Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба күнүмдүк муктаждыктарыбызга кам көрөт

Жахаба күнүмдүк муктаждыктарыбызга кам көрөт

Жахаба күнүмдүк муктаждыктарыбызга кам көрөт

«Тынчсызданганыңарды токтоткула... Атаңар буларга муктаж экениңерди билет» (ЛУКА 12:29, 30, «ЖД»).

1. Жахаба жан-жаныбарларга кандайча кам көрөт?

ТАРАНЧЫНЫН же дагы башка бир чымчыктын эч нерсе жоктой көрүнгөн жерди чокулап жем издеп жатканын көргөн учуруң болду беле? Балким, сен ал жерден эмнени тапмак эле деп таң калган чыгарсың. Ыйса Тоодогу насаатында Жахабанын чымчыктарга кандайча кам көрөрүнө байкоо жүргүзүүдөн бир нерсеге үйрөнө аларыбызды айткан. Ал: «Асмандагы канаттууларды карагылачы! Алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт, кампага жыйнабайт, бирок Асмандагы Атаңар аларды азыктандырат. Алардан силер канча эсе артыксыңар!» — деген (Матай 6:26). Ооба, Жахаба кереметтүү түрдө бардык жаратууларын азык менен камсыздандырып турат (Забур 103:14, 21; 146:9).

2, 3. Ыйсанын күнүмдүк нанга байланыштуу тиленүүдөгү насаатында рухий кандай чындыктар чагылдырылат?

2 Анда эмне үчүн Ыйса үлгүлүү тиленүүгө: «Бизге күнүмдүк наныбызды бер»,— деген өтүнүчтү кошкон? (Матай 6:11). Ушул жөнөкөй эле өтүнүчтө терең рухий чындыктар чагылдырылат. Биринчиден, ал Жахабанын Улуу Кам көрүүчү экенин эсибизге салып турат (Забур 144:15, 16). Адамдар сээп, сугара алышат, бирок рухий жана физикалык жактан Кудай гана өстүрө алат (1 Корунттуктарга 3:7). Тамак-аш — Кудайдын белеги (Элчилер 14:17). Андан күн сайын муктаждыктарыбызга кам көрүшүн суроо менен анын камкордугун баалаарыбызды көрсөтөбүз. Албетте, мындай өтүнүч бизди, эгер ишке жарамдуу болсок, иштөө жоопкерчилигинен бошотпойт (Эфестиктерге 4:28; 2 Тесалоникалыктарга 3:10).

3 Экинчиден, «күнүмдүк наныбыз» деген сөз айкашы келечек жөнүндө өтө эле тынчсыздануунун зарылдыгы жок экенин көрсөтүп турат. Ыйса андан ары: «„Эмне жейбиз, эмне ичебиз?“ — деп түйшүк тартпагыла. Анткени бутпарастар булардын баары үчүн түйшүк тартышат. Ал эми силердин ушунун баарына муктаж экениңерди асмандагы Атаңар билет. Баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгын жана адилеттигин издегиле, ошондо мунун баары силерге кошулуп берилет. Ошондуктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла. Эртеңки күн өзү үчүн өзү түйшүк тартат»,— деп окуткан (Матай 6:31—34). «Күнүмдүк наныбыз» жөнүндөгү тиленүү кандайча жөнөкөй жашоо өткөрүп, Кудайга берилгендикти сактоо менен «ыраазы болсо» болорун көрсөтүп турат (1 Тиметейге 6:6—8).

Күнүнкү рухий тамак

4. Ыйса жана ысрайылдыктар менен болгон кайсы окуялар рухий тамактын маанилүүлүгүн баса көрсөтүп турат?

4 Күнүмдүк нанга байланыштуу тиленүүбүз рухий жактан күнүгө тамактанышыбыз керектигин да эскертип турушу керек. Узак орозодон кийин ачка болгонуна карабастан Ыйса Шайтандын таштарды нанга айландырууга байланышкан азгырыгын четке каккан. Ал: «„Адам бир гана нан менен эмес, Теңирдин оозунан чыккан ар бир сөз менен жашайт“,— деп, Ыйык Жазууда жазылып турат»,— деп жооп берген (Матай 4:4). Ыйса бул жерде Мусанын ысрайылдыктарга: «Ал [Жахаба] сага адам нан менен гана эмес, Теңирдин оозунан чыккан сөз менен жашаарын көрсөтүш үчүн, сени жоошутту, ачкачылык менен алсыратты жана сен билбеген, сенин ата-бабаларың билбеген манна менен азыктантты»,— деп айткан сөздөрүнөн үзүндү келтирген (Мыйзам 8:3). Ысрайыл элине манна берүү менен Жахаба аларды тамак менен эле камсыздандырбастан, маанилүү бир нерсеге да үйрөткөн. Мисалы, аны эл «күн сайын... бир күнгө жеткидей эле» жыйнап алышы керек болчу. Ал эми андан ашык жыйнашканда, артып калгандары сасып, курттай баштачу (Чыгуу 16:4, 20). Бирок алтынчы күнү алар ишемби күнгө да жеткидей кылып эки эсе көбүрөөк жыйнап алышканда андай болчу эмес (Чыгуу 16:5, 23, 24). Ошентип, манна аркылуу ал элдин акыл-эсинде тил алчаак болуу керектиги жана жашоолору нандан эле эмес, а «Теңирдин оозунан чыккан сөзгө» баш ийүүдөн да көзкаранды экени айкын сакталган.

5. Жахаба бизди күнүгө рухий тамак менен кандайча камсыздандырып турат?

5 Биз дагы Жахаба Уулу аркылуу берип жаткан рухий тамакты күн сайын кабыл алып турушубуз керек. Ошон үчүн Ыйса «ишенимдүү жана акылдуу кулга» Жахабанын бардык кызматчыларына «өз убагында» тамак берип турууну тапшырган (Матай 24:45). Ишенимдүү кул тобу бизди рухий тамак менен Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген мол каражаттар аркылуу эле камсыз кылбастан, Ыйык Китепти күнүгө окууга да үндөп келет (Жашыя 1:8; Забур 1:1—3). Эгерде күн сайын Жахабанын эркин таанып-билүүгө жана аткарууга аракет жасасак, Ыйсага окшоп, рухий жактан бекемдөө алабыз (Жакан 4:34).

Күнөөлөрдүн кечирилиши

6. Кайсы карыздарыбыз үчүн кечирим сурашыбыз керек жана Жахаба аларды кандай шарт менен кечирет?

6 Үлгүлүү тиленүүдөгү кийинки өтүнүч мындай: «Бизге карыз болгондорду биз кечиргендей, Сен да биздин карыздарыбызды кечир» (Матай 6:12, «Мукаддас»). Ыйса бул жерде карызга алынган акча жөнүндө айткан эмес. Ал күнөөлөрүбүздүн кечирилиши жөнүндө айткан. Лука үлгүлүү тиленүүдөгү бул өтүнүчтү мындайча берген: «Бизге карыз болгондордун ар бирин кечиргенибиздей, биздин күнөөлөрүбүздү да кечире көр» (Лука 11:4). Демек, күнөө кетиргенибизде Жахабага карыз болуп калгандай болобуз. Бирок чын ыкластан өкүнсөк, «кайрылсак» жана Машайактын куткаруу курмандыгына болгон ишенимдин негизинде кечирим сурасак, мээримдүү Кудайыбыз ал карызды «кечүүгө» даяр (Элчилер 3:19; 10:43; 1 Тиметейге 2:5, 6).

7. Эмне үчүн күнөөлөрүбүздүн кечирилиши жөнүндө күнүгө тиленишибиз керек?

7 Дагы бир нерсени карап көрөлү. Биз Жахабанын адил нормаларына ылайык жүрбөгөнүбүздө күнөө кетиребиз. Тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан баарыбыз сүйлөгөн сөзүбүз, кылган ишибиз жана ойлогон оюбуз менен күнөөгө батабыз же кылышыбыз керек болгон нерсени кылбай коёбуз (Насаатчы 7:20; Римдиктерге 3:23; Жакып 3:2; 4:17). Ошондуктан бир күндүн ичинде жасаган күнөөлөрүбүздү эстей алабызбы же жокпу, күнүмдүк тиленүүлөрүбүздө күнөөлөрүбүздүн кечирилиши жөнүндө өтүнгөнүбүз зарыл (Забур 18:13; 39:13).

8. Кечирим сурап тиленүү бизге кандай иштерди кылууга түрткү бериши керек жана бул кандай натыйжага алып келет?

8 Өзүбүздү калыс текшерип көрүп, күнөөлөрүбүздү моюнга алып өкүнгөндөн кийин, Машайактын төгүлгөн канынын куткаруу күчүнө ишенүү менен Кудайдан кечирим сурап тиленишибиз керек (1 Жакан 1:7—9). Чын ыкластан тиленгенибизди көрсөтүү үчүн, кечирим жөнүндөгү өтүнүчүбүз өкүнүүгө «ылайык иштер» менен коштолууга тийиш (Элчилер 26:20). Ошондо Жахабанын күнөөлөрүбүздү кечирерине ишенсек болот (Забур 85:5; 102:8—14). Ушундай жол менен эч нерсе тең келгис жандүйнө бейкуттугуна, «Кудайдын акыл жеткис тынчтыгына» ээ болобуз. Мындай тынчтык «жүрөгүбүздү жана ойлорубузду Ыйса Машайак аркылуу сактайт» (Филипиликтерге 4:7). Бирок үлгүлүү тиленүүдөн көрүнүп тургандай, күнөөлөрүбүздүн кечирилиши үчүн биз дагы бир нерсе кылууга тийишпиз.

Кечирилиш үчүн, кечире билишибиз керек

9, 10. а) Ыйса үлгүлүү тиленүүнүн кайсы жерин түшүндүрүп берген жана бул эмнени баса белгилеп турат? б) Кечирүүнүн маанилүүлүгүн Ыйса дагы кандайча көрсөткөн?

9 Баарынан кызыгы, Ыйса үлгүлүү тиленүүдөгү «бизге карыз болгондорду биз кечиргендей, Сен да биздин карыздарыбызды кечир» деген өтүнүчтү гана түшүндүрүп берген. Тиленүүнү үйрөткөндөн кийин ал: «Эгерде силер башкалардын күнөөлөрүн кечирсеңер, анда асмандагы Атаңар да силерди кечирет. Эгерде башкалардын күнөөлөрүн кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин күнөөлөрүңөрдү кечирбейт»,— деп кошумчалаган (Матай 6:14, 15). Муну менен ал Жахаба бизди өзүбүз башкаларды кечирүүгө даяр болсок гана кечирерин айкын көрсөткөн (Марк 11:25).

10 Дагы бир жолу Ыйса эгер Жахабанын кечиришин кааласак, өзүбүздүн да кечиримдүү болушубуз канчалык маанилүү экенин көрсөтмөлүү мисалдын жардамы менен түшүндүргөн. Ал кулунун чоң карызын айкөлдүк менен кечирген бир падыша жөнүндө айтып берген. Кийинчерээк ал падыша ошол адамды досунун салыштырмалуу кичинекей эле карызын кечиргиси келбегендиги үчүн катуу жазалаган. Мисалынын аягында Ыйса: «Эгерде ар бириңер өз бир тууганыңардын күнөөсүн чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге так ушундай мамиле кылат»,— деп айткан (Матай 18:23—35). Мындан төмөнкүдөй айкын сабак алсак болот: ар бирибиздин Жахаба кечирип жаткан күнөөлөрүбүздүн карызы кимдир бирөөнүн бизге карата жасаган же жасап алышы мүмкүн болгон кандай гана күнөөсүнөн болбосун алда канча чоң. Андан сырткары, Жахаба бизди күнүгө кечирет. Андыктан бизди анда-санда таарынткан башка адамдарды биз, албетте, кечире алабыз.

11. Жахабанын бизди кечиришин кааласак, элчи Пабылдын кайсы насаатына ылайык иш кылабыз жана бул кандай жакшы жемиштерди берет?

11 Элчи Пабыл: «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле»,— деп жазган (Эфестиктерге 4:32). Ич ара кечиришүү Ыйсанын жолдоочуларынын арасында тынчтыктын болушуна өбөлгө түзөт. Пабыл минтип да үндөгөн: «Кудайдын тандалгандары, ыйыктары жана сүйүктүүлөрү катары боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле. Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак [«Жахаба», «ЖД»] силерди кечиргендей, силер да кечиргиле. Булардын бардыгынын үстүнөн сүйүүнү курчангыла, ал — жеткилеңдиктин куру» (Колостуктарга 3:12—14). Мунун баары Ыйсанын үйрөткөн тиленүүсүндө, тактап айтканда: «Бизге карыз болгондорду биз кечиргендей, Сен да биздин карыздарыбызды кечир»,— деген сөздөрүндө камтылып кетет.

Азгырыктан коргонуу

12, 13. а) Үлгүлүү тиленүүдөгү акыркы өтүнүчтүн алдындагы өтүнүч эмнени билдирбейт? б) Улуу Азгыруучу ким жана «азгырылышыбызга жол бербе» деген өтүнүчтүн мааниси кандай?

12 Үлгүлүү тиленүүдөгү акыркы өтүнүчтүн алдында: «Азгырылышыбызга жол бербе»,— деген өтүнүч бар (Матай 6:13). Ыйса бул жерде Жахабадан бизди азгырбашын сураш керек дегиси келди беле? Жок, анткени шакирт Жакып Кудайдын жетеги менен: «Азгырылып жатканда, эч ким: „Кудай мени азгырып жатат“,— деп айтпасын. Анткени Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт»,— деп жазган (Жакып 1:13). Мындан сырткары, забурчу: «Теңирим, эгерде Сен мыйзамсыздыктын баарын эсиңе ала берсең, Теңирим, анда ким туруштук бере алат?» — деп айткан (Забур 129:3). Жахаба биздин ар бир катабызды аңдыбайт жана күнөө кылууга да түртпөйт. Анда үлгүлүү тиленүүнүн бул бөлүгү эмнени билдирет?

13 Шайтан Ибилис бизди күнөө кылууга түртүүгө аракеттенет жана куулук менен багынтып, атүгүл аймап салууну каалайт (Эфестиктерге 6:11). Ооба, ал — улуу Азгыруучу (1 Тесалоникалыктарга 3:5). «Азгырылышыбызга жол бербе» деп тиленүү менен биз Жахабадан азгырык учурунда кулап калышыбызга жол бербешин суранабыз. Биз андан «Шайтан бизди алдап кетпеши үчүн» жана азгырыктарга алдырып койбошубуз үчүн жардам беришин сурайбыз (2 Корунттуктарга 2:11). Биздин тиленүүбүз «Эң Жогоркунун коргоосунда» калууну жана бардык иштерде Жахабанын эгедерлигине баш ийгендерге берилүүчү рухий коргоону каалаарыбызды билдирет (Забур 90:1—3).

14. Азгырылып жатканда Жахабага таянсак, анын бизди калтырбасына элчи Пабыл кандайча ынандырууда?

14 Эгерде Жахабанын бизди калтырбашын чындап каалап, аны тиленүүдө да, иш жүзүндө да көрсөтсөк, ал эч качан таштабаарына толук ишенсек болот. Элчи Пабыл бизди: «Силер адам баласынын башына келе турган эле сыноолорго туш болдуңар. Кудай ишенимдүү, Ал силердин көтөрө алгыс сыноо менен сыналышыңарга жол бербейт. Сыноону көтөрө алышыңар үчүн, сыноо учурунда чыгуу жолун да берет»,— деп ынандырууда (1 Корунттуктарга 10:13).

«Каардуудан сакта»

15. Эмне үчүн «каардуудан сакта» деп тиленүү мурун болуп көрбөгөндөй зарыл?

15 Грек Жазмаларынын ишенимге көбүрөөк татыган колжазмаларында Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсүндөгү акыркы сөздөр мындайча берилет: «Бизди каардуудан сакта» * (Матай 6:13, «ЖД»). Биз жашап жаткан акыркы мезгилде Ибилистен коргонуу мурун болуп көрбөгөндөй зарыл. Азыр Шайтан жин-перилери менен бирге «Кудайдын осуяттарын аткарган, Ыйса Машайакты күбөлөндүргөн» майлангандардын калдыгына жана алардын «эбегейсиз көп адамдардын» тобун түзгөн шериктештерине каршы согуш жүргүзүп жатат (Аян 7:9; 12:9, 17). Элчи Петир Ыйсанын жолдоочуларын: «Эстүү жана сергек болгула. Силердин душманыңар шайтан кимди жутуп жиберсем деп, айкырган арстан сыяктуу тегеренип жүрөт. Ага бекем ишенимиңер менен каршы тургула»,— деп насааттаган (1 Петир 5:8, 9). Шайтан өзүнүн жердеги — саясат, дин жана коммерция чөйрөсүндөгү — таламдаштары аркылуу бизди коркутуу менен күбөлөндүрүү ишибизди токтотууну каалайт. Бирок бекем турсак, Жахаба бизди сактайт. Шакирт Жакып: «Кудайга моюн сунгула. Шайтанга каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деп жазган (Жакып 4:7).

16. Сыноолордо Жахаба өз кызматчыларына кандайча жардам берет?

16 Жахаба Уулунун азгырыктарга кабылышына жол берген. Бирок Ыйса Кудайдын Сөзүн калканыч катары колдонуп, Шайтанга каршы турганда, Жахаба аны бекемдеш үчүн периштелерин жиберген (Матай 4:1—11). Ошо сыяктуу эле, Жахабага ишеним менен тиленип, аны баш калкалоочу жайыбыз кылып тандап алсак, ал периштелерин бизге жардам берүү үчүн колдонот (Забур 33:8; 90:9—11). Элчи Петир: «Теңир такыбааларды азгырыктардан кантип куткарууну, ал эми адилетсиздерди... сот боло турган күнгө чейин сактап турууну билет»,— деп жазган (2 Петир 2:9, 10).

Толугу менен куткарылууга аз калды

17. Үлгүлүү тиленүүдө Ыйса кандайча ар бир нерсени маанилүүлүгүнө жараша тийиштүү орунга койгон?

17 Үлгүлүү тиленүүдө Ыйса ар бир нерсени маанилүүлүгүнө жараша тийиштүү орунга койгон. Жахабанын улуу жана ыйык ысмынын ыйыкталышы биз үчүн баарынан маанилүү болушу керек. А бул Мессиялык Падышалык аркылуу ишке аша тургандыктан, биз Падышалыктын келиши жана анын жеткилеңсиз адамдар башкарган падышалыктардын же өкмөттөрдүн баарын талкалап, Кудайдын эркинин асмандагыдай эле жерде да толук аткарылышы жөнүндө тиленебиз. Бейишке айланган жер бетинде түбөлүк жашоого болгон үмүтүбүз Жахабанын ысмы ыйыкталып, анын адил эгедерлиги бүт Аалам боюнча кабыл алынганда гана ишке ашат. Ушул өтө маанилүү нерселер жөнүндө тиленген соң, Кудайдан күнүмдүк муктаждыктарыбыз, күнөөлөрүбүздүн кечирилиши жана каардуунун, Шайтан Ибилистин, азгырыктары менен айла-амалдарынан сакташы.

18, 19. Ыйсанын үлгүлүү тиленүүсү кыраакы бойдон калууга жана үмүтүбүздү «акырына чейин сактоого» кандайча жардам берет?

18 Каардуудан жана анын бузулган түзүлүшүнөн толугу менен куткарылар күнүбүз жакындап келатат. Шайтан жерде жашагандарга, өзгөчө, Жахабанын берилген кызматчыларына катуу каарын төгүүгө «убактысы аз калганын» эң сонун билет (Аян 12:12, 17). «Дүйнөнүн акырын» көрсөтүүчү курама белгини баяндап жатып Ыйса айрымдары келечекте аткарыла турган жүрөк толкутарлык окуялар тууралуу айткан (Матай 24:3, 29—31). Ал окуяларды көргөнүбүздө, куткарылууга болгон үмүтүбүз ого бетер бекемделет. Ыйса: «Бул кубулуштар боло баштаганда, боюңарды түзөгүлө, башыңарды көтөргүлө, анткени силердин куткарыла турган күнүңөр жакындайт»,— деп айткан (Лука 21:25—28).

19 Ыйса шакирттерине үйрөткөн кыскача үлгүлүү тиленүү бизге ушу кезде, дүйнөнүн акыры жакындап келаткан убакта, тиленүүлөрүбүзгө эмнелерди кошуу керектигине карата эң сонун жетекчилик берет. Анда эмесе, Жахабанын биздин рухий жана материалдык муктаждыктарыбызга күн сайын жана акырына чейин кам көрөрүнө эч шектенбейли. Тиленүүгө карата ар дайым кыраакы болуу менен «башындагы ишенимибизди акырына чейин бекем сактай» алабыз (Эврейлерге 3:14; 1 Петир 4:7).

[Шилтеме]

^ 15-абз. Ыйык Китептин айрым эски котормолорунда, мисалы, «Инжилде» Эгенин тиленүүсү төмөндөгүдөй мактоо сөздөрү менен аяктайт: «Анткени Падышалык, кубат жана абийир түбөлүк Сеники. Оомийин». Ыйык Китепке байланыштуу бир эмгекте: «Ишенимге көбүрөөк татыган [колжазмаларда]... мактоо сөздөрү жок»,— деп айтылат («The Jerome Biblical Commentary»).

Кайталоо үчүн суроолор

• «Күнүмдүк нан» жөнүндөгү өтүнүч эмне менен байланыштуу?

• «Бизге карыз болгондорду биз кечиргендей, Сен да биздин карыздарыбызды кечир» деген өтүнүчтү түшүндүрүп бергиле.

• Жахабадан азгырылышыбызга жол бербешин өтүнгөнүбүз эмнени билдирет?

• «Каардуудан сакта» деп эмне үчүн тиленишибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

жөнүндө тиленсек болот.

[25-беттеги сүрөт]

Жахаба бизди кечириши үчүн, башкаларды кечиришибиз керек.