Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Согуш токтогон убак

Согуш токтогон убак

Согуш токтогон убак

«Биз 12 эле жаштабыз. Саясатка же согушка эч таасир эте албайбыз, бирок жашагыбыз келет! Биз тынчтыкты күтүп жатабыз. Тынчтык орногон күндү көрөр бекенбиз?» (5-класстын окуучулары).

«Биз мектепке, досторубуздукуна жана туугандарыбыздыкына бирөө уурдап кетет деп коркпой барууну каалайбыз. Бийликтегилер буга көңүл бурат деп үмүттөнөм. Жакшы жашагыбыз келет. Биз тынчтыкты каалайбыз». (Альхаи, 14 жашта).

БУЛ муңдуу сөздөр бир нече жылдан бери уланып келаткан жарандык согуштардын айынан азап чегип жүргөн балдар-кыздардын көксөгөн тилегин чагылдырып турат. Алардын каалаганы, болгону эле, тынчтыкта жашоо. Бирок тилек-кыялдарды ишке ашыруу оңой эмес. Согуш токтогон заманды көрөбүзбү?

Акыркы жылдарда жарандык кагылышууларды токтотуу максатында эларалык коомчулук тарабынан жаңжалдашкан эки тарапты тынчтык келишимине кол койдурууга багытталган аракеттер жасалып жатат. Ал келишимдерди жүзөгө ашыруу максатында айрым өлкөлөр өздөрүнүн бейпилдик күчтөрүн жиберишет. Бирок жек көрүүчүлүк жана бири-бирине ишенбөөчүлүк терең тамыр алган өлкөлөрдө тартипти орнотууга каражаты менен каалоосу бар өлкөлөр аз болгондуктан, түзүлгөн келишимдердин баары узакка созулбай келет. Тынчтык келишимине кол коюлгандан эки жума же бир нече ай өткөндөн кийин эле кагылыш кайра башталган учурлар аз эмес. Стокгольм тынчтык маселесин изилдөө эларалык институту белгилегендей, «жаңжалдашкан эки тарап тең согушууну каалап жана ага керектүү нерселердин бардыгына ээ болуп турганда тынчтыкты орнотуу кыйын».

Ыйсанын жолдоочуларына болсо дүйнөнүн булуң-бурчундагы адамдарды азапка салып, чечилбей келаткан мындай жаңжалдар ыйык китептик пайгамбарлыкты эске салат. Аян китебинде тарыхтагы оор мезгил тууралуу айтылат, ал каймана мааниси бар атчан «жер үстүнөн тынчтыкты алганда» башталган (Аян 6:4). Тынымсыз жүрүп жаткан согуштар — Ыйык Китепте «акыркы убак» деп аталган мезгилде жашап жатканыбызды көрсөтүп турган курама белгинин бир бөлүгү (2 Тиметейге 3:1) *. Бирок Кудай Сөзү бизди азыркы акыркы күндөр тынчтыктын жышааны экенине ынандырууда.

Кудай Сөзүндө, Забур 45:10до, чыныгы тынчтык орношу үчүн жердин белгилүү бир аймагында эле эмес, бүткүл дүйнө жүзү боюнча согушту токтотуу керектиги түшүндүрүлөт. Ошол эле Забурда Ыйык Китеп жазылган убактарда кеңири колдонулган курал жарактардын: жаа менен найзалардын кыйратылары тууралуу да айтылат. Адамдар тынчтыкта жашашы үчүн, азыркы убактагы куралдарды да жок кылуу керек.

Бирок согуш, негизинен, ок менен мылтыктын эмес, жек көрүүчүлүк менен ачкөздүктүн айынан тутанат. Согуштун эң негизги себеби ачкөздүк болсо, зордук-зомбулукка көпчүлүк учурда жек көрүүчүлүк алып барат. Мындай терс сезимдерден арылыш үчүн адамдар жаңыча ой жүгүртүүгө үйрөнүшү зарыл. Алар тынчтыкта жашоого үйрөнүшү керек. Байыркы убакта жашаган Ышайа пайгамбар айткандай, согуш адамдар «согушууга үйрөнбөй» калышканда гана токтойт (Ышайа 2:4).

Бирок биз азыр тынчтыкка умтулууга эмес, а жаш-кары дебей, баарын согушту жактоого үйрөтүп жаткан дүйнөдө жашап жатабыз. Азыр атүгүл балдардын да адам өлтүрүүгө үйрөтүлүп жатышы абдан өкүнүчтүү.

Аларды өлтүрүүгө үйрөтүшкөн

Альхаини 14 жашында аскерден бошотушкан. Аны жоокесептер кармап алып, Калашников автоматын колдонууну үйрөтүп, аскер кылышканда, ал 10 эле жашта болчу. Альхаи адамдардын тамак-ашын талоонго алып, үйлөрүн өрттөгөн. Андан тышкары, ал адамдардын айрымдарын өлтүрүп, башкаларын майып кылган. Азыр Альхаиге согушту унутуп, тынч жашоого көнүү кыйын. Өлтүргөнгө үйрөнгөн жана куралын таштагысы келбеген дагы бир жаш аскер Эйбрахам мындай дейт: «Эгер алар куралымды алып коюп, кетүүгө буйрук кылышса, кантип жан багарымды билбейм».

Азыркы учурда 300 000ден ашуун жаш аскерлер, улан-кыздар, дагы эле планетабызды кыйратып жаткан жарандык кагылышууларга катышып, жарык дүйнө менен кош айтышууда. Жоокесептердин башчыларынын бири: «Алар буйрукка баш ийишет; үй-бүлөсүнө, аялына кетүүнү ойлошпойт; коркуу дегенди билишпейт»,— дейт. Ошентсе да андай балдар жакшы жашоону каалашат жана ага татыктуу.

Жаш аскерлердин абалы канчалык өкүнүчтүү экенин элестетүү өнүккөн өлкөлөрдөгү адамдар үчүн кыйындыр. Ошондой болсо да Батыш өлкөлөрүндөгү балдардын көбү өз үйлөрүнөн эле согушууга үйрөнүшүүдө. Кантип?

Испаниянын түштүк-чыгышында жашаган өспүрүм Хосени мисалга алып көрөлү. Ал кармашуу чеберчиликтерине кызыкчу. Хосе атасы Рождество майрамына белек кылып берген самурай кылычын абдан баалачу. Ошондой эле, өзгөчө, зордук-зомбулук камтылган видеооюндарды жакшы көрөр эле. 2000-жылы 1-апрелде Хосе видеооюндан көргөнүн реалдуу жашоодо жасаган. Ал катуу каары менен атасын, апасын жана карындашын так атасы белек кылган кылыч менен сайып өлтүргөн. Полиция кызматкерлерине ал: «Дүйнөдө жалгыз калгым келди. Ата-энемдин мени жайыма коюшун кааладым»,— деп айткан.

Автор жана куралдуу күчтөрдүн офицери Дэйв Гроссман зордук-зомбулук камтылган көңүл ачуулардын тийгизген таасири тууралуу: «Биз азап-кайгыга салуу көңүл ачууга айланганчалык сезимсиз болуп баратабыз; мындай көңүл ачуу жийиркентпей эле, тескерисинче, жийиркеничтүү ыракатка айланып баратат. Биз өлтүргөндү жана аны жактырганды үйрөнүп жатабыз»,— дейт.

Альхаи да, Хосе да өлтүргөндү үйрөнүшкөн. Экөөндө тең жалданма адам өлтүрүүчү болоюн деген ой жок болчу, бирок алардын өлтүрүүнүн улам бир түрүнө үйрөнүшкөнү ой жүгүртүүлөрүнө терс таасирин тийгизген. Адамдардын: карылардын да, жаштардын да мындай нерселерге үйрөнүшү зордук-зомбулук менен согуштун уругун себет.

Согушууга эмес, тынчтыкта жашоого үйрөнүү

Адамдар өлтүргөнгө үйрөнүүнү токтотмоюн, бекем тынчтык орнотууга мүмкүн эмес. Мындан бир нече кылым мурда Ышайа пайгамбар: «Менин [Кудайдын] осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок»,— деп жазган (Ышайа 48:17, 18). Адамдар Кудай Сөзүнөн так билим алып, Кудайдын мыйзамдарын сүйүүгө үйрөнүшкөндө зордук-зомбулук менен согушту жек көрүп калышат. Ата-энелер балдарынын оюндары аларды зордук-зомбулукка үндөбөөрүнө ынанышы зарыл. Чоңдор да жек көрүүчүлүк менен ачкөздүктү жек көрүүгө үйрөнө алышат. Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын Сөзү адамдарды өзгөртө ала турган күчкө ээ экендигине узак убактан бери жана көптөгөн мисалдардан улам ишенишет (Эврейлерге 4:12).

Мисалга Ортенсьюну алып көрөлү. Бул уланды мажбурлап аскер кылышкан. «Аскердик даярдоо адамдарды өлтүрүүгө жана андан коркпоого үйрөтүүгө багытталган»,— дейт Ортенсью. Ал Африкадагы узакка созулган жарандык согушка катышкан. «Согуш көзкарашыма, мүнөзүмө изин калтырбай койгон жок. Андагы кылгандарымды азыркыга чейин эстейм. Мажбурлоонун аркасында кылган иштерим үчүн абдан өкүнөм»,— дейт ал.

Аскерде чогуу кызмат кылган бир киши Ыйык Китеп тууралуу айтып бергенде, Ортенсьюнун жүрөгү козголгон. Аны Кудайдын согушту токтотору тууралуу Забур 45:10догу убадасы таң калтырган. Ыйык Китепти терең изилдеген сайын, согушууга болгон каалоосу басаңдай берген. Көп өтпөй Ортеньсюну жана анын эки досун аскердик кызматтан бошоткондон кийин, алар өмүрлөрүн Жахаба Кудайга арнашат. Ортенсью: «Ыйык китептик чындык душмандарымды сүйүүгө жардам берди. Согушка катышуу менен Жахабага каршы күнөө кылып жатканымды түшүндүм, анткени Кудай жакындарыбызды өлтүрбөшүбүз керектигин айтып жатат. Ушундай сүйүү көрсөтүү үчүн, ой жүгүртүүмдү өзгөртүп, адамдарга душман катары карабоого үйрөнүшүм керек болду»,— дейт.

Жашоодогу ушундай окуялар ыйык китептик чындык тынчтыкка өбөлгө түзөрүн көрсөтүп турат, бирок бул таң калыштуу көрүнүш эмес. Анткени Ышайа пайгамбар Кудайдын окутуусу менен тынчтыктын ортосунда түз байланыш бар экендигин айткан. Ал: «Сенин уулдарыңдын баарын Теңир үйрөтөт, уулдарыңда улуу тынчтык болот»,— деген (Ышайа 54:13). Ушул эле пайгамбар ар кайсы улуттагы адамдар Жахаба Кудайга таза сыйынуу, анын жолдоруна үйрөнүү үчүн агылып келе турган убак тууралуу да айткан. Кандай натыйжа менен? «Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып жаңыдан согуп иштеп чыгат, бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнбөйт» (Ышайа 2:2—4).

Бул пайгамбарлыкка ылайык, Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча билим берүү ишин жүргүзүшүүдө жана анын аркасында миллиондогон адамдар согуштун тамыры болгон жек көрүүчүлүктү жеңе алышты.

Дүйнө жүзү боюнча тынчтык орнооруна кепилдик

Билим бергенден сырткары, Кудай бүткүл дүйнө жүзүнө тынчтык орното турган өкмөттү же «падышалыкты» орноткон. Белгилей кетчү нерсе, Кудай дайындаган Башкаруучу, Ыйса Машайак, Ыйык Китепте «Тынчтыктын төрөсү» деп аталган. Бул бизди «Анын падышачылыгында Анын үстөмдүк кылуусуна жана тынчтыктын өсүүсүнө чек» болбооруна бекем ынандырып турат (Ышайа 9:6, 7).

Машайактын башкаруусу астында согуштун кандай түрү болбосун токтотуларына кандай кепилдик бар? Ышайа пайгамбар: «Себайот Теңирдин кызганычы муну аткарат»,— деп кошумчалайт (Ышайа 9:7). Кудай бекем тынчтыктын өкүм сүрүшүн каалайт жана аны орното алат. Ыйса буга толук ишенген. Ошондуктан ал өзүнүн шакирттерин Кудайдын Падышалыгынын келиши жана Кудайдын эрки асмандагыдай эле жерде да аткарылышы тууралуу тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:9, 10). Чын жүрөктөн чыккан ушул өтүнүч аткарылган убакта эч качан жер үстүндөгү тынчтыкты бузган согуш болбойт.

[Шилтеме]

^ 6-абз. Акыркы күндөрдө жашап жаткандыгыбыздын далилдерин билүүнү кааласаңар, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Түбөлүк өмүргө алпаруучу билим» китебинин 11-бөлүмүн карагыла.

[5-беттеги сүрөт]

Ыйык китептик билим чыныгы тынчтыкка өбөлгө түзөт.