Диндин тийгизген таасири терспи же оңбу?
Диндин тийгизген таасири терспи же оңбу?
«МЕН христианчылыкка милдеттүүмүн жана ага акыркы 2 000 жыл ичинде биз жашап келген дүйнө да милдеттүү деп ойлойм» («Two Thousand Years—The First Millennium: The Birth of Christianity to the Crusades» деген басылманын алгы сөзү).
«Христианчылыкка» карата айтылган бул жактыруу сөздөрү англис жазуучусу жана телеалпаруучусу Мелвин Брэгге таандык. Анын сөздөрү өздөрүн туткан динине милдеттүү эсептешкен дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдардын ой-пикирин чагылдырат. Андай адамдар дин алардын жашоолорунда жакшылыкка үндөгөн күч болгонуна эч шектенишпейт. Маселен, бир жазуучу исламдын «дүйнө жүзүн байыткан... улуу цивилизацияга жол ачканын» айткан.
Диндин таасири жакшыбы же жаманбы?
Бирок Брэггдин төмөнкү сөздөрү «Чындыгында эле дин негизинен жакшылыкка үндөйбү?» деген маанилүү суроону туудурат. Ал: «Христиан дини мага бир нерсени түшүндүрүп бериши керек»,— деп жазат. Эмнени? Брэгг: «Эмне үчүн анын „тарыхы“ фанатизм, жамандык, таш боордук жана атайын кылынган наадандык менен байланыштуу?» — деп, эмнени түшүнбөй жатканын айтат.
Дүйнөнүн тарыхы көрсөтүп тургандай, фанатизм, жамандык, таш боордук жана атайын кылынган наадандык көптөгөн диндерге таандык экенине көпчүлүк кошулат болуш керек. Алардын ою боюнча, изгилик менен ыйыктыкты жамынып, чынында болсо, эки жүздүүлүк менен калпка белчесинен баткан дин адамзатка жакшылык кылуучу катары көрүнүмүш болуп эле коюуда (Матай 23:27, 28). Бир энциклопедияда: «Адабияттарда башка эч бир ырастоо дин цивилизациянын тарыхында өзгөчө роль ойнойт деген ырастоо кездешкенчелик көп кезикпейт»,— деп айтылат («A Rationalist Encyclopædia»). «Ошондой эле алардын бири да диндин натууралыгын көрсөткөн тарыхый фактыларга бай эмес»,— деп кошумчаланат ошол эле энциклопедияда.
Азыркы кезде кайсы гезитти карап көрбөгүлө, андан диний жетекчилердин сүйүү, тынчтык жана боорукердикти үгүттөшүп, өздөрү болсо жек көрүүчүлүктүн отун тутандырып, Кудайдын атынан кан төгүү менен коштолгон кагылышууларды актап жатышканын көрсөткөн көптөгөн мисалдарды табасыңар. Ушундан улам көптөрдүн эмне себептен динди адамдардын жашоосундагы бүлдүргүч күч катары эсептешери түшүнүктүү.
Дин болбосо, жакшы болот беле?
Айрымдар атүгүл англис философу Бертран Рассел бара-бара «диндердин бардыгы жоюлуп кетсе», жакшы болмок деген тыянакка келген. Алардын
ою боюнча, адамзат көйгөйлөрүн динди жок кылуу менен гана биротоло чечүүгө болот. Бирок алар, кыязы, динге ишенбегендер да дин туткандардай эле жек көрүүчүлүктү тутандырып, фанат боло алышарын көз жаздымда калтырууну каалашат. Диний темада макалаларды жазган Карен Армстронг: «Холокост, бери дегенде эле, Кудай жок дегенге үндөгөн идеология диний согуштардай эле өлүм алып келерлик курал боло аларын далилдеди»,— деп эскертет («The Battle for God—Fundamentalism in Judaism, Christianity and Islam»).Дин жакшылыкка түрткү берүүдөбү же адамзат көйгөйлөрүнө себеп болуудабы? Диндердин баарын жоюу менен кыйынчылыктарды чечүүгө болобу? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне айтыларын эмки макаладан билсеңер болот. Андан өзүңөр күтпөгөн жооп алышыңар ыктымал.