Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухий муктаждыктарды канааттандыруунун жолдору

Рухий муктаждыктарды канааттандыруунун жолдору

Рухий муктаждыктарды канааттандыруунун жолдору

«АКЫРКЫ он жылдын ичинде китеп дүкөндөрүнүн текчелери „Ыйса башкы директордой“ деп аталгандан баштап „Жетекчинин Даосу“ деп аталган жана жумушта рухийликти сактоого арналган 300дөн ашуун ар кыл китептерге жык толду»,— деп айтылат «Ю.С. ньюс энд уорлд рипорт» журналында. Мындай көрүнүш көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдөгү адамдардын барган сайын көбү жашоолорунда рухий жетекчилик алууну каалап жатышканын күбөлөндүрүп турат. Бул тууралуу ишкерлерге арналган бир журналда: «Жашообузду толугу менен технология башкарып жаткан азыркы мезгилде биз жашоонун маңызын тереңирээк түшүнүүгө жана жашоодон канагаттануу алууга аракеттенүүдөбүз»,— деп айтылган («Training & Development»).

Бирок канааттандырарлык рухий жетекчиликти кайдан табууга болот? Мурда адамдар «жашоонун маңызын тереңирээк түшүнүүгө» жардам алуу үчүн динге кайрылышчу. Азыр болсо ага көптөр артын салууда. Жогоруда кеп кылынган журналга ылайык, 90 аким менен жетекчи катышкан сурамжылоо «адамдардын дин менен рухийликтин ортосуна айкын чек коёрун» көрсөттү. Сурамжылоого катышкандар динди «фанатизм жана чыр-чатак», а рухийликти «жалпылык жана биримдик» менен байланыштырышкан.

Дин популярдуу болуп эсептелбеген Австралия, Жаңы Зеландия, Улуу Британия мамлекеттериндеги жана башка Европа өлкөлөрүндөгү улан-кыздар да дин менен рухийлик эки бөлөк нерсе деген ойдо. Бир басылмада профессор Рут Уэббер: «Улан-кыздардын көбү Кудайга же кандайдыр бир табияттан тышкаркы күчкө ишенишет, бирок рухийликтерин көрсөтүү үчүн чиркөө керек же ал жардам берет деп эсептешпейт»,— дейт («Youth Studies Australia»).

Чыныгы дин рухийликке өбөлгө түзөт

Адамдардын динге карата мындай скептикалык көзкарашта болушу түшүнүктүү. Көп диний уюмдар саясатка аралашып, адеп-ахлактык жактан эки жүздүүлүк кылып, диний кагылышууларда сансыз бейкүнөө адамдардын канына забын болууда. Бирок эки жүздүүлүк менен алдамчылыкка белчесинен баткан динди четке кагуу менен айрымдар Ыйык Китеп да ушундай иштерди жактырат деген ойдо аны да четке кагып жаңылышууда.

Чындыгында, Ыйык Китеп эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкты айыптайт. Ыйса аны менен замандаш диний жетекчилерге: «Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Силер сыртынан кооз көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпылас нерселерге толгон, акталган мүрзөлөргө окшошсуңар. Сыртыңардан адамдарга адил көрүнгөнүңөр менен, ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон»,— деген (Матай 23:27, 28).

Мындан тышкары, Ыйык Китеп Кудайдын кызматчыларын, кандай саясый иштер болбосун, бейтараптуулук сактоого чакырат. Ал адамдарды ишенимдештерин өлтүрүүгө эмес, тескерисинче, бири-бири үчүн өлүмгө да даяр болууга үндөйт (Жакан 15:12, 13; 18:36; 1 Жакан 3:10—12). Ыйык Китепке негизделген чыныгы дин «фанатизм жана чыр-чатакка» эмес, а «биримдикке» өбөлгө түзөт. Элчи Петир: «Кудайда бет карамалык жок, ар бир элден Кудайдан корккон жана адилеттик боюнча иш кылган адам Ага жагат»,— деп айткан (Элчилер 10:34, 35).

Ыйык Китеп рухийликке өбөлгө түзөт

Ыйык Китепте адамдардын Кудайдын бейнеси боюнча жаратылганы айтылат (Башталыш 1:26, 27). Бул алардын Кудайга дене түзүлүшү жагынан окшоштугун эмес, Кудайдын сапаттарын чагылдыра алышарын жана рухий муктаждыктары бар экенин билдирет.

Андай болсо, Кудай рухий муктаждыктарыбызды канааттандырууга, рухий жактан пайдалуу нерселер менен зыяндуу нерселерди айырмалай алышыбызга жетекчилик да бериши керек болчу деген тыянакка келүү жүйөлүү. Кудай организмибизди оорулардан коргоп, сак-саламат болушубузга жардам берген иммундук система менен камсыз кылгандай эле, бизге туура чечим чыгарууга, денелик жана рухий саламаттыгыбызга зыян кылчу иштерден качууга жардам кыла турган абийир же ички сезим берген (Римдиктерге 2:14, 15). Организмдин коргонуу касиети начарлап кетпеши үчүн, туура тамактануу маанилүү. Анын сыңарындай эле, абийирибиз сезимсиз болуп калбашы үчүн, сапаттуу рухий тамак менен тамактануу зарыл.

Рухий саламаттыгызбызга пайдалуу тамак тууралуу Ыйса мындай деп айткан: «„Адам бир гана нан менен эмес, Теңирдин оозунан чыккан ар бир сөз менен жашайт“» (Матай 4:4). Жахабанын сөздөрү Ыйык Китепте жазылган жана «үйрөтүү үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн» пайдалуу (2 Тиметейге 3:16). Ал рухий тамакты алып жеш өзүбүздөн. Ыйык Китепти канчалык терең түшүнүп, андагы принциптерди жашообузда колдонсок, рухий жана денелик жактан ошончолук сак-саламат болобуз (Ышайа 48:17, 18).

Аракет кылууга арзыйбы?

Ыйык Китепти окуп, рухий денсоолукту жакшыртуу үчүн убакыт керек, ал эми убакыт мурун болуп көрбөгөндөй жетишсиз сыяктанат. Бирок мунун акыбети аракет кылуубузга арзыйт! Рухий денсоолугуна кам көрүү эмне үчүн маанилүү экендигин айтышкан бир нече ишкер адамдын сөздөрүнө көңүл бурсаңар.

Марина, врач, мындай дейт: «Ооруканада иштеп, башка адамдардын оорудан кандай кыйналарын сезип-түшүнгөнгө чейин рухийлигим тууралуу анча деле ойлончу эмесмин. Ал эми ушул жумушта иштей баштагандан кийин, жүрөгүм тынч жана бейкут болушу үчүн, рухий муктаждыктарымды канааттандыруум зарыл экендигин түшүндүм. Анткени меникиндей кесиптеги адамдар жашоо ритминен жана ар убак башкаларга кам көрүү милдетин аркалап жаткандыктан улам чыдай албай, чөгүп кетиши мүмкүн.

Азыр Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатам. Изилдөө кылган иштерим менен ниеттеримди анализдөөгө жардам берип, туура ой жүгүртүүгө үйрөтүп жатат, ошондуктан жашоого тең салмактуу көзкараштамын. Жумушумду абдан жакшы көрөм. Бирок Ыйык Китеп мени терс сезимдерди жоюп турганга, кыйынчылыктарды жеңгенге, адамдарга чыдамдуу жана боорукер болгонго үйрөттү, аны изилдөөнүн натыйжасында эмоционалдык абалым жакшырды. Ыйык китептик принциптерге кармануу үй-бүлөлүк жашоомо да пайдасын тийгизүүдө. Баарынан маанилүүсү, Жахабаны таанып билдим жана жашоомду маңыздуу кылган анын рухунун илебин кандайдыр бир өлчөмдө сездим».

Николас, архитектор, төмөнкүдөй деген: «Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдей баштаганга чейин рухий нерселерге кызыкчу эмесмин. Эңсегеним эле мансапка жетүү болчу. Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында жашоонун маңызы ушунда гана эмес экендигин жана Жахабанын эркин аткаруу түбөлүк бакыт алып келерин аңдадым.

Өзүмдү бактылуу сезишиме кесибим өбөлгө түзүп жатканы чын, бирок жөнөкөй жашап, рухийликке өзгөчө көңүл буруу маанилүү экенине мени Кудай Сөзү гана үйрөттү. Жубайым экөөбүз ушул принципти колдонуу менен дүнүйөкорлукка умтулуу апкелчү көңүл кайттыктан сактана алдык. Жашоого биздей рухий көзкараш менен карагандар менен пикирлешип, көптөгөн чыныгы досторду таптык».

Винсент, адвокат, мындай дейт: «Мансап бактылуу болууга кандайдыр бир өлчөмдө өбөлгө түзөт. Бирок чындап бактылуу болуп, канааттанып жашоо үчүн бул аздык кыларын байкадым. Ыйык Китепте бакыт тууралуу эмне айтыларын биле электе жашоонун маңызсыздыгын ойлоп маң болгонум эсимде: адам төрөлөт, чоңоёт, үй-бүлө курат, балдарын багыш үчүн иштейт, аларды өзүнүн жашоосун кайталагыдай кылып тарбиялайт да, акырында карып, анан өлөт.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жардамы менен Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында гана жашоонун маңызына байланышкан суроолорума жооп ала алдым. Изилдөөнүн аркасында Жахабанын кандай касиет-сапаттарга ээ Кудай экенин билип, ага карата терең сүйүүм ойгонду. Бул мага Кудайдын эрки менен жашоого жана туура көзкараш сактоого жардам берет. Аялым экөөбүз маңыздуу жашоо өткөрүп жатканыбыздан канааттануу алуудабыз».

Силер да Ыйык Китепти изилдөө менен жашоонун маңызын түшүнө аласыңар. Жахабанын Күбөлөрү бул жагынан силерге кубаныч менен жардам беришет. Жахаба тууралуу, анын жалпы адамзатка жана жеке силерге карата болгон ой-ниеттерин билсеңер, Марина, Николас жана Винсенттей болуп канааттануу ала аласыңар. Силер рухий муктаждыгыңарды азыр эле канааттандырбастан, «рухий муктаждыктарын сезгендер» гана ээ боло ала турган үмүткө, башкача айтканда, жер үстүндө бактылуу жана чың денсоолукта түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болосуңар (Матай 5:3, «ЖД»).

Рухийликти өстүрүүгө жардам берүүчү нерселердин бири — тиленүү. Ыйса шакирттерине тиленүүнү үйрөтүү үчүн убакыт бөлгөн. Ыйса аларга азыр «Асмандагы Атабыз» же «Эгенин тиленүүсү» деген аталыш менен белгилүү болгон тиленүүнү үйрөткөн. Ал тиленүү жеке силер үчүн кандай мааниге ээ? Ал силерге кандай жардам бере алат? Бул суроолордун жооптору эмки эки макалада талкууланат.

[6-беттеги сүрөт]

Марина.

[7-беттеги сүрөт]

Николас.

[7-беттеги сүрөт]

Винсент.