Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын улуулугу акыл жеткис

Жахабанын улуулугу акыл жеткис

Жахабанын улуулугу акыл жеткис

«Теңир улуу жана мактоого татыктуу, анын улуулугу акыл жеткис» (ЗАБУР 144:3).

1, 2. Дөөт кандай адам болгон жана Кудайдын алдында өзүнө кандай баа берген?

ЗАБУРДУН 144-бабын тарыхта белгилүү болгон кишилердин бири жазган. Улан кезинде ал куралдуу алп адамга каршы чыгып, аны мерт кылган. Жоокер-падыша катары бул забурчу көп душмандарын багынткан. Сөз байыркы Ысрайылдын экинчи падышасы Дөөт тууралуу жүрүп жатат. Дөөттүн атагы көзү өткөндөн кийин да өчкөн эмес, атүгүл бүгүн да миллиондогондор ал жөнүндө азыноолок билишет.

2 Зор жетишкендиктерине карабастан, Дөөт момун адам болгон. Жахаба жөнүндө ал мындай деп ырдаган: «Мен Сенин колуң жасаган асманыңды, Өзүң коюп койгон ай менен жылдыздарыңды карап туруп: „Сен унутпагыдай, адам деген ким? Өзүң келип тургудай, адам баласы деген ким?“ — деп ойлойм» (Забур 8:4, 5). Дөөт өзүн улуу деп эсептегенден алыс болгон, кайра бардык душмандарынан аны Жахаба куткарганын билдирип, Кудай жөнүндө: «Сен мага Өз сактоочу калканыңды бересиң, Сенин ырайымың мени даңкка бөлөйт»,— деп айткан (2 Шемуел 22:1, 2, 36). Жахаба күнөөкөрлөргө ырайым кылуу менен момундук көрсөтөт жана анын ырайымы үчүн Дөөт абдан ыраазы болгон.

«Кудайымды, Падышамды» даңазалайм

3. а) Дөөт Ысрайылдын падышасы деп кимди эсептеген? б) Дөөт Жахабаны канчалык мактагысы келген?

3 Кудай тарабынан падыша болуп дайындалганына карабастан, Дөөт Ысрайылдын чыныгы падышасы деп Жахабаны эсептеген. «Теңир, падышачылык бийлик да Сеники! Бардыгынын Эгедери Сенсиң, бир Өзүң бардыгынан жогорусуң!» — деп айткан ал (1 Жылнаама 29:11). Ооба, Дөөт Кудайды Башкаруучусу катары жогору баалаган! «Өзүңдү даңазалайм, Теңирим, Кудайым, Падышам,— деп ырдаган ал,— Сенин ысымыңды түбөлүккө даңктайм. Сени күн сайын даңктайм, Сенин ысымыңды түбөлүккө мактайм» (Забур 144:1, 2). Дөөт Жахаба Кудайды күнү бою жана түбөлүктөн түбөлүккө мактоону каалаган.

4. Забурдун 144-бабы кайсы айыптоолордун жалган экенин көрсөтүп турат?

4 Забурдун 144-бабы Шайтандын Кудайды өз жаратууларына эркиндик бербеген өзүмчүл башкаруучу деген айыптоосуна ынандырарлык жооп болуп саналат (Башталыш 3:1—5). Ошондой эле бул забур Шайтандын адамдар Кудайга аны сүйгөндүктөн эмес, а өздөрүнүн пайдасы үчүн гана баш ийишет деген ырастоосунун калп экенин көрсөтөт (Аюб 1:9—11; 2:4, 5). Дөөткө окшоп, бүгүн Ыйсанын чыныгы жолдоочулары Ибилистин жалган айыптоолоруна жооп кайтарышууда. Алар Падышалык башкаруунун тушунда түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүн Жахабаны түбөлүккө мактоону каалагандыктан жогору баалашат. Миллиондогон адамдар Ыйсанын куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүп жана чөмүлтүлгөн ишенимдүү кызматчылары катары Жахабага сүйүү менен баш ийгендикте кызмат кылып, аны эмитеден эле даңктай башташты (Римдиктерге 5:8; 1 Жакан 5:3).

5, 6. Жахабаны даңктоого жана мактоого кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

5 Жахабаны анын кызматчылары катары даңктоонун жана мактоонун көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Алсак, анын Сөзүнөн, Ыйык Китептен, окугандарыбыз жүрөгүбүздү козгогондо, Кудайды тиленүү аркылуу даңазаласак болот. Ошондой эле Кудайдын өз элине жасаган мамилеси же анын кереметтүү жаратылышы таасирленткенде, Ага ыраазычылык жана даңк билдирсек болот. Андан тышкары, Жахаба Кудайды анын ой-ниеттерин ишенимдештерибиз менен жыйналыш жолугушууларында же жекече маектешүүлөрүбүздө талкуулап даңазалайбыз. Кудайдын Падышалыгынын кызыкчылыктары үчүн жасалган «жакшы иштердин» дегеле бардыгы Жахабага даңк алып келет (Матай 5:16).

6 Мындай жакшы иштерге акыркы убакта Жахабанын элинин жакыр өлкөлөрдө көптөгөн сыйынуу жайларын кургандыгы мисал боло алат. Бул иштин көбү башка өлкөлөрдөгү ишенимдештердин финансылык жардамы менен аткарылат. Айрым ишенимдештерибиз ал жерлерге өз каалоосу менен барып, Падышалык залдарын курууга жардам беришет. Ал эми жакшы иштердин эң маанилүүсү — Жахабаны анын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу менен даңктоо (Матай 24:14). 144-забурдун бөлөк аяттары көрсөтүп тургандай, Дөөт Кудайдын башкаруусу үчүн абдан ыраазы болгон жана анын падышалык башкаруусун даңазалаган (Забур 144:11, 12). Кудайдын сүйүү менен жүргүзгөн башкаруусу үчүн ыраазылыгыңарды силер да ушундайча билдиресиңерби? Анын Падышалыгы жөнүндө башкаларга дайыма айтасыңарбы?

Кудайдын улуулугун көрсөткөн мисалдар

7. Жахабаны мактоого негизинен эмне түрткү берет?

7 Забур 144:3тө Жахабаны мактоого негизинен эмне түрткү берери көрсөтүлөт. «Теңир улуу жана мактоого татыктуу, Анын улуулугу акыл жеткис»,— деп ырдайт Дөөт. Жахаба чексиз улуу. Адамдар Анын улуулугун толугу менен изилдей, баамдай же өлчөй алышпайт. Ошентсе да Жахабанын акыл жеткис улуулугун көрсөткөн мисалдарды карап чыгуу пайдалуу болору шексиз.

8. Аалам Жахабанын улуулугу менен күч-кубатына байланыштуу эмнени көрсөтүп турат?

8 Чырактары жаркыраган шаардан алыска чыгып, түнкү булутсуз асманга көз чаптырган учуруңарды эстеп көрсөңөр. Космос мейкиндигинин караңгы фонунан сансыз жылдыздарды көрүп, таңданган эмес белеңер? Бул силерге ошол асман телолорунун баарын жараткан Жахабаны улуулугу үчүн даңазалоого түрткү берген эмес беле? Бирок силер ошондо өз ичине Жерди камтыган галактикадагы көп сандаган жылдыздардын четин эле көргөнсүңөр. Андан тышкары, эсептөөлөр боюнча, жүз миллиарддан ашык галактика бар, бирок алардын үчөөн гана телескоптун жардамысыз көрүүгө болот. Чынында эле, чексиз ааламдын кучагындагы сан-эсепсиз жылдыздар менен галактикалар Жахабанын жаратуучу күчүн жана акыл жеткис улуулугун күбөлөндүрүп турат (Ышайа 40:26).

9, 10. а) Жахабанын улуулугунун Ыйса Машайакка байланышы бар кайсы жактары көрсөтүлгөн? б) Ыйсанын тирилүүсү ишенимибизге кандай таасир этиши керек?

9 Эми Жахабанын улуулугунун Ыйса Машайак менен байланышкан жактарын карап көрөлү. Кудайдын улуулугу Анын өз Уулун жаратканында жана аны кылымдар бою «чебер жардамчы» («БМК») катары колдонгонунда да көрсөтүлгөн (Накыл сөздөр 8:22—31). Жахабанын сүйүүсүнүн улуулугу жалгыз өзү жараткан Уулун адамзат үчүн куткаруу курмандыгы катары бергенде да айкын болгон (Матай 20:28; Жакан 3:16; 1 Жакан 2:1, 2). Ал эми Жахабанын Ыйсаны тирилтип, ага даңктуу жана өлбөс-өчпөс рухий дене бергендиги — адамдын акылы жеткис нерсе (1 Петир 3:18).

10 Ыйсанын тирилүүсү Жахабанын акыл жеткис улуулугунун таасир калтырарлык көп жактарын айгинелеген. Кудай Ыйсанын көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселерди жаратууга катышканын эстөөгө өбөлгө түзгөнү шексиз (Колостуктарга 1:15, 16). Ал нерселерге башка рухий жандар, аалам, Жер жана андагы жашоонун бардык түрлөрү кирет. Уулу адам болуп жерге келгенге чейин асмандагы жана жердеги жашоого күбө болгон соң, Жахаба анын ошол тарыхты бүтүндөй эстешин шарттагандан сырткары, жеткилең адам болуп жашаганда башынан өткөргөндөрүн да эсине түшүргөн. Ооба, Ыйсанын тирилүүсү Жахабанын акыл жеткис улуулугун тастыктайт. Андан тышкары, бул улуу иш бизди башкалардын тирилүүсү мүмкүн экенине ынандырат. Ал Кудайдын өзүнүн жеткилең эстутумундагы миллиондогон өлгөн адамдарга кайрадан өмүр бере аларына болгон ишенимибизди бекемдейт (Жакан 5:28, 29; Элчилер 17:31).

Укмуштуу зор иштер

11. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Жахаба кандай улуу ишти баштаган?

11 Ыйса тирилгенден кийин, Жахаба дагы башка көптөгөн улуу жана укмуштуу иштерди жасаган (Забур 39:6). Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Жахаба Ыйсанын ыйык рух менен майланган шакирттеринен турган жаңы элди, «Кудайдын Ысрайылын», пайда кылган (Галаттыктарга 6:16). Бул жаңы рухий эл ошол убакта белгилүү болгон дүйнөгө кеңири тараган. Ыйсанын элчилери өлгөндөн кийин, ишенимден чегингендик христиан дүйнөсүнүн пайда болушуна алып келгенине карабастан, Жахаба укмуштуу иштерди жасоону улантып, өзүнүн ой-ниетин ишке ашыра берген.

12. Ыйык Китептин жер жүзүндөгү негизги тилдердин баарына которулганы эмнени тастыктап турат?

12 Мисалы, Ыйык Китептин канону сакталып, убакыттын өтүшү менен жер жүзүндөгү азыркы негизги тилдердин баарына которулган. Ыйык Китеп көп учурда оор жагдайларда жана Шайтандын тарабын ээлеген кишилердин өлтүрүү опузасы алдында которулган. Албетте, акыл жеткис улуу Кудай Жахабанын эрки болбосо, Ыйык Китепти 2 000ден ашык тилге которуу мүмкүн эмес болмок!

13. Жахабанын улуулугу 1914-жылдан бери Анын Падышалыгына байланыштуу кандайча көрсөтүлгөн?

13 Жахабанын улуулугун Анын Падышалыкка байланышкан ой-ниеттеринен да көрүүгө болот. Маселен, 1914-жылы ал өзүнүн Уулу Ыйса Машайакты асман Падышасы кылып дайындаган. Андан көп өтпөй Ыйса Шайтанга жана анын жин-перилерине каршы иш-аракет жасаган. Алар асмандан жердин айланасына кууп түшүрүлүп, эми өздөрүнүн түпсүз туңгуюкка ташталар маалын күтүп жатышат (Аян 12:9—12; 20:1—3). Алар жердин айланасына куулгандан бери Ыйсанын майланган жолдоочулары куугунтуктарга көп кабылууда. Бирок Жахаба аларга Машайактын ушул көзгө көрүнбөгөн катышуусунун убагында колдоо көрсөтүп келүүдө (Матай 24:3, «ЖД»; Аян 12:17).

14. Жахаба 1919-жылы кандай укмуштуу иш жасаган жана бул кандай натыйжа берген?

14 Жахаба 1919-жылы анын улуулугун көрсөткөн дагы бир укмуштуу иш жасаган. Ал жылы рухий жактан жигерсиз болуп калган Ыйсанын майланган жолдоочулары кайрадан жандандырылган (Аян 11:3—11). Ошондон кийин алар асманда орнотулган Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуу жарыялап киришкен. Ошентип, 144 000ди толтуруу үчүн башка майлангандар да чогултулган (Аян 14:1—3). Андан тышкары, Ыйсанын майланган жолдоочулары аркылуу Жахаба «жаңы жердин» — адил адамзат коомунун — негизин түзгөн (Аян 21:1). Бирок ишенимдүү майлангандардын баары асманга кеткенде, «жаңы жер» эмне болот?

15. Ыйсанын майланган жолдоочулары кайсы иштин башында турушат жана бул кандай натыйжаларды берүүдө?

15 Ушул журналдын 1935-жылдын 1 жана 15-августундагы сандарында Аян китебинин 7-бабында кеп кылынган «эбегейсиз көп адамдар» жөнүндө өзөк макалалар жарык көргөн. Ыйсанын майланган жолдоочулары андай ишенимдештерин бардык уруулардан, улуттардан, элдерден жана тилдерден ынталуулук менен издеп, аларды өздөрүнүн боордоштугуна чакыра башташкан. «Эбегейсиз көп адамдар» жакындап келаткан «улуу кайгыдан» аман өтүп, «жаңы жердин» туруктуу мүчөлөрү катары Бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт (Аян 7:9—14). Ыйсанын майланган жолдоочулары башында турган Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинин натыйжасында азыр алты миллиондон ашык адам жер бетиндеги бейиште чексиз өмүр сүрүү үмүтүнө ээ. Шайтандын жана анын бузулган дүйнөсүнүн каршылыгы токтото албаган мындай өсүш үчүн ким даңкка татыктуу? (1 Жакан 5:19). Мунун баарын Жахаба гана ыйык рухун колдонуп ишке ашыра алмак (Ышайа 60:22; Захария 4:6).

Жахабанын улуулугунун зор даңкы

16. Эмне үчүн адамдар Жахабанын «улуулугунун зор даңкын» түзмө-түз көрө алышпайт?

16 Жахабанын укмуштуу жана зор иштеринин кандай түрү болбосун, алар эч качан унутулбайт. Дөөт мындай деп жазган: «Бир муун бир муунга Сенин иштериңди мактайт, Сенин зор күчүңдү жарыя кылат. Ал эми мен болсо Сенин улуулугуңдун зор даңкы жөнүндө жана Сенин укмуштуу иштериң жөнүндө ойлоном. Сенин коркунучтуу иштериңдин күчү жөнүндө айтышат, мен да Сенин улуулугуңду жарыя кылам» (Забур 144:4—6). Бирок Дөөт Жахабанын улуулугунун зор даңкын канчалык биле алмак, анткени «Кудай — Рух» болгондуктан, аны адам баласы көрө албайт эмеспи? (Жакан 1:18; 4:24).

17, 18. Дөөт Жахабанын «улуулугунун зор даңкын» эмненин аркасында баамдай алмак?

17 Дөөт Кудайды көрө албаса да, анын улуулугун баамдай алмак. Мисалы, ал Ыйык Жазмадан каардуу дүйнөнү жок кылган Топон суу сыяктуу Кудайдын зор иштери жөнүндө окуй алган. Дөөттүн Кудайдын ысрайылдыктарды Мисир кулчулугунан бошотуп, Мисирдин жалган кудайларын уятка калтырганын билгени толук ыктымал. Мындай окуялар Жахабанын улуулугунун даңкын күбөлөндүрүп турат.

18 Албетте, Дөөт Кудайдын улуулугун Ыйык Жазманы окуу менен эле эмес, окугандарынын үстүнөн ой жүгүртүү менен да баамдай берген. Мисалы, ал Жахаба ысрайыл элине Мыйзам бергенде эмне болгону тууралуу ой жүгүртүшү мүмкүн эле. Ошол учурда күн күркүрөгөн, чагылган чартылдап, тоону калың булут каптаган жана сурнай үнү катуу жаңырган. Синай тоосу катуу солкулдап, түтөгөн. Ал түгүл, Жахаба тоонун этегине чогулган ысрайылдыктарга периште аркылуу сүйлөгөндө, алар от жана булут ичинен «он осуятты» угушкан (Мыйзам 4:32—36; 5:22—24; 10:4; Чыгуу 19:16—20; Элчилер 7:38, 53). Жахабанын улуулугу кандай зор көрсөтүлгөн! Кудай Сөзүн сүйгөндөр бул окуялардын үстүнөн ой жүгүрткөндө Жахабанын «улуулугунун зор даңкынан» таасир албай коюшпайт. Бүгүн, албетте, бизде Ыйык Китеп толугу менен бар жана анда бизди Жахабанын улуулугу менен таасирленткен ар кандай укмуштуу аяндар камтылган (Жезекиел 1:26—28; Даниел 7:9, 10; Аян 4-бап).

19. Жахабанын улуулугун көбүрөөк баамдай беришибизге эмне шарт түзөт?

19 Дөөт Кудайдын ысрайылдыктарга берген мыйзамдарын изилдөө менен да Кудайдын улуулугунан таасир ала алмак (Мыйзам 17:18—20; Забур 18:8—12). Жахабанын мыйзамдарына баш ийүү ысрайыл элинин зоболосун көтөрүп, аны башка бардык элдерден айырмалаган (Мыйзам 4:6—8). Дөөткө окшоп, Ыйык Жазманы дайыма окуу, окуганыбыздын үстүнөн терең ой жүгүртүү жана дилгирлик менен изилдөө жүргүзүү Жахабанын улуулугун көбүрөөк баамдай берүүгө шарт түзөт.

Кудайдын адеп-ахлак сапаттары кандай зор!

20, 21. а) Забур 144:7—9-аяттарда Жахабанын улуулугу кайсы сапаттарга байланыштуу даңазаланат? б) Бул жерде айтылып өткөн Кудайдын сапаттары аны сүйгөндөрдүн баарына кандай таасир этет?

20 Жогоруда белгиленгендей, 144-забурдун биринчи алты аятында Жахабаны анын акыл жеткис улуулугуна байланышкан иштери үчүн даңкташыбызга орчундуу себептер бар экени көрсөтүлөт. Ал эми 7ден 9га чейинки аяттарда Кудайдын улуулугу анын адеп-ахлак сапаттары аркылуу даңазаланат. Дөөт мындай деп ырдайт: «Сенин улуу ырайымыңдын [«жакшылыкчылдыгыңдын», «ЖД»] унутулгус иштерин жарыя кылышат, Сенин чындыгыңды [«адилеттүүлүгүңдү», «ЖД»] даңктап ырдашат. Теңир — кең пейил жана кайрымдуу, абдан чыдамдуу жана абдан ырайымдуу. Теңир бардыгына ырайымдуу, Анын кең пейилдиги бардык иштеринен көрүнүп турат».

21 Бул жерде Дөөт биринчи кезекте Жахабанын жакшылыкчылдыгы менен адилеттүүлүгүн — Шайтан Ибилис тарабынан шек келтирилген сапаттарын — белгилейт. Бул сапаттар Кудайды сүйгөндөрдүн жана анын башкаруусуна баш ийгендердин баарына кандай таасир этет? Жахабанын жакшылыкчылдыгы жана адилеттүү башкаруусу анын кызматчыларына зор кубаныч алып келгендиктен, алар аны даңктабай коё алышпайт. Мындан тышкары, Жахабанын жакшылыкчылдыгы «бардыгына» көрсөтүлөт. Бул дагы көптөгөн адамдарга өкүнүүгө жана өтө кеч болуп кала электе чыныгы Кудайдын кызматчыларынан болууга жардам берет деп үмүттөнөбүз (Элчилер 14:15—17).

22. Жахаба өзүнүн кызматчыларына кандай мамиле кылат?

22 Дөөт Кудайдын «Мусанын бет алдынан өткөндө»: «Теңир — пендесин сүйгөн, ырайымдуу, сабырдуу, кайрымдуу, акыйкат Кудай»,— деп өзү баса белгилеген сапаттарын да баалаган (Чыгуу 34:6). Ошондуктан ал: «Теңир — кең пейил жана кайрымдуу, абдан чыдамдуу жана абдан ырайымдуу [«туруктуу боорукердиги менен улук», «ЖД»]»,— деп айта алган. Жахаба акыл жеткис улуу болсо да, өзүнүн жердеги кызматчыларына кең пейилдик менен мамиле кылып, алардын зоболосун көтөрөт. Ал өтө кайрымдуу, андыктан өкүнгөн күнөөкөрлөрдү Ыйсанын куткаруу курмандыгынын негизинде кечирүүгө даяр. Ошондой эле Жахаба өзүнүн кызматчыларына адилеттик өкүм сүрө турган жаңы дүйнөгө кирүүгө тоскоол болчу алсыздыктарын жеңүүгө мүмкүнчүлүк берип, эбегейсиз чыдамдуулук көрсөтүп келүүдө (2 Петир 3:9, 13, 14).

23. Эмки макалада кайсы баа жеткис сапатты карап чыгабыз?

23 Дөөт Кудайдын туруктуу боорукердигин, же өзгөрүлбөс сүйүүсүн, даңазалаган. 144-забурдун калган бөлүгүндө Жахабанын бул сапатты кандайча чагылдырары жана ишенимдүү кызматчылары анын туруктуу боорукердигин кандай кабыл алары көрсөтүлөт. Бул тууралуу эмки макаладан биле алабыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабаны «күн сайын» даңктоого кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

• Жахабанын улуулугу акыл жеткис экенин кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

• Жахабанын улуулугунун зор даңкын канткенде көбүрөөк баамдай алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Ааламдагы галактикалар Жахабанын улуулугун айгинелеп турат.

Courtesy of Anglo-Australian Observatory, photograph by David Malin

[10-беттеги сүрөт]

Жахабанын улуулугу Ыйсага байланыштуу кандайча көрсөтүлгөн?