өмүр сүрүп жатышты. Бирок Лот Содомдон чыккан күнү асмандан от менен күкүрт жаап, бардыгы кырылып калды»,— деп айтылат (Лука 17:28, 29). Периштелер Лотко жакындап келаткан кыйроо жөнүндө эскертишкенден кийин, ал иштин жайын өзүнүн күйөө балдарына түшүндүргөн. Бирок аларга «тамашалап жаткандай көрүнгөн» (Башталыш 19:14).

6. Кандай маанайдан качышыбыз керек?

6 Ыйса өзү айткандай, Нух менен Лоттун күндөрүндө кандай болсо, «адам Уулунун катышуусунда да ошондой болот» (Матай 24:39, «ЖД»; Лука 17:30). Чындыгында эле, бүгүн көптөр өзүнө өзү корстон болуп жашашат. Биз мындай маанайдын таасиринен сак болушубуз керек. Чеги менен жакшы тамак, жакшы ичимдик ичүүнүн жаман жери жок. Ошо сыяктуу эле, никени да Кудай түзгөн. Бирок, эгер мындай иштер жашообузда эң маанилүү нерселерге айланып, рухий кызыкчылыктар четке чыгып калса, Жахабанын коркунучтуу күнүнө даяр болгон болобузбу?

7. Кандайдыр бир иш кылардын алдында өзүбүзгө кандай маанилүү суроону берип көрүшүбүз керек жана эмне үчүн?

7 «Аз убакыт калды,— деген элчи Пабыл.— Мындан ары аялы барлар аялы жоктордой болсун» (1 Корунттуктарга 7:29—31). Кудай тапшырган Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишинин аякташына чектелүү гана убакыт калды (Матай 24:14). Пабыл атүгүл никеде тургандарды Падышалыктын кызыкчылыктары жашоолорунда экинчи орунга жылып кеткенчелик бири-бири менен алек болбоого үндөгөн. Бул жерде Пабылдын өзүнө өзү корстон болуучулукка карама-каршы маанайга ээ болууга чакырганы айкын. Ыйса: «Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле»,— деген (Матай 6:33). Кандайдыр бир чечим чыгарарда же иш кыларда өзүбүзгө «Жашоомдо Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшума бул кандай таасир этет?» деген маанилүү суроону берип көргөнүбүз зарыл.

8. Тиричилик менен эле алек болуп калсак, эмне кылышыбыз керек?

8 Тиричилик менен алпурушуп жүрүп рухий кызыкчылыктарыбыз четке жылып калган жокпу? Жашоо мүнөзүбүз Ыйык Китептен так билим албаган жана Падышалыктын жарчысы болбогон адамдардын жашоосунан анча деле айырмаланбайбы? Андай болсо, бул жөнүндө тиленишибиз керек. Жахаба туура ой жүгүртүүгө көмөк кыла алат (Римдиктерге 15:5; Филипиликтерге 3:15). Ал бизге Падышалыктын кызыкчылыктарын биринчи орунга коюуга, туура иштерди кылууга жана Анын алдындагы милдеттерибизди аткарууга жардам берет (Римдиктерге 12:2; 2 Корунттуктарга 13:7).

Рухий уйкусуроого алдырбагыла

9. Аян 16:14—16-аяттарга ылайык, рухий уйкусуроого каршы күрөшүү эмне үчүн маанилүү?

9 Жакындап келаткан Армагедондогу «Бардыгын Кармап Туруучу Кудайдын улуу күнү» жөнүндөгү пайгамбарлыкта кээ бирөөлөрдүн сергек болбой калышы мүмкүн экени көрсөтүлөт. «Мен ууру сыяктуу күтүлбөгөн жерден келем,— дейт Эге Ыйса Машайак.— Сергек жүргөн жана жылаңач калып, уят болбош үчүн, өзүнүн кийимдерин сактап жүргөн адам бактылуу» (Аян 16:14—16). Бул жерде айтылган кийимдер бизди Жахабанын Күбөлөрү катары көрсөткөн өзгөчөлүктү билдирет. Буга биздин Падышалыктын жарчылары катары аткарган ишибиз жана үлгүлүү жүрүм-турумубуз кирет. Эгер биз уйку абалындагыдай иш-аракетсиз болуп калсак, анда Ыйсанын жолдоочулары экенибизди билдирген өзгөчөлүгүбүздөн ажырап калышыбыз мүмкүн. Бул — уят жана коркунучтуу нерсе. Биз рухий жактан уйкусурап же араңжан болуп калуудан сак болушубуз керек. Мындай маанайга канткенде алдырбайбыз?

10. Ыйык Китепти күн сайын окуу эмне себептен рухий жактан сергек калышыбызга жардам берет?

10 Сергек болуунун жана кыраакылык сактоонун зарылдыгы Ыйык Китепте көп жолу баса көрсөтүлөт. Мисалы, Инжилдерде төмөнкүдөй эскертүүлөр берилет: «Сергек болгула» (Матай 24:42; 25:13; Марк 13:35, 37); «даяр болгула» (Матай 24:44); «байкагыла, сергек болгула» (Марк 13:33); «даяр тургула» (Лука 12:40). Элчи Пабыл Жахабанын күнү бул дүйнөгө күтүлбөгөн жерден келерин айткан соң, ишенимдештерин: «Башкаларга окшоп уктабайлы. Тескерисинче, сергек бололу, эсибизге келели»,— деп үндөгөн (1 Тесалоникалыктарга 5:6). Даңкталган Машайак Ыйса Ыйык Жазманын акыркы китебинде өзүнүн капыстан келерин баса белгилеп: «Мен жакында келем»,— деп айткан (Аян 3:11; 22:7, 12, 20). Жахабанын улуу сот күнү жөнүндө көптөгөн эврей пайгамбарлар да айтып, эскертип келишкен (Ышайа 2:12, 17; Жеремия 30:7; Жоел 2:11; Сепания 3:8). Кудай Сөзүн, Ыйык Китепти, күн сайын окуу жана окугандарыбыздын үстүнөн ой жүгүртүү рухий жактан сергек калышыбызга зор жардам берет.

11. Рухий жактан сергек калышыбыз үчүн, Ыйык Китептин негизинде жекече изилдөө жүргүзгөнүбүз эмне үчүн өтө зарыл?

11 Ооба, «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу берилип жаткан ыйык китептик адабияттарды колдонуп, Ыйык Жазманы ынтызарлык менен өз алдыбызча изилдегенибиз рухий жактан сергек болушубузга өбөлгө түзөт (Матай 24:45—47). Бирок жекече изилдөө жемиштүү болушу үчүн, аны дайыма үзгүлтүксүз өткөрүү зарыл (Эврейлерге 5:14—6:3). Биз рухий катуу тамак менен үзгүлтүксүз азыктанышыбыз керек. Бүгүнкү күндө бул үчүн убакыт табуу оңойго турбашы мүмкүн (Эфестиктерге 5:15, 16). Бирок Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды ыңгайлуу учурда гана окуу жетишсиз. «Ишенимди туура тутуп», сергек бойдон калууну кааласак, жекече изилдөөнү үзгүлтүксүз өткөрүү өтө зарыл (Титке 1:14).

12. Кандайча жыйналыш жолугушуулары менен жыйындар бизге рухий уйкусуроого каршы күрөшүүгө жардам берет?

12 Жыйналыш жолугушуулары менен жыйындар да рухий уйкусуроого каршы күрөшүүгө жардам берет. Кандайча? Биз ал жолугушуулардан таалим-насаат алабыз. Андан тышкары, ал жолугушууларда Жахабанын күнүнө жакын калганы дайыма эсибизге салынып турат. Ошондой эле жума сайын жыйналыш жолугушууларында «бири-бирибизди сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөөгө» мүмкүнчүлүк болот. Мындай үндөө рухий жактан сергек бойдон калышыбызга өбөлгө түзөт. Анда, «ал Күн жакындап калгандыктан», бизге дайыма чогулуп турууга буйрук берилип жатканы эң эле орундуу (Эврейлерге 10:24, 25).

13. Кандайча кабар айтуу кызматы рухий жактан сергек бойдон калууга жардам берет?

13 Кабар айтуу кызматына чын жүрөктөн катышуу да сергек бойдон калышыбызга жардам берет. Убакытка байланыштуу жышаандарды жана алардын маанисин эстен чыгарбоонун эң жакшы жолу алар жөнүндө башкаларга айтуу эмеспи? Ошондой эле биздин жардамыбыз менен Ыйык Китепти изилдеген кызыгуучулардын ийгилик кылып, үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдоно баштаганын көргөнүбүздө, убакыттын күтпөй турганын өзүбүз да ого бетер курчураак сезебиз. Элчи Петир: «Акыл-оюңар иш-аракетке даяр болсун, сергек болгула»,— деген (1 Петир 1:13). «Теңирдин ишин ар дайым жан-дилибиз менен кылуу» — рухий көңүлсүздүккө каршы эң сонун даба (1 Корунттуктарга 15:58).

Рухийликке зыян келтирерлик жашоо мүнөзүнөн оолак болгула

14. Лука 21:34—36-аяттарга ылайык, Ыйса кандай жашоо мүнөзүнө каршы эскертүү берген?

14 Ыйса өзүнүн катышуусу жөнүндөгү улуу пайгамбарлыгында дагы бир эскертүү берген. «Өзүңөргө сак болгула, оюңарды ашыра тоюу, мас болуу, турмуштук түйшүктөр ээлеп албасын. Ал күн силер күтпөгөн убакта келип калбасын. Анткени ал күн жер үстүндө жашоочулардын баарын басып калган тор сыяктуу келет. Ошондуктан сергек болгула, боло турган алааматтардын баарынан качып кутула алыш үчүн жана Адам Уулунун алдына келип туруш үчүн, дайыма сыйынгыла!» — деп айткан ал (Лука 21:34—36). Ыйса жалпы адамзаттын жашоосун ашыра тоюу, мас болуу жана түйшүк алып келерлик башка нерселер ээлей турганын так көрсөткөн.

15. Эмне үчүн ашкере жеп-ичүүдөн качышыбыз керек?

15 Ашыра тоюу жана мас болуу ыйык китептик принциптерге карама-каршы келгендиктен, андай иштерден оолак болушубуз кажет. Ыйык Жазмада: «Шарап ичип мас болгондордун, этке ашыра тоюп алгандардын арасында болбо»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 23:20). Бирок адамдын жеп-ичүүсү ашкере чекке жеткенде гана коркунуч туудурбайт. Ал ага чейин эле араңжан, жалкоо болуп калышы мүмкүн. «Жалкоо жатып алып эңсейт, бирок эңсегени — бекер»,— дейт Ыйык Китеп (Накыл сөздөр 13:4). Мындай адам Кудайдын эркин аткарууну каалашы ыктымал, бирок бейкамдыгынан улам каалоосу ишке ашпай кала берет.

16. Үй-бүлөбүзгө байланыштуу тынчсызданууларыбыздын башыбызга жүк болушунан кантип кача алабыз?

16 Ыйса эскерткен турмуштук түйшүктөр эмнелерди камтыйт? Аларга жеке тынчсыздануулар, үй-бүлөгө кам көрүү жана башка ушу сыяктуулар кирет. Алардын башыбызга жүк болушуна жол берүү акылсыздыкка жатмак. Ыйса: «Кимиңер түйшүк тартуу менен боюңарды бир чыканак узарта аласыңар?» — деп сураган. Ал өзүнүн угуучуларын мындай деп үндөгөн: «„Эмне жейбиз, эмне ичебиз?“ же „Эмне киебиз?“ — деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет». Падышалыктын кызыкчылыктарын жашообузда биринчи орунга коюу жана Жахабанын бизге кам көрөрүнө ишенүү тынчсызданууларыбызды көзөмөлдөөгө жана сергек болууга жардам берет (Матай 6:25—34).

17. Кандайча материалисттик умтулуулар тынчсызданууну пайда кылышы мүмкүн?

17 Тынчсызданууну материалисттик умтулуулар да пайда кылышы мүмкүн. Мисалы, кээ бирөөлөр чөнтөгүнө жараша жашабай ашыкча түйшүк тартышат. Башкалар тез баюунун жолдоруна жана кайсы бир ишке тобокелдик менен каражат салууга азгырылышат. Айрымдар билим алууну финансылык ийгиликке жетүүнүн жолу катары көрүп торго түшүшөт. Ооба, кайсы бир деңгээлде билим алуу жумушка орношууга жардам бериши мүмкүн. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, кээ бирөөлөр жогорку билим алууга умтулуп, убактысынын көбүн ошого жумшоо менен рухий жактан жабыркап калышкан. Жахабанын күнү жакындап келатканда андай абалда болуу кандай коркунучтуу! «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат»,— деп эскертет Ыйык Китеп (1 Тиметейге 6:9).

18. Материалисттик жашоо мүнөзүнө азгырылбоо үчүн, кайсы жөндөмдү өрчүтүү зарыл?

18 Материалисттик жашоо мүнөзүнө азгырылбаш үчүн, чечим чыгарууда жакшы менен жаманды айырмалай билүү жөндөмүн өрчүтүшүбүз зарыл. Бул жөндөмдү жетилгендерге таандык рухий «күчтүү тамак» менен дайыма азыктанып жана «ой-сезимибизди көнүктүрүп» өрчүтө алабыз (Эврейлерге 5:13, 14). «Маанилүүрөөк нерселер» жашообузда биринчи орунда турганына ынануу да бизди туура эмес иш кылуудан сактайт (Филипиликтерге 1:10, «ЖД»).

19. Рухий иштерге абдан аз убакыт бөлүп жатканыбызды байкасак, эмне кылышыбыз керек?

19 Материалисттик жашоо мүнөзү рухий иштерге өтө аз же такыр убакыт калтырбай, бизди сокур кылып коюшу мүмкүн. Өзүбүздү текшерип, мындай тордон кантип качсак болот? Биз жашообузду эмне кылып жана канчалык жөнөкөйлөтө аларыбыз жөнүндө тиленүү менен ойлонушубуз керек. Байыркы Ысрайылдын падышасы Сулайман: «Көп жейби, аз жейби, эмгекчинин уйкусу таттуу. Ал эми байдын ашыра тоюп алганы өзүнө уйку бербейт»,— деп айткан (Насаатчы 5:11). Артыкча мүлккө кам көрүүгө көп убакыт жана күч кетирип жаткан жокпузбу? Мүлкүбүз канчалык көп болсо, ага ошончолук көп кам көрүү, аны камсыздандыруу, коргоо талап этилет. Алардын айрымдарынан арылуу менен жашообузду жөнөкөйлөтсөк, өзүбүзгө пайдалуу болмок эмеспи?

Даяр болууга бүт күчүңөрдү жумшагыла

20, 21. а) Жахабанын күнүнө байланыштуу элчи Петир бизди эмнеге ынандырат? б) Жахабанын күнүнө даяр болуу үчүн, эмнелерди кыла беришибиз керек?

20 Нухтун күндөрүндөгү дүйнөнүн акыры келген, бул түзүлүштүн да убактысы аяктайт. Элчи Петир бизди: «Теңирдин күнү... ууру сыяктуу келет. Ошол күнү асман чарт-чурт этип жок болот, жандуу, жансыздын баары кыйрап жок болот, жер жана жер үстүндө жасалган нерсенин баары өрттөнүп кетет»,— деп ынандырат. Каймана асман (ыймансыз өкмөттөр) да, каймана жер (Кудайдан алыстап кеткен адамзат) да Кудайдын жалындуу каарынан куткарыла албайт. Ал күнгө кантип даярдана аларыбызды айтып, Петир: «Эгерде баары ушинтип жок боло турган болсо, анда Кудайдын күнүнүн келишин каалап жана күтүп жаткан силердин жашооңор канчалык ыйык, канчалык такыбаа болушу керек»,— дейт (2 Петир 3:10—12).

21 Жыйналыш жолугушууларына жана жакшы кабарды таратууга дайыма катышканыбыз ыйык жашообузга, Кудайга берилгендигибизге кирет. Келгиле, бул милдеттерибизди чын жүрөктөн берилгендик менен аткарып, Жахабанын улуу күнүн чыдамкайлык менен күтө берели. Ошондой эле Кудайдын алдында «таза, эч кемчиликсиз, тынчтыкта жүрүүгө» умтулалы (2 Петир 3:14, «Инжил»).

Эсиңердеби?

• Жахабанын күнүнө эмне үчүн даяр болушубуз керек?

• Тиричилик менен эле алек болуп калсак, эмне кылышыбыз керек?

• Рухий жактан уйкусурабоого эмне жардам берет?

• Рухийлигибизге зыян келтирерлик кандай жашоо мүнөзүнөн оолак болушубуз керек жана кантип?

[Изилдөө суроолору]