Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Жахабанын Сөзү тирүү

Башталыш китебиндеги урунттуу ойлор (2-бөлүк)

БАШТАЛЫШ китеби биринчи киши Адам атанын жаралганынан Жакыптын уулу Жусуптун көз жумганына чейинки 2 369 жылдык тарыхты камтыйт. Жаратуу мезгилинен Бабыл мунарасына чейинки окуяларды баяндаган алгачкы 10-бап жана 11-баптын 9-аяты колуңардагы журналдын мурунку сандарынын биринде талкууланган *. Бул макалада Башталыш китебинин калган баптарындагы урунттуу ойлор: Кудайдын Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка жана Жусупка кандай мамиле жасаганы каралат.

ЫБРАЙЫМ КУДАЙДЫН ДОСУ БОЛОТ

(Башталыш 11:10—23:20)

Топон суудан 350 жылдай өткөндөн кийин, Нухтун уулу Шемдин тукумунан Кудай абдан жакшы көргөн бир адам туулат. Анын аты — Ыбрам, кийинчерээк Ыбрайым деп өзгөртүлгөн. Кудайдын буйругу менен Ыбрам калдайлардын Ур-Каздим деген шаарынан чыгып, Жахаба ага жана анын урпактарына берем деп убада кылган жерде чатырда жашайт. Ишеними жана тил алчаактыгы үчүн Ыбрайым «Кудайдын досу» деп аталып калат (Жакып 2:23).

Жахаба Содомдун жана анын тегерегиндеги шаарлардын бузуку жашоочуларына каршы иш-аракет жасайт, ал эми Лот менен анын кыздарын куткарып калат. Ыбрайымдын уулу Ыскактын төрөлүшү менен Кудайдын убадасы аткарылат. Бир канча жылдан кийин Жахаба Ыбрайымга уулун курмандыкка чалууну буйруганда, анын ишеними сыналат. Ыбрайым тил алууга даяр экенин көрсөтөт, бирок аны периште токтотуп калат. Ыбрайымдын ишеними күчтүү адам экени шексиз, ошондуктан Кудай ага анын тукуму аркылуу бардык элдердин бата аларын убада кылат. Сүйүктүү аялы Сааранын көз жумушу Ыбрайымды күйүткө салат.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

12:1—3 — Ыбрайым менен түзүлгөн келишим качан күчүнө кирген жана канча убакытка созулат? Жахабанын Ыбрайым менен түзгөн келишими — «жер жүзүндөгү бүт элдер [Ыбрам] аркылуу бата алышат» деген келишим — сыягы, Ыбрам Канаанга жол тартып баратып Ефрат дарыясын кечип өткөндө күчүнө кирген. Бул б.з.ч. 1943-жылдын 14-нисанында — Ысрайылдын Мисирден бошотуларына дагы 430 жыл бар кезде — болсо керек (Чыгуу 12:2, 6, 7, 40, 41). Ыбрайым менен түзүлгөн келишим — «түбөлүк келишим». Ал жер жүзүндөгү элдердин баары бата алганга чейин жана Кудайдын бардык душмандары жок болгонго чейин күчүн жоготпойт (Башталыш 17:7; 1 Корунттуктарга 15:23—26).

15:13 — Ыбрамдын тукумунун 400 жыл эзүүдө болору жөнүндөгү пайгамбарлык качан аткарылган? Бул б.з.ч. 1913-жылы Ыбрайымдын уулу Ыскак 5 жаштайында эмчектен чыгарылганда жана 19 жаштагы аталаш агасы Ысмайыл аны «шылдыңдаганда» башталган (Башталыш 21:8—14; Галаттыктарга 4:29). Ал мезгил ысрайылдыктар б.з.ч. 1513-жылы Мисир кулчулугунан бошотулганда аяктаган.

16:2 — Саранын өз күңү Ажарды Ыбрамга аялдыкка бергени туура болгонбу? Сара ошо кездеги салт боюнча иш кылган. Ал убакта төрөбөс аял күйөөсүнө, ал мураскорго ээ болуш үчүн, токол алып берүүгө тийиш болчу. Көп аял алууну алгач Кабылдын тукумдарынан чыккан адамдар баштаган. Кийин бул салтка айланып, Жахабанын айрым кызматчыларына да таасир эткен (Башталыш 4:17—19; 16:1—3; 29:21—28). Бирок Жахаба эң башында бекиткен бир жубайлуулукту эч качан жойгон эмес (Башталыш 2:21, 22). «Укумдап-тукумдап көбөйүүгө, жерге толууга» буйрук алган Нухтун да, анын уулдарынын да бирден эле аялдары болгон (Башталыш 7:7; 9:1; 2 Петир 2:5). Адамдардын бир жубайлуу болушу керектигин Ыйса Машайак да ырастаган (Матай 19:4—8; 1 Тиметейге 3:2, 12).

19:8 — Лоттун содомдуктарга өзүнүн эки кызын сунуш кылганы туура болгонбу? Чыгыштын каада-салты боюнча, үй ээси конокторун коргоого жана зарыл болсо, алар үчүн өз жанын аябоого тийиш болгон. Лот ошондой даярдуулук көрсөткөн. Ал эржүрөктүк менен сырттагы сүрмө топтун алдына чыгып, артынан эшикти жаап, алар менен жекеме-жеке калган. Кыздарын сунуш кылганга чейин ал конокторунун Кудайдын кабарчылары экенин түшүнүп калса керек, ошондуктан Кудайдын Мисирде жеңеси Саараны коргогондой эле кыздарын да коргоп каларына ишенген көрүнөт (Башталыш 12:17—20). Чынында эле, акырында Лот кыздары менен куткарылат.

19:30—38 — Жахаба Лоттун мас болгонуна жана эки кызынан уулдуу болгонуна кайдыгер караганбы? Жахаба жакын туугандардын ортосундагы жыныстык мамилелерге да, аракечтикке да кайдыгер карабайт (Лебилер 18:6, 7, 29; 1 Корунттуктарга 6:9, 10). Чындыгында, Лот Содомдун тургундарынын «мыйзамсыз иштерин» кубаттаган эмес (2 Петир 2:6—8). Кыздарынын аны мас кылып салышканынын өзү эле Лоттун соо кезинде алар менен жыныстык катнашта болууга макул болбой турганын билишкенин көрсөтүп турат. Бирок чоочун жерде жашап жатышкандыктан, кыздары Лоттун тукумун ушундай жол менен гана сактап калууга болот деп ойлошкон. Бул билдирүү Ыйык Китепке мааптыктардын (Мааптын урпактарынын) жана амондуктардын (Бен-Аминин урпактарынын) Ыбрайымдын урпактары (ысрайылдыктар) менен кандай байланышы бар экенин көрсөтүү үчүн жазылып калган.

Биз алчу сабактар:

13:8, 9. Ыбрайым келишпестиктерди чечүү жагынан эң сонун үлгү көрсөткөн! Эч качан материалдык пайдабызды жана жеке кызыкчылыктарыбызды көздөөдөн улам же бойкөтөрчөөктүктүн айынан тынчтык мамилелерден кечпешибиз керек.

15:5, 6. Баласыз өтүп баратканына тынчсызданып Ыбрайым ал жөнүндө Кудай менен сүйлөшкөн. Жахаба аны убада берип ынандырат. Бул кандай натыйжа берген? Ыбрайым «Теңирге ишенип» калган. Жүрөгүбүздү Жахабага тиленүү менен ачсак, Ыйык Китептеги ынандырууларды кабыл алсак жана Кудайга баш ийсек, биздин да ишенимибиз бекемделет.

15:16. Жахаба аморлуктарга (канаандыктарга) чыгарган сот өкүмүн иш жүзүнө ашыруу үчүн алардын төрт мууну жашап өткүчө күткөн. Эмнеге? Себеби ал — чыдамдуу Кудай. Ал алардын оңолоруна эч кандай үмүт калбай калганга чейин күткөн. Жахабага окшоп, биз да чыдамдуу болушубуз зарыл.

18:23—33. Жахаба адамдарды ылгабай кыра бербейт. Ал адил адамдарды сактайт.

19:16. Лот «шашпагандыктан», периштелер Содом шаарынан аны үй-бүлөсү менен дээрлик күчкө салып чыгарышкан. Азыркы каардуу дүйнөнүн акырын күтүп жатып убакыттын аз калганын эстен чыгарбашыбыз керек.

19:26. Дүйнөдө калган нерселерибизге алаксуу же аларды кыйбай кылчая берүү кандай акылсыздык!

ЖАКЫП 12 УУЛДУУ БОЛОТ

(Башталыш 24:1—36:43)

Ыбрайым Ыскактын Ребекага, Жахабага ишенген кызга, үйлөнүшүнө кам көрөт. Ребека Эйсап жана Жакып деген эгиз балдарды төрөйт. Эйсап тунгучтугун баалабай, аны кийинчерээк атасынан бата алган Жакыпка сатып жиберет. Жакып Паддан-Арамга качып барып, Лея менен Рахелге үйлөнөт дагы, ал жерден үй-бүлөсү менен кеткенге чейин кайнатасынын малын 20 жылдай багат. Леядан, Рахелден жана эки токолунан Жакып 12 уулдуу, бир кыздуу болот. Жакып периште менен күрөшүп, бата алат жана анын ысмы Ысрайыл деп өзгөртүлөт.

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

28:12, 13 — Жакыптын «шаты» жөнүндөгү түшүнүн мааниси кандай? Кыязы, таш тепкич сыяктуу болуп көрүнгөн жана жогору карай көтөрүлгөн бул «шаты» жер менен асмандын ортосунда байланыш бар экенин билдирген. Кудайдын периштелеринин өйдө-төмөн чыгып-түшүп жатканы алардын Жахаба менен анын жактыруусуна ээ болгон адамдардын ортосундагы мамилелерде кандайдыр бир маанилүү кызмат кылышарын көрсөткөн (Жакан 1:51).

30:14, 15 — Эмне себептен Рахел бир нече мандрагор үчүн күйөөсү менен жатуудан бир түнгө баш тарткан? Байыркы кездерде мандрагордун жемиши медицинада баңгизат катары жана булчуңдардын карышуусун алдын алуу үчүн же аларды жазуу үчүн колдонулчу. Ошондой эле ал жемиш жыныстык каалоону күчөтөт жана тукумдоого, аялдын боюна бүтүшүнө жардам берет деп эсептелчү (Ырдын ыры 7:13). Ыйык Китепте Рахелдин эмне үчүн алмашканы түшүндүрүлбөсө да, ал мандрагорлор кош бойлуу болууга жана шылдыңдан арылууга жардам берет деп ойлосо керек. Бирок бир нече жыл өткөндөн кийин Жахаба «аны балалуу кылган» (Башталыш 30:22—24).

Биз алчу сабактар:

25:23. Жахаба төрөлө элек баланын генетикалык өзгөчөлүктөрүн көрүүгө жана өзүнүн ой-ниеттерин аткарууга кимди тандоо керектигин алдын ала караштырууга кудуреттүү. Бирок Кудай адамдын тагдырын күн мурун маңдайына жазып койбойт (Ошуя 12:3; Римдиктерге 9:10—12).

25:32, 33; 32:24—29. Жакыптын тунгучтукту алууга умтулганы жана бата алуу үчүн периште менен түнү бою күрөшкөнү анын ыйык нерселерди чындап баалаганын көрсөтүп турат. Жахаба бизге да бир канча ыйык нерселерди: өзү менен жана уюму менен болгон мамилени, кунду, Ыйык Китепти жана Падышалыкка болгон үмүттү тартуулады. Келгиле анда, Жакыпка окшоп, бул нерселерди баалаарыбызды көрсөтөлү.

34:1, 30. Жакыптын «жек көрүндү» болуп кыйынчылыктарга кабылышына Динанын Жахабаны сүйбөгөн адамдар менен достошкону себеп болгон. Досторду акылмандык менен тандашыбыз керек.

ЖАХАБА ЖУСУПТУ МИСИРДЕ АЛКАЙТ

(Башталыш 37:1—50:26)

Жакыптын уулдары көрө албастыктан улам биртууганы Жусупту кулчулукка сатып жиберишет. Мисирде Жусуп Кудайдын адеп-ахлак нормаларына тайманбастык менен ишенимдүү карманганы үчүн түрмөгө түшүп калат. Кийинчерээк фараондун жети жыл молчулуктан кийин жети жыл ачарчылык болорун билдирген түштөрүн жоруп берүү үчүн түрмөдөн чыгарылат. Андан кийин ал Мисирдин азык-түлүк башчысы болуп дайындалат. Ачарчылык башталганда, биртуугандары азык издеп Мисирге келишет. Акыры бүт үй-бүлө кайрадан биригип, түшүмдүү Гошен жерине отурукташат. Өлөр алдында Жакып уулдарына бата берип, болочокто чоң баталарды алышарына бекем үмүт берген пайгамбарчылыкты айтат. Жакыптын сөөгүн Канаанга алып барып жашырышат. Жусуп 110 жашында көз жумганда, анын денесин, кийинчерээк Убадаланган жерге көчүрүп кетүү үчүн, бальзамдап коюшат (Чыгуу 13:19).

Ыйык китептик суроолорго жооптор:

43:32 — Эмнеге мисирликтер эврейлер менен бирге отуруп тамактануудан жийиркенишчү? Баарынан мурда бул диний туура эмес ойлорго же улуттук бойкөтөрүүчүлүккө байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле мисирликтер койчулардан жийиркенишчү (Башталыш 46:34). Эмне себептен? Кыязы, койчулар Мисирде төмөнкү катмардагы адамдар деп эсептелген. Же, балким, иштетүүгө жер жетишсиз болгондуктан, мисирликтер малына жайыт издегендерди жек көрүшчү.

44:5 — Чынында эле Жусуп чөйчөктү төлгө ачуу үчүн колдонгонбу? Күмүш чөйчөк жана ал жөнүндө айтылгандар ойлонуштурулган амалдын бир бөлүгүн түзгөн. Жусуп Жахабанын ишенимдүү кызматчысы болгон. Бенжемин чөйчөктү уурдабагандай эле, Жусуп чөйчөктү бал (төлгө) ачуу үчүн колдонгон эмес.

49:10 — «Бийлик таягы» жана «мыйзам чыгаруучу [«өкүмдардын аса таягы», «ЖД»]» дегендер эмнени билдирет? Бийлик таягы — башкаруучу колунда кармаган жана падышалык бийликтин символу болгон таяк. Өкүмдардын узун аса таягы анын буйрук берүүгө бийлиги бар экенин билдирет. Жакыптын бул буюмдарды айтып өтүп, буйрук берүү укугу жана көрүнүктүү бийлик, Элдештирүүчү келгенге чейин, Жүйүттүн тукумуна тиешелүү болорун көрсөткөн. Жүйүттүн ал урпагы — Ыйса Машайак. Ага Жахаба асмандагы бийликти тапшырган. Машайак падышалык бийликке жана буйрук берүү укугуна ээ (Забур 2:8, 9; Ышайа 55:4; Даниел 7:13, 14).

Биз алчу сабактар:

38:26. Жүйүттүн жесир калган келини Тамарга кылган мамилеси туура эмес болгон. Анткен менен, Жүйүт андан Тамардын боюна бүтүп калганын билгенде, момундук менен айыбын мойнуна алган. Биз да каталарыбызды моюнга алууга даяр болушубуз керек.

39:9. Жусуптун Потипардын аялына берген жообу анын адеп-ахлактуулукка Кудайдын көзкарашы менен караганын жана абийири Кудайдын принциптери менен жетектелгенин көрсөтүп турат. Чындыкты айкын-так таанып-билген сайын биз да ошого умтулушубуз керек эмеспи?

41:14—16, 39, 40. Жахаба андан корккон кызматчыларынын жагдайын түп-тамыры менен өзгөртө алат. Кыйынчылыктарга дуушар болгондо Жахабага таянганыбыз жана ага ишенимдүү бойдон калганыбыз акылмандуулук болот.

Алардын ишеними бекем болгон

Ыбрайым, Ыскак, Жакып жана Жусуп чындап Кудайдан корккон, ишеними күчтүү адамдардан болушкан. Башталыш китебиндеги алардын өмүр таржымалы, чынында эле, ишенимибизди бекемдеп, биз алчу көптөгөн баалуу сабактарды камтыйт.

Теократиялык кызмат мектеби боюнча Ыйык Китепти жума сайын окуу тапшырмасына даярданганыбызда, бул билдирүүлөрдөн чоң пайда алсак болот. Жогорудагы ойлор Башталыш китебин ого бетер кызыгуу менен окууга жардам берет.

[Шилтеме]

^ 3-абз. «Жахабанын Сөзү тирүү. Башталыш китебиндеги урунттуу ойлор (1-бөлүк)» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2004-жыл, 1-январь).

[28-беттеги сүрөт]

Жахаба Жусупка бата берет.

Ыбрайымдын ишеними күчтүү болгон.

Адил Лот кыздары менен куткарылган.

Жакып ыйык нерселерди баалаган. Сенчи?