Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда»

«Бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда»

«Бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда»

«Силерге айтарым, бир туугандар, аз убакыт калды» (1 КОРУНТТУКТАРГА 7:29).

1, 2. Дүйнөдө болуп өткөн кандай өзгөрүүлөргө күбө болдуңар?

ДҮЙНӨДӨ болуп өткөн кандай өзгөрүүлөргө күбө болдуң? Алардын айрымдарын санап бере аласыңбы? Мисалга медицина тармагындагы жетишкендиктерди алып көрөлү. Бул чөйрөдөгү изилдөөлөрдүн аркасында айрым өлкөлөрдө адамдын орто жашы 70ке чейин өстү. Ал эми XX кылымдын башында 50гө гана жетчү! Ошондой эле үналгы, сыналгы, чөнтөк телефон жана факстардын канчалык пайдалуу болору жөнүндө да ойлонуп көрсөңөр. Билим, унаа чөйрөсүндө жана адам укугун коргоодо жасалган жетишкендиктерди да көз жаздымда калтырууга болбойт, анткени булардын баары миллиондогондордун жашоо шартын жакшыртты.

2 Бирок өзгөрүүлөрдүн баары эле мындай боло берген жок. Кылмышкерликтин көбөйүшү, адеп-ахлактын төмөндөшү, баңгизат кабыл алуунун жайылышы, ажырашуулардын, ошондой эле инфляция менен террорчулук коркунучунун өсүшү кандай гана каргашалуу кесепеттерге алып келип жатканын байкабай калуу мүмкүн эмес. Кандай болсо да, сен элчи Пабылдын көп жылдар мурун: «Бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда»,— деген сөздөрүнө кошулат чыгарсың (1 Корунттуктарга 7:31, «ЖД»).

3. Пабыл «бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда» деп жазганда эмнени айткысы келген?

3 Ал сөздөрдү айтуу менен Пабыл дүйнөнү театрга салыштырган. Актёрлор — саясат, дин жана маданият тармагындагы көрүнүктүү ишмерлер — сахнага чыгышып, өз ролдорун аткарып бүткөндөн кийин башкаларына орун бошотуп беришет. Кылымдар бою ушундай болуп келүүдө. Мурун кайсы бир династия ондогон, атүгүл жүздөгөн жылдар бою башкара алчу жана кандайдыр бир өзгөрүүлөр жай боло турган. Азыр болсо таптакыр башкача: жалданма киши өлтүргүчтүн огу бир заматта тарыхты өзгөртүп салышы мүмкүн! Ооба, бул дүрбөлөңдүү мезгилде эртең эмне болуп кетерин билбейсиң.

4. а) Дүйнөдөгү окуяларга карата Ыйсанын жолдоочулары тең салмактуу кандай көзкарашта болушу керек? б) Далилдердин ишенүүгө татыктуу кандай эки түрүн карап чыгабыз?

4 Дүйнө — театр, анын көрүнүктүү ишмерлери — актёрлор, ал эми Ыйсанын жолдоочулары — көрүүчүлөр *. Бирок «дүйнөдөн эмес» болгондуктан алар спектаклдин өзүнө да, аны кимдер коюп жатканына да анча кызыгышпайт (Жакан 17:16). Ыйсанын жолдоочуларын башка нерсе — пьесанын эң курчуган мезгилине (каргашалуу аягына) жакындап баратканын билдирген белгилер — көбүрөөк кызыктырат. Анткени алар көптөн бери күтүп келаткан жана адилеттик өкүм сүргөн жаңы заманды Жахаба орнотордон мурун бул түзүлүш акырына чыгыш керек экенин билишет *. Ошондуктан акыркы убакта жашап жатканыбызды жана жаңы заманга аз калгандыгын көрсөткөн далилдин эки түрүн карап чыгалы. Алар: 1) ыйык китептик хронология жана 2) дүйнөдөгү абалдын начарлашы (Матай 24:21; 2 Петир 3:13).

Акыры, сыр чечилди!

5. «Бутпарастардын заманы» деген эмне жана эмне үчүн ал бизди кызыктырат?

5 Хронология ар кандай окуялардын так даталарын аныктайт. Ыйса дүйнөнүн кыйын инсандары жердеги иштерди Кудайдын Падышалыгынын кийлигишүүсүз башкара турган мезгил тууралуу айткан. Ыйса ал мезгилди «бутпарастардын заманы» деп атаган (Лука 21:24). Ал мезгилдин соңунда толук укуктуу Башкаруучу Ыйса башчылык кылган Кудайдын асман Падышалыгы орнойт. Адегенде Ыйса «өз душмандарынын арасында бийлик жүргүзөт» (Забур 109:2). Андан кийин Даниел 2:44тө айтылгандар аткарылат: «Падышалык... бүт падышалыктарды [адамдардын бардык өкмөттөрүн] кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат».

6. «Бутпарастардын заманы» качан башталып, канча убакыт созулган жана качан аяктаган?

6 «Бутпарастардын заманы» качан аяктап, Кудайдын Падышалыгы башкаруусун качан башташы керек? Бул суроонун жообуна «акыркы мезгилге чейин... мөөр басылган» болчу; ал ыйык китептик хронология менен байланыштуу (Даниел 12:9). «Акыркы мезгилдин» жакындаганына байланыштуу Жахаба ал суроонун жообу Ыйык Китепти изилдеген момун адамдардын тобуна айкын болушуна кам көргөн. Кудайдын рухунун жардамы менен алар «бутпарастардын заманы» б.з.ч. 607-жылы Иерусалим талкаланганда башталып, 2 520 жылга созуларын түшүнүшкөн жана эсептөө жүргүзүүнүн аркасында «бутпарастардын заманы» 1914-жылы аяктаган деген тыянакка келишкен. Ошондой эле алар 1914-жылы бул түзүлүштүн акыры башталганын баамдашкан. Ыйык Китепти изилдеген адам катары сен Жазманын жардамы менен 1914-жыл кандайча эсептелерин түшүндүрүп бере аласыңбы? *

7. Даниел китебиндеги жети мезгилдин качан башталганын, канчага созулганын жана качан аяктаганын түшүнүүгө кайсы аяттар жардам берет?

7 Даниел китеби бул сырды түшүнүүгө жардам берет. Жахаба бутпарастардын заманынын башталышында, тактап айтканда, б.з.ч. 607-жылы Иерусалимди талкалоо үчүн Бабыл падышасы Небухаданасарды колдонгон. Ошондуктан элдердин каймана маанидеги жети мезгил бою Кудайдын кийлигишүүсүз жашаарын ошол башкаруучу аркылуу ачып берген (Жезекиел 21:26, 27; Даниел 4:13, 20—22). Бул жети мезгил канчага созулат? Аян 11:2, 3 жана 12:6, 14-аяттарга ылайык, үч жарым мезгил 1 260 күнгө барабар. Демек, жети мезгил эки эсеге көп, тактап айтканда, 2 520 күнгө созулат. Ушуну менен эле бүтүп калабы? Жок, Жахаба Даниелдин замандашы Жезекиел пайгамбарга түшүндүрүүнүн төмөндөгүдөй эрежесин берген: «Бир күн бир жылга барабар, Мен сага бир күндү бир жылга белгилеп бердим» (Жезекиел 4:6). Демек, жети мезгил 2 520 жылга созулушу керек. Б.з.ч. 607-жылдан бери көздөй 2 520 жылды саноо менен «бутпарастардын заманы» 1914-жылы аякташы керек деген тыянакка келе алабыз.

«Акыркы мезгил» ырасталды

8. Дүйнөдөгү абалдын 1914-жылдан бери начарлаганын көрсөткөн кандай далилдерди айтып бере аласыңар?

8 Дүйнөдө 1914-жылдан бери болуп келаткан окуялар жогорудагы ыйык китептик хронологияга негизделген түшүндүрмөнүн тууралыгын тастыктайт. «Түзүлүштүн аяктаар» маалы келгенде согуштар, ачарчылык жана эпидемиялардын болорун Ыйса өзү айтып кеткен (Матай 24:3—8, «ЖД»; Аян 6:2—8). 1914-жылдан бери так ушулар болуп келүүдө. Элчи Пабыл да дагы башка өзгөчөлүктөрдү айтып жатып, адамдардын бири-бирине болгон мамилеси абдан өзгөрөрүн кошумчалап кеткен. Ал алдын ала айткан өзгөрүүлөрдүн эң туура болуп чыкканына өзүбүз күбө болуудабыз (2 Тиметейге 3:1—5).

9. 1914-жылдан кийинки дүйнөдөгү абалга байкоо жүргүзүп келгендер эмнелерди айтышууда?

9 «Бул дүйнөнүн көшөгөсү» 1914-жылдын келиши менен чынында эле абдан өзгөрдүбү? «1914-жылдын мууну» деген китепте профессор Роберт Вол мындай деген: «Согушту баштан кечиргендер 1914-жылдын августунда бир дүйнө жок болуп, экинчиси пайда болгон деген ишеничтен эч качан баш тартышпайт» («The Generation of 1914»). Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмундагы психикалык денсоолук бөлүмүнүн директору Жорж Коста-и-Сильва да буга мындайча кошулат: «Биз өтө тез өзгөрүлүп турган убакта жашап жатабыз, бул адамзатты болуп көрбөгөндөй масштабдагы тынчсыздануулар менен стресске алып келүүдө». Сен жеке өзүңдүн тажрыйбаңдан мунун чындык экенине ынандыңбы?

10. Дүйнөдөгү абалдын 1914-жылдан бери начарлап кетишинин себебин Ыйык Китеп бизге кандайча түшүндүрөт?

10 Дүйнөдөгү абалдын начарлашына ким жооптуу? Аян 12:7—9-аяттар буга ким күнөөкөр экенин төмөнкүчө ачып берет: «Асманда согуш чыкты: Михаел [Ыйса Машайак] жана анын периштелери ажыдаарга каршы согушушту, ажыдаар [Шайтан Ибилис] жана анын жин-перилери тигилерге каршы согушушту, бирок жеңилип калышты, алар өздөрүнүн асмандагы ордунан ажырашты. Ошентип, чоң ажыдаар — бүткүл ааламды азгырган шайтан... жерге кулатылды». Демек, тынчтыкты бузуп жаткан — Шайтан Ибилис. Анын 1914-жылы асмандан куулуп түшүрүлүшү «жер үстүндө жана деңизде жашагандарга кайгы» алып келди, «анткени шайтан өз убагынын аз калганын билип... катуу каары менен түштү!» (Аян 12:10, 12).

Акыркы көшөгө кандайча коюлат?

11. а) Шайтан «бүт ааламды» азгыруу максатында кандай ыкмаларды колдонуп келет? б) Элчи Пабыл Шайтандын максаттарынын кайсынысына көңүл бурдурган?

11 Шайтан убактысынын аз калганын билгендиктен 1914-жылдан баштап «бүт ааламды» мурункудан да көбүрөөк азгырууга аракет кылып жатат. Шайтан — чебер алдамчы: өзү көшөгөнүн артына туруп алат да, сахнага болсо актёрлорду — дүйнөнүн жолбашчыларын жана жаңы ойлорду үгүттөөчүлөрдү — чыгарып турат (2 Тиметейге 3:13; 1 Жакан 5:19). Анын максаттарынын бири — адамдарды чыныгы тынчтыкты анын башкаруу жолу алып келет дегенге куулук менен ишендирүү. Жалпы жонунан, ал бул жагынан ийгиликке жетишүүдө, себеби адамдар дүйнөдөгү абалдын начарлагандан начарлап баратканын көрсөткөн далилдердин жетиштүүлүгүнө карабастан, оптимизмди сакташууда. Элчи Пабыл бул түзүлүш талкаланардын алдында Шайтандын үгүттөөсү өзгөчө байкаларын алдын ала айткан. Ал: «„Тынчтык жана коопсуздук“,— деп айтышканда, кош бойлуу аялдын толгоосу кармаган сыяктуу алар күтүлбөгөн жерден өлүмгө дуушар болушат»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктарга 5:3; Аян 16:13).

12. Азыркы убакта тынчтыкты орнотууга карата кандай үзгүлтүксүз аракеттер жасалууда?

12 Акыркы жылдары саясаттагылар иштелип чыгарылган ар кыл программаларды сүрөттөп берүүдө «тынчтык жана коопсуздук» деген сөз айкашын көп колдонуп келишкен. Алар атүгүл 1986-жылды Эларалык тынчтык жылы деп аташкан, бирок ал өзүнүн аталышын актай алган жок. Дүйнө башчылары жүргүзүп жаткан ушундай чаралар 1 Тесалоникалыктарга 5:3тө айтылгандардын толук аткарылганын билдиреби же Пабыл ал аятта бүт дүйнөнүн көңүлүн бурдурган конкреттүү жана өзгөчө айкын боло турган окуя тууралуу айтканбы?

13. «Тынчтык жана коопсуздук» тууралуу пайгамбарлыкты айтканда Пабыл андан кийин келүүчү кыйратылууну эмнеге салыштырган жана мындан эмнеге үйрөнсөк болот?

13 Көп учурда ыйык китептик пайгамбарлыктарды алар аткарылганда же аткарыла баштаганда гана толук түшүнүүгө мүмкүн болгондуктан, биз күтүп жана байкап турушубуз керек. Бирок кызыктуусу, Пабыл «тынчтык жана коопсуздук» жарыялангандан кийин капысынан келүүчү кыйратылууну боюнда бар аялдын толгоосуна салыштырган. Тогуз айча болочок эне ичиндеги баланын өрчүп жатканын билдирген белгилерди улам көбүрөөк байкай берет. Ал баласынын жүрөгүнүн сокконун угушу же кыймыл-аракетин сезиши мүмкүн. Бала атүгүл тепкилениши да ыктымал. Бул белгилер, адатта, барган сайын айкын боло баштайт да, бир күнү көптөн күткөн мүнөт — бала төрөлөр маал — келип калганын билдирген катуу ооруу болот. Ушу сыңары, «тынчтык жана коопсуздук» тууралуу пайгамбарлык кандай болуп аткарылбасын, анын артынан капысынан катуу ооруткан, бирок акыры кубанычка бөлөгөн окуя — жамандыктын жок кылынышы жана жаңы замандын орношу — болот.

14. Жалпылап айтканда, келечектеги окуялар кандай тартипте өрчүйт жана аягы эмне болуп бүтөт?

14 Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары алдыда боло турган үрөй учурарлык кыйратылууну бери жактан байкап турушат. Адегенде жер үстүндөгү падышалар (Шайтандын уюмунун саясат бөлүгү) Улуу Бабылды (анын диний бөлүгүн) жактагандарга кол салып, аларды жок кылышат (Аян 17:1, 15—18). Окуялар капысынан ушундайча өрчүп, Шайтандын падышалыгынын бир бөлүгү экинчисине каршы чыккандыктан, ал экиге бөлүнүп калат. Шайтандын болсо муну болтурбоого чамасы жетпейт (Матай 12:25, 26). Жахаба жер үстүндөгү падышалардын жүрөктөрүнө «өзүнүн каалоосун аткарууну», тактап айтканда, жерди диний душмандарынан тазалоону салат. Жалган дин кыйратылгандан кийин, Ыйса Машайак Шайтандын уюмунун калган бөлүктөрүн — коммерция менен саясатты — толугу менен кыйратуу үчүн асмандагы аскерлерин көтөрөт. Акырында Шайтандын өзү эч нерсе кыла албагыдай абалга келтирилет. Ошондо кылымдар бою коюлуп келаткан пьесанын көшөгөсү жабылат (Аян 16:14—16; 19:11—21; 20:1—3).

15, 16. «Аз убакыт калганы» тууралуу эскертүү жашообузга кандай таасир этиши керек?

15 Мунун баары качан болот? Биз күнүн да, саатын да билбейбиз (Матай 24:36). Бирок «аз убакыт калганын» билебиз (1 Корунттуктарга 7:29). Андыктан калган убактыбызды акылдуулук менен пайдаланышыбыз абдан зарыл. Кандайча? Элчи Пабыл түшүндүргөндөй, анча маанилүү эмес иштердин ордуна, маанилүүрөөк иштер үчүн «өзүбүзгө ылайыктуу убакыт сатып алып», ар бир күндү баалашыбыз керек. Эмне үчүн? «Анткени күндөр каардуу». Ошондой эле «Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билүү» менен биз калган баалуу аз убакытты курулай коротпойбуз (Эфестиктерге 5:15—17, «ЖД»; 1 Петир 4:1—4).

16 Дүйнөлүк түзүлүштүн баары жок болорун билүү ар бирибизге кандай таасир этиши керек? Элчи Петир биздин пайдабыз үчүн минтип жазган: «Эгерде баары ушинтип жок боло турган болсо... силердин жашооңор канчалык ыйык, канчалык такыбаа болушу керек» (2 Петир 3:11). Ооба, кандай гана адамдардан болушубуз керек! Петирдин акылдуу кеңешине ылайык, биз 1) жүрүм-турумубуздун ыйык болушуна жана 2) ынталуу кызматыбызда дайыма Жахабага болгон терең сүйүүнүн чагылып турушуна абдан көңүл бурушубуз керек.

17. Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары Шайтандын кайсы тузактарынан сак болушу керек?

17 Эгерде Кудайды сүйсөк, бул дүйнөгө, азгырыктарына карабастан, тартылбайбыз. Азыркы түзүлүштү эмне күтүп турганы белгилүү болгондуктан, анын ырахаттанууларга багытталган жашоо мүнөзүнүн бизди кызыктырышына жана суктандырышына жол берүү коркунучтуу. Бул дүйнөдө жашап жана иштеп жатсак да, дүйнөнү толугу менен пайдаланбоого карата берилген даанышман кеңешти угушубуз зарыл (1 Корунттуктарга 7:31, «Мукаддас»). Мындан сырткары, дүйнөдөгү үгүттөөлөр бизди азгырып кетпеши үчүн, болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Бул дүйнө өзүнүн көйгөйлөрүн чече албайт. Ошондой эле түбөлүккө да турбайт. Буга эмне үчүн ишенсек болот? Анткени Кудайдын шыктандыруусу менен жазылган Жазмада: «Бул дүйнө өзүнүн кумарлары менен кошо жок болот. Ал эми Кудайдын эркин аткарган адам түбөлүк жашайт»,— деп айтылат (1 Жакан 2:17).

Сонун нерселер али алдыда!

18, 19. Жаңы заманда кандай өзгөрүүлөрдүн болушун күтүп жатасыңар жана бул эмне үчүн ошого арзыйт?

18 Жахабанын Шайтан менен анын жактоочуларын четтетерине аз калды. Андан кийин жаңы заманга аман өткөн берилген адамдар Кудайдын батасы менен сахнада түбөлүккө кала турган жаңы «декорацияларды» орнотушат. Ал убакта эч качан согуштан жапа чекпейбиз, анткени Кудай «жердин учу-кыйрына чейин согуштарды токтотот» (Забур 45:10). Азык-түлүктөрдүн жетишсиздиги жоюлуп, жер бетинде «нан мол болот» (Забур 71:16). Түрмө, милиция участкалары, жыныстык жол менен жугуучу оорулар, баңгизат төбөлдөрү, ажырашууга байланыштуу соттор, банкроттук жана террорчулук дегендин баары жок болот (Забур 36:29; Ышайа 33:24; Аян 21:3—5).

19 Эстелүүчү мүрзөлөр бошоп, сахнага жаңы актёрлор — миллиарддаган тирилген адамдар — чыгат. Бир муун менен экинчи муундун биригиши, узак убакыттан бери көрүшпөгөн жакын адамдардын бири-бирин бекем кучакташы кандай гана кубаныч тартуулайт! Акырында жанбүткөндүн баары Жахабага табынат (Аян 5:13). Декорациялар толук өзгөргөн соң, көшөгө кайрадан ачылып, көз алдыга бүткүл дүйнөлүк бейиш тартылат. Ошол жаңы көшөгөнү көргөнүңдө сен кандай сезимде болосуң? Үнүңдү бийик чыгара: «Мен муну канча убактан бери күтүп келдим, бирок күткөнүм бекер болгон жок!» — деп айтарың шексиз.

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Башка контекстте Пабыл Ыйсанын майланган жолдоочуларын «дүйнөгө, периштелерге да, адамдарга да театралдык тамаша» болгонун айткан (1 Корунттуктарга 4:9, «ЖД»).

^ 4-абз. Мисалы, Даниел 11:40, 44, 45теги «түштүк падышасы» ким экендиги тууралуу «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула» (ор.) аттуу китептин 280, 281-беттеринде айтылган.

^ 6-абз. Ыйык Китепте Иерусалимдин жүйүттөр кулчулуктан б.з.ч. 537-жылы кайтып келгенден 70 жыл мурун кулаганы көрсөтүлөт (Жеремия 25:11, 12; Даниел 9:1—3). «Бутпарастардын заманы» тууралуу Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Жазманын негизинде талкуулашуу» аттуу китептин «Даталар» деген бөлүгүндө кеңири талкууланат (95—97-беттер, англ.).

Кантип жооп берет элеңер?

• Пабылдын: «Бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда»,— деген сөздөрү биздин күндөрдө кандайча аткарылып жатат?

• Ыйык китептик хронология «бутпарастардын заманынын» аяктаганын кандайча көрсөтүүдө?

• Дүйнөдөгү абалдын өзгөрүшү 1914-жылы «акыркы мезгил» башталганын кандайча тастыктап турат?

• «Аз убакыт калганын» билүү бизге кандай таасир этиши керек?

[Изилдөө суроолору]

[30-беттеги сүрөт]

Акыры, сыр чечилди!