Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба өзгөрүлбөс сүйүүсү менен улук

Жахаба өзгөрүлбөс сүйүүсү менен улук

Жахаба өзгөрүлбөс сүйүүсү менен улук

«Теңир... абдан ырайымдуу» (ЗАБУР 144:8).

1. Кудайдын сүйүүсү канчалык улуу?

«КУДАЙ — сүйүү» (1 Жакан 4:8). Бул жагымдуу сөздөр Жахабанын башкаруусу сүйүүгө негизделерин бышыктап турат. Кудай сүйүүсү менен берип жаткан Күн менен жамгырдан Ага баш ийбеген адамдар да пайда алышууда! (Матай 5:44, 45). Ошондой эле Кудай адамзатты сүйгөндүктөн, жадагалса душмандары да өкүнүп, ага кайрылып, түбөлүк өмүр ала алышат (Жакан 3:16). Бирок жакында Жахаба, аны сүйгөн адамдар адилеттик өкүм сүргөн жаңы дүйнөдө түбөлүк өмүр сүрө алсын үчүн, оңолгус каардуу адамдарды жок кылат (Забур 36:9—11, 29; 2 Петир 3:13).

2. Жахаба ага арналгандарга кандайча сүйүүсүн өзгөчө түрдө көрсөтөт?

2 Жахаба чыныгы кызматчыларына сүйүүсүн эң сонун түрдө жана чексиз көрсөтөт. Мындай сүйүү «туруктуу боорукердик», же «өзгөрүлбөс сүйүү», деп которулган байыркы эврей сөзү менен берилет. Байыркы Ысрайыл падышасы Дөөт Кудайдын туруктуу боорукердигин жогору баалаган. Өзүнүн жеке тажрыйбасынан жана Кудайдын башкаларга жасаган мамилеси жөнүндө ой жүгүрткөнүнөн улам ал: «Теңир... абдан ырайымдуу [«туруктуу боорукердиги (же өзгөрүлбөс сүйүүсү) менен улук», «ЖД»]»,— деп шектенүүсүз ырдай алган (Забур 144:8).

Кудайга берилген адамдар кандайча таанылат?

3, 4. а) Кандайча 144-забур Жахабага берилген адамдарды таанууга жардам берет? б) Кудайга берилген кызматчылар аны кантип «алкашат»?

3 Шемуел пайгамбардын апасы Анна Жахаба Кудай жөнүндө: «Ал өзүнүн ыйык [«берилген», «ЖД»] адамдарынын кадамын сактайт»,— деп айткан (1 Шемуел 2:9). Бул «берилген адамдар» кимдер? Жоопту Дөөт падышанын сөздөрүнөн табууга болот. Жахабанын кереметтүү сапаттарын даңазалаган соң ал: «Сенин ыйыктарың [«Сага берилгендер», «ЖД»] Сени алкасын»,— дейт (Забур 144:10, «Мукаддас»). Бирок адамдар Кудайды кантип алкай алат? Негизинен, аны даңктоо же мактоо менен.

4 Жахабага берилген адамдарды аны мактап-даңкташканынан таанууга болот. Пикирлешип отурууга же жыйналыш жолугушууларына чогулганда алар адатта эмне тууралуу сүйлөшүшөт? Албетте, Жахабанын Падышалыгы жөнүндө! Кудайга берилген кызматчылар Дөөттүн: «[Жахаба], Сенин падышалыгыңдын даңкы жөнүндө сөз таратышсын, Сенин кубатың жөнүндө айтышсын»,— деп ыр менен билдирген сезимдерин тең бөлүшүшөт (Забур 144:11).

5. Жахабанын берилген кызматчыларынын аны мактап-даңктаганына кулак саларын кайдан билебиз?

5 Жахаба берилген кызматчыларынын даңктоосуна кулак салабы? Ооба, аларга көңүл бурат. Биздин убактагы чыныгы сыйынууга карата пайгамбарлык кылып, Малахия: «Кудайдан корккондор бири-бирине: „Теңир кулак салып жатат, Ал угуп жатат, Теңирден коркуп, Анын ысымын урматтагандар тууралуу Анын алдында эстелик китеп жазылып жатат“,— дешет»,— деп жазган (Малахия 3:16). Жахаба берилген кызматчыларынын аны мактап-даңктаганын абдан жактырат жана аларды эсинде сактайт.

6. Кудайга берилген адамдарды таанууга кайсы иш жардам берет?

6 Жахабанын берилген кызматчыларын алардын чыныгы Кудайдын сыйынуучулары болбогон адамдарга кабар айтууда тайманбастык менен демилгелүүлүк көрсөтүүсүнөн таанууга болот. Кудайга берилген адамдар башкаларга анын «кубатын жана падышалыгынын даңктуу улуулугун» жарыялашат (Забур 144:12). Силер да Жахабанын падышалыгы жөнүндө кабар айтууга ар бир мүмкүнчүлүктү толук пайдаланууга умтуласыңарбы? Жакында жок боло турган өкмөттөрдөн айырмаланып, Кудайдын падышалыгы түбөлүк турат (1 Тиметейге 1:17). Адамдардын Жахабанын түбөлүк падышалыгы тууралуу билиши жана анын тарабын ээлеши абдан зарыл. «Сенин падышалыгың — түбөлүк падышачылык, Сенин бийлигиң укумдан-тукумга»,— деп ырдаган Дөөт (Забур 144:13).

7, 8. 1914-жылы эмне болгон жана Кудайдын азыр өзүнүн Уулунун Падышалыгы аркылуу бийлик жүргүзүп жатканына кандай далил бар?

7 Жахабанын падышалыгын жар салууга 1914-жылдан бери дагы бир орчундуу себеп бар. Ал жылы Кудай асманда Мессиялык Падышалыкты орнотуп, ага Ыйса Машайакты, Дөөттүн Уулун, Падыша кылып дайындаган. Ошентип, Жахаба Дөөттүн падышалык тагынын түбөлүккө бекитилери жөнүндөгү убадасын аткарган (2 Шемуел 7:12, 13; Лука 1:32, 33).

8 Жахабанын азыр Уулу Ыйса Машайактын Падышалыгы аркылуу бийлик жүргүзүп жатканы Ыйсанын катышуусуна байланыштуу белгинин байма-бай аткарылып жатканынан көрүнүп турат. Ыйсанын алдын ала айтканына ылайык, Кудайга берилген адамдардын баары аткарчу иш ошол белгинин эң көрүнүктүү бөлүгү болуп саналат. Ал иш тууралуу Ыйса: «Асман Падышачылыгы жөнүндөгү бул Жакшы Кабар бүт ааламга, бардык элдерге күбөлүк катары таратылат, ошондон кийин дүйнөнүн акыры келет»,— деп айткан (Матай 24:3—14). Кудайга берилген кызматчылардын бул пайгамбарлыкты ынталуу аткарышканынын натыйжасында бул эч качан кайталангыс улуу ишке азыр алты миллиондон ашык адам: эркектер да, аялдар да, балдар да катышып жатышат. Жакында Жахабанын Падышалыгына каршы болгондордун баары жок кылынат (Аян 11:15, 18).

Жахабанын башкаруусунун пайдалары

9, 10. Жахаба менен бийлик башында тургандардын ортосунда кандай айырма бар?

9 Кудайга арналган кызматчылардан болсок, Эгедер Теңир Жахаба менен болгон мамилебиз бизге көп пайда алып келет (Забур 70:5; 115:3). Мисалы, Кудайдан коркуп адилеттик боюнча иш кылгандыктан, биз анын жактыруусуна ээ болуп, өзүбүздү ага рухий мааниде жакын сезебиз (Элчилер 10:34, 35; Жакып 4:8). Ал эми азыркы бийлик башындагыларды көбүнесе атактуу адамдардын: аскер башчылардын, бай бизнесмендердин, спорт жана көңүл ачуу тармагындагы жылдыздардын чөйрөсүнөн көрөбүз. Африкада чыгуучу «Соуэтан» гезитине ылайык, көрүнүктүү бийлик адамдарынын бири өзүнүн өлкөсүндөгү жакыр аймактар жөнүндө мындай деп айткан: «Көбүбүздүн эмне үчүн мындай аймактарга барууну каалабасын түшүнөм. Себеби биз андай шарттардын бар экенин жөн гана унуткубуз келет. Андай жерлерге барганда абийирибиз жемелеп, кымбат [машинелерди] минип жүргөнүбүздөн өзүбүздү ыңгайсыз сезебиз».

10 Албетте, айрым жетекчилер кол алдындагы адамдарынын жыргалчылыгына чын жүрөктөн кызыкдар. Анткен менен эң эле аккөңүлдөрү да өздөрүнүн карамагындагылардын ар бири менен жекече тааныш эмес. Андыктан биз: «Өзүнүн кол астындагыларынын баарына кам көрүп, кыйын учурда ар бирине дароо жардамга келген жетекчи барбы?» — деп сурашыбыз мүмкүн. Ооба, бар. Дөөт: «Теңир жыгылып бара жаткандарды жыкпай кармап калат, кулагандарды тургузат»,— деп жазган (Забур 144:14).

11. Кудайдын берилген кызматчылары кандай сыноолорго дуушар болушат жана аларга кандай жардам көрсөтүлөт?

11 Жахаба Кудайдын берилген кызматчылары өздөрүнүн жеткилеңсиздигинен улам жана «амалкөй» Шайтандын бийлиги астындагы дүйнөдө жашап жатышкандыктан көп сыноолорго жана кайгы-касыреттерге кабылышат (1 Жакан 5:19; Забур 33:20). Ыйсанын жолдоочулары куугунтукка алынат. Кээ бирлери өнөкөт оорудан же жакын адамы каза болгондогу күйүттөн азап тартышат. Кээде Жахабанын берилген кызматчылары өз каталарынан улам кайгыга батышы мүмкүн. Бирок, кандай сыноого туш болушпасын, Жахаба ар дайым алардын ар бирин сооротууга жана рухий жактан бекемдөөгө даяр. Падыша Ыйса Машайак да өзүнүн берилген жолдоочуларына ошондой сүйүү менен кызыгуу көрсөтөт (Забур 71:12—14).

Өз маалында тоюндурат

12, 13. Жахаба «бардык тирүү жандардын» муктаждыктарына канчалык жакшы кам көрөт?

12 Жахаба 5өзүнүн туруктуу боорукердигинен улам кызматчыларынын бардык муктаждыктарына кам көрөт. Буга аларды жакшы тамак менен тоюндуруу кирет. Дөөт падыша: «Бардыгынын көздөрү Өзүңдөн үмүт кылат, Сен аларга тамакты өз маалында бересиң. Колуңду ачасың, ырайымың менен бардык тирүү жандарды тойгузасың»,— деп жазган (Забур 144:15, 16). Оор учурларда да Жахаба жагдай-шарттарды ишенимдүү кызматчыларынын «ырыскысы күн сайын» болуп тургудай башкара алат (Лука 11:3; 12:29, 30).

13 Дөөт «бардык тирүү жандардын» тоюнарын айтып өткөн. Аларга жаныбарлар да кирет. Жердеги жана деңиздеги мол өсүмдүктөр болбосо, суу жаныбарлары, канаттуулар жана жер үстүндөгү айбанаттар үчүн дем алганга кычкылтек да, жегенге азык да болмок эмес (Забур 103:14). Ооба, Жахаба алардын бардык муктаждыктарынын канааттандырылышына кам көрүүдө.

14, 15. Бүгүн рухий тамак кандайча берилип жатат?

14 Жаныбарлардан айырмаланып, адамдар рухий муктаждыктары менен жаратылган (Матай 5:3). Жахаба берилген кызматчыларынын рухий муктаждыктарын кандай сонун канааттандырат! Ыйса өлөр алдында «ишенимдүү жана акылдуу кул» анын жолдоочуларын рухий тамак менен «өз убагында» камсыз кыларын убадалаган (Матай 24:45). Бүгүн ал кул тобун 144000 майланган шакирттин калдыгы түзөт. Чынында эле, ал калдык аркылуу Жахаба рухий тамакты мол берип жатат.

15 Алсак, Жахабанын элинин басымдуу бөлүгү азыр Ыйык Китептин өздөрүнүн тилиндеги жаңы жана так котормосунан пайда алып жатат. «Ыйык Жазманын Жаңы дүйнө котормосу» — кандай кереметтүү бата! Андан тышкары, 300дөн ашык тилде Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берген миллиондогон адабияттар жарык көрүүдө. Бул рухий тамактын баары жер жүзүндөгү чыныгы сыйынуучуларга бата болуп жатат. Мунун бардыгы үчүн ким даңкка татыйт? Жахаба Кудай. Өзүнүн улуу туруктуу боорукердигинен улам Ал кул тобунун «тамакты өз маалында» берип турушуна шарт түзүп келүүдө. Мындай камкордуктун аркасында азыркы рухий бейиштеги «бардык тирүү жандар» тоюнуп жатышат. Ошондой эле Жахабанын кызматчылары жакында жердин түзмө-түз бейишке айланарын көрүүгө үмүттөнүп, кандай кубанышууда! (Лука 23:42, 43).

16, 17. а) Рухий тамактын өз маалында берилип жатканын кайсы мисалдар ырастап турат? б) Кандайча 144-забур Кудайдын берилген кызматчыларынын Шайтан көтөргөн негизги талаш суроого карата ой-сезимдерин чагылдырып турат?

16 Рухий тамактын өз маалында берилип жатканын ырастаган таң каларлык бир мисалды карап көрөлү. 1939-жылы Европада Экинчи дүйнөлүк согуш башталган. Ошол эле жылы «Күзөт мунарасынын» 1-ноябрдагы санында «Бейтараптуулук» деген макала чыккан. Андагы ачык-даана берилген маалыматтын натыйжасында дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү согушуп жаткан улуттардын иштерине карата чечкиндүү түрдө бейтараптуулук сактоонун зарылдыгын түшүнүшкөн. Ошондон улам алар алты жылга созулган ошол согуштагы эки тараптын өкмөттөрүнүн каарына калышкан. Бирок Кудайга берилген кызматчылар тыюу салууга жана куугунтуктоолорго карабастан Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды үзгүлтүксүз тарата беришкен. 1939—1946-жылдар аралыгында алар 157 пайызга жеткен таң каларлык өсүшкө ээ болуп, бата алышкан. Андан тышкары, алардын ошол согуштун учурунда ишенимдүү бойдон калып, эң сонун үлгү көрсөткөнү адамдарга чыныгы динди табууга жардам берип келүүдө (Ышайа 2:2—4).

17 Жахабадан келген рухий тамак өз маалында эле берилбестен, абдан берекелүү да. Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда элдер уруш-жаңжал менен алек болуп жатканда, Жахабанын элине өздөрүнүн куткарылуусунан алда канча маанилүү нерсени көздөөгө көмөк көрсөтүлгөн. Жахаба аларга бүт ааламга тиешеси бар негизги талаш суроонун анын эгедер болууга укуктуу экендигине байланышарын түшүнүүгө жардам берген. Өзүнүн берилгендиги менен Жахабанын ар бир Күбөсү анын эгедерлигин актоого жана Ибилистин жалганчы экенин далилдөөгө аздыр-көптүр салым кошо аларын билүү кандай жагымдуу! (Накыл сөздөр 27:11). Жахабаны жана анын башкаруусун жамандаган Шайтандан айырмаланып, Жахабанын берилген кызматчылары: «Теңир Өзүнүн бардык жолунда адилет»,— деп жар салып келишет (Забур 144:17).

18. Рухий тамактын өз убагында берилип, абдан берекелүү болуп жатканына эмне мисал боло алат?

18 Рухий тамактын өз учурунда берилип жатканына дагы бир мисал — «Жахабага жакында» (ор) китеби. «Ишенимдүү жана акылдуу кул» тарабынан жазылып, Жахабанын Күбөлөрү тарабынан басылып чыккан бул китептин жарык көргөндүгү тууралуу 2002—2003-жылдары дүйнө жүзүндө өткөрүлгөн «Падышалыктын ынталуу жарчылары» аттуу жүздөгөн облустук жыйында жарыяланган. Анда Жахаба Кудайдын кереметтүү сапаттарына, анын ичинде 144-забурда айтылып өткөн сапаттарына көңүл бурулат. Бул эң сонун китеп Кудайдын берилген кызматчыларына ага дагы көбүрөөк жакындоого жардам берүүдө маанилүү роль ойноору шексиз.

Жахабага дагы көбүрөөк жакындоонун убагы

19. Кандай бурулуш учур жакындап келатат жана ал учур келгенде эмне кылышыбыз зарыл?

19 Жахабанын эгедерлигине байланыштуу талаш суроонун чечилишин шарттай турган бурулуш учурга аз калды. Жезекиел китебинин 38-бабында алдын ала айтылгандай, жакында Шайтан «Магок жериндеги Гоктун» ролун аткарат. Ошондо ал дүйнө жүзү боюнча Жахабанын элине кол салып, Кудайга берилген кызматчылардын актыгын бузууга бүт күчүн жумшайт. Ал учурда Жахабанын сыйынуучулары ага көптөн-көп өтүнүү менен, атүгүл катуу жалбарып кайрылышы зарыл. Алардын Кудайдан корккондугу жана аны сүйгөндүгү курулай болобу? Албетте, жок. Анткени 144-забурда: «Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын, Өзүн чындык менен чакыргандардын бардыгына жакын. Ал Өзүнөн корккондордун тилегин аткарат, алардын муң-зарын угат, аларды куткарат. Теңир Өзүн сүйгөндөрдүн баарын сактайт, ал эми бардык ыймансыздарды кырып жок кылат»,— деп айтылат (Забур 144:18—20).

20. Забур 144:18—20-аяттардагы сөздөр жакынкы келечекте кантип аткарылат?

20 Жахаба бардык ыймансыздарды кырып жок кылганда анын бизге жакын экенин жана куткаруучу күчүн сезүү кандай гана жүрөк толкуткан нерсе болот! Абдан жакын калган ошол чечүүчү учурда Жахаба «Өзүн чындык менен чакыргандарды» гана угат. Анын экижүздүүлөргө кулак салбай турганы айкын. Кудайдын Сөзү ыймансыздардын анын ысмын акыркы мүнөттө колдонгону дайыма куру бекер экенин даана көрсөтүп турат (Накыл сөздөр 1:28, 29; Михей 3:4; Лука 13:24, 25).

21. Жахабанын берилген кызматчылары анын ысмын колдонууну жакшы көрүшөрүн кантип көрсөтүшөт?

21 Азыр Жахабадан корккондордун аны «чындык менен чакырышы» мурдагыдан да маанилүү. Кудайдын берилген кызматчылары анын ысмын өздөрүнүн тиленүүсүндө жана жыйналыш жолугушууларында берген жоопторунда кубаныч менен колдонушат. Алар Кудайдын ысымын өз ара сүйлөшкөндө да колдонушат. Ошондой эле Жахабанын атын өздөрүнүн кызматында башкаларга тайманбастык менен жарыялашат (Римдиктерге 10:10, 13—15).

22. Дүйнөнүн умтулууларына жана каалоолоруна каршы туруу эмне үчүн өтө маанилүү?

22 Мындан ары да Жахаба Кудай менен тыгыз мамиледе болуу үчүн, дүнүйөкорлук, зыяндуу көңүл ачуу, кекчилдик же муктаж болгондорго кошкөңүл мамиле кылуу сыяктуу рухий жактан залакалуу нерселерге каршы турушубуз өтө маанилүү (1 Жакан 2:15—17; 3:15—17). Болбосо, мындай умтулуулар жана сапаттар олуттуу күнөөгө жана Жахабанын жактыруусунан биротоло айрылууга алып келиши мүмкүн (1 Жакан 2:1, 2; 3:6). Жахаба бизге өзүнүн туруктуу боорукердигин, же өзгөрүлбөс сүйүүсүн, ага ишенимдүүлүгүбүздү сактасак гана көрсөтөрүн эсибизден чыгарбаганыбыз акылмандыкка жатат (2 Шемуел 22:26).

23. Жахабанын берилген кызматчыларынын баарын кандай сонун келечек күтүп турат?

23 Ошондуктан, келгиле, ой-акылыбызды Жахабанын берилген кызматчыларынын баарын күтүп турган эң сонун келечекке багыттайлы. Ошондо Жахабаны «күн сайын» жана «түбөлүккө» даңазалай, даңктай, мактай тургандардын арасында боло алабыз (Забур 144:1, 2). Андыктан «түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн... өзүбүзгө болгон Кудайдын сүйүүсүн сактап жашайлы» (Жүйүт 20, 21). Асмандагы Атабыздын кереметтүү сапаттарынан, анын ичинде Өзүн сүйгөндөргө көрсөтүп жаткан улуу туруктуу боорукердигинен пайда ала берүү менен бирге, келгиле, Дөөттүн 144-забурдагы акыркы сөздөр менен билдирген сезимдерин дайыма тең бөлүшөлү. Ал мындай деген: «Менин оозумдан Теңирди мактоо гана чыгат. Ар бир жан Анын ыйык ысымын түбөлүккө даңктасын».

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кандайча 144-забур Жахабага берилген адамдарды таанууга жардам берет?

• Кандайча Жахаба «бардык тирүү жандарды тойгузат»?

• Эмне үчүн Жахабага дагы көбүрөөк жакындай беришибиз керек?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Жахабанын кызматчылары башкаларга тайманбастык менен анын падышалыгынын даңкы жөнүндө билүүгө жардам беришет.

Animals: Parque de la Naturaleza de Cabárceno

[16-беттеги сүрөт]

Жахаба «бардык тирүү жандарды» тоюндурат.