Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Алдамчылыктан сак бол

Алдамчылыктан сак бол

Алдамчылыктан сак бол

«Сак болгула, бир туугандар: эч ким силерди... жалган түшүнүктөр менен адаштырбасын» (КОЛОСТУКТАРГА 2:8).

1—3. а) Алдамчылыктын жашоонун дээрлик бардык тармактарына жайылып жатканын кайсы мисалдар көрсөтүп турат? б) Дүйнөдө өкүм сүргөн алдамчылыкка эмне үчүн таң калбасак болот?

«ЖАЛГАН сүйлөбөгөн адамга кимиңер туш болгон эмессиңер?» Бир нече жыл мурун ушул суроонун жардамы менен бир укук профессору сурамжылоо жүргүзгөн. Анын натыйжасы кандай болгон? «Жалган сүйлөбөгөн адамга миңдеген юристтердин ичинен бирөө гана туш болбоптур»,— дейт ал. Эмнеге? «Ал юрист ири фирмада жаңы эле иштей баштагандыктан, кайрылган адамдар менен али иштешип көрө элек экен». Бул мисал өкүнүчтүү чындыкты — бүгүнкү дүйнөдө жалган айтуу жана алдап кетүү кадимки нерсеге айланганын — айгинелеп турат.

2 Алдамчылык көптөгөн түргө кубулуп, бүгүнкү жашоонун дээрлик бардык тармактарына жайылууда. Массалык маалымат каражаттарында буга толгон-токой мисалдар бар. Иш-аракеттери тууралуу калп сүйлөгөн саясатчылар, уюмдардын кирешесин ооз көптүрө айткан бухгалтерлер менен юристтер, керектөөчүлөрдүн башын айландырган жарнамачылар, алдамчылыкты колдонуп камсыздандыруу компаниялары менен соттошкондор — булар көп сандаган мисалдардын бир нечеси эле. Андан тышкары, алдамчылык динде да бар. Диний жетекчилер адамдарды жандын өлбөстүгү, тозок оту жана Троица сыяктуу жалган окууларга окутуп, көптөрдү адаштырышууда (2 Тиметейге 4:3, 4).

3 Биз мындай алдамчылыкка таң калышыбыз керекпи? Албетте, жок. «Акыркы убак» жөнүндө Ыйык Китепте: «Кара ниет жана алдамчы адамдар болсо башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка батышат»,— деп алдын ала эскертилген (2 Тиметейге 3:1, 13). Ыйсанын жолдоочулары катары биз чындыктан адаштырып кетчү жалган ой-түшүнүктөрдөн этият болушубуз керек. Буга байланыштуу төмөнкүдөй эки табигый суроо туулат: эмне үчүн бүгүн алдамчылык кеңири кулач жаюуда жана канткенде алданып калуудан сактана алабыз?

Эмнеге алдамчылык абдан көп?

4. Дүйнөдө алдамчылыктын эмне үчүн өкүм сүрүп жатканын Ыйык Китеп кандайча түшүндүрөт?

4 Азыркы дүйнөдө алдамчылыктын эмне үчүн өкүм сүрүп жатканын Ыйык Китеп даана түшүндүрөт. Элчи Жакан «бүт дүйнө амалкөйдүн бийлиги астында экенин» жазган (1 Жакан 5:19). Ал «амалкөй» — Шайтан Ибилис. Ал тууралуу Ыйса: «Чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок эле. Жалган айтуу — анын табияты. Анткени ал — жалганчы жана жалгандын атасы»,— деп айткан. Анда бул дүйнөнүн өзүнүн башкаруучусунун рухун, баалуулуктарын жана алдамчылыгын чагылдырып жатканы таң калыштуубу? (Жакан 8:44; 14:30; Эфестиктерге 2:1—3).

5. Кандайча ушул акыркы мезгилде Шайтан адамдарды алдоого ого бетер катуу аракеттенүүдө жана ал кимдерди алдоого өзгөчө ынтызар?

5 Ушул акыркы мезгилде Шайтан өзүнүн иш-аракеттерин ого бетер күчөтүп келүүдө. Ал жерге куулуп түшкөндөн бери убактысынын аз калганын билип, катуу каарданып жүрөт. Мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды жексен кылууга бел байлап, ал «бүткүл ааламды азгырып» жатат (Аян 12:9, 12). Шайтан анда-санда эле алдап тим болуп калбайт. Тескерисинче, адамзатты азгырууга жасаган аракеттерин такыр басаңдатпайт *. Ишенбегендердин акылын караңгылатып, аларды Кудайдан алыс кармоо үчүн, Шайтан алдоонун бардык ыкмаларын, анын ичинде жалганчылыкты жана чыккынчылыкты колдонот (2 Корунттуктарга 4:4). Алдамчылыктын бул устасы Кудайга «рухта жана чындыкта» сыйынгандарды жутуп жиберүүгө өзгөчө ынтызар (Жакан 4:24, «ЖД»; 1 Петир 5:8). Шайтандын: «Мен Кудайдан ар бир адамды баш тарттыра алам»,— деген сыяктуу сөздөрдү айтканын эч качан эсиңден чыгарба (Аюб 1:9—12). Эмесе, анын «айла-амалдарынын» кээ бирлерин талдап, алардан кантип сак боло аларыбызды карап көрөлү (Эфестиктерге 6:11).

Ишенимден чегингендердин алдамчылыгынан сак бол

6, 7. а) Ишенимден чегингендер эмне деп ырасташы мүмкүн? б) Ишенимден чегингендердин максаты кандайча Ыйык Китепте айкын көрсөтүлгөн?

6 Шайтан ишенимден чегингендерди Кудайдын кызматчыларын азгыруу максатында көп убакыттан бери колдонуп келет (Матай 13:36—39). Ишенимден чегингендер Жахабага сыйынабыз, Ыйык Китепке ишенебиз деп ырасташы мүмкүн, бирок алар Кудайдын жердеги уюмун четке кагышат. Жадагалса кээ бирлери кайрадан «Улуу Бабылдын» — жалган диндин дүйнөлүк империясынын — Кудайды жаманатты кылган окууларына кайрылышат (Аян 17:5; 2 Петир 2:19—22). Ишенимден чегингендердин максат-ниеттерин жана ыкмаларын ашкерелөөдө Ыйык Китептин жазуучулары Кудайдын шыктандыруусу менен күчтүү сөздөрдү колдонушкан.

7 Ишенимден чегингендердин көздөгөнү эмне? Алардын көбү мурун өздөрү чындык деп эсептеген динден жөн эле кетип калышпайт. Көбүнесе алар өздөрү менен кошо башкаларды да ала кеткиси келет. Ишенимден чегингендердин көпчүлүгү өздөрүнчө шакирт даярдоого умтулушпайт, тескерисинче, Ыйсанын «шакирттерин ээрчитип кетүүгө» аракеттенишет (Элчилер 20:29, 30). Жалган окутуучулардан сактантып, элчи Пабыл мындай эскертүү берген: «Сак болгула, бир туугандар: эч ким силерди... адаштырбасын» (Колостуктарга 2:8). Ишенимден чегингендердин көпчүлүгү дал ушуга умтулушпайбы? Адам уурдоочу эч нерседен капарсыз жүргөн бирөөнү үй-бүлөсүнөн бөлүп уурдап кеткендей, ишенимден чегингендер жыйналыштын ишенчээк мүчөлөрүн алдап, отордон бөлүп кетүүгө аракеттенишет.

8. Ишенимден чегингендер өздөрүнүн максатына жетүү үчүн кандай ыкмаларды колдонушат?

8 Ишенимден чегингендер өздөрүнүн максатына жетүү үчүн кандай ыкмаларды колдонушат? Көп учурда алар бурмалоолорду, жарым-жартылай чындыкты жана көз көрүнөө жалганды колдонушат. Ыйса өзүнүн жолдоочуларынын аларды «жалган жалаага калтыра» тургандардын курмандыгына айланарын билген (Матай 5:11). Мындай караниет каршылаштар башкаларды алдоо ниетинде чындыкка дал келбеген нерселерди айтышмак. Элчи Петир ишенимден чегингендер жөнүндө эскертип, алардын өз максаттарын көздөө менен «кошомат сөздөрдү» сүйлөөрүн, «куулуктарды» таратарын жана «жазууларды бурмалай» турганын айткан (2 Петир 2:3, 13; 3:16). Тилекке каршы, ишенимден чегингендер «кээ бирөөлөрдү ишенимден тайытуу» жагынан ийгиликке жетишүүдө (2 Тиметейге 2:18).

9, 10. а) Канткенде ишенимден чегингендерге алданбай, алардан сак боло алабыз? б) Кудайдын ой-ниеттери жөнүндөгү түшүнүгүбүзгө түзөтүүлөрдү киргизүү керек болгондо, буга эмне үчүн тынчсызданбайбыз?

9 Канткенде ишенимден чегингендерге алданбай, алардан сак боло алабыз? Ан үчүн Кудай Сөзүндөгү: «Ортого жик салуучулардан жана өзүңөр үйрөнгөн окутууга каршы азгыруучулардан сак болгула, андайлардан алыс болгула»,— деген кеңешке ылайык иш кылышыбыз зарыл (Римдиктерге 16:17). «Андайлардан алыс болуу» үчүн, биз алардын оозеки, кагаз жүзүндө же Интернет аркылуу тараткан ой жүгүртүүлөрүн четке кагышыбыз керек. Эмне үчүн? Биринчиден, антүүнү Кудайдын Сөзү буйруйт жана биз Жахабанын бизге дайыма жакшылык гана каалаарына ишенебиз (Ышайа 48:17, 18).

10 Экинчиден, бизди Улуу Бабылдан даана айырмалап, баа жеткис чындыктарга үйрөткөн уюмду жакшы көрөбүз. Ошол эле учурда Кудайдын ой-ниеттери жөнүндөгү билимибиз жеткилең эмес экенин түшүнөбүз; биздин түшүнүгүбүзгө жылдар бою түзөтүүлөр киргизилип келет. Буга байланыштуу Ыйсанын ишенимдүү жолдоочулары дайыма Жахабаны күтүшөт (Накыл сөздөр 4:18). Аны күтүү менен бирге биз Кудай жактырып колдонуп жаткан уюмду таштабайбыз, анткени Жахабанын ага батасын берип жатканына айкын далилдерди көрүп жатабыз (Элчилер 6:7; 1 Корунттуктарга 3:6).

Өзүңдү өзүң алдоодон сак бол

11. Эмне үчүн жеткилеңсиз адамдар өздөрүн өздөрү алдоого жакын?

11 Жеткилеңсиз адамдардын Шайтан заматта пайдаланып кала ала турган алсыз жагы бар — алар өздөрүн өздөрү алдоого жакын. «Адамдын жүрөгү баарынан анткор, ал өтө бузулган»,— деп айтылат Жеремия 17:9да. Ал эми Жакып: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, алданып азгырылат»,— деп жазган (Жакып 1:14). Жүрөгүбүз азгырылса, ал бизди күнөөгө тартып, аны суктанарлык жана зыянсыз кылып көрсөтүшү мүмкүн. Бирок бул — алдоочулук, анткени күнөөгө баш ийүү акыр-түбү кыйроого алып барат (Римдиктерге 8:6).

12. Өзүн өзү алдоочулуктун торуна кантип түшүшүбүз мүмкүн?

12 Биз өзүн өзү алдоочулуктун торуна оңой эле түшүп калышыбыз мүмкүн. Анткор жүрөк олуттуу кемчиликке шылтоо табууга же чоң күнөөнү актоого аракеттениши ыктымал (1 Шемуел 15:13—15, 20, 21). Ошондой эле бузулган жүрөгүбүз шектүү жүрүм-турумду актоонун жолдорун издеши мүмкүн. Мисалга көңүл ачууну алалы. Анын кээ бир түрлөрү пайдалуу жана жагымдуу. Бирок бул дүйнө сунуш кылгандардын көбүндө: кинофильмдерде, сыналгы программаларында жана Интернет сайттарында уятсыз жана адеп-ахлаксыз нерселер басымдуулук кылат. Жосунсуз нерселерди көрүү мага жаман таасир тийгизбейт деп өзүбүздү ишендирип коюу оңой. Атүгүл айрымдар: «Бул үчүн мени абийирим жемелебейт, анда мындай көңүл ачуунун эмнеси жаман?» — деп ойлошот. Бирок мындай адамдар «өздөрүн алдап» жатышат (Жакып 1:22).

13, 14. а) Абийирибиздин дайыма эле ишенимдүү кеңешчи боло албасы Ыйык Китепте кайсы мисал менен көрсөтүлгөн? б) Өзүн өзү алдоодон кантип сак боло алабыз?

13 Өзүн өзү алдоодон кантип сак боло алабыз? Баарынан мурда абийирибиз дайыма эле ишеничтүү боло бербесин унутпашыбыз керек. Мисалга элчи Пабылды алалы. Ал Ыйсанын жолдоочусу болгонго чейин анын шакирттерин куугунтуктап жүргөн (Элчилер 9:1, 2). А кезде аны абийири жемелебесе керек. Бирок Пабылдын өз абийирине алданганы анык. Өзүнүн иш-аракеттери жөнүндө ал: «Мен буларды билбестиктен жана ишенбегендиктен кылгам»,— деп айткан (1 Тиметейге 1:13). Ошондуктан кайсы бир көңүл ачууну тандоодо абийирибиз жемелебесе эле, бул туура жолдо баратканыбызды көрсөтпөйт. Кудайдын Сөзү боюнча туура үйрөтүлгөн таза абийир гана ишенимдүү кеңешчи боло алат.

14 Өзүбүздү өзүбүз алдоодон качуу үчүн, төмөнкү пайдалуу кеңештерди көңүлүбүздө тутушубуз зарыл. Өзүңдү тиленүү менен текшерип көр (Забур 25:2; 2 Корунттуктарга 13:5). Өзүңдү чынчылдык менен текшерип көрүүнүн аркасында белгилүү бир көзкарашыңды же багытыңды өзгөртүү керектигин баамдашың мүмкүн. Башкаларды ук (Жакып 1:19). Өзүн өзү текшерүү калыссыз болуп калышы мүмкүн, ошондуктан жетилген ишенимдештерибиздин калыс кебине кулак салганыбыз акылдуулукка жатат. Эгерде чыгарган чечимдериң же жасаган иш-аракеттериң тең салмактуу, тажрыйбалуу биртуугандарыңдын көз алдында шектүү болуп көрүнсө, анда өзүңдөн: «Абийирим туура үйрөтүлбөгөн болушу же жүрөгүм мени алдап жатышы мүмкүнбү?» — деп сурап көрсөң болот. Ыйык Китеп жана ыйык китептик адабияттар менен дайыма азыктан (Забур 1:2). Бул сага ойлоруңду, маанайыңды жана сезимдериңди Кудайдын принциптерине шайкеш сактоого жардам берет.

Шайтан чыгарган жалган ойлордон сак бол

15, 16. а) Бизди алдоо аракетинде Шайтан кандай жалган ойлорду колдонот? б) Мындай жалган ойлорго алдануудан кантип кача алабыз?

15 Шайтан бизди алдоо аракетинде ар кандай жалган ойлорду колдонот. Ал бизди мал-мүлктүн бакытка, жыргалга бөлөөрүнө ынандырууга аракеттенет, бирок байлыкка умтулуу көп учурда тескери натыйжаларга алып барат (Насаатчы 5:10—12). «Акыркы убакта» жашап жатканыбызга айкын далилдер бар экенине карабастан, Шайтан бизди бул каардуу дүйнөнүн түбөлүк турарына ишендиргиси келет (2 Тиметейге 3:1—5). Ырахат издеп жашагандар көп учурда кайгылуу кесепеттерге дуушар болушса да, Шайтан адамдардын адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүүнүн эч кандай зыяны жок деген көзкарашта болушуна өбөлгө түзөт (Галаттыктарга 6:7). Мындай жалган ойлорго алдануудан кантип кача алабыз?

16 Ыйык Китептеги мисалдардын үстүнөн ойлонуу пайдалуу. Ыйык Китепте Шайтанга алданган адамдар тууралуу эскертме мисалдар бар. Ал адамдар мал-мүлктү жакшы көрүшкөн, өтө маанилүү убакта жашап жатышканын баркка алышкан эмес же адеп-ахлаксыздыкка берилишкен жана мунун баары терс натыйжаларга алып барган (Матай 19:16—22; 24:36—42; Лука 16:14; 1 Корунттуктарга 10:8—11). Бүгүнкү күндөгү мисалдардан сабак ал. Тилекке каршы, кээде Ыйсанын айрым жолдоочулары убакыттын аз калганын сезбей, Кудайга кызмат кылуу менен кандайдыр бир жакшы нерседен кур калып жатабыз деген ойго алданышат. «Жыргал» жашоо өткөрүү үчүн алар чындыкты ташташы мүмкүн. Бирок мындай адамдар «тайгак жолдо» турушат, анткени эртедир-кечтир өздөрүнүн ыймансыз жүрүм-турумунун терс натыйжасын көрүшөт (Забур 72:18, 19). Андыктан башкалардын катасынан сабак алганыбыз акылмандыкка жатат (Накыл сөздөр 22:3).

17. Эмне үчүн Шайтан Жахабанын бизди сүйбөй да, баалабай да турганы жөнүндө калп таратат?

17 Шайтан дагы бир жалган ойду ийгиликтүү колдонот: ал Жахаба бизди сүйбөйт да, баалабайт да деген ой менен алдайт. Шайтан жеткилеңсиз адамдарды миңдеген жылдар бою изилдеп келген. Ындыныбыздын өчүшү бизди алсырата аларын ал жакшы билет (Накыл сөздөр 24:10). Ошондуктан Кудайдын көз алдында биз эчтекеге татыбай турганыбыз жөнүндө калп таратат. Эгерде «кулап», Жахаба бизге кам көрбөйт деп ишенип калсак, биз багынып берүүгө азгырылышыбыз ыктымал (2 Корунттуктарга 4:9, «Мукаддас»). Улуу Алдамчы так ошону каалайт! Анда Шайтан чыгарган бул жалган ойго алдануудан кантип сактана алабыз?

18. Ыйык Китепте Жахабанын бизди сүйөрүнө кандай ынандыруу айтылат?

18 Ыйык Китепте Кудайдын бизге көрсөткөн сүйүүсү жөнүндө айтылгандарды жеке өзүңө айтылгандай кабыл ал. Жахабанын ар бирибизге көңүл бурарына жана сүйөрүнө ынандыруу үчүн, Кудай Сөзүндө жүрөктү козгогон элестүү мисалдар келтирилет. Ал сенин көз жашыңды өзүнүн «идишине куят». Бул сенин ишенимдүү бойдон калуу үчүн күрөшүп жатып төккөн көз жашыңды көрүп-байкап турарын жана эсинде сактаарын билдирет (Забур 55:9). «Жүрөгүң жараланганда», Ал муну сезет жана андай учурларда дайыма жаныңда болот (Забур 33:19, «Мукаддас»). Ал сен жөнүндө майда-чүйдөңөн бери билет, анын алдында «башыңдагы чачың да саналуу» (Матай 10:29—31). Эң негизгиси, сен үчүн Кудай «Өзүнүн жалгыз Уулун берген» (Жакан 3:16; Галаттыктарга 2:20). Мындай аяттардын жеке сага тиешелүү экенине ишенүү кээде кыйынга турушу мүмкүн. Бирок Жахабанын сөзүнө ишенишибиз керек. Ал биздин жалпы баарыбызды эле эмес, ар бирибизди сүйөрүнө ишенишибизди каалайт.

19, 20. а) Шайтандын Жахаба сени сүйбөйт деген жалган ырастоосун таанып билүү жана четке кагуу эмне үчүн маанилүү? б) Бир кыдыруучу көзөмөлчү ындыны өчкөндөргө кантип жардам берет?

19 Калпты таанып бил жана четке как. Кимдир бирөөнүн жалган айтып жатканын билсең, ага алданып калуудан коргоно аласың. Анын сыңарындай, Жахабанын сени сүйбөй турганы жөнүндөгү калпка ишенишиңди Шайтан каалаарын билгениң эле чоң жардам боло алат. Шайтандын айла-амалдары тууралуу «Күзөт мунарасына» чыккан бир макалага пикирин билдирип, бир ишенимдешибиз: «Ындынымды өчүрүү үчүн Шайтан сезимдеримди колдонууга аракеттенерин ойлоп да койбоптурмун. Муну билүү мага ал сезимдер менен күрөшүүгө түрткү берет»,— деп айткан.

20 Түштүк Америкада кызмат кылган бир кыдыруучу көзөмөлчүнүн тажрыйбасына кайрылып көрөлү. Көңүлү чөккөн ишенимдештерине кайтаруучулук барыш кылганда, ал көп учурда: «Сен Троицага ишенесиңби?» — деп сурайт. Көңүлү чөккөн биртууган бул окуунун Шайтан чыгарган жалган окуулардын бири экенин билгендиктен, адатта: «Албетте, ишенбейм»,— деп жооп берет. Анан кыдыруучу көзөмөлчү: «Тозок оту бар экенине ишенесиңби?» — деп сурайт. Кайрадан: «Албетте, ишенбейм»,— деген жооп айтылат. Андан кийин кыдыруучу көзөмөлчү аларга Шайтандын, адатта, жакшы байкалбаган дагы бир жол менен алдай турганын айтат. Ал алардын назарын «Жахабага жакында» китебинин * 249-бетиндеги 21-абзацка бурат. Ал жерде Жахаба ар бирибизди сүйбөйт деген жалган ой ашкереленет. Кыдыруучу көзөмөлчү ындыны өчкөндөргө Шайтандын бул калпын таанып билүүгө жана четке кагууга ушинтип жардам берүү натыйжалуу экенин билдирет.

Алдамчылыктан сактан

21, 22. Эмне үчүн биз Шайтандын алдамчыл айла-амалдары жөнүндө беймаалым эмеспиз жана эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

21 Акыркы күндөрдүн ушул соңку бөлүгүндө Шайтандын жалган ойлорду, калпты октой жаадыра берери турган иш. Бактыга жараша, Жахаба бизди Шайтандын алдамчыл айла-амалдары жөнүндө беймаалым калтырган эмес. Ыйык Китеп жана «ишенимдүү жана акылдуу кул» берип жаткан адабияттар Ибилистин арам ойлуу ыкмаларын ачык ашкерелейт (Матай 24:45). Алдын ала берилген андай эскертүүлөр күн мурунтан даяр болушубузга жардам берет (2 Корунттуктарга 2:11).

22 Келгиле анда, ишенимден чегингендердин ой жүгүртүүлөрүнөн сактаналы. Өзүн өзү алдоочулуктун билинер-билинбес торунан качууга чечкиндүү бололу. Ошондой эле Шайтан чыгарган жалган түшүнүктөрдүн баарын таанып билип, аларды четке кагалы. Муну менен биз алдамчылыктан жийиркенген «чындыктын Кудайы» менен болгон мамилебизди сактайбыз (Забур 30:6; Накыл сөздөр 3:32).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Бир эмгекте айтылгандай, Аян 12:9да «азгыруу» деп которулган этиштин формасы «узакка созулган, өнөкөт болуп калган иш-аракетти көрсөтүп турат».

^ 20-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.

Эсиңдеби?

• Эмне үчүн бүгүн дүйнөдө алдамчылык абдан көп?

• Ишенимден чегингендерге алдануудан кантип сак боло алабыз?

• Өзүбүздү өзүбүз алдоодон кантип сак болсок болот?

• Шайтан чыгарган жалган түшүнүктөргө алдануудан кантип кача алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Көңүл ачууда өзүңдү өзүң алдаба.