Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухийлик жана жыргалчылыгыңар

Рухийлик жана жыргалчылыгыңар

Рухийлик жана жыргалчылыгыңар

ДЕН СООЛУГУҢАРГА кам көрүүгө көп эле убакыт бөлөт болушуңар керек. Күн сайын уйкуга — сегиз сааттай, тамак жасап ичүүгө — дагы бир нече саат, жашаган жериңер үчүн төлөй турган салыкка жана тамак ашка тыйын-тыпыр табууга сегиз же андан көбүрөөк саат кетирсеңер керек. Ооруп калганыңарда доктурга көрүнүүгө же үйдөн дарыланууга акча жана убакыт сарптайт чыгарсыңар. Үйүңөрдү жыйнайсыңар, жуунасыңар, балким, үзгүлтүксүз спорт менен да машыгасыңар. Ушунун бардыгын чың денсоолукта болуу үчүн жасайсыңар.

Бирок чың денсоолукта болуу үчүн денелик эле муктаждыктарды канааттандыруу аздык кылат. Жыргалчылыгыбызга өбөлгө түзгөн дагы бир маанилүү нерсе бар. Медициналык изилдөөлөр адамдын саламаттыгы рухий абалына же рухийлигинин деңгээлине түздөн түз байланыштуу экендигин көрсөттү.

Тыгыз байланыш

«Ушул суроо каралган изилдөө эмгектеринин көпчүлүгүндө жогорку деңгээлдеги рухийлик менен чың денсоолук тыгыз байланышта экени көрсөтүлөт»,— дейт Мельбурн (Австралия) университетинин профессору Хедли Пич. Ал изилдөөлөргө карата комментарийлер басылып чыккан «Австралиянын медициналык журналында» мындай деп айтылат: «Динге ишенген адамдардын... артериялык кан басымы, холестерини... атүгүл жоон ичегисинен рак болуу коркунучу төмөн».

Ошондой эле 2002-жылы Калифорниядагы Беркли университети тарабынан жүргүзүлгөн жана 6 545 америкалык катышкан изилдөө «диний кызматтарга жумасына бир жолу катышкан адамдар андай кызматтарга азыраак же такыр эле катышпагандарга караганда өлүмгө сейрегирээк дуушар болушарын» көрсөттү. Ушул эле университеттин саламаттык сактоо факультетинин мугалими жана жүргүзүлгөн изилдөөнүн демилгечиси Даг Оман: «Бул айырмачылык төмөнкү факторлорго: социалдык байланыштарга жана денсоолукка таасир этерлик адаттардын, анын ичинде чылым чегүү жана спорт менен машыгуу сыяктуу адаттардын бары же жогуна түзөтүү киргизилген күндө да кала берет»,— деп айткан.

Жашоого рухий көзкараш менен карагандар алган пайдалар тууралуу «Австралиянын медициналык журналында»: «Австралияда жүргүзүлгөн изилдөөлөр динге ишенген адамдардын никеси бекемирээк болорун, алардын арасында ичкилик менен баңгизатты кыянат колдонуу, өз жанын өзү кыйуу сейрегирээк кездешерин, ошондой эле алар андай нерселерге терсирээк көзкарашта болушарын, азыраак тычсызданышып, депрессияга көп чалдыгышпаарын жана өз кызыкчылыгын издебөө рухун көбүрөөк көрсөтүшөрүн айгинеледи»,— деп айтылат. Ошондой эле «БМЖда» («Британиянын медициналык журналында») мындай деп айтылат: «Бекем ишеними бар адамдар жакынынан айрылгандагы күйүттү динге ишенбеген адамдарга караганда жеңилирээк көтөрүшөт».

Чыныгы рухийлик деген эмне экенине карата түрдүү көзкараштар бар. Кандай болбосун, рухийлик денсоолукка жана жандүйнөнүн бейкут болушуна таасир этет. Бул Ыйса Машайактын 2 000 жылга жакын илгери: «Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу»,— деп айткан сөзүнө төп келет (Матай 5:3, «ЖД»). Денсоолук менен бакыт рухийликтин деңгээлинен көзкаранды болгондуктан, «Рухий жактан жакшы жетекчиликти кайдан табууга болот? Рухий адам болуу деген эмнени билдирет?» деген суроолордун үстүнөн ойлонуп көрүү дурус.