Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ишенимдүү кулдун» сыноодон өтүшү

«Ишенимдүү кулдун» сыноодон өтүшү

«Ишенимдүү кулдун» сыноодон өтүшү

«Сот Кудайдын Жыйынынан баштала турган убакыт келди» (1 ПЕТИР 4:17).

1. Ыйса «кулду» текшерип, эмнени тапкан?

ЫЙСА б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында «үйүндөгүлөрүнө» өз маалында тамак бере турган «кулду» дайындаган. 1914-жылы Ыйса падышалык такка отургандан кийин, ал «кулду» текшерүү убактысы келген. Ыйса «кулду», негизинен, «ишенимдүү жана акылдуу» деп тапкан. Ошондуктан ага «бүт мүлкүн» ишенип тапшырган (Матай 24:45—47, «Мукаддас»). Бирок, андан тышкары, ишенимдүү да, акылдуу да болбогон каардуу кул болгон.

«Ошол каардуу кул»

2, 3. «Каардуу кул» каяктан келип чыккан жана кантип калыптанган?

2 Ыйса «ишенимдүү жана акылдуу кул» жөнүндө айткандан кийин эле каардуу кул тууралуу кеп кылган. Ал мындай деген: «Кулу жаман чыгып [«Эгерде ошол каардуу кул жүрөгүндө», «ЖД»], „Кожоюнум жакында келбейт“,— деп ойлоп, жолдошторун уруп-сабап, шарапкорлор менен ичип-жей баштаса, кулдун кожоюну ал күтпөгөн күнү, ал ойлобогон убакта келет да, аны бөлө чаап, эки жүздүүлөргө тиешелүү жаза менен жазалайт. Ал жерде ый жана тиш кычыратуу болот» (Матай 24:48—51). «Ошол каардуу кул» деген сөздөр көңүлүбүздү Ыйсанын мурунураак ишенимдүү жана акылдуу кул жөнүндө айткан сөздөрүнө бурат. Ооба, «каардуу кул» ишенимдүү кулдун арасынан чыккан *. Кандайча?

3 Ишенимдүү кул тобунун көп мүчөлөрү 1914-жылы Күйөө менен асмандан жолугууга мурдатан эле үмүттөнүп жүрүшкөн, бирок үмүттөрү ишке ашпай калган. Ушул жана башка өзгөрүүлөр көптөрдүн көңүлүн кайт кылган, айрымдарды атүгүл кыжырланткан. Алардын кээ бирлери өздөрүнүн мурдагы биртуугандарын сөз жүзүндө «уруп-сабап», «шарапкорлор» (христиан дүйнөсүнүн диний топтору) менен достошуп кеткен (Ышайа 28:1—3; 32:6).

4. Ыйса «каардуу кулга» жана анын рухун чагылдыргандардын баарына кандай мамиле кылган?

4 Мурун Ыйсанын жолдоочулары болгон ал адамдар эми «каардуу кулду» түзүп калышкан жана Ыйса аларды катуу жазалаган. Кантип? Алар четке кагылып, асманда жашоо үмүтүнөн айрылышкан. Бирок ал кулдун мүчөлөрү ошол замат жок кылынган эмес. Адегенде алар Ыйсанын жолдоочуларынын жыйналышынан «сырттагы караңгылыкта» ый жана тиш кычыратуу мезгилинен өтүүгө тийиш болушкан (Матай 8:12). Андан бери башка майлангандардын кээлери да ошондой жаман рух чагылдырып, «каардуу кулдун» катарына киришерин көрсөтүшкөн. Алардын ишенимсиздигин «башка койлордун» айрымдары да жолдогон (Жакан 10:16). Машайактын бул душмандарынын баары рухий мааниде «сырттагы караңгылыкка» кабылышат.

5. Ишенимдүү жана акылдуу кул «каардуу кулдан» айырмаланып эмне кылган?

5 Ишенимдүү жана акылдуу кул деле «каардуу кул» дуушар болгон сыноолорго кабылган. Бирок алар кыжырданууга алдырбай, тескерисинче, өзгөрүлүшкөн (2 Корунттуктарга 13:11, «ЖД»). Алардын Жахабага жана биртуугандарына болгон сүйүүсү өскөн. Натыйжада алар ушул дүрбөлөңдүү «акыркы убакта» «чындыктын тиреги жана негизи» болуп келишүүдө (1 Тиметейге 3:15; 2 Тиметейге 3:1).

Акылдуу жана акылсыз кыздар

6. а) Ыйса ишенимдүү кул тобунун акылдуулугун кантип көрсөткөн? б) 1914-жылдын алдында Ыйсанын майланган жолдоочулары кандай кабар жарыялашкан?

6 «Ошол каардуу кул» жөнүндө кеп кылгандан кийин Ыйса эки үлгү-насаат аңгеме айтып, эмне үчүн кээ бир майланган жолдоочуларынын ишенимдүү жана акылдуу болорун, ал эми башкаларынын андай болбоорун көрсөткөн *. Акылдуулукту мисал менен көрсөтүп, Ыйса мындай деген: «Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: он кыз колдоруна чырактарын алып, күйөөнү утурлап чыгышат. Алардын бешөө акылдуу, бешөө акылсыз эле. Акылсыздары чырактарын ала чыгышканы менен, майын албай чыгышат. Акылдуулары болсо чырактары менен кошо идиштерине май да ала чыгышат» (Матай 25:1—4). Он кыз Ыйсанын 1914-жылга чейинки майланган жолдоочуларын эсибизге түшүрөт. Алар күйөөнүн, Ыйса Машайактын, аз убакта келерин эсептеп билишкен. Ошондуктан «бутпарастардын заманы» 1914-жылы аяктаарын тайманбастык менен кабарлап, «күйөөнү утурлап чыгышкан» (Лука 21:24).

7. Ыйсанын майланган жолдоочулары качан жана эмне үчүн каймана мааниде «уктап калышкан»?

7 Алар жаңылышкан эмес: бутпарастардын заманы 1914-жылы аяктаган да, Кудайдын Падышалыгы Ыйса Машайактын башчылыгы астында бийлик жүргүзө баштаган. Бирок бул көзгө көрүнбөгөн асман чөйрөсүндө болгон. Жерде болсо адамзат алдын ала айтылган «кайгынын» азабын тарта баштаган (Аян 12:10, 12). Ошентип, сыноо убагы келген. Ыйсанын майланган жолдоочулары айрым нерселерди айкын түшүнбөгөндүктөн «күйөө кечигип жатат» деп ойлошкон. Адашып-чаташкандыктан жана дүйнөнүн кастыгына кабылгандыктан, жалпы жонунан, алардын иш-аракеттери басаңдап, уюшулган кабар айтуу иши дээрлик токтоп калган. Аңгемедеги кыздарга окшоп, алар рухий жактан «үргүлөп, уктап калышкан»; андай абалга мурун элчилер өлгөндөн кийин өздөрүн Ыйсанын жолдоочусу деп атаган ишенимсиз адамдар да кабылган (Матай 25:5; Аян 11:7, 8; 12:17).

8. «Мына, күйөө келе жатат»,— деген кыйкырык эмнеден улам чыккан жана Ыйсанын майланган жолдоочулары үчүн эмне кылууга убакыт келген?

8 Кийин 1919-жылы күтүлбөгөн нерсе болгон. Билдирүүдө андан ары: «Түн ортосунда: „Мына, күйөө келе жатат, аны тосуп чыккыла“,— деген кыйкырык чыгат. Ошондо кыздар тура калып, чырактарын оңдошот»,— деп айтылат (Матай 25:5—7). Ошол эч бир үмүт калбагандай көрүнгөн учурда жигердүү болууга чакырык айтылган! 1918-жылы Ыйса, «келишим периштеси», Жахабанын рухий ийбадатканасына Кудайдын жыйналышын текшергени жана тазалаганы келген (Малахия 3:1). Ошондо Ыйсанын майланган жолдоочулары аны ошол ийбадаткананын жердеги короолорунан тосуп чыгышы керек эле. Алар үчүн «жаркыроонун» убагы келген (Ышайа 60:1; Филипиликтерге 2:14, 15).

9, 10. Эмнеге 1919-жылы Ыйсанын кээ бир жолдоочулары — «акылдуу», ал эми кээ бирлери «акылсыз» болуп чыгышкан?

9 Бирок, байкасаңар, аңгемеде айрым кыздардын кыйынчылыкка дуушар болгону айтылат. Аңгемени Ыйса: «Акылсыздары акылдууларга: „Чырактарыбыз өчүп баратат, бизге майыңардан кайрылышкылачы“,— дешет»,— деп улаган (Матай 25:8). Майы жок болсо, чырак жарык бербейт. Андыктан чырактагы май чыныгы кызматчылардын жаркырашына өбөлгө түзгөн Кудай Сөзүндөгү чындыкты жана ыйык рухту эсибизге салат (Забур 118:130; Даниел 5:14). 1919-жылга чейин Ыйсанын майланган акылдуу жолдоочулары, убактылуу алсырап калышканына карабастан, Кудайдын аларга карата болгон эркин түшүнүүгө жан-дилден умтулушкан. Ошондуктан, жаркыроого чакырык айтылганда, алар даяр турушкан (2 Тиметейге 4:2; Эврейлерге 10:24, 25).

10 Бирок майлангандардын кээ бирлери Күйөө менен бирге болууну самашса да, курмандыктарга барууга же күч-аракет жумшоого даяр болушкан эмес. Андыктан, жакшы кабарды таратууда жигердүү болуунун убагы келгенде, даяр эмес болуп чыгышкан (Матай 24:14). Кала берсе, алар ынталуу шериктеринен «май» сурап, алардын иш-аракетин басаңдатууга аракеттенишкен. Ыйсанын аңгемесиндеги акылдуу кыздар кандай жооп кайтарышкан? Алар: «Бизге да, силерге да жетпей калбаш үчүн, сатуучуларга барып, сатып алгыла»,— дешкен (Матай 25:9). Ошо сыяктуу эле, 1919-жылы Ыйсанын ишенимдүү майланган жолдоочулары алардын жаркыроо жөндөмүнө терс таасир тийгизерлик нерселерди кылуудан баш тарткан. Ошентип, алар текшерүүдөн өтүшкөн.

11. Акылсыз кыздар менен эмне болгон?

11 Ыйса аңгемесин мындайча жыйынтыктайт: «Алар [акылсыз кыздар] май сатып алганы кеткенде, күйөө келип калат. Даяр турган кыздар аны менен бирге үйлөнүү тоюна киришет, алардын артынан эшиктер жабылат. Андан кийин берки кыздар келип: „Кожоюн! Кожоюн! Эшикти ач!“ — дешет. Ал: „Силерге чындыкты айтып коёюн, Мен силерди тааныбайм“,— деп жооп берет» (Матай 25:10—12). Ооба, кээ бирөөлөр Күйөөнүн келишине даяр турушкан эмес. Ошондуктан текшерүүдөн өтпөй, асмандагы үйлөнүү тоюна катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышкан. Кандай кейиштүү!

Таланттар тууралуу үлгү-насаат аңгеме

12. а) Ишенимдүүлүккө көңүл бурдуруу үчүн Ыйса кандай мисал келтирген? б) «Жолго чыккан» адам ким?

12 Акылдуулук эмнени билдирерин мисал менен көрсөткөндөн кийин Ыйса ишенимдүүлүккө көңүл бурган. Ал мындай деген: «Асман Падышачылыгын бул нерсеге салыштырса болот: бир адам бөтөн жерге кетип жатып, кулдарын чакыртып, аларга акча-каражатын [«мүлкүн», «ЖД»] тапшырат: ар бирөөнүн алына жараша: бирине беш, бирине эки, бирине бир талант берип, жолго чыгат» (Матай 25:14, 15). Аңгемедеги адам — б.з. 33-жылы асманга кетүү үчүн «жолго чыккан» Ыйсанын өзү. Бирок асманга кетеринин алдында Ыйса ишенимдүү шакирттерине өзүнүн «мүлкүн» тапшырган. Кандайча?

13. Кантип Ыйса иш-аракет жүргүзүүнүн чоң талаасын даярдаган жана «кулдарына» иш жүргүзүүгө укук берген?

13 Жерде кызмат кылып жүргөндө Ыйса Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды бүт Ысрайыл жеринде таратып, иш-аракет жүргүзүүнүн чоң талаасын даярдай баштаган (Матай 9:35—38). «Жолго чыгардын» алдында ал талааны ишенимдүү шакирттерине тапшырып: «Баргыла да, бардык элдерди Мага шакирт кылгыла. Аларды Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүргүлө. Силерге буйругандарымдын бардыгын аткарууну аларга үйрөткүлө»,— деп айткан (Матай 28:18—20). Буларды айтуу менен Ыйса өзү кайтып келгенче «кулдарына» «ар бирөөнүн алына жараша» иш жүргүзүүгө укук берген.

14. Эмне үчүн Кожоюндун «мүлкүн» көбөйтүү шакирттердин баарынан бирдей өлчөмдө талап кылынган эмес?

14 «Ар бирөөнүн алына жараша» деген сөздөр Ыйсанын I кылымдагы бардык жолдоочуларынын жагдайы жана мүмкүнчүлүктөрү бирдей болбогонун көрсөтүп турат. Пабыл жана Тиметей сыяктуу айрым шакирттер убактысы же шарты болгонуна жараша кабар айтуу жана окутуу ишине толук катыша алышкан. Ал эми башкалардын жагдай-шарты чектелүү болуп, ойдогудай иш-аракет кылууга жол бербеши мүмкүн эле. Мисалы, Ыйсанын жолдоочуларынын арасында кулдар, оорулуулар, кары-картаңдар болгон, а кээ бирлери үй-бүлөлүк милдеттерин аткарууга тийиш болушкан. Ошондой эле жыйналыштагы айрым милдеттерге шакирттердин баары эле ээ боло берген эмес. Алсак, майланган аялдар жана кээ бир майланган эркектер жыйналышты окутушкан эмес (1 Корунттуктарга 14:34; 1 Тиметейге 3:1; Жакып 3:1). Анткен менен, жеке шарты кандай болбосун, Ыйсанын майланган шакирттеринин баары: эркектер да, аялдар да Кожоюндун «мүлкүн» көбөйтүүгө дайындалышкан. Алар мүмкүнчүлүк-шарттарын кызмат кылууга пайдаланууга тийиш болушкан. Ыйсанын бүгүнкү шакирттери жөнүндө да ушуну айтууга болот.

Текшерүү убактысы башталды!

15, 16. а) Эсеп-кысап талап кылынган убак качан келген? б) Ишенимдүүлөргө Кожоюндун «мүлкүн» көбөйтүү үчүн кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр берилген?

15 Үлгү-насаат аңгеме: «Арадан көп убакыт өткөндөн кийин, кожоюн келип, кулдардан эсеп-кысап талап кылат»,— деп улантылат (Матай 25:19). 1914-жылы, б.з. 33-жылынан бери чын эле арадан көп убакыт өткөндө, Ыйса Машайак өзүнүн падышалык катышуусун баштаган. Үч жарым жылдан кийин, 1918-жылы, ал Кудайдын рухий ийбадатканасына келип, Петирдин: «Сот Кудайдын Жыйынынан баштала турган убакыт келди»,— деген сөздөрүн аткарган (1 Петир 4:17; Малахия 3:1). Бул кулдардан эсеп-кысап талап кылынган убакыт болгон.

16 Кулдар, Ыйсанын майланган жолдоочулары, Падышанын «таланттарын» эмне кылышкан? Б.з. 33-жылынан бери, анын ичинде 1914-жылдын алдында көптөр таланттарды «айландырып», Ыйсанын «мүлкүн» көбөйтүүгө тырышчаактык менен катышып келишкен (Матай 25:16). Алар Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда да Кожоюнга кызмат кылууну чындап каалаарын көрсөтүшкөн. Эми ишенимдүүлөргө Кожоюндун «мүлкүн» көбөйтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүү орундуу болгон. Азыркы түзүлүштүн акыркы күндөрү башталган. Жакшы кабарды дүйнө жүзү боюнча таратуу жана «жер үстүндөгү эгинди» оруу керек эле (Аян 14:6, 7, 14—16). Буудай тобунун акыркы мүчөлөрүн табуу жана башка койлордун тобуна кирген «эбегейсиз көп адамдарды» чогултуу зарыл болгон (Аян 7:9; Матай 13:24—30).

17. Ыйсанын майланган жолдоочулары кантип өздөрүнүн «кожоюнунун кубанычына ортоктош болушкан»?

17 Оруу-жыюу маалы — кубанычтуу убак (Забур 125:6). Ошондуктан Ыйсанын 1919-жылы өзүнүн ишенимдүү майланган биртуугандарына көбүрөөк жоопкерчилик берип, аларга: «Кичинекей иште ишенимдүүлүк көрсөттүң, сени чоң ишке коём. Кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол»,— деп айтканы орундуу болгон (Матай 25:21, 23). Андан тышкары, Кожоюн Кудайдын Падышалыгына жаңыдан Падыша болуп дайындалганда биз оңой менен элестете албаган кубанычка бөлөнгөн (Забур 44:2, 3, 7, 8). Ишенимдүү кул тобу жерде Падышанын өкүлү катары кызмат кылып жана анын кызыкчылыктарын көздөп, ошол кубанычка ортоктош болууда (2 Корунттуктарга 5:20). Алардын кубанычын Ышайа 61:10догу: «Теңир жөнүндө кубаныч менен кубанам, Кудайым жөнүндө жаным кубанат. Анткени Ал Мага куткаруу чапанын кийгизди»,— деген пайгамбарлык сөздөрдөн көрүүгө болот.

18. Эмне үчүн айрымдар текшерүүдөн өтпөй калышкан жана бул эмнеге алып келген?

18 Тилекке каршы, айрымдар текшерүүдөн өтпөй калышкан. Аңгемеде андан ары мындай делет: «Бир талант алганы келип: „Кожоюн! Сенин экпеген жерден оруп, сеппеген жерден жыйнаган ырайымсыз адам экениңди билгем. Коркконумдан, берген талантыңды жерге көмүп койгом. Мына, бергениңди ал!“ — дейт» (Матай 25:24, 25). Ошо сыяктуу эле, Ыйсанын кээ бир майланган жолдоочулары Кожоюндун «мүлкүн» көбөйтүшкөн эмес. Алар 1914-жылдын алдында өздөрүнүн үмүтүн башкалар менен бөлүшүүгө кубанычтуу катышышкан эмес жана 1919-жылы да ал ишке катыша баштоону каалашкан эмес. Алардын текебердигине Ыйса кандай мамиле кылган? Ал аларды бардык артыкчылыктарынан алган. Алар «ый жана тиш кычыратуу» өкүм сүргөн «сырттагы караңгылыкка ыргытылышкан» (Матай 25:28, 30).

Текшерүү улантылууда

19. Кандайча текшерүү улантылып жатат жана Ыйсанын майланган жолдоочуларынын баары эмне кылууга чечкиндүү?

19 Албетте, 1918-жылы Ыйса текшерүүсүн баштаганда, акыркы мезгил ичинде майланган кулдардын катарына кошула тургандардын көбү али Жахабага кызмат кыла элек болчу. Анда алар текшерилбей калыштыбы? Албетте, жок. Текшерүү 1918—1919-жылдары жаңы эле башталган; ал убакта ишенимдүү жана акылдуу кул сыноодон топ катары өткөн. Майлангандардын ар бири аларга биротоло мөөр басылганга чейин текшериле берет (Аян 7:1—3). Муну түшүнгөндүктөн алар Кожоюндун «мүлкүн» ишенимдүүлүк менен көбөйтө берүүгө чечкиндүү. Ыйсанын майланган биртуугандары акылдуу болуп, жарыгы жаркырап турушу үчүн өздөрүнүн жанындагы майдын жетиштүү болушуна кам көрүүгө чечкиндүү. Алар өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү калгандарды Ыйса асмандагы турак жайга кабыл аларын билишет (Матай 24:13; Жакан 14:2—4; 1 Корунттуктарга 15:50, 51).

20. а) Бүгүн башка койлор эмне кылууга чечкиндүү? б) Ыйсанын майланган жолдоочулары эмнени түшүнүшөт?

20 Башка койлордун тобуна кирген эбегейсиз көп адамдар өздөрүнүн майланган биртуугандарынан үлгү алышат. Алар Кудайдын ой-ниеттерин билүү өздөрүнө чоң жоопкерчилик артарын билишет (Жезекиел 3:17—21). Ошондуктан Жахабанын Сөзүнүн жана ыйык рухунун жардамы менен алар да жекече изилдөө жүргүзүп жана жыйналыш жолугушууларына катышып, өздөрүнүн жанындагы майдын жетиштүү болушуна кам көрүшөт. Ошондой эле кабар айтуу жана окутуу ишине катышуу менен майланган биртуугандары менен бирге Кожоюндун «мүлкүн» көбөйтүп, алар өздөрүндөгү жарыкты жаркыратып келишүүдө. Бирок Ыйсанын майланган жолдоочулары таланттардын өздөрүнүн колуна тапшырылганын жакшы түшүнүшөт. Эгенин жердеги мүлкүн башкарууга байланыштуу алардан эсеп-кысап талап кылынат. Өздөрүнүн саны аз болсо да, алар жоопкерчиликтерин эбегейсиз көп адамдарга артып коё алышпайт. Муну эсинде сактап, ишенимдүү жана акылдуу кул Падышанын ишин аткарууда жетекчиликти колго алып жатат жана эбегейсиз көп адамдардын берилгендик менен көрсөткөн колдоосун жогору баалайт. Эбегейсиз көп адамдар майланган биртуугандарынын кандай жоопкерчиликке ээ экенин билишет жана алардын жетекчилиги астында кызмат кылууну сыймык катары көрүшөт.

21. Кайсы үндөө 1919-жылга чейинки убактан азыркы кезге чейинки Ыйсанын жолдоочуларынын баарына тиешелүү?

21 Эмесе, бул эки үлгү-насаат аңгеме 1919-жылы же ошонун тегерегинде болгон окуялардын маанисин түшүнүүгө жардам берсе да, негизи, алар акыркы күндөрдө жашап жаткан Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын баарына тиешелүү. Демек, он кыз жөнүндөгү аңгеменин аягында берилген Ыйсанын үндөөсү биринчи кезекте 1919-жылга чейинки майланган жолдоочуларына карата айтылса да, негизинен, ал Ыйсанын ар бир жолдоочусуна тиешелүү. Келгиле анда, баарыбыз тең Ыйсанын: «Сергек болгула, себеби Адам Уулунун келер күнүн да, саатын да билбейсиңер»,— деген сөздөрүн жүрөгүбүзгө түйөлү (Матай 25:13).

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Ошо сыяктуу эле, элчилер өлгөндөн кийин, Ыйсаны жолдогон майланган аксакалдардын арасынан «жырткыч карышкырлар» чыккан (Элчилер 20:29, 30).

^ 6-абз. Ыйсанын бул үлгү-насаат аңгемеси «„Тынчтыктын Төрөсүнүн“ тушундагы бүткүл дүйнөлүк коопсуздук» деген китепте да талкууланган (5, 6-бөлүмдөр, англ., Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган).

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Ыйса өзүнүн жолдоочуларын качан текшерген жана эмнени тапкан?

• Эмне үчүн Ыйсанын айрым жолдоочулары «каардуу кулдун» рухун чагылдырган?

• Кантип рухий жактан акылдуу боло алабыз?

• Ыйсанын ишенимдүү майланган биртуугандарына окшоп, Кожоюндун «мүлкүн» кантип көбөйтө алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[24–беттеги кутуча]

Ыйса качан келет?

Матай китебинин 24, 25-баптарында Ыйсанын «келери» тууралуу ар кандай мааниде айтылат. «Келүү» үчүн ага бир жерден экинчи жерге орун которуштуруунун зарылдыгы жок. Анын «келиши» адамзатка же жолдоочуларына көңүл бурушун (көп учурда сот жүргүзүү үчүн) билдирет. Ошондуктан 1914-жылы ал такка отурган Падыша катары өзүнүн катышуусун баштоо үчүн «келген» (Матай 16:28; 17:1; Элчилер 1:11). 1918-жылы болсо келишим периштеси катары «келип», Жахабага кызмат кылам дегендердин үстүнөн сот жүргүзө баштаган (Малахия 3:1—3; 1 Петир 4:17). Ал эми Армагедондо Ыйса Жахабанын душмандарын соттоо үчүн «келет» (Аян 19:11—16).

Матай 24:29—44 жана Матай 25:31—46-аяттарда бир нече жолу айтылып өткөн «келүү» «улуу кайгынын» учурунда ишке ашат (Аян 7:14). Ал эми Матай 24:45тен Матай 25:30ка чейинки аяттарда бир канча жолу сөз кылынган «келүү» Ыйсанын 1918-жылдан берки өзүн шакирт атагандардын үстүнөн сот жүргүзүүсүнө байланышкан. Мисалы, ишенимдүү кулга сыйлык берүү, акылсыз кыздарды жана Кожоюндун талантын жашырып койгон жалкоо кулду соттоо Ыйса улуу кайгыда «келгенде» ишке ашат деп айтуу туура эмес болмок. Болбосо, бул майлангандардын көбү ал убакта ишенимсиз деп табылып, алардын ордун алмаштыруу керек болуп каларын билдирмек. Бирок, Аян 7:3тө көрсөтүлгөндөй, ал кезде Ыйсанын майланган кулдарынын баарына «мөөр басылган» болот.

[23-беттеги сүрөт]

Акылдуу кыздар күйөөнүн келишине даяр турушкан.

[25-беттеги сүрөт]

Ишенимдүү кулдар кожоюндун «мүлкүн» көбөйтүшкөн.

Ал эми жалкоо кул көбөйткөн эмес.