Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Эге... бизге да тиленүүнү үйрөт»

«Эге... бизге да тиленүүнү үйрөт»

«Эге... бизге да тиленүүнү үйрөт»

«Шакирттеринин бири ага: „Эге... бизге да тиленүүнү үйрөт“,— деп айтты» (ЛУКА 11:1, «ЖД»).

1. Эмне үчүн шакирттеринин бири Ыйсадан тиленүүнү үйрөтүүнү суранат?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 32-жылы бир күнү шакирттердин бири тиленип жаткан Ыйсаны байкап турган. Ыйсанын Атасына эмне деп айтып жатканын ал уккан эмес окшойт, себеби Ыйса, сыягы, ичинен тиленген көрүнөт. Кандай болсо да, Ыйса тиленип бүткөндөн кийин, ал шакирт: «Эге... бизге да тиленүүнү үйрөт»,— деп суранат (Лука 11:1, «ЖД»). Эмне себептен ал мындай өтүнүч менен кайрылган? Тиленүү жүйүттөрдүн жашоосу менен сыйынуусунун ажыратылгыс бөлүгү болчу. Эврей Жазмаларынын Забур жана дагы башка китептеринде көптөгөн тиленүүлөр камтылган. Ошондуктан тиги шакирт Ыйсадан мурун эч билбеген же эч качан кылып көрбөгөн нерсени үйрөтүүнү суранган эмес. Анын иудаизм дининин жетекчилеринин формалдуу тиленүүлөрүн угуп-билип жүргөнү шексиз. Бирок бул жолкусунда ал Ыйсанын тиленгени өзүлөрүн такыбаа көрсөткөн раббилердин тиленгенинен абдан эле айырмаланарын байкаса керек (Матай 6:5—8).

2. а) Ыйсанын үлгүлүү тиленүүнү сөзмө-сөз кайталабаганы эмнени көрсөтүп турат? б) Кандайча тиленүү керектигин эмне үчүн билгибиз келет?

2 Мындан болжол менен бир жарым жыл мурун Тоодогу насаатында Ыйса шакирттерине кандайча тиленсе болорун айтып берген болчу (Матай 6:9—13). Бирок жогоруда сөз кылынган шакирт ал учурда болгон эмес окшойт, ошондуктан Ыйса кичипейилдик көрсөтүп үлгүлүү тиленүүнүн негизги ойлорун кайталап берет. Белгилей кетчү нерсе, Ыйса ал тиленүүнү сөзмө-сөз кайталаган эмес, демек, ал кайра-кайра кайталап айта берген литургиялык тиленүү болгон эмес (Лука 11:1—4). Биз дагы, ошол аты белгисиз шакирт сыңары, Жахабага жакындоого өбөлгө түзө турган тиленүүгө үйрөнүүнү каалайбыз. Андыктан үлгүлүү тиленүүнүн элчи Матай жазып кеткен толук вариантын карап чыгалы. Анда жети өтүнүч камтылган, алардын үчөө Кудайдын ой-ниеттери менен байланышса, төртөө материалдык жана рухий муктаждыктарыбызга тиешелүү. Бул макалада биринчи үч өтүнүчтү талкуулайбыз.

Мээримдүү Ата

3, 4. Жахабага «Атабыз» деп кайрылганыбыз эмнени билдирет?

3 Эң алды менен Ыйса тиленүүлөрүбүз Жахаба менен жакын мамиледе экенибизди, ошол эле учурда аны урматтаарыбызды чагылдырышы керек экенин көрсөткөн. Биринчи кезекте тоо этегинде ага жакыныраак орун алган шакирттерин насааттап, Ыйса Жахабага «Асмандагы Атабыз» деп кайрылуу керектигин айткан (Матай 6:9). Ыйса ошол убактагы эврей тилинин кеңири таралган диалектинде сүйлөгөнбү же арамей тилиндеби, кайсынысы болсо да, бир изилдөөчүнүн ою боюнча, бул жерде ал «кичинекей балдар» сүйүктүү атасына кайрылгандагы сөзгө жакын сөздү колдонгон. Жахабага «Атабыз» деп кайрылганыбыз аны менен жакын жана ишенимдүү мамиледе экенибизди көрсөтөт.

4 «Атабыз» деп айтуу менен өзүбүздү Жахабаны Өмүр Берүүчү катары эсептеген эркек-аялдардан турган чоң үй-бүлөнүн мүчөсү катары эсептээрибизди билдиребиз (Ышайа 64:8; Элчилер 17:24, 28). Ыйсанын рухтан туулган жолдоочуларын Кудай «балдары» катары кабыл алгандыктан, алар аны «„Абба!“ Ата!» деп чакыра алышат (Римдиктерге 8:14, 15). Миллиондогон адамдар болсо алардын берилген шериктештери болуп калышты. Алар өмүрүн Жахабага арнашып, аны сууга чөмүлтүлүү менен көрсөтүштү. Бул «башка койлордун» баары Жахабага Ыйсанын атынан жакындай жана Кудайды «Атабыз» деп атай алышат (Жакан 10:16; 14:6). Биз Асмандагы Атабызды даңктоо, анын бизге кылып жаткан бардык жакшылыктарына ыраазычылык билдирүү жана бизге кам көрөрүнө ишенүү менен түйшүктөрүбүздү ага артуу үчүн ага үзгүлтүксүз тиленсек болот (Филипиликтерге 4:6, 7; 1 Петир 5:6, 7).

Жахабанын ысмына болгон сүйүү

5. Үлгүлүү тиленүү кандай өтүнүч менен башталат жана эмне үчүн бул орундуу?

5 Баарынан эмне маанилүү экенин биринчи өтүнүч айкын көрсөтүп турат. Анда: «Сенин ысмың ыйыкталсын»,— деп айтылат (Матай 6:9, «ЖД»). Жахабанын ысмынын ыйыкталышы биз үчүн эң негизги нерсе болушу керек, анткени Кудайды сүйөбүз жана анын ысмына карата туш-тараптан жеме айтылып жатканын көрүү биз үчүн оор. Козголоң чыгарып, биринчи түгөйдү баш ийбестикке азгыруу менен Шайтан Жахаба Кудайдын Ааламдын эгедери экенине шек туудурган. Муну менен ал Кудайдын ысмына акарат келтирген (Башталыш 3:1—6). Мындан тышкары, кылымдар бою Жахабанын ысмы анын кызматчылары аталымыш болгондордун уятсыз иштери менен окутууларынын айынан да жаманаттыланып келген.

6. Жахабанын ысмынын ыйыкталышы тууралуу тиленсек, эмне кылбайбыз?

6 Жахабанын ысмынын ыйыкталышы тууралуу тиленүү менен эгедерликке байланыштуу суроодо ким тарапты ээлээрибизди, тактап айтканда, Жахабанын Ааламды башкарууга укуктуу экенин толук колдоорубузду көрсөтөбүз. Жахаба Ааламда аны жана ысмынын маанисин туюнткан нерселердин баарын сүйүшкөндүктөн анын адил эгедерлигине акниети жана жан-дили менен баш ийген аң-сезимдүү жаратуулардын жашашын каалайт (1 Жылнаама 29:10—13; Забур 8:2; 148:13). Жахабанын ысмына болгон сүйүүбүз анын ыйык ысмын жаманатты кыла турган иштердин баарынан оолак болушубузга жардам берет (Жезекиел 36:20, 21; Римдиктерге 2:21—24). Ааламдагы жана анын тургундарынын ортосундагы тынчтык Жахабанын ысмынын ыйыкталышынан жана анын эгедерлигине чын ниеттен баш ийүүдөн көзкаранды болгондуктан, «сенин ысмың ыйыкталсын» деп тиленгенибизде Жахабанын ой-ниеттери анын даңкы үчүн аткарыларына толук ишенерибизди көрсөтөбүз (Жезекиел 38:23).

Биз тиленип жаткан Падышалык

7, 8. а) Ыйса бизди тиленүүгө үйрөткөн Падышалык эмнени билдирет? б) Бул Падышалык тууралуу Даниел жана Аян китептеринен эмне билебиз?

7 Үлгүлүү тиленүүдөгү экинчи өтүнүч мындай: «Сенин Падышачылыгың келсин» (Матай 6:10). Бул өтүнүч биринчи өтүнүч менен тыгыз байланышта. Жахаба өзүнүн ыйык ысмын асман бийлиги — Мессиялык Падышалык — аркылуу ыйыктайт. Ал Падышалыктын Падышасы кылып Жахаба өзүнүн Уулун, Ыйса Машайакты, дайындаган (Забур 2:1—9). Даниелдин пайгамбарлыгында Мессиялык Падышалык «тоодон» кулап түшкөн «таш» катары көрсөтүлөт (Даниел 2:34, 35, 44, 45). Тоо Жахабанын эгедерлигин билдирет, демек, «таш» катары көрсөтүлгөн Падышалык Кудайдын эгедерлигинин жаңы көрсөтүлүшүн билдирет. Пайгамбарлыкта айтылгандай, таш андан кийин «чоң тоого айланып, бүт жер бетин толтурат». Бул Мессиялык Падышалык жерди башкарууда Кудайдын эгедерлигин чагылдырарын көрсөтөт.

8 Ал Падышалыкта Машайак менен бирге падышалар жана ыйык кызмат кылуучулар болуу үчүн «адамдардын арасынан сатылып алынган» 144 000 адам башкарат (Аян 5:9, 10; 14:1—4; 20:6). Даниел алар тууралуу башчысы Машайак менен бирге «падышачылык да, бийлик да, бүт жер жүзүндөгү падышалык даңк» менен түбөлүк падышалык да алыша турган жана «бардык падышалар [«аларга», «ЖД»] ...кызмат кылып... баш ийише» турган жана «Баарынан Жогоркунун ыйыктары» деп айтат (Даниел 7:13, 14, 18, 27). Машайак өзүнүн жолдоочуларына мына ушул асман бийлиги тууралуу тиленүүнү үйрөткөн.

Падышалыктын келиши тууралуу эмне үчүн дагы деле тиленүүдөбүз?

9. Эмне үчүн Кудайдын Падышалыгынын келиши тууралуу тиленүү туура?

9 Үлгүлүү тиленүүдө Машайак бизди Кудайдын Падышалыгынын келиши жөнүндө тиленүүгө үйрөткөн. Ыйык китептик пайгамбарлыктардын аткарылышына караганда, Мессиялык Падышалык асманда 1914-жылы орногон *. Анда ал Падышалыктын «келиши» тууралуу дагы эле тилене берүү туурабы? Албетте. Анткени Даниелдин пайгамбарлыгында Мессиялык Падышалыкты билдирген таш менен адамдардын бийлигин билдирген чоң буркандын ортосунда боло турган кагылышуу сүрөттөлгөн. Ал таштын буркан менен кагылышуусу жана анын таш-талканын чыгара сокку уруусу али алдыда. Даниелдин пайгамбарлыгында: «Ал падышалык башка элге берилбейт. Ал бүт падышалыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат»,— дегенди окуйбуз (Даниел 2:44).

10. Кудайдын Падышалыгынын келишине эмне үчүн куштарбыз?

10 Биз Кудайдын Падышалыгы Шайтандын каардуу түзүлүшүнө каршы чыга турган убакты көрүүгө куштарбыз, анткени ошондо Жахабанын ысмы ыйыкталып, Кудайдын эгедерлигине каршы чыккандардын баары жок болот. Биз: «Сенин падышалыгың келсин»,— деп жалындуу тиленебиз жана элчи Жакандын: «Оомийин... кел, Ыйса Теңир [«Эге», «ЖД»]»,— деген сөздөрүнө кошулабыз (Аян 22:20). Ооба, забурчунун: «Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай Сен экениңди билишсин»,— деген сөздөрү аткарылышы үчүн, Ыйса келип Жахабанын ысмын ыйыктап, анын эгедерлигин актасын (Забур 82:19).

«Сенин эркиң болсун»

11, 12. а) Кудайдын эрки «асманда болгондой эле, жерде да болсун» деп тиленгенибизде эмнени сурайбыз? б) Жахабанын эркинин аткарылышын сураганыбыз дагы эмнени билдирет?

11 Ыйса шакирттерин андан ары минтип тиленүүгө үйрөткөн: «Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң болсун» (Матай 6:10). Аалам Жахабанын эрки боюнча пайда болгон. Асмандагы кубаттуу жаратуулар: «Теңир, Сен даңкталууга, урматталууга жана бийлик кылууга татыктуусуң, анткени бардыгын Сен жараттың, бардыгы Сенин каалооң менен жаратылып, бар болуп турат»,— деп жар салышат (Аян 4:11). Жахабанын «асмандагы жана жердеги бардык нерселерге» карата ой-ниети бар (Эфестиктерге 1:8—10). Кудайдын эркинин болушун тиленүү менен биз, чындыгында, Жахабадан ой-ниетин ишке ашыруусун суранабыз. Мындан сырткары, бүт Ааламда Кудайдын эркинин аткарылышын көрүүгө куштар экенибизди көрсөтөбүз.

12 Ошондой эле ал жөнүндө тиленүү менен жашообузду Жахабанын эркине ылайык келтирүүгө да даяр экенибизди билдиребиз. Ыйса: «Менин тамагым — Мени жиберген Кудайдын каалоосун аткаруу жана Анын ишин бүтүрүү»,— деп айткан (Жакан 4:34). Биз Ыйсанын арналган жолдоочулары катары, ага окшоп, Кудайдын эркин аткаруудан ырахат алабыз. Жахабага жана анын Уулуна болгон сүйүү «адамдык кумарлар менен эмес, Кудайдын эрки менен жашоого» түрткү берет (1 Петир 4:1, 2; 2 Корунттуктарга 5:14, 15). Биз Жахабанын эркине кайчылаш келүүчү иштерден качууга аракеттенебиз (1 Тесалоникалыктарга 4:3—5). Ыйык Китепти окуу жана изилдөө үчүн убакытты туура пайдалануу менен «Кудайдын эрки эмне экендигин таанып билүүдөбүз». Анын эркине «Падышачылык жөнүндөгү Жакшы Кабарды» таратууга жигердүү катышуу да кирет (Эфестиктерге 5:15—17, СК; Матай 24:14).

Жахабанын эркинин асманда аткарылышы

13. Шайтан козголоң чыгарганга чейин эле көп убакыттан бери Кудайдын эрки кандайча аткарылып келген?

13 Кудайдын рухий уулдарынын бири козголоң чыгарып, Шайтан деп аталып калганга чейин, Жахабанын эрки асманда көп убакыттан бери эле аткарылып келген. Накыл сөздөр китебинде Кудайдын тун Уулу акылмандык катары сүрөттөлөт. Ал жерде Кудайдын жалгыз өзү жараткан Уулу сансыз миллиондогон жылдар бою «Анын алдында ар дайым кубанып», Атасынын эркин аткаруудан бакыт таап жүргөнү айтылат. Кийинчерээк ал «асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселерди» жаратууда Жахабанын «чебер жардамчысы» («БМК») болгон (Накыл сөздөр 8:22—31; Колостуктарга 1:15—17). Жахаба Ыйсаны өзүнүн Сөзү же Өкүлү катары колдонгон (Жакан 1:1—3).

14. Забур 102-баптан асмандагы периштелердин Жахабанын эркин кандайча аткарып жатканы тууралуу эмнени билүүдөбүз?

14 Забурчунун сөздөрү Жахабанын бүт жаратуулардын үстүнөн эгедерлик кыларын жана түмөндөгөн периштелер анын көрсөтмөлөрүнө баш ийип, буйруктарын аткарарын көрсөтүп турат. Ал минтип жазган: «Теңир Өз тактысын асманга орнотту, Анын падышалыгы бардыгына ээлик кылат. Теңирдин сөзүнө баш ийип, Анын сөзүн аткарган Анын күчтүү периштелери, Теңирди даңктагыла! Анын бүт кошуундары, Анын эркин аткарган кызматчылары, Теңирди даңктагыла! Анын бардык иштери, Ал бийлик кылган бардык жерде Теңирди даңктагыла» (Забур 102:19—22).

15. Ыйсанын Падышалык бийликти алышы Кудайдын эркинин асманда аткарылышына кандай таасир эткен?

15 Аюб китебинен көрүнүп тургандай, козголоңдон кийин да Шайтандын асман короолоруна кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар болчу (Аюб 1:6—12; 2:1—7). Бирок Аян китебинде Шайтан жин-перилери менен бирге асмандан куулуп түшүрүлө турган убак келери айтылган. Ал убактын 1914-жылы Ыйса Машайак Падышалык бийликти алгандан кийин көп өтпөй келгени айкын. Ошондон тартып ал козголоңчуларга асманда орун жок. Алар жердин айлана-тегерегинен чыга алышпайт (Аян 12:7—12). Асманда козголоң чыгара турган бир да жан калган жок, ал жерде «Козунун», Машайак Ыйсанын, тарабын ээлеген жана Жахабаны момундук менен даңктагандар гана калган (Аян 4:9—11). Жахабанын эрки асманда чындап эле аткарылып жатат.

Жахабанын эркинин жерде аткарылышы

16. Үлгүлүү тиленүү христиан дүйнөсүнүн адамзаттын келечеги тууралуу окутуусунун натууралыгын кандайча көрсөтөт?

16 Христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрү жакшы адамдардын баары асманга кетет деп ырастоо менен жерди Кудайдын эркинен такыр эле алып салууда. Бирок Ыйса бизди: «Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң болсун»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Матай 6:10). Зордук-зомбулук, адилетсиздик, оору жана өлүм кулач жайган азыркы убакта Жахабанын эрки жерде жалпысынан аткарылып жатат деп ырастоого болобу? Албетте, жок! Андыктан элчи Петир жазган убадага ылайык, Кудайдын эрки жерде да аткарылышын чын ыкластан тиленишибиз керек. Петир: «Биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асманды [Ыйсанын башкаруусу алдындагы Мессиялык Падышалыкты] жана жаңы жерди [адил адамдардан турган коомду] күтүп жатабыз»,— деген (2 Петир 3:13).

17. Жахабанын жерге карата кандай ой-максаты бар?

17 Жахаба жерди белгилүү ой-максат менен жараткан. Ал Ышайа пайгамбарды төмөнкү сөздөрдү жазууга шыктандырган: «Асманды жараткан Теңир ушундай деди. Ал — жерди жараткан, аны жасаган Кудай. Ал аны орнотту, бирок аны бекер жараткан жок. Ал жерди жашоо үчүн жаратты. Мен Теңирмин, Менден башка Теңир жок» (Ышайа 45:18). Кудай биринчи түгөйдү бейиш багына жайгаштырып, ага: «Укумдап-тукумдагыла, жер жүзүн толтургула, жерди ээлегиле»,— деп буйрук берген (Башталыш 1:27, 28; 2:15). Демек, Жараткандын ой-ниети боюнча, жер бети анын эгедерлигине чын пейили менен баш ийген жана Машайак убада кылган Бейиште түбөлүккө жашай турган жеткилең адил адамдарга толушу керек экени айдан ачык (Забур 36:11, 29; Лука 23:43).

18, 19. а) Кудайдын эрки жер бетинде толугу менен аткарылардан мурда эмнелер болушу керек? б) Эмки макалада үлгүлүү тиленүүнүн кайсы жагы каралат?

18 Жер бетинде азырынча Жахабанын эгедерлигин четке каккан адамдар бар болгондуктан, анын жерге болгон ой-ниети толугу менен аткарылышы мүмкүн эмес. Машайак башчылык кылган кубаттуу периштелерди колдонуп Кудай «жерди кыйраткандарды жок кылат». Шайтандын каардуу түзүлүшү толугу менен: жалган дини, сатылма саясаты, ачкөз жана чынчыл эмес коммерциясы, кыйратуучу аскер күчтөрү менен бирге жер бетинен биротоло жок кылынат (Аян 11:18; 18:21; 19:1, 2, 11—18). Жахабанын эгедерлиги акталып, ысмы ыйыкталат. Ошентип: «Асмандагы Атабыз! Сенин ысымың ыйык тутулсун. Сенин Падышачылыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң болсун»,— деп айтканыбызда дал ушулардын баары тууралуу тиленебиз (Матай 6:9, 10).

19 Тиленүүнүн үлгүсүн берип жатканда Ыйса өзүбүздүн жеке иштерибиз жөнүндө да тиленсек болорун көрсөткөн. Муну эмки макалада карайбыз.

[Шилтеме]

^ 9-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула!» (ор.) деген китептин 6-бөлүмүн карагыла.

Кайталоо үчүн суроолор

• Эмне үчүн Жахабага «Атабыз» деп кайрылганыбыз орундуу?

• Эмне үчүн Жахабанын ысмынын ыйыкталышы тууралуу тиленүү баарынан маанилүү?

• Кудайдын Падышалыгынын келиши тууралуу эмне үчүн тиленебиз?

• Кудайдын эркинин асмандагыдай эле, жерде да болушу тууралуу сураганыбыз эмнени билдирет?

[Изилдөө суроолору]

[19-беттеги сүрөт]

Ыйсанын тиленүүлөрү такыбаасынган раббилердин тиленүүлөрүнөн абдан айырмаланган.

[20-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары Кудайдын Падышалыгынын келиши, ысмынын ыйыкталышы жана эркинин аткарылышы жөнүндө тиленишет.