Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамзат көйгөйлөрүнө дин себеп болуудабы?

Адамзат көйгөйлөрүнө дин себеп болуудабы?

Адамзат көйгөйлөрүнө дин себеп болуудабы?

«КАСТАШУУГА түрткү бербеген учурларда дин абийирден ажыраткан жана реалдуу жашоодон алыс болгон куру кыялга жетелеген баңгизаттай таасир этет. [...] Ал адамдардын бейкалыс пикирлерге жана ырым-жырымдарга, жек көрүүчүлүк менен коркуу сезимине алдырышына өбөлгө түзөт»,— деп жазат Методисттер чиркөөсүнүн мурунку миссионери. Ал: «Чындыгында эле, ушундай. Диндер ар түрдүү, жакшы да жаман да болот»,— деп кошумчалайт («Start Your Own Religion»).

Кимдир бирөө мындай сын негизсиз деп ойлошу ыктымал. Бирок тарых күбөлөндүрүп турган нерселерди четке кагууга ким батына алат? «Кудайдын же табияттан тышкаркы... күчтүн бар экендигине ишенүүгө негизделген... спецификалык аракет (сыйынуу)» деп аныкталган дин тарыхта көптөгөн үрөй учурарлык фактыларды калтырды. Дин билим берип, шыктандырышы керек. Бирок турмушта ал көп учурда уруш-жаңжалга, фанатизмге жана жек көрүүчүлүккө себеп болуп келет. Эмне үчүн ушундай болуп жатат?

Азгырган «Жарыктын Периштеси»

Ыйык Китепте бул суроого жөпжөнөкөй жооп бар. Шайтан Ибилис өзүн «Жарыктын Периштесиндей» көрсөтүп, миллиондогон адамдарды Кудайдын эмес, а өзүнүн окутууларына карманууга түрткү берүү менен адаштырууда (2 Корунттуктарга 11:14). Элчи Жакандын «бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында» деген сөздөрү Шайтандын таасири канчалык кулач жайганын көрсөтүп турат (1 Жакан 5:19). Анын «бүткүл ааламды азгырып» жатканын Жакан билген (Аян 12:9).

Бул эмнеге алып келди? Шайтандын таасиринен улам бир караганда туурадай көрүнгөн диндер пайда болду. Андай диндер жакшыдай «болуп көрүнөт», бирок жаман жемиштери алардын чындыгында кандай экенин көрсөтүп турат (2 Тиметейге 3:5; Матай 7:15—20). Дин адамдардын көйгөйлөрүн чечмек тургай, кайра ал көйгөйлөргө себеп болуп жатат.

Бул ойду натуура же негизсиз деп четке кагууга шашылбагыла. Алдануу деген адамдын өзүнүн алданып жатканын билбегени экенин эсиңерден чыгарбагыла. Муну элчи Пабыл: «Бутпарастар курмандыктарын Кудайга эмес, жиндерге багышташат»,— деп түшүндүргөн (1 Корунттуктарга 10:20). Андай адамдар жиндерге сыйынып жатышканын билишсе, аябай чочумак болуш керек. Анткени алар курмандыктарын жакшы кудайга же кудайларга чалып жүрөбүз деп ойлошчу. А чындыгында, Шайтанды колдоп, адамдарды адаштырууга аракеттенген «асман астындагы жаман рухтарга» алданышкан (Эфестиктерге 6:12).

Келгиле анда, элчи Жакандын жиндердин терс таасир тийгизери тууралуу айткан сөзүнө кулак салбаган жана өздөрүн Ыйсанын жолдоочуларыбыз деп эсептешкен көптөгөн адамдарды Шайтан кандайча алдап, адаштырганын карап көрөлү (1 Корунттуктарга 10:12).

Ыйса Кудайдан келген нерселерге окуткан

Ыйса Машайак: «Мен окутуп жаткан нерсе меники эмес, бирок мени жибергендики»,— деген (Жакан 7:16, «ЖД»). Ооба, Ыйсанын окутуулары, чындыгында эле, Кудурети Күчтүү Кудайдан келген. Ошондуктан уккандардын бардыгына абдан жакшы таасир эткен. Анын окутуулары адамдарды «абийирден ажыраткан эмес жана реалдуу жашоодон алыстаткан кыялдарды жараткан эмес». Тескерисинче, Шайтанга алданып, «акылы караңгылаган» дүйнөдө жашап жаткан адамдарды диний адашуудан жана адамдык философиялардын кишенинен эркиндикке чыгарган (Эфестиктерге 4:18; Матай 15:14; Жакан 8:31, 32).

Ыйсанын чыныгы жолдоочулары башкаларга такыбаалык тууралуу айтышканы менен эле эмес, а Кудайдын ыйык рухунун таасиринен улам өрчүтүшкөн эң сонун сапаттарды чагылдырышканы менен да айырмаланып турушкан (Галаттыктарга 5:22, 23; Жакып 1:22; 2:26). Ал сапаттардын өзгөчөсү — сүйүү жана ушул сапат Ыйсанын чыныгы жолдоочуларын айырмалап турат (Жакан 13:34, 35).

Белгилей кетчү нерсе, Ыйса да, анын элчилери да жыйналыш кандай уюштурулса, ошо бойдон калат деп күтүшкөн эмес. Алар ишенимден чегингендик пайда болуп, чыныгы сыйынуу далдоодо кала турган убак келерин билишчү.

Чыныгы дин далдоодо калган убак

Буудай жана отоо чөп тууралуу көрсөтмөлүү мисалында Ыйса чыныгы динди ажырата билүү кыйын боло турган убак келерин алдын ала айткан. Матай 13:24—30, 36—43-аяттарды өз алдыңарча окуп чыксаңар. Ыйса талаага буудай — өзүнүн алгачкы жыйналышын түзгөн жолдоочуларын билдирген «жакшы үрөн» — сепкен. Ал «душман», Шайтан Ибилис, кийинчерээк буудайдын арасына отоо чөптүн уругун, башкача айтканда, өздөрүн Ыйса Машайактын шакирттерибиз деп аташканы менен, анын окутууларын четке каккан адамдарды «сээп кетерин» эскерткен.

Ыйсанын элчилеринин көзү өткөндөн көп узабай эле, «Теңирдин сөзүнө» караганда адамдардын бурмаланган окутууларын артык көргөн, «отоо чөп» катары сүрөттөлгөн адамдар пайда болгон (Жеремия 8:8, 9; Элчилер 20:29, 30). Натыйжада, Ыйык Китепте айтылгандай, негизги ролду «мыйзамсыз адам» — сатылма жана «адаштыруучу азгырыктарга» белчесинен баткан духовенство классы — ойногон жалган христианчылык пайда болгон (2 Тесалоникалыктарга 2:6—10). Ыйса жагдай «бул дүйнөнүн акырында» өзгөрөрүн айткан. Анын буудай катары сүрөттөлгөн чыныгы жолдоочулары чогултулат, ал эми «отоо чөптөр» жок кылынат.

«Кылымдар бою жасалып келген ырайымсыз иштерге» жана христиан дүйнөсүнүн жүздөгөн жылдар бою рухий караңгылыкта жүргөнүнө дал ошол жалган христианчылык жооптуу. Муну жана диндин атынан ыпылас, ырайымсыз иштер жасала турганын билип элчи Петир: «Ошолордун [Ыйсанын жолдоочусубуз деп аталгандардын] айынан чындык жолу жаманатты болот»,— деп туура эскерткен (2 Петир 2:1, 2).

«Жек көрүүчүлүк менен каардын теологиясы»

Арийне, диндин жаман атка конушуна христиан дүйнөсүнө кирген диндер эле жооптуу эмес. Мисалы, мурун кечил болгон Карен Армстронг айткандай, «дүйнөлүк диндердин бардыгы» кабарлап келген «аскердик такыбаалыкты» жактаган фундаменталисттер тууралуу ойлоп көрсөңөр. Армстронг дин «иш жүзүндө боорукердик» көрсөтүүгө түрткү бергенде гана чыныгы дин деп аталууга укуктуу деп эсептейт. Бул жагынан фундаменталисттик диний агымдар кандай атка конду? «Иудаизмдеги, христианчылыктагы же исламдагы фундаменталисттик агымдар жек көрүүчүлүк менен каардын теологиясын жактап жатса, алар бул талапка жооп бербейт»,— деп жазат Карен Армстронг («The Battle for God—Fundamentalism in Judaism, Christianity and Islam»). Бирок фундаменталистик агымдар эле ал талапка жооп бербей, «жек көрүүчүлүк менен каардын теологиясын» жактап жатышабы? Андай эмес экенин тарых күбөлөндүрүп турат.

Шайтандын жалган диндин дүйнөлүк империясын түзгөнүн белгилей кетүү керек. Ал империяны каардуулугунан, жек көрүүчүлүгүнөн жана дээрлик үзгүлтүксүз кан төккөнүнөн аныктаса болот. Ал Ыйык Китепте «улуу Бабыл, жер үстүндөгү жийиркеничтүү нерселердин энеси» деп аталат жана жырткычка окшогон саясый системаны минип отурган бузулган аял катары сүрөттөлөт. Ошол аялдан «жер үстүндө бардык өлтүрүлгөн адамдардын каны табылары» көңүлгө аларлык (Аян 17:4—6; 18:24).

Бардыгы адашышкан эмес

Тарых көрсөтүп тургандай, бардыгы адашышкан эмес. Мелвин Брэггдин айтымына караганда, эң эле караңгы мезгилдерде да «көпчүлүк жамандык кылып жатканына карабай, көптөгөн жакшы адамдар жакшылык кыла беришкен». Ыйсанын чыныгы жолдоочулары «[Кудайга] рухта жана чындыкта... сыйынууну» уланта беришкен (Жакан 4:21—24, «ЖД»). Алар өздөрүн «аскердик күчтөрдү» жактап бузукулук кылган дүйнөлүк диний системадан обочо сакташкан. Ошондой эле ошол мезгилде чиркөө менен мамлекеттин ортосунда түзүлгөн жана тарых күбөлөндүрүп тургандай, «назареттик Ыйса менен эмес эле, Шайтан менен түзүлгөн союзга» кошулуудан баш тартышкан («Two Thousand Years—The Second Millennium: From Medieval Christendom to Global Christianity»).

Биздин күндөрдө жакшылык кылууга аракеттенүү жагынан Жахабанын Күбөлөрү айырмаланат. Өздөрүн жалган дин менен булгап албоо үчүн алар ишенимдери менен иштерин толугу менен Кудайдын Сөзүнө, Ыйык Китепке, негиздешет (2 Тиметейге 3:16, 17). Ыйсанын алгачкы жолдоочуларындай эле, алар анын «бул дүйнөдөн» болбогула деген буйругуна баш ийишет (Жакан 15:17—19; 17:14—16). Маселен, нацисттик Германияда алар ыйык китептик принциптерге каршы иш кылуудан баш тартышкандыктан, нацисттердин көзкарашы боюнча, алардын режимине ылайык болушкан эмес. Гитлер аларды ошон үчүн жек көргөн. Бир китепте: «Жахабанын Күбөлөрү... кандай жагдай болбосун, Ыйык Китептин колго курал албоого карата берген буйругун бузушкан эмес. Ошондуктан алар аскерге баруудан же нацисттер менен кызматташуудан баш тартышчу. Бул үчүн ССтин жоокерлери Жахабанын Күбөлөрүн бүтүндөй үй-бүлөлөрү менен түрмөгө салышкан. [Германиядагы] Жахабанын Күбөлөрүнүн дээрлик үчтөн бир бөлүгү концлагерлерде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн»,— деп айтылат («Германия. 1918—1945»).

Албетте, башка диндердин өкүлдөрү да ишеними үчүн азап тартууга эржүрөктүүлүк менен даяр болушкан. Бирок Жахабанын Күбөлөрү бирдиктүү диний уюм катары ошентишкен. Күбөлөрдүн көпчүлүгү: «Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек»,— деген ыйык китептик негизги принципке бекем карманышкан (Элчилер 5:29; Марк 12:17).

Көйгөйлөрдүн себеби

Ошентип, адамзат көйгөйлөрүнө дин себеп болууда деген ырастоо жарым-жартылай гана чын. Андай ырастоо Кудай жакында жок кыла турган жалган динге гана толугу менен тиешелүү (Аян 17:16, 17; 18:21). Адилеттик менен адилдикти сүйгөндөрдүн бардыгына Кудай: «Менин элим, анын күнөөлөрүнө ортоктошуп, анын башына түшө турган алааматтарга кабылып калбашың үчүн, андан чык! Анткени анын күнөөлөрү асманга чейин жетти, Кудай анын адилетсиздиктерин эсине алды»,— деп буйрук кылат (Аян 18:4, 5). Ооба, касташууга түрткү берген, абийирден ажыраткан жана реалдуу жашоодон алыс болгон куру кыялга жетелеген баңгизаттай таасир этип, бейкалыс пикирлерге жана ырым-жырымдарга, жек көрүүчүлүк менен коркуу сезимине алдырууга өбөлгө түзгөн дин Кудайга акарат келтирип жатат!

Учурда Кудай мээримдүү, адилеттүү жана боорукер Жараткандын принциптери менен окутууларына карманган чыныгы динди сүйгөн адамдарды чогултууда (Михей 4:1, 2; Сепания 3:8, 9; Матай 13:30). Аларга силер да кошула аласыңар. Чыныгы динди кантип аныктоого болоруна байланыштуу көбүрөөк маалымат алууну кааласаңар, ушул журналды чыгаргандарга же Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылгыла.

[7-беттеги сүрөт]

Чыныгы дин ар улуттагы адамдарга кубаныч тартуулайт.